Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору өтүнүч ээсинин/лицензиаттын башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталын түзүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктоо жана катышуучулардын курамын өзгөртүү үчүн зарыл болгон документтерге, өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалыматтарга карата талаптарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Долбоорго киргизүү үчүн сунушталып жаткан өтүнүч ээсинин/лицензиаттын башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптар боюнча өзгөртүүлөр төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын ишинин токтоп калышынан же убактылуу токтоп калышынан улам тобокелдиктерге жол бербөө максатында, кадрлар боюнча маселелерди чечүүгө багытталган. Мында, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталын түзүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктоо үчүн зарыл болгон документтерге карата өзгөртүүлөр террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдардын жана салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгына байланыштуу киргизилүүдө. Жобонун талаптарын өркүндөтүүнүн алкагында төмөндөгүлөрдү белгилейбиз. 

Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда финансылык багытты финансы директору аныктай тургандыгын эске алуу менен Жобонун 32 жана 36-пункттарында “башкы бухгалтер/финансы директору” деп көрсөтүү сунушталат. Иш жүзүндө жетекчинин орун басары жетекчи сыяктуу эле функцияларды аткара тургандыктан, 34-36 жана 47-пункттардагы "жетекчинин" деген сөздү "/жетекчинин орун басарынын" деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда. Мындан тышкары, Жобону 34-1-пункт менен толуктоо сунушталып жатат, ага ылайык, эгерде штаттык тизимде башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин орун басарынын туруктуу кызмат орду каралган болсо, орун басары аткаруу органынын курамына кирүүгө, ошондой эле ал жетекчиге коюлган талаптарга да жооп берүүгө тийиш. 

Жобонун 34-36, ошондой эле 47-пункттарын төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине, техникалык директоруна, башкы бухгалтерине/финансылык директоруна, директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлерге карата "жетекчи кызмат орду" түшүнүгү менен толуктоо сунушталууда. Ошону менен бирге, “жетекчи кызмат ордуна” карата талаптар бөлүгүндө финансылык ишке жана лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларга шилтеме келтирүү менен банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштерге эмнелер кире тургандыгын, ошондой эле төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун иш өзгөчөлүгүнө окшош тармактарды/чөйрөлөрдү чагылдыруу сунушталууда. Ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн алкагында, жетекчи кызматтарга талапкерлердин мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги тиешелүү багыттар боюнча тажрыйбасын эске алуу зарыл. 

36-пунктка ылайык, башкы бухгалтердин/финансылык директордун жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген адамдын иш стажы/иш тажрыйбасы болууга жана акыркы 5 (беш) жыл ичинде кеминде 3 (үч) жыл бухгалтер/бухгалтердик/финансылык же башкаруучулук эсеп боюнча адис кызматында иштеген же болбосо эгерде Жободо башка талап каралбаса, кеминде 1 (бир) жыл бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчет түзүүнү уюштуруу жана камсыздоо жагында жетекчи кызмат ордунда иш стажы/иш тажрыйбасы болууга тийиш. Ошондой эле, токтом долбоорунун алкагында башкы бухгалтердин кызмат ордуна талапкерлерден жетекчи кызмат орундарында иш стажынын/иш тажрыйбасынын болушу талап кылынбайт, бирок бул учурда талапкерде бухгалтердик эсеп жана башкаруучулук эсеп жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн тастыктаган кошумча күбөлүктөрү милдеттүү түрдө болууга тийиш. 

Жобонун 35-пунктуна ылайык, техникалык директордун акыркы 5 (беш) жыл ичинде кеминде 3 (үч) жыл маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө иш стажы/иш тажрыйбасы болууга, эгерде Жободо башка талап каралбаса, жетекчи кызмат ордунда кеминде 1 (бир) жылдык иш стажы/иш тажрыйбасы болууга тийиш. Эгерде техникалык директордун/функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген адамдын кызмат ордуна талапкердин жетекчи кызмат орундарына иш стажы/иш тажрыйбасы болбосо, маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук боюнча сертификаттары болууга тийиш.  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталын түзүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерге карата талаптарды өркүндөтүү максатында, тизмени тиешелүү документтер менен толуктоо жана тактоо, ошондой эле жеке адамдарга жана юридикалык жактар карата талаптарды так белгилөө сунушталууда.  

Өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалыматтарга карата талаптардын ар башка мааниде берилишине жол бербөө үчүн Жобонун 19-пунктунун 6-пунктчасында жана 19-1-пунктунун 6-пунктчасында да жеке адамдар жана юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды так берүү сунушталат. 

Жобону 15-2-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматтар жана документтер толук эмес/так эмес берилсе же алар берилбеген учурда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, акча каражаттарынын келип чыгуу булагы тастыкталганга чейин жана/же уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) курамы өзгөргөнгө чейин төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун лицензиялары убактылуу токтотулушу мүмкүн. Бул талап, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жаңы акционерлери/катышуучулары төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун үлүшүн сатып алуу үчүн багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булагынын мыйзамдуулугун тастыктай албаган учурда, бүтүмдү жокко чыгарууда жана/же лицензияны кайтарып алууда кыйынчылыктарга байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө максатында сунушталууда. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык натыйжалардын жана коррупциялык кесепеттердин келип чыгышын болжолдоо 

Бул долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктары түздөн-түз козголгон, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар коомдук талкууга сунушталууга жана жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. 

Коомдук талкууга сунуштоо үчүн долбоор боюнча материалдар Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат 

Токтом долбоору кабыл алынган учурда мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар талап кылынбайт.  

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Улуттук банк тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн. 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы KG» юридикалык жактар бирикмесин, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү: А. Аттокуров 

М. Жакыпов  

У. Жамалидинов  

К. Куленбеков  

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев  

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын______________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кызмат адамдары - башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңешинин - болгон учурда), башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар.»; 

- 13-1-пунктунун:  

биринчи абзацындагы «өзгөртүү» деген сөз «көбөйтүү» деген сөзгө алмаштырылсын; 

2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) юридикалык жактардын уюштуруучуларынын (акционерлеринин/ катышуучуларынын) уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, мында аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш, мисалы: 

- юридикалык жактын акыркы 3 (үч) жыл үчүн салык декларациясы; 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчет; 

- дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимди, ошондой эле келип чыгуу булагы катары алынган дивиденддер пайдаланылган учурда, капиталдагы үлүшкө менчик укукту тастыктаган документтерди; 

- туунду уюмду түзүүгө акча каражаттарды багыттоо жөнүндө чечим; 

- уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү;»; 

- төмөнкү мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:  

«3) уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) - резиденттин/резидент эместин жеке адамынын уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар, мында аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш: 

- иштеген жеринен маалым кат - кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйтүү учурунда акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган финансы-кредиттик мекемелерден топтолгон каражаттары жөнүндө маалым кат; 

- акча каражаттары түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (тартуулоо, сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) булагы катары ушул келишимдер боюнча алынган (алынган) киреше (мүлк) саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, жеке адам маалыматта көрсөткөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндүгү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын чыгашаларын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгашаларын тастыктаган документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмгөүтүмдөргө) келишүү фактысын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү). Чыгашалар жана кирешелер мезгили ошол эле мезгил үчүн болушу керек.»; 

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адамдан талап кылынган документтер сыяктуу эле, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы тарабынан берилген документтер резидент эмес - жеке адам анын жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тилде түзүлүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш.»; 

