Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» 

токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча  

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасында инновациялык жана санариптик финансылык кызматтарды колдонууну андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугуна жетишүү жана Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы кыскартуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Накталай акча жүгүртүүнүн үлүшүн кыскартуу жана накталай эмес төлөмдөргө өтүү көмүскө экономиканы кыскартуу жана салыктык түшүүлөрдү арттыруу алкагында мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. 

Бүгүнкү күндө төлөм кызматтарынын рыногу калкка төлөм кызматтарынын кеңири түрлөрүн сунуштайт, анын ичинде товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү, банктык төлөм карталарын колдонуу аркылуу акча каражаттарын которуу, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, электрондук акча, QR-коддору ж.б. Бирок ишкердик субъекттердин басымдуу бөлүгү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай акча менен кабыл алууну туура көргөндүктөн, бул инструменттер калк тарабынан толук пайдаланылбайт. 

Мамлекеттик деңгээлде накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү Улуттук банктын, банк секторунун жана мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы комплекстүү мамилени жана өз ара иш алып барууну талап кылат. Киргизилген токтом долбоорунда калкка көрсөтүлүүчү төлөм кызматтарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктаган 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаны бекитүү сунушталат. 

Мамлекеттик программаны ишке ашыруу мамлекетке төмөнкүлөрдү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт: 

- нак акчанын көмүскө жүгүртүүсүн кыскартуу жана салык базасын көбөйтүү

- мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү

- мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжалуу максаттуу пайдалануу; 

- мамлекеттик бюджеттин аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу; 

- накталай акчаларды чыгарууга байланышкан чыгашаларды кыскартуу; 

- ички инвестициялык ресурстарды мобилизациялоо; 

- калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу экологиялык, гендердик, социалдык, укук коргоо, укуктук терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, токтомдун долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюджетинен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  

10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, концепцияларды, стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер пландарын жана башка ушул сыяктуу документтерди бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароодо алардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт. Ушуга байланыштуу сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлбөйт.  

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары арттыруу, инновациялык жана санариптик финансы кызматтарын колдонууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугуна жетишүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын  

5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программа 1-тиркемеге ылайык; 

- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны (мындан ары Мамлекеттик программа) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылышсын. 

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) чейрек сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин, Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жыйынтыкталган маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына беришсин. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия, Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча ишти координациялоону жана анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчетту чейрек сайын карап чыгууну камсыз кылсын. 

5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилерине Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн. 

6. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, башка мамлекеттик башкаруу органдары, бюджеттик мекемелери төлөм жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын (электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, QR-коддор (эки өлчөмдүү штрих-код)) колдонуу менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн. 

7. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына төмөнкүлөр сунушталсын: 

- Кыргыз Республикасынын региондорунда банктык жана төлөм инфраструктурасын кеңейтүү боюнча чараларды өткөрүүнү активдештирүү

- калк арасында төлөмдөрдү жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын (электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, QR-коддор (эки өлчөмдүү штрих-код)) жайылтуу жана илгерилетүү боюнча чараларды көрүү

- калктын бардык категориялары үчүн жеткиликтүүлүктү жогорулатууну эске алуу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөө

8. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарылчылыгы жөнүндө тиешелүү аймакта соода ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталсын. 

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн. 

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

  

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча  

2023-2027-жылдарга 

МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА 

 

1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун негизги жыйынтыктары 

Өлкөдө накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен  

2003-жылдан бери накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программаны (мындан ары Мамлекеттик программа) этап менен ишкеашырган. 

Мамлекеттик программанын биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасында төлөмдөрдү натыйжалуу өткөрүүнү камсыздоого жөндөмдүү инфраструктураны түзүүгө негиз түзүлдү. Банк жана төлөм системаларынын жүргүзүлгөн реформаларынын натыйжасында рыноктук экономикага ээ мамлекеттин заманбап талаптарына жооп берген мамлекеттик маанидеги төлөм системалары түзүлдү

2008-жылга карата Кыргыз Республикасында төмөнкү төлөм системалары иштеген: 

- банктар аралык майда жана чекене төлөмдөрдү иштеп чыгууга арналган майда чекене жана дайыма болуучу төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (мындан ары - ПКС); 

- «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун (мындан ары «БПБ» ЖАК) базасында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча чекене кызмат көрсөтүүлөр рыногунда эсептешүүлөр, «Элкарт» улуттук төлөм картасын колдонуу аркылуу эмгек акы төлөө долбоорлорун ишке ашыруу функциялары жүктөлгөн бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары ББПБ); 

- айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы финансы рынокторунда бүтүмдөр жана башка ири жана дароо төлөмдөр боюнча тез жана жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө арналган. 

2018-жылдан 2022-жылга чейин чекене төлөмдөр рыногун, анын ичинде инновациялык төлөм инструменттерин өнүктүрүү аркылуу накталай жана накталай эмес акча жүгүртүүнүн тең салмактуу катышына жетишүүгө, Кыргыз Республикасында банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн киришинин деңгээлин жогорулатууга багытталган Мамлекеттик программанын иш-чаралары жүзөгө ашырылган. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары ВАК) ишинин алкагында министрликтер, ведомстволор, коммерциялык банктар тарабынан Мамлекеттик программанын иш-чаралар планынын аткарылышын координациялоо жана контролдоо ишке ашырылды. ВАКтын отурумдарында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча сунуштар каралып, келип чыгуучу көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору, анын ичинде аймактарга банк жабдууларын орнотуу, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулду накталай эмес тартипте төлөө, накталай эмес төлөмдөр боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана башка маселелер талкууланган. 

Улуттук банктын, министрликтердин, ведомстволордун жана коммерциялык банктардын биргелешкен аракеттери, ошондой эле 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагындагы иш-чаралар Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү арттыруу, улуттук төлөм системасын өнүктүрүү, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу инфраструктурасын жана калк үчүн төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга оң таасирин тийгизди. Алсак, Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында  

2022-жылдын аягына карата төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилди: 

жеке маалыматтарды чет өлкөгө жиберүүгө жана иштеп чыгууга жол бербөө максатында, эмгек акы долбоорлорунун алкагында эл аралык карталар боюнча эмгек акыны алган бардык бюджеттик уюмдар «Элкарт» улуттук төлөм системасына өткөрүлдү

360,7 миң адам социалдык төлөмдөрдү банктык төлөм карталары аркылуу алууда (алуучулардын жалпы санынын 97,4 пайызы); 

- 548,5 миң адам коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу пенсия алып, бул пенсионерлердин жалпы санынын 74,0 пайызын түзөт; 

-  

бюджеттик уюмдарда “бюджеттик каражаттарды алуучунун” 1 145 картасы пайдаланылган, алар боюнча жалпы 3 282,3 млн сом суммада 9 935 транзакция жүргүзүлгөн;; 

банктык мекемелер жок аймактарда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишкананын 387 почта байланышы бөлүмдөрүндө карта ээлерине пенсияларды, жөлөк пулдарды жана эмгек акыларды төлөө, ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө үчүн POS-терминалдар орнотулду; 

Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктары «БПБ» ЖАКка туташтырылган, анын натыйжасында «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталары калк үчүн чыгарылып, бардык коммерциялык банктардын аралыкта орнотулган түзүлүштөрү тейлөөгө кабыл алынган. 

2018-жылдан тарта калкка коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде соода-тейлөө ишканаларынын кассаларынан POS-терминалдар аркылуу төлөм картасынан накталай акча алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул кызмат банктык төлөм картасынын каалаган ээсинин акчага жеткиликтүүлүгүн ыңгайлуу жана тез камсыз кылууга, бир жагынан кардарлардын санын көбөйтүүгө жана экинчи жагынан алардын соода-тейлөө ишканаларында сатып алууларына мүмкүндүк берет. Учурда төрт коммерциялык банк тарабынан аймактарда жайгашкан 89 соода-тейлөө ишканаларынын кассаларында банктык төлөм картасынан акча каражаттарын накталай алуу долбоору ишке ашырылууда. 

Банктар тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө карта ээлерин шыктандыруу боюнча (дисконттук программалар, маркетингдик акциялар, жарнама, тарифтик пландарды жаңылоо, ошондой эле интернет- банкинг жана мобилдик банкинг аркылуу төлөөгө боло турган кызматтардын тизмесин кеңейтүү), калктын банктык төлөм карталарын, электрондук капчыктарды жана аралыктан төлөм ыкмаларын колдонуусу үчүн лоялдуулук программаларын жана башка жагымдуу шарттарды түзүү менен эмгек акы төлөө долбоорлоруна бюджеттик уюмдарды жана чарбага ээлик кылуучу субъекттерди тартуу боюнча туруктуу негизде иш-чаралар жүргүзүлөт. Ошондой эле жаңы продукттарды түзүү жана тарифтик пландарды кайра карап чыгуу боюнча иштер жүргүзүлдү

Банктар тарабынан жаңы кызмат көрсөтүүлөр жана продукттар жөнүндө банктардын өзүндө жана ар кандай маалымат булактары аркылуу жарнама жайгаштыруу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен туруктуу негизде өз ара иш алып баруу, пресс-конференцияларды уюштуруу, жарнамалык модулдарды жана макалаларды жайгаштыруу аркылуу маалымат берилип турган. 

2018 жылдан тартып 2022-жылга чейинУлуттук банк төлөм системасынын операторунун ишине тогуз лицензия жана төлөм уюмуна он лицензия берген. Алсак, 2022-жылдын аягына карата 24 юридикалык жак Улуттук банктын лицензиясына ээ: төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна 24 лицензия жана төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна  

23 лицензия. Алардын ичинен 20 төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Бишкек шаарында, бирөө Чүй областында, үчөө Ош шааырында жана Ош областында жайгашкан. 

Төлөм инфраструктурасын кеңейтүү максатында, 2018-жылдын / 

2-апрелинде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган, анда Кыргыз Республикасынын аймагына банк жабдууларын импорттоодо КНСтен бошотуу каралган. Ушул Мыйзамды аткаруу максатында Улуттук банк менен коммерциялык банктардын ортосунда банк жабдууларын республикага алып кирүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду жана 2018- жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде өлкөгө 971 банкомат,  

12 538 POS-терминал, 1 622 төлөм терминалы алынып келинген. 

2022-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган, ал мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, акционердик коомдор тарабынан жүргүзүлүүчү сатып алууларды жөнгө салбайт, мында ыйгарым укуктуу сатып алуулардагы уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке, анын ичинде алардын туунду ишканаларына таандык. Бул Мыйзамга мамлекеттик үлүшкө ээ коммерциялык банктар кирбейт, бул алардын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен банк жабдууларын сатып алууну жана орнотууну жеңилдетет. 

Соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн терминалдарды милдеттүү түрдө орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомун ишке ашыруу боюнча иштер улантылган. Мында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, накталай эмес формада төлөө ыкмаларын кеңейтүү, жеке жана юридикалык жактар төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн жабдууларды орнотууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн тизмесин актуалдаштыруу жана кеңейтүү максатында тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген. Бул токтомго ылайык, керектөөчүлөр банктык төлөм карталары, электрондук акча жана маалымат коддору аркылуу соода-тейлөө ишканаларында төлөмдөрдү жүргүзө алышат. 2022-жылдын акырына карата абал боюнча, соода-тейлөө ишканаларында орнотулган терминалдардын саны 13 744 даанага жетти, ал эми 2018-жылдын башында терминалдардын саны 6 646 даана болгон.  

Ишкерлерге аталган токтомду ишке ашыруу тартиби жана карта ээлеринин товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес түрдө төлөө укугу жөнүндө маалымдоо максатында республикалык жана областтык телеканалдарда чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн социалдык роликтер даярдалып, ишке киргизилди, ошондой эле маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 

Калкка төлөм кызматтарын жана инновациялык технологияларды колдонуу жөнүндө маалымдоо максатында, Улуттук банк Эл аралык финансы корпорациясы менен биргеликте «Санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөр» темасында беш видеоролик иштеп чыгып, Финсабат сайтында жайгаштырылган жана республикалык жана аймактык телеканалдарда көрсөтүлгөн. 

COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, Улуттук банк 2020-жылы төлөм секторунун катышуучуларынын аралыктан төлөм кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча чараларды көргөн. Тактап айтканда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык кардарларды аралыктан (дистанциялык режимде) идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгүн караган ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. Банктын филиалына же төлөм уюмуна баруунун зарылдыгы жок төлөм уюмдарынын агенттеринин электрондук капчыктары жана мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү жана төлөм операцияларын жүргүзүү кызматтарын толук пайдалануу үчүн шарттар түзүлдү

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттырууга багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төлөм системасы боюнча төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишилди: 

 

2-таблица. Төлөм системасынын көрсөткүчтөрү

 

2. Учурдагы кырдаалды талдоо 

Өлкөнү санариптик өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкү стратегиялык документтерде каралган төлөм системасында санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды өткөрдү

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  

12-октябрындагы № 435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө» жарлыгы; 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  

8-февралындагы № 24 «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  

12-январындагы № 2-р буйругу менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы; 

- Прогрессивдүү дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен санариптик төлөм технологиялары тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун мындан ары жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу, коммуникациянын электрондук каналдары аркылуу финансылык уюмдардын, алардын кардарларынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана коммерциялык уюмдардын 2022-жылга карата өз ара шайкеш иш алып баруусун камсыз кылуу максатында бекитилген Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы  

№ 2020-П-14/17-4-(ПС) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган концепция. 

Ачык банктык интерфейстердин технологияларын иштеп чыгуу үчүн (мындан ары API ) Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде (мындан ары ЕАЭБ) финансылык уюмдардын санариптик өз ара иш алып баруусун камсыз кылуу үчүн API тестирлөө боюнча трансчек аралык пилоттук долбоор (мындан ары пилоттук долбоор) ишке ашырылган. Пилоттук долбоорго Кыргыз Республикасынан үч коммерциялык банк катышты. Пилоттук долбоордун максаты ЕАЭБ мейкиндигинде финансы уюмдарынын санариптик өз ара иш алып баруусун камсыз кылуу үчүн бирдиктүү стандартка ылайык API маалымат технологиясын колдонууну тесттен өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы рыногу үчүн API технологияларын өнүктүрүү потенциалын баалоо болуп саналат. «Элкарт» улуттук төлөм системасын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук төлөм системалары менен интеграциялоо аяктады.  

«Элкарт NFC» («Байланышсыз Элкарт») байланышсыз банктык төлөм карталарын чыгаруу боюнча долбоор ишке ашырылган, алар картаны бөтөн адамга бербестен төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. «Элкарт» улуттук төлөм системасынын «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси, ошондой эле соода-тейлөө ишканалары үчүн «Элкарт Трейд» мобилдик тиркемеси аркылуу кызматтардын түрлөрү кеңейтилди, бул товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес ыкмада, анын ичинде QR-кодун колдонуу менен кабыл алууга мүмкүндүк берет. 

Ар кандай төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыз кылуу жана төлөөчүлөр үчүн QR-коддору аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында Улуттук банк Башкармасы тарабынан QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынган. Бул өзгөртүүлөр төлөм системасынын катышуучуларына өздөрүнүн QR-коддорун бекитилген Улуттук стандартка ылайык келтирүү, өз ара иш алып баруу операторуна туташтыруу боюнча милдеттүү талаптарды белгилейт, ошондой эле QR-код аркылуу төлөө учурунда төлөмдөрдүн өз ара иштешүүсүн камсыздайт. 2022-жылдын декабрында Улуттук банк банктар, "БПЦ" жак жана төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары менен биргеликте төлөм системаларын (банк карталары, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер) системалар аралык интеграциялоо боюнча иш-чараларды аяктады жана лодок-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндиги түзүлдү. УТРОВ-коддор аркылуу мамлекеттик жана башка төлөмдөрдү жана которууларды төлөө ыкмаларын өнүктүрүү боюнча Жол картасы ишке ашырылууда, анын алкагында мамлекеттик кызматтарга: паспорттоштуруу кызматтары, автотранспортту каттоо/кайра каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу ишке ашырылат. 

Кыргыз Республикасында бирдиктүү санариптик финансылык онлайн платформаны ишке ашыруу үчүн Улуттук банк «Кыргызстан банктарынын союзу» ЮЖБ менен биргеликте финансылык маркетплейсин түзүү боюнча жол картасына кол койду. Улуттук банк Башкармасынын токтому менен «Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» жобо кабыл алынган. Жобо маркетплейс финансылык платформасынын кызматтарды көрсөтүүчү операторлорунан боло турган катышуучуларды жана бул платформадагы кызмат көрсөтүүлөр тизмегин аныктайт.  

Ошондой эле API ачык программалык интерфейстери аркылуу маалымат алмаша ала турган финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга жана финансылык платформанын кызмат көрсөтүүчү операторуна карата талаптар белгиленген. Улуттук банк финансылык платформалардын (маркетплейстердин) кызмат көрсөтүүчү операторлорунун реестрин түзөт

Тез төлөмдөр системасын киргизүү долбоордун алкагында иштер жүргүзүлүп, системага карата техникалык талаптар иштелип чыккан. Бул Кыргыз Республикасынын төлөм системасын модернизациялоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле инновациялык банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана жаңы продуктуларды киргизүү убактысын жана чыгымдарын кыскартуу максатында «жөнгө салуу аянтчасы» ишке киргизилген. 2022-жылы үч уюм убактылуу лицензиялардын алкагында банк операцияларын жүзөгө ашыра баштаган: кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн алдын ала чыгарылган «Элкарт» кредиттик карталарынын эмиссиясын, банктык карталардын эквайринги, QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө, ошондой эле өздүк электрондук акчаларды чыгаруу (эмиссия), ордун жабуу жана электрондук капчыктардан колдонууга мүмкүн кылган төлөм карталарын чыгаруу (эмиссия). Бир уюмдун тестирлөөсү ийгиликтүү деп таанылды. 

