Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»

- 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө»; 

- 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө»; 

- 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын тобокелдиктерин тескөө жана алардын капиталы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКты, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «____»________ 

№_________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- расмий тилдеги 1-пунктундагы «депозитных» деген сөз «банковских» деген сөзгө алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча нускоонун: 

- мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- төмөнкү мазмундагы 5-1-пункту менен толукталсын: 

«5-1. Банкка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарларды сейф менен камсыз кылууда өз ара иш алып баруу жана жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу сунушталат, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу: 

- кардар менен баарлашууда этикеттин эрежелери; 

- банктын кызматкери жана кардар кызмат көрсөтүүнүн алкагында зарыл операцияларды ишке ашырган учурда кардарды коштоп жүрүү эрежелери; 

- эң ыңгайлуу тейлөө үчүн колдо болгон чараларды колдонуу; 

- эгерде кардар башка байланыш ыкмасын тандабаса, аны коштоп жүргөн адам менен эмес, кардар менен байланышуу; 

- процессте стресс жаратуучу факторлорду минималдаштыруу жана кардарларды тейлөө боюнча банктык жол-жоболорду толук (кеңири) түшүндүрүү.»; 

- 6-пунктундагы отуз экинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы отуз үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Көрүүсү же угуусу боюнча майып кардарды тейлөөдө банк кардардын каалоосу боюнча баалуулуктарды жеке банктык сейфинде сактоо келишиминин текстинин жана кардардын колу коюлуучу башка документтердин үн коштоосун/сурдокотормосун берүүсү зарыл. Банк орун алган тартип бузуулардан улам өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарга баалуулуктарды банктык жеке сейфте сактоо келишимине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын эске алуу менен кардар кол коюучу башка документтерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.»;  

- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Сактоо келишими кеминде эки нускада мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Сактоо келишиминин бир нускасы банкта калат, экинчиси кардарга берилет». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- мамлекеттик тилдеги 1-пунктунда «жөнүндө» деген сөз «боюнча» деген сөзгө алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоо»; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Банк кардарга эсеп ачуу учурунда документтердин каралган формаларын толтуруу эрежелери, чегерилген пайыздарды эсептөө тартиби жана башка маселелер боюнча милдеттүү түрдө түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш.  

Банкка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарларды сейф менен камсыз кылууда өз ара иш алып баруу жана жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу сунушталат, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу: 

- кардар менен баарлашууда этикеттин эрежелери; 

- банктын кызматкери жана кардар кызмат көрсөтүүнүн алкагында зарыл операцияларды ишке ашырган учурда кардарды коштоп жүрүү эрежелери; 

- эң ыңгайлуу тейлөө үчүн колдо болгон чараларды колдонуу; 

- эгерде кардар башка байланыш ыкмасын тандабаса, аны коштоп жүргөн адам менен эмес, кардар менен байланышуу; 

- процессте стресс жаратуучу факторлорду минималдаштыруу жана кардарларды тейлөө боюнча банктык жол-жоболорду толук (кеңири) түшүндүрүү.»; 

- 15-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Эсептешүүүндөлүк) эсеп - бул, акча каражаттарын сактоо жана банктардан тышкары, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан банктык төлөм карттарды колдонуу менен ишке ашырылган эсептешүүлөрдү (акчалай түшүүлөр, төлөөлөр, башка жеке адамдар же юридикалык жактар менен өз ара эсептешүүлөр, башка финансы-кредит уюмдарына которуулар) кошо алганда, күндөлүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган эсеп.»; 

- 24-пунктунун биринчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Көрүүсү же угуусу боюнча майып кардарды тейлөөдө банк кардардын каалоосу боюнча банктык эсеп келишиминин текстинин жана кардардын колу коюлуучу башка документтердин үн коштоосун/сурдокотормосун берүүсү зарыл.»; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Ушул Нускоонун талаптарына ылайык банкка берилген документтин түп нускасы чет тилде толтурулган болсо, банкка документтердин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилине которулган, котормо мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн котормосу сунушталышы зарыл.»; 

