Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес  

финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциалык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарын жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын “__”__________  

№ 2023-П-/-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» ушул жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары Улуттук банк) төлөө жөндөмдүүлүгү боюнча проблемаларга дуушарланган, депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - БФКУ) акыркы инстанция кредитин берүүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган.  

2. БФКУга акыркы инстанция кредити Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 5, 6 жана 17-беренелерине жана ушул Жобого ылайык берилет.  

3. Система тобокелдигине жол бербөө, финансы системасынын бүтүндүгүн камсыз кылуу жана туруктуулугун сактоо максатында Улуттук банк ликвиддүүлүк менен убактылуу көйгөйлөргө дуушар болгон айрым БФКУларга ликвиддүүлүктү колдоо үчүн кредит берүүгө укуктуу. Бул учурда БФКУ төлөөгө жөндөмдүү болуп саналат. Овердрафт түрүндө кредит берүүгө тыюу салынат.  

4. Мындай кредитти берүү менен Улуттук банк БФКУга убактылуу колдоо көрсөтүү менен акыркы инстанция кредитору катары өз функциясын жүзөгө ашырат. Кредит БФКУга төлөөгө жөндөмсүздүк тобокелдигин алдын алуу жана жеке адамдардын улуттук валютадагы аманаттарын коргоо максатында берилет.  

5. Кредит ликвиддүүлүк боюнча проблемаларга дуушарланган жана финансылык абалын чыңдоо чараларын жүзөгө ашырып жаткан БФКУга берилет. Мында, ушул Жобону жүзөгө ашыруу максатында, ликвиддүүлүк боюнча проблемаларга дуушарланган БФКУ катары аларга карата төмөнкүлөр белгиленген БФКУну түшүнүүгө болот:  

- БФКУнун ишинде жетекчиликтин ишти банктык мыйзамдарга ылайык камсыз кылууга жөндөмсүздүгүнө байланыштуу бузуу фактылары, БФКУнун алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылышы, анын ичинде БФКУнун аманатчылар алдында милдеттенмелерин аткарууга жөндөмсүздүгүнө алып келген форс-мажордук жагдайлар; 

- аманатчылардын алдында милдеттенмелерди аткарбоо тобокелдиктери. 

6. Кредит берүү, анын ичинде кредит берүү шарттары, мөөнөтү жана көлөмү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Кредит боюнча пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.  

7. Улуттук банк Башкармасы кредит берүү жөнүндө маселени кароо алдында БФКУ аткарууга тийиш болгон белгилүү бир талаптарды белгилөөгө укуктуу.  

8. Кредит мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздоо шарттарында кредиттөөнүн жалпы принциптерин сактоо менен улуттук валютада берилет. 

9. Кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенме күрөө менен камсыздалат. Күрөөгө, анын жетиштүүлүк көлөмүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана күрөөлүк камсыздоонун башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.  

2-глава. Кредит берүү шарттары 

10. БФКУ Улуттук банктын макулдугусуз жаңы милдеттенмелерди (депозиттер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттенмелердин башка түрлөрүн) кабыл ала албайт. 

11. Улуттук банк Башкармасы кредит толугу менен төлөнгөнгө чейинки мезгилге БФКУ үчүн башка талаптарды белгилөөгө укуктуу. 

12. Кредитти колдонуу мезгили ичинде БФКУ кредитти МБК (МКВ, МКО) жана Улуттук банктын ноталарын коммерциялык банктар аркылуу сатып алууга укугу жок.  

13. БФКУ кредитти кызмат адамдарына жана БФКУ менен байланыштуу же аффилирленген жактарга депозиттерди (аманаттарды) төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк БФКУ менен байланыштуу же аффилирленген жактар менен операцияларга карата кошумча чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.  

14. БФКУ кредитти БФКУнун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине сый акылардын бардык түрүн жана шыктандыруучу башка төлөмдөрдү кошо алганда, административдик чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Мындан тышкары, Улуттук банк БФКУ өз административдик чыгашаларын кыскартуусу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Ошондой эле БФКУ пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө (анын ичинде буга чейин чыгарылган чечимдер боюнча), акционерлер (катышуучулар) алдында финансылык милдеттенмелерди жана төлөмдөрдү аткаруу, ошондой эле эмгек акыны кошпогондо, БФКУнун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай болбосун сый акыларды төлөө жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укугу жок.  

15. Улуттук банк Башкармасы БФКУга кредит берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган учурда, Улуттук банк БФКУга бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт. 

 

3-глава. Кредитти камсыздоо 

16. БФКУнун кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кредитти камсыздоо катары сунушталган күрөө предмети үчүнчү жакка күрөөгө же кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.  

17. Кредитти камсыздоо катары төмөнкү түрдөгү күрөөнү сунуштоого болот:   

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздары; 

2) Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон финансы-кредит уюмундагы депозиттер; 

3) чет өлкө валютасы; 

4) Улуттук банк Башкармасынын "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин түзүү боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" токтомунда каралган тартипте, белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу. Мында алар боюнча талап кылуу укугу күрөө катары сунушталган кредиттер кредиттик каражаттарды алууга билдирме берүү учуруна карата БФКУнун өздүк каражаттарынын эсебинен улуттук валютада берилүүгө жана классификацияланбаган активдер категориясына (байкоого алынган активдерди кошпогондо) кирүүгө жана реструктуризацияланбаган болууга тийиш. 

5) Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген учурларда, Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон активдердин жана мүлктөрдүн башка түрлөрү

18. Күрөө предмети күрөө коюучуга менчик укугунда таандык болууга жана ага башка милдеттенмелер жүктөлбөөгө тийиш. 

19. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт. 

20. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги БФКУ сураган кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

21. Күрөөгө коюлган мүлктүн рыноктук наркы аны пайдалануу болжолдонгон мезгил үчүн кошуп эсептелинген пайыздардын суммасын кошо алганда, суралган кредиттин суммасынан төмөн болбоого тийиш. Эгерде БФКУ кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндө күрөөлүк камсыздоону сунуштап жатса, БФКУ сураган кредиттин суммасынын бир бөлүгү тиешелүү күрөө коэффициентин колдонууну эске алуу менен ушул Жобонун 17-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн жана БФКУга менчик укугунда таандык болгон күрөө менен камсыздалууга тийиш. Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун максималдуу көлөмүнө карата талаптар Башкарма тарабынан күрөөлүк камсыздоого карата башка талаптар менен бирге пайыздык туюндурууда аныкталат. 

22. Камсыздоо (күрөө) катары берилген мүлктү кабыл алуу, жүгүртүү, өндүрүү жана сатып өткөрүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Күрөө жөнүндө келишимдерде жана аларга карата кошумча макулдашууларда аныкталат.  

 

4-глава. Кредит берүү жана аны төлөө тартиби 

23. Кредит алуу үчүн БФКУ Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:  

- кредит алуу максатын көрсөтүү менен кредит берүү жөнүндө арыз-өтүнүч; 

- БФКУнун Директорлор кеңешинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын кредит алуу жана суралган кредиттин камсыздоосу катары активдерди жана/же мүлктү сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алуу тууралуу протоколу;  

- күрөө коюучунун күрөө предметине менчик укугун тастыктаган документтердин талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

-  менчик укугун тастыктаган, күрөө предметинин мүнөздөмөсү жана ага көз карандысыз баалоочу тарабынан берилген баа камтылган документтер; 

- БФКУ өз акционерлерине Улуттук банкка кредит алуу үчүн кайрылуу ниети жөнүндө билдиргендигин тастыктаган документтер (билдирүү кол койдуруу менен тиешелүү адамдын өз колуна берилет же анын акыркы белгилүү дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт); 

- Улуттук банк кредит берүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди да талап кылууга укуктуу; 

- БФКУнун Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген БФКУнун финансылык абалын чыңдоо планы. 

