Кайта келүү

Долбоор 

 

 

«Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомун, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, «Элдик турак-жай компаниясы» ТЖСКК» ачык акционердик коомун тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын __-____________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

«Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

төмөнкү мазмундагы 32-1-пункту менен толукталсын:  

«32-1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамына ылайык, онлайн-казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү ишин жүзөгө ашырган кардарларга карата контролдоо чараларын камсыз кылуу максатында, ушул Жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларынан тышкары, банк дагы төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүсү зарыл:  

- кардардан онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино ишин жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсүн алуу жана анын аныктыгын текшерүү

- кардар тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптары сакталып жаткандыгына баа берүү

- идентификациялоону, верификациялоону ж.б. иш-чараларды кошо алганда, кардарды талаптагыдай текшерүүнү камсыз кылуучу механизмдердин болушуна баа берүү

- оюнчуларды идентфикациялоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарына, 21 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандарга, аракетке жөндөмсүз чет өлкөлүк жарандарга жана мыйзамдары кумар оюндарынын кайсы болбосун түрүнө катышууга тыюу салган өлкөлөрдүн резиденттеринин кирүүсүн чектөө боюнча тиешелүү механизмдердин бар экендигин тастыктаган документтерди алуу; 

- төлөм системаларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылган механизмдерге баа берүү

- транзакциялык, репутациялык, өлкөлүк ж.б. мүнөздөгү тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында башка документтерди алуу жана аларды баалоо; 

- онлайн-казино/электрондук (виртуалдык) казино кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө, утуштарды төлөп берүү ж.у.с. боюнча каталарды ыкчам аныктоо жана четтетүү жол-жобосун жөнгө салган документтерди алуу жана баалоо.». 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому долбоору (мындан ары токтом долбоору), «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, онлайн-казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү ишин жүзөгө ашырган кардарларга карата контролдоо чараларын камсыз кылуунун алкагында банктар үчүн ички контролдоо талаптарын жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

2022-жылдын 30-июнунда «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган. 

Банк ишинин эл аралык стандарттарына ылайык, онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү ишин жүзөгө ашырган банктардын кардарларды тейлөө боюнча иши жогорку тобокелдикке ээ транзакцияларга кирет. 

«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын преамбуласынын талаптарына ылайык, оюн-зоок ишинин субъекттеринин терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу иш-аракеттерин алдын алуу, айкындоо жана бөгөт коюу бөлүгүндөгү иши «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында оюн-зоок ишинин субъекттери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттердин тизмесинде жок экенин белгилей кетүү керек. 

Ошондой эле, бүгүнкү күндө оюн-зоок иши 2020-жылдын 24-декабрындагы № 61/п Жогорку тобокелдиктердин типтүү критерийлеринде жок. 

Жогоруда баяндалгандарды, оюн-зоок ишинин субъекттерин тейлөөнүн алкагында банктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү зарылдыгын эске алып, көрсөтүлгөн токтом долбоору даярдалган. Мында, токтомдун долбоору менен «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, онлайн-казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырган кардарларга карата контролдоо чараларын камсыз кылуу максатында банк тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш болгон иш-чаралардын тизмегин белгилөө сунушталат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын болушу мүмкүндүгүн болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон, ошондой эле ишкердикти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуучу таасирин талдоого алынууга тийиш.  

Токтом долбоору коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына коомдук талкууга жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражаттар талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат   

Сунушталган токтомдун долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

Тиркеме ____ б. 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

____________________________ 

(кызмат орду) 

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы) 

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

«Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы  

№ 2022-Пр-121/225-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын банктык жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

______________ __________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн жана негиздер 

1. Проблема тууралуу маалымат 

2022-жылдын 30-июнунда «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. 

«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын преамбуласынын талаптарына ылайык террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланышкан оюн-зоок ишинин субъекттеринин жосундарын алдын алуу, бетин ачуу жана бөгөт коюу жагындагы оюн-зоок ишинин субъекттеринин иши «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат. 

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында оюн-зоок ишинин субъекттери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттердин тизмесинде жок экенин белгилей кетүү керек. 

Ошондой эле бүгүнкү күндө 2020-жылдын 24-декабрындагы № 61/п Жогорку тобокелдиктердин типтүү критерийлеринде оюн-зоок иши жок.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  

2022-жылдын 1-августундагы № 440 токтому менен Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобо кабыл алынган. Бул ченемдик укуктук актылар оюн-зоок жайлары, оюндардын катышуучулары, оюн-зоок ишинин субъекттери үчүн ар кандай талаптарды белгилейт. 

Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобонун 19-пунктунун талаптарына ылайык кумар оюндарын уюштуруучунун онлайн-системасы кардарды идентификациялоону, ставканы кабыл алуу, утушту (байгени) төлөө (берүү) боюнча ар бир операцияны белгилөөнү, төлөөлөрдү жүзөгө ашырууну жана кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан башка операцияларды, маалыматтарды жоготуудан, бурмалоодон, жасалмалоодон, жок кылуудан, көчүрүүдөн, санкцияланбаган кирүүдөн жана ар кандай башка (санкцияланбаган) кийлигишүүдөн коргоону камсыз кылууга тийиш 

Ошону менен бирге, онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казинонун ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди эске алуу менен, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы эл аралык талаптарга ылайык келүүсүнө мүмкүндүк бере турган ченемдик базаны камсыз кылуу үчүн «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу ченемдик укуктук актыларды актуалдаштыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт деп болжолдонууда.  

Банктык көзөмөлдүн натыйжалуу системасы нормалдуу жана кризис учурундагы экономикалык, финансылык шарттарда көзөмөл саясатын натыйжалуу иштеп чыгууга, жүзөгө ашырууга, контролдоого жана анын сакталышын камсыз кылууга жөндөмдүү болууга тийиш. Көзөмөл органдары банктарга же банк системасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы шарттарга жооп бере алышы керек. Ушуга байланыштуу Улуттук банк банктарды көзөмөлдөө органы болуп саналып, өз компетенциясынын чегинде, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу максатында онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөөнүн алкагында банктар үчүн жалпы талаптарды караштырууну зарыл деп эсептейт. 

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан тиешелүү иштерди жүргүзүү болжолдонуп жаткандыгын эске алуу менен, келечекте зарыл болгон учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары кошумча актуалдаштырылат. 

Оюн-зоок бизнесин баштоо үчүн маанилүү шарттардын бири банкта мерчант эсебин ачуу талап кылынат. Мерчант эсеп - бул онлайн-бизнес ансыз иштөөгө мүмкүн болбогон соода эсеби. Эсептин бул түрү VISA, Master Card жана башка дүйнөлүк бренддердин карталарынан төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет. Бул эсеп бизнестин 24/7 режиминде иштөөсүн камсыз кылат, анткени төлөмдөрдү күнүүнү кабыл алууну камсыз кылат. Ошондой эле, мерчант эсеп бизнестин географиясын кеңейткен ар кайсы өлкөлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мерчант эсеп бир катар талаптарга жооп берген юридикалык жакка гана ачылат. 

Банк ишинин эл аралык стандарттарына ылайык, банктардын онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөөсү транзакциялардын жогорку тобокелдүү түрүнө кирет.  

Бул киберчабуулдардын, алдамчылык схемалардын, террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (изин жашыруунун) ж.б. жогорку тобокелдиктери менен шартталган. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алуу менен, ошондой эле аларды азайтуу жана тиешелүү ички көзөмөлдү камсыз кылуу максатында, онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөө алкагында банктар үчүн тиешелүү талаптарды белгилөө зарыл 

2. Проблеманын масштабы 

Каралып жаткан маселенин масштабы «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык онлайн-казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөө алкагындагы коммерциялык банктардын ишине тиешелүү

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу онлайн-казино боюнча ишти жүзөгө ашыруучу кардарларды тейлөөдө ички контролду уюштуруунун алкагында банктар үчүн кошумча талаптарды белгилөө зарылдыгы келип чыкты. 

Оюн-зоок бизнеси дүйнөдөгү өтө тез өнүгүп келе жаткан жана кирешелүү бизнестердин бири.  

Ошол эле учурда, кумар оюндары салттуу түрдө банктар жана төлөм системалары жагынан жогорку тобокелдикке ээ. Мындай жагдай интернет эквайринг банк үчүн ар кандай тобокелдиктерди туюндургандыгы менен байланыштуу.  

Интернет-эквайрингдеги тобокелдиктер, биринчи кезекте, кызмат көрсөтүлгөн соодагерлердин сапатына байланыштуу. 

Интернет-эквайринг менен алектенип, санкцияларга жана айып пулдарга кабылбоо үчүн банктар эквайринг кардарларын кылдат көзөмөлдөп турушу керек. 

