Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Улуттук банктын атайын жөнгө салуу режимин түзүү боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында, 2020-жылдан азыркы учурга чейин атайын жөнгө салуу режимин түзүү боюнча 23 билдирме каралып, анын ичинен төрт билдирме жактырылган («М Булак» микрокредиттик компаниясы» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, «Региональные платежные системы» ЖЧК, «Бакай Банк» ААК, «Грин телеком сервис» ЖЧК) жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген тизмесин жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензиялар берилген. 

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2021-жылдын 30-мартындагы № 13/2 токтомуна ылайык, жогоруда аталган «БАКАЙ БАНК» ААКтын лицензиясынын аракети токтотулган. 

Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомуна ылайык,  

«М Булак» микрокредиттик компаниясы» ЖЧК «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК жана «Региональные платежные системы» ЖЧК менен биргеликте ишке ашырган атайын жөнгө салуу режимдери ийгиликтүү катары таанылган. 

Азыркы учурда Улуттук банкка көзөмөлгө алынган уюмдардын өкүлдөрүнөн «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана ишке ашыруу шарттары боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кайрылуулар келип түшүүдө

Буга байланыштуу, финансылык сектордун сунуштарын эске алуу менен «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоору даярдалды. Мында, банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн тестирлөөгө катышуучуларга бир эле убакта атайын жөнгө салуу режимине катышууга уруксат берүү критерийлерин кеңейтүү жагында өзгөртүүлөр сунушталууда. Анткени Жобонун азыркы редакциясында тестирлөөгө бир гана катышуучунун катышуусу каралган. 

Мындан тышкары, долбоордо көзөмөлгө алынбаган субъект болуп саналган атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунан Улуттук банк план чегинде жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө жазуу жүзүндө макулдугун алуу зарылдыгы жөнүндө талаптарды белгилөө сунушталууда. Ошондой эле, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөө укугуна лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөө да каралган. 

Долбоордо ошондой эле атайын жөнгө салуу режиминен чыгуу шарттары боюнча толуктоолор да сунушталган. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктары козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш. 

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылдыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Кароого сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн. 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «____» __________ 

№___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу  

режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Ушул «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды колдонууга киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү тартиби, буга чейин Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларында сунушталбаган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылчылыгы келип чыккан шартта атайын жөнгө салуу режимине катышуу тартиби жана катышуучуларга карата талаптар аныкталат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул Жободо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары Комитет) чечимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен атайын жөнгө салуу режимдеринин иши боюнча укуктук мамилелерге колдонулат.  

Атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык операцияларга тиешелүү операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин аныктоо критерийлери:  

- операцияларды жүргүзүүдө жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо колдонулган технологиялар рынок үчүн жаңы болуп саналат;  

- операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө зарылчылыгы буга чейинки ушул сыяктуу продуктуларга салыштырмалуу жакшыртылган болуп саналат жана операцияларды жүргүзүүнүн натыйжалуулугун кыйла жогорулатат;  

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр банктык рынокто субъекттер тарабынан буга чейин колдонулган эмес же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык чектелген;  

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбайт жана операцияларды жүргүзүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес.  

Тестирлөө үчүн сунушталган операциянын жана (же) кызмат көрсөтүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келиши атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн милдеттүү болуп саналат.»; 

- 2-пункт төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«- атаандаштыкты өнүктүрүү.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме (мындан ары - билдирме) Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү тарабынан Улуттук банкка берилет. 

Атайын жөнгө салуу режиминде операцияларды жүргүзүүдө жана кызматтарды көрсөтүүдө ушул сыяктуу операцияларды жана кызматтарды же колдонулуп жаткан технологияларды тесттен өткөрүү үчүн катышуучулардын Жобонун 14-1-пунктун эске алуу менен бир эле учурда катышуусуна жол берилет.»; 

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Билдирменин курамына төмөнкүлөр кирет:  

- ушул Жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча Билдирме берүүчүнүн бланкында таризделген, ушул Жобого ылайык атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө өтүнүч менен кошо арыз, анда арызга тиркелген документтердин тизмеги камтылууга, ошондой эле жетекчинин колу коюлууга жана Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген электрондук түрдө аналогу болууга тийиш;  

- ушул Жобого карата 2-тиркеменин формасы боюнча Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) жөнүндө маалымат жана Кошо билдирме берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу;  

- ушул Жобого карата 3-тиркеменин формасы боюнча аны тестирлөө Билдирме ээси тарабынан сунушталган операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымат;  