Калкка санариптик төлөм кызматтарын жана инновациялык технологияларды колдонуунун артыкчылыктары жана ыңгайлуулугу жөнүндө маалымдоо үчүн Улуттук банк «Элкарт NFC» менен байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүү, QR-кодду колдонуу менен төлөө, электрондук капчыктар, мобилдик жана интернет-банкинг, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча видеоматериалдарды иштеп чыгып, Улуттук банктын интернет-ресурстарына жайгаштырды. 

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында Санарип сом концепциясы бекитилди, ага ылайык санарип сом улуттук валютанын кошумча формасы болуп, Улуттук банк тарабынан санариптик формада чыгарылат. Санарип сом накталай сом сыяктуу эле Улуттук банктын милдеттенмеси болуп калат. Санарип сом накталай жана накталай эмес сомдор менен катар колдонулат, акчанын бардык функцияларын жүгүртүүөлөм) каражаты, нарктык өлчөм жана аманат каражаты болуп саналат деп болжолдонууда. 

 

3. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган көйгөйлөрдү талдоо 

Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында накталай эмес акча жүгүртүүнүн андан ары туруктуу өсүшү үчүн негизги шарттар түзүлдү

Бүгүнкү күндө калк үчүн салттуу банктык төлөм карталарынан тышкары электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, төлөмдөрдү мобилдик телефондордун жардамы менен, банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, QR-коддор (эки өлчөмдүү штрих-код) ж. б. аркылуу төлөө сыяктуу инновациялык төлөм инструменттерин колдонуу жеткиликтүү

Учурда төлөм кызматтарынын рыногу керектөөчүлөргө төлөм кызматтарынын кеңири түрлөрүн сунуштай алат, бирок накталай эмес акчанын жалпы акча массасындагы үлүшүнүн көрсөткүчү 80-90 пайызга жеткен өнүккөн өлкөлөргө караганда бир топ төмөн. Алсак, 2022-жылдын  

1-январына карата накталай жана накталай эмес акча жүгүртүүнүн тең салмактуу катышына жетишилди.  

Ушундай түрдө, экономикадагы накталай эмес акчанын үлүшү  

2012-жылдан бери 21,1 пайыздык пунктка көбөйүү менен 50,7 пайызды түздү. Бул көрсөткүчтөр экономикадагы акча массасынын жарымынан көбү банк секторунда топтолгондугун көрсөтүп турат. 

Накталай жана накталай эмес жүгүртүүнүн тең салмактуу катышына жетишилгендигине карабастан, чекене товар жүгүртүүдө накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү дагы эле төмөн деңгээлде. 

Бүгүнкү күндө калк үчүн эң популярдуу төлөм кызматтары банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр жана которуулар, анын ичинде аралыктан банктык тейлөө системалары аркылуу ишке ашырылган, ошондой эле электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөр саналат. 

2022-жылы банктык төлөм карталарын пайдалануу менен  

524,7 миллиард сомго 128,3 миллиондон ашык транзакциялар жүргүзүлүп, 2021-жылга салыштырмалуу транзакциялардын саны 52,4 пайызга, ал эми транзакциялардын көлөмү 39,9 пайызга өскөн. Банктык төлөм карталарын колдонуу 2012-2022-жылдар аралыгында 10 эсе өскөн төлөм кызматтарынын эң тез өнүгүп жаткан сегменти болуп саналат. 

Бирок, мурдагыдай эле, банктык төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялардын саны боюнча да, көлөмү боюнча да операциялардын негизги үлүшүн накталай акча алуу операциялары ээлейт, ал 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 83,5 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүчтөр банктык карта ээлеринин көпчүлүгү күнүмдүк транзакцияларда накталай акчаны колдонууну каалай тургандыгын күбөлөндүрөт. 

Кыргыз Республикасынын ар бир бойго жеткен жаранына жылына карта менен болгону 28 төлөм туура келет, ал эми «накталай акчасыз» өлкөлөрдө жылына киши башына 250дөн ашык төлөм туура келет. Салыштыруу үчүн, Россия Федерациясында 2020-жылдын акырына карата чекене соодада накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү 70,3 пайызды түзүп, ар бир жашоочунун эсебине жылына 300дөн ашык карталык төлөм туура келген. 

Бирок, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн туруктуу өсүү тенденциясы байкалып жатат, ал орточо эсеп менен үч жылда эки эсеге өсүүдө

Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен соода жана тейлөө ишканаларында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операциялардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы 82,2 пайызга, транзакциялардын көлөмү 2,3 эсеге өскөн. 

Ушул Мамлекеттик программанын алкагында негизги күч-аракеттер ар кандай төлөм инструменттерин колдонуу чекене соодада накталай эмес төлөмдөрдү кеңири колдонууга багытталышы керек. Биринчи кезекте, мамлекеттик, муниципалдык органдар, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн мамлекет мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн накталай акчадан баш тартуунун жана накталай эмес төлөмдөргө өтүүнүн үлгүсү болууга тийиш. 

Калктын накталай эмес төлөмдөрдү пайдалануу деңгээлинин төмөндүгүнүн себеби болуп негизинен төмөнкү көйгөйлөр саналат: 

1) Калктын накталай эмес төлөмдөрдү жана инновациялык төлөм кызматтарын колдонууга кызыгуусунун төмөндүгү

Бүгүнкү күндө калктын басымдуу бөлүгү күнүмдүк сатып алууларда накталай эмес төлөмдөрдү альтернативдүү төлөм ыкмасы катары гана колдонуп, банкоматтардан накталай акча алууну артык көрүшөт. Көпчүлүк учурларда керектөөчүлөрдүн акчаны накталай пайдаланууну тандоосу адатка айланган, ал эми кээ бир учурларда башка факторлор, анын ичинде чекене соода түйүндөрүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүн эместиги же заманбап төлөм каражаттарына ишенбөөчүлүк менен шартталган. 

2) Чарба жүргүзүүчү субъекттердин накталай эмес төлөмдөргө өтүүнү каалабагандыгы. 

Ишкерлер үчүн накталай эмес төлөмдөргө өтүү салык органдарынан кирешелерди жашыруу мүмкүн эместиги менен байланыштуу, ошондуктан ишкерлер төлөмдү накталай түрдө кабыл алууну туура көрүшөт. 

