Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору), төлөм терминалдары жана банкоматтар аркылуу төлөмдөрдү жана операциялардын башка түрлөрүн жүргүзүү жагында калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары төлөм терминалдарын жана банкоматтарын улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилген жаңы банкнотторун кабыл алуу үчүн ыңгайлаштыруу мөөнөттөрүн аныктоо жолу менен калкка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү тоскоолдуксуз пайдаланууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтомдун долбоору төлөм терминалдары жана банкоматтар аркылуу төлөмдөрдү жана операциялардын башка түрлөрүн жүргүзүү жагында калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Улуттук банк тарабынан жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө жарыялангандан тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө төлөм терминалдарын жана банкоматтарды жүгүртүүгө киргизилген улуттук валютанын жаңы банкнотторун кабыл алууга ыңгайлаштыруу зарылчылыгы каралган. Бул улуттук валютанын жаңы банкнотторун жүгүртүүгө киргизген учурда бардык эле коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары жабдууларын жүгүртүүгө киргизилген жаңы банкнотторду кабыл алууга өз учурунда ыңгайлаштырбагандыгы менен шартталган, анын себебинен төлөм терминалдары жана банкоматтар бул банкнотторду кабыл албайт, бул төлөм ыкмаларын чектөө менен колдонуучуларга ыңгайсыздык жаратат. 

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө банкноттордун бардык номиналдарын төлөм терминалдары жана банкоматтар кабыл албай жаткандыгын эске алуу менен, токтомдо төлөм терминалдарды жана банкоматтарды жүгүртүүдөгү улуттук валютанын бардык түрлөрүн кабыл алууга адаптациялоо мөөнөтү (6 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө) каралган өзүнчө пунктту киргизүү сунушталууда. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоолор  

Токтом долбоорун кабыл алууда орун алышы мүмкүн болгон укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар: 

- төлөм терминалдары жана банкоматтар улуттук валютанын жаңы банкнотторун бардык жерде кабыл алышы калкка ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө

- коммерциялык банктардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кассаларына болгон оорчулукту азайтуу; 

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоону камсыз кылуу. 

Токтом долбоору укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларды чектеген ченемдерди камтыбайт.  

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуудан кийин толукталат.  

5. Долбоордун мыйзам актыларына ылайык келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, республиканын жалпы мыйзам актыларынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоорун кабыл алууда коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары төлөм терминалдарын жана банкоматтарын жүгүртүүгө киргизилген улуттук валютанын жаңы банкнотторун кабыл алууга ыңгайлаштыруусу үчүн кошумча финансылык чыгым талап кылынат. 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат 

Токтом долбооруна Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык талдоо жүргүзүлгөн. 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында 

кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

(кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иштеп жаткан коммерциялык банктар, төлөм уюмдары жана алардын агенттери ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө төлөм терминалдарын жана банкоматтарын улуттук валютанын жүгүртүүдөгү банкнотторун кабыл алууга ыңгайлаштырсын. 

4. Тиешелүү лицензияларды алуу процессинде турган коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары төлөм терминалдарын жана банкоматтарын улуттук валютанын жүгүртүүдөгү банкнотторун кабыл алууну камсыз кылууга милдеттүү

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «___» _________ 

№_________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын  

коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операциялардын аткарылышы боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 53-1-пункт менен толукталсын: 

«53-1. ФКУ, алардын агенттерин кошо алганда, Улуттук банк жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө жарыялаган күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө төлөм терминалдарын жана банкоматтарын жүгүртүүгө киргизилген жаңы банкнотторду кабыл алууга ыңгайлаштырууга милдеттүү.». 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Учурдагы редакция 

Сунушталган редакция 

9-глава. Аралыкта орнотулган жабдууларды жайгаштыруу, жабдуу жана инкассациялоо боюнча минималдуу талаптар 

9-глава. Аралыкта орнотулган жабдууларды жайгаштыруу, жабдуу жана инкассациялоо боюнча минималдуу талаптар 

53. ФКУ, анын ичинде алардын агенттери аралыкта жабдууларды орнотууда жана туташтырууда аталган жабдуулардын бузулушуна, иштен чыгышына, аларды бузууга же уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Банкоматтар жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдары техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык келген жерлерде жайгаштырылууга тийиш (кеңсе ичинде, дубалга ж.б.).  

Колдонуу редакциясында калат 

Бул норма жок 

53-1. ФКУ, алардын агенттерин кошо алганда, Улуттук банк жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө жарыялаган күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө төлөм терминалдарын жана банкоматтарын жүгүртүүгө киргизилген жаңы банкнотторду кабыл алууга ыңгайлаштырууга милдеттүү

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

  

БЕКИТҮҮ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы 

__________________________ 

2023-жылдын «___»-________ 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын  

коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  

токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

 

Коммерциялык банктардын жана төлөм уюмдарынын, ошондой эле алардын агенттеринин банкоматтарын жана төлөм терминалдарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган улуттук валютанын банкнотторун кабыл алууга ылайыкташтырууга багытталган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо 

 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 2023-Пр-141/217-О «Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

2023-жылдын 28-сентябрынан 2023-жылдын _______________ чейин 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

 

- А.З. Султаналиев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги. 

_________________ 

жумушчу топтун мүчөлөрү:  

 

- М.Ш. Акулуева, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;  

_________________ 

- Н.Т. Таалайбеков, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси (жумушчу топтун катчысы); 

_________________ 

- А.Б. Камалов, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн адиси;  

_________________ 

- Э.А. Курманалиев, Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башкы эксперти (дублер: К.Т. Артыкова, башкы экономист); 

_________________ 

- Т.А. Колбаев, Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмүнүн башкы инспектору; 

_________________ 

- Э.О. Абдыразаков, Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги; 

_________________ 

- Жумгалбек уулу Максат, «Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы KG» юридикалык жактар бирикмесинин төлөм терминалдары менен иштөө бөлүмүнүн менеджери (дублер: А.Э. Абдываесиев, Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы KG» юридикалык жактар бирикмесинин юристи); 

_________________ 

- А.С. Кудайбергенова, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин бухгалтери. 

_________________ 

 

Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары:  

Таалайбеков Н.Т., 66-91-83, ntaalaibekov@nbkr.kg  

 

 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөлөрсүз кабыл алынууга милдеттүү болгон жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин кабыл алуудан негизсиз баш тарткан, ошондой эле аларды атайын жок кылган же жарнама жана башка максаттарда мыйзамсыз пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

Ушундай эле ченемдер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин  

35-беренесинде камтылган, анда сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат. 

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 300-беренесине ылайык, банктардын же финансы-кредиттик мекемелердин кызмат адамы же ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган же жөнгө салынган башка жактар тарабынан банк мыйзамдарынын жоболорун бузуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктарын аткарбоо юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч (55 миң сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 

Бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүгүртүүгө киргизилген улуттук валютанын жаңы банкнотторун кабыл алууга төлөм терминалдарды жана банкоматтарды ылайыкташтыруу мөөнөттөрү боюнча ченемдер каралган эмес. 