- 37-пунктунун он экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Келишим мамлекеттик тилде жана зарылдыгына жараша, расмий тилде, тараптардын ар бири үчүн бирден, кеминде эки нускада жазуу жүзүндө же документти келишимдин тарабы түзгөндүгүнө толук ынанууга мүмкүндүк берүүчү электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында түзүлүүгө тийиш.»; 

- 41-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 

- 43-пунктундагы: 

1-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, катталган жери;  

3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«3) мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо, юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) катталган юридикалык жактар үчүн юридикалык жактын ЭЭАнын субъекти катары эсептик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүү зарыл. Резидент эместер үчүн: Юридикалык жак түзүлгөн өлкөнүн соода реестринен фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмө же кардардын тиешелүү өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык, юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ;»; 

- мамлекеттик тилдеги 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн юридикалык жактын ЭЭАнын субъекти катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүү зарыл. Резидент эместер үчүн: Юридикалык жак түзүлгөн өлкөнүн соода реестринен фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмө же кардардын тиешелүү өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык, юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ;». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 6-пунктунун 4-пунктчасындагы «талаптар» деген сөздөн кийин «жана чектөөлөр» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 50-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«50. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинде финансылык абалынын начарлоо тенденциясы байкалган шартта, бирок ошол эле учурда, банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан Улуттук банктын минималдуу экономикалык ченемдери жана талаптары сакталган болсо, Улуттук банк банк эмес финансы-кредит уюмуна карата жаңы жана/же кыйла күчөтүлгөн экономикалык ченемдерди, талаптарды, чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.»; 

- 56-пунктунун 2-пунктчасындагы «ченемдери,» деген сөздөрдөн кийин «талаптар жана чектөөлөөр,» деген сөздөр менен толукталсын; 

Жобонун 2-Тиркемесиндеги: 

- 2-бөлүктүн 2-пунктунун экинчи абзацында «талаптар» деген сөздөн кийин «жана чектөөлөр» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- мамлекеттик тилдеги 12-пунктунун отузунчу абзацындагы «во внесудебном порядке» деген сөздөр алынып салынсын. 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Банк менен кардар ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим жана ага кошо тиркелүүчү банк кардарынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги, ошондой эле банк менен кардар ортосунда макулдашуунун негизинде түзүлүүчү башка макулдашуулар, мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде (зарылдыгына жараша, келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт. Бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат. Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө көрсөтүлүүгө тийиш. Кредиттик келишимде жана ага карата бардык тиркемелерде колдонулуучу шрифт бүтүндөй текст боюнча бирдей болууга жана кеминде 12 менен берилүүгө тийиш (көрүүсү начар кардар үчүн 16 шрифтен кем эмес). 

Мында обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада сунушталган кредиттер боюнча келишимдерге алардын келишим түзгөн тараптарга таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюу аркылуу тастыкталышы мүмкүн. 

Көрүүсү же угуусу боюнча майып кардарды тейлөөдө банк кардардын каалоосу боюнча кредиттик келишимдин текстинин жана кардардын колу коюлуучу башка документтердин үн коштоосун/сурдокотормосун берүүсү зарыл. 

Банк орун алган тартип бузуулардан улам, өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарга кредиттик келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын эске алуу менен кардар кол коюучу башка документтерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.»; 

- 41-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти (лизингди) каалаган убакта толугу менен же бөлүп төлөө аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучусунун бири кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн шартта, банк кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кат жүзүндө макулдугун сурашы мүмкүн;»; 

- 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«54. Күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Мында күрөө келишиминин тексти карыз алуучуга/күрөө коюучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш.»; 

Жобонун 1-тиркемесинин: 

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«5. Кредиттик келишим мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт»; 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт.»; 

Жобонун 2-тиркемесинин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Гарантиялык каттын түп нускасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде, ал эми зарыл болгон учурда, расмий тилинде таризделүүгө тийиш. Ошондой эле гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө камтылган шарттар сакталган учурда, чет тилинде да кошумча таризделиши мүмкүн.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 11-пунктунун жыйырма алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Катышуучулар түзгөн синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуу, ошондой эле, мисалы, банк жана эл аралык уюм тарабынан түзүлгөн башка макулдашуулар мамлекеттик тилде, зарыл учурда расмий тилде түзүлүүгө тийиш (зарылдыгына жараша, макулдашуунун тексти башка тилге которулушу мүмкүн).»; 

- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Кредиттик келишим жана күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик тилде, зарыл учурда расмий тилде түзүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, бул келишимдердин тексти карыз алуучунун кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш.  

