Кайта келүү

Долбоор  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна 

өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;  

- 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө» нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/9 «Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-12/56-3-(НПА) «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздарды тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын «___»_________ 

№____________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 «Ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун: 

биринчи бөлүктө

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 1.6-пункт менен толукталсын: 

«1.6. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдер, анын ичинде ага карата бардык тиркемелер менен кошо анын келишимдин тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндөгү келишимдер жана башка келишимдер/макулдашуулар тараптардын макулдугу боюнча мамлекеттик тилде жана зарыл учурларда расмий тилде түзүлөт (зарыл учурларда, келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн). Мындай макулдук кардардын/өнөктөштүн таржымалына тиркелет/сакталат. Келишим кеминде эки нускада түзүлөт. Келишимдин бир нускасы банкта сакталат, экинчиси кардарга берилет.»; 

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 1.7-пункт менен толукталсын:  

«1.7. Банкка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарлар менен өз ара иш алып баруу жана жардам көрсөтүү, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл буруу сунушталат: 

- кардар менен баарлашууда сылык мамиле кылуу эрежелерине; 

- банк кызматкери жана кардар тейлөө алкагында зарыл операцияларды ишке ашырган учурда кардарды коштоп жүрүү эрежелерине; 

- эң ыңгайлуу тейлөө чараларын колдонууга; 

- эгерде кардар башка баарлашуу ыкмасын тандабаса, аны коштоп жүргөн адам менен эмес, кардар менен баарлашууга; 

- кардарды тейлөө процессинде стресс жаратуучу факторлорду азайтууга жана банктык жол-жоболорду толук (кеңири, кылдаттык менен) түшүндүрүп берүүгө.»; 

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 1.8-пункт менен толукталсын: 

«1.8. Көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө, банк кардар кол коё турган келишимдин жана башка документтердин тексти менен кардардын каалоосу боюнча уктуруу/сурдо котормо аркылуу тааныштыруусу зарыл.  

Банк ден соолугуна байланыштуу өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарды Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын эске алуу менен кардар кол коё турган келишимдерге жана башка документтерге кол коюу (анын ичинде факсимилдик кол тамга коюу) мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууга тийиш.»; 

- 2.1.3-пунктунун төртүнчү абзацы жокко чыгарылсын; 

- 2.1-глава төмөнкү мазмундагы 2.1.4-пункт менен толукталсын: 

«2.1.4. Мудараба келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт.»; 

- 2.2.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2.3. Кемүүчү мушарака келишиминде шарика/мушарака келишиминин жалпы шарттары колдонулат жана кемүүчү мушарака келишимине кайсыл бир тарап компаниянын капиталынан өз үлүшүн кайтарып алуу укугу каралган кандайдыр бир талапты киргизүүгө жол берилбейт. Шарика/мушарака келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт. 

Эгерде келишимдин негизинде юридикалык жак түзүлсө ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш. Өнөктөштүктү уюштуруу жөнүндө документте же юридикалык жактын уставында өнөктөштүк максаты так чагылдырылуусу зарыл.»; 

- 2.2.17-пункт боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

2.3.1-пунктунун: 

- биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3.1. Мурабаха келишими бул кардарга анын билдирмеси боюнча банк тарабынан сатылып алынган же болбосо кардар кайрылган учурга карата банктын менчигинде турган товарды кийин төлөө шартында сатуу каралган келишим. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөөлөр (жеткирүүгө чыгашалар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммасынан турат. Үстөк баа төмөнкү түрдө белгилениши мүмкүн:»; 

- бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мудараба келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. Товарга менчик укук анын баасы толугу менен төлөнгөндөн кийин өтөт (банк өзүнүн каалоосу боюнча товардын баасы толугу менен төлөнгөнгө чейин товарга менчик укукту өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн). Эгерде менчик укук мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, каттоо менчик укукту өткөрүп берүүдө жүргүзүлөт (толугу менен төлөөгө чейин же төлөнгөндөн кийин). Эгерде мүлктү ажыратып алуу жөнүндө келишим мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, сатып алуучунун менчик укугу ал катталгандан кийин таандык болот.»; 

- 2.3.3-пунктунун биринчи абзацындагы «кат жүзүндө» деген сөз алынып салынсын; 

2.3.6-пункту: 

- төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банктын ички документтеринде, агент өз атынан түздөн-түз, бирок банктын кызыкчылыгында сатып алуучу катары иш алып бара алган жана сатып алган жагдайлар каралышы мүмкүн. Мындан тышкары, банктын ички документтеринде комитеттин мындай учурларда каржылоо чечимдерин кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктары каралууга тийиш.»; 

- он экинчи абзацтагы «банктын атынан» деген сөздөр алынып салынсын; 

- он алтынчы абзац алынып салынсын; 

- он сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк анын атынан түздөн-түз сатып алууларды ишке ашырууга ыйгарым укук берүү менен агент катары иш алып барууга кардарды дайындаган учурларды кошпогондо, товарды сатуу-сатып алууга байланыштуу бардык документтер жана контракттар, кардар банктын агенти катары иш алып барса да, банктын атынан даярдалууга тийиш.»; 

- пункт төмөнкү мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Агенттик келишимдин алкагында агенттер катары иш алып барган кардарларга товарды сатып алуу үчүн берилген акча каражаттарынын чогуу алгандагы калдыгы банктын мурабаха операциялары боюнча каржылоо портфелинин 20% ашпоого тийиш.»; 

- 2.4.4-пункт төмөнкү мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын: 

«2.4.4. Банк тарабынан алгылыктууу чечим кабыл аган учурда ижарачы мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин сунуштайт.»; 

- 2.4.18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4.18. Иджара келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш.»; 

- 2.4.39-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«Иджара келишими ижарачы каза болгон учурда токтотулбайт.»; 

- 2.4.1.11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4.1.11. Иджара сервис бүтүмү боюнча келишимдер ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт. Мында келишим толугу менен аракетке жөндөмдүү/укукка жөндөмдүү тараптар ортосунда гана түзүлөт»; 

- 2.5.2-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5.2. Кард келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт.»; 

- 2.6.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.6.7. Истиснаа келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт жана юридикалык жактан милдеттүү болуп саналат. Келишим тараптары алардын келишим түзүүсүнөн улам келип чыккан бардык милдеттенмелер жана натыйжалар боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.»; 

- 2.8.2-пункттун үчүнчү сүйлөмү алынып салынсын; 

- 2.8.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.8.3. Экинчи келишимге ылайык банк, биринчи келишимде көрсөтүлгөн санда жана тиешелүү күнү ошол эле товарды, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөп берген башка буйрутмачыга сатат.»; 

- 2.8.11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.8.11. Салам келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. Төмөнкүлөр келишимдин маанилүү шарттары болуп саналат:». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобонун: 

биринчи бөлүктө

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 1.8-пункт менен толукталсын: 

«1.8. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдер, анын ичинде ага карата бардык тиркемелери менен кошо анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө келишимдер жана башка келишимдер/макулдашуулар тараптардын макулдашуусу боюнча мамлекеттик тилде жана зарыл учурларда расмий тилде (зарылчылык келип чыкса, келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт. Мындай макулдук кардардын/өнөктөштүн таржымалына көктөлөт/сакталат. Келишимдер кеминде эки нускада түзүлөт. Келишимдин бир нускасы банкта сакталат, экинчиси кардарга берилет.»; 

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 1.9-пункт менен толукталсын: 

«1.9. Банкка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарлар менен өз ара иш алып баруу жана жардам көрсөтүү, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл буруу сунушталат: 

- кардар менен баарлашууда сылык мамиле кылуу эрежелерине; 

- банк кызматкери жана кардар тейлөө алкагында зарыл операцияларды ишке ашырган учурда кардарды коштоп жүрүү эрежелерине; 

- эң ыңгайлуу тейлөө чараларын колдонууга; 

- эгерде кардар башка баарлашуу ыкмасын тандабаса, аны коштоп жүргөн адам менен эмес, кардар менен баарлашууга; 

- кардарды тейлөө процессинде стресс жаратуучу факторлорду азайтууга жана банктык жол-жоболорду толук (кеңири, кылдаттык менен) түшүндүрүп берүүгө.»; 

- бөлүм төмөнкү мазмундагы 1.10-пункт менен толукталсын: 

«1.10. Көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө, банк кардар кол коё турган келишимдин жана башка документтердин тексти менен кардардын каалоосу боюнча уктуруу/сурдо котормо аркылуу тааныштыруусу зарыл.  

Банк ден соолугуна байланыштуу өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарды Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын эске алуу менен кардар кол коё турган келишимдерге жана башка документтерге кол коюу (анын ичинде факсимилдик кол тамга коюу) мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууга тийиш.»; 

- 2-тиркеменин 11-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «ал» деген сөз «мөөнөтүндө төлөнбөгөн» деген сөз менен толукталсын.  

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 11-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Карыздык каражаттардын эсебинен уставдык капиталды түзүүгө, банктын акцияларын сатып алууга, ошондой эле банктын капиталында чектүү катышууга тыюу салынат.»; 

- 12-пункттагы «күрөө катары кабыл алууга» деген сөздөр «жана сатып алууга» деген сөздөр менен толукталсын; 

19.1-пункттун: 

- биринчи абзацындагы «Таза суммардык капиталдын» деген сөздөрдөн кийинки «жетиштүүлүгүн (шайкештигин)» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 5-пунктчанын биринчи жана экинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

24-пункттагы: 

- «Өкмөтүнө» деген сөз «Министрлер Кабинетине» дегенге; 

- «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» дегенге; 

- «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

- отуз жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Күрөөнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоо стандарттарына ылайык, баалоочунун (баалоо уюмунун) корутундусу менен тастыкталууга тийиш. Ар жылдык негизде күрөөлүк мүлктү баалоо активди ушул категорияга киргизүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.»; 

40-пункттун: 

- үчүнчү абзацындагы «ченемдердин» деген сөз «жана көрсөткүчтөрдүн» деген сөздөр менен толукталсын; 

- төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

«з) өткөн жылдарда чыгымдарга жол берилген, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары аткарылбаган учурда.».  

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 4-пунктундагы «Өкмөтүнө» деген сөз «Министрлер Кабинетине» дегенге алмаштырылсын; 

- 21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Нормалдуу активдер катары келишимге ылайык алар боюнча камсыздоо активдин негизги суммасын жана активдин негизги суммасынын көбөйтүндүсү катары эсептелген жана жылдык мааниде номиналдык үстөк баа суммасын толук көлөмдө жапкан активдер аталат (мисалы, активдин негизги суммасы 100 миң сомду, ал эми жылдык пайыздык ченге келтирилген үстөк баа 10% түзөт, демек, ордун жабуу 110 миң сомду түзүүгө тийиш). Мындай камсыздоо төмөнкүлөрдөн турат: 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары  МБК) (эгерде мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуу мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, банк мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуусунан алынган акча каражаттарды күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алууга, же болбосо кошумча ушул сыяктуу мамлекеттик баалуу кагаздарды камсыздоо катары кабыл алууга тийиш;   

- ошол банкта өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар. Өзүнчө депозиттик эсеп деп жеке адамдын же юридикалык жактын өзүнчө депозиттик эсебин түшүнүү зарыл. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары колдонулбайт; 

- ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине киргизилген ислам баалуу кагаздары (мындан ары  ислам баалуу кагаздары).   

Нормалдуу катары ошондой эле активдер суммасынын кеминде 100% Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтындан турган күрөөүрөө катары) менен камсыздалган активдер аталат.   

Эскертүү: Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар  Улуттук банк же аффинаждоочу ишкана тарабынан эмитирленген (чыгарылган) баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификацияланган, Кыргыз Республикасында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салган ыйгарым укуктуу орган менен сертификацияланган, 1000 г жана андан азыраак салмактан турган, алтын үчүн куйманын лигатуралык массасынын кеминде 99,95-99,99 пайыздан жана күмүш/платина үчүн куйманын лигатуралык массасынын кеминде 99,90 пайыздан кем эмес химиялык таза негизги металлдан турган куймалар.   

Мында, төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:   

1) активди берүү келишиминде жана күрөө жөнүндө келишимде, өзүнчө эсепте жайгаштырылган акча каражаттар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана ислам баалуу кагаздары банк тарабынан берилген каражаттарды камсыздоо катары саналат жана банк кардар милдеттенмелерин аткарбаган учурда акцептсиз тартипте алардан өндүрүп алууга укуктуу;   

2) күрөө жөнүндө келишимде өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган акча каражаттарды, мамлекеттик баалуу кагаздарды жана ислам баалуу кагаздарын кайрадан күрөөгө коюуга жол бербөө каралууга тийиш;   

3) банкта тиешелүү жол-жоболор болууга жана күрөөнү тариздөөгө жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттарынын, МБКнын жана ислам баалуу кагаздарынын келишимде каралган мөөнөт бүткөнгө чейин сакталышына байланыштуу тиешелүү жол-жоболордун болушун жана бардык жол-жоболордун талаптагыдай аткарылышын камсыз кылган ички контролдук жүзөгө ашырылууга тийиш;   

4) өзүнчө эсепте жайгаштырылган жана активди камсыздоочу болуп саналган каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же болбосо валюталардын жалпы жеткиликтүү жана анык котировкаларынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертациялануучу валютада болууга тийиш. Эгерде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттар активдин валютасында эле номинацияланган болсо, анда алар активдин кеминде 100 пайызынын ордун жабууга, ал эми ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттар активдин валютасынан айырмаланган валютада сом эквивалентинде кеминде 120 пайызынын ордун жабууга тийиш;   

5) эгерде, активди камсыздоо катары активдин валютасынан айырмаланган валютада акча каражаттар сунушталган болсо, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттарды милдеттүү түрдө жума сайын кайра баалоо зарыл;   

6) эгерде кайрадан баалоонун натыйжасында күрөөнүн наркы азайса, анда банк ушул жобонун талаптарына ылайык дароо эле анын наркынын жогорулатылышын талап кылууга жана ал талаптын 10 (он) жумуш күнү ичинде аткарылышын камсыз кылууга укуктуу;   

7) эгерде 1-6-пунктчаларда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, анда мындай актив толук камсыз кылынбаган катары таанылат жана ал классификациянын башка категориясына которулууга тийиш.   

Эгерде, алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган улуттук валютадагы активдерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн.   

Эгерде, алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар кирешелер түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган жаңыдан берилген активдерди банктын ички саясатына ылайык АКШ долларында «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар, мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) макулдашуулардын (мындан ары - Өнүктүрүү фонду) алкагында түзүлгөн өнүктүрүү фонддору тарабынан берилген жеңилдетилген активдерге, анын ичинде Өнүктүрүү фондусу тарабынан башка чет өлкө финансылык институттардан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген активдерге, анын ичинде алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондунун каражаттарынан каржылоонун эсебинен ишке ашырылуучу жана каржылоо келишиминин баштапкы шарттарын өзгөртүү каралган мурда берилген активдерге да таркатылат.    

Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен банктардын активдерин реструктуризациялоого, ошондой эле «классификацияланган» активдер категориясына кирген, мурда берилген активдерди каржылоого жол берилбейт.»; 

- 23-3-пункттагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

- 24-пункттагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

- 24-4-пункттагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын. 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобонун: 

биринчи бөлүктө

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 9.1-пункт менен толукталсын: 

«9.1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдер, анын ичинде ага карата бардык тиркемелери менен кошо анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө келишимдер жана башка келишимдер/макулдашуулар тараптардын макулдашуусу боюнча мамлекеттик тилде жана зарыл учурларда расмий тилде (зарылчылык учурларда, келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт. Мындай макулдук кардардын/өнөктөштүн таржымалына көктөлөт/сакталат. Келишимдердин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. ФКУ келишимдердин түп нускаларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

Келишимдин тексти кардар/өнөктөш өздөштүрүүсү жана түшүнүүсү үчүн жөнөкөй болууга тийиш. Катышуучунун келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Келишимдин жана ага карата бардык тиркемелердин бүтүндөй текстинин шрифти бирдей болууга жана кеминде 12 өлчөмдөгү (талап кылынган учурда көрүүсү начар кардар үчүн кеминде 16 өлчөмдөгү) шрифт менен берилүүгө тийиш.»; 

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 9.2-пункт менен толукталсын: 

«9.2. ФКУга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарлар менен өз ара иш алып баруу жана жардам көрсөтүү, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл буруу сунушталат: 

- кардар менен баарлашууда сылык мамиле кылуу эрежелерине; 

- ФКУ кызматкери жана кардар тейлөө алкагында зарыл операцияларды ишке ашырган учурда кардарды коштоп жүрүү эрежелерине; 

- эң ыңгайлуу тейлөө чараларын колдонууга; 

- эгерде кардар башка баарлашуу ыкмасын тандабаса, аны коштоп жүргөн адам менен эмес, кардар менен баарлашууга; 

- кардарды тейлөө процессинде стресс жаратуучу факторлорду азайтууга жана банктык жол-жоболорду толук (кеңири, кылдаттык менен) түшүндүрүп берүүгө.»; 

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 9.3-пункт менен толукталсын: 

«9.3. Көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө, ФКУ кардар кол коё турган келишимдин жана башка документтердин тексти менен кардардын каалоосу боюнча уктуруу/сурдо котормо аркылуу тааныштыруусу зарыл.  

ФКУ ден соолугуна байланыштуу өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарды Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын эске алуу менен кардар кол коё турган келишимдерге жана башка документтерге кол коюу (анын ичинде факсимилдик кол тамга коюу) мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууга тийиш.»; 

- 14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Мудараба келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт.»; 

- 23-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Шарика/мушарака келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт.»; 

- 54-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«54. Мурабаха келишими ФКУдан белгилүү бир товарды сатып алууга ниеттенген потенциалдуу кардардын ФКУдан жазуу жүзүндө арыздын негизинде ишке ашырылат. Арыз ошондой эле анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө да болушу мүмкүн.»; 

- 56-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«56. Мурабаха келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. Товардын менчикке укугу баа толук төлөнгөндөн кийин өтөт (ФКМ өз каалоосу боюнча товардын менчикке укугу ал үчүн толук төлөнгөнгө чейин эле өткөрүп берүү чечимин кабыл алышы мүмкүн). Эгерде менчикке укугу мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, каттоо менчикке укугу өткөрүлүп жаткан учурда ишке ашырылат (толук төлөгөнгө чейин же андан кийин). Эгерде мүлктү ажыратуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, сатып алуучу аны каттоодон өткөрткөн учурдан тартып менчик укугуна ээ болот.»; 

- 82-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«82. Иджара келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш.»; 

- 113-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«113. Кард келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт.»; 

- 125-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«125. Салам келишими ага карата бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. Келишимдин маанилүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

а) кийин жеткирүү шартында белгилүү бир товарды сатуу; 

б) келишим түзүү учурунда товардын наркын төлөө.»; 

- 154-11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«154-11. Истиснаа келишими ага карата жана юридикалык жактан милдеттүү болуп саналган бардык тиркемелери менен кошо жазуу жүзүндө же анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө түзүлөт. Келишим тараптары алардын келишим түзүүсүнөн улам келип чыккан бардык милдеттенмелер жана натыйжалар боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банк акционерлеринин жалпы жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү маселелер Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдарында аныкталган.»; 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Банктын Директорлор кеңеши - бул, банктын башкаруу органы, ал акционерлердин жалпы жыйыны ортосундагы мезгил аралыгында банктын Директорлор кеңеши жөнүндө ички жобого ылайык банкта жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. Директорлор кеңеши жөнүндө жобо акционерлердин жалпы жыйынында бекитилет.  

Директорлор кеңеши банк ишинин тескөөгө алынышын жана анын финансылык абалын контролдойт жана банктын акционерлеринин жалпы жыйынына отчет берип турат.»; 

18-пунктундагы: 

- өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- «белгиленген» деген сөз «бекитилген» дегенге алмаштырылсын; 

- 23-1-пункт боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- 24-пункт боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

25-пункттагы: 

- өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- 27-пункттагы «монетардык» деген сөз «банктык» дегенге алмаштырылсын; 

- 29-пункт боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- 43-пункт боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- 47-пункттун 4-пунктчасындагы «комитети» деген сөз «кеңеши» дегенге алмаштырылсын; 

50-пункттагы: 

- бул пунктча боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- бул пунктча боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- 11-пункттагы «ченемдик» деген сөз «укуктук» деген сөз менен толукталсын; 

- 53-пункт боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- 54-пункт боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- 55-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«55. Банктын стратегиялык максаттарга жетүүсүнүн маанилүү фактору катары Директорлор кеңешинин жана Башкарманын кесиптик этика стандарттарын белгилөөгө багытталган иш-аракети саналат, алар корпоративдик башкаруунун төмөндөгүдөй аспекттеринин маанилүүлүгүн аныктайт: 

1) банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде ички контролдуктун, анын ичинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча натыйжалуу системаны камсыз кылуу; 

2) алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу; 

3) банк кызыкчылыктарын банктын акционерлеринин, кызмат адамдарынын жана банк ишине таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ башка адамдардын талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз аракеттеринен коргоо; 

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана банктын ички документтерин кошо алганда, шарият стандарттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо; 

5) кызыкчылыктардын каршы келип калышына бөгөт коюу жана кызыкчылыктар каршы келиши мүмкүн болгон жагдайларды жана ишкердик чөйрөлөрүн аныктоо; 

6) банктын иш натыйжаларын эске алуу менен гана эмес, банктын стратегиялык максаттарына жана кесиптик этика стандарттарынын сакталышына ылайык, кызматкерге (Директорлор кеңешин, Шарият кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) эмгек акыларды, сый акыларды белгилөө жана сыйлоо; 

7) банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына кредит берүүдө банктын коопсуздук жана ишенимдүүлүк талаптарын сактоо; 

8) кызматкерлерге жетекчиликтин мыйзамсыз, этикага жатпаган же шектүү аракеттери тууралуу кооптонууларын жана жетекчиликтин терс аракеттеринен коргонууну камсыз кылуу ниеттерин билдирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган механизмдердин болушу.»; 

- 57-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«57. Банкта кызыкчылыктардын каршы келип калышына жол бербөө, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар, Башкарманын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн адамдар менен жалпы кызыкчылыктарга ээ кайсыл болбосун жеке адамдар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылган механизмдер иштелип чыгууга тийиш.  

Кызыкчылыктардын каршы келип калышына жол бербөө жана идентификациялоону камсыз кылуу максатында банк кеминде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:  

- банктын Директорлор кеңешине жана Башкармасына банкта кызыкчылыктардын каршы келип калышына байланыштуу потенциалдуу коркунучтар тууралуу маалымдоо жол-жобосун иштеп чыгууга;  

- банктын кызмат адамдары жана кызматкерлери кызмат ордуна дайындалганга (шайланганга) чейин банкка жакын туугандары жөнүндө маалыматтын берилишин камсыздоого;  

- кызыкчылыктардын каршы келип калышы фактылары жөнүндө маалымат базасын жүргүзүүгө

Кызыкчылыктар каршы келген шартта банктын кызмат адамы же кызматкери бул тууралуу банктын Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине дароо маалымдоого милдеттүү.  

Кызыкчылыктардын каршы келип калышынын өз убагында аныкталбашы үчүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.»; 

- 58-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«58. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет банктын төмөнкүлөргө тиешелүү ички документтеринин сакталышын камсыздайт:»; 

- 62-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«62. Банктын корпоративдик катчысы банк акционерлеринин жана Директорлор кеңешинин жалпы жыйынынын иши жана (отурумдарды өткөрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү) күндөлүк иши өз ара натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылат жана уюштурат, ошондой эле банктын акционерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти координациялайт.» 

- 64-пунктундагы «ченемдик актыларына» деген сөздөр «документтерине» дегенге алмаштырылсын; 

- 66-пунктундагы «ченемдик актыларына» деген сөздөр «документтерине» дегенге алмаштырылсын; 

- 67-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«67. Банктын корпоративдик катчысы банктын кызыкчылыгында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып барууга милдеттүү, мында ал төмөнкү фидуциардык милдеттерди аткарууга тийиш:  

1) өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын, банктын уставын жана ички ченемдик актыларынын талаптарын так сактоо менен аткарууга;  

2) ага берилген ыйгарым укуктардан пайдаланууга;  

3) акционерлерге жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата бирдей мамиле кылуу принцибин так сактоого;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берүүгө.»; 

- 74-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«74. Комитет Корпоративдик катчы кызмат ордуна талапкерди кароого алып, талапкер белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгына баа берет жана Директорлор кеңешине өз сунуш-көрсөтмөлөрүн берет.»; 

- 75-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«75. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге сый акы төлөө банкта кабыл алынган сый акылар жөнүндө ички ченемдик актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.»; 

- 76-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«76. Банк тарабынан Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге белгиленген сый акы деңгээли банкка компетенттүү жана квалификациялуу адистерди тартууга жана кызыктырууга мүмкүнчүлүк берүү менен алардын натыйжалуу иш алып баруусу үчүн талаптагыдай деңгээлде дем берүүгө тийиш.»; 

- 77-пункттагы «чечимдерди» деген сөз «чечим» дегенге алмаштырылсын; 

78-пункту: 

- бул пункт боюнча өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилүүгө тийиш; 

- «кароого алынат» деген сөз «кароого алынууга» дегенге алмаштырылсын; 

- 79-пунктунун биринчи абзацындагы «ченемдик актыда» деген сөздөр «документте» дегенге алмаштырылсын; 

- 80-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«80. Жаңы продукттар боюнча комитет банкта жаңы банктык продукттарды иштеп чыгуу, жаңы продукттарды банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна колдонууга киргизүү зарылчылыгы келип чыккан учурларда чечимдерди кабыл алуу үчүн, ошондой эле иштелип чыккан жаңы продукттар рыногуна банктын монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мыйзам талаптарына ылайык аралашуусун контролдоо үчүн түзүлүшү мүмкүн. Жаңы продукттар боюнча комитет ошондой эле санарип тейлөө каналдарына өтүүдө да жол берилген тобокелдик деңгээлин белгилөө жана санарип банктык операцияларды контролдоо боюнча шайкеш системаны түзүү үчүн түзүлүшү мүмкүн.»; 

- 81-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«81. Комитет натыйжалуу, максатка багытталган жана контролдукка алынган алгачкы баа берүү процессин камсыз кылуу, учурдагы ресурстук чектөөлөрдүн чегинде банктык продукттарды же кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары иштеп чыгуу, тесттен өткөрүү жана колдонууга киргизүү үчүн жаңы банктык продукттарга жана банктык операцияларды санарип платформага өткөрүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ.»; 

- 82-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«82. Комитет банктын тигил же бул түзүмдүк бөлүмү жаңы банктык продукттарды иштеп чыгуу процессине жана санарип банктык платформага аралашуу деңгээлин аныкташы ыктымал.»; 

- 83-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«83. Комитет жаңы банктык продукттарды иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө, ошондой эле банктык операцияларды санарип платформага өткөрүүдө, келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана аларды кыскартуу (азайтуу) ыкмаларына баа берүүгө тийиш.»; 

- 84-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«84. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү Комитет жөнүндө ички жобонун талаптарына ылайык жөнгө салынат.»; 

- 85-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«85. Комитеттин курамына Директорлор кеңешинин же/жана Башкарманын мүчөлөрү кириши мүмкүн. Санарип банктык платформаларга жана кардарларды аралыктан тейлөөгө байланыштуу жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүүдө, комитеттин курамына милдеттүү түрдө маалымат технологиялары жана маалым коопсуздугу боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кирүүгө тийиш.»; 

- 86-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«86. Жаңы банктык продукттарды жана санарип банктык тейлөө платформаларын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү чечимин кабыл алууда Комитет өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын так сактоого тийиш.». 

 

7.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө» нускоонун:  

- 8-пунктунун 3-пунктчасында «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

9-пунктундагы: 

- «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

- «Өкмөтү тарабынан» деген сөздөр «Министрлер Кабинети тарабынан» дегенге алмаштырылсын 

 

8.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-2. Бланктык активдер - бул, эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы төлөм карталары боюнча овердрафттарды, пенсионерлерге берилген төлөм карталары боюнча овердрафттарды кошпогондо, ал боюнча кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар же кепилдик жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер камсыздоо болуп саналбаган жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана ал төлөөгө жөндөмдүү кардарга/өнөктөшкө анын аброюнун жана киреше деңгээлин баалоонун негизинде гана берилет.»; 

9-пунктунун: 

- 1-пунктчасынын жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«-Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча үстөк баа/киреше жана аларды эсептөө методдору;»; 

- 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: 

«Эскертүү: мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган, микрофинансылык компанияларды эске албаганда;»; 

- 3-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттик тобокелдикти камтыган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдерди реструктуризациялоо шарттары;»; 

- 3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: 

«- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге/кардардын/өнөктөштүн финансылык абалына жүргүзүлгөн мониторингдин мезгил аралыгы;»; 

- 8-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) кайра кредиттөөгө жол бербөөгө багытталган баа берүү жана отчет системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү талаптарын камтыган жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери (кардардын/өнөктөштүн бир нече финансы-кредиттик уюмда (мындан ары-ФКУ) кошумча милдеттенмеси болсо, натыйжада кардардын/өнөктөштүн карыз оорчулугу кардардын/өнөктөштүн милдеттенмелерин тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн басымдуураак болуп кетет). 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын чегинде банк келечектеги кардарларынын/өнөкштөрүнүн чөйрөсүн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин түрүн өз алдынча аныктайт, каржылоо портфелин түзөт жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды кошо алганда, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча үстөк бааны/кирешени түзөт.  