- 15-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15-1. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) курамы өзгөргөн учурда, ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарына ылайык, Улуттук банкка акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар, ошондой эле ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелердин формасы боюнча анкеталар уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечимдерди кабыл алган/келишимдерди/макулдашууларды түзгөн күндөн тартып жана башка негиздер боюнча 15 (он беш) жумуш күнү ичинде сунуштоого тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 15-2-пункт менен толукталсын: 

«15-2. Акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу жөнүндө толук эмес/так эмес маалыматтар жана документтер берилген шартта же алар берилбеген учурда төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун лицензиялары акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тастыкталганга чейин жана/же уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) курамы өзгөргөнгө чейин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык убактылуу токтотулушу мүмкүн.»; 

- 19-пунктунун:  

4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) юридикалык жактардын уюштуруучуларынын (акционерлеринин/ катышуучуларынын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар, мында аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш, мисалы;  

- юридикалык жактын акыркы 3 (үч) жыл үчүн салык декларациясы; 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчету; 

- дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимди, ошондой эле келип чыгуу булагы катары алынган дивиденддер пайдаланылган учурда, капиталдагы үлүшкө менчик укукту тастыктаган документтерди; 

- туунду уюмду түзүүгө акча каражаттарды багыттоо жөнүндө чечим; 

- уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү;»; 

6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдар үчүн: толук аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, иштеген жери; юридикалык жактар үчүн: юридикалык жактын аталышы жана дареги, уюштуруучулук жана башка тастыктоочу документтер, эгерде бар болсо);»; 

13-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү жана анда берилген датасын көрсөтүү менен аны каттоо жөнүндө салык органынын белгиси камтылууга тийиш; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык төлөө боюнча карызы жок экендигин тастыктаган документти сунуштоосу зарыл;»; 

13-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Көрсөтүлгөн каражаттардын (мүлктүн) келип чыгуу булактарын ырастоочу маалыматтарда жеке жак көрсөткөн маалыматтарды тастыктоо үчүн кирешелердин (мүлктүн) декларацияланган түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй документтер берилиши мүмкүн:»; 

13-пунктчанын төртүнчү абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- иштеген жеринен маалым кат - кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйтүү учурунда акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган финансы-кредиттик мекемелерден топтолгон каражаттары жөнүндө маалым кат; 

- акча каражаттары түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (тартуулоо, сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) келип чыгуу булагы катары ушул келишимдер боюнча алынган (алынган) киреше (мүлк) саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, жеке адам маалыматта көрсөткөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндүгү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын чыгашаларын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгашаларын тастыктаган документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмгөүтүмдөргө) келишүү фактысын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү). Чыгашалар жана кирешелер мезгили ошол эле мезгил үчүн болушу керек. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адамдан талап кылынган документтер сыяктуу эле, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы тарабынан берилген документтер резидент эмес - жеке адам анын жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тилде түзүлүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш;»; 

- 19-1-пунктунун:  

4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) юридикалык жактардын уюштуруучуларынын (акционерлеринин/ катышуучуларынын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, мында аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш, мисалы: 

- юридикалык жактын акыркы 3 (үч) жыл үчүн салык декларациясы; 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчету; 

- дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимди, ошондой эле келип чыгуу булагы катары алынган дивиденддер пайдаланылган учурда, капиталдагы үлүшкө менчик укукту тастыктаган документтерди; 

- туунду уюмду түзүүгө акча каражаттарды багыттоо жөнүндө чечим; 

- уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү;»; 

6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдар үчүн: толук аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, иштеген жери; юридикалык жактар үчүн: юридикалык жактын аталышы жана дареги, уюштуруучулук жана башка тастыктоочу документтер, эгерде бар болсо);»; 

19-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү жана анда берилген датасын көрсөтүү менен аны каттоо жөнүндө салык органынын белгиси камтылууга тийиш; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык төлөө боюнча карызы жок экендигин тастыктаган документти сунуштоосу зарыл;»; 

19-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Көрсөтүлгөн каражаттардын (мүлктүн) келип чыгуу булактарын ырастоочу маалыматтарда жеке жак көрсөткөн маалыматтарды тастыктоо үчүн кирешелердин (мүлктүн) декларацияланган түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй документтер берилиши мүмкүн:»; 

19-пунктчанын төртүнчү абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- иштеген жеринен маалым кат - кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйтүү учурунда акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган финансы-кредиттик мекемелерден топтолгон каражаттары жөнүндө маалым кат; 

- акча каражаттары түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (тартуулоо, сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) келип чыгуу булагы катары ушул келишимдер боюнча алынган (алынган) киреше (мүлк) саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, жеке адам маалыматта көрсөткөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндүгү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын чыгашаларын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгашаларын тастыктаган документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмгөүтүмдөргө) келишүү фактысын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү). Чыгашалар жана кирешелер мезгили ошол эле мезгил үчүн болушу керек. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адамдан талап кылынган документтер сыяктуу эле, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы тарабынан берилген документтер резидент эмес - жеке адам анын жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тилде түзүлүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш.»; 

- 32-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Башкарманын курамына кеминде жетекчинин (башкы директор/президент/төрага), техникалык директордун, башкы бухгалтердин/финансылык директордун жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген адамдардын штаттык кызмат орундары кирүүгө тийиш. Өлкөдө өзгөчө кырдаал/өзгөчө кырдаал киргизилгенде, ошондой эле кандай гана болбосун өзгөчө кырдаал (форс-мажордук) келип чыккан учурда башкарма (директорлор кеңеши жок болсо) төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыздайт жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Улуттук банкка маалымдайт.»; 

- 33-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын түзүмү аткаруу органынын жетекчиси же анын башка мүчөлөрү убактылуу жок болгон мезгилде Башкарманын мүчөлөрү өз ара милдеттердин аткарылышын камсыз кылууга тийиш. Милдеттерди бөлүштүрүү төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ички документтеринде белгиленүүгө тийиш.»; 

- 34-пунктунун:  

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- акыркы 5 (беш) жыл ичиндеги иш стажы/иш тажрыйбасы, бир же бир нече чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес төлөм системасы, банк жана/же финансы системасы, маалымат технологиялары (системалары)/маалыматтык коопсуздук, телекоммуникация/байланыш, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетекчи кызматтарда;»; 

пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам уюмдардын бириндеги түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүнүү зарыл: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишкердикке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишкердикке тиешелүү болгон уюм; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө уюм; 

- иши телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары менен байланышкан уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик/муниципалдык мекемелер. 

Мында иш стажына чарба ишин, персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү багытында ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иши кирбейт.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын: 

«34-1. Эгерде штаттык тизимде башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин орун басарынын туруктуу кызмат орду бар болсо, орун басары аткаруу органынын курамына кирүүгө , ошондой эле жетекчиге коюлган талаптарга да жооп берүүгө тийиш.»; 

- 35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Техникалык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- орто кесиптик/жогорку техникалык билимге ээ болууга;  

- эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, акыркы 5 (беш) жыл ичиндеги иш стажынын/иш тажрыйбасынын кеминде 3 (үч) жыл маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында, жетекчилик кызматында кеминде 1 (бир) жыл иш стажына/иш тажрыйбасына ээ. 

Буларга кошумча, эгерде маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында сертификаттары бар болсо, сунуштоого болот. 

Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам уюмдардын бириндеги маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында профилдик түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүнүү зарыл: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишкердикке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишкердикке тиешелүү болгон уюм; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө уюм; 

- иши телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары менен байланышкан уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик/муниципалдык мекемелер; 

- маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында адистешкен уюм.  

Жетекчи кызматтарда иш стажы/иш тажрыйбасы жок учурда, маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында сертификаттар милдеттүү түрдө болууга тийиш.»; 

- 36-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Башкы бухгалтер/финансылык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку экономикалык билими же бухгалтердик эсеп жана аудит чөйрөсүндө билими болууга; 

- эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, акыркы 5 (беш) жыл ичинде бухгалтер/бухгалтердик/финансылык же башкаруу эсеби боюнча адис кызмат ордунда 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы/иш тажрыйбасы болууга же бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту уюштуруу жана камсыз кылуу жагында жетекчи кызмат ордунда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы/иш тажрыйбасы болууга тийиш; 

- сертификаттын көчүрмөсүн сунуштоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен алынган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билим алгандыгын тастыктаган сертификатка ээ болууга.  

Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам уюмдардын биринде бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту уюштуруу жана камсыздоо чөйрөсүндө профилдик түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүнүү зарыл: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишкердикке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишкердикке тиешелүү болгон уюм; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө уюм; 

- иши телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары менен байланышкан уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик/муниципалдык мекемелер. 

Жетекчилик кызматта иш стажы/иш тажрыйбасы жок учурда, милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар окуу жайларынан алынган, бухгалтердик эсепти жана башкаруу эсебин жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган кошумча сертификаттары болууга тийиш.»; 

- 37-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) бул адамдарга карата соттун чечими боюнча аларга төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жана/же телекоммуникация/байланыш чөйрөсүндө иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылса;»; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) анын натыйжасында уюмга (төлөм уюмуна жана/же төлөм системасынын операторуна; финансы-кредит уюмуна; башка финансылык уюмга) карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык операцияларды жүргүзүүгө чектөө жана/же атайы режим киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар болсо;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 39-1-пункт менен толукталсын: 

«39-1. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү ушул Жобонун талаптарына дал келбеген учурда, акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар 30 календардык күн ичинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүшөт.»; 

- 40-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курстан өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документтин (күбөлүктүн) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө документ (сертификат) жок учурда, жетекчи кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде тиешелүү окуудан өткөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме Улуттук банкка берилүүгө тийиш;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 40-1-пункт менен толукталсын: 

«40-1. Эгерде ошол эле төлөм уюму башкаруунун аткаруу органынын кызмат адамын мүчөсүн акыркы 12 (он эки) ай ичинде ага теңдештирилген же андан жогору кызмат ордуна дайындагандыгына байланыштуу мурда Улуттук банкка документтерди тапшырган болсо, ушул Жободо көрсөтүлгөн документтердин топтомун кайрадан тапшыруу талап кылынбайт, мында белгиленген форма боюнча анкета тапшыруу менен гана чектелет.»; 

- 47-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам уюмдардын бириндеги түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүнүү зарыл: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишкердикке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишкердикке тиешелүү болгон уюм; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө уюм; 

- иши телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары менен байланышкан уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик/муниципалдык мекемелер. 

Мында иш стажына чарба ишин, персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү багытында ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иши кирбейт.». 

Долбоор 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

7. Ушул жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Өтүнүч ээси - ушул жобого ылайык төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган акционердик коом/жоопкерчилиги чектелген коом.  

Лицензиат - Улуттук банктан тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору.  

Кызмат адамдары - башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңеши, болгон учурда), башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү (жетекчи/техникалык директор, башкы бухгалтер) жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар. 

....... 

7. Ушул жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Өтүнүч ээси - ушул жобого ылайык төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган акционердик коом/жоопкерчилиги чектелген коом.  

Лицензиат - Улуттук банктан тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору.  

Кызмат адамдары - башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңешинин - болгон учурда),, башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар. 

13-1. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:  

1) лицензиат тарабынан күбөлөндүрүлгөн, ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн (же болбосо мындай чечимден алынган көчүрмөнүн түп нускасын);  

2) уюштуруучулардын (акционерлердин/ катышуучулардын) уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарын алуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен

13-1. Уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:  

1) лицензиат тарабынан күбөлөндүрүлгөн, ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн (же болбосо мындай чечимден алынган көчүрмөнүн түп нускасын);  

2) юридикалык жактардын уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, мында аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш, мисалы: 

- юридикалык жактын акыркы 3 (үч) жыл үчүн салык декларациясы; 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчет; 

- дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимди, ошондой эле келип чыгуу булагы катары алынган дивиденддер пайдаланылган учурда, капиталдагы үлүшкө менчик укукту тастыктаган документтерди; 

- туунду уюмду түзүүгө акча каражаттарды багыттоо жөнүндө чечим; 

- уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

3) уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) - резиденттин/резидент эместин жеке адамынын уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар, мында аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш: 

- иштеген жеринен маалым кат - кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйтүү учурунда акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган финансы-кредиттик мекемелерден топтолгон каражаттары жөнүндө маалым кат; 

- акча каражаттары түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (тартуулоо, сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) булагы катары ушул келишимдер боюнча алынган (алынган) киреше (мүлк) саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, жеке адам маалыматта көрсөткөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндүгү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын чыгашаларын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгашаларын тастыктаган документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмгөүтүмдөргө) келишүү фактысын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү). Чыгашалар жана кирешелер мезгили ошол эле мезгил үчүн болушу керек. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адамдан талап кылынган документтер сыяктуу эле, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы тарабынан берилген документтер резидент эмес - жеке адам анын жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тилде түзүлүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. 

15-1. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) курамы өзгөргөн учурда, алар жөнүндө маалымат Улуттук банкка уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) тарабынан тиешелүү чечимдер чыгарылган/келишимдер/макулдашуулар түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка негиздер кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күн ичинде ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелердин формасы боюнча анкета түрүндө сунушталууга тийиш. 

15-1. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) курамы өзгөргөн учурда, ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарына ылайык, Улуттук банкка акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар, ошондой эле ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелердин формасы боюнча анкеталар уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечимдерди кабыл алган/келишимдерди/макулдашууларды түзгөн күндөн тартып жана башка негиздер боюнча 15 (он беш) жумуш күнү ичинде сунуштоого тийиш. 

Жок. 

15-2. Акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу жөнүндө толук эмес/так эмес маалыматтар жана документтер берилген шартта же алар берилбеген учурда төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун лицензиялары акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тастыкталганга чейин жана/же уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) курамы өзгөргөнгө чейин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык убактылуу токтотулушу мүмкүн. 

19. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик же расмий тилдерде сунуштайт:  

................ 

4) тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

................ 

4) юридикалык жактардын уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар, мында аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш, мисалы;  

- юридикалык жактын акыркы 3 (үч) жыл үчүн салык декларациясы; 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчету; 

- дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимди, ошондой эле келип чыгуу булагы катары алынган дивиденддер пайдаланылган учурда, капиталдагы үлүшкө менчик укукту тастыктаган документтерди; 

- туунду уюмду түзүүгө акча каражаттарды багыттоо жөнүндө чечим; 

- уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

................ 