Кредиттик таржымал уюштуруучу банкта түзүлөт жана сакталат. Кредиттик таржымалдын көчүрмөлөрү ар бир катышуучуда сакталышы мүмкүн.»; 

- 20-пунктунун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«Банк (банктар) менен карыз алуучунун ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим, ошондой эле тараптардын макулдашуусу боюнча, мисалы, банк (банктар) менен эл аралык уюмдун ортосунда түзүлгөн башка макулдашуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлүүгө тийиш (зарылдыгына жараша, келишимдин тексти башка тилге да которулушу мүмкүн).». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3.6-пунктунун бешинчи абзацындагы «Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы» деген сөздөр «Борбордук аппарат» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 3.11-пунктундагы «Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгына» деген сөздөр «Борбордук аппаратына» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Экономикалык ченемдердин аткарылгандыгы тууралуу отчет республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул Эрежелерге карата 2-тиркемеде келтирилген форма боюнча мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жарыяланып турууга тийиш.». 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5.2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2.1. Кредиттик союз менен катышуучу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Кредиттик келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санына жараша болууга тийиш. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Катышуучунун кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылат. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти жана анын тиркемелери бирдей шрифтте, кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш (көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес). 

Кредиттик союз кардардын талабы боюнча көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө кредиттик келишимдин текстинин жана кардардын колу коюлуучу башка документтердин үн коштоосун/сурдокотормосун берүүгө милдеттүү

Кредиттик союз орун алган бузуулардан улам өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кредиттик келишимге жана кардар кол койгон башка документтерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.»; 

Жобонун 1-тиркемесинин: 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө катышуучу менен кошумча түзүлгөн келишимдер.». 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин: 

- 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.6. МФК иш кагаздарын мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана/же расмий жана чет тилинде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилинде тариздетүүгө белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу болгон шартта гана жол берилет.»; 

- 7.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.9. МКК/МКА иш кагаздарын мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана/же расмий жана чет тилинде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилде тариздетүүгө мамлекеттик же расмий тилиндеги котормосу болгон шартта гана жол берилет.». 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 22-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде, кредиттик продукттун толук наркы жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттерди берүү шарттары жөнүндө;»; 

- 29-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. МФУ менен кардардын ортосунда, анын ичинде электрондук формада түзүлгөн, анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктаган, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт.»; 

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Катышуучунун кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылат. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти жана анын тиркемелери бирдей шрифтте, кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш (көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес). 

МФУ кардардын талабы боюнча көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө кредиттик келишимдин текстинин жана кардардын колу коюлуучу башка документтердин үн коштоосун/сурдокотормосун берүүгө милдеттүү

МФУ орун алган мыйзам бузуулардан улам өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кредиттик келишимге жана кардардын колу коюлуучу башка документтерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.»; 

Жобонун 1-тиркемесинин: 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле кредитти реструктуризациялоодо же мөөнөтүн узартууда, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн келишимдер.»; 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Күрөө жөнүндө келишим/Кепилдик берүү келишими мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде.». 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

5-тиркемесинин тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чет тилде сунушталуучу документтер же алардын көчүрмөлөрү мамлекеттик тилге, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилге которулуп, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.». 

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябры № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. ТСКК менен анын катышуучусу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Кредит боюнча келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ТСКК кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.»; 

- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Кредиттик келишимдин тексти катышуучуга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Кардардын кредиттик келишимдин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылуусу зарыл. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей жана кеминде 12 өлчөмүндө берилүүсү талап кылынат (көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес). 

ТСКК кардардын талабы боюнча көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө кредиттик келишимдин текстинин жана кардардын колу коюлуучу башка документтердин үн коштоосун/сурдокотормосун берүүсү зарыл. 