Мында банктын ички документтери кардардын/өнөктөштүн юридикалык жактын натыйжалуу иш жүргүзүүсү, тактап айтканда жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир товарлар/кызмат көрсөтүүлөр рыногунда сунуштоо боюнча ишине баа берүү жол-жобосун камтууга тийиш.  

Кредиттик тобокелдикти камтыган берилүүчү активдер боюнча үстөк баа/киреше Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” мыйзамына ылайык эсептелген, чектүү жол берилген үстөк баанын/кирешенин өлчөмүнөн ашкан учурда банк көрсөтүлгөн Мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш, анын ичинде: 

- кардар/өнөктөш банк алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган учурда кардардын/өнөктөштүн күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана алып коюу; 

- кардардын/өнөктөштүн банк алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо каржылоонун же зайымдын бүтүндөй колдонуудагы мезгили ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туум) өлчөмү берлген каржылоонун суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.»; 

12-пунктунун: 

- экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Банк кредиттик тобокелдикти туруктуу негизде аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча комплекстүү системаны камсыз кылуусу, ошондой эле кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган тобокелдикти контролдоо, талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн отчеттуулук системасын камсыз кылуусу зарыл.»; 

- жыйырма алтынчы абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк кредиттик рейтингдин алкагында иштелип чыккан өзүнүн моделинин, анын ичинде скоринг моделинин актуалдуулугун туруктуу негизде сактап турууга, ошондой эле автоматташтырылган скоринг системасын түзүүгө тийиш.»; 

- жыйырма жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Тобокелдик рейтингине ылайык каржылоо жөнүндө чечим, банкка биринчи жолу 250000 сомго чейинки суммада кредит алуу үчүн арыз менен кайрылган жеке адамдар жана жеке ишкерлер боюнча (жаңы кайрылган кардарларга), ал эми буга чейин ушул банктан кредит алган банк кардарларына (кайра кайрылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ кардар-жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге) 500000 сомго чейинки суммада каржылоо боюнча кабыл алынат.»; 

- жыйырма сегизинчи абзацындагы «100000» деген сан «500000» дегенге алмаштырылсын; 

- жыйырма тогузунчу абзацындагы «соттон тышкаркы тартипте» деген сөз алынып салынсын; 

- пункт төмөнкү мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын: 

«Мындан тышкары, банк маалымат базасын туруктуу негизде жүргүзүп турууга жана берүү учурунда стандарттык эмес чечимдер кабыл алынган (жеке үстөк баа, күрөөнүн түзүмү жана башка), кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди эсепке алуу журналын жүргүзүп турууга милдеттүү.»; 

- 21-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- Банктын каржылоо боюнча комитетинин чечимдеринин банктын тиешелүү бөлүмү тарабынан аткарылышын контролдоо.»; 

- 23 -пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Банктын тобокелдик менеджери банк менен байланыштуу жактарга жана аффилирленген жактарга кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча тобокелдиктерге баа берүүнү кошо алганда, кредиттик тобокелдик деңгээли жөнүндө отчетту Банктын каржылоо боюнча комитетине кеминде ай сайын, ошондой эле Директорлор кеңешине чейрек сайын сунуштап туруусу зарыл.»; 

29-пунктунун: 

- бешинчи абзацындагы «250000» деген сан «500 000» санына алмаштырылсын; 

- сегизинчи абзацында «инвестициялык каржылоо» деген сөздөрдөн кийин «сезондук мүнөзгө ээ, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; 

- он бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кардарлардын/өнөктөштөрдүн сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка максаттарда пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, кардарлардын/өнөктөштөрдүн кат жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл.»; 

- 30-пункту алтынчы абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«- кардардын/өнөктөштүн өзүндө кредиттик тобокелдикти (камтыган мөөнөтү өтүп кеткен бир нече (бирден көп) активдин болушунда каржылоо боюнча карыздын ордун жабууга багытталган акча каражаттарын анын ичинде бир же бир нече каржылоо линияларынын алкагында транштарды) мыйзамга ылайык бөлүштүрүү кезегин өз алдынча тандоо укугу.»; 

34-пунктунун: 

- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк кардар/өнөктөш каржылоо алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдоо жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, кредит кандайча кайтарылгандыгын, кредитти төлөө тартибин так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделин көңүлгө алуу зарыл, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка кредиттик уюмдардан ага берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды да сурап алуу маанилүү. Мындан тышкары, кардар/өнөктөш жөнүндө жана банктын каалосуна жараша кардар/өнөктөш менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) (мыйзамга ылайык алардын макулдугунун негизинде) иштеп турган кредиттик бюродон талап кылуу зарыл.»;  

- отуз экинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк өз алдынча же баа берүүчүнү/баа берүүчү уюмду ишке тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн.»; 

- 34-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34-1. Банк, каржылоо боюнча бүтүмдөргө келишүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, тиешелүү кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле түзүлгөн келиишмдерге ылайык аларга Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын чегинде кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Банк алгылысыз кредиттик маалымат сунушталган учурларды эске албаганда, кредиттик бюрого кредиттик маалыматты кардардын макулдугу менен берет.   Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын натыйжасында келишимдик милдеттенмелерин жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрүн токсон календардык күндөн ашык мөөнөткө аткарбагандыгы (карыздын мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү) тууралуу маалымат кардар милдеттенмелеринин талапка ылайык аткарылбашына таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилгендигине байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш болгон арыз берген шартта, алгылыксыз кредиттик маалыматка кошулбайт.  

Эгерде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз өзгөчө кырдаалдан жана (же) өзгөчө абалдан улам келип чыкса, банк кредиттик бюрого кредиттик тобокелдикти камтыган мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер тууралуу маалыматты берүүдө активдер боюнча төлөмдөр өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилгендигине байланыштуу кечиктирилгендиги тууралуу маалыматты көрсөтүүсү зарыл.  

Кредиттик маалымат анык жана актуалдуу, айкын маалыматтарга негизденүүгө, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

Банктын кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары, ошондой эле кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимди түзүүдө негизги шарттары, укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча маалыматтар камтылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу боюнча;  

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан банк жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу боюнча;  

- кредиттик бюрого банк жоопкерчилик тарткан кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү жөнүндө;  

- кредиттик маалымат субъектисинин талабын кошо алганда, сунушталган маалымат бурмаланган учурларда, кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик маалымат субъектиси тууралуу маалыматтарды алгылыксыз кредиттик маалыматка киргизбөөгө негиздеме.  

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жөнүндө.  

Банк, бардык кардарлар/өнөктөштөр боюнча маалыматты кошо алганда, кредиттик бюрого берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, анын ичинде техникалык каталардан улам берилген маалыматты корректировкалоодо маалыматтын толук жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Банк ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо максатында потенциалдуу кардар/өнөктөш менен маектешүүлөрдү өткөрүүгө тийиш. Кардарга/өнөктөшкө, гарантка, кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылбашы же талапка ылайыксыз аткарылышынын натыйжасы кол койдуруу менен (бул тууралуу тиешелүү келишимге кол коюшат) түшүндүрүлүүгө тийиш. Ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын сакталышына жоопкерчилик, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди бекитүүдө, активди берүү тууралуу чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт.  

Мындан тышкары, банк ушул банктагы кардардын/өнөктөштүн кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жөнүндө маалыматты жана кредиттик тобокелдикти камтыган ушул активдерге байланыштуу бардык маалыматты үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берген ар бир учурда кардардын/өнөктөштүн кат жүзүндө же электрондук түрдө (электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган) макулдугун алууга тийиш. Мында кредиттик маалыматты кредиттик бюрого берүүгө кардардын/өнөктөштүн макулдугун алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»; 

- 38-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38-1. Банк, кардарга эгерде өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча пландаштырылып жаткан ар айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана үстөк баа/киреше) кардардын ай ичинде орточо алынган жалпы кирешесине карата катышы төмөнкүнү түзгөн шартта гана керектөө максаттарына улуттук валютада каржылоо сунуштай алат:   

-  50 % азды, эгер ай ичиндеги орточо кирешеси 1000 эсептик көрсөткүчтөн азды түзсө;  

- 60 % азды, эгер ай ичиндеги орточо кирешеси 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтү түзсө;  

-  70 % азды, эгер ай ичиндеги орточо кирешеси 2000 эсептик көрсөткүчтөн көптү түзсө;  

- 38-3 -пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, ошондой эле банктын ички саясаттарында жана жол-жоболорунда көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредиттерди сунуштай алат.  

Жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, активдин суммасы 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш. 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин суммасы Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде аныкталган. 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кардарга/өнөктөшкө берүү маселеси алгылыктуу чечилген шартта, андан алынган документтер боюнча кардардын/өнөктөштүн таржымалы түзүлүп, ага өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган ошол активге сыяктуу эле, эгерде келечекте булар бериле турган болсо, кийинки бардык активдерге тиешелүү документтер да көктөлүп турат (кардардын/өнөктөштүн таржымалына карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). Банк буга кошумча кардардын/өнөктөштүн таржымалын электрондук түрдө жүргүзө алат.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кардардын/өнөктөштүн таржымалы (досьеси) кагаз жүзүндөгү документтердин сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн.  

Банкта кардардын/өнөктөштүн таржымалын, ошондой эле электрондук форматтагы таржымалын түзүү, жүргүзүү тартиби, сактоо жана кирүү тартиби боюнча бекитилген жол-жоболор болууга тийиш, мында электрондук документтердин маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынуусу зарыл»; 

- 42 -пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

Банк менен кардардын/өнөктөштүн ортосунда түзүлгөн келишим жана ага кошо тиркелген кардардын/өнөктөштүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги, ошондой эле банк менен кардардын/өнөктөштүн ортосунда түзүлгөн башка макулдашуулар тараптардын макулдугу менен мамлекеттик тилде же зарыл учурда расмий тилде (зарылчылыкка жараша келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт. Бул макулдук Банк менен кардардын/өнөктөштүн таржымалына көктөлөт/сакталат. Келишимдин тексти кардардын/өнөктөштүн кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн так жана жеткиликтүү болууга тийиш. Кардардын/өнөктөштүн келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө чагылдырылууга тийиш. Бардык тиркемелери менен келишимде колдонулуучу шрифт келишимдин бүтүндөй тексти боюнча бирдей болуусу зарыл. Шрифтин өлчөмү 12 ден кем болбоосу керек (талабы боюнча көрүүсү начар кардар үчүн кеминде 16). 

Көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө банк кардардын каалоосу боюнча кардар кол койгон каржылоо келишиминин жана башка документтердин текстин үн чыгарып окуп берүүгө тийиш. 

Банк ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелишинен улам өз алдынча кол коюуга жөндөмсүз кардарга Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын эске алуу менен кардар тарабынан кол коюлуучу каржылоо келишимине жана башка документтерге кол коюу (анын ичинде факсимилдик кол тамганы да) мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. 

Мында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада аралыктан/обочо туруп тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча келишимдерге анын келишим тарабына таандык экендигин тастыктөөгө өбөлгө түзгөн электрондук кол тамга аркылуу кол коюуга болот.»; 

- 43 -пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Келишимди түзүү учурунда берилген каражатты кайтарып алууга байланыштуу көйгөйлөр келип чыкпашы үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоонун жана анын ордун жабуунун бардык шарттары камтылууга тийиш, мында, эгерде ал кардардын/өнөктөштүн укуктарын начарлатса, милдеттерин көбөйтсө жана/же кардарды/өнөктөштү жаңылыштыкка алып келсе, банк келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө укугу жок. Кардар/өнөктөш менен биргеликте өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин планда каралган төлөө графигин, ал боюнча үстөк ченди/кирешени аныктоодо мындай актив багытталууга тийиш болгон иш максатына, кардардын/өнөктөштүн бизнесинин мүнөзүнө, алар сунуштаган жана банк текшерүүгө алган бизнес-планга, акча каражаттарынын болжолдуу жылышына таянуу менен иш алып баруу зарыл. Карызды төлөө графигинде эң аз дегенде, активдин суммасы, актив боюнча үстөк чен, сунуштоо күнү, актив боюнча карыздын негизги суммасы, ал боюнча үстөк чен, калдыктарды пландык төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күнү камтылууга тийиш. 

Мында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча үстөк баага кошулган салыктар кардарларга/өнөктөштөргө маалымдоо максатында карызды төлөө графигинде көрсөтүлүүгө тийиш.  

Төлөө графиги сунушталган каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Каржылоо продукттары боюнча (эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттар, пенсионерлерге берилүүчү төлөм карталары боюнча, каржылоо линиялары боюнча овердрафттар ж.б.у.с.) карызды төлөө графигин түзүү талап кылынбайт.   

44-пунктунун: 

- сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөөлөрдү өндүрүүсүз кайсы болбосун убакта өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди мөөнөтүнөн мурда толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабууга укугу (иджара мунтахия биттамлик). Кошо жоопкерчиликтүү топтун бир катышуучусу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди мөөнөтүнөн мурда төлөөдө банк анын катышуучуларынын кат жүзүндөгү макулдугун сурашы мүмкүн;»; 

- тогузунчу абзацтагы «кредиттик бюро» деген сөздөр «кредиттик бюролорго» дегенге алмаштырылсын; 

- 45-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Каржылоо келишиминде 6-тиркемеде белгиленгендерди эске албаганда, кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кардар/өнөктөш менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөө негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат.»;  

- 47-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

Эскертүү: Кардар/өнөктөш каржылоону максатсыз багытта пайдалануусу боюнча фактылар аныкталган учурда, банк кардардан/өнөктөштөн эгерде башкасы каржылоо келишиминде каралбаса, каржылоо боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.»; 

- 49-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«49. Кардар/өнөктөш бардык тиркемелери менен кошо кагазга чыгарылган келишимдин ар бир барагына кол коюуга же бирдиктүү электрондук документ формасындагы келишимге анын тараптарга таандык экендигин күбөлөндүргөн электрондук кол тамга коюу менен тастыктоого тийиш, мында ээлик кылуучунун кредиттик картаны же овердрафтты алуу шарттары, аларды берүү тартиби жана мөөнөтү, алуу ыкмалары жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык башка шарттар көрсөтүлгөн аралаш келишим же өзүнчө кошумча макулдашуу түзүлгөн учурлар эске алынбайт»; 

- 56- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«56. Күрөө келишими мамлекеттик тилде жана зарыл учурда тараптардын макулдашуусу менен расмий тилде түзүлөт. Бул макулдук кардардын/өнөктөштүн таржымалына көктөлөт/сакталат. Мында күрөө келишиминин тексти кардардын/күрөө коюучунун кабылдоосу жана түшүнүсү үчүн так жана жеткиликтүү болууга тийиш.»; 

- 63-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«63. Эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды эске албаганда, алар боюнча камсыздоо болуп кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар же кепилдиктер жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер саналбаган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер бланктык катары эсептелип, анын аброюнун жана анын кирешелер деңгээлин баалоонун негизинде төлөөгө жөндөмдүү кардарга/өнөктөшкө гана (резидентке гана) берилет. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүү кеңири жайылтылган тажрыйба болбоого тийиш. Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүүдө банкка, кардардын сапаттуу финансылык отчету, анын кредиттик таржымалы жана кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активди берүүгө чейинки узак убакыт ичиндеги (кеминде 12 ай колдонууга тийиш болгон, 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активдерди эске албаганда, кеминде эки жыл) кардар менен иш боюнча кредиттик таржымалы жеткиликтүү болууга тийиш. 