24. Кредит берүү үчүн Улуттук банк жана БФКУ ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашуу, Кредиттик келишим жана Күрөө жөнүндө келишим түзүшөт, анын форматы жана талаптары күрөөнүн түрүнө жараша Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

25. Кредит проблемалуу БФКУнун финансылык абалын чыңдоо планынын аткарылышына жараша жана ал маалыматты кеңири көрсөтүү менен ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык, мурда алган транштарды максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө отчетту бергендигине жараша транштарга бөлүп (кезеги менен) берилет.  

26. Транштар Башкарманын чечими менен аныкталган кредитти жабуу датасынан ашпаган мөөнөткө берилет. Кредитти жабуу датасы жана/же транштарды жыйынтыктап төлөө күнү Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.  

27. Транштын негизги суммасы жана ага чегерилген пайыздар Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашууда аныкталган шарттарда төлөнөт.  

28. БФКУ кредитти максатсыз пайдаланса же өзүнүн милдеттерин аткарбаса/талапка ылайык аткарбаган учурда, Улуттук банк  кредиттин кезектеги траншын берүүнү токтотууга жана мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга же күрөөгө коюлган  мүлктүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.  

 

5-глава. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө 

29. Кредиттин ар бир траншынын суммасына пайыздар, берилген траншты айкын пайдаланган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздардын формуласынын негизинде, жыл ичиндеги 360 календардык күн эсеби боюнча төмөнкү формулада эсептелинет: 

P = (C x I x T)/360/100, мында: 

Р транш боюнча пайыздар суммасы; 

С транштын суммасы (сом); 

I пайыздык чен (жылдык %); 

Т траншты пайдалануу мөөнөтүүндөр менен). 

30. БФКУ берилген траншты пайдаланган мезгил ичиндеги айкын календардык күндөрдү эсептөөдө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр да эске алынат.  

31. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, жумуш эмес күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар кийинки жумуш күнү төлөнөт.  

 

6-глава. Өзгөчө шарттар 

32. Улуттук банк кайсы болбосун учурда, өз ыңгайына жараша, БФКУнун ишин текшерүүгө укуктуу.  

33. Кредитти колдонуп жаткан мезгил ичинде БФКУ Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашууда жана Күрөө келишимдеринде, ошондой эле Улуттук банктын чечимдеринде аныкталган бардык талаптарды так сактоого милдеттүү

34. Кредит колдонулуп жаткан мезгил ичинде БФКУ Улуттук банк Башкармасынын чечимдеринде, Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашууда жана/же Күрөө келишимдеринде аныкталган талаптардын кайсыл бирин сактабаса, Улуттук банк кредиттик линияны токтотууга жана сунушталган транштардын, ал боюнча чегерилген пайыздардын мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. БФКУ милдеттенмелердин ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу талабын аткарбаган учурда, Улуттук банк соттон тышкаркы тартипте күрөө предметинин эсебинен өндүрүү жол-жобосун башташы мүмкүн.  

35. Улуттук банктын талабы боюнча БФКУ кредитти пайдалангандыгы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунуштайт.   

 

7-глава. Жоопкерчилик жана укукка каршы аракеттер 

36. Улуттук банк БФКУ кредит берүү шарттарын аткарбагандыгынан же толугу менен аткарбагандыгынан келип чыккан кандай болбосун чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

37. Улуттук банк тарабынан кредиттин берилиши Улуттук банк БФКУнун милдеттенмелерин өзүнө алган катары каралбайт.  

38. Кредит алуунун жана аны пайдалануунун кайсы болбосун баскычында Улуттук банк БФКУга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

39. Кредиттин максаттуу пайдаланылышы жана келишимде каралган кредит боюнча бардык шарттардын так сакталышы үчүн жоопкерчилик БФКУга жүктөлөт.  

40. БФКУнун кызмат адамдары, акционерлери, БФКУ менен байланыштуу же аффилирленген жактар укукка каршы келген төмөнкү аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат: 

- БФКУнун бухгалтердик жана башка документтеринде жазууларды жашыруу, бурмалоо же жалган жазууларды киргизүү

- БФКУнун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине айрым кредиторлордун жана дебиторлордун пайдасына чечим кабыл алуусу үчүн таасирин тийгизүү

  -  кызмат адамдары менен кызматташуудан баш тартуу же БФКУнун мүлкүн кайтарып берүүгө тоскоолдук кылуу; 

- БФКУнун кызмат адамдары милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу жана анын мыйзам чегинде талаптарын аткарбоо; 

-  банкроттукка учуроону кошо алганда, сот тарабынан таанылган жана мажбурлап жоюуга алып келген иш-аракеттер; 

- Улуттук банкка милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу жана Улуттук банктын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

 

Кредиттик линия ачуу жөнүндө 

макулдашуу 

 

Бишкек шаары 20___-жылдын «___» _______ № _____ 

 

 

 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ___________________ негизинде иш алып барган _______________ бир тараптан жана мындан ары “БФКУ” деп аталуучу __________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган _______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары Макулдашуу) түзүштү:  

 

1. ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР 

 

1.1. Ушул Макулдашуунун максаттарында төмөнкү маанидеги терминдер пайдаланылган: 

Кредиттөө лимити ушул Макулдашууга ылайык белгиленген жалпы сумманын чектүү өлчөмү, анын чегинде БФКУ негизги талаптарды сактаган шартта, ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү ичинде кредит/транш алууга укуктуу.  

Негизги талаптар Улуттук банк Башкармасынын 20____-жылдын “__”_____ №___ токтому менен бекитилген “Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө” жободо белгиленген талаптар.  

Кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгили ушул Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып _________жылга чейинки мезгил аралыгы, бул мезгил аралыгында БФКУ ушул Макулдашуу боюнча ачык кредиттик линиянын алкагында кредит/транш алууга укуктуу.  

Кредит/транш Улуттук банк тарабынан ушул Макулдашууда каралган шарттарда, кредиттөө лимитинен ашпаган жалпы суммада БФКУга берилген акча каражаттары. Кредит/транш БФКУнун билдирмесине ылайык сунушталат. Кредиттер/транштар БФКУнун билдирмесине ылайык берилет. Кредиттерди/транштарды берүү жана төлөө шарттары аны берүү жөнүндө конкреттүү кредиттик келишимдерде аныкталат.  

Кредиттөө лимитинин бош калдыгы Улуттук банк БФКУга акыркы жолу кредит/транш бергенден кийин калган кредиттөө лимити боюнча акча каражаттарынын суммасы кредиттөө лимити менен ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык берилген, бирок орду жабылбаган (б.а. колдонуудагы) кредиттердин/транштардын жалпы суммасынын ортосундагы айырмага барабар. Кредиттөө лимитинин бош калдыгы БФКУга кредит/транш түрүндө анын өлчөмүнүн чегинде жана кредиттөө лимитин пайдалануу мезгили ичинде, ошондой эле күрөөлүк камсыздоо жетиштүү болгон шартта берилиши мүмкүн.  

Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим Тараптар тарабынан ушул Макулдашуунун алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде Улуттук банк БФКУга кредит/транш сунуштайт жана ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим, ушул Макулдашууга карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада түзүлөт. 

Кредит/транш берүү датасы - кредиттин/транштын суммасы БФКУнун коммерциялык банктагы эсебине чегерилген күн.  

Кредит/транш төлөө датасы негизги карыздын суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, ___-жылдын “___”______ кечиктирилбестен, ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча БФКУдан Улуттук банктын талаптарын канааттандырган суммадагы акча каражаттары Улуттук банктын эсебине келип түшкөн күн.  

 

2. МАКУЛДАШУУНУН ПРЕДМЕТИ 

 

2.1. Улуттук банк БФКУга мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк, камсыздоо шарттарында жана ушул Макулдашууда аныкталган башка шарттарда ________________ (суммасы жазуу жүзүндө) сом суммасында кредиттөө лимити менен кредиттик линия сунуштайт (ачат), ал эми БФКУ ушул Макулдашууда жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде каралган өлчөмдө, мөөнөттө жана шарттарда ачык кредиттик линиянын алкагында алынган кредитти/траншты Улуттук банкка кайтарып берүүгө жана аларды пайдалануу үчүн пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет.  

2.2. Кредиттөө лимити менен кредиттик линия ____________-жылдан тартып ___________-жылга чейин сунушталат (ачылат), анын акырында БФКУ ушул Макулдашууга ылайык сунушталган кредит/транш боюнча карызды, анын ичинде негизги карыздын суммасын, чегерилген пайыздарды жана кредит/транш боюнча башка төлөөлөрдү толугу менен төлөп берүүгө тийиш.  

2.3. Белгиленген кредиттөө лимитинин алкагында, ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү ичинде, бирок кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгилинен кечиктирбестен, БФКУ кредит/транш берүү жөнүндө тиешелүү билдирме берилген учурда негизги талаптарды сактаган шартта, кредиттөө лимитинин бош калдыгынын чегинде кезектеги кредит/транш алууга укуктуу. Негизги талаптардын сакталышы кредит/транш берүү жөнүндө билдирме сунушталган учурда БФКУ тарабынан Улуттук банкка берилген тиешелүү маалымат жана документтер менен тастыкталат.  

2.4. БФКУнун алынган кредит/транш боюнча ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү ичиндеги карызынын калдыгы ушул Макулдашуунун 2.1-пунктунда белгиленген кредиттөө лимитинен ашпоого тийиш.  

2.5. БФКУга Улуттук банк тарабынан ушул Макулдашуунун алкагында берилүүчү кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана аларды БФКУ ликвиддүүлүктү колдоо үчүн гана пайдаланууга тийиш. Мында сунушталган кредиттик каражаттар биринчи кезекте жеке адамдардын депозиттерин (аманаттарын) кайтаруу жөнүндө талаптарды канааттандырууга багытталат.  

2.6. БФКУ Улуттук банк тарабынан сунушталган кредиттик каражаттарды кредиттөө үчүн, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк БФКУнун байланыштуу же аффилирленген жактар менен операцияларына чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.  

 

3. КРЕДИТ/ТРАНШ БЕРҮҮ ТАРТИБИ 

 

3.1. Кредиттик линиянын алкагында кредит/транш алуу үчүн БФКУ кредит/транш суммасын, мөөнөтүн жана аны камсыздоо катары сунушталып жаткан активдер тизмегин көрсөтүү менен Улуттук банкка кредит/транш берүү жөнүндө билдирме берүүгө тийиш. 

БФКУнун кредит/транш берүү жөнүндө билдирмесине БФКУнун негизги талаптарга жооп бериши тууралуу документтер жана маалыматтар кошо тиркелүүгө тийиш. 

3.2. Кредит/транш ушул Макулдашуу түзүлгөн учурдан тартып ______ айдан ашпаган мөөнөт ичинде ордун жабуу шартында алынышы мүмкүн.  

3.3. Улуттук банк БФКУга кредит/транш берүү жөнүндө тиешелүү кредиттик келишимди тариздөө аркылуу берет, анда кредит/транш берүүнүн өлчөмү (суммасы), мөөнөтү, пайыздык чени, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө шарттары көрсөтүлөт. Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде ушул Макулдашууга шилтеме камтылууга тийиш.  

3.4. БФКУ Улуттук банктын кредит/транш алуу боюнча зарыл документтерди сунуштоого тиешелүү бардык талаптарын так сактоого тийиш. Улуттук банк БФКУдан кредит/транш берүү жөнүндө билдирмеге тиешелүү кошумча документтерди жана маалыматты талап кылууга укуктуу.  

3.5. Негизги талаптарга ылайык кредит/транш берүүгө түздөн-түз тиешелүү бардык зарыл материалдар жана документтер изилденгенден кийин гана Улуттук банк кредит/транш берет.  

Улуттук банк БФКУ тарабынан сунушталган документтердин толуктугун, негиздүүлүгүн жана талапка ылайык келишин карап чыккандан кийин, ушул Макулдашуунун шарттарын так сактоо менен ички жол-жоболоруна ылайык, кредит/транш берүү же аны четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. 

3.6. Кредит/транш БФКУ тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын күрөө жөнүндө келишимдин каттоодон өткөндүгү жөнүндө тастыктамасы Улуттук банкка берилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде кредит/транш берүү жөнүндө кол коюлган кредиттик келишимге ылайык БФКУга сунушталат. Өзгөчө учурларда, кредит/транш БФКУга күрөө жөнүндө келишимди ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү жол-жобосу аяктаганга чейин да берилиши мүмкүн.  

 

4. КРЕДИТТИ/ТРАНШТЫ ЖАНА БАШКА СУММАЛАРДЫ ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН ПАЙЫЗДАРДЫ ЭСЕПТӨӨ, ЧЕГЕРҮҮ ЖАНА ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ 

 

4.1. Улуттук банк тарабынан сунушталган кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн БФКУ Улуттук банкка пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет. Пайыздар БФКУнун кредиттин/транштын негизги суммасы боюнча карызынын калдыгына чегерилет.  

Улуттук банктын кредит боюнча пайыздык чени так аныкталган катары саналат жана жылдык ______ пайыз өлчөмүндө белгиленет.  

4.2. Кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө ар айлык негизде жүргүзүлөт.  

4.3. Пайыздар жыл ичиндеги 360 күндүн жана ай ичиндеги айкын күндөрдүн негизинде кредит/транш сунушталган датадан тартып (ошол күндү эске алуусуз) кредит төлөнгөн датага чейин (ошол күндү кошо алганда) кредит/транш боюнча карыздын айкын калдыгына чегерилет. 

4.4. Кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасы жана/же чегерилген пайыздар ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү бүткөн жумуш күнүнөн кечиктирилбестен төлөнөт.  

4.5. Айрым кредит/транш боюнча негизги карызды жана чегерилген пайыздарды төлөө тартиби кредит/транш берүү жөнүндө өзүнчө кредиттик келишимдерде аныкталат.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

5.1. Улуттук банктын укуктары жана милдеттери: 

5.1.1. Улуттук банк ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, кредит/транш берүү боюнча бардык зарыл аракеттерди өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттенет; 

5.1.2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган, БФКУ тарабынан ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык милдеттенмелердин аткарылышы үчүн зарыл болгон кандай болбосун чараларды көрүүгө укуктуу.  