6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу жана башка тастыктоочу документтер);  

6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдар үчүн: толук аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, иштеген жери; юридикалык жактар үчүн: юридикалык жактын аталышы жана дареги, уюштуруучулук жана башка тастыктоочу документтер, эгерде бар болсо)

13) Кыргыз Республикасынын резиденти/резидент эмеси болуп саналган жеке адамдын-өтүнүч ээсинин (акционердин/катышуучунун) уюштуруучусунун төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документ; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешеси жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер);  

13) Кыргыз Республикасынын резиденти/резидент эмеси болуп саналган жеке адамдын-өтүнүч ээсинин (акционердин/катышуучунун) уюштуруучусунун төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү жана анда берилген датасын көрсөтүү менен аны каттоо жөнүндө салык органынын белгиси камтылууга тийиш; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык төлөө боюнча карызы жок экендигин тастыктаган документти сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар. Көрсөтүлгөн каражаттардын (мүлктүн) келип чыгуу булактарын ырастоочу маалыматтарда жеке жак көрсөткөн маалыматтарды тастыктоо үчүн кирешелердин (мүлктүн) декларацияланган түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй документтер берилиши мүмкүн: 

- иштеген жеринен маалым кат - кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйтүү учурунда акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган финансы-кредиттик мекемелерден топтолгон каражаттары жөнүндө маалым кат; 

- акча каражаттары түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (тартуулоо, сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) келип чыгуу булагы катары ушул келишимдер боюнча алынган (алынган) киреше (мүлк) саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, жеке адам маалыматта көрсөткөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндүгү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын чыгашаларын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгашаларын тастыктаган документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмгөүтүмдөргө) келишүү фактысын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү). Чыгашалар жана кирешелер мезгили ошол эле мезгил үчүн болушу керек. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адамдан талап кылынган документтер сыяктуу эле, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы тарабынан берилген документтер резидент эмес - жеке адам анын жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тилде түзүлүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш; 

.... 

19-1. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик же расмий тилдерде сунуштайт:  

................ 

19-1. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик же расмий тилдерде сунуштайт:  

4) тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

................ 

4) юридикалык жактардын уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, мында аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш, мисалы: 

- юридикалык жактын акыркы 3 (үч) жыл үчүн салык декларациясы; 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчету; 

- дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимди, ошондой эле келип чыгуу булагы катары алынган дивиденддер пайдаланылган учурда, капиталдагы үлүшкө менчик укукту тастыктаган документтерди; 

- туунду уюмду түзүүгө акча каражаттарды багыттоо жөнүндө чечим; 

- уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

................ 

6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу жана башка тастыктоочу документтер);  

6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдар үчүн: толук аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, иштеген жери; юридикалык жактар үчүн: юридикалык жактын аталышы жана дареги, уюштуруучулук жана башка тастыктоочу документтер, эгерде бар болсо); 

................ 

19) резидент/резидент эмес уюштуруучунун (акционеринин/катышуучу) - жеке адамдын төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам жараны болуп саналган өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документ; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер)

19) резидент/резидент эмес уюштуруучунун (акционеринин/катышуучу) - жеке адамдын төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү жана анда берилген датасын көрсөтүү менен аны каттоо жөнүндө салык органынын белгиси камтылууга тийиш; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык төлөө боюнча карызы жок экендигин тастыктаган документти сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар. Көрсөтүлгөн каражаттардын (мүлктүн) келип чыгуу булактарын ырастоочу маалыматтарда жеке жак көрсөткөн маалыматтарды тастыктоо үчүн кирешелердин (мүлктүн) декларацияланган түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй документтер берилиши мүмкүн: 

- иштеген жеринен маалым кат - кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйтүү учурунда акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган финансы-кредиттик мекемелерден топтолгон каражаттары жөнүндө маалым кат; 

- акча каражаттары түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (тартуулоо, сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) келип чыгуу булагы катары ушул келишимдер боюнча алынган (алынган) киреше (мүлк) саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, жеке адам маалыматта көрсөткөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндүгү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын чыгашаларын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгашаларын тастыктаган документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмгөүтүмдөргө) келишүү фактысын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү). Чыгашалар жана кирешелер мезгили ошол эле мезгил үчүн болушу керек. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адамдан талап кылынган документтер сыяктуу эле, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы тарабынан берилген документтер резидент эмес - жеке адам анын жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тилде түзүлүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. 

Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын бири катары чыкса, ушул пунктунун 2, 3, 4, 5, 6, 19-пунктчаларынын талаптары ага карата жайылтылбайт. 

32. Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда талаптагыдай ишти уюштуруу максатында башкарма түрүндө башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органы иштөөгө тийиш.  

Башкарманын курамына, кеминде, жетекчи (башкы директор/президент/төрага), техникалык директор, башкы бухгалтер жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өлкөдө өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал киргизилген учурда (Директорлор кеңеши жок учурда) төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылган жана Улуттук банкка көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдап турган адамдардын штаттык кызмат орундары кирүүгө тийиш

32. Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда талаптагыдай ишти уюштуруу максатында башкарма түрүндө башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органы иштөөгө тийиш.  

Башкарманын курамына кеминде жетекчинин (башкы директор/президент/төрага), техникалык директордун, башкы бухгалтердин/финансылык директордун жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген адамдардын штаттык кызмат орундары кирүүгө тийиш. Өлкөдө өзгөчө кырдаал/өзгөчө кырдаал киргизилгенде, ошондой эле кандай гана болбосун өзгөчө кырдаал (форс-мажордук) келип чыккан учурда башкарма (директорлор кеңеши жок болсо) төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыздайт жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Улуттук банкка маалымдайт. 

33. Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери так белгиленүүгө тийиш. Кызмат адамы жок учурда анын милдетин жүктөө учурларын эске албаганда, кызматтарды айкалыштырууга жол берилбейт.  

Аткаруу органынын жетекчиси убактылуу жок учурда анын милдетин аткаруу, анын түзүмүндө мындай кызмат орду каралган учурда, анын орун басарына же болбосо техникалык директоруна жүктөлүүгө тийиш. Аткаруу органынын жетекчиси жана техникалык директор убактылуу жок учурда, милдетти аткаруу, түзүмдө мындай кызмат орду каралган учурда анын орун басарына же болбосо башкы бухгалтерге жана/же функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген жакка жүктөлөт.  

33. Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери так белгиленүүгө тийиш. Кызмат адамы жок учурда анын милдетин жүктөө учурларын эске албаганда, кызматтарды айкалыштырууга жол берилбейт.  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын түзүмү аткаруу органынын жетекчиси же анын башка мүчөлөрү убактылуу жок болгон мезгилде Башкарманын мүчөлөрү өз ара милдеттердин аткарылышын камсыз кылууга тийиш. Милдеттерди бөлүштүрүү төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ички документтеринде белгиленүүгө тийиш. 

34. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билиминин болушу;  

- акыркы 5 (беш) жыл ичинде экономикалык, юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө, анын ичинде кеминде 3 (үч) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курсту угуу тууралуу документинин (күбөлүктүн) болушу.  

34. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билиминин болушу;  

- акыркы 5 (беш) жыл ичиндеги иш стажы/иш тажрыйбасы, бир же бир нече чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес төлөм системасы, банк жана/же финансы системасы, маалымат технологиялары (системалары)/маалыматтык коопсуздук, телекоммуникация/байланыш, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетекчи кызматтарда; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курсту угуу тууралуу документинин (күбөлүктүн) болушу.  

Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам уюмдардын бириндеги түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүнүү зарыл: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишкердикке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишкердикке тиешелүү болгон уюм; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө уюм; 

- иши телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары менен байланышкан уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик/муниципалдык мекемелер. 

Мында иш стажына чарба ишин, персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү багытында ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иши кирбейт. 

Жок. 

стаж/опыт работы в течение последних 5 (пяти) лет не менее 3 (трех) лет стаж/опыт работы в области информационных технологий (систем)/информационной безопасности, на руководящей должности не менее 1 (одного) года, если иное не предусмотрено настоящим Положением

34-1. Эгерде штаттык тизимде башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин орун басарынын туруктуу кызмат орду бар болсо, орун басары аткаруу органынын курамына кирүүгө, ошондой эле жетекчиге коюлган талаптарга да жооп берүүгө тийиш. 

35. Техникалык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- орто кесиптик/жогорку техникалык билимге ээ болууга;  

- маалымат технологиялар жагында жана аралаш тармактарда кеминде 3 (үч) жыл, анын ичинде кеминде 1 (бир) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга;  

- маалымат технологиялары/программалары чөйрөсүндө сертификатка ж.б. ээ болуусу (эгер болсо). 

35. Техникалык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- орто кесиптик/жогорку техникалык билимге ээ болууга;  

- эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, акыркы 5 (беш) жыл ичиндеги иш стажынын/иш тажрыйбасынын кеминде 3 (үч) жыл маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында, жетекчилик кызматында кеминде 1 (бир) жыл иш стажына/иш тажрыйбасына ээ. 

Буларга кошумча, эгерде маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында сертификаттары бар болсо, сунуштоого болот. 

Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам уюмдардын бириндеги маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында профилдик түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүнүү зарыл: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишкердикке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишкердикке тиешелүү болгон уюм; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө уюм; 

- иши телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары менен байланышкан уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик/муниципалдык мекемелер; 

- маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында адистешкен уюм.  

Жетекчи кызматтарда иш стажы/иш тажрыйбасы жок учурда, маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жаатында сертификаттар милдеттүү түрдө болууга тийиш. 

36. Башкы бухгалтер жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку экономикалык же бухгалтердик билимге ээ болууга;  

- бухгалтердин позициясында кеминде 3 (үч) жыл, анын ичинде башкы бухгалтер позициясында - кеминде 1 (бир) жыл иш стажына/тажрыйбасына ээ болуусу; 

- сертификаттын көчүрмөсүн тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билим алгандыгын тастыктаган сертификатка ээ болууга.  

36. Башкы бухгалтер/финансылык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку экономикалык билими же бухгалтердик эсеп жана аудит чөйрөсүндө билими болууга; 

- эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, акыркы 5 (беш) жыл ичинде бухгалтер/бухгалтердик/финансылык же башкаруу эсеби боюнча адис кызмат ордунда 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы/иш тажрыйбасы болууга же бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту уюштуруу жана камсыз кылуу жагында жетекчи кызмат ордунда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы/иш тажрыйбасы болууга тийиш; 

- сертификаттын көчүрмөсүн сунуштоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен алынган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билим алгандыгын тастыктаган сертификатка ээ болууга.  

Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам уюмдардын биринде бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту уюштуруу жана камсыздоо чөйрөсүндө профилдик түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүнүү зарыл: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишкердикке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишкердикке тиешелүү болгон уюм; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө уюм; 

- иши телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары менен байланышкан уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик/муниципалдык мекемелер. 

Жетекчилик кызматта иш стажы/иш тажрыйбасы жок учурда, милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар окуу жайларынан алынган, бухгалтердик эсепти жана башкаруу эсебин жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган кошумча сертификаттары болууга тийиш. 

37. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата төмөнкүдөй шарттар белгиленбөөгө тийиш: 

1) бул адамдарга карата соттун чечими боюнча төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалымат системалары/коопсуздук тармагында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо;  

2) башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган уюмда кызмат адамы болуп саналган жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин, Көзөмөл боюнча комитетинин чечими же талапкерди төмөнкүлөр катары тааныган Улуттук банктын корутундусу, чечими же башка актылары болгон болсо (Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.):  

а) анын натыйжасында уюмга (банктык/төлөм жана башка финансы уюмуна) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык операцияларды жүргүзүүгө чектөө жана/же атайы режим киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар болсо;  

б) талапкер буга чейин анда жетектөөчү кызматты ээлеген төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясын токтото турууга же кайтарып алууга таасир берген аракеттерге катыштыгы бар болсо;  

в) алгылыксыз жана\же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар болсо. 

37. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата төмөнкүдөй шарттар белгиленбөөгө тийиш: 

1) бул адамдарга карата соттун чечими боюнча аларга төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалыматтык технологиялар (системалар)/маалыматтык коопсуздук жана/же телекоммуникация/байланыш чөйрөсүндө иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылса; 

2) башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган уюмда кызмат адамы болуп саналган жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин, Көзөмөл боюнча комитетинин чечими же талапкерди төмөнкүлөр катары тааныган Улуттук банктын корутундусу, чечими же башка актылары болгон болсо (Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.):  

а) анын натыйжасында уюмга (төлөм уюмуна жана/же төлөм системасынын операторуна; финансы-кредит уюмуна; башка финансылык уюмга) карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык операцияларды жүргүзүүгө чектөө жана/же атайы режим киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар болсо; 

б) талапкер буга чейин анда жетектөөчү кызматты ээлеген төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясын токтото турууга же кайтарып алууга таасир берген аракеттерге катыштыгы бар болсо;  

в) алгылыксыз жана\же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар болсо. 

Жок. 

39-1. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү ушул Жобонун талаптарына дал келбеген учурда, акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар 30 календардык күн ичинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүшөт. 

40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен бирге башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде башкаруунун аткаруу органынын кайрадан кабыл алынган жана/же алмаштырылган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:  

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;  

2) ушул Жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо тууралуу чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечиминен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же болбосо, мындай чечимдин көчүрмөсүнүн түп нускасын), ошондой эле кызматтык иш боюнча нускоого ылайык талапкердин функционалдык милдеттерин көрсөтүү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн;  

3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курсту угуу жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;  

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо аны менен ишкердик мамилеси болгон адамдардан ушул Жобонун 5-тиркемесинин формасы боюнча кеминде бир сунуш-көрсөтмө. Мында, Улуттук банктын кызматчылары/кызматкерлери; жакын туугандар; алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырган катары таанылган адамдар сунуштаган сунуш-көрсөтмөлөрдү тапшырууга жол берилбейт;  

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;  

6) ID-паспорттун көчүрмөсүн. 

40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен бирге башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде башкаруунун аткаруу органынын кайрадан кабыл алынган жана/же алмаштырылган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:  

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;  

2) ушул Жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо тууралуу чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечиминен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же болбосо, мындай чечимдин көчүрмөсүнүн түп нускасын), ошондой эле кызматтык иш боюнча нускоого ылайык талапкердин функционалдык милдеттерин көрсөтүү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн;  

3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курстан өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документтин (күбөлүктүн) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө документ (сертификат) жок учурда, жетекчи кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде тиешелүү окуудан өткөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме Улуттук банкка берилүүгө тийиш; 

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо аны менен ишкердик мамилеси болгон адамдардан ушул Жобонун 5-тиркемесинин формасы боюнча кеминде бир сунуш-көрсөтмө. Мында, Улуттук банктын кызматчылары/кызматкерлери; жакын туугандар; алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырган катары таанылган адамдар сунуштаган сунуш-көрсөтмөлөрдү тапшырууга жол берилбейт;  

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;  

6) ID-паспорттун көчүрмөсүн. 