Эскертүү: бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги  № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын ушул токтомунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген бардык активдер камтылууга тийиш.  

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерге 250 000 сомго барабар же андан аз суммада берилген, аннуитеттик төлөө графиги менен жана төлөө мөөнөтү 36 айдан ашпаган, үстөк баа/кирешеси Улуттук банктын расмий интернет-сайтына ай сайын жарыяланып турган керектөө максаттарына каржылоо боюнча орточо алынган пайыздык чендин маанисинен (мезгилдин акырына карата) ашпаган активдер кирбейт.  

Мында өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келген сумма кардардын жылдык таза кирешесинен (кардардын чыгашасын эске алуу менен) ашпоого тийиш.  

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү таза суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш.»; 

- 67-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Кардардын бул банкта мөөнөтүндө төлөнбөгөн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бир нече активи болсо (каржылоонун бир же бир нече линияларынын алкагында субкаржылоо), банк кардарга өзүндө кредиттик тобокелдиктик камтыган актив боюнча карызды төлөөгө багытталган анын акча каражаттарын бөлүштүрүү кезегин өз алдынча тандоо укугун берүүгө милдеттүү.»; 

- 68-1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан активдер жана банк тарабынан ири тобокелдикти камтыган актив катары белгиленген активдер үчүн үчүн жарым жылда кеминде бир жолу; 

- 250 000 сомго чейинки активдерди кошпогондо, калган активдер үчүн кеминде жылына бир жолу. 250 000 сомго чейинки активдер боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүлөт, мында актив боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдоо болжолдонот. 

- 68-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«68-3. Активдер боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алууда банк жетекчилигине ай сайын - тиешелүү сунуштар менен талдоолордун жыйынтыгы боюнча жалпыланган маалыматтар, ал эми чейрек сайын - тиешелүү сунуштар чагылдырылган мониторингдин жыйынтыгы боюнча жалпы маалыматтар камтылган отчеттор сунушталып турат.»; 

- 68-4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«68-4. Мониторинг боюнча отчетко тиешелүү тастыктоочу документтер кошо тиркелүүгө тийиш. Мониторингдин жүрүшүндө кардардын/гаранттын/кепил болуучунун финансылык абалынын же каржылоону камсыздоо абалынын начарлоосуна байланыштуу каржылоону төлөө боюнча адис көйгөйлүү маселелер аныкталган шартта, банк кызматкери зарыл болгон учурда бул каржылоону классифкациялоо категориясын кайра карап чыгуу сунушу менен бул тууралуу банк жетекчилигине дароо билдирүүгө тийиш.»; 

- 83-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«83. Кардардын карызынын орду өз убагында жабылышын камсыз кылуу максатында банк, келишимде карыздын ордун каржылоо мөөнөтү бүткөнгө чейин эле экинчи бир булактар аркылуу жабууга мүмкүн экендигин келишимде көрсөтө алат.  

Кардар каржылоону максаттуу пайдалануу жөнүндө келишимде каралган шарттарды аткарбаган шартта, банк, эгерде келишимде башкасы каралбаса, кардардан өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.»; 

1-тиркеменин: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер берилген жеке адамдарды эске албаганда, юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, банкка ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгилүү бир формадагы документтин көчүрмөсүн жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн берүүгө тийиш..»; 

- 2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1. Кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет..»; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Мамлекеттик тилде жана бар болсо, расмий тилде каржылоо келишими (келишимди расмий тилде түзүү жөнүндө кардардын билдирмеси).»; 

- 9-пунктундагы «250000» саны «500 000» санына алмаштырылсын; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Кардарды идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн берген, ким экендигин тастыктаган документтин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү же санарип форматтагы документ (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо), Кыргыз Республикасындагы чет элдик жарандын паспорту кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системасынан алынган, санарип форматтагы документ.»;  

- 20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Мамлекеттик жана эгер бар болсо, расмий тилде күрөө келишими (кардардын келишимди расмий тилде түзүү тууарлуу билдирмеси менен).»; 

- 28-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«үрөөнүн рыноктук жана жоюу наркы (зарылчылыкка жараша, белгиленген коэффициенттерди эске алуу менен);»; 

2-тиркеменин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде же зарыл учурда тараптардын макулдашуусу боюнча расмий тилде түзүлүүгө тийиш. Бул макулдук кардардын/өнөктөштүн таржымалына көктөлөт/сакталат. Мындан тышкары, гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө камтылган шарттар сакталган учурда, кошумча чет тилинде да тариздетилиши мүмкүн.»; 

- Жобого карата 6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 

6-тиркеме  

Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн)  

жана айыптык санкцияларынын  

ТИЗМЕГИ  

(Улуттук банк Башкармасынын _________ токтомунун редакциясында) 

Банк кардарынын/өнөктөшүнүн кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча чыгашалары (төлөмдөрү)  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы  

Келишимге ылайык көрсөтүлөт  

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча үстөк баа/киреше  

Каржылоо келишимине кол койгон учурдан тартып товарды сатуучу банктан акча каражаттарын алганга чейин же иджария мунтахия биттамлик алкагында банк мүлк үчүн төлөгөнгө чейин өзүндө кредиттик тобокеликти камтыган активди алуудан баш тарткан учурда билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм  

Комиссия төлөнө турган болсо, алардын өлчөмү банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык туюндурулушунда белгиленет  

Эсептешүүүндөлүк)/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу (эгерде эсеп кредиттик келишим түзүүдөн улам ачылса) жана тейлөө (эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылса) үчүн комиссиялык төлөм  

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын/өнөктөштүн нак акчаларды банкомат аркылуу салуусу жана алуусу)  

Кардардын/өнөктөштүн өтүнүч каты боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык,кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди реструктуризациялоо учурларын кошпогондо)  

Эгерде келишимде банктын акча каражаттарын сунуштоо боюнча шартсыз милдеттенмеси каралса, акча каражаттары боюнча резерв түзүү үчүн (каржылоонун пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) комиссиялык төлөм  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, органдарда ж.б. каттоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөр)  

Келечекте мындай чыгашалар өзгөрүшү ыктымалдыгын көрсөтүү менен чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат  

Банктын айыптык санкциялары жана туумдары  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасы жана банктын үстөк баасы/кирешеси боюнча төлөмдөрдү мөөнөтүнөн кечиктиргендиги үчүн  

Келишимдин негизинде, банкта пайыздык же нарктык туюндуруу менен алынган айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт 

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөөгө сунушталган депозитти толуктоо 30 календарлык күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилгендиги үчүн  

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтомунун өз учурунда кайтарып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана банк тарабынан каралууга тийиш болгон жүйөлүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылбай калган учурларды кошпогондо)  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары  

Башка чыгашалар  

 

 

». 

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/9 «Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

«Жалпы жоболор» деген биринчи главасы: 

- төмөнкү мазмундагы 9.1-пункт менен толукталсын: 

«9.1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн, анын ичинде электрондук документ түрүндөгү, анын келишимдин тарабына таандык экендигин тастыктоочу электрондук кол тамга коюлган келишимдер ага карата бардык тиркемелери менен жана башка келишимдер/макулдашуулар тараптардын макулдугу менен мамлекеттик тилде жана зарылдыгына жараша, расмий тилде түзүлөт (зарылдыгына жараша, келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн). Мындай макулдашуу кардардын/өнөктөштүн таржымалына тиркелет/сакталат. Келишимдин түп нускаларынын саны келишимди түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. ФКУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

Келишимдин тексти кардар/өнөктөш үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Келишимдин шарттарынан улам келип чыккан катышуучунун укуктары жана милдеттери келишимдин өзүнчө бөлүгүндө көрсөтүлүүсү зарыл. Келишимдин бүтүндөй тексти боюнча жана ага карата бардык тиркемелерде колдонулуучу шрифт бирдей болууга жана анын өлчөмү кеминде 12ден кем болбоого тийиш (көрүүсү начар кардардын талабы боюнча 16дан кем эмес).»; 

- төмөнкү мазмундагы 9.2-пункт менен толукталсын: 

«9.2. ФКУга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарлар менен өз ара иш алып баруу жана жардам көрсөтүү, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл буруу сунушталат: 

- кардар менен баарлашууда этикеттин эрежелери; 

- ФКУнун кызматкери жана кардар тейлөө учурунда зарыл операцияларды ишке ашырган шартта кардарды коштоп жүрүү эрежелери; 

- кыйла ыңгайлуу тейлөө үчүн колдо болгон чараларды колдонуу; 

- эгерде кардар башка байланыш ыкмасын тандабаса, аны коштоп жүргөн адам менен эмес, кардар менен байланышуу; 

- кардарды тейлөө процессинде стресс жаратуучу факторлорду минималдаштыруу жана банктык жол-жоболорду толук (кеңири) түшүндүрүү.»; 

 

- төмөнкү мазмундагы 9.3-пункт менен толукталсын:  

«9.3. ФКУ көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө, кардар кол коё турган келишимдин жана башка документтердин тексти менен кардардын каалоосу боюнча уктуруу/сурдо котормо аркылуу тааныштыруусу зарыл.  

ФКУ ден-соолугуна байланыштуу өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарды Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын эске алуу менен кардар кол коё турган келишимдерге жана башка документтерге кол коюу (анын ичинде факсимилдик кол тамга коюу) мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууга тийиш.». 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

18.1-пунктунун: 

- биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«18.1. Кредиттик союз каржылоо бүтүмдөрүн түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө, тобокелдикке баа берүү ишин уюштуруу максатында, иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле түзүлгөн келишимдерге ылайык, кредиттик союзда болгон кредиттик маалыматты аларга сунуштоого милдеттүү

- биринчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзац менен толукталсын:  

«Кредиттик союз терс кредиттик маалымат берилген учурларды кошпогондо, кредиттик бюрого кардардын макулдугу менен кредиттик маалымат берет. Ал эми өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал киргизилишинен улам, келишимдик милдеттенмелердин (мөөнөтү өтүп кеткен карыз) токсон календарлык күндөн ашык аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдүн аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар кардар арыз берген шартта, терс кредиттик маалыматка кирбейт. Арызда өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылышына таасирин тийгизген милдеттенмелер көрсөтүлүүгө тийиш.  

Эгерде өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал киргизилишинен улам, карыздын мөөнөтү өтүп кетсе, кредиттик союз кредиттик бюрого мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер тууралуу маалыматты берүүдө, төлөөчүлөрдүн кредит боюнча кечиктирүүсү өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу экендиги тууралуу маалыматты көрсөтүүсү зарыл.»; 

- 25-пунктунун үчүнчү абзацынын бешинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан тышкары, кредиттик союз кардардын макулдугу менен кардар/өнөктөш жөнүндө (кредиттик отчетту) жана кредиттик союздун каалоосу боюнча иштеп жаткан кредиттик бюролордо кардар/өнөктөш менен байланышкан жактар (мыйзамдарга ылайык алардын макулдугу боюнча) тууралуу маалыматты талап кылууга тийиш.»;  

- 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Кредиттик союз жана кардар ортосунда түзүлгөн каржылоо келишими ага карата бардык тиркемелери менен жана башка келишимдер/макулдашуулар тараптардын макулдугу менен мамлекеттик тилде жана зарылдыгына жараша, расмий тилде түзүлөт (зарылдыгына жараша, келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн). Бул макулдук кардардын/өнөктөштүн таржымалына тиркелет/сакталат. Каржылоо келишиминин түп нускаларынын саны келишимди түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каржылоо келишиминин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл.    

Каржылоо келишиминин тексти кардар/өнөктөш үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Каржылоо келишиминин шарттарынан улам келип чыккан катышуучунун укуктары жана милдеттери каржылоо келишиминин өзүнчө бөлүгүндө көрсөтүлүүсү зарыл. Келишимдин бүтүндөй текстинин жана ага карата бардык тиркемелердин шрифти бирдей болууга жана анын өлчөмү 12ден кем болбоого тийиш (көрүүсү начар кардардын талабы боюнча 16дан кем эмес)

Кредиттик союз көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө, кардар кол коё турган келишимдин жана башка документтердин тексти менен кардардын каалоосу боюнча уктуруу/сурдо котормо аркылуу тааныштыруусу зарыл.  

Кредиттик союз ден соолугуна байланыштуу өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок кардарды Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын эске алуу менен кардар кол коё турган каржылоо келишимине жана башка документтерге кол коюу (анын ичинде факсимилдик кол тамга коюу) мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууга тийиш.»; 

- 33-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттик бюролорго кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары;»; 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинин

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кредиттик бюродон (бюролордон) кардар боюнча кредиттик отчет.»; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Мамлекеттик же расмий тилде (эгер болсо) түзүлгөн (келишимди расмий тилде түзүү жөнүндө кардардын билдирмеси) каржылоо келишими, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн макулдашуулар.»;  

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Мамлекеттик тилде жана расмий тилде (эгер болсо) Күрөө жөнүндө келишим (келишимди расмий тилде түзүү жөнүндө кардардын билдирмеси менен).». 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:  

- 8-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«8-3. МФУ иш кагаздарын мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды тараптардын макулдашуусу боюнча мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде тариздетүү зарыл. Мындай макулдашуу кардардын/өнөктөштүн таржымалына тиркелет/сакталат. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана/же расмий жана чет тилинде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилинде тариздетүүгө белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу болгон шартта гана жол берилет.». 