- жарыяланган уставдык капиталдын суммасын көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктама алуу үчүн реквизиттери менен Билдирме ээсинин/Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же электрондук формалары;  

- Билдирме ээсинин акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик/финансылык отчету;  

- лицензия үчүн төлөмдү тастыктаган документ. Лицензия үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат; 

- эгерде Билдирме ээсинин атынан ишеним кат боюнча анын өкүлү иш алып барса, лицензия алуу үчүн өкүлгө берилген ишеним кат; 

- эгерде Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу юридикалык жак болуп эсептелбесе, Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында план чегинде/пландан тышкары инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Билдирме ээсинин жана Кошо билдирме берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу (1-1-тиркеме); 

- сунушталган операцияны жана кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүдөн күтүлүүчү натыйжаларды болжолдуу экономикалык эсептөөлөр.  

Уюштуруу документтерин жана бухгалтердик/финансылык отчет берүү талабы Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары иш алып барган жактарга таркатылбайт.»; 

- 14-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сунушталган же пайдаланылган ушул сыяктуу банктык иш жүргүзүлгөн учурда;»; 

- төмөнкү редакциядагы 14-1-пункт менен толукталсын: 

«14-1. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында учурда башка субъект/субъекттер тарабынан сунушталып жаткан банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тесттен өткөрүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүүгө арыздар төмөнкү маалыматтар кошо берилген учурда кабыл алынат: 

а) ушул сыяктуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү учурда тесттен өткөрүп жаткан атайын жөнгө салуу режимдерге салыштырганда тесттен өткөрүү үчүн сунушталган операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн факторлорун комплекстүү баалоо (SWOT-анализи). Факторлорду комплекстүү баалоо (SWOT-анализинин) компоненттерин минималдуу ачып көрсөтүү талап кылынат: 

- S күчтүү жактары, мында башка субъект (субъекттер) тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кошо тесттен өткөрүлүп жаткан операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктары чагылдырылат; 

- W чабал жактары, мында башка субъект (субъекттер) тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кошо тесттен өткөрүлүп жаткан операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыйынчылыктары чагылдырылат; 

- О тышкы чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрү, мында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды колдонууга киргизүүнүн натыйжасы чагылдырылат; 

- Т тышкы чөйрө коркунучтары, мында башка субъект (субъекттер) тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында сунушталуучу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кошо тесттен өткөрүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер чагылдырылат. 

б) банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды колдонууга киргизүүгө өбөлгө түзүүчү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштар.»; 

- 20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Комитет атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна карата төмөнкү милдеттенмелерди белгилеши мүмкүн:  

- тесттен өткөрүлүүчү банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу кошумча отчеттор;  

- Улуттук банктын өкүлдөрүнө мезгил-мезгили менен жер-жерлерде текшерүү иштерин, максаттуу текшерүү иштерин жүргүзүүгө жол берүү, ошондой эле Улуттук банктын көзөмөлүнө алынбаган катышуучуну кошо алганда, тесттен өткөрүлүп жаткан банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоого байланыштуу маалымат алуу үчүн атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун маалымат системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү;  

- керектөөчүлөргө банктык операция жана кызмат көрсөтүү тесттик режимде сунушталып жаткандыгы жана Улуттук банк лицензияны колдонууну токтоткон жана катышуучуга маалымдаган учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде тест режими токтотулушу мүмкүндүгү жөнүндө билдирүү;  

- банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча бардык финансылык милдеттенмелердин ордун милдеттүү түрдө жабуу;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка милдеттенмелер.»; 

- төмөнкү редакциядагы 22-1-пункт менен толукталсын: 

«22-1. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынбаган, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия алган жана ушул Жобонун 1-1-тиркемесине ылайык макулдук берген жакты кошо алганда, Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөр боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө план чегинде/пландан тышкары инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.»; 

- 24-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу лицензияда көрсөтүлгөн тестирлөөнү аяктоо күнүнө чейинки 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен ушул Жобонун 31-пунктуна ылайык отчетту тиркеп, тестирлөө мөөнөтүн узартуу максатка ылайыктуу экендиги себептерин көрсөтүү менен тестирлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен Улуттук банкка кайрылышы мүмкүн. Мындай арыз 15 (он беш) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө каралат. 

Тестирлөөнүн мөөнөтү узартылган учурда, тестирлөөнү аяктоо күнү кайрадан белгиленген Комитеттин кошумча чечими чыгарылат.  