Буга байланыштуу төмөнкүлөр зарыл: 

· тастыкталган кесиптик программалык камсыздоо; 

· өзүнчө корголгон сервер; 

· жакшы абройго ээ болгон өлкөдө оюн-зоок бизнесин жүргүзүүгө лицензия; 

· көп валюталык мерчант-эсеби; 

· ишенимдүү банкта күндөлүк эсеби; 

· маркетинг стратегиясы. 

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, банктар онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган потенциалдуу кардардын бардык документтерин, атап айтканда, тиешелүү уруксат берүүчү документтерди, бизнес-планды, интернет-сайтты ж.б. кылдат текшерүүнү камсыз кылышы зарыл. 

Мындан тышкары, банктарга жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы кардарларды тейлөөнүн алкагында натыйжалуу ички контролдоо системасы керек.  

Сапаттуу ички контролдоо системасы банктарга онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарлардын ишинин алкагында тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк бериши керек. 

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, оюн-зоок ишинин субъекттерин тейлөөнүн алкагында банктардын тобокелдиктерин минималдаштыруу зарылдыгын эске алуу менен токтом долбоору даярдалган, ага ылайык, «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, онлайн-казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларга карата контролдоо чараларын камсыз кылуу максатында банк тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш болгон иш-чаралардын тизмегин белгилөө сунушталган. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кумар оюндары өнүгүп жатат. Европада (Черногория, Улуу Британия, Италия, Германия, Польша, Швейцария, Латвия, Литва, Румыния, Франция, Испания, Люксембург, Швеция ж.б.), Азияда (Индия, Түштүк Корея, Филиппин, Камбоджа, Шри-Ланка, Макао, Ливан ж.б.), Африкада (Египет, Ботсвана, Либерия, Марокко, Тунис, Намибия, Гана, Танзания, Кения, Түштүк Африка Республикасы ж.б.), Америкада (АКШ, Канада, Аргентина, Панама, Коста-Рика, Доминикан Республикасы, Никарагуа, Парагвай, Гондурас, Чили, Уругвай ж. б.), Австралия жана Океания (Австралия, Жаңы Зеландия, Вануату ж.б.). Айрым өлкөлөрдө, кумар оюндарынын ар кандай түрлөрүнүн жана мелдештердин мыйзамдуу болушуна карабастан, кумар оюндарын уюштуруучулардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат (Мексика, Түркия, Азербайжан, Исландия, Норвегия, Кипр (грек бөлүгү), Израиль, Бразилия ж.б.). 

Эл аралык тажрыйбаны изилдөөнүн алкагында оюн-зоок ишмердүүлүгүнө уруксат берилген өлкөлөрдө, мисалы, АКШда, Улуу Британияда, Швецияда мыйзам деңгээлинде аталган оюндардын уюштуруучуларына катуу талаптар коюлганын белгилей кетүү керек. Алсак, тийиштүү уруксат берүүчү документтерди алуу процессинен баштап жана Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча оюн-зоок ишинин уюштуруучулары тарабынан чараларды камсыз кылуу боюнча талаптарга чейин толук жана катуу талаптар коюлган. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, айып салуу, лицензиянын колдонулушун токтотуу же аны кайра алуу түрүндөгү жоопкерчиликтин кыйла катуу чаралары каралган.  

Улуу Британияда кумар оюндарын жөнгө салуучу негизги Мыйзам «Кумар оюндары жөнүндө» Мыйзам болуп саналат. Ошону менен бирге, ушул Мыйзамдын негизинде 2007-жылы Улуу Британиядагы кумар оюндарынын тармагын жөнгө салуу максатында лицензия берүүчү органдар менен бирдикте Улуу Британиянын кумар оюндары боюнча комиссия - мамлекеттин оюндарды расмий жөнгө салуучусу түзүлгөн, ал көпчүлүк оюн-зоок мекемелеринин иш-аракеттерин мыйзам ченемдеринин жоболоруна ылайык келишин контролдойт. Максаты - көйгөйлүү кумар оюндарынын алдын алуу жана акчаны изин жашырууга каршы аракеттенүү

Кумар оюндары жөнүндө жобого ылайык Комиссия тармакты жөнгө салууну жана колдонуудагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат, ошондой эле берилген лицензиялардын шарттарынын жана бардык лицензиаттар үчүн милдеттүү болгон жүрүм-турум кодекстеринин аткарылышын көзөмөлдөйт. Зарыл болгон учурда жөнгө салуучу кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга жана өткөрүүгө, кылмыш жолу менен алынган акчаларды изин жашырууга, спорттук жана башка тотализаторлордогу коррупцияга жол бербөө жана бөгөт коюу максатында чараларды көрөт. 