 

 

12.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобонун

- 5-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Эгерде банктык топтун катышуучусу банктык топтун ушундай эле шарттарда ушул сыяктуу операциялар жана жагдайлар боюнча консолидацияланган финансылык отчетту түзүү үчүн кабыл алынган эсепке алуу саясатынан айырмаланган эсепке алуу саясатын колдонсо, консолидацияланган финансылык отчетту даярдоо процессинде анын финансылык отчету тиешелүү деңгээлде өзгөрөт.»; 

- 1-глава төмөнкү мазмундагы 6.1-пункт менен толукталсын: 

«6.1. Банктын жетекчилиги банктын финансылык отчетунун өз убагында жана анык даярдалышын жана Улуттук банкка белгиленген мөөнөттө берилишин камсыз кылууга тийиш. Банктар тарабынан финансылык отчет берүү тартиби жана мөөнөтү бузулган, анык эмес маалымат берилген, ошондой эле отчетторду жарыялоодо мыйзамда белгиленген талаптар сакталбаган учурларда, банкка жана анын жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулат.»; 

- 2-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2-глава. Финансылык отчеттун түзүмүнө жана мазмунуна карата жалпы талаптар»; 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Ислам банкынын финансылык отчетунда төмөнкү компоненттер камтылат:  

1) мезгилдин бүткөн датасына карата финансылык абал жөнүндө отчет;  

2) мезгил ичиндеги чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет;  

3) мезгил ичиндеги өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;  

4) мезгил ичиндеги акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет;  

5) кард акча каражаттарынын келип чыгуу булагы жана пайдаланылышы жөнүндө отчет  

6) Шариат кеңешинин корутундусу;  

7) эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр;  

8) эң баштапкы салыштыруу мезгилинин башталышына карата абал боюнча финансылык абалы тууралуу отчет.  

Финансылык отчетко түшүндүрмө кат (чечмелөө) мазмундуу жана түшүнүктүү болууга тийиш, ошондой эле эгерде зарыл болсо, финансылык отчеттун тиешелүү статьяларына шилтеме келтирилүүсү зарыл. Финансылык отчетко тиркелген түшүндүрмө кат (чечмелөө) анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.»;  

- 2-глава төмөнкү мазмундагы 8.1-пункту менен толукталсын:  

«8.1. Банк финансылык отчеттун ар бир компонентин так белгилөөгө тийиш. Финансылык отчетто берилген маалыматты тиешелүү деңгээлде түшүнүү үчүн төмөнкү маалымат камтылуусу зарыл:  

- ислам банкынын толук аталышы жана башка идентификациялык белгилери;  

- бул финансылык отчет өзүнчө ислам банкынын отчету же банктык топтун консолидацияланган отчету болуп саналабы;  

- отчеттук мезгилдин бүткөн датасы же финансылык отчеттун ушул комплектинде камтылган мезгил;  

- финансылык отчетто суммаларды көрсөтүүдөгү валюта жана өлчөө бирдиги.»; 

- 2-глава төмөнкү мазмундагы 8.2-пункту менен толукталсын: 

«8.2. Финансылык отчетту түзүүдө банктын жетекчилиги банктын/банктык топтун өз ишин улантуу мүмкүнчүлүгүнө баа берүүгө тийиш. Банк жоюулушу же ишин токтотуусу болжолдонгон учурларды кошпогондо, ишинин үзгүлтүксүздүгү жөнүндө болжолдоонун негизинде, финансылык отчет түзүүгө милдеттүү. Эгерде жетекчилик пикирин жыйынтыктоо процессинде банктын келечекте өз ишин жүргүзүү жөндөмдүүлүгүнө кыйла шек жараткан жагдайларга же шарттарга байланыштуу олуттуу белгисиздик жагдайлар тууралуу кабардар болсо, бул жагдайлар финансылык отчетто (компоненттерде) чечмеленүүгө тийиш.  

Эгерде финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгү жөнүндө болжолдоонун негизинде эмес, башка негизде түзүлсө, бул факт отчеттун негизи жана банк эмне үчүн үзгүлтүксүз иш алып барган болуп саналбай тургандыгынын себеби сыяктуу эле чечмеленүүгө тийиш.»;  

- 12-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде башкы жана туунду компаниянын отчеттук даталары дал келбесе, туунду компания консолидациялоо максатында, башкы компаниянын отчеттук мезгили аяктаган датага кошумча финансылык отчет даярдайт.»; 

- 16-пунктта «сандык» деген сөз алып салынсын; 

- 18-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«банктык топтун финансылык абалы жөнүндө маалыматтардын консолидацияланган финансылык отчетто туура жана анык чагылдырылышы банктык топтун башкы компаниясынын директорлор кеңешинин, башкармасынын төрагасы жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат.»; 

- 19 жана 21-пунктары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө банктык топ ичиндеги активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер, чыгашалар жана акча агымдары толугу менен алынып салынууга тийиш.»;  

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Туунду компаниянын финансылык отчетун консолидацияланган финансылык отчеттон алып салууга төмөнкү негиздер боюнча жол берилбейт:  

- туунду компаниянын иши банктык топтун башка катышуучуларынын ишинен айырмаланат;  

- инвестор катары тобокелдүү капиталы, өз ара фонду, трасты менен же түзүмү ушул сыяктуу уюм саналат.»; 

- 29-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 30-пунктундагы «Өз ара мамилелер» деген сөздөр «Өз ара мамилелердин мүнөзү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Эгерде ошол банктын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан негизги компаниясы консолидацияланган финансылык отчетту Улуттук банктын талаптарына жана AAOIFI стандарттарына ылайык, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген ФОЭС стандарттарына ылайык түзүлүп, сунушталган болсо, банк консолидацияланган финансылык отчетту сунуштоодон бошотулат.». 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Банктын ассоциацияланган жана биргелешкен (караштуу жана байланышкан) компанияларга инвестициялары үлүштүк катышуу методу менен чагылдырылат, мында сатуу үчүн кармалып калгандар катары классификацияланган же AAOIFI стандарттарына ылайык бул методду колдонуу зарылдыгынан бошотулган учурлар эске алынбайт, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбесе, ФОЭСке ылайык көрсөтүлөт. 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2.1-глава менен толукталсын:  

«2.1-глава. Күндөлүк болжолдуу баланска карата жалпы талаптар  

32-1. Банк күндөлүк болжолдуу баланста төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш:  

- баланстык эсептер; 

- баланстык эсептердин топтору боюнча жыйынтыктар; 

- баланстык эсептердин класстары боюнча жыйынтыктар; 

- «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» бөлүгүндө суммардык киреше, суммардык пайыздык чыгаша жана суммардык операциялык чыгаша; 

- финансылык отчеттун элементтери боюнча жыйынтыктар: капитал, милдеттенмелер жана капитал, ошондой эле банктын активдери боюнча; 

- «айырма» деп аталган контролдоочу тилке, мында актив жана милдеттенменин суммасы жана капитал ортосунда ажырым жоктугун көрсөтөт;  

- кирешелер жана чыгашалар сальдосу. 

32-2. Күндөлүк болжолдуу баланс ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген формада берилет. 

Күндөлүк болжолдуу баланстын формасынын аталышын төмөнкүчө көрсөтүү зарыл: «20__-жылдын «___» _________ (кошо алганда) карата күндөлүк болжолдуу баланс». Мында отчеттук күндүн акырына карата датасын көрсөтүү зарыл.»; 

- 33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер жана милдеттенмелер алардын мүнөзүн эске алуу менен салыштырма ликвиддүүлүгүн чагылдыруучу тартипте берилет (ликвиддүүлүктүн жана төлөө мөөнөтүнүн кемүү деңгээли боюнча).»; 

- 36-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, башка банктар, акча рыногу боюнча башка өнөктөштөр жана кредиторлор, кардарлар/өнөктөштөр менен ишке ашырылган операциялар алардын өз ара иш алып баруусу жөнүндө туура түшүнүк берүү максатында чагылдырылат.»; 

37-пунктунун: 

- биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. Банк финансылык абал жөнүндө отчетто же өзлүк капиталындагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетто төмөнкү маалыматты чечмелеп берүүгө тийиш:»; 

- тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банктын талабы боюнча түзүлгөн РППУну эске алуу менен активдердин наркы.»; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Банк финансылык абал жөнүндө отчетто ошол банктын операцияларына ылайык классификацияланган ар бир статьянын андан аркы чакан класстарын чечмелеп берүүгө тийиш.»; 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Финансылык абал жөнүндө отчетто кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден жана банктарга жана кардарларга/өнөктөштөргө иджара мунтахийя биттамлик келишиминен тышкары, бардык активдер чыгымдарга бааланган камды эсептен чыгаруу менен көрсөтүлөт. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана иджара мунтахийя биттамлик активдердин ушул тобу боюнча түзүлгөн РППУну көрсөтүү менен номинал түрүндө чагылдырылат.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 43.1-пункт менен толукталсын: 

«43.1. Банктар кирешелердин жана чыгашалардын бардык статьяларын же болбосо төмөнкүлөрдө көрсөтүүгө милдеттүү

а) чогуу алгандагы киреше жөнүндө бир отчетто (бириктирилген отчет); же болбосо 

б) эки өзүнчө отчетто: 

- пайда жана чыгым жөнүндө (пайда жана чыгымдын компоненттерин камтыган) отчетто; 

- пайда жана чыгымдын көрсөткүчүнөн башталган жана чогуу алгандагы башка кирешенин компоненттери камтылган чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто. 

Эгерде отчет экинчи ыкманы колдонуу менен (өзүнчө отчеттордо) берилсе, пайда жана чыгым жөнүндө отчет түздөн-түз чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетко чейин берилүүгө тийиш.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 43.2-пункт менен толукталсын: 

«43.2. Банк чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто мезгил ичиндеги пайданы жана чыгымды бөлүштүрүүгө тиешелүү статьяларды милдеттүү түрдө чечмелеп берүүгө тийиш. 

а) мезгил ичиндеги пайда же чыгым, бул төмөнкүлөргө тиешелүү

- контролдонбогон катышуу үлүшү

- башкы компаниянын ээлерине; 

б) мезгил ичиндеги суммардык чогуу алгандагы киреше, бул төмөнкүлөргө тиешелүү

- контролдонбогон катышуу үлүшү

- башкы компаниянын ээлери.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 43.3-пункту менен толукталсын: 

«43.3. Эгерде кирешелер жана чыгашалар статьялары олуттуу болуп саналса, банк алардын мүнөзүн жана көлөмүн Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө өзүнчө чечмелеп берүүгө тийиш.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 43.4-пункт менен толукталсын: 

«43.4. Банк кирешелер жана чыгашалар статьяларындагы өзгөчө шарттар боюнча статьяларды чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто да, пайда жана чыгым жөнүндө өзүнчө отчетто (эгер болсо) да, финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө да көрсөтүүсүнө жол берилбейт.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 43.5-пункт менен толукталсын: 

«43.5. Эгерде банк ишинин финансылык натыйжаларын түшүнүү үчүн, Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто жана пайда жана чыгым жөнүндө өзүнчө отчетто (эгер болсо) кошумча статьяларды, бөлүктөрдүн аталышын жана аралык суммаларды көрсөтүүсү маанилүү болсо, анда банк аларды милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 43.6-пункт менен толукталсын: 

«43.6. Банк чогуу алгандагы башка кирешенин ар бир компоненти боюнча пайдадан салыктын өлчөмүн, ага кошо кайра классификациялоо боюнча корректировкаларды же Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто, же болбосо финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө чечмелеп берүүгө тийиш. 

Чогуу алгандагы башка кирешенин компонеттерине кирген кайра классификациялоо боюнча корректировкалар да милдеттүү түрдө чечмеленүүгө тийиш.»; 

- 45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«45. Банк Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто кирешелердин мүнөзүнө негизделген классификацияны колдонуу менен кирешелер боюнча талдоону көрсөтүүсү зарыл.»;  

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 45.1-пункт менен толукталсын: 

«45.1. Банк Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто кирешелердин мүнөзүнө же болбосо алардын банк ичиндеги багытына негизделген классификацияны колдонуу менен, пайда же чыгымда таанылган чыгашалар боюнча талдоону кайсынысы ишеничтүү болушуна жана кыйла маанилүү маалымат беришине жараша көрсөтүүгө тийиш. Мындай талдоо төмөнкү эки методдун бирин колдонуу менен сунушталат: 

- чыгашалардын мүнөзү боюнча; 

- чыгашалардын багыты же сатуунун өздүк наркы боюнча. 

Чыгашаларды багыты боюнча классификациялаган банк амортизацияга чыгашаларды жана кызматкерлерге сый акы үчүн чыгашаларды кошо алганда, чыгашалардын мүнөзү тууралуу кошумча маалыматты көрсөтүүгө тийиш.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 45.2-пункт менен толукталсын: 

«45.2. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө өзүнчө отчетто мезгил ичиндеги жалпы чогуу алгандагы киреше боюнча талдоону да көрсөтүү, ал төмөнкүлөргө тиешелүү:  

а) контролдонбогон катышуу үлүшүнө

б) башкы компаниянын ээлеринин үлүшүнө.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 45.3-пункт менен толукталсын: 

«45.3. Чогуу алгандагы жалпы киреше жөнүндө бириктирилген отчетто пайда жана чыгым боюнча ушул сыяктуу талдоону көрсөтүү зарыл, ошондой эле акция боюнча пайда жөнүндө маалыматты чечмелөөгө тийиш. Эгерде эки өзүнчө отчет берилсе, бул маалымат Пайда жана чыгымдар жөнүндө отчетто чечмеленүүгө тийиш.»; 

- 49-пункт төмөнкү мазмундагы 7 жана 8-пунктчалар менен толукталсын:  

«7) ээлик кылуучулардын төгүмдөрүн жана аларга каражаттардын бөлүштүрүлүшүн өзүнчө бөлүп көрсөтүп, ээлик кылуучулар менен ишке ашырылган операциялардын суммасы; 

8) мезгилдин башталышына жана акырына карата өздүк капиталдын ар бир компонентинин баланстык наркынын ортосунда салыштырып текшерүү, төмөнкүлөр менен шартталган ар бир өзгөрүүнү өзүнчө көрсөтүү менен: 

- пайда же чыгым; 

- чогуу алгандагы кирешенин ар бир статьясы менен; 

- ээлик кылуучулардын төгүмдөрүн, менчик ээлерине төлөөлөрдү жана туунду контролдоону жоготууга алып келбеген компанияларда катышуу үлүштөрүнүн өзгөрүүсүн өзүнчө көрсөтүү менен ээлик кылуучулар менен ишке ашырылган ушул сыяктуу болуп саналган операциялар.»; 

- 5-глава төмөнкү мазмундагы 49.1-пункт менен толукталсын:  

«49.1. Банк Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетто же болбосо ага карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш: 

а) ээлик кылуучулар менен капитал боюнча ишке ашырылган операцияларды жана аларга каражаттардын бөлүштүрүлүшүн көрсөтүү

б) мезгил ичинде ээлик кылуучуларга бөлүштүрүлгөн катары таанылган дивиденддердин суммасын, жана акцияга кайра эсептелген тиешелүү сумманы; 

в) мезгилдин башталышына жана отчеттук датага карата топтолгон пайданын же чыгымдын сальдосу жана мезгил ичиндеги өзгөрүү.»; 

- 5-глава төмөнкү мазмундагы 50.1-пункт менен толукталсын: 

«50.1. «Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет» формасынын аталышы төмөнкүчө көрсөтүлүүгө тийиш: «20__ -жылдын «___» _______карата _ (кошо алганда) өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет». Мында жылды, чейректин акырына карата датаны көрсөтүү зарыл.»; 

- 6-глава төмөнкү мазмундагы 51.1-пункт менен толукталсын: 

«51.1. Банк акча каражаттарынын курамын жана акча каражаттарынын эквиваленттерин аныктоого жана аны финансылык отчетто чечмелөөгө тийиш. Мындан тышкары, банк акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто камтылган суммаларды финансылык абал жөнүндө отчетто берилген ушул сыяктуу статьялар менен салыштырып текшерүүнү көрсөтүүсү зарыл.»; 

- 6-глава төмөнкү мазмундагы 51.2-пункт менен толукталсын: 

«51.2. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн банк банктык операциялардын түрлөрүн аныктоого тийиш, алар төмөнкүлөргө алып келет:  

- операциялык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышына; 

- инвестициялык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышына; 

- финансылык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышына.»; 

- 6-глава төмөнкү мазмундагы 51.3-пункт менен толукталсын: 

«51.3. Банк тике же кыйыр методду колдонуу менен операциялык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышын көрсөтүшү мүмкүн.  