Жок. 

40-1. Эгерде ошол эле төлөм уюму башкаруунун аткаруу органынын кызмат адамын мүчөсүн акыркы 12 (он эки) ай ичинде ага теңдештирилген же андан жогору кызмат ордуна дайындагандыгына байланыштуу мурда Улуттук банкка документтерди тапшырган болсо, ушул Жободо көрсөтүлгөн документтердин топтомун кайрадан тапшыруу талап кылынбайт, мында белгиленген форма боюнча анкета тапшыруу менен гана чектелет. 

47. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендиги жөнүндө диплому жана кеминде 3 (үч) жылдык эмгек стажы (тажрыйбасы) болууга, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетектөөчү кызматтарды ээлеген; 

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ;  

3) Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу жана банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билимге ээ;  

4) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин өнүктүрүү боюнча бизнес-планды жана стратегияны билүүгө;  

5) соттолбогон болууга тийиш. 

47. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендиги жөнүндө диплому жана кеминде 3 (үч) жылдык эмгек стажы (тажрыйбасы) болууга, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетектөөчү кызматтарды ээлеген; 

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ;  

3) Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу жана банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билимге ээ;  

4) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин өнүктүрүү боюнча бизнес-планды жана стратегияны билүүгө;  

5) соттолбогон болууга тийиш. 

Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам уюмдардын бириндеги түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүнүү зарыл: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишкердикке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишкердикке тиешелүү болгон уюм; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө уюм; 

- иши телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары менен байланышкан уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик/муниципалдык мекемелер. 

Мында иш стажына чарба ишин, персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү багытында ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иши кирбейт. 

Долбоор 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

БЕКИТЕМ  

______________________________________ 

(кызмат орду)  

______________________________________  

(кол тамгасы)  

20___-жылдын «______» ______________ 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

жөнгө салуучу таасирин талдоо  

Иштеп чыгуу үчүн негиздеме: Улуттук банктын 2023-жылдын 25-февралындагы № 2023-Пр-141/39-О «Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

_________________ 

(башталышы) 

_________________ 

(аякташы) 

Жумушчу топтун жетекчиси: А.З. Султаналиев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги 

___________________ 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

М.Ш. Акулуева, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

____________________ 

Б.К. Айылчиев Б.К., Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары боюнча бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу 

____________________ 

А.К. Джакубова, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси (жумушчу топтун катчысы) 

____________________ 

Н.А. Осмоналиев, Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары боюнча бөлүмүнүн адиси 

____________________ 

Ж.С. Сулайманбекова, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

П.И. Подоба, «Mobile & Television Communications» ЖЧКтын башкы директору (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

А.К. Эстемесов, «Диджитал Пэйментс-К» ЖЧКнын юрисконсульту (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

А.Г. Безуглов, «Пэй24» ЖЧКнын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

А.Э. Абдывасиев, «Пэй24» ЖЧКнын юристи (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

Е.Р. Ан Е.Р, «Кыргызмобайлкомпани» ЖЧКнын башкы директору (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

А. Доспаева А., «Баланс КГ» ЖЧКнын ишеним кат боюнча өкүлү (юристи) (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

Т. Алхожоев, «Финипэй» ЖЧКнын операциялык директору (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

А.Ж. Каримов, «АЙБИЭС МА» ЖЧКнын юристи (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

Бердибек кызы Ж., «Система Квикпэй» ЖЧК (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

А. Бредихин А., «Грин Телеком сервис» ЖЧКнын методология жана аналитика боюнча эксперти (макулдашуу боюнча) 

____________________ 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалымат: А.К. Джакубова, тел.: 66-91-43, adjakubova@nbkr.kg.  

I. ПРОБЛЕМАЛАР ЖАНА ЖӨНГӨ САЛУУНУ ӨЗГӨРТҮҮ ҮЧҮН НЕГИЗДЕР  

1. Проблема тууралуу маалымат  

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо) өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган негизги маселелер төмөнкүлөр болуп саналат. 

Жобонун 7-пунктуна ылайык башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңешинин бар болсо) мүчөлөрү, башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү (жетекчиси, техникалык директор, башкы бухгалтер) жана/же функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун учурдагы ишин жетектөөчү адамдар кызмат адамдары болуп саналышат. Мындан тышкары, Жобонун 32-пунктуна ылайык башкарманын курамына жетекчинин (башкы директордун/президенттин/төраганын), техникалык директордун, башкы бухгалтердин жана/же функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун учурдагы ишин жетектөөчү жана өлкөдө өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал киргизилгенде (директорлор кеңеши жок болгон учурда) банктын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Улуттук банкка маалымат берген адамдар кирүүгө тийиш. 

Бирок, практика көрсөткөндөй, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун штаттык тизмесинде аткаруу органынын курамына кирбеген башкы бухгалтердин кызмат орду болгон учурлар бар. Ошол эле учурда аткаруу органынын курамында өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча башкы бухгалтердин функцияларын кайталаган штаттык бирдиктер бар. Төлөм уюмун/төлөм системасынын операторун лицензиялоо, ошондой эле төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызмат адамдарын дайындоо практикасына ылайык, айрым талапкерлер бухгалтердин же башкы бухгалтердин кызматын ээлебей туруп, бухгалтердин же башкы бухгалтердин милдеттерин аткарышкан, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук жаатында тажрыйбасы бар экендигин көрсөткөн учурлар кездешет. 

Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, Жобонун 36-пунктуна ылайык, башкы бухгалтерге жана/же функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген адамга карата, бухгалтер кызматында 3 (үч) жылдан кем эмес, анын ичинде башкы бухгалтер кызматында 1 (бир) жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу тууралуу талап белгиленген. 

Мындан тышкары, иш жүзүндө кызмат адамдарынын жетектөөчү кызмат орундарында зарыл болгон стажынын/тажрыйбасынын бар-жоктугун аныктоодо «жетектөөчү кызмат орундары» түшүнүгүн аныктоо жана чечмелөө менен байланышкан кыйынчылыктар пайда болот, анткени Жободо кайсы кызмат орундары “Жетектөөчү кызмат орундарына” кире тургандыгына түшүндүрмө берилбейт. Тажрыйба көрсөткөндөй жетекчинин орун басары жетекчи аткарган функцияларды эле аткара алат. 

Ушул сыяктуу кыйынчылыктар төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жетекчилеринин Жобонун 34-пунктунда каралган «экономика, юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө» зарыл болгон стажынын/иш тажрыйбасынын бар же жок экендигин аныктоодо келип чыгат. Жободо «экономикалык, укуктук жана/же техникалык чөйрөлөр» деген түшүнүктөрдүн түшүндүрмөсү же бул чөйрөлөргө тиешелүү ишкердик иштин түрлөрүнүн тизмеси келтирилбегендиктен, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жетекчилерин кызматтан алуу/алмаштыруу учурунда укуктук тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн.  