ТСКК орун алган тартип бузуулардан улам, өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кредиттик келишимге жана кардардын колу коюлуучу башка документтерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.»; 

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. ТСКК жана катышуучу ортосунда түзүлүүчү турак жай-сактык аманат (депозит) келишими, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ТСКК турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.»; 

- 45-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«45. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин тексти катышуучуга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Кардардын турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери анын өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылуусу зарыл. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей жана кеминде 12 өлчөмүндө берилүүсү талап кылынат (көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес). 

ТСКК кардардын талабы боюнча көрүүсү же угуусу начар кардарга кызмат көрсөтүүдө турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин текстинин жана кардардын колу коюлуучу башка документтердин үн коштоосун/сурдокотормосун берүүгө милдеттүү

ТСКК орун алган тартип бузуулардан улам өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине кол коюу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.»; 

Жобонун 2-тиркемесинин: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Кредиттик келишим мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлүүгө тийиш.»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлгөн Күрөө жөнүндө келишим.». 

 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат.». 

 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо» тартиби: 

- төмөнкү мазмундагы 5-2-абзац менен толукталсын: 

«Бардык кардарлар үчүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында, банктын веб-сайтында, мобилдик тиркемесинде же атайын программалык камсыздоосунда кардарлардын көрсөтүлгөн категориясы үчүн аралыктан идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүндүк берүүчү функциялар болушу зарыл. 

Функциялар колдонуудагы мыйзам актыларына жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш, коопсуздуктун жогорку деңгээлине кепилдик бериши, ошондой эле идентификациялоо процесси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген колдонуучулар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү болушун камсыз кылышы зарыл. 

Банк колдонуучулар үчүн тиешелүү нускоолорду жана колдонмолорду берүүгө, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун үзгүлтүксүз жакшыртуу максатында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарлардын пикирлерин эске алуу менен аралыктан идентификациялоо системасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө жана аны жаңыртып турууга милдеттүү.». 

 

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо» тартиби: 

- төмөнкү мазмундагы 5-1-абзац менен толукталсын: 

«Бардык кардарлар үчүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында, МФУнун веб-сайтында, мобилдик тиркемесинде же атайын программалык камсыздоосунда кардарлардын көрсөтүлгөн категориясы үчүн аралыктан идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүндүк берүүчү функциялар болушу зарыл. 

Функциялар колдонуудагы мыйзам актыларына жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш, коопсуздуктун жогорку деңгээлине кепилдик бериши, ошондой эле идентификациялоо процесси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген колдонуучулар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү болушун камсыз кылышы зарыл. 

МФУ колдонуучулар үчүн тиешелүү нускоолорду жана колдонмолорду берүүгө, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун үзгүлтүксүз жакшыртуу максатында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарлардын пикирлерин эске алуу менен аралыктан идентификациялоо системасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө жана аны жаңыртып турууга милдеттүү.». 

 

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 1.2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2.3. Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар - баалуу металлдардан жасалган жана маркировкаланган, Улуттук банк же баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган, аффинаждык ишкана /Кыргыз Республикасындагы баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан сертификатталган ишкана аркылуу эмитирленген (чыгарылган), салмагы 1000 граммды же андан азды түзгөн алтын куйманын лигатуралык салмагынын кеминде 99,95-99,99%, ал эми күмүш/платина куймасынын лигатуралык салмагынын кеминде 99,90% химиялык таза металлды камтыган баалуу металлдардан жасалган жана маркировкаланган баалуу металл куймалары.»;  

- 2.2-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартына ылайык өлчөнгөн куймаларды даярдап чыгаруучу ишканалар (Кыргыз Мамлекеттик стандарттар (КМС) 1281:2015) Кыргыз Республикасында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан өлчөнгөн куймалар түрүндө сертификацияланууга тийиш.». 

 

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелеринин: 

- 2.1-пункту: 

төмөнкү мазмундагы 16-пунктчасы менен толукталсын: 

«16) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу үчүн финансылык технологияларды иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.»; 

- төмөнкү мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Финансылык технологияларды иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөткөн туунду жана көз каранды компаниялар башка иштерди жүргүзүүгө укугу жок.». 