Комиссиянын интернет-сайтында операторлор акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерине өз алдынча баа берүүгө милдеттүү экенин кошумча белгилей кетүү керек 

Россия Федерациясында төрт оюн зонасы иштейт Алтай, Краснодар, Приморск крайлары жана Калининград облусунда. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, оюн-зоок бизнесине атайын оюн-зоок зонасында гана уруксат берилет, ал эми бир субъекттин аймагында мындай бир гана зона болушу мүмкүн. Маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде «Интернет» тармагын, ошондой эле байланыш каражаттарын пайдалануу менен Россия Федерациясынын аймагында кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларга тыюу салынат. 

«Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү максатында кредиттик уюмдун ички контролдук эрежелерине карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана терроризмди каржылоо тобокелдигин тескөө программасында кредиттик уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүн кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана терроризмди каржылоо максаттарында пайдалануу тобокелдиги кредиттик уюм тарабынан кардарларга тиешелүү кызматтарды көрсөтүү башталганга чейин да, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө да баа берүүсү каралууга тийиш. Ошону менен бирге Жободо терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин тескөө программасына киргизилген бир катар иш-чаралар каралган. Онлайн/виртуалдык казинонун уюштуруучулары үчүн өзүнчө ички көзөмөл талаптары каралган эмес. 

Беларусь Республикасында оюн-зоок бизнеси чөйрөсүндө иштин төмөнкү түрлөрүн жүзөгө ашырууга уруксат берилген:  

- букмекердик контораны кармоо; 

- виртуалдык оюн-зоок жайын кармоо; 

- оюн автоматтар залын кармоо; 

- казино кармоо; 

- тотализатор кармоо. 

Кумар оюндарынын төмөнкү түрлөрүн уюштурууга жана (же) өткөрүүгө уруксат берилет: 

- букмекердик оюн; 

- букмекердик онлайн оюн; 

- бинго оюну; 

- карта ойноо; 

- чакмак-таш оюну; 

- оюн автоматтарында ойноо; 

- тотализатор оюну; 

- онлайн карта оюну; 

- онлайн тотализатор оюну; 

- слот оюну; 

- цилиндрдик оюн (рулетка). 

Оюн-зоок бизнесин юридикалык жактар да, жеке ишкерлер да жүргүзө алышат. 

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга, террористтик ишти каржылоого жана массалык кыйратуучу куралдарды таратууну каржылоого жол бербөө чөйрөсүндөгү Ички контролдоо эрежелерине карата талаптар жөнүндө нускоодо банктык операцияларды жүзөгө ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга, террористтик ишти каржылоого жана массалык кыйратуучу куралдарды таратууну каржылоого жол бербөө чөйрөсүндө банктардын, банк эмес финансы- кредит уюмдарынын ички контролдоо эрежелерине карата талаптар белгиленген. 

Ошентип, Россия Федерациясында жана Беларусь Республикасында терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында ички контролду уюштурууга карата жалпы талаптар бар экендигин белгилей кетүү зарыл. Онлайн/виртуалдык казино уюштуруучуларынын ишмердүүлүгүн тейлөөнүн алкагында банктарга карата ички контроль боюнча өзүнчө талаптар жок. 

Жогоруда айтылгандай, банктар тарабынан онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөө транзакциялардын жогорку тобокелдүү түрүнө кирет. Эквайринг менен байланышкан тобокелдиктер эл аралык төлөм системаларынын документтеринде баяндалган: Visa брендин коргоо боюнча эрежелер жана чаралар Global Brand Protection Program (GBPP) документинде баяндалган, ушундай эле MasterCard программа Business Risk Assessment and Mitigation (BRAM) деп аталат.  

Ушуга байланыштуу, «Visa Global Brand Protection Programme Guide (GBPP) for acquirers» документинен айрым жоболорду келтирүү пайдалуу деп эсептейбиз, алар: (расмий эмес котормо: «Сатып алуучулар үчүн Visa (GBPP) брендин коргоо глобалдык программасы боюнча колдонмо») (мындан ары GBPP) жана «Revised Standards for the Business Risk Assessment and Mitigation (BRAM) Program» (расмий эмес котормо: Баалоо жана бизнес-тобокелдиктерди жеңилдетүү программасы үчүн кайра каралган стандарттар (BRAM) (мындан ары BRAM). 

GBPP бренд үчүн жогорку тобокелдиктеги сатуучулардын категорияларынын коддору (MCC), анын ичинде Интернеттеги кумар оюндары сыяктуу, тийиштүү көзөмөлсүз сатып алуучуну комплаенске, финансылык жана аброй жоготуу тобокелдиктерге дуушар кылышы мүмкүн экенин көрсөтөт. 

Ошол эле учурда, Visa Europe мүчөсү мыйзамсыз же тыюу салынган иш-аракеттерди аныктоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн ишенимдүү механизмди ишке киргизүүгө, алдын-ала сатып алуудан баштап, электрондук коммерцияны, анын ичинде онлайн кумар оюндарын жүргүзгөн учурдагы жана жаңы соодагерлерге туруктуу мониторинг жүргүзүүгө (эгер авторизация жана клиринг жөнүндө билдирүүдө башкача көрсөтүлбөсө) макул экендиги көрсөтүлөт. 

BRAM MasterCard кылмыш жолу менен алынган кирешелерди изин жашырууга тиешеси бар/алектенген кардарларды байкап турууга жана аныктоого чакырат.  

MasterCard ошондой эле, аталган документте эквайерлерге алардын кардарларынын иш-аракеттери MasterCard стандарттарына толук ылайык келиши үчүн алар жеке жоопкерчилик тартышарын эскертет. 

Эл аралык тажрыйбада онлайн казинолордун иши жогорку тобокелдиктеги тармак катары таанылгандыгын эске алуу менен, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун презентациясында интернет-эквайринг жаатындагы тобокелдиктер жана аларды минималдаштыруу жолдору көрсөтүлгөн. 

Аталган презентацияга ылайык, интернет-эквайрингдин алкагында төмөнкү тобокелдиктер белгиленген:  

Финансылык тобокелдиктер:  

- талашка түшкөн операциялар боюнча чыгымдар (чарджбэк);  

- фроддун деңгээлинен ашып кеткендиги, тыюу салынган иш жүргүзгөндүгү, иш эрежелерин бузгандыгы үчүн эл аралык төлөм системаларынан комиссиялар жана айыптар;  

- мыйзам талаптарына жооп бербегендиги үчүн Россия Банкынын айыптары. 

Укуктук жана аброй жоготуу тобокелдиктери:  

- банктын ишкердик аброюн жоготуусу;  

- кардарлар жана өнөктөштөр менен кызматташууну токтотуу;  

- карта ээлери тарабынан соттук доолордун кесепеттери. 

Тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуш катары банктар төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:  

- товарларды кошууда мерчанттарды көп деңгээлдүү текшерүү

- антифрод жана транзакцияларга мониторинг жүргүзүү системасы; 

- мерчанттардын кайрылуулары менен иштөө жана токтоосуз өз ара иш алып баруу. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөө менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында банктар үчүн ички контролдоо боюнча талаптарды белгилөө болуп саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу - Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ички контролдоо боюнча кошумча талаптарды белгилөө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү.  

Токтомдун долбоорун кабыл алуу банктарга онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөөнүн алкагында тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берген талаптарды камсыз кылууга багытталган. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнүн күтүлгөн натыйжалуулугу банктардын тобокелдиктерин азайтууга, ошондой эле баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырууда банктагы ички контролду уюштурууга багытталган. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага тийгизген таасири: токтом долбоору банктардын онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөөгө байланыштуу экономикага кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: жөнгө салуу ченемдери банктардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөөдө тобокелдиктерди азайтууну камсыз кылуу максатында банктарда ички контролдун тиешелүү деңгээлин камсыз кылууга багытталган. 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтомдун долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоор менен айрым ишкерлер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн оюн-зоок иши боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн.  

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда айтылгандардын негизинде токтомдун долбоору кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш, анткени ал төмөнкү аспектилердин ишке ашырылышын камсыз кылат: 

- онлайн казино/электрондук (виртуалдык) казино кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган кардарларды тейлөөгө байланыштуу банктын өз тобокелдиктерин аныктоо жана тескөө.  

- банктардагы ички контролдун тиешелүү деңгээлин. 

12. Тиркеме 

- Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.