Ушуга байланыштуу, улуттук валютанын жаңы банкнотторун чыгарууда бардык эле коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары жабдууларын жүгүртүүгө киргизилген жаңы банкнотторду кабыл алууга өз учурунда ыңгайлаштырбайт, натыйжада төлөм терминалдары жана банкоматтар бул банкнотторду кабыл албайт, бул төлөм ыкмаларын чектөө менен колдонуучуларга ыңгайсыздык жаратат. Бул банкоматтарды жана төлөм терминалдарын жаңы банкнотторду кабыл алуу үчүн ыңгайлаштырууда кошумча финансылык, эмгек жана убакыт ресурстары талап кылынышы менен шартталган. Ушуга байланыштуу, төлөм терминалдарын жана банкоматтарды талаптагыдай ыңгайлаштыруу үчүн зарыл болгон мөөнөттөрдү аныктоо жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган улуттук валютанын жаңы серияларынын банкнотторун кабыл алууну камсыз кылуу бөлүгүндө коммерциялык банктардын жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүү зарылчылыгы келип чыгат. 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы этаптуу стратегияга ылайык түзүлгөн. Жалпысынан, 1993-жылдан тартып 5 сериядагы банкноттор жүгүртүүгө киргизилген. 2023-жылдын 10-октябрына карата абал боюнча жүгүртүүдө 1-сериядагы банкноттордун салыштырма салмагы 0,02%, 2-серия 0,14%, 3-серия 0,22%, 4-серия 97,99%, 5-серия 0,65% жана жүгүртүү монеталары 0,98% түзөт.  

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Каралып жаткан маселенин масштабы коммерциялык банктардын жана төлөм уюмдарынын Кыргыз Республикасынын аймагында киргизилген жана жүгүртүүдөгү ар кандай номиналдагы банкнотторду кабыл алууга төлөм терминалдарын жана банкоматтарын ыңгайлаштыруу мөөнөттөрү бөлүгүндөгү ишине түздөн-түз таасирин тийгизет, ал финансылык, эмгек жана убакыт ресурстарын талап кылат. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

2023-жылдын 1-октябрга карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында: 

- коммерциялык банктар тарабынан 2 705 төлөм терминалы жана нак акча каражаттарын кабыл алуу функциясы бар 174 банкомат (мындан ары  банкомат) орнотулган. Анын ичинен: 

 

Регион 

Төлөм терминалы 

Банкомат 

Бардыгы 

Бишкек ш. 

746 

57 

803 

Чүй областы 

269 

62 

331 

Ысык-Көл областы 

340 

349 

Нарын областы 

131 

136 

Талас областы 

149 

150 

Жалал-Абад областы 

375 

17 

392 

Ош областы 

517 

23 

540 

Баткен областы 

178 

179 

Бардыгы 

2 705 

174 

2 879 

 

Алдын ала маалыматтар боюнча коммерциялык банктардын бир бөлүгү өздөрүнүн төлөм терминалдарын жана банкоматтарын жүгүртүүгө чыгарылган жана жүгүртүүдөгү ар кандай номиналдагы жана түрдөгү улуттук валютанын банкнотторун кабыл алууга ыңгайлаштырган, ал эми айрымдары 2023-жылдын аягына чейин ыңгайлаштырууну аяктайт, ал эми айрымдары купюра кабыл алгычтарды алмаштыруусуна байланыштуу аткаруу процессинде турат. Мындан улам, жалпысынан коммерциялык банктарга төлөм терминалдарын жана банкоматтарын жүгүртүүгө киргизилген жаңы улуттук валюта банкнотторун кабыл алуу үчүн ыңгайлаштырууга 6 ай талап кылынат. 

- төлөм уюмдары тарабынан 13 093 төлөм терминалы, анын ичинен 7 654 алардын агенттерине таандык. Анын ичинен: 

Регион 

Өздүк терминалдар 

Агенттердин терминалдары  

(КБ жана ТУ эмес) 

Жыйынтыгында 

Бишкек ш. 

2 112 

3 702 

5 814 

Ош ш. 

349 

643 

992 

Чүй областы 

972 

1 214 

2 186 

Талас областы 

209 

154 

363 

Нарын областы 

137 

66 

203 

Ош областы 

580 

397 

977 

Ысык-Көл областы 

338 

408 

746 

Баткен областы 

265 

201 

466 

Жалал-Абад областы 

477 

869 

1 346 

Бардыгы 

5 439 

7 654 

13 093 

Алдын ала маалыматтар боюнча төлөм терминалдарынын 70% ашыгы 2 000 жана 5 000 сом номиналындагы банкнотторду кабыл алууга, ошондой эле 30% төлөм терминалдары 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы 2023-жылдагы банкнотторду кабыл алууга ыңгайлаштырылган. 