 

18. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча» нускоонун: 

- нускоонун 1-тиркемесинин «Аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон, бирок аманатчынын жана банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын өз ара чегеришүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында белгиленген суммадан ашык эмес компенсациянын суммасы» деп аталган 26-тилкеде «200000» деген сан «1000000» деген санга алмаштырылсын.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) туунду караштуу компаниялар жүзөгө ашырууга укуктуу иштин түрлөрүн кеңейтүү, банктар алар менен операцияларды жүргүзүүгө укуктуу баалуу металлдарга коюлган талаптарды кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаңы ченемдерине ылайык Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын актуалдаштыруу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтомдун долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр каралган: 

- банктарга иши маалымат технологиялары менен байланышкан туунду караштуу компанияларды сатып алуу жана/же түзүү мүмкүнчүлүгү берилген; 

- банктар алар менен операцияларды жүргүзүүгө укуктуу болгон баалуу металлдарга карата талаптар кеңейтилди; 

- майыптыгы бар адамдарды тейлөө боюнча талаптар белгиленди; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаңы ченемдерине, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин 2023-жылдын 27-июндагы 10-отурумунун протоколунун алкагында «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары актуалдаштырылган; 

- мамлекеттик тилди расмий тилге ылайык келтирүүгө тиешелүү техникалык өзгөртүүлөр. 

Ошентип, Долбоордо сунушталган өзгөртүүлөр ченемдик укуктук актылардын ар кандай талаптарын конкреттештирүүгө жана толуктоого багытталган. Өзгөртүүлөр колдонуудагы кемчиликтерди жана жетишпестиктерди четтетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын күчүнө кирген талаптары менен ченемдерди актуалдаштыруу максатында киргизилген.  

Токтом долбооруна ылайык, өзгөртүүлөр Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына киргизилет: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнунда № 19/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелери; 

 

 

- Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»; жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча» нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелери; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоо;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 токтому менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12\42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) токтому менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) токтому менен бекитилген Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын тобокелдиктерин тескөө жана алардын капиталы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча» нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобо. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттердин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлдү

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы № 2022-Пр-121/225-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын банктык жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

2023-ж. 10-августу __________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Санариптик экономиканын өнүгүү доорунда банк сектору санариптештирүүнү өнүгүү чөйрөсү катары техникалык жактан ишке ашыруунун флагмандарынын бири болуп саналат. 

Банк ишинде санариптик технологияларды колдонуу банктын андан аркы иштерди өркүндөтүү жана продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү боюнча чечимдерин түп-тамырынан бери өзгөртөт, ошондой эле банк чөйрөсүнүн жаңы деңгээлге өтүшүн камсыз кылуу менен өнүгүүнүн жаңы жолдорун ачат. 

Ушул жылдын россиялык Anbanking финтех-компаниясынын эксперттери Кыргыз Республикасынын банктарын санариптештирүү боюнча изилдөө жүргүзүштү, ал өлкөнүн бардык иштеп жаткан банктарын камтыды. 

Эксперттер Кыргызстандагы банк системасы - бул санариптештирүүнүн кыймылдаткычтарынын бири экенин, аны мамлекеттик деңгээлде да колдоп жатканын айтышты. Ошондуктан, банктык кызматтар акыркы бир нече жылда көптөгөн башка тармактардын өнүгүшүнөн озуп кетти. Финтех көбүнчө бизнес-процесстерди трансформациялоодо пионер болуп кызмат кылат, изилдөө көрсөткөндөй, «онлайн» атаандаштыкты түзүү үчүн жетиштүү кадам таштаган. 

Кыргызстандын 22 банкынын жеке жактар үчүн продуктулары боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы төмөнкүлөрдү көрсөттү

- Банктардын 45% дебеттик картаны алууга билдирмени онлайн тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет; 

- Банктардын 27% - онлайн авто кредит алуу; 

- Банктардын 25% - онлайн кредит картасын алуу; 

- Банктардын 23% - сайтта керектөө кредитин тариздөө

- Банктардын 22% - онлайн ипотекалык кредит берүү

- Банктардын 9% - онлайн автокредит алууга мүмкүнчүлүк берет; 

- Банктардын 5% - Аманатты онлайн тариздөө

Юридикалык жактар үчүн продуктулар боюнча: 

- Банктардын 18% автокредитти онлайн тариздөөгө мүмкүнчүлүгүн берет; 

- Банктардын 14% - бизнес үчүн онлайн кредит алууга мүмкүндүк берет; 

- 7% банктар-онлайн банк кепилдиктерин тариздейт; 

- 7% банктар - онлайн корпоративдик картаны тариздейт. 

