Кайта келүү

Долбоор 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 6-пунктундагы «2023-жылдын 30-сентябрына чейин» деген сөздөр «2024-жылдын 30-мартына чейин» дегенге алмаштырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 8-пунктундагы «2023-жылдын 1-ноябрына чейин» деген сөздөр «2024-жылдын  

30-мартына чейин» дегенге алмаштырылсын. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кепилдик фонд» ААКты «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын жана кредиттик бюролорду тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Башкарманын мүчөлөрү М. Аттокуров 

М. Жакыпов 

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков  

Р. Сейткасымова  

З. Чокоев 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  айрым  

токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

1. Максаттары жана милдеттери  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары - токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомдорунун (мындан ары - токтомдор) колдонуу мөөнөттөрүн узартуу зарылдыгына байланыштуу иштелип чыккан. Токтомдор 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында коммерциялык банктардын/микрофинансылык уюмдардын жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош областтарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте көрүлүүчү чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. 

Токтомдор коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын Баткен областында жашаган жана/же ишкердикти жүргүзгөн карыз алуучуларга кредит берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, кардарлардын кайрылууларын кароо жана коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдоо көрсөтүү чараларын кабыл алуу боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Баткен областынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү, ошондой эле Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган жарандардын жашоо-тиричилиги жана уюмдардын ишкердигин жүргүзүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 17-сентябрында № 313 «Баткен жана Ош областтарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте көрүлүүчү чаралар жөнүндө» Жарлыкка (мындан ары Жарлык) кол койгон. 

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн.  

2022-жылдын 30-октябрында Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия № 2 чечимин (мындан ары - Мамлекеттик комиссиянын чечими) кабыл алган. 

Мамлекеттик комиссиянын чечиминин 11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) 2022-жылдын 18-ноябрына чейинки мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актыларга Кыргыз Республикасынын Баткен областында катталган жана чарба ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттерге коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан карыздык каражаттарды берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасы берилген. 

Бул чечимди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2022-жылдын 18-ноябрындаг № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтом кабыл алынган. 

Аталган токтомго ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит/кепилдик алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароону, ошондой эле кредиттерди/кепилдиктерди берүүнү оптималдаштыруу жана/же аларды берүү процессин тездетүү максатында, кредиттерди/кепилдиктерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгууну сунуштаган.  

Мындан тышкары, Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтому менен коммерциялык банктарга, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына карыз алуучулардан түшкөн бардык өтүнүч каттарды карап чыгып, алардын негизинде кагылышууда каза болгон, жарадар болгон, бизнесинен жана/же турак жай кыймылсыз мүлкүнөн ажыраган жарандардын кредиттерин эсептен алып салуу аркылуу чечимдер кабыл алынсын; кредиттерди реструктуризициялоо жүргүзүлсүн, анын ичинде жабыркаган карыз алуучуларга кредиттеринин ордун жабуу мөөнөтү кийинкиге жылдырылсын; кредиттик келишимдердин шарттарын кайра кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөр эсептелбесин жана алынбасын; кредиттик келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбагандыгы/талапка ылайык аткарылбагандыгы үчүн кардарлардан айыптык санкциялар, анын ичинде үстөк айып (айып пул/туум) эсептелбесин жана алынбасын, ошондой эле коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкагында жабыркаган кардарларга жардам көрсөтүүсү боюнча башка чараларды көрүү сунушталган. 

Токтомдордун аткарылышы тууралуу маалымат: 

- 2022-жылдын 18-ноябрынан тартып 2023-жылдын 31-июлуна чейинки мезгил аралыгында финансы-кредит уюмдары тарабынан 7 541,3 млн сомго 68 260 кредит берилген, алардын ичинен: коммерциялык банктар 5 435,7 млн сом суммасында 28 107 кредит жана БАФКУ 2 105,5 млн сом суммасында 40 153 кредит беришкен;  

- «Кепилдик фонду» ААК 414,5 млн сом суммасында 413 кредит боюнча 191,4 млн сом суммасында 407 кепилдик берген. 

Айрым ФКУлар (12 коммерциялык банк жана 3 БАФКУ) тарабынан жаңыдан иштелип чыккан кредиттик продуктылардын жана Баткен облусун жеңилдетилген пайыздык чен боюнча кредиттөө механизмдеринин алкагында 1877,5 млн сом суммасында 10 691 кредит берилген. 

Ошону менен бирге, 2023-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган. Кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча: 

- 36,4 млн сом суммасында 378 кредит эсептен чыгарылган; 

- 324,3 млн сом суммасында 230 кредит реструктуризацияланган. 

ФКУ тарабынан 189,8 млн сом өлчөмүндө финансылык жардам (коммерциялык банктар 185,7 млн сом; банк эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдар 4,1 млн сом) көрсөтүлгөн. 

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы №284-б «Өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө» буйруусу менен Баткен областынын аймагында киргизилген өзгөчө кырдаал абалы дале күчүндө экендигин белгилей кетүү зарыл.  

Ушуга байланыштуу, ошондой эле Баткен областын калыбына келтирүү боюнча иштер дале жүргүзүлүп жаткандыгын эске алуу менен, Баткен областында катталган жана чарба ишин жүргүзүп жаткан ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында, токтом долбоорунда аталган токтомду колдонуу мөөнөтүн 2024-жылдын 30-мартына чейин, башкача айтканда 6 айга узартуу сунушталууда. 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Токтом долбоору убактылуу мүнөзгө ээ жана анда Баткен областында жашаган жана/же чарба жүргүзгөн карыз алуучуларды өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган чаралар каралат.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын түздөн-түз көздөгөн, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш. 

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылат. 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражат бөлүү талап кылынбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт. 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  айрым 

токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

 

Колдонуудагы редакция  

Сунушталган редакция 

I. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтому 

6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2023-жылдын 30-сентябрына чейин колдонулат.  

6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2024-жылдын 30-мартына чейин колдонулат. 

II. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-ноябры № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтому  

8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-ноябрына чейин колдонулат.  

8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2024-жылдын 30-мартына чейин колдонулат.