Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун айрым ченемдерин убактылуу токтотуу жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун айрым ченемдерин убактылуу токтотуу жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) ички валюта рыногун турукташтырууга байланыштуу коммерциялык банктардын кассаларында накталай АКШ долларынын жетиштүү запасынын камсыз болушуна байланыштуу, Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС) токтому менен кабыл алынган талаптарды убактылуу токтотуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтырууга жана дүйнөлүк масштабдагы геосаясий кырдаалдан улам келип чыккан кесепеттерди минималдаштырууга багытталган чаралар комплексинин алкагында Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС) токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу которулган акча алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада берилет. Аталган токтомдун 3-пунктуна ылайык, токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот. 

Ички валюта рыногундагы кырдаалдын турукташуусуна, коммерциялык банктардын кассаларында накталай АКШ долларынын жетиштүүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин төмөнкүлөргө убактылуу уруксат берүү сунушталууда: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жөнөтүүчү жөнөткөн валютада берүүгө

- Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну акча которуу жөнөтүлгөн валютада кайтарып алууга/жокко чыгарууга

Ошону менен бирге, дүйнөлүк масштабдагы туруксуз геосаясий кырдаалды эске алуу менен, абийирсиз жарандардын алып-сатарлык аракеттеринен улам чет өлкө валютасынын өлкөдөн агылып чыгуу белгилери байкалган учурда, ички валюта рыногун коргоо максатында, Улуттук банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынат. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү болгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлууга жана анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш. 

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат 

Аталган токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат 

Улуттук банк тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн. 

 

 

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун айрым ченемдерин убактылуу токтотуу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасында акча которуу системалары аркылуу чет өлкө валютасы менен алып-сатарлык операциялардын жүргүзүлүшүн алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин  

1.2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарын колдонуу убактылуу токтотулсун. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин  

1.2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарын колдонуу убактылуу токтотулган мезгил аралыгына төмөнкүлөр белгиленсин: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которуу алуучуга жөнөтүүчү жөнөткөн жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сомдон айырмаланган валютада берилет; 

- Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну кайтарып алуу/жокко чыгаруу акча которуу жөнөтүлгөн валютада жүзөгө ашырылат. 

 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин колдонулат.  

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү: М. Аттокуров 

М. Жакыпов 

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев 

 

 

 

 

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомунун айрым ченемдерин убактылуу токтотуу жөнүндө» токтом долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелердин 1.2-пунктунун колдонуудагы редакция 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун айрым ченемдерин убактылуу токтотуу жөнүндө токтом долбоору 

1.2. Кыргыз Республикасынын аймагында банк эсебин ачуусуз акча каражаттарын которуу (мындан ары акча которуу), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар (мындан ары банктар) тарабынан адистештирилген акча которуу системалары аркылуу (локалдык, эл аралык системалар) же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелери боюнча (эл аралык/чек ара аркылуу акча которуулар) улуттук же чет өлкө валюталарында Кыргыз Республикасынын жеке адамдары, резиденттери жана резидент эместери тарабынан жүзөгө ашырылат.  

Кыргыз Республикасынын ичинде акча которуу системалары боюнча сом түрүндө (Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында) акча каражаттары локалдык системалар аркылуу гана которулууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которуулар алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынан айырмаланган валютасында - сом менен берилет. 

Ошондой эле эл аралык акча которуу системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада алуу/жокко чыгаруу мүмкүн. 

Акча которуу системасы боюнча келип түшкөн акчаларды которуу/төлөө валютасынан башка валютага конвертациялоо (алмашуу операция) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которууну конвертациялоо Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу курстарынын маалыматтык стендинде көрсөтүлгөн курсу боюнча (нак акча алмаштыруу үчүн) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат. 

Кыргыз Республикасында акча которуу системалары аркылуу чет өлкө валютасы менен алып-сатарлык операциялардын жүргүзүлүшүн алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин 1.2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарын колдонуу убактылуу токтотулсун. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин 1.2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарын колдонуу убактылуу токтотулган мезгил аралыгына төмөнкүлөр белгиленсин: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которуу алуучуга жөнөтүүчү жөнөткөн жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сомдон айырмаланган валютада берилет; 

- Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну кайтарып алуу/жокко чыгаруу акча которуу жөнөтүлгөн валютада жүзөгө ашырылат. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин колдонулат.  

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Долбоор 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

  

  

БЕКИТЕМ  

______________________________________ 

(кызмат орду)  

______________________________________  

(кол тамгасы)  

20___-жылдын «______» ______________ 

  

  

  

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун айрым ченемдерин убактылуу токтотуу жөнүндө» токтом долбоорунун 

жөнгө салуучу таасирин талдоо  

 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздеме: Улуттук банктын 2023-жылдын __-майындагы № 2023-Пр-141/05-О «Жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

_________________ 

(башталышы) 

_________________ 

(аякташы) 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: А.З. Султаналиев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги 

___________________ 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

 

М.Ш. Акулуева, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

 

 

____________________ 

 

А.К. Джакубова, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси (жумушчу топтун катчысы) 

 

 

 

 

____________________ 

Р. Сарыбаев, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин долбоорлор боюнча менеджери 

 

____________________ 

А. Ыбыкеева, «Дос-Кредобанк» ААК Башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча) 

 

____________________ 

 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалымат: А.К. Джакубова, тел.: 66-91-43, adjakubova@nbkr.kg.  

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер  

1. Проблема тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин (мындан ары - Эреже) 1.2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которуулар алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынан - сомдон айырмаланган валютада берилет. Эл аралык акча которуу системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада гана кайтарып алуу/жокко чыгаруу мүмкүн.  

Ошентип, Эрежеге ылайык, эгерде акча которуу Россия Федерациясынан жөнөтүлсө, ал алуучуга орус рублинде же кардардын макулдугу боюнча сом менен, эгерде Казакстан Республикасынан болсо казак теңгеси менен гана берилиши керек же кардардын макулдугу боюнча сом менен, эгерде башка өлкөдөн болсо - коммерциялык банктын курсу боюнча улуттук валютада берилет. Эгерде которуу валютасы Кыргыз Республикасынын аймагында кеңири колдонулбаса, коммерциялык банк Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алат. Бул учурда кардарга валюта курсу тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек. Ошол эле учурда акча которууларды конвертациялоо эрежелери өзгөртүүсүз калат, б.а. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банктан валютаны конвертациялоо операциясын жүргүзүүгө лицензиясы алган уюмдар гана валютаны конвертациялай алат. Коммерциялык банк алуучунун макулдугу менен акча которууну жалаң гана улуттук валютага - сомго конвертациялай алат. 

Мындан тышкары, мисалы, акча которуу Кыргыз Республикасынан АКШ доллары менен жөнөтүлгөн болсо, бирок кандайдыр бир себептерден улам акча которуу системасы бул акча которууну Кыргыз Республикасындагы жөнөтүүчүгө кайтарып берсе, анда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы акча которууну жөнөтүүчүгө улуттук валютада кайтарып берүүгө милдеттүү

Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн талаптар АКШ долларынын өлкөдөн агылып чыгуусуна жана дүйнөлүк масштабдагы геосаясий кырдаалдын кесепетин минималдаштырууга байланыштуу ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтырууга багытталган чаралар комплексинин алкагында Эрежеге Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги  

№ 2022-П-14/24-1-(ПС) токтому менен киргизилген. Ошону менен бирге, бул токтомдун  

2-пунктуна ылайык, ал 2022-жылдын 19-апрелинен тартып күчүнө кирди жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот.  

Мындан тышкары, өлкөдөн валютанын агылып чыгуусуна бөгөт коюу боюнча комплекстүү иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(ПС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтому кабыл алынган, ал убактылуу мүнөзгө ээ. Ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык, Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин, накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 2022-жылдын  

11-мартында саат 17:30дан тартып накталай АКШ долларын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууга тыюу салынган. 

Эрежеге жогоруда көрсөтүлгөн ченемди киргизүү биринчи кезекте дүйнөлүк масштабдагы геосаясий кырдаалдын таасиринде ички валюта рыногундагы жагдай төмөнкүдөй тобокелдиктер менен татаалданышы мүмкүндүгү менен шартталган: 

- накталай чет өлкө валютасынын банк системасынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары агылып чыгышы, анын натыйжасында коммерциялык банктардын жана калктын нааразычылыгы; 

- белгилүү бир жагдайлардын жыйындысы АКШ долларынын наркынын кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн, бул алтын-валюта резервдерин кыскартуу, инфляциянын өсүшү, бюджетке оорчулук келтирүү сыяктуу жана башка кесепеттерге алып келиши мүмкүн; 

- кара ниет жарандар тарабынан пайда табуу максатында алып-сатарлык операциялардын көбөйүшү

Алып-сатарлык операцияларга келсек, кара ниет жарандар акча которуу каналын эсеп ачуусуз өздөрүнүн алып-сатарлык кызыкчылыктары үчүн, пайда табуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк системасынан АКШ доллары менен алынган акча которууларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып кетүү максатында пайдалана башташканын белгилей кетүү керек. Ошентип, жогоруда аталган токтом Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында, өз убагында кабыл алынган жана зарыл чара болду. Эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада - сом менен берүү талабы мындай алып-сатарлык операцияларды кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берди. 

Ошону менен бирге, бир жагынан, акча которууну эл аралык акча которуу системасы аркылуу алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада - сом менен берүү талабы нысапсыз адамдар арасындагы алып-сатарлык операцияларды кыскартууну шарттады, экинчи жагынан «ак ниет» категориядагы калктын укугу чектелет. Ошентип, 2022-жылдын 18-апрелинде токтом кабыл алынган учурдан тартып азыркы учурга чейин, алып-сатарлык максатты көздөбөгөн карапайым жарандар АКШ долларында акча которууларды ала алышпайт жана акча которууларды жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада сом менен алууга аргасыз болушат. Мындай кырдаалда жарандар акча которууларды сомго конвертациялоо боюнча чыгымдарды тартууга аргасыз болуп, ошол эле учурда коммерциялык банктар пайда көрүп, банк системасынын дарегине негиздүү түрдө нааразычылыктар жаралууда. 

Мындан тышкары, ички валюта рыногундагы кырдаалга байланыштуу төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек. Учурда Улуттук банк тарабынан «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомдун долбоору (мындан ары - токтомдун долбоору) демилгеленген, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун күчү коммерциялык банктарга карата 2023-жылдын 31-августуна чейин убактылуу токтотулган. Токтомдун долбоорунун 4-пунктуна ылайык, накталай АКШ долларын тышка алып чыгуу операциясын жүргүзүүдө коммерциялык банктардагы накталай АКШ долларынын калдыгынын жалпы көлөмү, тышка чыгарылган накталай АКШ долларынын суммасын кошпогондо, 2023-жылдын башынан тартып ушул чечим кабыл алынган күнгө чейинки мезгилде түптөлгөн накталай АКШ долларынын орточо күндүк калдыгынын көлөмүнөн кем эмес болууга тийиш. 

Токтом долбоору боюнча Улуттук банктын расмий сайтында 2023-жылдын 13-майында жайгаштырылган маалыматка ылайык, накталай АКШ долларын алып чыгууга тыюу салуу киргизилгенден бери айрым коммерциялык банктар алыскы чет өлкөлөрдөн накталай АКШ долларын алып келүү каналдарын түзүшкөн. Бул учурда коммерциялык банктардын кассаларындагы накталай АКШ долларынын калдыгы кризистик мезгилге чейинки деңгээлден эки эсе көп болушуна алып келди. Токтом долбоору кассадагы чет өлкө валютасындагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын тескөө жана накталай эмес формадагы эсептешүүлөрдү үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан, коммерциялык банктар алмашуу бюролорунан, калктан, акча которуулардан, банкноттук бүтүмдөрдөн жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден келип түшкөн накталай АКШ доллары (жарактуу да, эскирген да) топтолушуна жараша накталай чет өлкө валютасын, анын ичинде АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуусу зарыл. 

Ошону менен бирге белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 7 токтому менен резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 000ден ашык накталай АКШ долларын, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана жарандарына 10 000ден ашык накталай АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынган. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана жарандары накталай 10 000 АКШ долларынан ашык суммада алып чыккан учурда, белгиленген чектен ашкан суммадан 10% өлчөмүндө жыйым алынат. 

Жогорудагы маалыматтарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу, ошондой эле жөнөтүүчү жөнөткөн валютада акча которууну берүүгө уруксат берүү үчүн Эрежелердин 1.2-пунктунун талаптарын убактылуу токтотуу, ошондой эле эл аралык акча которуу системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан акча которууну жөнөтүлгөн валютада кайтарып алуу/жокко чыгаруу сунушталат. 

 

2. Проблеманын масштабы  

Каралып жаткан маселенин масштабы коммерциялык банктардын эсеп ачуусуз эл аралык акча которуу системалары аркылуу алуучуларга акча которууларды берүү менен байланышкан ишине таасирин тийгизет. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери да козголот, анткени азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында алуучу эл аралык акча которуу системасы аркылуу алынган акча которууну эсеп ачуусуз эле жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада сом менен ала алат. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүчү операторлордун реестринде эл аралык акча которуу системаларынын 15 оператору катталган. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу  

Учурда ички валюта рыногунда акрындык менен абал турукташууда, муну эл аралык акча которуу системалары аркылуу АКШ долларында жана евродо акча которуу боюнча статистикалык маалыматтар тастыктап турат. Бирок, дүйнөдөгү туруксуз геосаясий кырдаалдан улам, валюталык операциялардан кошумча пайда алуу максатында абийирсиз жарандардын алып-сатарлык аракеттеринен улам өлкөдөн чет өлкө валютасынын агылып чыгуу коркунучу сакталууда. 

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 21Д бөлүгүнүн маалыматтарына ылайык: 

АКШ долларында акча которуулар. Алсак, 2022-жылдын 1-чейрегинде кирген акча которуулардын көлөмү 192,0 млн АКШ долларын, чыккан акча которуулардын көлөмү 91,6 млн АКШ долларын түзсө, 2022-жылдын 4-чейрегинде кирген акча которуулардын көлөмү 109,0 млн АКШ долларын, чыккан акча которуулардын көлөмү 349,4 млн АКШ долларын түздү. Ошону менен бирге, 2023-жылдын 1-чейрегинде кирген акча которуулардын көлөмү 93,5 млн АКШ долларын, чыккан акча которуулардын көлөмү 142,1 млн АКШ долларын түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда которуулардын саны 7,5 пайызга, көлөмү 1,6 эсеге өскөн. 

Евро менен акча которуулар. 2023-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 5,7 миллион еврого 14,5 миң кирген которуулар ишке ашырылса, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр, тиешелүүлүгүнө жараша, 51,3 жана 39,4 пайызга азайган. Чыккан которуулардын саны 0,3 миллион евронун жалпы суммасына 0,4 миң транзакцияны түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр, тиешелүүлүгүнө жараша, 73,3 жана 78,6 пайызга азайган. 

Жалпысынан, 2023-жылдын биринчи чейрегинде бардык валюталар боюнча сом эквивалентинде эл аралык акча которуу системалары аркылуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирген которуулардын жалпы саны 39,8 миллиард сом өлчөмүндө 1670,6 миң транзакцияны түздү, көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда, тиешелүүлүгүнө жараша, 35,2 жана 13,3 пайызга төмөндөгөн. Чыккан трансферттердин саны жалпы суммасы 15,7 млрд сомду түзгөн 163,3 миң транзакцияны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда которуулардын саны 20,5 пайызга кыскарган, ал эми көлөмү 18,0 пайызга өскөн. 