Калган терминалдарды ыңгайлаштыруу көпчүлүк учурларда 2023-жылдын аягына же 2024-жылдын башына пландаштырылган. Бул айрым төлөм уюмдарында, анын ичинде терминалдардын (агенттердин терминалдары) кеңири тармагын камтыган төлөм уюмдарында терминалдар жана финансылык салымдар географиялык жайгашкан (региондо) жерине байланыштуу, кыйла эмгек жана убакыт талап кылынгандыктан, программалык камсыздоосун жаңылоодо же терминалдардын өзүн же купюра салынуучу жерин алмаштырууда жаралган кыйынчылыктар менен шартталган. Мындан тышкары, региондогу геосаясий кырдаалга байланыштуу купюра салгычтарды жана башка бөлүктөрдүн жаңы түрлөрүн сатып алууда кыйынчылыктар пайда болду. Мында жалпысынан төлөм уюмдары төлөм терминалдарын улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилген банкнотторунун жаңы серияларын кабыл алууга ыңгайлаштыруусу үчүн 9 айга жакын убакыт талап кылынарын белгилей кетүү керек. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык, сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөсүз кабыл алууга милдеттүү болгон бирден-бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналарын эске алып, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке адамдар жана юридикалык жактар, анын ичинде коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. 

Мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүгүртүүгө киргизилген улуттук валютанын банкнотторунун жаңы серияларын кабыл алууга банктарга жана төлөм уюмдарына таандык/тейленген төлөм терминалдарына жана банкоматтарга карата жеңилдиктер каралган эмес. 

Ошол эле учурда, 1995-жылдын 7-июлундагы №267/9 Мамлекеттик сырды түзгөн эң башкы маалыматтардын тизмесине ылайык, улуттук валютанын банкнотторунун долбоорлору жөнүндө маалыматтар жашыруун маалыматтарга таандык. 

Ушуга байланыштуу жаңы банкнотторду чыгаруу жөнүндө жарыя кылуу жана улуттук валютанын банкнотторунун үлгүлөрүн берүү ал жөнүндө жарыялаганга чейин мүмкүн эмес. Мындан тышкары, төлөм терминалдарын жана банкоматтарды ыңгайлаштыруу үчүн «ҮЛГҮ» жазылган жаңы банкноттордун үлгүлөрү эмес, төлөм банкноттору талап кылынат. Демек, Улуттук банк тарабынан жүгүртүүгө киргизилген учурдан тартып, улуттук валютанын банкнотторунун жаңы серияларын коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары төлөм терминалдары жана банкоматтар менен кабыл алууну камсыз кылууга тийиш, эгерде бул маселе боюнча мамлекеттик жөнгө салуу өзгөртүүсүз калтырылса, коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат. 

Ушуга байланыштуу, терминалдардын географиялык (региондук) жайгашуусун жана техникалык өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде жабдуулар менен камсыз кылуу тобокелдиктери (жабдуучуларды алмаштырууну) эске алуу менен бул маселени андан ары жөнгө салуу үчүн Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы 9/10 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операциялардын аткарылышы боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Аталган жобо төмөнкү мазмундагы 53-1-пункту менен толукталсын: 

«53-1. ФКУ, алардын агенттерин кошо алганда, Улуттук банк жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө жарыялаган күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө төлөм терминалдарын жана банкоматтарын жүгүртүүгө киргизилген жаңы банкнотторду кабыл алууга ыңгайлаштырууга милдеттүү.». 