Банктарга Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту сунуштоо үчүн, акча каражаттарынын келечектеги агымдарын баалоо үчүн зарыл маалыматты камсыз кылуучу метод катары тике методду колдонуу тууралуу сунуш-көрсөтмө берилет.»; 

- 6-глава төмөнкү мазмундагы 51.4-пункт менен толукталсын: 

«51.4. Банкка операциялык, инвестициялык же финансылык иштен акча каражаттарынын жылышын отчетто нетто-метод менен же дүң акча түшүүлөр жана төлөмдөр түрүндө берүү тууралуу сунуш-көрсөтмө берилет.»; 

- 6-глава төмөнкү мазмундагы 51.5-пункт менен толукталсын: 

«51.5. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто төмөнкүлөргө байланышкан акча каражаттарынын жылышы өзүнчө чечмеленүүгө тийиш:  

а) төлөнгөн же алынган пайыздарга жана дивиденддерге; 

б) пайда салыгына байланышкан түшүүлөргө

в) туунду, ассоциацияланган жана биргелешкен компанияларга; 

г) туунду компаниялардын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн сатып алуусуна жана сатуусуна. 

Ар бир мындай түшүү же төлөм AAOIFI стандартынын талаптарына ылайык классификацияланууга тийиш.»; 

- 6-глава төмөнкү мазмундагы 51.6-пункт менен толукталсын: 

«51.6. Ишке ашырууда акча каражаттарын жана алардын эквивалентин колдонууну талап кылбаган инвестициялык жана финансылык операциялар финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө ошол инвестициялык же финансылык иш тууралуу тиешелүү маалымат камтылгандай негизде берилүүгө тийиш.»; 

- 6-глава төмөнкү мазмундагы 54.1-пункт менен толукталсын: 

«54.1. «Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет» формасынын аталышын төмөнкүчө берүү зарыл: «20__-ж. «___» __________ (кошо алганда) карата акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет». Мында жылды, чейректин акырына карата датасын көрсөтүү зарыл.»; 

- 58-пункту төмөнкү мазмундагы 10 жана 11-пунктчалар менен толукталсын: 

«10) банктын туруктуу жайгашкан орду жана юридикалык формасы, анын юридикалык дареги (эгерде юридикалык дарегинен айырмаланса, негизги иш жүргүзгөн орду) тууралуу маалымат; 

11) мезгилдин акырында кызматкерлердин саны жана отчеттук мезгил ичиндеги кызматкерлердин тизме боюнча орточо саны.»; 

- 9-глава төмөнкү мазмундагы 58.1-пункт менен толукталсын: 

«58.1. Банктын финансылык отчетуна карата тиркемелерде: 

а) финансылык отчетту жана банк тарабынан олуттуу операциялар жана жагдайлар үчүн тандалган жана колдонулган белгилүү бир эсепке алуу саясатын даярдоо принциптери жөнүндө маалымат; 

б) AAOIFI стандартына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык маалыматты ачып көрсөтүү, эгерде бул маалымат дагы бир финансылык отчетто берилбесе; 

в) финансылык отчеттун өзүндө берилбеген, бирок отчеттун кайсы болбосун сунушталган түрлөрүн түшүнүү үчүн зарыл болгон кошумча маалымат көрсөтүлүүгө тийиш.»; 

- 9-глава төмөнкү мазмундагы 58.2-пункт менен толукталсын: 

«58.2. Банк финансылык отчетко карата эскертүүлөрдү колдонуучулардын финансылык отчетту түшүнүүсү үчүн жеңил болгудай жана аны башка банктардын финансылык отчету менен салыштырууга мүмкүндүк бергидей негизде берүүгө тийиш, ага кошо: 

а) колдонулуучу эсепке алуу саясатынын маанилүү аспектилери тууралуу кыскача маалымат; 

б) финансылык абал жөнүндө отчетто, пайда жана чыгым жөнүндө отчетто (эгер болсо), чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто, ошондой эле өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчеттордо берилген статьялар боюнча кошумча маалыматты тиешелүү отчеттор жана бул отчеттордогу ар бир статья түзүлүүчү тартипте; 

в) маалыматты башка чечмелөөлөр, ага кошо төмөнкүлөр боюнча маалыматты ачып көрсөтүү

- шарттуу милдеттенмелер; 

- финансылык инструменттерге байланыштуу келип чыгуучу тобокелдиктер (кредиттик тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги, рыноктук тобокелдик); 

- пайда жана чыгым аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу финансылык активдер жана милдеттенмелер; 

- сатуу үчүн колдо болгон финансылык активдер; 

- амортизацияланган наркы боюнча баалануучу финансылык милдеттенмелер; 

- сатуу үчүн колдо болгон инвестициялар; 

- кредиттер жана дебитордук карыздар; 

- кредиттер боюнча чыгымдар жана дебитордук карыздар; 

үрөөлүк камсыздоо; 

- күрөө жана банк тарабынан алынган кредитти камсыздоонун башка формалары; 

- “байланышкан” тараптар менен операциялар; 

- хеджирлөөнүн бардык түрлөрү

- финансылык эмес маалымат. 

г) - отчеттук мезгилге чейин банк тарабынан чыгарылган жүгүртүүдөгү бардык баалуу кагаздар тууралуу маалымат; 

- отчеттук мезгил ичинде банк тарабынан чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат; 

- банк акционерлеринин (катышуучулардын) жалпы саны тууралуу маалымат; 

- 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча бардык ири акционерлердин жана контролдук акциялар топтомуна ээлик кылуучу акционерлердин тизмеси жана алардын банк акцияларындагы үлүшү

- банктын ар бир кызмат адамы тууралуу маалымат;  

- отчеттук мезгил ичинде колдонулган же өзгөргөн практика тууралуу кыскача маалыматты кошо алганда, эмитенттин корпоративдик башкаруу практикасы тууралуу кыскача маалымат; 

- отчеттук мезгил ичинде директорлор кеңешинин мүчөлөрү билдирген кайсы болбосун башка пикирди кошо алганда, жетекчинин банктын иши жана финансылык натыйжалары жөнүндө отчету; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалымат.»; 

- 9-глава төмөнкү мазмундагы 58.3-пункт менен толукталсын: 

«58.3. Консолидацияланган финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөрдү да көрсөтүү зарыл: 

- 3-тиркемеде көрсөтүлгөн схема боюнча банктык топтун катышуучуларынын түзүмү жана өз ара байланышы жөнүндө маалымат; 

- башкы компаниянын байкоо органынын мүчөлөрү жөнүндө маалымат; 

- ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат; 

- катышуучулардын алган жоопторунун негизинде башка тобокелдиктердин концентрациясы тууралуу маалымат; 

- сегменттер боюнча маалымат жана сегмент боюнча тиешелүү талдоо; 

- банктык топтун бөлүнүп чыккан катышуучулары (компанияны топтон бөлүү) тууралуу маалымат; 

- «байланышкан» тараптар менен операциялар жөнүндө маалымат; 

- банктык топтун бардык катышуучулары жөнүндө маалымат (бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялары, анын ичинде аталышы, ээлик кылуу пайызы, ар бир туунду, караштуу же байланыштуу компания тартылган иштин түрү же түрлөрү); 

- башкы компаниянын менчигинин түзүмү, ошондой эле туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялардын менчигинин түзүмү боюнча маалымат; 

- башкы компаниянын ээлеринин туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен ишке ашырылган бардык операциялары тууралуу маалымат, ошондой эле башкы компаниянын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен байланышы; 

- ушул Жобонун 68-пунктунун г) пунктчасында көрсөтүлгөн маалымат.»; 

- 66-пунктундагы «финансылык ижара» деген сөздөр «иджара мунтахийя биттамлик» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын:  

« 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык  

операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык  

банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө 

талаптар жөнүндө» жобого карата 3-тиркеме 

ХХХХ-жылдын «____» __________ карата 

КҮНДӨЛҮК БОЛЖОЛДУУ БАЛАНС. 

_______________________________________________ (Банктын аталышы жана анын жайгашкан орду) 

Өлчөө бирдиги: сом. 

Эсептин N  

Эсептин аталышы  

Күндүн башына карата калдык  

Жүгүртүү  

Күндүн акырына карата калдык  

Дебет боюнча 

Кредит боюнча 

Класс 1. Активдер 

10000 топ. Акча каражаттары 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

 

... 

Жыйынтыгында 

  

Топ ... 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында 

  

11500 топ. Башка активдер 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

Бардыгы болуп активдер ___________________________________________________ 

Класс 2. Милдеттенмелер 

20000 топ. Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Топ ... 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

21100 топ. Башка милдеттенмелер 

  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

Бардыгы болуп милдеттенмелер _____________________________________________ 

Класс 4. Капитал 

40000 топ. Капиталдын эсеби 

  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Топ ... 

  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

40100 топ. Резервдер 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

40200 топ. Бөлүштүрүлбөгөн пайда  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

60000 Суммардык киреше 

70000 Суммардык пайыздык чыгаша 

80000 Суммардык операциялык чыгаша 

  

Жыйынтыгында: 

  

40300 топ. Сатылып алынган өздүк акциялар 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Бардыгы болуп капитал ___________________________________________________ 

Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал ________________________________ 

Баланс 

Бардыгы болуп активдер ___________________________________________________ 

Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал _________________________________ 

Айырмасы __________________________________________________________ 

Класс 6. Кирешелер 

60000 топ Карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык киреше  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

... топ  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

61000 топ. Башка кирешелер 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

60000 Суммардык киреше Бардыгы болуп: ____________________________________ 

Класс 7. Пайыздык чыгашалар 

70000 топ. Депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

...  

Жыйынтыгында: 

  

70600 топ. Башка пайыздык чыгашалар  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Суммардык пайыздык чыгаша Бардыгы болуп: _______________________________ 

Класс 8. Операциялык чыгашалар  

80000 топ. Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Бардыгы: 

  

80900 топ. Күтүлбөгөн кирешелер жана чыгашалар  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Суммардык операциялык чыгаша Бардыгы болуп: _____________________________ 

Кирешелердин жана чыгашалардын сальдосу  

Бардыгы болуп: ________________________________________________ 

_____________________ ___________________ банк Башкармасынын төрагасы  

___________________________________ банктын башкы бухгалтери»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4-тиркеме менен толукталсын: 

« 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык  

операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык  

банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө 

талаптар жөнүндө» жобого карата 

4-тиркеме 

Банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү жактардын (адамдардын) 

ТИЗМЕСИ 

Банктын фирмалык толук аталышы: ________________________ 

Банктын фирмалык кыскартылган аталышы: ________________________ 

Банктын каттоодон өткөн номери: ________________________ 

Банктын почталык дареги: ________________________ 

Банктын 5 же андан ашык пайыздагы (%) акцияларга ээлик кылган акционерлери (катышуучулары) 

Банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак 

Банктын акционерлери (катышуучулары) менен банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

N п/п 

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү 

Банктын акционерге (катышуучуга) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

  

  

  

  

  

Банк Башкармасынын төрагасы Аты-жөнү (кол тамгасы)  

Банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү жактардын (адамдардын) 

ТИЗМЕСИ 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: _________________________ 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ 

Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: __________________________ 

Башкы компаниянын почталык дареги: _________________________________  

Банктын 5 же андан ашык пайыздагы (%) акцияларга ээлик кылган банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери (катышуучулары) 

Банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак 

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

N п/п 

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү  

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерине (катышуучусуна) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктык топтун башкы компаниясынын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

  

  

  

  

  

Кызмат орду Аты-жөнү (кол тамгасы)  

Банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү жактар (адамдар), туунду компаниялар жана анын акционерлери жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: _________________________ 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ 

Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: __________________________ 

Башкы компаниянын почталык дареги: _________________________________  

N п / п 

Банктык топтун туунду компаниясынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун туунду компаниясынын аталышы/адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуучунун) үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы компаниянын туунду компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Туунду компаниянын компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Башкы компаниянын аталышы/адамдын аты-жөнү жана башкы компаниянын акционеринин (катышуучунун) туунду компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы жана туунду компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

  

  

  

  

  

  

  

Кызмат орду Аты-жөнү (кол тамгасы)  

Банктык топтун караштуу компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү караштуу компаниялары жана алардын акционерлери жана жактар (адамдар) жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: _________________________ 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ 

Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: __________________________ 

Башкы компаниянын почталык дареги: _________________________________  

 

N п / п 

Банктык караштуу туунду компаниясынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун караштуу компаниясынын аталышы/адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуучунун) үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы компаниясынын караштуу компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Караштуу компаниянын банктык топтун башкы компаниясынын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Башкы компаниянын аталышы/жана башкы компаниянын акционеринин (катышуучунун) караштуу компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы жана караштуу компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

  

  

  

  

  

  

  

Кызмат орду Аты-жөнү (кол тамгасы) »; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 5-тиркеме менен толукталсын:  

« 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык  

операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык  

банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө 

талаптар жөнүндө» жобого карата 5-тиркеме  

Банктык топтун түзүмү жөнүндө 

МААЛЫМАТТАР 

________________________________________ 

(башкы компаниянын аталышы) 

______________ карата абал боюнча 

 

же же 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

 

 

 

 

Кызмат орду  

Аты-жөнү 

Кол тамгасы». 