Жобого ылайык, өтүнүч ээлеринин лицензия алуу үчүн документтерин тариздөө жол-жобосу төлөм уюмунун/төлөм системасынын уставдык капиталын түзүүгө жана катышуучулардын курамын өзгөртүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоочу документтерге карата талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана катышуучулардын курамын өзгөртүү зарылдыгын көрсөтүп турат, анткени Жободо акча каражаттарынын келип чыгуу булагынын аныктыгын тастыктоо үчүн берүү зарыл болгон конкреттүү документтер каралган эмес. Ошол эле учурда талаптар юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн өзүнчө болушу керек. 

Мындан тышкары, юридикалык жак жана жеке адамдар боюнча арыз ээсинин аффилирленген жана байланышкан жактары жөнүндө берилүүчү маалыматтарга карата талаптарда карама-каршылыктар бар. 

Ушундан улам Жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыккан. 

2. Проблеманын масштабы  

Каралып жаткан маселенин масштабы төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун, көбүнчө башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө зарыл иш тажрыйбасынын (башкы бухгалтерге) болушу тууралуу талаптар, ошондой эле тажрыйбасы талап кылынган кызмат орундарынын аталыштары боюнча ишине таасирин тийгизет. 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу  

Жогорудагы талаптарды өркүндөтүү максатында төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишинин талаптагыдай иштешин уюштуруу, ошондой эле төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын ишин токтотуу же токтото туруу менен байланышкан тобокелдиктерди болтурбоо үчүн кадрдык маселелерди чечүү максатында, башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Мындан тышкары, төлөм системасынын чөйрөсү өзгөчөлүү жана жогорку технологиялуу экендигин, анын тез өнүгүү тенденциясын эске алуу менен, башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптарды өркүндөтүү бул чөйрөдө кадрларды кармап калуу зарылчылыгына жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлерине кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен шартталган.  

Жобонун 32-пунктунун колдонуудагы редакциясына ылайык, башкарманын курамына кеминде жетекчинин (башкы директордун/ президенттин/ төраганын), техникалык директордун, башкы бухгалтердин жана/же функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген штаттык кызмат орундары кирүүгө тийиш, булар төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун учурдагы ишин башкарышат. Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда финансылык багытты финансы директору аныктай аларын эске алуу менен 32 жана 36-пункттарда «башкы бухгалтерди/финансы директорду» көрсөтүү сунушталат. Иш жүзүндө жетекчинин орун басары жетекчи аткаргандай эле функцияларды аткара ала тургандыктан, 34-36 жана 47-пункттардагы «жетекчинин» деген сөздү «/жетекчинин орун басарынын» деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда. 

Жобону 34-1-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык, эгерде штаттык тизимде башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин орун басарынын туруктуу кызмат орду бар болсо, орун басары аткаруу органынын курамына кирүүгө, ошондой эле жетекчисине коюлган талаптарга шайкеш келүүгө тийиш. 

Жобонун 34-37, ошондой эле 47-пункттарын башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине, техникалык директорго, башкы бухгалтерге/финансылык директорго, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлерге карата «жетекчи кызмат орду» түшүнүгүнө түшүндүрмө берүү менен толуктоо сунушталууда. Ошол эле учурда, «жетекчи кызмат ордуна» коюлган талаптар боюнча төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек. 

Төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун иши өзүнүн өзгөчөлүгү жана ыргагы боюнча телекоммуникация жана байланыш, маалыматтык коопсуздук сыяктуу тармактарга окшош экендигин эске алуу менен, 34-37 жана 47-пункттарда уюмдун ушул тармактарын/чөйрөлөрүн көрсөтүү сунушталат. Санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн алкагында да мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жетекчи кызмат ордуна талапкерлердин тиешелүү багыттар боюнча тажрыйбасын эске алуу зарыл. 

Мындан тышкары, «жетекчи кызмат орду» боюнча талаптар банктарды лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларга шилтеме жасоо менен финансылык ишке жана банк жана/же финансы ишине байланыштуу иш-аракеттерди чагылдырууга тийиш. Алсак, Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23/1-(НПА) токтому менен бекитилген «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 14-пунктуна ылайык, финансылык иштин жана банк жана/же финансы ишине байланыштуу иштин түрлөрү болуп, ушул Жобонун максаттарында иштин төмөнкү түрлөрү каралат: 

1) банк иши; 

2) микрофинансылык иш (микрокредиттерди берүү); 

3) инвестициялык фонддордун иши; 

4) камсыздандыруу иши; 

5) лизингдик иш; 

6) ипотекалык кредиттөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу; 

7) ишенимдүү башкарууну (трастты) ишке ашыруу; 

8) аудитордук иш. 

Ошентип, «жетекчи кызмат орду» түшүнүгүн төмөнкү редакцияда берүү сунушталууда: 

«Ушул пункттун максаттары үчүн жетекчи кызматы дегенден улам, уюмдардын бириндеги түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүнүүгө болот: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишке жана банк жана/же финансы ишине байланыштуу Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банк жана/же финансылык ишке тиешелүү болгон уюм;  

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү уюм; 

- иши телекоммунициялык кызмат көрсөтүүлөргө жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө кирген уюм; 

- телекоммунициялык кызмат көрсөтүү жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик/муниципалдык мекемелер. 

Мында чарба иштерин жүргүзүү, персонал менен иш алып баруу, иш кагаздарын жүргүзүү менен байланышкан жогоруда аталган уюмдардын/ компаниялардын бөлүмдөрүндөгү иш стажга кирбейт.». 

Жобонун 35-пунктунда техникалык директор үчүн маалымат технологиялары (системалары)/маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө иш тажрыйбасын талап кылуу сунушталат. Ошол эле учурда, эгерде техникалык директордун кызмат ордуна талапкерде жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген адамда стажы/жетекчилик кызматта иш тажрыйбасы болбосо, маалымат технологиялары (системалар)/маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү сертификаттарынын болушу милдеттүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу ушул эле пунктта, эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, жетекчилик кызматта иштеген стажына карата талаптарды көрсөтүү сунушталат. 

Жобонун 36-пунктунун колдонуудагы редакциясына ылайык, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкы бухгалтеринин кызмат ордуна башкы бухгалтер кызматында 1 (бир) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы талап кылынат. Талаптарды өркүндөтүүнүн алкагында Жобонун 36-пунктуна тиешелүү норманы киргизүү сунушталат, ага ылайык башкы бухгалтер/финансылык директор жана/же функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген, башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген адам акыркы 5 (беш) жыл ичинде бухгалтер/бухгалтердик эсеп/финансылык же башкаруучулук эсеп боюнча бухгалтер/адист кызматында 3 (үч) жылдан кем эмес стажы/иш тажрыйбасы болуп, же кызматта бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту уюштуруу жана камсыз кылуу боюнча жетекчилик кызматта эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, 1 (бир) жылдан кем эмес стажга ээ болууга тийиш. «Эгер ушул Жободо башкасы каралбаса» деген сүйлөм сунушталган редакциянын алкагында башкы бухгалтердин кызмат ордуна талапкерлерге жетектөөчү кызматтарда стажы/тажрыйбасы жок болууга уруксат берилгендигине байланыштуу келтирилген, бирок мындай учурда талапкерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар окуу жайларынан алынган, бухгалтердик эсептин жана башкаруу эсебинин системасын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн тастыктаган кошумча сертификаттарга ээ болууга тийиш. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталын түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоочу документтерге (жеке адам, анын ичинде резидент эмес үчүн) талаптарды өркүндөтүү максатында 19-пункттун 13-пунктчасынын төртүнчү абзацында, ошондой эле Жобонун 19-1-пунктчасынын төртүнчү абзацында тизмени төмөнкүдөй документтер менен толуктоо жана тактоо сунушталат: 

- иштеген жеринен маалымкат кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйткөн учурда финансы-кредиттик мекемелерден акча каражаттарынын бар экендигин тастыктоочу, жыйымдар жөнүндө маалымкат; 

- акча каражаттарынын келип түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (белеке берүү, сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) булагы болуп, ушул келишим боюнча алынган киреше (мүлк) болуп саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдарга төлөнүп берилген, жеке адам тарабынан маалыматтарда көрсөтүлгөн каражаттар жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгымдарын тастыктоочу документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмдөрдүн фактысын тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү. Чыгашалар жана кирешелер мезгили бир мезгил ичинде болушу керек. 