5.1.3. Ушул Макулдашууну колдонуу мезгили ичинде Улуттук банк БФКУнун финансылык абалын, ачык кредиттик линия боюнча камсыздоонун абалын, кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышын текшерүү жагында иш-чараларды жүзөгө ашырууга укуктуу.  

5.1.4. Улуттук банк мониторинг жүргүзүү жана контролдоо максатында, БФКУдан кандай болбосун зарыл маалыматты, анын ичинде кредиттик линия боюнча камсыздоонун абалы, кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышы боюнча, анын ичинде суммаларды чегерүү боюнча төлөм документтеринин БФКУ тарабынан тастыкталган көчүрмөлөрүн жана башка маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу.  

5.1.5. Улуттук банк БФКУ тарабынан ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууда жол берилген бузуулардын же болбосо ушул Макулдашуунун жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин камсыздоосу катары БФКУ менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишим шарттарын жана жоболорун бузууга жол берүүнүн натыйжасында, Улуттук банк тарткан чыгымдарды жана чыгашаларды кошо алганда, ушул Макулдашууда жана кредиттик келишимде каралган кредиттердин/транштардын негизги суммасы, ал боюнча чегерилген пайыздар, туум жана айып пул түрүндө үстөк айыптар жана башка суммалар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын бардык суммасынан күрөөлүк мүлктөн өндүрүү жол-жобосун БФКУнун колдоосун жана макулдугун алуусуз, бир тараптуу тартипте демилгелөөгө укуктуу.  

5.1.6. Эгерде БФКУ Улуттук банктын ушул Макулдашуунун жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча талаптарын жана шарттарын аткарбаса, Улуттук банк кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, үстөк айыптарды жана айыптык санкцияларды же болбосо камсыздоого жетишсиз эквиваленттеги тиешелүү сумманы кошо алганда, БФКУнун ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча карызынын толук суммасын же бир бөлүгүн жабуу үчүн күрөөнүн эсебинен өндүрүү жол-жобосун баштоого укуктуу.  

5.1.7. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын алып койгон учурда, алар эсептен алынып салынган/алынып коюлган күнүнө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык БФКУга берилген кредиттин/транштын валютасына конвертацияланат (которулат).  

5.1.8. Улуттук банк ушул Макулдашууда, кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде жана Улуттук банк менен БФКУ ортосунда ушул Макулдашуунун негизинде түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимдеринде каралган жагдайларда, БФКУ тарабынан Улуттук банкка сунушталган күрөө предметинин эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.  

5.1.9. Улуттук банк бир тараптуу негизде кредит/транш берүүдөн баш тартууга жана/же аны берүүнү токтотуп турууга жана/же ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын талап кылууга, анын ичинде кредит/транш боюнча негизги карызды, аны пайдаланган айкын мезгил үчүн чегерилген пайыздарды жана ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банкка төлөнүүгө тийиш болгон башка суммаларды төлөөнү, кайсыл болбосун төмөнкү учурларда талап кылууга укуктуу: 

1) БФКУ кредитти/траншты максатсыз пайдаланган учурда; 

2) БФКУ ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык, Улуттук банк тарабынан БФКУдан талап кылынган документтерди жана маалыматты бербесе же өз убагында бербесе; 

3) БФКУ ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса; 

4) БФКУ кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык карыздын ордун жабуу графигин бузууга жол берген шартта;  

5) БФКУ ушул Макулдашууга ылайык Улуттук банк тарабынан ачылган кредиттик линиянын камсыздоосу катары БФКУ тарабынан сунушталган, БФКУ менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөөлүк мүлк жөнүндө келишимдин жоболорун бузууга жол берсе; 

6) эгерде Улуттук банкта расмий маалыматтарга же ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтарына негизденген, Улуттук банктын пикири боюнча БФКУнун финансылык абалынын олуттуу начарлагандыгы тууралуу жана/же БФКУ тарабынан ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык милдеттенмелери аткарылбашына же талаптагыдай аткарылбашына алып келиши мүмкүн болгон башка жагдайлар орун алгандыгы тууралуу маалымат болсо; 

7) эгерде БФКУнун ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банкка берген маалыматы такталбаган, толук эмес/бурмаланган жана/же жалган катары таанылса.  

5.1.10. Улуттук банк 5.1.9-пунктта көрсөтүлгөн талаптары жөнүндө БФКУга кат жүзүндө билдирет.  

Эгерде Улуттук банк 5.1.9-пунктта көрсөтүлгөн себептер боюнча кредит/транш берүүнү токтоткон болсо, ушул Макулдашууга ылайык ачылган кредиттик линия боюнча кредиттөө лимитинин бош калдыгын бир тараптуу жабууга (укугуна тыюу салууга) жана БФКУдан кредит/транш боюнча негизги сумманы, айкын пайдаланган убактысы үчүн пайыздарды мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылышы мүмкүн, бул тууралуу Улуттук банк БФКУга кат жүзүндө маалымдайт. БФКУ Улуттук банктын кат жүзүндөгү билдирмесинде белгиленген талаптарды, эгерде анда башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, тиешелүү билдирме алган учурдан кийинки 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен аткарууга тийиш.  

Улуттук банк кредиттик линия боюнча кредиттөө лимитинин бош калдыгын бир тараптуу негизде жапкан шартта, мындай өзгөрүү Улуттук банктын БФКУга кат жүзүндөгү тиешелүү билдирүүсүндө көрсөтүлгөн датадан тартып күчүнө кирет. 

5.2. БФКУнун укуктары жана милдеттери: 

5.2.1. БФКУ ордун жабуу пландаштырылган күндөн үч жумуш күнү мурда Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирүү менен ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча негизги карызды жана/же пайыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу.  

5.2.2. БФКУ ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банктан алган акча каражаттарын ушул Макулдашуунун 2.5-пунктунда жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин тиешелүү пункттарында белгиленген максаттарда гана пайдаланууга милдеттүү.  

5.2.3. БФКУ Улуттук банктын ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык бардык талаптарын, анын ичинде Улуттук банк тарабынан ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык талап кылынган маалыматты жана документтерди мөөнөтүндө, талап кылынган формада жана толук көлөмдө сунуштоо талабын аткарууга милдеттүү

5.2.4. Макулдашуунун колдонуудагы мөөнөтү ичинде БФКУ ушул Макулдашууга ылайык, Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн сунушталган мүлктү жана/же талап кылуу укугун кайра күрөөгө коюуга жана башка милдеттенме жүктөөгө укугу жок.  

5.2.5. БФКУ ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, алынган кредит/транш боюнча негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды төлөө графигинин негизинде өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттенет.  

5.2.6. БФКУ ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банк алдында өз милдетенмелерин аткаруу үчүн БФКУ тарабынан сунушталган күрөөлүк мүлктүн сакталышын жана бүтүндүгүн камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды өз убагында жана толук көлөмдө көрүүгө милдеттенет. 