3) Өлкөнүн региондорунда накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн төлөм инфраструктурасы жетиштүү деңгээлде өнүкпөгөндүгү

Накталай эмес түрдө төлөй турган соода жана тейлөө ишканалары негизинен өлкөнүн ири шаарларында жайгашкан. Республиканын региондорунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонууга кирүүсүнүн жана калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүнүн төмөн деңгээли сакталууда. Ошол эле учурда өлкө калкынын 65 пайзды айыл жеринде жашай турганын белгилей кетүү керек. 

4) Ар кандай төлөм системаларынын функционалдык шайкеш келбестиги. 

Төлөм системаларынын функционалдык шайкеш келүүсү төлөм кызматтарына жөнөкөй, ишенимдүү жана коопсуз жеткиликтүүлүктү, ар кандай системалардын колдонуучуларынын ортосунда төлөм жана акча которуулардын ыңгайлуу жана тез ыкмаларын камсыз кылат. Бирок, техникалык жана экономикалык себептерден улам, төлөм системаларынын катышуучулары башка системалар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууну каалашпайт. Бул өз кезегинде акыркы колдонуучулар үчүн акча каражаттарын которууда, товарларга/кызматтарга төлөөдө ыңгайсыздыктарды жаратат жана накталай акчаны колдонууга өтүүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат. 

5) чекене соода түйүндөрүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулардын болушуна тиешелүү мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугу. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренесинде накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган сатуучуларга жабдуулардын жоктугу үчүн жоопкерчилик белгиленген. Укук бузуулар жөнүндө иштер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат. Бирок, мамлекеттик органдардын чектелген ресурстары жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт. 

6) коммерциялык банктар тарабынан сунушталган банктык жана төлөм кызматтарынын тарифтик саясаты. 

Төлөмдү накталай эмес формада кабыл алуу ишкер үчүн белгилүү бир чыгымдарды талап кылат. Андан ары накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө сатуучу банкка төлөм системасына жараша түшкөн каражаттын 0,5 пайыздан 2,5 пайызга чейинки өлчөмүндө комиссия төлөп бериши керек, бул чакан бизнес үчүн олуттуу финансылык чыгым болуп калышы мүмкүн. 

7) Калктын финансылык сабаттуулугунун төмөн деңгээли 

Кыргыз Республикасынын калкы негизги финансылык түшүнүктөрдү, финансылык институттар жана алар сунуш кылган продукттар тууралуу маалыматты толук түшүнбөйт, алар продукттарды кантип колдонууну жана өздөрүнүн бакубат жашоосун жана финансылык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн рационалдуу чечимдерди кабыл алууну билбейт. Финансылык билимдер жана көндүмдөр болбосо, өздүк каражаттарды башкаруу, ар кандай финансылык продукттарды жана кызматтарды натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу кыйын, бул кризистик кырдаалдарда өтө зарыл. 

Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санариптик технологияларды, банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым жасоо менен Мамлекеттик программаны андан ары ишке ашырууну, тейлөөнүн чөйрөлөрүндө төлөм инструменттерин киргизүүнү, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү, ошондой эле мамлекеттик программанын алкагында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга контролдукту жана мониторингди жүзөгө ашырууну улантуусу зарыл. 

 

4. Максаты жана милдеттери 

Мамлекеттик программанын максаты Кыргыз Республикасында чекене төлөм рыногунда санариптик төлөм кызматтарын, анын ичинде инновациялык төлөм инструменттерин өнүктүрүү аркылуу накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары жогорулатуу жана банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн чекене төлөмдөр рыногунда кирүү деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. 

Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагындагы негизги милдеттер: 

1) жаңы санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү

калк үчүн санариптик төлөм кызматтарынын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана көп түрдүүлүгүн жогорулатуу; 

- санариптик төлөм технологиялары чөйрөсүндө дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны колдонуу; 

- республиканын бардык региондорунда төлөм кызматтарын пайдаланууда калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү

- учурдагы банктык/эсептешүү эсептеринен ар кандай банктардын кардарларынын ортосунда реалдуу убакыт режиминде төлөмдөрдү/которууларды жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасында өнүктүрүүнү камсыз кылуу. 

2) калк үчүн аралыктан банктык тейлөөнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү

- банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүү технологияларын өнүктүрүү, анын ичинде агенттик тармакты тартуу жана анын «суткасына 24 саат х жумасына 7 күн» принцибинде иштешин камсыз кылуу; 

- коммерциялык банктардын бөлүмдөрүнө барбастан төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү инновациялык төлөм технологияларын колдонууну калк арасында жайылтуу; 

3) калкты социалдык жактан тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу жана ишкердик иштин өсүшү

- интернет-банкинг, уюлдук телефондорду колдонуу, банкоматтар,  

POS-терминалдар, төлөм терминалдары сыяктуу бардык жеткиликтүү төлөм ыкмаларын колдонуу менен жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөө, субъекттердин ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүү, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн бирдиктүү улуттук төлөм жана эсептешүү мейкиндигинин алкагында система аралык интеграцияны өнүктүрүү

- ишкер субъекттердин жана калктын накталай эмес төлөмдөргө өтүүсү үчүн шарттарды жана стимулдаштыруучу механизмдерди, анын ичинде салыктык механизмдерди түзүү

- коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө жеңилдиктерди жана жөлөк пулдарды берүү процессин башкаруу аркылуу калкты социалдык жактан тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу; 

калктын бюджеттик, чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүүдө накталай эмес төлөмдөрдү аткаруу инфраструктурасын кеңейтүү жана төлөм карталарын, электрондук капчыктарды QR-коддорду жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу аркылуу реалдуу сектордо ишкердик жигердүүлүктүн өсүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү

төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алууда жеке жана юридикалык жактардын чыгымдарын минималдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле бул кызматтарды көрсөтүүдө алардын операциялык чыгымдарын азайтуу; 

4) накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугунун зарыл деңгээлин камсыз кылуу жана колдоо: 

- төлөм секторунда санариптик технологиялардын иштеши үчүн коопсуздуктун зарыл деңгээлин камсыз кылуу; 

- төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо системасын өркүндөтүү

- республиканын бардык аймагында тез төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылуу үчүн республиканын региондорун жогорку ылдамдыктагы байланыш каналдары менен камсыз кылуу; 

- товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу бөлүгүндө ишкердик субъекттерин мамлекеттик контролдоону күчөтүү

5) калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана накталай эмес төлөм формаларын жайылтуу: 

заманбап электрондук төлөм инструменттеринин, төлөм каражаттарынын жана банктык аралыктан тейлөө технологияларынын жеткиликтүүлүгү, коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү жөнүндө калкка маалымдоо; 

калк арасында накталай эмес төлөм формаларын жайылтуу боюнча чараларды ишке ашыруу (социалдык акциялар, жарнама акциялары, бонустук программалар, ЖМК аркылуу кампаниялар ж.б.); 

- төлөм системаларынын катышуучулары жана соода-тейлөө ишканалары тарабынан накталай эмес формада сатып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча калктын эсептешүүлөрү үчүн алда канча жагымдуу шарттарды түзүү

- соода-тейлөө ишканаларын жана алардын кызматкерлерин товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү, негизинен накталай эмес түрдө кабыл алууга кызыктырууга түрткү берүү

- накталай эмес формада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө бизнес түзүмдөрдү жигердүү тартуу; 

- банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтик саясатын оптималдаштыруу. 

6) төлөм системасы боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү

- санариптик, инновациялык төлөм кызматтарын жөнгө салуу жана коопсуздуктун зарыл деңгээлин камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу; 

- накталай эмес төлөмдөргө өбөлгө түзүү максатында, салыктык төлөмдөр бөлүгүндө мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

акча каражаттарын тоскоолдуксуз которуу үчүн шарттарды түзүү максатында, анын ичинде миграциялык долбоорлордун алкагында башка өлкөлөр менен интеграциялык бирикмелердин алкагында Кыргыз Республикасынын бирдиктүү төлөм мейкиндигинде бирдей катышуусун камсыз кылуу. 

Алдыга коюлган милдеттердин алкагында Мамлекеттик программанын катышуучулары төмөнкүлөрдү камсыздайт: 

- иш-чаралардын пландарын, өнүктүрүү программаларын даярдоо жана ишке ашыруу; 

- ушул иш-чараларды финансылык жактан камсыз кылуунун шарттарын жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес төлөмдөр системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- долбоорлорду уюштурууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү

- колдонуудагы жана пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга учурдагы контроль/мониторинг. 

 

5. Негизги артыкчылыктуу багыттар 

Мамлекеттик программа инновациялык жана санариптик төлөм кызматтарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын комплексин карайт, бул накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруугө жана накталай эмес төлөмдөрдүн инфраструктурасын кеңейтүүгө алып келет, атап айтканда: 

төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн төлөм рыногунун катышуучуларынын ортосунда системалар аралык интеграцияны өнүктүрүү

жөнөкөй идентификатор (телефон номери, электрондук почта дареги, QR-коду ж.б.) аркылуу ар кандай банктардын кардарларынын ортосунда акча каражаттарын которууга мүмкүндүк берүүчү Тез төлөмдөр системасын (ТТС) түзүү

QR-коду аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды илгерилетүү жана жайылтуу; 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү

- накталай эмес эсептешүүлөр үчүн байланышсыз технологияларды өнүктүрүү

- маалымат алмашуу технологиясын (API) ишке киргизүү

- виртуалдык активдерге байланыштуу кызматтарды сунуштоочулардын ишин жөнгө салуу; 

- «Санарип сом» долбоорун ишке ашыруу; 

- төлөм кызматтары жана продукттары үчүн маркетплейс платформасын түзүү

электрондук акча рыногун андан ары өнүктүрүү

- төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынын маалыматтык системаларын мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо; 

пенсия, жөлөк пул, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептеринен коммерциялык банктардагы жеке эсептерине алуучулардын үлүшүн көбөйтүү

бардык мекемелердин, уюмдардын жана чарбалык субъекттердин кызматкерлеринин эмгек акысын банктык төлөм карталарына которуу; 

банктык карталарды, электрондук капчыктарды жана/же QR-коддорду, төлөм терминалдарын жана башка инструменттерди колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада төлөөнү камсыз кылуу; 

аймактардагы калктын инновациялык технологияларды (анын ичинде банктык төлөм карталарын, электрондук капчыктарды, QR-коддорду, мобилдик банкингди ж.б. пайдалануу) колдонуу менен коммерциялык банктардагы эсептери аркылуу жүргүзүлгөн үзгүлтүксүз төлөмдөрүнүн көлөмүн көбөйтүү

- региондорду банктык жабдуулар менен жабдуу; 

өлкө ичиндеги төлөмдөр боюнча талаптарды ишке ашыруу; 

- накталай эмес формада төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүү үчүн банктык төлөм карталарын, электрондук капчыктарды, QR-коддорду жана башка инновациялык технологияларды тейлөө тармагынын инфраструктурасын кеңейтүү

накталай эмес формада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн республиканын бардык аймагын жогорку ылдамдыктагы байланыш каналдары менен камтуу. 

 

6. Мамлекеттик программанын күтүлүп жаткан натыйжалары 

Мамлекеттик программада каралган чараларды ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 

1) мамлекетке: 

- накталай акчанын көмүскө жүгүртүлүшүн кыскартуу жана салык базасын көбөйтүү

- мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү

мамлекеттик бюджеттин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу; 

мамлекеттик бюджетти аткаруунун майнаптуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу; 

- накталай акчаларды чыгарууга байланышкан чыгымдарды кыскартуу; 

- ички инвестициялык ресурстарды мобилизациялоо; 

- калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу. 

2) коммерциялык банктарга: 

- кардарларды аралыктан тейлөө спектрин кеңейтүү

- эмиссиялык жана кассалык иштерге (акчаны инкассациялоо, иштетүү, сактоо) байланышкан чыгымдарды кыскартуу; 

- депозиттик базаны көбөйтүү жана экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоо үчүн каражаттарды топтоо. 