 

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 6-пункту төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«Тобокелдикти тескөө боюнча саясатта банктын бүтүмдөрү түзүү жана кардарлардын/өнөктөштөрдүн операцияларды жүргүзүүсүн чектөө методдору (ыкмалары) каралышы зарыл, алар айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максаттарга ээ эмес (бүтүм банкка кандайдыр-бир пайда алып келбейт, бүтүм/операция чаташкан жана өзгөчө мүнөзгө ээ, операция кардардын күндөлүк ишине дал келбейт жана/же шектүү операцияларга мүнөздүү белгилерге жана башка критерийлерге ээ) жана/же алар кийинчерээк банктын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн.». 

 

 

14.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:  

- преамбула төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул нускоодо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу режимине жана алар боюнча операцияларды жүргүзүү тартибине карата минималдуу талаптар аныкталган.  

Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, кредиттик союздардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары - банктар) жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары - кардарлар) банктык эсептери, банктык аманаттары (депозиттер) боюнча эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби аныкталат. Нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин талабына ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат. Нускоонун талаптары турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен турак жай-сактык кредиттик компанияларга дагы таркатылат. 

Нускоонун талаптары, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде «ислам терезесинин» алкагында операцияларды жүзөгө ашырган банктарга жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга жана кредиттик союздарга (мындан ары - банктар) таркатылат.  

Бул Нускоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык эсеп же банктык аманат (депозит) келишиминде камтылгандардан тышкары, башка эсептерди ачуу жана жабуу тартибине таркатылбайт.»; 

- 5-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Банкка, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген кардарларга эсеп ачууда алар менен өз ара иш алып баруу жана көмөк көрсөтүү маселелерине, анын ичинен төмөнкүлөргө тиешелүү маселелерге өзгөчө көңүл буруусу сунушталат,  

- кардар менен баарлашууда этикет эрежелери;  

-  банк кызматкери жана кардар тейлөөнүн алкагында зарыл болгон операцияларды аткаруу учурунда кардарды коштоп жүрүү эрежелери;  

-  ыңгайлуу тейлөө үчүн мүмкүн болгон чараларды колдонуу;  

- кардар баарлашуунун башка ыкмасын тандап албаса, коштоочусу менен эмес кардардан өзү менен баарлашуу;  

- кардарды тейлөө учурунда стресске алып келүүчү факторлорду азайтуу жана банктык жол-жоболорду кенен (толук, кылдат) түшүндүрүү.»; 

- 6-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Нускоодо каралган бардык документтер алынып, кардар жана бенефициардык ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүлгөн шартта гана банк эсебин, банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жол берилет.»; 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«7. Кардардын акча каражаттары менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтар камтылган жазууларды, ошондой эле кардарды жана бенефициардык ээси идентификациялоого тиешелүү маалыматтарды жана жазууларды сактоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин жана мөөнөттөрүн банктар так сактоого тийиш. Мындай жазууларда камтылган маалыматтар, аларды кароого алуу жана тергөө ишин жүргүзүү үчүн тиешелүү далилдерди сунуштоо максатында айрым операциялар тууралуу маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү үчүн жетиштүү болуп, эң аз дегенде бүтүмдүн суммасы, эсеп номери, эсептин түрү, бүтүм келишилген валюта, эсептин аталышы, күнү, бүтүмдүн түрү, төлөм багыты сыяктуу маалыматтарды камтууга тийиш. Эсеп ачууда сунушталган документтер ушул Нускоонун талаптарына ылайык, ар бир кардар боюнча түзүлгөн атайы көктөмөдө, келишимдин түп нускасы менен бирге банкта сакталууга тийиш же документтердин кагазга чыгарылган варианттары сакталган мөөнөт аралыгында маалымат базасында электрондук түрдө сакталууга тийиш. Мында, электрондук документтер базасына колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кирүүгө мүмкүнчүлүк камсыз кылынышы зарыл.»; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Бул Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Банктык аманат (депозит) - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 749-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. 

Банктык эсеп - бул, банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же кардарды банктык тейлөөнү ишке ашырууга байланыштуу банктык эсеп (банктын аманат) келишиминде каралган операциялардын банк тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча келишимдик мамилелерди, ошондой эле мыйзамдарда жана банктык тажрыйбада колдонулган адаттагы ишкердик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы. 

Нак эмес эсептешүү - Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. 

Бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке адам (жеке адамдар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке адам (жеке адамдар). 

Вади'айад дамана - гарантиялык сактоо келишими, анын шарттарына ылайык банк ага ишеним менен берилген каражаттарды тескөөгө жана аларды жайгаштыруудан пайда алууга укуктуу. Вади'айад дамана депозитине карата талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) эрежелери таркатылат. 

Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу. 

Аманатчы - бул, банкка акчалай сумманы салган же анын атына үчүнчү жактан банкка акчалай сумма келип түшкөн жана банктык эсепти жана банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жана жүргүзүүгө тиешелүү келишимди түзгөн адам. 

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылтылышын каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук аймактар; 

Траст жөнүндө декларация - бул, менчикке укук бир жактын колунда турса да, иш жүзүндө ал, менчикке карата укуктук титул анын кызыкчылыгында биринчи жакка өткөрүлүп берилген башка бир жакка тиешелүү экендигин чагылдырылган, кат жүзүндө толтурулган келишим. 

Депозиттик сертификат - бул, аманат сертификатына окшош баалуу кагаз, бирок ага юридикалык жак гана ээлик кыла алат. Депозиттик сертификаттын банк-эмитенти менен анын кардары ортосундагы мамиленин негизин, банктык аманат (депозит) түптөйт. 

Идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу. 

Жеке ишкер - бул, Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкө жараны же республика аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкердикти жүзөгө ашырган, жарандыгы жок адам. 

Кайрылман статусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 токтому менен бекитилген «Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүүгө болот. 

Кард - бул, ага ылайык бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тарапка анын биринчи эле талабы боюнча гарантиялык кайтаруу шарттарында насыя түрүндө (сактоо) капитал (акча каражаттарын) сунуштаган келишим. 

Мудараба - ага ылайык бир тарап (инвестор) капитал (акча каражаттарын) сунуштаган, ал эми экинчи тарап - мудариб (банк) ошол капиталды кабыл алып, аны пайда алуу максатында тескөөгө алып, түшкөн пайда келишим шарттарына ылайык тараптар ортосунда пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлгөн келишим.  

Номиналдык сервис - бул, уюмдагы расмий кызматка номиналдык жактардын (номиналдык директор, акционер, катышуучу ж.б.) дайындалышы же алардын уюмдун акционери (катышуучусу) катары иш алып баруусун чагылдырган кызмат көрсөтүү. Мында, номиналдык жак менен бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) ортосунда түзүлгөн келишимге (макулдашууга) ылайык, бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) уюмга иш жүзүндө ээлик кылат жана анын ишин тескөөгө алат. 

Номиналдык жактар, кардардын ыйгарым финансылык чалгындоо органдын талаптарына ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруусу аркылуу банк тарабынан аныкталышы мүмкүн. 

Номиналдык акционер (катышуучу) - бул, келишимдин (макулдашуунун) негизинде бенефициардык менчик ээсинин тапшыруусу боюнча формалдуу түрдө гана юридикалык жактын баалуу кагаздарына ээлик кылган жеке адам же юридикалык жак. 

Номиналдык директор - бул, алардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде бенефициардык менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү же оозеки тапшыруусунун негизинде иш алып барып, уюмдун ишин формалдуу түрдө тескөөгө алган адам. 

Финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы. 

Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - тобокелдиктерди тескөөнүн белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо, деңгээлин төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку деңгээлинде күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү деңгээлинде жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү

Санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарын таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги. 

Аманат сертификаты - бул баалуу кагаз, ал акча каражаттарынын аманат катары банкка салынгандыгын жана белгиленген мөөнөт аяктаган учурда аманат суммасын же ал боюнча пайыздарды банктын кайсы болбосун мекемесинен алуу укугун тастыктайт. Жеке адам гана аманат сертификатына ээ боло алат. 

Кайрылман күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 токтому менен бекитилген «Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүүгө болот. 

Жеке адамдар - бул, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар. 

Хиба (сый акы) - акча каражаттарын кард, вади'айад дамана келишимдеринин шарттарында жайгаштырган банк аманатчыларына төлөнүүчү материалдык сый акы түрү

Юридикалык жак - бул, менчигинде, чарбалык ишинде же оперативдүү тескөөсүндө обочолонгон мүлкү бар жана ошол мүлк аркылуу өз милдеттенмелери боюнча жооп бере алган, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттенмелерди ала алган жана жүзөгө ашырган уюм.»; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Эсептешүүүндөлүк) эсеби бул, акча каражаттарын сактоо жана банктардан тышкары юридикалык жактар жана жеке ишкерлер чыгарган банктык төлөм карталарды колдонуу менен ишке ашырылган эсептешүүлөрдү кошо алганда (акчалай түшүүлөр, төлөөлөр, башка жеке адамдар же юридикалык жактар менен өз ара эсептешүүлөр, башка финансы-кредит уюмдарына которуулар) банктык эсеп келишими боюнча жүргүзүү үчүн каралган эсеп. Эсептешүү эсеби кард келишимин түзүү аркылуу ачылышы мүмкүн.   

Эсептешүүүндөлүк) эсептен каражаттар алдын ала билдирүүсүз эле кардардын биринчи талабы боюнча төлөнөт. Бардык эсептешүү-акча операциялары бардык зарыл реквизиттерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен төлөм документтери боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.   

Эсептешүүүндөлүк) эсеп боюнча бардык операциялар кардардын буйруусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.»; 

- 15-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кард жана вади'айад дамана келишими боюнча ачылган жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебине кардардын өздүк каражаттарынан тышкары, анын эмгек акысы, автордук гонорарлары, пенсиясы, алименттери, социалдык жөлөк пулдары, башка банктык эсептеги каражаттары, мураска байланыштуу төлөмдөр, эсеп ээсине таандык жеке мүлктү сатуу үчүн төлөм, акча которуулар (анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системалары боюнча жүзөгө ашырылган), жана каржылоо боюнча төлөмдөрдү кошо алганда, башка акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр чегерилиши мүмкүн. Жеке адамдын кард жана вади'айад дамана талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебинен кардар өз төлөмдөрүн, анын ичинде жеке максатта сатып алган товарлары (сунушталган кызматтар) үчүн төлөмдөрдү, каржылоо үчүн төлөөлөрдү, акча которуулар (анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системалары боюнча жүзөгө ашырылган), коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана өзүнө тиешелүү башка ушул сыяктуу төлөмдөрдү ишке ашырышы мүмкүн.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Банк кардарга эсеп ачуудан же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга тийиш: 

- эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү талаптарды аткаруу, кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер берилбесе; 

- анык эмес документтер берилди. 

Мында, банк белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына тиешелүү билдирүүнү кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде жөнөтүүгө тийиш.»; 

төртүнчү главада: 

- глава төмөнкү мазмундагы 21-1-пункту менен толукталсын: 

«21-1. Эгерде эсепти ачууда же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банктын операциялар (бүтүмдөр) террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу болгондугуна шектенүү туулганда, ал төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

- каалаган бөтөнчөлүктөргө же белгиленген чектик мааниге карабастан кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүгө

- операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп тааныгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө.»; 

- глава төмөнкү мазмундагы 21-2-пункту менен толукталсын: 

«21-2. Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүүгө алуу келип чыккан шектенүүлөр тууралуу маалыматтын таркатылып кетишине алып келе тургандыгы тууралуу ынанса, банк кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды көрбөйт жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.»; 

- глава төмөнкү мазмундагы 21-3-пункту менен толукталсын: 

«21-3. Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата анын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалымат болсо, банк ага алдын ала билдирүүсүз эле, Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына дароо бөгөт коюуга жана бөгөт коюлгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

Операцияга (бүтүмгө) бөгөт коюу жана андан чыгаруу тартибин, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттарга мүмкүнчүлүк берүү жана мындай каражаттарды тескөөгө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»; 

- глава төмөнкү мазмундагы 21-4-пункту менен толукталсын: 

«21-4. Банк кардардын, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, бенефициар ээсинин жана кардардын контрагентинин идентификациялоо маалыматтарын алар Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) катышкандар тууралуу маалыматтарга тиешеси бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү. Мындай текшерүү кардар менен ишкердик мамилелерди белгилөөгө чейин жана аны жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жана (же) кардардын кайсы болбосун операциясын (бүтүмүн) жүзөгө ашырууга чейин жүргүзүлөт.  

Эгерде кардар же бенефициар ээси кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) катышкандыгы жөнүндө маалымат бар болсо, банк кардар жүргүзүп жаткан операцияны (бүтүмдү) дароо токтотуп, операция (бүтүм) токтотулган учурдан тартып 3 (үч) саат ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.  

Операциялар (бүтүмдөр) Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык мыйзамдарга ылайык кабыл алынган мүлккө арест коюу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин токтотулат.  

Мүлккө арест коюу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, токтотулган операция (бүтүм) белгиленген тартипте жана финансылык чалгындоо органынын буйруусунун негизинде жүргүзүлөт.»; 

- 23-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Көрүүсү же угуусу начар кардарды тейлөөдө банк кардардын каалоосу боюнча, кардар кол тамга коё турган банктык эсеп келишиминин текстин жана башка документтерди үн коштоо/сурдокотормо менен камсыз кылууга тийиш.»; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Ушул Нускоонун талаптарына ылайык банкка берилген документтин түп нускасы чет тилде толтурулган болсо, банкка документтердин котормо мекемесинде күбөлөндүрүлгөн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилиндеги же зарыл учурда расмий тилиндеги котормосу сунушталышы зарыл.»; 

- 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Эсепке соттук актынын негизинде арест коюлушу мүмкүн.    

Эсепке арест коюуда банк эсеп боюнча кандай болбосун чыгаша операцияларын дароо токтотуусу зарыл. Эсептеги акча каражаттардын белгилүү бир суммасына арест коюлган учурда, ошол сумманын өлчөмүндө азайтылбаган калдык чегинде кандай болбосун чыгаша операциялары токтотулат.  