5.2.7. БФКУ ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга, анын ичинде берилген кредиттер/транштар боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка суммаларды төлөөгө кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар, анын ичинде төмөнкү жагдайлар тууралуу Улуттук банкка дароо билдирүүгө милдеттүү

- БФКУга карата ушул Макулдашуунун 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин суммасына барабар же 10 (он) пайызынан ашкан суммада үчүнчү жактардын кине коюуларын жана/же доо арыздарын алгандыгы жөнүндө; БФКУ ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин суммасына барабар же 10 (он) пайызынан ашкан суммадагы акча каражаттарын төлөө үчүн жоопкер же кошо жоопкер катары катышкан соттук териштирүүлөр жөнүндө; ыйгарым укуктуу органдар тарабынан БФКУга карата колдонулган мажбурлоо чаралары жана санкциялар жөнүндө жана БФКУнун ушул Макулдашуу боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар тууралуу; 

- БФКУнун мүлкүнө, анын ичинде күрөө жөнүндө келишимге ылайык БФКУ тарабынан Улуттук банк алдында өз милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо үчүн сунушталган мүлккө арест коюу тууралуу. 

5.2.8. БФКУ кредит/транш боюнча негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды ушул Макулдашууда жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттө толук өлчөмдө, анын ичинде эгерде ушул Макулдашуунун 5.1-пунктунун 9-пунктчасында белгиленген жагдайлар орун алгандыгына байланыштуу Улуттук банк БФКУга кат жүзүндө тиешелүү билдирме жөнөткөн учурда ушул келишимдин 5.1-пунктунун 10-пунктчасына ылайык мөөнөтүнөн мурда ордун жабууга (кайтарууга) милдеттенет. 

 

6. БФКУ ТАРАБЫНАН КРЕДИТТИК ЛИНИЯ БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИНИН АТКАРЫЛЫШЫН КАМСЫЗДОО 

 

6.1. БФКУ тарабынан ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык алган кредиттер/транштар боюнча негизги сумманы, чегерилген пайыздарды, башка жыйымдарды/төлөөлөрдү, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды жана башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча милдеттенмелерин аткаруунун камсыздоосу катары БФКУга күрөө жөнүндө келишимдин негизинде таандык ____________________саналат. БФКУ тарабынан ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин камсыздоого Улуттук банкка өткөрүлүп жаткан мүлктүн конкреттүү тизмеси БФКУ менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишиминде көрсөтүлөт.  

6.2. БФКУнун күрөө предмети болуп саналган мүлкү тараптардын макулдашуусу менен БФКУнун башка мүлкүнө алмаштырылышы мүмкүн.  

6.3. Күрөө жөнүндө келишимдерде негизги милдет катары ушул Макулдашууга шилтеме камтылууга тийиш.  

6.4. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш болгон күрөөлүк мүлк БФКУ тарабынан күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш. 

6.5. Эгерде БФКУ ушул Макулдашууда жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбаса же талапка ылайыксыз аткарса, ошондой эле ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде каралган башка жагдайларда, БФКУ Улуттук банк алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган же талапка ылайыксыз аткарган күндөн кийинки күндөн тартып, күрөөлүк камсыздоодон өндүрүү жол-жобосун баштоого Улуттук банкка укук берет.  

6.6. Улуттук банк өз талаптарын күрөө келишиминде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, БФКУ тарабынан күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен соттон тышкары өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу жана күрөө предметин соттон тышкары сатып өткөрүү аркылуу толук көлөмдө канааттандырууга укуктуу.  

БФКУ тарабынан күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган сумма өз талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон шартта, Улуттук банк жетпеген сумманы БФКУнун кайсы болбосун башка мүлкүнөн алууга укуктуу. 

6.7. БФКУ/күрөө коюучу Улуттук банк күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү боюнча чараларды көрүүдө кандайдыр бир негизде жана кандайдыр бир формада Улуттук банкка каршылык көрсөтүүгө укугу жок. Эгерде БФКУ/күрөө коюучу Улуттук банкка күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү боюнча зарыл чараларды көрүүдө кандайдыр бир негизде каршылык көрсөтсө, Улуттук банк өз талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте толук көлөмдө канааттандырууга укуктуу. Бул учурда Улуттук банктын бардык тиешелүү чыгашалары, анын ичинде соттук чыгашалар БФКУга/күрөө коюучуга жүктөлөт.  

 

7. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

7.1. Улуттук банк ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик  

келишимге ылайык, кредит берүү боюнча өз милдеттенмелерине жоопкерчиликтүү болот.  

7.2. Берилүүчү кредиттин/транштын суммасы ушул Макулдашуунун 3.6-пунктунда  

каралган мөөнөттө БФКУнун коммерциялык банктагы эсебине өз убагында чегерилбесе, Улуттук банк БФКУга берилүүчү кредиттин/транштын суммасынын 0,1% өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт.  

7.3. Ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге  

ылайык алынган кредиттик каражаттар БФКУ тарабынан максатсыз пайдаланылган шартта, БФКУ Улуттук банкка кредит/транш берүү жөнүндө келишимдерге ылайык алынган кредиттин/транштын суммасынын 0,1% өлчөмүндө бир жолку айып түрүндөгү үстөк айып төлөйт. Мында, БФКУ Улуттук банктын бул тууралуу тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирмесин алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде үстөк айып төлөө менен кредиттин/транштын бардык суммасын кайтарып берүүгө милдеттүү.  

7.4. БФКУ кредиттин/транштын негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана  

ушул Макулдашуудан жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерден улам  

келип чыккан төлөмдөрдү өз убактысынан өткөрүп же толук төлөбөгөн учурда, БФКУ, 

карыздын мөөнөтү өткөрүп жиберилген күндөн тарып анын орду толук жабылганга чейинки  

ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн 0,1% өлчөмүндө туум түрүндө үстөк айып төлөйт. 

7.5. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз боюнча пайыздар күндөрдүн айкын санынын негизинде  

чегерилет. 

7.6. Эгерде БФКУ кредиттин максаттуу пайдаланылышы боюнча отчетторду жана ушул  

Макулдашуу жана БФКУ менен Улуттук банк ортосунда келишилген күрөө жөнүндө  

келишимде каралган күрөөлүк камсыздоо боюнча маалыматты, ошондой эле ушул  

Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук  

банк тарабынан талап кылынуучу башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген  

мөөнөтүн же берүү формасын бузуу менен же болбосо толук эмес, бурмалап, туура эмес  

берген болсо, анда ал отчетторду/маалыматты талаптагыдай сунуштабаган ар бир учур үчүн  

Улуттук банкка ушул Макулдашуунун 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин  

суммасынан 0,01 пайыз өлчөмүндө айып төлөйт.  

7.7 Айыптарды жана туумдарды төлөө БФКУну ушул Макулдашуу боюнча өз  

милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.  

7.8. Аталган Макулдашуунун мөөнөтү, БФКУнун ушул Макулдашуу боюнча Улуттук  

банктан алган акча каражаттарын кайтарган мөөнөтүн кошо алганда, анын ичинде форс- 

мажордук жагдайлар келип чыккан учурда, Улуттук банк Башкармасынын чечиминин  

негизинде гана узартылат.  

 

8. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР, КЕПИЛДИКТЕР 

8.1. БФКУ ушул Макулдашууга кол коюу менен төмөндөгүлөрдү тастыктайт жана  

гарантиялайт: 

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча юридикалык жак болуп саналуу  

менен, ал өзүнүн атынан ушул Макулдашууну жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик  

келишимди түзүүгө укуктуу; 

б) ушул Макулдашуунун жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдердин  

мазмуну жана алардын шарттарынын талаптагыдай аткарылышы, Кыргыз Республикасынын  

колдонуудагы мыйзамдарын жана кайсы болбосун ченемдик укуктук актыларын, соттун  

БФКУга жана БФКУнун уставына тиешеси бар чечимдерин бузууга себеп болбойт; 

в) БФКУ Улуттук банк Башкармасынын ______ “___” ____№_____токтому менен  

бекитилген “Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө” жобонун талаптары менен толук таанышып чыкты.  

