Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары  

таануу жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»: 

- 3-пунктундагы «2020-жылдын 1-январы» деген сөздөр «2024-жылдын 1-январы» дегенге алмаштырылсын; 

2) 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»: 

- 2-пунктундагы «2020-жылдын 1-апрели» деген сөздөр «2023-жылдын 31-декабры» дегенге алмаштырылсын

3) 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»

- 2-пунктундагы «2020-жылдын 1-апрели» деген сөздөр «2024-жылдын 1-январы» дегенге, «2020-жылдын 1-октябры» деген сөздөр «2024-жылдын 1-марты» дегенге алмаштырылсын; 

3-пунктундагы «2020-жылдын 1-апрели» деген сөздөр «2023-жылдын 31-декабры» дегенге алмаштырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Коммерциялык банктар чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүн эсептөө жөнүндө жана банктын тобокелдик жагдайлары жөнүндө маалыматты (Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 14, 14.Г, 14.Д жана 18.И-бөлүктөрү) 2024-жылдын 1-мартынан тартып сунуштоо мөөнөтү белгиленсин.  

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

6. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКты, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө»  

токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорун калыбына келтирүү максатында жана Улуттук банк Башкармасынын токтомдорунда мурда белгиленген Улуттук банктын айрым ченемдерин жана талаптарын коммерциялык банктар тарабынан аткаруу мөөнөттөрүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.  

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоору менен Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому (мындан ары Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы токтому) менен COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу күчүнө кириши убактылуу токтотулган Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорун калыбына келтирүү сунушталат.  

1) 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

«Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жободо Базель II эл аралык стандарттарына ылайык банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна катышуучулардын банк системасына карата ачык-айкындуулук жана ишенимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында банктардын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар аныкталат жана системалуу маанилүү банктарга таркатылат. 

2) 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

Бул токтом банктарга чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүн эсептөө боюнча талаптарды белгилеген ченемдерди камтыйт. Аталган токтом менен, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун жаңы «Банктын тобокелдик жагдайлары жөнүндө маалымат» 18.И бөлүгү да киргизилген. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө тобокелдик жагдайлары жөнүндө маалымат банктар тарабынан Банктык көзөмөл башкармалыгынын кураторлоруна эркин форматта берилет. 

3) 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

«Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобо Базель III эл аралык стандарттарына ылайык ликвиддүүлүктү жабуу коэффициентин эсептөө тартибин белгилейт жана системалуу мааниге ээ банктарга таркатылат. 

Токтом долбоорунда 2024-жылдын 1-мартынан тартып банктар тарабынан Улуттук банкка тобокелдик жагдайлары, чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүк, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк жана дароо ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүн эсептөө боюнча маалыматтарды берүү мөөнөттөрүн белгилөө сунушталат. 

Банктар үчүн ликвиддүүлүктү жабуу коэффициентин эсептөө боюнча маалыматты берүүнүн мөөнөтүн 2024-жылдын 1-январынан тартып белгилөө сунушталууда. Ошону менен бирге 2024-жылдын 1-мартынан тартып банктар үчүн ликвиддүүлүктү жабуу коэффициентин сактоо талабын белгилөө сунушталууда. 

Эгерде Улуттук банк Башкармасынын жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорун калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алынса, Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы токтомун күчүн жоготкон катары таануу сунушталат. 

Токтом долбооруна ылайык, Улуттук банктын 3 ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөр киргизилүүдө

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4 жана 7-пунктчаларынын негизинде сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес. Себеби токтом долбоорунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы карама-каршылыктарга жол бербөө максатында, ошондой эле ченемдик укуктук актыны күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө ченемдер камтылган. Мындан тышкары, токтом долбоорунда Улуттук банк Башкармасынын токтомдорунда мурда белгиленген Улуттук банктын айрым ченемдерин жана талаптарын коммерциялык банктардын аткаруу мөөнөттөрүн тактоого байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү  

жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтом долбооруна 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Сунушталган редакция 

Акыркы редакция 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому  

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасы аныктаган тизмеге ылайык коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

3. Токтом 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасы аныктаган тизмеге ылайык коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна (кошо тиркелет) өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;  

- 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Токтом 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.  

3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябры № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

4. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

... 

2. Токтом 2023-жылдын 31-декабрынан тартып күчүнө кирет.  

3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябры № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

4. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

... 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобо (тиркелген) бекитилсин.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-9-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобого ылайык сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталган системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар:  

- 2020-жылдын 1-апрелинен тартып ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө маалыматтарды Улуттук банкка ай сайын сунуштасын;  

- 2020-жылдын 1-октябрынан тартып ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин сактоону камсыздашсын.  

3. Токтом 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобо (тиркелген) бекитилсин.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-9-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобого ылайык сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталган системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар:  

- 2024-жылдын 1-январынан тартып ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө маалыматтарды Улуттук банкка ай сайын сунуштасын;  

- 2024-жылдын 1-мартынан тартып ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин сактоону камсыздашсын.  

3. Токтом 2023-жылдын 31-декабрынан тартып күчүнө кирет.  

4. Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому 

COVID-19 пандемиясынан (мындан ары - коронавирус инфекциясы) улам жаралган жагдайга байланыштуу жана республиканын банк жана финансы системаларында туруктуулукту сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин төмөнкүлөр токтотулсун:  

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорунун аракети:  

- 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) токтомуна ылайык 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту) 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорунун күчүнө кириши:  

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;  

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ), 2022-жылдын 14-декабрындагы N 2022-П-12/78-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-январындагы № 2021-П-12/4-6-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык) 

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат. 

... 

күчүн жоготкон катары таанылсын