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө банкноттордун бардык түрлөрү жана номиналдары төлөм терминалдарында жана банкоматтарда кабыл алынбай жаткандыгын эске алуу менен, токтомдун долбоорунда төлөм терминалдарын жана банкоматтарды колдонуудагы улуттук валютанын банкнотторунун бардык түрлөрүн кабыл алууга ыңгайлаштыруу мөөнөттөрү (6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө) сүйлөшүлө турган өзүнчө пунктту кароо сунушталат. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Россия Федерациясы. Россия Федерациясы, банкнотторду кабыл алуу боюнча талаптар «Россия Федерациясынын Борбордук банкы (Россия банкы) жөнүндө» федералдык мыйзам менен жөнгө салынат, анын алкагында Россия банкынын банкноттору жана монеталары эсептерге, депозиттерге жана Россия Федерациясынын бүткүл аймагында которууда, төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууда жалпы наркы боюнча кабыл алынууга тийиш. Бирок, Россия Федерациясынын мыйзамдарында жаңы банкнотторду кабыл алуу үчүн аралыкта орнотулган жабдууларды ыңгайлаштыруу мөөнөтү боюнча конкреттүү нормалар белгиленген эмес. Ошол эле учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарында (мисалы, «Коммерсант») Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Белов С.В. Россияда жүгүртүүгө жаңы банкнот киргизилгенин жарыялап, борбордук банк атайын мөөнөттөрдү белгилебей турганын айтып, адатта жаңы банкнотторго жабдууларды ыңгайлаштыруу жарым жылдан бир жылга чейин созуларын белгиледи. Өз кезегинде, Россия банктарынын ассоциациясы жаңы банкнотторду жүгүртүүгө киргизүүнү алты айга жылдырууну өтүнгөн. 

Казакстан Республикасы. Казакстан Республикасында банкнотторду кабыл алууга карата талаптар Казакстан Республикасынын «Казакстан Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынат, мында Казакстандын Улуттук банкы тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган банкноттор жана монеталар Казакстан Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча номиналдык наркы боюнча кабыл алынууга, ошондой эле банктык эсептерге чегерилүүгө жана которулууга тийиш, Казакстан Республикасынын бардык банктары, филиалдары-резидент эместер жана улуттук почта оператору тарабынан чектөөсүз майдаланат жана алмаштырылат. Ошол эле учурда Казакстан Республикасынын Улуттук банкы жалпыга маалымдоо каражаттарында (мисалы, «Казинформ» эл аралык маалымат агенттиги) экинчи деңгээлдеги банктар жана бизнес субъектилери (мисалы, төлөм кызматтарынын операторлору) тигил же бул банкнотту кабыл алуу боюнча автоматтык түзүлүштөрдү конфигурациялоону өз алдынча жүргүзүп жатканын жана аларга банкнотторду кабыл алуунун автоматтык түзүлүштөрүн конфигурациялоо үчүн убакыт талап кылынарын белгиледи. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты 

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары үчүн төлөм терминалдарын жана банкоматтарды алар аркылуу төлөмдөрдү жана операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашырууда калк үчүн шарттарды түзүү максатында, жүгүртүүгө киргизилген улуттук валютанын жаңы банкнотторун кабыл алууга ыңгайлаштыруу мөөнөттөрүн аныктоо жолу менен калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү тоскоолдуксуз пайдалануусу болуп саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу 

Сунушталган жөнгө салуу - Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-мартындагы 9/10 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операциялардын аткарылышы боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан улуттук валютанын жаңы банкнотторун кабыл алуу үчүн аралыкта жайгашкан бардык жабдууларды ыңгайлаштыруу мөөнөттөрүн белгилөө жөнүндө жаңы пункт менен толуктоо жолу менен өзгөртүү киргизүү

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Сунушталган жөнгө салуунун калк үчүн күтүлүүчү натыйжасы: оң социалдык-экономикалык таасирин тийгизет, анткени жөнгө салуу улуттук валютанын жаңы банкнотторун төлөм терминалдары жана банкоматтар тарабынан бардык жерде кабыл алууга багытталган, бул калк үчүн ыңгайлуулукту жаратат жана коммерциялык банктардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кассаларындагы оорчулукту азайтат. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасири: 