8.2. Жердин силкинишин жана башка табигый кубулуштарды, мамлекеттик органдардын  

аракеттерин жана чечимдерин, эл аралык келишимдердин күчүнө киришин, Кыргыз  

Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын кабыл алынышын, согуштук аракеттер  

жана ушул Макулдашуунун тараптарынын контролдоосуна мүмкүн болбогон жана ушул  

Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча өз  

милдеттерин аткаруусуна бөгөт коюучу массалык баш аламандыктарды кошо алганда,  

өзгөчө мүнөздөгү жагдайлардын тике же кыйыр түрдө таасиринен улам күтүүсүз жагдайлар  

(форс-мажордук) орун алган шартта, бул милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү ушул  

Макулдашуунун 7.8-пунктунда каралган шарттар сакталган учурда, бирок Макулдашуунун  

жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин же көрсөтүлгөн форс-мажордук  

жагдайлар башталгандан кийин аткарылууга тийиш болгон алардын бөлүгүн мөөнөтүндө  

аткарууга таасирин тийгизген чекте гана, форс-мажордук жагдайлар орун алып турган  

мезгилге жараша жылдырылат.  

8.3. Ушул Макулдашуунун эки тарабы тең ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү 

жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук жаратуучу  

форс-мажордук жагдайлардын башталгандыгы жана аяктагандыгы жөнүндө 2 (эки) жумуш  

күнү ичинде бири-бирине оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүүлөрү тийиш. 

8.4. Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө  

кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калса жана бул форс- 

мажордук жагдайлардын натыйжасы болуп саналса, бирок форс-мажордук жагдайга дуушар  

болгон тарап мындай кесепеттерди четтетүү үчүн өз убагында бардык керектүү чараларды  

көрсө, анда бул ушул Макулдашуунун жана жогоруда аталган келишимдердин талаптарын  

бузгандык катары каралбайт.  

 

 

 

9. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ ТАРТИБИ 

 

9.1. Ушул Макулдашууну аткаруу процессинде тараптар ортосунда келип чыккан талаш  

маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында тараптардын өз ара  

сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынат. 

9.2. Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөргө жетишүү мүмкүн болбогон шартта, алардын  

ортосунда келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  

сотто каралууга тийиш. 

 

10. КОРУТУНДУ ШАРТТАР 

10.1. Улуттук банк менен БФКУ ортосундагы бардык мамилелер купуя мүнөзгө ээ жана  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Макулдашууда түздөн-түз каралган  

же башка тараптын макулдугу бар учурларды эске албаганда, ушул Макулдашуунун  

колдонуудагы мезгили ичинде бири-биринен алган маалыматтарын үчүнчү жактарга ачыкка  

чыгарууга укугу жок. 

10.2. Купуя маалымат жалпыга жеткиликтүү, ошондой элерасмий жарыяланган  

билдирүүлөрдөгү жана отчеттордогу, жарнамалык билдирүүлөрдөгү ж.б. маалыматтарды  

камтыбайт. 

10.3. БФКУ ушул Макулдашуу жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишим  

боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурларда Улуттук  

банкка ушул Макулдашуу боюнча маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарууга укук  

берет. 

10.4. Ушул статьяларда каралган купуялуулук жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын  

мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик  

келишимдер боюнча талап кылуу укугун жана милдеттерди кошо алганда, укуктары  

ыйгарып өткөрүп берилген учурда жайылтылбайт. 

10.5. Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп санала турган кошумча келишимдерди  

түзүү же болбосо кат алмашуу аркылуу тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

10.6. Ушул Макулдашууда каралган учурларды эске албаганда, ага бир тараптуу тартипте  

өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө же аны токтотууга жол берилбейт. 

10.7. Ушул Макулдашуунун бардык шарттары жана жоболору тараптар тарабынан  

милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. 

10.8. Тараптар банктык реквизиттерин өзгөрткөн датага чейинки 5 (беш) календарык күн  

мурда бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө билдирүүгө милдеттенишет. Банктык  

реквизиттеринин өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында билдирбегендиктен, ушул  

Макулдашуунун талаптагыдай аткарылбай калуу тобокелдиги үчүн, банктык  

реквизиттеринин өзгөргөндүгү жөнүндө башка тарапка билдирбеген же өз убагында  

билдирбеген тарап жоопкерчилик тартат. 

10.9. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган шартта, Тараптардын ушул  

Макулдашуу боюнча бардык укуктары жана милдеттери алардын укугу өтүүчүлөргө өтөт. 

10.10. Макулдашуунун негизинде түзүлгөн, кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик  

келишим ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага ушул  

Макулдашуунун бардык жобосу таркатылат.  

10.11. Макулдашуу эки тарап тең кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана БФКУ ушул  

Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча Улуттук банк  

алдындагы өз милдеттенмелерин аларда каралган мөөнөттө толук аткарганга чейин  

колдонулат. 

10.12. Макулдашуу тараптардын ар бири үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч)  

түп нускада, бир нускасы күрөөнү каттаган ыйгарым укуктуу органдар үчүн түзүлгөн.  

 

 

 

 

 

11. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

Бишкек шаары 

Чүй проспекти, 168. 

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

 

БФКУнун аталышы: 

Бишкек шаары, ____________көчөсү

Улуттук банктагы өзүнчө эсеби №_______  

Улуттук банктагы БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык кызматынын коду: _____ 

 

Кызмат орду_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20__жылдын «____» _______ 

№______ Кредиттик линия ачуу  

жөнүндө макулдашууга карата 

1-тиркеме 

 

 

№______ Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашууга карата 

№ ______ кредиттик келишим 

 

Бишкек шаары 20__жылдын «____»_______ 

 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ________________ негизинде иш алып барган _______________ бир тараптан жана мындан ары “БФКУ” деп аталуучу __________________ атынан ________________ негизинде иш алып барган _______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимди (мындан ары “Кредиттик келишим”) түзүштү:  

 

1. Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим предмети  

 

1.1. Улуттук банк 20____-жылдын “___”________Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашуу) жана ушул кредиттик келишимдин негизинде БФКУга аталган келишимдерде каралган шарттарда ___________ (суммасы жазуу жүзүндө) сом суммасында кредит/транш сунуштайт. 

 

2. Кредит/Транш сунуштоо шарттары 

2.1. Кредит/транш ____ ай мөөнөтүнө, ___________ тартып __________ чейин сунушталат.  

2.2. Кредит/транш боюнча акча каражаттары БФКУнун Улуттук банкта ачылган атайын эсебине чегерилген күн кредит/транш берилген күн болуп саналат. 

2.3. Улуттук банк кредит/транш боюнча акча каражаттарын БФКУ ушул Кредиттик келишимге ылайык Улуттук банктан талап кылган кредит/транш боюнча күрөө жөнүндө келишимдер каттоодон өткөндүгү жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын тастыктамасын Улуттук банкка сунуштаган учурдан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде чегерет.  

2.4. Ушул Кредиттик келишимдин алкагында Улуттук банк тарабынан БФКУга сунушталып жаткан кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана аны БФКУ Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашуунун 2.5-пунктунда каралган максаттарда жана ушул эле келишимдин 2.6-пунктунда каралган шарттарда пайдаланылууга тийиш. 

