Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына  

нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун аракети коммерциялык банктарга карата 2022-жылдын 31-августуна чейин токтотулсун.  

2. Коммерциялык банктарга нак АКШ долларын нак эмес АКШ долларына алмаштыруу менен сыртка алып чыгууга уруксат берилсин.  

3. Нак эмес АКШ долларынын корреспонденттик эсептерге алынып чыгуучу нак АКШ долларынын көлөмүнө шайкеш көлөмдө түшүүсүн камсыз кылсын. 

4. Нак АКШ долларын сыртка алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктардагы нак АКШ долларынын калдыктарынын жалпы көлөмү, сыртка алынып чыгуучу нак АКШ долларынын көлөмүн эсепке алуусуз, 2023-жылдын башынан тартып ушул токтом кабыл алынган күнгө чейинки мезгил ичинде түптөлгөн нак АКШ долларынын калдыктарынын орточо күндүк көлөмүнөн кем эмес болууга тийиш.  

5. Коммерциялык банктар нак АКШ долларын сыртка алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына маалымат (отчет) берүүгө милдеттүү.  

6. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде: 

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

7. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2023-жылдын 31-августуна чейин колдонулат.  

8. Банктык көзөмөл башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясын, Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорун тааныштырсын. 

9. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын тааныштырсын. 

10. Токтомдун аткарылышын контролдоо банктык көзөмөл ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жана Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү М. Аттокуров 

М. Жакыпов 

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө 

МААЛЫМДАМА -НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун аракети убактылуу токтотулсун жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2023-жылдын 31-августуна чейин нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берилсин

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына карата нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга тыюу салуу киргизилгенден бери айрым коммерциялык банктар нак АКШ долларын алыскы чет өлкөлөрдөн алып келүү каналдарын жөнгө салышкан. Ушуга байланыштуу, акыркы айларда коммерциялык банктардын кассаларындагы нак АКШ долларынын калдыгы кризистик мезгилге чейинки деңгээлден эки эсеге көбөйдү, бул коммерциялык банктардын кассаларында нак АКШ долларынын көп топтолушун айгинелейт. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, ошондой эле чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттарынын кассадагы калдыктарын тескөө жана нак эмес формадагы эсептешүүлөрдү үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында, коммерциялык банктар алмашуу бюролорунан, калктан, акча которуулардан, банкноттук операциялардан жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден нак АКШ долларынын (жарактуу сыяктуу эле, жараксыздары да) топтолушуна жараша чет өлкө валютасын, анын ичинде АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуулары зарыл. Ошону менен бирге эле, сыртка чыгарылган нак акча каражаттары резидент коммерциялык банктардын корреспонденттик банктарынын эсептерине нак эмес чет өлкө валютасы түрүндө кайра республикага кайтарылаарын белгилейбиз. 

Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 токтому менен резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 000 АКШ долларынан ашык суммада, Кыргыз Республикасынын резиденттерине жана жарандарына нак 10 000 АКШ долларынан ашык суммада алып чыгууга тыюу салынган. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана жарандары нак 10 000 АКШ долларынан ашкан суммада алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан суммадан 10% өлчөмүндө төлөм өндүрүлөт. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоору ишкердикти жөнгө салууга багытталган, ошондуктан коомдук талкууну талап кылат

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат 

Эч кандай жөнгө салуучу таасирди талдоо талап кылынбайт, анткени бул чечим убактылуу болуп саналат. 

 

 

Урматтоо менен, 

Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын 

начальниги А.А. Козубеков  

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ  

Төраганын орун басары З.Л. Чокоев