Ошол эле учурда жеке адамдын чыгашалары жөнүндө маалыматтар акча каражаттарынын келип чыгуу булагы пайдаланылгандыгын, жеке адамдын чыгашаларынан түшкөн каражаттар уставдык капиталды көбөйтүүгө же түзүүгө багытталгандыгы фактысын (мисалы, кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн) тастыктоо үчүн да зарыл. 

Ошондой эле Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо максатында резидент эмес жеке адамга карата талаптар менен пунктчаны толуктоо сунушталат. 

Мындан тышкары, эгерде катышуучу/уюштуруучу юридикалык жак (резидент) болуп саналса, уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) уставдык капиталды түзүүгө багытталган каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды көрсөтүү зарыл. Ошентип, Жобонун  

13-1-пунктуна, ошондой эле 19 жана 19-1-пункттарынын 4-пунктчаларына төмөнкүдөй документтердин тизмеси менен толуктоо сунушталат: 

- юридикалык жактын акыркы 3 жыл үчүн салык декларациясы; 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жылдын финансылык отчету; 

- дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, алынган дивиденддерди булак катары пайдаланууда капиталдын үлүшүнө ээлик кылууну ырастоочу чечим; 

- туунду коомду түзүүгө каражаттарды багыттоо жөнүндө чечим; 

- уставдык капиталды түзүү үчүн пайдаланылган каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү

Ошол эле учурда 13-1-пунктта юридикалык жана жеке адамдарга уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды берүү боюнча талаптарды айырмалоо сунушталат. 

Мындан тышкары, арыз ээсинин аффилирленген жана байланыштуу адамдары жөнүндө маалыматтарга карата талаптардын карама-каршылыктарын болтурбоо үчүн Жобонун 19-пунктунун 6-пунктчасы жана 19-1-пунктунун 6-пунктчасы жеке адамдар жана юридикалык жактар жөнүндө маалыматтардын ортосундагы айырмачылыкты талап кылат. Ошентип, бул жеке адам болсо, анда толук аты-жөнү, туулган датасы, жашаган жери, иштеген жери сыяктуу маалыматтар көрсөтүлөт. Эгерде бул юридикалык жак болсо, анда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт юридикалык жактын аталышы жана дареги, уюштуруучу жана башка ырастоочу документтер, эгерде бар болсо. 

Жобону 15-2-пункту менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) курамы өзгөргөн учурда Улуттук банкка ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарына ылайык акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн маалыматтар, ошондой эле Жобонун 3 жана 4-тиркемелери түрүндөгү анкеталар берилүүгө тийиш. Акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу жөнүндө документтер берилбеген же толук эмес/так эмес маалыматтар берилген учурда төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун лицензиялары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык акча каражаттарынын булагы тастыкталганга жана/же уюштуруучулардын (акционерлер/катышуучулар) курамы өзгөргөнгө чейин убактылуу токтотулушу мүмкүн. Бул талап төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна жаңы акционерлер/төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун катышуучулары акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди бере алышпаган жана ошол эле учурда төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун үлүшүн сатып алууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдулугун тастыктай алышпаган учурда төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна бүтүмдү жокко чыгаруу жана/же лицензияны кайтарып алуудагы кыйынчылыктарга байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөөгө өбөлгө түзөт.  

Лицензия алуучулар тарабынан берилүүчү документтерге талаптар төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарды Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана салык мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө байланыштуу. 

4. Эл аралык тажрыйба  

Россия Федерациясы: Россия Федерациясынын уулу Федералдык Мыйзамына ылайык, төлөм системасы акыркы операторлорунун ишин карата талаптар аныкталат. 

Казакстан Республикасы: Казакстан Республикасында төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо маселелери (уставдык капиталды түзүү, төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчисине, төлөм уюмунун уюштуруучуларына жана катышуучуларына ж.б. талаптар боюнча) Казакстан Республикасынын «Төлөмдөр жана төлөм системалары жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынат. 

II. СУНУШТАЛЫП ЖАТКАН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

5. Жөнгө салуунун максаты  

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты арыз ээсинин/лицензиаттын башкаруучунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө, ошондой эле акча каражаттарынын келип чыгуу булагынын аныктыгын тастыктаган документтерге жана арыз ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалыматтарга карата талаптарды өркүндөтүү болуп саналат. 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(PS) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого төмөнкүлөргө карата өзгөртүүлөрдү киргизүү

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын ишин токтотууга же убактылуу токтото турууга байланышкан тобокелдиктерди болтурбоо үчүн кадр маселелерин чечүү максатында арыз ээсинин/лицензиаттын аткаруу органынын мүчөлөрүнө

- акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын аныктыгын тастыктаган документтерге, 

- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана салык мыйзамдарына шайкеш келтирүүнүн алкагында өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалыматтарга. 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо  

7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнүн күтүлгөн натыйжалуулугу төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын ишин токтотууга же токтото турууга байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүүгө, ошондой эле уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн документтерди конкреттештирүү аркылуу талаптарды аныктоого багытталган.  

7.2. Күтүлүүчү экономикалык, социалдык жана экологиялык таасирлер: 

1) экономикага таасири: сунушталып жаткан жөнгө салуу төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ишине жана бүтүндөй экономикага оң таасирин тийгизет; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун талаптагыдай иши, анын ичинде уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) акча каражаттарынын келип чыгышы жөнүндө маалыматтын ачык-айкындыгын камсыз кылуу аркылуу, салык карызынын жоктугу калктын төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ишине болгон ишенимин жогорулатууга жардам берет.  

3) айлана-чөйрөгө тийгизген таасири: жок. 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда иштин талаптагыдай уюштурулушун оптималдаштырууга, Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана салык мыйзамдарын талаптарга шайкеш келтирүүнүн алкагында документтерди деталдаштырууга багытталган.  

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо  

Сунушталган жөнгө салуу атаандаштыкка таасирин тийгизбейт, анткени анда рыноктун айрым катышуучулары үчүн эч кандай чектөөлөр же жеңилдиктер каралган эмес. 

10. Кызыкдар тараптардын пикири  

Жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү максатында жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлдү

Кызыкдар тараптардын пикири коомдук талкуунун жыйынтыгынан кийин чагылдырылат. 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Сунушталган жөнгө салуу тандоо үчүн сунушталат, анткени ал көйгөйдү чечүүгө багытталган эң оптималдуу чечим болуп саналат.