Юридикалык жактар үчүн эсептик-кассалык операцияларды, депозиттерди жана эмгек акы долбоорун онлайн тариздөө кызматтары Кыргызстандын бир дагы банкында көрсөтүлгөн эмес. 

Бирок бүгүнкү күндө банктардын бардык эле ички ресурстары санариптик трансформация боюнча өз алдынча чечим кабыл алуу, ошондой эле банктын маалыматтык системасын сактоо жана кибер чабуулдардан коргоо жана тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууну жүзөгө ашыруу боюнча сапаттуу ишти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык банктар иши маалыматтык технологиялар менен байланышкан туунду/байланыштуу компанияларды сатып ала албай тургандыгын эске алуу менен, туунду/көз каранды компаниялардын иш түрлөрүн кеңейтүү банктарга ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет деп болжолдонот. 

Мында мындай туунду/көз каранды компаниялар банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу үчүн финансылык технологияларды иштеп чыгуудан башка иштерди жүзөгө ашыра алышпайт. 

Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү дагы бири актуалдуу маселе болуп саналат. 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар рыногунда аффинаждалган куймаларды даярдоого жана аларды коммерциялык банктар аркылуу сатууга ниеттенген жаңы ишканалардын түзүлүшү байкалууда. 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, банктар Улуттук банктын уруксаты боюнча баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу, алар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- сапаттын London good delivery эл аралык стандарттарына ылайык келүүгө жана баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясында листингден өткөн аффинаждоочу ишканаларда даярдалууга; 

- келишимдердин тиешелүү шарттарына ылайык, салмакты туюндуруу үчүн стандарттык куймаларга дал келтирүүчү катары колдонулган өлчөнгөн куймалар түрүндө даярдалууга; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук Стандарттарына ылайык өлчөнгөн куймалар түрүндө даярдалууга (Кыргыз Мамлекеттик Стандарты (КМС) 1281:2015). 

Жогорудагы талаптар банктарга бул талаптарга жооп бербеген ишканалар чыгарган куймалар менен иштөөгө жол бербейт, анткени КМС стандарттарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жок. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Бул аналитикалык каттын алкагындагы каралып жаткан проблема, иши түздөн-түз башкы банкты санариптик трансформациялоо, анын ичинде жаңы технологиялык чечимдерди киргизүү, банктык тейлөөнүн санариптик каналдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, кибер кылмыштардан коргоо ж. б. боюнча иштерди жүргүзүүгө багытталган банктарга туунду/көз каранды компанияларды сатып алуу укугун берүү жагында коммерциялык банктардын ишине тиешелүү

Туунду уюмда ресурстарды борборлоштуруу банктарга ар кандай МТ багыттары боюнча иш-аракеттерди натыйжалуу өнүктүрүүгө, анын ичинде кибер чабуулдардан коргонуу системасын натыйжалуу курууга мүмкүндүк берет. 

Баалуу металлдар боюнча жогоруда аталган проблеманы коммерциялык банктар да, аффинаждалган чендик уютмаларды даярдоочу ишканалар да көтөрүшкөнүн белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу, баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, аффинаждалган баалуу металлдарды финансы-кредиттик уюмдар аркылуу сатуу боюнча ишканаларга көмөк көрсөтүү максатында, банктарга белгиленген стандарттарга ылайык келген баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүнү карап чыгуу мүмкүн. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Токтом долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп рынокто санариптештирүүнү тез өнүктүрүү, банктарды санариптик трансформациялоонун алкагында процесстерди оптималдаштыруу зарылдыгы, ошондой эле баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү эсептелет. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Сунуш кылынган талаптар боюнча чет өлкөлүк тажрыйбасы каралды. 

 

Казахстан Республикасы 

Казакстан Республикасынын «Казакстан Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамынын (мындан ары Мыйзам) 11-1-беренесине ылайык, банк жана банктык холдинг Мыйзамдын 8-беренесинде берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында, ыйгарым укуктуу органдын алдын ала уруксаты болгондо гана туунду уюмду түзүшү же ага ээ болушу мүмкүн. 

Мыйзамдын 8-беренесине ылайык банктар төмөнкүлөрдүн уставдык капиталдарында акцияларды же катышуу үлүштөрүн түзүүгө, ошондой эле сатып алууга укуктуу: 

- жасалма интеллектти, блокчейнди жана башка инновациялык технологияларды колдонуу менен финансылык жана (же) төлөм кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын (Казакстан Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин); 

- интернет аркылуу маалыматтык системаны пайдалануу менен финансылык уюмдардын же эмитенттердин жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн ортосунда финансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча бүтүмдөрдү жасоо мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын (Казакстан Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин); 

- финансылык уюмдардын ишинде, анын ичинде алардын ишин автоматташтыруу үчүн пайдаланылуучу программалык камсыздоону иштеп чыгууну, ишке ашырууну, колдоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын (Казакстан Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин). 

Алсак, банктар Казахстан Республикасында банктар жасалма интеллектти, блокчейнди жана башка инновациялык технологияларды колдонуу менен финансылык жана (же) төлөм кызматтарын көрсөтүү, ошондой эле программалык камсыздоону колдоо үчүн туунду/караштуу компанияларды сатып алууга укуктуу. 

Казакстанда финтехтин өнүгүшү жалпы дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келет. Банктар санариптик компаниялар менен өнөктөштүккө жана экосистемаларды түзүүгө басым жасашат; кызматтар барган сайын жекелештирилип, финансылык жана финансылык эмес муктаждыктарды бир тиркемеде жабууга мүмкүндүк берет. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн максаты санариптик жана инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу коммерциялык банктар тарабынан банктык кызматтарды көрсөтүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу - Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы 26/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун бекитүү

Токтомдун долбоорун кабыл алуу коммерциялык банктарга банктын ишин өнүктүрүү боюнча банктын стратегиясын ишке ашыруу, маалыматтык жана инновациялык технологияларды колдонуу жолу менен санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен туунду/көз каранды компанияларды түзүүгө же сатып алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартына ылайык Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан даярдалган баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет (Кыргыз Мамлекеттик стандарттар (КМС) 1281:2015), эгерде баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган мындай ишканаларга көзөмөл жүргүзөт. 

Мындан тышкары, токтомдун долбоору менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин 10-отурумунун 2023-жылдын 27-июнундагы протоколунун алкагында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Токтомдун долбоору финтех чөйрөсүн өнүктүрүүнүн алкагында коммерциялык банктардын ишин жакшыртууга көмөктөшөт, ишканаларга да, коммерциялык банктарга да Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасирлер: 

1) экономикага таасири: токтомдун долбоору экономиканын негизги тармагы катары банк секторунун экосистемасын жакшыртууга багытталган; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: сунушталып жаткан өзгөртүүлөр керектөөчүлөрдүн керектөөлөрүн канааттандырууга, ошондой эле алардын банк тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөр санариптештирүү жаатында банк секторун өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө багытталган. Ошол эле учурда, мындай өнүгүүгө катарлаш, маалыматтык коопсуздуктун коркунучтары да бар. Банктар IT коопсуздук тобокелдиктерди тескөөнүн натыйжалуу системасын түзүшү керек. 

Кошумчалай кетсек, баалуу металлдар маселеси боюнча, эгерде Кыргыз Республикасындагы баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган аффинаждалган куймаларды өндүрүү боюнча стандарттардын сакталышын көзөмөлдөбөсө, анда сунушталган ченем иштебейт. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтом долбоорунун кабыл алынышы атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени документте жеке ишкердик субъекттери үчүн айрым жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу токтомдун долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат (koomtalkuu.gov.kg). 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жөнгө салуучу таасирди талдоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Мында жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан сунуштар жана сын-пикирлер берилген эмес. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Токтом долбоорунда банк секторуна, ошондой эле баалуу металлдар рыногуна көмөк көрсөтүү каралгандыктан, кабыл алууга сунушталды. 

 

12. Тиркеме 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.