БФКУ тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында каралган шарттар сакталбаган учурда, ага карата Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашууда каралган чаралар колдонулат.  

 

3. Кредитти/траншты колдонуу шарттары 

3.1. БФКУ кредитти/траншты колдонуу үчүн ушул Кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүндөй мөөнөт ичинде Улуттук банкка жылдык ______ пайыз өлчөмүндө белгиленген пайыздык чен төлөйт.  

3.2. Кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн чегерилген пайыздар БФКУ тарабынан ай сайын төлөнөт. Пайыздар кредит берилген (бул күндү кошпогондо) күндөн тартып кредит төлөнгөн күнгө чейин (бул күндө кошо алганда) кредит боюнча карыздын айкын калдыгына жыл ичиндеги 360 күндүн негизинде жана ай ичиндеги айкын күндөргө чегерилет.  

3.3. Кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар БФКУ тарабынан ушул Келишимдин 2.1-пунктунда белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин төлөнөт. 

3.4. БФКУ кредит/транш боюнча бүтүндөй негизги сумманы жана пайыздарды ушул кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык ( 1-тиркеме) төлөйт.  

3.5. Кредиттин/транштын негизги суммасы жана чегерилген пайыздар боюнча жыйынтыктап эсептешүү _______жылы жүргүзүлөт.  

3.6. Кредиттин/транштын негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды жана/же башка төлөмдөрдү (айып пул, туум ж.б.) төлөө датасы майрам күнүнө, жумуш эмес же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, ал майрам, жумуш эмес же дем алыш күндөрүнөн кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

3.7. Кредит/транш боюнча пайыздар жана башка төлөөлөр 360 күндүн негизинде жана ай ичиндеги айкын күндөргө чегерилет.  

БФКУ, кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды  

жана башка төлөмдөрдү (айып пул, туум ж.б.) Улуттук банктагы тиешелүү эсепке которот (№_____________ эсепке негизги карыз боюнча суммалар, №__________________ эсепке пайыздык төлөмдөр боюнча сумма). 

 

4. Күрөөлүк камсыздоо 

 

4.1. БФКУнун ушул кредиттик келишим боюнча алган кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды, ушул кредиттик келишим жана Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашуу боюнча башка жыйымдарды/төлөөлөрдү, айып пул, туум түрүндөгү үстөк айыпты жана башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун күрөөлүк камсыздоосу катары _________________ саналат. БФКУнун ушул кредиттик келишимде жана Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашууда каралган милдеттенмелеринин камсыздоосу катары Улуттук банкка өткөрүп берген мүлкүнүн такталган тизмеги БФКУ менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.  

 

5. Башка шарттар 

5.1. Ушул кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, тараптардын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашууга ылайык жөнгө салынат.  

5.2. Кредиттик келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жазуу жүзүндөгү кошумча макулдашууну түзүү аркылуу киргизилет. 

5.3. Кредиттик келишим, ошондой эле ага карата 1-тиркеме Улуттук банк менен БФКУ ортосунда түзүлгөн Кредиттик линия ачуу жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) түп нускада түзүлөт, 2 (эки) нускасы тараптардын ар бири үчүн бирден, 1 (бир) нускасы күрөөнү каттаган тиешелүү ыйгарым укуктуу органга сунушталат.  

 

 

6. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ  

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168. 

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

(кол тамгасы)______________М.О. 

БФКУнун аталышы: 

Бишкек шаары, ______________көчөсү 

№_____ эсеби  

БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык кызматынын коду: _____ 

Кызмат орду_________________ 

(кол тамгасы) __________________М.О. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20__жылдын «____» _______ 

№______ кредиттик келишимге карата 1-тиркеме 

 

 

КРЕДИТ ТӨЛӨӨ ГРАФИГИ 

 

Кредиттин суммасы: _______________сом 

Пайыздык чен (жылдык):_____% 

Пайыздарды төлөө: ай сайын 

Эсептик жыл: 360 күн 

Кредиттин мөөнөтү:_____күн 

Кредит берүү күнү: 20__-жылдын «__»______ 

Кредиттин ордун жабуу күнү: 20__-жылдын «__»______ 

 

 

Айлар  

Төлөө датасы 

Пайыздарды төлөө

Негизги сумманы төлөө 

Бардыгы болуп төлөөгө 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

 

 

 

 

* пайыздарды эсептөөдө кредит пайдаланылган айкын күндөрдүн саны алынат.  

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол тамгасы)_____________М.О. 

БФКУнун аталышы: 

 

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол тамгасы) _____________М.О. 

 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган 

банк эмес финансы-кредит уюмдарына 

акыркы инстанция кредити жөнүндө» 

жобого карата 

2-тиркеме 

 

20__-ж. ____ акыркы инстанция кредити боюнча 20-ж. _____ № ___ транштын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

Операция ишке ашырылган дата 

Операциянын максаты 

Өздүк эсептин №  

Берилген сумма (сом түрүндө

 

 

 

 

Жыйынтыгында:  

 

 

 

 

 

БФКУнун башкы бухгалтери ________________ 

(кол тамгасы) 

________ сом өлчөмүндөгү транштын максаттуу пайдаланылгандыгын тастыктайм. 

 

___________________________________________ ________________ 

(кызмат орду) (кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

1. Максаты жана милдети 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» токтомдун долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Жобо депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредитин берүүнүн жалпы шарттарын жана тартибин аныктайт. Кредит банк эмес финансы-кредит уюмдары ликвиддүүлүктүн минималдуу деңгээлин кармап туруу үчүн бардык колдо болгон каражаттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып бүткөн өзгөчө учурларда берилет. 

Бул инструменттин негизги өзгөчөлүктөрү

- Улуттук банк банк эмес финансы-кредит уюмдарынын билдирмеси боюнча кредит берет; 

- Кредит берүү шарттары, мөөнөтү, пайыздык чени жана көлөмү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.  

- Банк эмес финансы-кредит уюмдары Улуттук банктан алган кредиттик ресурстарды өзгөчө учурларда гана ликвидүүлүктүн минималдуу деңгээлин кармап туруу үчүн пайдаланышы керек; 

 

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуудан кийин толукталат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүн талдоо  

Сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорун кабыл алуу кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтомдун долбоору жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүнү талап кылат, анткени ал ишкердикти жөнгө салууга багытталган. 

 

Акча-кредиттик операциялар 

башкармалыгынын начальниги А. Козубеков 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ: 

Төраганын орун басары З.Л. Чокоев  

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына карата 1-тиркеме 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы 

К.К. Боконтаев  

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы № 2022-Пр-121/224-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы тарабынан банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын жөнгө салуу маселелери боюнча иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ түзүү тууралуу» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

2023-жылдын_____ 2023-жылдын __________ (башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

Ш. Мусуралиева, тел.: 0 312 66 90 43, shmusuralieva@nbkr.kg 

  

 

 

 

  

 

 

 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, микрофинансы уюмдарынын ишинин максаты жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык мобилизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн калкка микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. 

Бүгүнкү күндө банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ) тарабынан каржылоо продуктулары чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү, ишкердикти колдоону, керектөө муктаждыктарын канааттандырууну, Кыргыз Республикасынын калкынын бакубаттык деңгээлин жакшыртуу максатында иш менен камсыз кылууну жогорулатууну каржылоонун маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат. 

Узак мөөнөттүү келечекте финансы секторун өнүктүрүүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана финансылык институттардын туруктуулугун камсыз кылуу саналат. Бул милдетти аткаруу, анын ичинде продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн диверсификацияланган спектрине ээ институттардын ар түрдүүлүгүн камтыган, микрофинансылык рыноктун ишенимдүү жана натыйжалуу моделин түзүү менен шартталган. 

Микрокаржылоо рыногунун катышуучуларын андан ары өнүктүрүү жана интеграциялоо максатында туруктуу, социалдык жоопкерчиликтүү жана кардарларга багытталган микрокаржылоо институттарын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды улантуу зарыл. 

Микрокаржылоо секторунун андан ары акырындык менен өнүгүшү жана потенциалын күчөтүү үчүн алгылыктуу өбөлгөлөрдү түзүү үчүн маанилүү шарт катары жөнгө салуу таасирин оптималдаштыруу жана тобокелдикке багытталган ыкманын негизинде БФКУлардын ар кандай түрлөрү үчүн жөнгө салуу стандарттарын киргизүү, жаңы продуктуларды жана альтернативдик технологияларды киргизүү, анын ичинде микрокаржылоодо санарип технологияларын жигердүүлүк менен илгерилетүү аркылуу микрокаржылоо рыногун өнүктүрүү саналат. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында системалык тобокелдиктин алдын алуу, финансы системасынын бүтүндүгүн камсыз кылуу жана туруктуулугун сактоо максатында, Кыргыз Республикасыныны Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) өзгөчө учурларда, төлөө жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөргө дуушар болгон, депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредитин берүү укугу каралган.  

Жобонун бул долбоорунда БФКУга акыркы инстанция кредитин берүү тартиби белгиленген. 

2. Проблеманын масштабы 

Ченемдик укуктук актынын долбоорунда козголгон ишкердик субъекттеринин саны -7; 

Анын ичинде: 

Кыргыз Республикасынын аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларынын саны 2: 

1 - «Салым Финанс» МФК ААК; 

2 - «Чанг Ан» МФК ЖАК. 

Кыргыз Республикасынын өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна ээ кредиттик союздарынын саны - 4: 

1 - Финансылык кооператив «Нарын» кредиттик союзу 

2 - Финансылык кооператив «Ак-Жол-Жумгал» кредиттик союзу 

3 - Финансылык кооператив «Виват-Альянс» кредиттик союзу 

4 - Финансылык кооператив «Айчук» кредиттик союзу 

 

Кыргыз Республикасынын аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна ээ турак жай-сактык кредиттик компанияларынын саны 1: 

1 - «Элдик турак жай компаниясы» турак жай-сактык кредиттик компаниясы» ААК. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 3-пунктуна ылайык ченемдер киргизилип, аларга ылайык Улуттук банк өзгөчө учурларда, төлөө жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөргө дуушар болгон, депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталган шарттарда улуттук валютада акча каражаттарын берүүгө укуктуу. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Банк эмес финансы уюмдарына акыркы инстанция кредитин берүү маселеси актуалдуу маселе болуп саналат жана чет өлкөлүк борбордук банктар тарабынан кылдаттык менен каралат. 

Көпчүлүк борбордук банктар же борбордук банктын функцияларын аткарган мекемелер банктарга акыркы инстанция кредитин беришет. Мында, депозиттерди тартуу менен иш алып барган БФКУларга карата мындай инструментти иштеп чыгуу зарылчылыгы өлкөнүн финансы системасында БФКУнун ролунун жана маанисинин өсүшүнө жараша келип чыгат. 

Дүйнөлүк тажрыйбада акыркы инстанция кредитинин бир нече түрлөрү кездешет. Алсак, Американын федералдык резервдик системасы камсыздандырылган депозиттик мекемелерге, анын ичинде коммерциялык банктарга, сактык мекемелерге, кредиттик союздарга же чет өлкөлүк банктардын АКШдагы филиалдарына жана агенттиктерине дисконттук кредиттерди берүү укугуна ээ. 

Италия банкынын өзгөчө ликвиддүүлүк жардамы убактылуу ликвиддүүлүккө муктаж болгон төлөөгө жөндөмдүү финансылык мекемелерге (адатта, банктарга) берилүүчү өзгөчө каржылоонун бир түрү. Бул операциялар Италия банкына шайкеш камсыздоо алдында убактылуу ссуда берүү менен акыркы инстанция кредитору катары өз каалоосу боюнча иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет. Италия банкы тарабынан берилүүчү өзгөчө каржылоо ликвиддүүлүк менен каныктыруу же баалуу кагаздар менен камсыздалган кредит түрүндө болушу мүмкүн. 

Финансылык туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча милдеттин алкагында Казакстандын Улуттук банкы ликвиддүүлүктүн идиосинкратикалык абалга дуушар болгон (кардарлар өз салымдарын бир мезгилде массалык түрдө алуусунун натыйжасында) финансылык жактан төлөөгө жөндөмдүү жана жакшы капиталдаштырылган, бирок убактылуу ликвиддүү эмес банктар үчүн акыркы инстанциядагы карыз берүүчү катары иш алып барат. 

Россия Федерациясында ликвиддүүлүктү тез арада берүү механизми убактылуу кыйынчылыктарга дуушар болгон айрым кредиттик уюмдарга колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Ага кайрылганда кредиттик уюм менен Россия банкы ортосунда кредиттик операция сыяктуу эле репо операциялары да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Ошентип, кредит берүү формасы жана акыркы инстанция кредитин алуучулардын тизмеси өлкөгө, финансы рыногунун түзүмүнө жана анын катышуучуларына жараша түзүлөт. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты 

Жөнгө салуунун максаты катары финансы рыногунун туруктуулугун сактоо, ошондой эле БФКУлардын аманатчыларынын кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук базасынын сапатын жогорулатуу саналат. 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салуу 

Жобонун долбоорунда депозиттерди тартуу менен иш алып барган БФКУларга акыркы инстанция кредитин берүү тартиби аныкталган жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыккан. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Күтүлүп жаткан натыйжа - Жобо бекитилген шартта депозиттерди тартуу менен иш алып барган БФКУга акыркы инстанция кредитин алуу мүмкүндүгү берилет. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасир: 

1) экономикага тийгизген таасири: алгылыктуу; 

2) социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: алгылыктуу; 

3) экологияга тийгизген таасири: алгылыктуу. 

7.3. Кызыкдар тараптар - жөнгө салуу каралган дарек ээлеринин негизги топторуна күтүлүп жаткан таасир: 

1) мамлекеттик органдар: алгылыктуу; 

2) ишкерлер: алгылыктуу; 

3) калк: алгылыктуу. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо 

БФКУга акыркы инстанция кредити берилген учурда, Улуттук банк үчүн кредиттик тобокелдик келип чыгышы мүмкүн. 

Мындай тобокелдикке жол бербөө үчүн Жобонун долбоорунда күрөөлүк камсыздоо жана финансылык абалга баа берүү каралган. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Атаандаштыкка таасири жок. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн бул ишти аткаруучу жумушчу топтун мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын  

22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз таасирин тийгизген, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу токтом долбоору коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат (koomtalkuu.gov.kg). 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Документтин долбоору системада тобокелдикти алдын алуу, финансы системасынын бүтүндүгүн камсыз кылуу жана туруктуулугун сактоо, калктын БФКУга ишенимин жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

12. Тиркеме 

Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет: 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.