3) уюмдарга жана ишканаларга: 

өздүк ички корпоративдик системаны түзүүгө кеткен чыгашаларды азайтуу; 

накталай акча менен иштөөнүн (кабыл алуу, сактоо жана ташуу) чыгашаларын төмөндөтүү

эсептөө иштерин, финансылык контролду жана пландоону алда канча так жүргүзүү

түз социалдык чегерүүлөр. 

4) калкка: 

төлөм кызматтарын оңой, кеңири, ишенимдүү жана коопсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү, төлөөнүн ыңгайлуу жана тез ыкмалары

төлөм кызматтарын пайдалануу үчүн банктардын жана алардын агенттеринин кеңири тармагы; 

- банктарга жана системаларга жана аймактык тиешелүүлүгүнө карабастан, төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүүнүн салттуу жана инновациялык инструменттеринин жана ыкмаларынын кеңири түрлөрү

 

7. Болжолдуу көрсөткүчтөр 

Болжолдуу көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктын туруктуу санын эске алуу менен эсептелет. 

Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылы Кыргыз Республикасынын калкынын саны 6,14 миллион адамды түзгөн. 

2017-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 1-январына чейинки мезгилде калктын саны 780,9 миң адамга (б.а. 12,5 пайызга) көбөйүп, 7,04 млн адамды түздү, анын ичинен экономикалык активдүү/жумушка жарамдуу калк 3 832,7 миң адамды түздү

Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу калкын төлөмдөрдү накталай эмес түрдө төлөмдөрдү жүргүзүүгө тартуу зарыл. Ошондой эле 3-таблицада келтирилген индикативдик көрсөткүчтөр боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү пландаштырылууда: 

 

3-таблица. Болжолдуу көрсөткүчтөр 

 

8. Финансылык камсыздоо 

Мамлекеттик программаны ишке ашыруу коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону, ведомстволор аралык иш-чаралар пландарына ылайык мамлекеттик аткаруучу органдардын чыгымдар сметаларынын чегинде каражаттарды бөлүүнү карайт. Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдар тарабынан каржылык, техникалык, консультациялык жана башка колдоолор көрсөтүлөрү күтүлүүдө

 

9. Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг, баалоо жана контролдоо 

Мамлекеттик программа Иш-чаралар планын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Мында министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча ички иш-чаралардын планын иштеп чыгышы керек. Мамлекеттик программанын аткарылышын көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Мамлекеттик программанын Иш-чаралар планына ылайык тартылган катышуучулар тарабынан берилген маалыматтарды чогултат жана иштеп чыгат. Мамлекеттик программанын Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча маселелер Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумдарында чейрек сайын каралат. 

Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды эске алуу менен такталып чыгышы мүмкүн. 

  

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн арттыруу боюнча 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашырууга карата 

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

 

  

Иш-чаралар 

Аткаруу мөөнөттөрү 

Жооптуу аткаруучулар 

1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөр системасын уюштуруучулук-укуктук өнүктүрүүнү камсыз кылуу/өркүндөтүү 

1.1. 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү

2023-2027-жылдар 

(үзгүлтүксүз негизде) 

КРУБ 

1.2. 

Кыргыз Республикасынын аймагында ички төлөмдөр боюнча чараларды ишке ашыруу. 

2023-2024-жылдар 

КРУБ, КБ, ТСО 

1.3. 

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада төлөөдө сатуудан алынуучу салыктын нөлдүк ставкасын колдонуу мөөнөтүн узартуу бөлүгүндө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү

2023 -жылдын 4-чейреги 

ЭКМ, КРУБ 

1.4. 

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү

- сатуучуга да, сатып алуучуга карата да, кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү улуттук валютадан башка валютага саткандыгы/сатып алгандыгы үчүн чараларды колдонуу (ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айып пул салуу) жөнүндө

- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 317-беренесинде каралган иштерди кароо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү бөлүгүндө

 

 

 

 

 

 

 

2023-жылдын 4-чейреги 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2024-жыл 

 

 

 

 

 

 

 

КРУБ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЭКМ 

1.5 

Депозиттерди коргоо системасына экскроу-эсептеги каражаттарды киргизүү боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу  

2024-жыл 

КРУБ, КБ (макулдашуу боюнча) 

1.6. 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин ортосундагы накталай эсептешүүлөрдүн чектүү өлчөмүн белгилөө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2023-жылдын 4-чейреги 

ЭКМ, ишке тартылган мамлекеттик органдар, КРУБ 

1.7. 

Жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүндө кагаз жүзүндөгү төлөм документтерин берүү зарылдыгын жокко чыгаруу, ошондой эле электрондук төлөм документтерин соттук талаш маселелерди кароодо далил катары таануу.  

2024-жылдын 1-чейреги 

Мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча), КРУБ 

1.8. 

Ишкердиктин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырган жана калкка алардын кызматтарын көрсөткөн ишкердик субъекттери сатып алуучудан/керектөөчүдөн накталай эмес формада товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн тиешелүү жабдуулардын болушу жөнүндө талаптарды бекитүү

2023-жылдын 4-чейреги 

лицензиар органдар, регистратор органдар.  

2. Калк арасында накталай эмес формада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жайылтуу 

2.1. 

Товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн жарандарды электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан банктык тейлөө системасын колдонууга кызыктыруучу иш-чараларды жүргүзүү

2023-2027-жыдар 

(үзгүлтүксүз негизде) 

«КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

2.2. 

Заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан банк тутумдарын колдонуунун артыкчылыктары жана артыкчылыктары жөнүндө калкка маалымдоо (видео роликтер, аудио клиптер жана басылмалар). 

2023-2027-жылдар 

(үзгүлтүксүз негизде) 

«КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ, ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

2.3. 

Мамлекеттик билим берүү программаларына накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү пайдалануу боюнча окутуу материалдарын иштеп чыгуу жана киргизүү

2024-жыл 

БИМ, «КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

3. Накталай эмес формадагы төлөмдөр 

3.1. 

Калктын товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) накталай эмес түрдө төлөөсүн камсыз кылуу үчүн, соода уюмдарына (сервис) салык жагынан жеңилдиктерди берүү аркылуу өбөлгө түзүүнү күчөтүү чараларын көрүү.  

2023-жылдын 4-чейреги 

ЭКМ, КБ (макулдашуу боюнча), МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.2. 

Банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга каралган жабдуулардын (программалык-аппараттык түзүлүштүн) болушуна жана иштешине/пайдаланылышына соода жана тейлөө ишканаларында үзгүлтүксүз мониторингди (текшерүүнү) жеринде жүргүзүү

2023-2027-жылдар 

(үзгүлтүксүз негизде) 

ЭКМ алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, КРУБ жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.3. 

Мобилдик түзүлүштөрдү, анын ичинде QR-кодду жана башка байланышсыз технологияларды (NFC жана башка) колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуучу сервистерди жайылтуу жана артыкчылыктуу пайдалануу боюнча иш-чараларды өткөрүү  

2023-2027-жылдар 

(үзгүлтүксүз негизде) 

КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

4. Банктык жана төлөм кызматтарын жакшыртуу 

4.1. 

Улуттук төлөм системасынын операторунун тарифтик саясатын өркүндөтүү. Эмгек акысы аз калктын категорияларын, ошондой эле социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды алуучу адамдарды эске алуу менен чекене банктык продуктыларга тарифтерди белгилөө:  

2023-2027-жылдар 

(үзгүлтүксүз негизде) 

«БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

4.2. 

Тез төлөм системасын түзүү жана өнүктүрүү (24/7) 

 

- төлөм системаларын модернизациялоо 

 

 

 

 

 

 

- Тез төлөм системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү 

2023-2027-жылдар 

 

2023-жылдын 3 чейрегинен тартып 2024-жылдын 3 чейреги  

 

2025-жылдын II чейреги 

КРУБ, «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), 

4.3. 

Маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүү үчүн ачык программалоо интерфейсин (API ) өнүктүрүү 

2023-2027-жылдар 

КРУБ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

5. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү 

5.1. 

Калк тарабынан накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контактсыз технологияларды (QR-код, NFC жана башка) колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууну камсыз кылуу (транспорттук/ири чекене/дүң базарлар, коомдук тамактануу жайлары ж.б.) 

2023-жылдын 4-чейреги 

Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБ (макулдашуу боюнча, ЭКМ, КБ, ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

5.2. 

Билим берүү жана маданий кызматтар, медициналык кызматтар, социалдык кызматтар, каттоо кызматтары, маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү, изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматтары, маалымат берүү, басма, көчүрүү жана басып чыгаруу кызматтары, коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу үчүн калкка накталай эмес акы төлөөнүн формасын киргизүү

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн жабдууларды орнотуу, ошондой эле төлөм терминалдарын жана башка жабдууларды пайдалануу менен келишимдик мамилелерди түзүү

- калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кассаларында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акыны накталай эмес формада кабыл алуу үчүн, ошондой эле төлөм терминалдарын жана башка түзүлүштөрдү пайдалануу менен жабдууларды орнотуу; 

 

 

2023-жылдын 4-чейреги 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2023-жылдын 4-чейреги 

 

 

 

 

 

2023-жылдын 4-чейреги 

 

 

 

 

Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, ЭККР, Жогорку аттестациялык комиссия, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Тышкы иштер министрлиги, ЭБК, Юстиция министрлиги, Каржы министрлиги, Айыл чарба министрлиги , Кыргызтест , ССЭС, УИА, Социалдык фонд, Улуттук статистика комитети, Кыргызпатент , Ички иштер министрлиги, башка мамлекеттик органдар, КБ (маулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

5.3. 

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инновациялык төлөм ыкмаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн адаптациялык технологияларды ишке киргизүү 

2023-2024-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

5.4. 

Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын бириктирген улуттук бирдиктүү төлөм жана эсептешүү мейкиндигинин алкагында система аралык өз ара аракеттенүү/интеграцияны өнүктүрүү ( өз ара аракеттенүү )  

2024-жыл 

API ишке ашырууну эске алуу менен орнотулат ) 

«БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), МКР, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

5.5. 

Санарип сом прототибин түзүү жана аны сыноо: 

 

- Санарип сомду киргизүү боюнча укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуу 

 

 

- Санарип сом платформасынын прототибин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү 

 

 

- Санарип сом прототибин сыноо жана өнөр жайга колдонууга киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу 

2023-2026-жылдар 

 

2023-2024-жылдар 

 

 

 

2024-2025-жылдар 

 

 

 

2026-жыл 

Долбоордук топ, КРУБ, ЭКМ, МКБ, МОФ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

6. Мамлекеттик жана башка органдарда инновациялык санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана IT коопсуздук чөйрөсүндө адистердин квалификациясын жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу 

6.1. 

Маалыматтык коопсуздук инциденттерине чара көрүү, төлөм системасы чөйрөсүндө маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин аныктоо жана азайтуу боюнча тренингдерди өткөрүү 

2023-2027-жылдар (Туруктуу негизде)  

ФЧМК, КРУБ, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, ЭКК Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), эл аралык финансы институттары 

6.2. 

Финансылык, кредиттик жана банктык эмес уюмдардын киберчабуулдары , инновациялык кызматтарды колдонууда алдамчылык фактылары жөнүндө маалымат берүү жана ыкчам чара көрүү 

2023-2027-жылдар 

(Туруктуу негизде) 

КРУБ, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ФЧМК, Ички иштер министрлиги 

 

 

 

КЫСКАРТУУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ: 

 

ЖАК 

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы  

УКМК 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  

МСК 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

БП 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 

«Кыргызпочтасы» МИ 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы  

ФЧМК 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы  

МСЭК 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы  

ИИМ ЖКККББ 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы  

«БПБ» ЖАК 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому 

КБ 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары  

Кыргызпатент 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги 

Кыргызтест 

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 

ИИМ 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги  

ССМ 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 

ТИМ 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 

БИМ 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  

АЧМ 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги,  

ТКМ 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги  

ЭСКММ 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 

ФМ 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги  

СӨМ 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги  

ӨКМ 

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги  

МЭК 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 

ЮМ 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги  

УИА 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы 

УСК 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  

КРУБ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

ЖӨБО 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 

ТСО/ТУ 

төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюму 

МКЖК 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 

КБС 

«Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси 

ЖАК 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы  

Социалдык фонд 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 

ММБФ 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд