Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик маалымат  

алмашуу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган башка жактар 2023-жылдын 29-сентябрына чейинки мөөнөттө өз ишин ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирүү үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүшсүн. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин, ал эми токтомдун 1-пункту 2023-жылдын 29-сентябрынан тартып күчүнө кирет. 

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКты, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, гарантиялык фонддорду жана кредиттик бюролорду тааныштырсын. 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен  Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын «___» _________  

№ ___________________  

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик маалымат алмашуу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3.2.2-пунктунун: 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик союз, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалымат алмашуу келишимдерин түзүүгө, ошондой эле аларга кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.»;  

жетинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Терс кредиттик маалымат берүү учурларын кошпогондо, кредиттик союз кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) токсон календардык күндөн ашык убакыт бою аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кардар тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, мындай арызда милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалды жана (же) өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.»;  

- 5.1.3-пункттун үчүнчү абзацынын жетинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ошондой эле, мыйзам талаптарына ылайык алар бул шартка макул болгон болсо, карыз алуучуга жана кредиттик союздун ыңгайына жараша, аны менен байланыштуу жактарга тиешелүү маалыматты (кредиттик отчет) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылууга тийиш.»; 

- 5.2.6-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттик бюролорго карыз алуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары;»; 

- 1-тиркеменин I бөлүгүнүн 2-1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1. Кредиттик бюродон (бюролордон) карыз алуучу боюнча кредиттик отчет.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 30-пунктунун 2-пунктчасынын алтынчы сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан тышкары, карыз алуучу жөнүндө жана банктын каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) алардын макулдугунун негизинде мыйзам талаптарына ылайык иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылуу зарыл.»; 

- 30-1-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30-1. Банк кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык аларга кредиттик маалыматтарды берүүгө милдеттүү.»; 

биринчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Терс кредиттик маалымат берүү учурларын кошпогондо, кредиттик союз кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) токсон календардык күндөн ашык убакыт бою аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кардар тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, мындай арызда милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалды жана (же) өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.»; 

жетинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик маалымат субъекти жөнүндө маалыматтарды терс кредиттик маалыматка киргизбөө негиздери;»; 

- 41-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардар жөнүндө маалыматты кредиттик бюролорго берүү шарттары, ошондой эле мыйзамдарга ылайык кардар жөнүндө маалыматтарды пайдалануунун башка учурлары;»; 

- 1-тиркеменин I бөлүгүнүн 2-1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1. Кредиттик бюродон (бюролордон) карыз алуучу боюнча кредиттик отчет.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августу № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 5-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«5. Банк, колдонуу мөөнөтү жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди, рекреация объектилерди, туризм инфратүзүмдөрдү эске албаганда, башка кыймылсыз мүлктү менчикке укук келип чыккандан кийинки үч жылдан ашык мөөнөткө кармап тура албайт. 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 13-пунктунун: 

3-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттерди классификациялоо системасын аныктоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камдарды (РППУ) түзүүгө чегерүүлөрдүн маанисин белгилөө, мында Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жободо, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинде» белгиленген РППУну түзүүгө чегерүүлөрдүн мааниси сакталууга тийиш;»; 

5-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) МФУ кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалымат алмашуу келишимдерин түзүүгө, ошондой эле аларга кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.»; 

5-пунктчанын биринчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Терс кредиттик маалымат берүү учурларын кошпогондо, МФУ кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) токсон календардык күндөн ашык убакыт бою аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кардар тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, мындай арызда милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалды жана (же) өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.»; 

- 20-пункттун 2-1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1) иштеп жаткан кредиттик бюролордон карыз алуучу тууралуу маалыматты (кредиттик отчетту) жана МФУнун ыктыярына жараша - карыз алуучу менен байланыштуу жактар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык суроого;»; 

- 34-пункттун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) кредиттик бюролорго кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары;»; 

- 1-тиркеменин 1-бөлүгүндө

1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) кредиттик бюродон (бюролордон) карыз алуучу боюнча кредиттик отчет;»; 

13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Кредиттик бюродон (бюролордон) кепил болуучу тууралуу алынган кредиттик отчет.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу тууралуу эрежелеринин: 

- 29-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«Өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелердин (мөөнөтү өткөн карыздын) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдүн аткарылбагандыгы жөнүндө кредиттик маалыматтын үч жыл бою сакталышын камсыз кылууга.»; 

- 35-пункттун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы 4-1-пунктча менен толукталсын: 

«4-1) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик маалымат субъекти жөнүндө маалыматтарды терс кредиттик маалыматка киргизбөө негиздери;»; 

- 38-пунктунун: 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Насыялык таржымалга аткаруу күнүнөн бери терс кредиттик маалымат үчүн беш жылдан көбүрөөк жана позитивдүү кредиттик маалымат үчүн жети жылдан көбүрөөк убакыт өткөн насыялык маалымат субъектисинин акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу маалыматтар камтылбайт.»; 

төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«Өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу  жөнүндө эрежелеринин: 

- 5-пунктунан кийинки 2-глава төмөнкү мазмундагы 5-1 жана 5-2-пункттар менен толукталсын: 

«5-1. Кепилдик фонд кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдикке баа берүү ишин уюштуруу максатында кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу жана бул келишимге ылайык кредиттик бюрого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык кредиттик маалыматты берүүгө тийиш. 

Терс кредиттик маалымат берүү учурларын кошпогондо, кепилдик фонд кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюрого (берилген портфелдик гарантиялар боюнча маалыматтан тышкары) кредиттик маалыматтарды берүүгө тийиш. 

5-2. Кепилдик фонд кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзгөн учурда анын кепилдик ишти башкаруу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу боюнча ишти уюштуруу жагында тартип жана талаптар, ошондой эле кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө кепилдик фонддун негизги шарттары, укуктары жана милдеттери, анын ичинде: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу боюнча; 

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде кепилдик фондго жана анын кызматкерлерине маалым болгон маалыматтарды алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да ачыкка чыгарууга тыюу салуу боюнча; 

- кепилдик фонд алар үчүн жоопкерчиликтүү болгон кредиттик маалыматтагы өзгөрүүлөр жана жаңыртуулар тууралуу кредиттик бюрого өз убагында билдирүү жөнүндө

- туура эмес маалымат берилген учурда, анын ичинде кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча да кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүү киргизүү жөнүндө

- кредиттик маалыматтын субъекти жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык терс кредиттик маалыматка киргизбөө негиздери; 

- кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык кредиттик бюрого маалыматтарды берүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жөнүндө

Кепилдик фонд кредиттик бюрого берилип жаткан кредиттик маалыматтын бурмаланышы, бардык кардарлар жөнүндө берилип жаткан маалыматтын толуктугу, анын өз убагында берилиши, анын ичинде техникалык каталарга байланыштуу берилген маалыматты корректировкалоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

Кепилдик берүү жөнүндө маселени кароодо кепилдик фондуна кардар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) жана кепилдик фонддун пикири боюнча кардар менен байланыштуу жактар жөнүндө (мыйзамдарга ылайык алардын макулдугу болгон учурда) иштеп жаткан кредиттик бюролордон сурап алуу максатка ылайыктуу. 

Кепилдик фонд кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын аткарууга, анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого жана кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу жөнүндө эрежелеринин: 

- 40-пункттун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) кредиттик бюролорго кардар/катышуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары;»; 

- 56-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- катышуучу жөнүндө маалыматты (кредиттик отчет) жана ТСККнын каалоосу боюнча-катышуучу менен байланышкан жактар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын макулдугу болсо) колдонуудагы кредиттик бюролордон сурап алуу.»; 

- 58-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«58. ТСКК кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. Кредиттик бүтүмдөргө келишүүдө, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, ТСКК иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалымат алмашуу келишимдерин түзүүгө, ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык аларга кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү

ТСКК терс кредиттик маалымат берилген учурларды эске албаганда, кардардын макулдугу менен кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кредиттик маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, анда кредиттик маалыматтын милдеттенмелери талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.»; 

- 2-тиркеменин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кредиттик бюродон (бюролордон) катышуучу боюнча кредиттик отчет.». 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 14-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк үчүн зарыл болгон, анын ичинде карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн башка документтер (контракттар, макулдашуулар, сунуш каттары, мамлекеттик реестрден көчүрмөлөр, кредиттик бюронун (бюролордун) маалыматы ж.б.), алар электрондук документ же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.». 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик маалымат алмашуу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик маалымат алмашуу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтомдун долбоору) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы №74 «Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына жана 2023-жылдын 23-майындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө», «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамынын финансы-кредит уюмдары кредиттик маалыматты иштеп жаткан кредиттик бюролорго берүүсү, кредиттик бюролор өзгөчө кырдаалдын (абалдын) кесепетинен келишимдик милдеттенмелер аткарылбагандыгы жөнүндө кредиттик маалыматты үч жыл бою сактоосу, субъекттин арызынын негизинде терс кредиттик маалыматтарга өзгөчө кырдаалдын (абалдын) кесепетинен милдеттенмелерин аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтарды киргизбөөсү жагында талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Мындан тышкары, долбоордо 2023-жылдын 23-майындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө», «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр каралган. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгы козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуудан өтүүгө тийиш.  

Токтомдун долбоору боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча маалымат 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык, бул токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлгөн эмес, ага ылайык юридикалык күчү жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүүдө жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт.