Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет); 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын жана Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областтындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

` Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын  

2023-жылдын ___ _______ 

№_____токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 11 пунктун 3 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“ 3) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте бербеген жана бенефициардык ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды сунуштаган, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар;  

- 14-пункту төмөнкү мазмундагы 9 жана 10-пунктчалар менен толукталсын: 

«9) төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун иши; 

10) айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактардын иши; 

- 20-пункту төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын: 

«Банктын кызмат адамдары банктын директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, банк башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү, башкаруучу директорлор, шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, банктын кредиттер / каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, башкы бухгалтер, корпоративдик катчы, юридикалык кызматтын начальниги, ички аудит, тобокелдик-менеджмент, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчилери, функционалдык милдеттери боюнча жогоруда аталган кызмат адамдарына теңдештирилген адамдар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын орун басарлары, филиалдардын директорлору жана башкы бухгалтерлери. «Банктын кызмат адамдары» дегенде, акысыз негизде иштегендигине же сый акы алгандыгына карабастан, банктын саясатын аныктаган же банктын саясатын түзүүчү негизги операцияларына катышкан же ага катышууга ыйгарым укуктуу адамдарды түшүнүүгө болот.»; 

- 29-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Банкты уюштурууга уруксат алуу үчүн өтүнүч ээси төмөндө көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик жана расмий тилдеги түп нускасын же алардын талаптагыдай негизде тариздетилген көчүрмөлөрүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш: 

- 29-пункту төмөнкү мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын: 

«21) тобокелдиктерди баалоо, контролдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү каралган, чет өлкө валютасындагы банк операциялары боюнча ишти жөнгө салуучу, бекитилген ички документтер (саясаттар).»; 

- 30-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 

- 37-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. Ислам банкын уюштурууга уруксат алуу үчүн өтүнүч ээси төмөндө көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик жана расмий тилдеги түп нускасын же алардын талаптагыдай негизде тариздетилген көчүрмөлөрүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш: 

- 37-пункту төмөнкү мазмундагы 23-пунктча менен толукталсын: 

«23) тобокелдиктерди баалоо, контролдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү каралган, чет өлкө валютасындагы банк операциялары боюнча ишти жөнгө салуучу, бекитилген ички документтер (саясаттар).»; 

- 38-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 59-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде уюштуруучунун (акционердин) каражаттары Кыргыз Республикасына чет өлкө банктарынан которулса, анда мындай банктар (Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду банктарды капиталдаштыруучу башкы банктарды кошпогондо) төмөнкү кредиттик рейтингдердин бирине ылайык келүүгө тийиш:»; 

- 61- пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кийинчерээк банктын капиталына чектүү катышууга таасирин тийгизбеген уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан акционердин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан акцияларга ээлик кылуу укугу өткөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде сатылып алынган үлүштүн суммасында акцияларды төлөгөндүгүн ырастоочу документти тапшыруу менен чектелишет.» 

- 62-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«62. Банктын бардык уюштуруучуларынын (акционерлеринин) юридикалык иш көктөмөлөрүн жана банкты түзүүдө уставдык капиталды калыптандыруу, андан ары уставдык капиталдын өлчөмүн (төлөм документтеринин, уставдык капитал өлчөмүн өзгөртүүгө байланыштуу чечимдердин көчүрмөлөрүн жана башка документтерди кошо алганда), акциялар санын жана банк акционерлеринин курамын өзгөртүү боюнча баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн өзүнчө номенклатуралык номер ыйгаруу менен банк тарабынан өзүнчө көктөмөдө сакталууга жана алар туруктуу сактоо мөөнөтүнө ээ болууга тийиш. Банк бул папкалардын (юридикалык иш көктөмөлөрүнүн) талаптагыдай түзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылууга жооптуу адамды аныктоого тийиш. 

Уюштуруучулардын (акционерлердин) юридикалык иш көктөмөлөрүндө ушул Жободо каралган банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуу жөнүндө бардык маалымат, ал эми банктын акцияларынын он пайызынан азына ээ болгон акционерлер (уюштуруучулар) боюнча ушул Жобонун 125-1 жана 125-2-пункттарына ылайык маалымат камтылууга тийиш.»; 

- 63-пункту төмөнкү мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын: 

«13) банктын техникалык жактан жабдылышын, анын ичинде жабдууларга карата талаптарды камсыз кылуу, алар аткарылуучу операциялардын болжолдонгон чөйрөсүнө шайкеш болууга тийиш.»; 

- 82-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинде баалуу металл менен операциялар белгиленсе, банк операцияларды накталай жана/же накталай эмес түрдө жүргүзө алат:»; 

- 83-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) уставдык жана өздүк (жөнгө салынуучу) капиталдарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш; 

- төмөнкү мазмундагы 84-1-пункт менен толукталсын: 

«84.1. Башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттуу жана өлчөнгөн куймалар жана жогорку сапат белгисине ээ күмүш, алтын, платинадан монеталар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүдө банктар төмөнкү талаптарды сактоого милдеттүү

1) башка коммерциялык банктардан, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан белгиленген мөөнөткө өз атынан металл эсептерин жүргүзүү жана баалуу металлдарды тартуу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн: 

өткөн финансылык жыл үчүн жана өтүнүч берүү учурунда экономикалык ченемдер боюнча талаптарды бузуу фактысынын жоктугу; 

2) баалуу металлдарды башка банктарда ачылган металл эсептерине өз атынан белгилүү бир мөөнөткө жайгаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн:  

өткөн финансылык жыл үчүн жана өтүнүч берүү учурунда экономикалык ченемдерге коюлган талаптарды бузуу фактысынын жоктугу; 

- банктын иши өткөн 2 (эки) жыл ичинде жана өтүнүч берүү учурунда чыгымсыз болуу; 

өткөн финансылык жыл үчүн жана өтүнүч берүү учурунда банкка жана банктын кызмат адамдарына карата Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин, Улуттук банк Башкармасынын токтомдору боюнча көрүлгөн таасир этүү чараларынын жоктугу; 

3) банктарга баалуу металлдар менен кредиттерди берүү жана банктардан баалуу металлдар түрүндө кредиттерди алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө

өткөн финансылык жыл үчүн жана өтүнүч берүү учурунда экономикалык ченемдерге коюлган талаптарды бузуу фактысынын жоктугу; 

- банктын иши өткөн 2 (эки) жыл ичинде жана өтүнүч берүү учурунда чыгымсыз болуу; 

4) баалуу металлдарды өз атынан сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды өз эсебинен жүргүзүүгө

өткөн финансылык жыл үчүн жана өтүнүч берүү учурунда экономикалык ченемдерге коюлган талаптарды бузуу фактысынын жоктугу; 

- банктын иши өткөн 2 (эки) жыл ичинде жана өтүнүч берүү учурунда чыгымсыз болуу; 

5) баалуу металлдарды өз атынан сатып алуу-сатуу боюнча операцияларды кардардын эсебинен жүргүзүүгө

өткөн финансылык жыл үчүн жана өтүнүч берүү учурунда экономикалык ченемдерге коюлган талаптарды бузуу фактысынын жоктугу; 

- банктын иши өткөн 2 (эки) жыл ичинде жана өтүнүч берүү учурунда чыгымсыз болуу; 

өткөн финансылык жыл үчүн жана өтүнүч берүү учурунда банкка жана банктын кызмат адамдарына карата айып пул, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин, Улуттук банк Башкармасынын токтомдору боюнча көрүлгөн таасир этүү чараларынын жоктугу; 

- банктын абалынын начарлашынын натыйжасында Улуттук банктын атайын көзөмөлүндө болбоо; 

6) баалуу металлдарды пайдалануу менен туунду финансылык инструменттер менен операцияларды жүргүзүүгө

өткөн финансылык жыл үчүн жана өтүнүч берүү учурунда экономикалык ченемдерге коюлган талаптарды бузуу фактысынын жоктугу; 

- банктын иши өткөн 2 (эки) жыл ичинде жана өтүнүч берүү учурунда чыгымсыз болсо. 

- 94-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана документтердин топтому толук берилбеген учурда, банкка жеткире иштеп чыгуу жана сын-пикирлерди четтетүү зарылдыгы жөнүндө кат жөнөтүлөт. Банк 60 (алтымыш) календардык күндөн кечиктирбестен, сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди Улуттук банкка берүүгө милдеттүү. Жеткире иштелип чыккан документтер белгиленген мөөнөттөрдө берилбеген учурда, Улуттук банктын төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелери боюнча орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн чечиминин негизинде, Улуттук банк банктын өтүнүчүн кароону токтотот. Банктын өтүнүчүн кайра кароо үчүн, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген жана банктын финансылык абалындагы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Улуттук банкка жаңыланган өтүнүчтү жана документтер топтомун жөнөтүүгө милдеттүү.»; 

- 113-пункту: 

- төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын: 

«8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан акционердин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга: 

- банктын капиталына чектүү катышууну алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими; 

- ушул Жобонун 16-тиркемесинин формасы боюнча анкетага ылайык маалыматтар; 

- банктын капиталына катышууга (акцияларды сатып алууга) арыз берүүчү тарабынан жөнөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтарды тастыктоочу документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен. Эгерде Кыргыз Республикасынын бюджети каражаттардын келип чыгуу булагы болуп саналса, арыз берүүчү бул маалыматты ушул Жобонун 112-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү документти бар болсо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси/токтому) кошо тиркөө менен арызда чагылдырууга милдеттүү жана мындай учурда акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын ырастоочу документтер берилбейт; 

- акцияларга менчик укугу өткөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде сатылып алынган үлүштүн суммасында акциялардын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ; 

- төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган документтердин бири катары салык/финансылык декларация берилген учурда, буга кошумча чыгарылган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын декларантка тиешелүү салык декларацияларынын аныктыгын жана толуктугун ырастоочу документи/маалымкаты берилет. 

Эгерде кийинчерээк Улуттук банкка банктын капиталына багытталган акча каражаттарынын келип чыгышынын мыйзамсыздыгы тууралуу маалымат келип түшсө, Улуттук банк акча каражаттары чыккан өлкөнүн салык салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына субъекттин жеке маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга макулдугунун негизинде, берилген маалыматты кайчылаш текшерүү зарылдыгы жөнүндө суроо-талап жөнөтүшү мүмкүн (Жобонун 33-тиркемеси).»; 

- 120-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кийинчерээк банктын капиталында чектүү катышууга ээ болгон акционер банктын кийинки чекке жетпеген акцияларына ээ болгондо, акционер Улуттук банкка акча каражаттарынын келип түшкөн булагы жөнүндө маалыматты жана акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин көчүрмөсүн же анын негизинде менчик укугу өткөн башка документти жана акцияларды төлөө фактысын ырастоочу документтерди да берет.»; 

- 125-2-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган документтердин бири катары салык/финансылык декларация берилген учурда, буга кошумча чыккан өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын декларантка тиешелүү салык декларацияларынын аныктыгын жана толуктугун ырастоочу документи/маалымкаты берилет. 

Эгерде кийинчерээк Улуттук банкка банктын капиталына багытталган акча каражаттарынын келип чыгышынын мыйзамсыздыгы тууралуу маалымат келип түшсө, Улуттук банк акча каражаттары чыккан өлкөнүн салык салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына субъекттин жеке маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга макулдугунун негизинде, берилген маалыматты кайчылаш текшерүү зарылдыгы жөнүндө суроо-талап жөнөтүшү мүмкүн (Жобонун 33-тиркемеси).» ; 

- 126-пунктунун: 

- 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин тескеген башкаруучу директор;»; 

- 126-пункту 14-пунктча менен толукталсын: 

«14) корпоративдик катчы;»; 

- 134-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

1) жогорку билими жөнүндө жана тастыктаган диплому жана акыркы он жыл аралыгында экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде үч жылдык эмгек стажы (тажрыйбасы) болууга. Ошол эле учурда, тобокелдиктерди тескөө жана аудит боюнча комитеттердин төрагаларынын кызмат ордуна талапкерлердин акыркы он жыл ичинде банк/финансы маселелери чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес эмгек стажы (тажрыйбасы) болушу зарыл.»; 

- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Мыйзамда белгиленген максаттарга жетишүүнү камсыз кылуу, ошондой эле белгилүү бир милдеттерди чечүү максатында, Улуттук банк капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү 50 (элүү) жана андан ашык пайызды түзгөн банктын директорлор кеңешинин мүчөсүнүн (акционер-мамлекеттин квотасы боюнча) кызмат ордуна коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түздөн-түз зарыл болгон багыттар боюнча квалификацияга ээ жана компетенттүү, жогорку билимге, кынтыксыз иш аброюна ээ жана Жобонун ушул пунктунун 3 жана 5-пунктчаларында коюлган талаптарга жооп берген бир талапкерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 

- 138-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) - ошол банктын кызматкери болбогон же банк менен байланыштуу кайсы болбосун юридикалык жактын акыркы беш жыл ичинде кызматкери болуп иштебеген. Эгерде банк менен байланышы бар юридикалык жактар мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү менен (банктардан жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынан тышкары) юридикалык жактар болуп саналса жана банк менен байланышы банктын жана юридикалык жактын капиталында мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан мамлекеттин катышуусунун негизинде гана аныкталса, ушул талап директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздык критерийлерине ылайыксыздыгынын негизи катары колдонулбайт. 

- 144-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын директорлор кеңешинин, шариат кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн, Аудит боюнча комитеттин жана Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагаларын, корпоративдик катчысын эске албаганда, Жобонун  

126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- 144-пунктунун б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«төраганын орун басарларын (вице-президенттин, башкы менеджердин орун басарын, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчисинин орун басарын), башкарманын башка мүчөлөрүн, тобокелдик-менеджменти кызматынын жана комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчилерин банк жана/же финансы системасында үч жылдан кем эмес, банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин адистештирилген багыттар боюнча гана тескөөгө алган (кибер коопсуздук жана маалыматтык технологиялар, коопсуздукту камсыз кылуу, юридикалык колдоо маселелери) башкарманын мүчөсү, банк жана/же финансы системасында үч жылдан кем эмес жана/же жогоруда аталган маселелер боюнча иш алып барган уюмдарда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш;». 

- 144-пунктунун г) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«кредиттик иш үчүн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоо үчүн, активдер менен пассивдерди жана «ислам терезесин» башкаруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн башкаруучу директорлорун, жетекчилерин банк жана/же финансы системасында кеминде эки жыл". 

- төмөнкү редакциядагы д) пунктчасы кошулсун. 

«башкарманын мүчөсү болуп саналган/саналбаган жана банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин адистештирилген багыттар боюнча гана тескөөгө алган (кибер коопсуздук жана маалыматтык технологиялар, коопсуздукту камсыз кылуу, юридикалык колдоо маселелери) башкаруучу директордун банк жана/же финансы системасында 2 (эки) жылдан кем эмес жана/же жогоруда аталган маселелер менен алектенген уюмдарда 3 (үч) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш.» 

- төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Корпоративдик катчы төмөнкү талапка жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билиминин болушу; 

- талапкерлигин макулдашуу жөнүндө өтүнүч берилген датага чейинки 5 (беш) жыл ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган билим берүү уюмдарынан алынган «корпоративдик башкаруу» багыты боюнча тийиштүү сертификаты болуусу зарыл.»; 

- 158-пункту төмөнкү мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын: 

«10) буга чейин финансылык иш чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары банк жана/же финансылык иш менен байланышкан иш чөйрөсүндө иштеген кызмат адамы да Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 45-беренесинде жана ушул Жобонун 20-главасында көрсөтүлгөн макулдашуудан баш тартуу үчүн негиздердин жоктугун ырастоо үчүн, акыркы 7 (жети) жылда соттуулугу бар (жок) жана терс маалымат бар (жок) экендиги жөнүндө документтердин түп нускасын берет (чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген). 

Финансылык иштин түрлөрү жана банктык жана/же финансылык иш менен байланышкан иш-аракеттер ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн.»; 

181-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

« Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралгандан башка учурларда, филиалдын ишин токтотууга болбойт.»; 

- 183-пунктунун 6) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«6) филиалдын ишинин банктын стратегиялык максаттарына жетүүсүнө жана банктын болжолдонгон кирешелүүлүгүнө тийгизген таасири бөлүгүндө филиалдын бизнес-планы (маселелердин тизмеси 7-тиркемеде келтирилген);»; 

- 186-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«186. Банктын филиалы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин банк 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалымкатты (күбөлүгүн) кошо тиркөө менен уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жана Филиал жөнүндө жобонун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси менен уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү

- 196-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«196. Банктын филиалы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин банк 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалымкатты (күбөлүгүн) кошо тиркөө менен уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жана Филиал жөнүндө жобонун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси менен уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү

212-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Филиалды ачууга уруксат (лицензия) алуу үчүн чет өлкөлүк банк Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускаларын же тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн алардын кыргыз жана орус тилдериндеги көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык легалдаштырылган төмөндөгү документтерди берет:»; 

- 226 пункту  төмөнкү редакцияда берилсин: 

Банк өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндөн кийин беш жумуш күнү ичинде өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн банк тарабынан тастыкталган көчүрмөсү жана мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошо тиркелген тиешелүү билдирүү катты Улуттук банкка сунуштоого тийиш.   

- 304-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

304. Банк мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү

1) уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалымкаттын (күбөлүктүн) көчүрмөсүн; 

2) юридикалык жактарды мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиси менен уставдын жаңы редакциясынын уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн.». 

- 390-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«390. Банкты кайра өзгөртүп түзүү жол-жобосунун алкагында "өтмө" банкты түзүүгө Улуттук банктан уруксат алуу үчүн ыйгарым укук чегерилген адам Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускаларын же тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн алардын кыргыз жана орус тилдериндеги көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш:»; 

- 408-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«408. МФК банк түзүүгө уруксат алуу үчүн документтердин түп нускасын же тиешелүү негизде тастыкталган алардын мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн ушул жобонун 29-32-пункттарына ылайык Улуттук банкка сунуштайт.» 

- 1-пункттун 7-пунктчасынын 3-абзацы 15-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- акыркы 3 (үч) жыл ичинде дисциплинардык жаза чаралары колдонулса, кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартылса (ооба/жок).   

- 8-пункт 17-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Аны менен өтүнүч ээси корреспонденттик мамилелерде болгон Кыргыз Республикасынын банктарын атап көрсөткүлө. Аларга өтүнүч билдирген банк кайсы болбосун түрдөгү кредиттик линияларды берген коммерциялык банктарды жана мындай кредиттик линиялардын суммасын көрсөткүлө». 

- 13-пункт 17-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Өтүнүч билдирген банк түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдөгү талаптарга жооп берүүчү жана өтүнүч билдирген банкка тиешелүү маалыматтарды берүүчү көзөмөл органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнүн (кыргыз, орус жана англис тилдеринде), анын электрондук почта дарегин көрсөтүңүз:» 

- 16-пункттун 7-пунктчасынын экинчи абзацы 17-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

"7) - дисциплинардык жазалар колдонулса, кылмыш иш козголсо (ооба/жок). 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) документтерге, айрыкча банктардын капиталына чектүү катышууга ээ болууда жеке адамдардын жана юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясына талаптарды, кызмат адамдары-резидент эместер тарабынан сунушталуучу документтерге карата талаптарды, тобокелдиктерди тескөө боюнча жана аудит боюнча комитеттердин төрагаларына, банктардын корпоративдик катчысына, айрыкча банктардын директорлор кеңешинин банктын капиталына 50 (элүү) жана андан ашык пайыздык катышуу үлүшүнө ээ мүчөлөрүнө карата талаптарды, башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалары түрүндө баалуу металлдар менен банк операцияларын жүргүзүү укугуна, ошондой эле техникалык мүнөздөгү башка өзгөрүүлөргө уруксат алууда банктарга карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Эффективдүү банктык көзөмөлдүктүн базель принциптерине ылайык лицензиялоо процесси банктын менчигинин жана башкаруу (башкарманын жана жогорку жетекчиликтин мүчөлөрүнүн талапка жооп беришин жана шайкештигин кошо алганда) түзүмүн, анын кыйла кеңири тобун, ошондой эле стратегиялык жана операциялык планын, ички контролдукту, тобокелдиктерди жана долбоорлонгон финансылык абалын (капиталдык базасын кошо алганда) тескөөнү баалоодон турат. Көзөмөл органы көзөмөлдү жүзөгө ашырууга жана көзөмөл ресурстарын банктардын тобокелдик деңгээлин жана системалуу жактан маанилүүлүгүн эске алуу менен пропорционалдуу негизде колдонууга өбөлгө түзгөн методдордун жана каражаттардын тиешелүү спектрин колдонот.  

Ошентип, түпкү бенефициарды жана олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башкаларды кошо алганда, банктын негизги акционерлеринин талапка жооп беришин аныктоо, ошондой эле менчик түзүмүнүн жана капитал булагынын ачык айкындуулугун жана акционерлердин зарыл учурда кошумча экономикалык колдоо көрсөтүү жөндөмдүүлүгүнө баа берүү максатында, сунушталуучу документтерге карата кошумча талаптарды белгилөө сунушталат.  

Байкоо органынын, анын ичинде банктын милдеттүү комитеттеринин төрагасынын жана корпоративдик катчысынын ээлеген кызматына шайкештигин текшерүү жана тиешелүү квалификациясынын жоктугуна шектенүүлөрдү жокко чыгаруунун алкагында иш стажына жана сертификаттарынын болушу жагында талаптар белгиленген.  

Ошону менен бирге мыйзам чегинде белгиленген талаптарга жетишүүнү камсыз кылуу, ошондой эле белгилүү бир негизде аныкталган маселелерди чечүү үчүн банктын капиталына мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ банктын директорлор кеңешинин курамына тандоо критерийлери боюнча өзгөчөлүктөр киргизилген.  

Мындан тышкары, токтом долбоорунда баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат алууда кыйла жогорку талаптарды белгилөө сунушталат. Бул нормалар тышкы факторлордун таасирин, ошондой эле финансылык турктуулукту аныктоону жана жалпысынан банктын абалын иликтөөнү эске алуу менен сунушталат.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Бул бөлүк коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча толукталат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Кароого сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Аталган токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашырууда кошумча финансылык каражат талап кылынбайт. 

 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча маалымат 

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине карата ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

____________________________ 

(кызматы) 

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы) 

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 10-ноябрындагы №2022-Пр-171/239-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Лицензиялоо башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу.  

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

______________ __________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

А.К. Садыров, Улуттук банктын Лицензиялоо башкармалыгынын начальниги 

 

________ 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

З.Ш. Осокеева, тел.: 31-30-96, zosokeeva@nbkr.kg 

 

 

 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Банктардын ишин лицензиялоо, ошондой эле банктардын капиталына чектүү катышууга ээ болуу боюнча документтерди андан ары кароонун алкагында Улуттук банк акционерлердин (уюштуруучулардын), анын ичинде банктардын акцияларын сатып алган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын финансылык документтери боюнча так маалыматтарды алуу маселелерине дуушар болот. 

Ошондой эле коммерциялык банктардын кызмат адамдарын кароонун жана белгилүү бир кызмат орундарына талапкерлер менен аңгемелешүүнүн алкагында, алардын сунушталган кызмат орундарына шайкештиги, атап айтканда, банктык/финансылык стажы (тажрыйбасы) жок кызмат адамдары боюнча суроолор пайда болот. 

Банк мыйзамдарына ылайык банктын корпоративдик катчысы кызмат адамы болуп саналат. Мында банк мыйзамдарында талаптар каралган эмес. Корпоративдик катчынын өз милдеттерине шайкештигин аныктоо максатында алар үчүн минималдуу талаптар белгиленген.  

Мындан тышкары, банктардын ишин иликтөөнүн алкагында банктардын ишин кеңейтүүгө уруксат берүүдө, кризистик кырдаалдар келип чыккан учурда банктардын финансылык туруктуулугу боюнча суроолор жаралат. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Банктардын капиталында чектүү катышууга ээ болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан Улуттук банкка берилүүчү документтерге карата болушунча минималдуу талаптар. Комитеттердин төрагаларына банк жана/же финансы чөйрөсүндө милдеттүү иш стажысынын (тажрыйбасынын) болушу, банктардын корпоративдик катчыларына карата талаптардын жоктугу. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Калктын жана компаниялардын аманаттарын топтоочу жана рынок экономикасында инвестициялык процесстерди камсыз кылуучу финансылык ортомчу катары банктардын өзгөчө ролу Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында алардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө зарылдыгын аныктайт. 

 

Ошентип, түпкү бенефициарды жана олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башкаларды кошо алганда, банктын негизги акционерлеринин талапка жооп беришин аныктоо, ошондой эле менчик түзүмүнүн жана капитал булагынын ачык айкындуулугун жана акционерлердин зарыл учурда кошумча экономикалык колдоо көрсөтүү жөндөмдүүлүгүнө баа берүү максатында, сунушталуучу документтерге карата кошумча талаптарды белгилөө сунушталат.  

Байкоо органынын, анын ичинде банктын милдеттүү комитеттеринин төрагасынын жана корпоративдик катчысынын ээлеген кызматына шайкештигин текшерүү жана тиешелүү квалификациясынын жоктугуна шектенүүлөрдү жокко чыгаруунун алкагында иш стажына жана сертификаттарынын болушу жагында талаптар белгиленген.  

Ошону менен бирге мыйзам чегинде белгиленген талаптарга жетишүүнү камсыз кылуу, ошондой эле белгилүү бир негизде аныкталган маселелерди чечүү үчүн банктын капиталына мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ банктын директорлор кеңешинин курамына тандоо критерийлери боюнча өзгөчөлүктөр киргизилген.  

Мындан тышкары, токтом долбоорунда баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат алууда кыйла жогорку талаптарды белгилөө сунушталат. Бул нормалар тышкы факторлордун таасирин, ошондой эле финансылык турктуулукту аныктоону жана жалпысынан банктын абалын иликтөөнү эске алуу менен сунушталат.  

Ошентип, банк системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана бекемдигин арттыруу, ошондой эле банктардын, алардын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын ишенимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында, «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.  

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Сунушталган ченемдердин көпчүлүгү өлкөнүн улуттук мыйзамдарынын өзгөчөлүгү болуп саналат, алар эл аралык стандарттарга жана Базель комитетинин талаптарына каршы келбейт. 

Эффективдүү банктык көзөмөлдүктүн базель принциптерине ылайык лицензиялоо процесси банктын менчигинин жана башкаруу (башкарманын жана жогорку жетекчиликтин мүчөлөрүнүн талапка жооп беришин жана шайкештигин кошо алганда) түзүмүн, анын кыйла кеңири тобун, ошондой эле стратегиялык жана операциялык планын, ички контролдукту, тобокелдиктерди жана долбоорлонгон финансылык абалын (капиталдык базасын кошо алганда) тескөөнү баалоодон турат. Көзөмөл органы көзөмөлдү жүзөгө ашырууга жана көзөмөл ресурстарын банктардын тобокелдик деңгээлин жана системалуу жактан маанилүүлүгүн эске алуу менен пропорционалдуу негизде колдонууга өбөлгө түзгөн методдордун жана каражаттардын тиешелүү спектрин колдонот.  

Лицензия берүүчү орган банктын негизги акционерлеринин, анын ичинде түпкү бенефициарлардын жана олуттуу таасирин тийгизе турган башкалардын талапка жооп беришин аныктайт. Ошондой эле менчик түзүмүнүн жана баштапкы капитал булактарынын ачык-айкындуулугуна жана зарыл учурда кошумча экономикалык колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүүлүгүнө баа берет.  

Уруксат берилген учурда лицензиялоочу орган банк башкармасынын сунуш кылынган мүчөлөрүнүн жана жогорку жетекчилигинин кесипкөйлүгүнө (талапка жооп беришине жана шайкештигине), таламдардын каршы келип калышы ыктымалдуулугуна баа берет. Талапка жооп бериши жана шайкештиги критерийлери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: (I) банктын маанилүү финансылык операциялары боюнча жана банктын болжолдонгон ишине шайкеш келген көндүмдөрү жана тажрыйбасы жана (II) адамды банктагы маанилүү кызмат ордуна жараксыз катары тааныткан, кылмыштуу ишке катышкандыгы же алгылыксыз ченемдик пикирлер тууралуу жазуулардын болбошу.  

Төмөндө таблицада ЕЭК өлкөлөрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларга карата талаптар боюнча маалымат берилген. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

Токтом долбоору банктардын акционерлери (уюштуруучулары) жөнүндө маалыматтардын ачык-айкындуулук деңгээлин, банктардын кызмат адамдарынын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле банктардын туруктуулук деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу Башкарманын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун бекитүү

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

 

7.1 Жөнгө салуунун бул түрүнөн күтүлүп жаткан натыйжа банктын тобокелдигин төмөндөтүүгө багытталган. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага таасири: токтом долбоору банктардын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн сактоого багытталган. Ушуга байланыштуу, сунушталып жаткан жөнгө салуу жалпы банк секторуна оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө

2) социалдык чөйрөгө таасири: жөнгө салуу нормалары тобокелдиктерди азайтууга жана аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Токтом долбоору банк системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатуу, ошондой эле корпоративдик башкаруу деңгээлин жогорулатуу жана банктардагы конкреттүү маселелерди чечүү максатында иштелип чыккан. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Кызмат адамдарына карата талаптарды күчөтүү банк рыногундагы атаандаштыкка оң таасирин тийгизет. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Улуттук банк тарабынан жөнгө салуучу таасирин талдоо жана кызыкдар тараптардан сунуштарды чогултуу жөнүндө кабарлоо процессинде «Халык Банк Кыргызстан» ААКтан сунуштар келип түшкөн. Сунуштар эске алынган жок, маалымат сунуштар реестрине киргизилген. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси 

Жогоруда айтылгандардын негизинде токтом долбоору кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш, анткени ал төмөнкү аспектилердин ишке ашырылышын камсыз кылат: 

- банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн колдоо; 

 

12. Тиркеме 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук; 

 

 

 

 

1-тиркеме 

Мүчө мамлекет  

Мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык операциянын аталышы 

Операциялардын мазмунун сүрөттөө (ченемдик укуктук актынын реквизиттери) 

Армения 

Республикасы 

банк алтынын жана стандартташтырылган куймаларды жана эстелик монеталарды сатып алуу, сатуу жана тескөө 

 

Беларусь Республикасы 

жеке адамдардын жана (же) юридикалык жактардын аманаттарына (депозиттерине) баалуу металлдарды жана (же) асыл таштарды тартуу жана жайгаштыруу; 

-баалуу металлдарда эсептерди ачуу жана жүргүзүү 

Металл эсептерин ачуу жана жүргүзүү, баалуу металлдарды аманаттарга тартуу, аларды өз атынан жана өз эсебинен жайгаштыруу, баалуу металлдар түрүндө которууларды жүзөгө ашыруу - аныктама Беларусь Республикасынын мыйзамдарында каралган эмес. 

Казакстан Республикасы 

банктар тарабынан ошол жакка таандык болгон аффинаждалган баалуу металлдардын жана баалуу металлдардан жасалган монеталардын айкын саны чагылдырылган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын металл эсептерин ачуу жана жүргүзүү 

Металл эсептерин ачуу жана жүргүзүү, баалуу металлдарды аманаттарга тартуу, аларды өз атынан жана өз эсебинен жайгаштыруу, баалуу металлдар түрүндө которууларды жүзөгө ашыруу. 

Бул операция Казакстан Республикасынын мыйзамдарында банктар тарабынан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын металл эсептерин ачуу жана жүргүзүү катары каралган, аларда аффинаждалган баалуу металлдардын жана бул жакка таандык баалуу металлдардан жасалган монеталардын айкын саны чагылдырылат.  

(Казакстан Республикасынын Банктар жана банк иштери жөнүндө мыйзамынын 30-беренесинин 2-пункту) 

Россия Федерациясы 

баалуу металлдарды аманаттарга тартуу жана жайгаштыруу 

Баалуу металлдардагы банктык эсеп келишими банктык эсеп келишиминин бир түрү, ал эми баалуу металлдардагы банктык аманат келишими банктык аманат келишиминин бир түрү болуп саналат. 

Көрсөтүлгөн түрдөгү келишимдердин негизинде келип чыккан укуктук мамилелерди атайын жөнгө салуу РФ Жарандык Кодексинин 844.1 жана 859.1-беренелеринде белгиленген

Ошол эле учурда, эгерде мыйзамда, ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде башкасы белгиленбесе же эсептен келип чыкпаса, баалуу металлдар түрүндөгү банктык эсеп келишими боюнча мамилелерге, ошондой эле эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө келип чыккан мамилелерге Жарандык кодексте каралган эсептер жөнүндө эрежелер колдонулат (Россия Федерациясынын Жарандык кодексинин 859.1-беренесинин 3-пункту); эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе же милдеттенмеден келип чыкпаса, баалуу металлдар түрүндөгү банктык аманат келишими боюнча мамилелерге ушул Кодексте каралган аманаттар жөнүндө эрежелер колдонулат (Россия Федерациясынын Жарандык кодексинин 844.1-беренесинин 3-пункту). 

Баалуу металлдар түрүндөгү эсептер боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам, ошондой эле ага ылайык белгиленген банк эрежелери менен жөнгө салынат. 

Азыркы учурда Россия Банкынын баалуу металлдар түрүндөгү эсептерди ачуу жана жабуу жол-жобосун түздөн-түз жөнгө салуучу ченемдик актысы жок.