Комитеттин тестирлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча чечими 1 (бир) гана жолу кабыл алынат жана 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө гана узартылышы мүмкүн. Комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн тестирлөө мөөнөтүн узартуу шарттары ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»; 

- 34-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Эгерде атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу, анын ичинде бир эле учурда тестирлөөнүн катышуучулары тестирлөөнүн натыйжасында аталган режимдин шарттарында көрсөтүлгөн сандык жана сапаттык критерийлерге жетишсе, ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн корутундусунун негизинде Комитет тестирлөөнү ийгиликтүү катары тааныйт.»; 

- 35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Тестирлөө ийгиликсиз катары таанылган учурда, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна, анын ичинде бир эле учурда тестирлөөнүн катышуучуларына аталган режимдин алкагында тестирлөөдөн өткөн инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары сунуштоого тыюу салынат. Атайын жөнгө салуу режимине катышууга лицензияны колдонуу токтотулат.»; 

- төмөнкү редакциядагы 35-1 жана 35-2-пункттар менен толукталсын: 

«35-1. Лицензияны колдонуу токтотулган учурда катышуучу, анын ичинде бир эле учурда тестирлөөнүн катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү

1) 1 (бир) жумуш күнү ичинде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн катышуучуларына/пайдалануучуларына атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операцияларды/кызматтарды көрсөтүү токтотулгандыгы жөнүндө билдирүүгө

2) Комитет белгилеген мөөнөттө катышуучулар/керектөөчүлөр жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр (үчүнчү жактар) алдында төлөмдөрдү/милдеттенмелерди аткарууну аягына чыгарууга жана лицензиялануучу иштин түрүн дароо токтотууга; 

3) лицензияны колдонуу токтотулгандыгы жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны Улуттук банкка өткөрүп берүүгө

Улуттук банк лицензияны колдонуу токтотулгандыгы тууралуу маалыматты Улуттук банктын расмий сайтына жарыялайт. 

35-2. Катышуучу тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырганга чейин катышуучулар/керектөөчүлөр жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр (үчүнчү жактар) алдында келишимдин/келишимдердин шарттарын аткарууга, төлөмдөрдү төлөп берүүгө жана финансылык милдеттенмелерди аткарууга, ошондой эле лицензиялануучу иштин түрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотууга. 

Улуттук банкка лицензияны өткөрүп берүүдө катышуучу үчүнчү жактар алдында эсептешүүлөр аяктагандыгы жөнүндө салыштыруу актыларынын көчүрмөлөрүн, тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн башка катышуучулар менен өз ара эсептешүүлөр аяктагандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн кагаз түрүндө берүүгө тийиш.»; 

- 36-пунктунун үчүнчү сүйлөмүндө «шартттарында» деген сөз «шартттарында/чектөөлөрүндө» дегенге алмаштырылсын; 

- 38-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Атайын жөнгө салуу режимдеринин реестринде аталган режимдин катышуучулары тууралуу төмөнкү маалымат камтылат:  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун/катышуучуларынын аталышы;  

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензия берилген, жүзөгө ашырылып жаткан банк операцияларынын тизмеги; 

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун каттоо номери жана лицензиясынын реквизиттери;  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун/катышуучуларынын интернет-сайты (эгер болсо) жана аны менен байланышуу үчүн маалыматтар (анын ичинде электрондук дареги);  

- атайын жөнгө салуу режими бекитилген күн;  

- атайын жөнгө салуу режиминде көрсөтүлгөн тестирлөө башталган күнү;  

- атайын жөнгө салуу режиминде көрсөтүлгөн тестирлөө аяктаган күн (ошондой эле тестирлөө узартылган учурда, тестирлөө мезгили узартылган мөөнөт көрсөтүлөт).»; 

- төмөнкү редакциядагы 1-1-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого карата 

1-1-тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

______________________ (кимден) 

№________________________ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында план чегинде/пландан тышкары инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө  

ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨ МАКУЛДУГУ 

 

 

_______________________ (юридикалык жактын аталышы) атынан иш алып барган, ___________________ жетекчиси (башкарманын төрагасы) болуп саналган, _______________ уставынын же жетекчиликтин (башкарманын/директорлор кеңешинин) чечиминин негизинде ыйгарым укук берилген ________________ (аты-жөнү, паспортунун №, ким тарабынан берилген), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө арыздын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында план чегинде/пландан тышкары инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Улуттук банктын талабы боюнча документтерди жана маалыматтарды белгиленген мөөнөттө берүүгө макулдугун билдирет. 

 

Аты-жөнү 

Уюмдун жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү  

20___-ж. «_____» ______________________».