1) экономикага тийгизген таасири: экономикага түздөн-түз таасир этүүсү каралган эмес, анткени өзгөрүүлөр улуттук валютанын жаңы банкнотторун төлөм терминалдары жана банкоматтар тарабынан бардык жерде кабыл алууга багытталган жана калк үчүн ыңгайлуулукту жаратат; 

2) социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: сунушталган жөнгө салуу төлөм терминалдары жана банкоматтар аркылуу улуттук валютанын жаңы банкноттору менен төлөө мүмкүнчүлүгү жагынан калкка оң таасирин тийгизет; 

3) экологияга таасири жок. 

7.3. Жөнгө салуунун кызыкдар тараптарынын даректеринин негизги топторуна күтүлгөн таасири: 

1) мамлекеттик органдар: мамлекеттик органдарга түздөн-түз таасирин тийгизбейт; 

2) ишкерлер: сунушталган жөнгө салуунун эки таасири бар: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган улуттук валютанын жаңы банкнотторун кабыл алуу үчүн төлөм терминалдарын жана банкоматтарды ыңгайлаштыруу мөөнөтү жагындагы жеңилдиктер ишкерлердин ишине оң таасирин тийгизет, ошондой эле коммерциялык банктардын жана сунуштоочулардын кассаларын жеңилдетет; 

- коммерциялык банктардын жана төлөм терминалдарынын ишине терс таасирин тийгизет, анткени төлөм терминалдарын жана банкоматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган улуттук валютанын жаңы банкнотторун кабыл алуу үчүн ыңгайлаштырууга чыгым жумшалат, ошондой эле өлкөдө накталай акча жүгүртүү көлөмү көбөйөт; 

3) калк: калкка оң таасирин тийгизет, анткени сунушталган жөнгө салуу калкка бардык жерде төлөм терминалдары жана банкоматтар аркылуу улуттук валютанын жаңы банкноттору менен төлөөгө мүмкүндүк берет. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо 

Бул жөнгө салууну ишке ашыруу тобокелдиктери минималдуу, анткени долбоор төлөм терминалдарын жана банкоматтарды улуттук валютанын банкнотторун кабыл алууга ыңгайлаштыруу мөөнөттөрүн аныктоо жолу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерин сактоого багытталган. 

Ошол эле учурда, төлөм уюмдарынын агенттеринин төлөм терминалдарын адаптациялоо үчүн кыска мөөнөттөр белгиленген учурда, көптөгөн төлөм уюмдары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткаруу үчүн банкноттордун бардык түрүн кабыл алууга жөндөмсүз агент терминалдарын өзүнүн маалымат системасынан өчүрүүгө аргасыз болушат. Өз кезегинде бул төлөм уюмдарынын терминалдык тармагынан дал ушул региондордон агенттерди массалык түрдө өчүрүүгө алып келет. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Сунушталган жөнгө салуу атаандаштыкка таасирин тийгизбейт, анткени анда рыноктун катышуучулары үчүн кандайдыр бир чектөөлөрдү же артыкчылыктарды киргизүү каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Кызыкдар тараптардын пикирлери коомдук талкуудан кийин толукталат. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, сунушталган жөнгө салуу тандоого сунуш кылынат, анткени жүгүртүүгө киргизилген улуттук валютанын банкнотторунун жаңы серияларын кабыл алууга төлөм терминалдарын жана банкоматтарды ыңгайлаштыруу мөөнөттөрүн аныктоо калкка улуттук валютанын банкнотторунун бардык түрлөрү жана номиналдары менен төлөм терминалдары жана банкоматтар аркылуу бардык жерде төлөөгө мүмкүндүк берет, муну менен өлкөнүн мыйзам ченемдери аткарылат.