Эсептерден акча каражаттарын конфискациялоо мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде гана жүргүзүлөт.»; 

- 36-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Келишим мамлекеттик тилде жана зарылдыгына жараша тараптардын макулдашуусу боюнча расмий тилде түзүлүүгө тийиш. Бул макулдашуу кардардын/өнөктөштүн таржымалына көктөлөт/сакталат. Келишим тараптардын ар бири үчүн бирден, кеминде 2 (эки) нускада кат жүзүндө, же болбосо электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында түзүлөт, бул анын келишимдин тарабына таандык экендигин күбөлөндүрүү мүмкүндүгүн берет. Жазуу жүзүндөгү банктык аманат (депозит) келишиминин шарттарын сактабагандык, ошол келишимдин анык эместигине алып келет. Мында келишимдин бир нускасы банкта сакталып, экинчиси кардарга берилет, электрондук форма үчүн банк документти электрондук маалымат базасында сактайт, ал эми кардарга келишимдин электрондук формасына жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат, аны сактоо жана мазмунунун уникалдуулугун салыштыруу үчүн жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Банк, банктык аманат (депозит) кабыл алынганга чейин келишимди кардарга берүүгө милдеттүү.»; 

- 38-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Биринчи жолу кайрылууда банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачуу, аны идентификациялоо менен аманатчынын (эгерде, аманатчы - жеке адам болсо) же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделген документтери бар адамдын (эгерде аманатчы - жеке адам же юридикалык жак болсо) же үчүнчү жактын атына (мисалы, ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактар) эсеп ачкан адамдын көз алдында, идентификациялоо максатында жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- 40-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Эгерде кардар (ата-энеси, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) баланын пайдасына эсеп ачса, анда ал эсеп анын пайдасына ачылып жаткан адам жөнүндө маалыматты; эсеп ачып жаткан адам жөнүндө маалыматты (ата-энесинин, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасы же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документи) камтыган арызды; баланын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасын (паспорт кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү); эсептеги акча каражаттарын тескөөгө укуктуу болгон адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы берүүгө тийиш 

Баланын атына салынган аманатты (депозитти) төмөнкүлөр тескөөгө ала алат:    

- бала 14 жашка чыкканга чейин - ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү;    

- 14 жашка чыккандан кийин бала өзү.»; 

42-пунктунун: 

- төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар: күнү, номери, мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, каттоодон өткөн жери;»; 

- он төртүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөрдүн алдына «, мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«48. Банктык эсеп келишиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- келишим предметин; 

- банктагы акча каражаттарын тескөө тартибин; 

- банк тарабынан кызмат көрсөтүү шарттарын жана аларга төлөө тартибин. 

Банктык эсеп келишиминде тараптар макулдашкан башка шарттар каралышы мүмкүн. 

Банктык эсеп келишиминде ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча талаптар камтылышы мүмкүн. 

Банктык эсеп (депозит) келишими боюнча алгач кайрылган учурда жеке ишкер эсеп ачкан учурда ага аманатчынын өзү же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделинген документтери бар адам, аны идентификациялоо максатында катышууга тийиш. 

Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин талаптарына ылайык жеке ишкерди идентификациялоодо банктык эсеп келишими боюнча эсептерди ачуу аманатчынын өзүн жеке катыштыруусуз жүргүзүлөт. 

Банктык эсеп келишими боюнча юридикалык жак эсеп ачкан учурда ага же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделинген документтери бар адам, аны идентификациялоо максатында катышууга тийиш. 

Резиденттерге жана резидент эместерге банктык эсеп келишими боюнча эсептешүүүндөлүк) эсебин ачууда банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачуу үчүн каралгандай эле документтер талап кылынат.»; 

- 52-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«52. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде башкасы каралбаса, эсепти жабуу кардардын арызы боюнча ишке ашырылат. Кардардын делосунда эсепти жабуунун негиздери көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эсептеги акча каражаттарынын калдыгы кардарга кайтарылып берилип же анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен башка эсепке чегерилет. 

Банк акча каражаттарынын калдыгын алуу зарылдыгы жөнүндө кардарга акыркы белгилүү болгон дарек боюнча кат жүзүндө маалымдайт, ал эми кардар жок болгон учурда, акча каражаттарынын калдыгы банктын системалык эсебинде (балансында) сакталат. Мында, акча каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, ар бир кардар боюнча, алардын системадан тышкары эсеби менен талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) тобундагы өзүнчө жыйынтыкталган эсепте (депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар, кредиттик союздар үчүн - депозиттер тобунда) эсепке алынуусу зарыл. 

Банк кардарга маалымдоодо телефон/электрондук байланыш кызматтарын кошумча колдонуп, билдирүүлөрдү кардардын мобилдик номерине/электрондук почтасына жөнөтө алат.»; 

- 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«54. Банк төмөнкү учурларда бул шарттарды келишимде милдеттүү түрдө чагылдырып жана эсеп жабылганга чейинки 1 (бир) календардык ай мурда ал тууралуу кардарга билдирүү менен бир тараптуу негизде банктык эсеп келишимин же банктык аманат (депозит) келишимин токтотууга укуктуу, эгер:  

- кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы банктык эсеп келишиминде каралган минималдуу өлчөмдөн төмөн болсо;  

- келишимде белгиленген мөөнөт ичинде кардардын эсебинде каражат жок болсо же кардардын буйруусу менен эсеп боюнча операциялар жүргүзүлбөсө;  

- кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо талаптарын аткаруу, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн башка чаралары, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

- эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон, ишке ашырылып жаткан операциянын экономикалык максаттуулугун жана кардардын экономикалык иш жүргүзүүсүнүн аныктыгын тастыктаган тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

- анык эмес документтер берилсе.»; 

1-тиркеменин:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. «Өз кардарыңды бил» саясаты кардарларды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктайт жана төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) банктык эсепти, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачууда кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жол-жобосун; 

Кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруу аркылуу жүргүзүлөт; 

2) ушул Нускоодо каралган учурларда кардарды банктык эсепти ачууга чейин жана эсеп ачуу процессинде верификациялоо, ошондой эле эсеп ачылгандан кийин маалыматтарды текшерүү

3) бенефициардык ээсин эсеп ачууга чейин жана аны ачуу процессинде верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талаптагыдай чараларды көрүүгө

4) кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө жазууга; 

5) кардардын иши жана анын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарга, биринчи кезекте, олуттуу тобокелдиктүү иш багытын жүргүзгөн кардарларга карата талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоого жана жаңылап турууга; 

6) кардар менен ишкердик мамиле жөнгө салынган бүтүндөй мезгил ичинде анын иш багытына талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү жана жүргүзүлгөн операцияларынын (бүтүмдөрүнүн) анын иш багытынын маани-маңызына, финансылык абалына жана каражат булагына ылайык келишине, ошондой эле террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигинин келип чыгышы ыктымалдыгына туруктуу негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

7) банктын ыңгайына жараша кардардын эсеби боюнча ишке ашырылган операцияларга жана башка иш-чараларга көз салууга. 

Банктар кардар менен болгон ишкер мамилелерге жөнөкөйлөтүлгөн жана күчөтүлгөн текшерүүнү тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен жүргүзүп келет.»; 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«5. Жеке адамдардын инсандыгын тастыктоо үчүн төмөнкү документтердин бирин пайдаланат:    

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:    

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы инсандыгын тастыктаган документ);    

- туулгандыгы тууралуу кагаз жүзүндөгү күбөлүгү же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ (14 жашка чейинки баланын пайдасына эсеп ачуу, ошондой эле 14-16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн өзү эсеп ачуусу үчүн);  

- офицердин, прапорщиктин инсандыгын тастыктаган күбөлүк же мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысынын аскердик билети;   

- айдоочунун кагаз жүзүндөгү күбөлүгү же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы күбөлүгү (үчүнчү жактар, ошондой эле банк эсебине ээ кардарлар тарабынан кардардын банк эсебин толукталган шартта гана);  

2) чет өлкө жарандары үчүн:    

- чет өлкө жаранынын паспорту;  

- Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты, 

3) жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты;  

4) качкындар үчүн:  

- адамды качкын катары таануу жөнүндө суранычты каттоо тууралуу күбөлүгү;   

- качкындын күбөлүгү;  

5) кайрылмандар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү.»;  

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«8. Операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруу үчүн банк, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде кардардын террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого, ошондой эле жүргүзүлгөн операцияларды тастыктаган документтерди банктын талабы боюнча берип турууга милдеттенмесин кароого тийиш.»; 

- 10-пунктун 1-подпунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- расмий документтерден маалыматтарды тастыктоо. Тастыктоочу документ катары ушул тиркеменин 5-пунктунда келтирилген инсандыгын тастыктаган документтер колдонулушу мүмкүн;»; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«12. Банктык эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардар, банкка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген төлөм документтерин бериши зарыл.  

Банк тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуп, операциялардын мыйзамдуулугун жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктаган документтердин берилишин кардардан талап кылууга укуктуу. Кардарга ачылган эсептер, кардар менен түзүлгөн келишимдер, төлөм документтери (мисалы, инвойстор, эсеп фактуралар) ж.б. ушундай документтер боло алышат.    

Кардар талап кылынган документтерди берүүдөн баш тарткан учурда, банк эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш. Мындай шарт банк менен кардар ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишиминде каралышы зарыл.     

Банк жүргүзүлүп жаткан операциялардын мыйзамдуулугун жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун, ошондой эле кардардын жана бенефициардын ээсинин каражаттарынын келип чыккан булагын аныктоо максатында, кардардын кошумча документтерди, анын ичинде контрагент жөнүндө маалыматты сунуштоосу үчүн жетиштүү мөөнөттү, бирок 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттү белгилөөгө тийиш. Эгерде кардар банк тарабынан суралган документтерди белгиленген мөөнөттө бербесе, банк кардарга эсеп боюнча операция жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш. 

Эгерде кардардын операциялары шектүү катары таанылса жана/же кардарга жогорку тобокелдик деңгээли ыйгарылса, суралган документтер күтүлгөн убакыт ичинде кардар тиешелүү документтерди сунуштаганга чейин банк кардын эсеби боюнча кандайдыр-бир операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.»; 

3-тиркеменин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«3. Банк банктар, ошондой эле алардын аффилирленген жактары, туунду банктары жана өз алдынча юридикалык жак болуп саналбаган, жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө (оффшордук аймактарда) каттоодон өткөн өзүнчө турган бөлүмдөр менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө укугу жок. Оффшордук аймактардын тизмеги финансылык чалгындоо органынын сунушу боюнча жана ФАТФнын Ачык билдирүүсүнүн негизинде Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын чечими менен бекитилет. 

Эскертүү: ФАТФ - бул Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюм (топ). 

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.»; 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4. Обочо турган банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же аны улантууга банктын укугу жок. Банк ошондой эле, обочо турган банктарга өз эсептерин пайдаланууга мүмкүндүк берген чет өлкө банктары-корреспонденттер менен бүтүмдөргө келишип, операцияларды жүргүзүүгө каршы чараларды көрүшү зарыл. 

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөгү банктар менен корреспонденттик мамилелерди түптөө учурунда, банктын террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) боюнча алгылыксыз ишке тартылышы тобокелдиги банкта жогорулайт.». 

- 8-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү «терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын.   

 

 

15. Кыргыз Республикасысынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

15-ноябрындагы № 2019-П-12/56-3-(НПА) «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобонун:  

- 2-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) аффинаждалган өлчөнгөн куймалар бул, Улуттук банк тарабынан же Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан сертификацияланган аффинаждык ишкана/Кыргыз Республикасында баалуу металлдар жана асыл таштар менен жүргүзүлгөн операцияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан сертификацияланган ишкана тарабынан эмитирленген (чыгарылган), 1000 жана андан аз грамм салмагындагы, алтын куймалардын лигатурдук салмагында кеминде 99,95-99,99 пайызы химиялык таза металлды жана күмүш куйманын лигатурдук салмагында кеминде 99,90 пайызы таза металлды камтыган, баалуу металлдардан даярдалып, белги басылган (маркировкаланган) куймалар;»; 

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:  

«Өлчөнгөн куймаларды Кыргыз Республикасынын улуттук стандартына (Кыргыз мамлекеттик стандарты (КМС) 1281:2015) ылайык даярдаган ишканалар Кыргыз Республикасында баалуу металлдар жана асыл таштар менен жүргүзүлгөн операцияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан сертификацияланууга тийиш.». 

 

16. Кыргыз Республикасысынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин:  

- 1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Тартиптин талаптары, ишинин өзгөчөлүгүн жана банк операцияларын жүргүзүүдө колдонулган терминдерди эске алуу менен, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде «ислам терезесинин» алкагында жүргүзгөн коммерциялык банктарга таркатылат.». 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыкты. Токтомдун долбоору ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салган Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүүгө багытталган, жана ошондой эле кадимки финансы-кредит уюмдары үчүн да, ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан финансы-кредит уюмдары үчүн да бирдей укуктук чөйрөнү түзүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтомдун долбоорунда мазмуну боюнча жана техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган, анын ичинде: 

- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын күчүнө кириши менен ушул мыйзамдын 28-беренесине ылайык, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар, жеке жактар-ишкерлер, керектөөчүлөрдү тейлеген чарба жүргүзүүнүн башка субъекттери мамлекеттик тилде кызмат көрсөтүүлөрдү жана маалыматтарды беришет. Мамлекеттик тил менен катар маалымат расмий тилде берилиши мүмкүн; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин 10-отурумунун протоколу кабыл алынган, ага ылайык Улуттук банк майыптыгы бар адамдар үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда шарттарды түзүүсү зарыл;  

- ислам каржылоо принциптери боюнча каржылоону алуу мүмкүнчүлүгү боюнча бирдей укуктук чөйрөнү түзүү

- тобокелдиктердин ички рейтингинин негизинде сунуштоо практикасын киргизүү менен кредиттик тобокелдикти башкаруу; 

- жаңы продукттар боюнча комитеттин иши бөлүгүндө банктарда корпоративдик башкарууну өркүндөтүү

- банк тарабынан активдерди классификациялоо менен келип мүмкүн болгон жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв түзүүнүн алкагында нормалдуу актив критерийинин өзгөрүүсү

- банктык эсептерди (аманаттарды) ачууда кардарлардын инсандыгын күбөлөндүрүү

- жана башка. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери» деп аталган 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери ислам банк иши жана каржылоо принциптерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралган спецификаны жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат. 

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын «Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары» деп аталган 9-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарууга укуктуу.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча финансылык каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4 жана 6 пунктчасына ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт, анткени сунушталган өзгөртүүлөр юридикалык күчү жогору турган ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө, ошондой эле бирдей юридикалык күчкө ээ болгон Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган.  

Жогоруда белгиленгендерди эске алып, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы сунушталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгаруу үчүн карап берүүнү өтүнөт.