Ошону менен бирге, 2023-жылдын биринчи чейреги үчүн сом эквивалентинде түшкөн акча которуулардын орточо суммасы 23 821 сомду түзөрүн белгилейбиз. Бул сумма, мисалы, Улуттук банк тарабынан 2023-жылдын 29-майында белгиленген курс боюнча АКШ долларына конвертацияланганда 272 АКШ долларын түзөт. 

Ички валюта рыногунда кырдаал акырындык менен турукташып жаткандыктан, коммерциялык банктардын кассаларында чет өлкө валютасынын жетишсиздигинин тобокелдиктерин эске алуу менен Эрежелерге убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.  

Жогорудагы маалыматтарга ылайык, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүү максатында, Башкарманын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС) токтому менен кабыл алынган талаптарды Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин убактылуу токтотуу жана төмөнкүлөргө уруксат берүү сунушталууда: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жөнөтүүчү жөнөткөн валютада берүүгө

- Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну акча которуу жөнөтүлгөн валютада кайтарып алууга/жокко чыгарууга. 

Сунушталган чечимдер рыноктук экономиканын принциптеринде эл аралык акча которуу системаларынын ишин калыбына келтирүүгө, акча которууларды берүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы боюнча акча которууларды кайтарып алууда/жокко чыгарууда валюта боюнча белгиленген чектөөлөргө байланыштуу калк арасындагы социалдык чыңалууну жоюуга мүмкүндүк берет.  

Ошону менен бирге, дүйнөлүк масштабдагы туруксуз геосаясий кырдаалды эске алуу менен, абийирсиз жарандардын алып-сатарлык аракеттеринен улам чет өлкө валютасынын өлкөдөн агылып чыгуу белгилери байкалган учурда, ички валюта рыногун коргоо максатында, Улуттук банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынат. 

 

4. Эл аралык тажрыйба  

Россия Федерациясы: 2023-жылдын 31-мартында Россиянын Борбордук банкынын расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, акча каражаттарын чет өлкөгө которууга чектөөлөр 2023-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин узартылды: 

«Чектөөлөргө ылайык, Россиянын жарандары жана достук мамиледеги өлкөлөрдүн резиденттери бир айдын ичинде чет өлкө банктарындагы каалаган эсептерине 1 млн АКШ долларын же башка чет өлкө валютасындагы эквиваленттен ашпаган акчаны которо алышат. Акча которуу системалары аркылуу которууларга да чектөөлөр бар, алар - айына 10 миң АКШ долларынан ашпаган же башка чет өлкө валютасындагы эквивалентинде которуу. Которуулардын суммалары банк операция жөнүндө билдирмени алган күнгө карата чет өлкө валюталарынын рублга карата расмий курсу боюнча аныкталат. 

Жеке жактар - Россияда иштеген резидент эместер эмгек акынын өлчөмүндө акча каражаттарын чет өлкөгө которо алышат. Мындай укукка достук мамиледе болгон жана достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү да ээ. 

Россияда иштебеген, достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн резидент эместери, ошондой эле мындай мамлекеттердин юридикалык жактары үчүн чет өлкөгө акча каражаттарын которууга тыюу салуу сакталууда. Бул чектөө орусиялык юридикалык же жеке жактар тарабынан көзөмөлдөнгөн чет элдик компанияларга жайылтылбайт. 

Эгерде чет өлкө банктарында төлөөчүнүн жана алуучунун эсептери ачылса, россиялык кредиттик мекемелерде ачылган корреспонденттик эсептерди колдонуу менен достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн банктары рубль менен акча которо алат.». 

Буга чейин, 2022-жылдын 1-апрелинде Россия Банкы өзүнүн расмий сайтында жакынкы 6 айга карата жарандар үчүн чет өлкөгө акча которуулардын суммасына жаңы чектер белгиленгенин билдирген. Жеке адамдар бир календардык айдын ичинде Россия Федерациясынын чегинен тышкары россиялык банктардагы эсептен өзүнүн эсебине же чет өлкөдөгү башка жеке адамга 10 миң АКШ долларынан ашык эмес суммада же башка валютадагы эквивалентинде акча которууга укуктуу. Эсеп ачуусуз акча которуу кызматын көрсөткөн компаниялар аркылуу айына 5 миң АКШ долларынан ашпаган суммада же башка валютадагы эквивалентинде которо алат. 

Казакстан Республикасы: 2022-жылдын 14-мартында Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтында жарыяланган накталай чет өлкө валютасын алып чыгууну чектөө жөнүндө маалыматтык билдирүүгө ылайык, төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

«Тышкы таасирлердин ишке ашырылышынын фонунда накталай чет өлкө валютасына суроо-талаптын өсүшү байкалууда. Казакстан Республикасынын экинчи деңгээлдеги банктары эсептер, депозиттер жана баалуу кагаздар боюнча калдыктар түрүндөгү ликвиддүү валюталык активдердин жетиштүү көлөмүнө ээ. Ошол эле учурда накталай чет өлкө валютасына болгон суроо-талапты канааттандырууда Казакстанга башка өлкөлөрдөн накталай чет өлкө валютасын жеткирүүдө логистикалык кыйынчылыктарга дуушар болууда. 

Финансылык туруктуулук тобокелдигин алдын алуу жана алып-сатарлык суроо-талаптын басымын азайтуу максатында Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын сунушу боюнча Казакстандан алып чыгууга төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилген: 

1) 10 000 (он миң) АКШ долларынын эквивалентинен ашкан жана Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын алып чыгуу күнүнө белгиленген курсу боюнча эсептелген накталай чет өлкө валютасы жана (же) чет өлкө валютасындагы акча каражаттары; 

2) аффинаждалган алтындан даярдалган алтын куймалар жана Казакстан Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтын жана күмүш инвестициялык монеталары, ошондой эле 100 граммдан ашык аффинаждалган алтын. 

Көрсөтүлгөн чаралардын кабыл алынышы чет өлкө валютасын ашыкча алып чыгууга контролду жана Улуттук банктын резервдеринин сакталышын, ошондой эле сактык инструменттерин диверсификациялоону камсыз кылат.». 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат  

5. Жөнгө салуунун максаты  

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты Эрежелердин талаптарын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келтирүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына нак чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө” токтом долбоору демилгеленгенине байланыштуу, ички валюта рыногунда кырдаалдын турукташуусуна, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында, эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча которууларды алуучуларга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада кайтарып алуу/жокко чыгаруу бөлүгүндө Эрежелердин талаптарын убактылуу токтотуу сунушталууда.  

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин төмөнкүлөргө убактылуу уруксат берилет: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жөнөтүүчү жөнөткөн валютада берүүгө

- Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну акча которуу жөнөтүлгөн валютада кайтарып алууга/жокко чыгарууга. 

Ошону менен бирге, дүйнөлүк масштабдагы туруксуз геосаясий кырдаалды эске алуу менен, абийирсиз жарандардын алып-сатарлык аракеттеринен улам чет өлкө валютасынын өлкөдөн агылып чыгуу белгилери байкалган учурда, ички валюта рыногун коргоо максатында, Улуттук банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынат. 

 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо  

7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнүн күтүлүп жаткан натыйжалуулугу азыркы учурда коммерциялык банктардын кассаларында накталай АКШ долларынын көп топтолушуна байланыштуу эл аралык акча которуу системаларынын ишин мурунку режимде калыбына келтирүүгө багытталган.  

Эрежелерге сунушталып жаткан өзгөртүүлөр эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча которууну эсеп ачпастан, алуучуларга жөнөтүүчү жөнөткөн валютада берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууларды акча которуу жөнөтүлгөн валютада кайтарып алууга/жокко чыгарууга мүмкүндүк берет.  

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири:  

1) экономикага таасири: сунушталган жөнгө салуу бүтүндөй экономикага оң таасирин тийгизет; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: жөнгө салуунун ченемдери керектөөчүлөрдүн укугун коргоону камсыз кылууга багытталган;  

3) экологияга таасири: таасири тийбейт.  

7.3. Кызыкдар тараптар - жөнгө салуу адресаттарынын негизги топторуна карата күтүлүп жаткан таасири:  

1) мамлекеттик органдар: мамлекеттик органдардын ишине таасирин тийгизбейт;  

2) ишкерлер: сунушталып жаткан жөнгө салуу коммерциялык банктардын ишине оң таасирин тийгизет. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, Эреженин 2.3-пунктуна ылайык, эсеп ачуусуз эле юридикалык жактар, ишкердик менен алектенген жарандар ортосунда акча которууларга тыюу салынат; 

3) калк: калк акча которууларды которуу жөнөтүлгөн валютада ала алат, тиешелүүлүгүнө жараша, калк валютаны сомго “мажбурлап” конвертациялоо үчүн комиссия төлөөгө акча коротпойт. Акча которуу жокко чыгарылган/кайтарылган учурда, жөнөтүүчү акча которууну акча которуу системасы аркылуу жөнөтүлгөн валютада кайра ала алат. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Ички валюта рыногундагы кырдаалдын турукташуусуна, коммерциялык банктардын кассаларында накталай АКШ долларынын жетиштүүлүгүнө байланыштуу эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча которууларды берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууларды акча которуулар жөнөтүлгөн валютада кайтарып алууга/жокко чыгарууга убактылуу уруксат берүү сунушталууда. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот. 

Жогоруда белгиленгендей, учурда коммерциялык банктарда накталай доллар менен көйгөйлөрдүн жоктугуна байланыштуу, ошондой эле коммерциялык банктар тарабынан чет өлкө валютасындагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын тескөө жана накталай эмес эсептешүүлөрдү үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында Улуттук банк тарабынан «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтом долбоору демилгеленген, ал убактылуу мүнөзгө ээ.  

Ушуга байланыштуу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүүнүн алкагында Эрежелерге да убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. 

Ошону менен бирге, сунушталып жаткан ченемдик укуктук актыларды ишке ашырууда негизги тобокелдик төмөндөгүлөр болушу мүмкүн экендигин белгилей кетүү зарыл. Дүйнөлүк масштабда геосаясий кырдаал начарлаган учурда, Кыргыз Республикасынын банк системасынан АКШ долларынын агылып чыгышына, анын ичинде калктын пайда табуу максатында алып-сатарлык маанайына байланыштуу кырдаал жаралышы мүмкүн. 

Мындай сценарий болгон учурда Улуттук банк Башкармасынын убактылуу токтомун бекитүү аркылуу акча которууларга чектөө киргизүү сунушталып, анын алкагында валюталардын түрлөрүнө, көлөмүнө жана мөөнөттөрүнө чектөөлөрдү коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Убактылуу токтомдун кабыл алынышы чектөөлөрдү тезирээк киргизүүгө да, аларды жокко чыгарууга да мүмкүндүк берет. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо  

Сунушталган жөнгө салуу атаандаштыкка таасирин тийгизбейт, анткени ал рыноктун катышуучулары үчүн эч кандай чектөөлөрдү же жеңилдиктерди билдирбейт. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири  

Жөнгө салуучу таасирин талдоону иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлдү

Мындан тышкары, кызыкдар тараптардын пикири коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча чагылдырылат. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздеп берүү  

Жогоруда айтылгандардын негизинде сунушталып жаткан жобо тандоо үчүн сунушталат, анткени ал көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган эң оптималдуу чечим болуп саналат/ 

 

12. Тиркеме  

Аналитикалык катка тиркелет: 

- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү

- Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.