Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу 

эрежелерин бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 40 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери бекитилсин (тиркелет).  

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:  

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

27-майындагы № 2020-П-33/31-4-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому; 

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун онунчу абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 9-пункту;  

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

12-апрелиндеги № 2021-П-33/17-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому; 

5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун: 

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 3-пункту; 

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-10-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун алтынчы абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 5-пункту; 

7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

26-сентябрындагы № 2022-П-33/59-4-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кепилдик фонддор боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту; 

8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

5-октябрындагы № 2022-П-33/61-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун: 

- 1-пунктунун онунчу абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 9-пункту; 

9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун: 

- 1-пунктунун жыйырма биринчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 20-пункту; 

10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын  

30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик маалымат алмашуу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун жетинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 6-пункту.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.   

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кепилдик фонд» ААКты тааныштырсын. 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын______-________  

№_________________________  

токтомуна карата тиркеме 

 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) кепилдик фонддордун ишине карата төмөнкү талаптар аныкталган: 

- жалпы талаптар; 

- экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр; 

- кепилдиктерди жана кепилдик инструменттерин берүү жана алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча; 

- эсепке алуу жана контролдоо боюнча; 

- ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө системасын уюштуруу жана иши боюнча; 

- тышкы аудит жүргүзүү боюнча; 

- мезгил-мезгили менен регулятивдик отчетту берүү боюнча. 

2. Кепилдик фонддор өз ишин каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелеринин кепилдик берүү аркылуу, ошондой эле финансы-кредит уюмдары менен макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырат. Мында каржылоо дегенден улам кредиттерди жана аларды алмаштыруучуларды, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу бүтүмдөрдү/операцияларды түшүнүү зарыл. 

3. Бул Эрежелерде төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:  

1) кардар - милдеттенмелеринин бөлүгү финансы-кредит уюму менен түзүлгөн каржылоо келишими боюнча кепилдик менен камсыздалган ишкердик субъекти жана мамлекеттик турак-жай программаларынын катышуучусу; 

2) кепилдик - кепилдик фонддун финансы-кредит уюму алдында каржылоо келишимдери боюнча кардардын негизги карызы боюнча милдеттенмелердин бөлүгүн берилген кепилдик суммасы чегинде аткаруу үчүн жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси;  

3) кепилдик иши - кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү жана кардарларды каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча кепилдиктерди берүү жана башка кепилдик инструменттери аркылуу финансы-кредит уюмдардын кредиттик тобокелдиктеринин бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш;  

4) кепилдиктерди берүү саясаты - кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү, кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын, кепилдик инструменттеринин түрлөрүн, кепилдиктерди берүү принциптерин, кардарлардын милдеттенмелерин тандоо критерийлерин жана талаптарын, ошондой эле тараптардын кепилдигин амортизациялоо шарттарын жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү документ;  

5) кепилдик инструменттери - каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу кепилдиктердин ар кандай формаларынын жана түрлөрүнүн жыйындысы;  

6) регресстик талап - кепилдик фонддун кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-кредит уюму тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү кардардан талап кылуу укугу. 

 

2-глава. Кепилдик фонддун ишине карата жалпы талаптар 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) кепилдик фонддор милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөөгө, кепилдик фонддордун ишин текшерүүгө, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" мыйзамында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

5. Кепилдиктерди берүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен кепилдик фонд, финансы-кредит уюму менен кардардын ортосунда кепилдик келишимин түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.  

Портфелдик кепилдиктер - финансы-кредит уюмдары менен кызматташуу боюнча тиешелүү келишимдердин алкагында берилген кепилдиктер.  

Кепилдик инструменттери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана кепилдик фонддун кепилдик берүү саясатына ылайык берилет.  

6. Кепилдик инструменттерин берүү тартиби жана кепилдик инструменттеринин түрлөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарды эске алуу менен кепилдик фонддун ички документтеринде өз алдынча белгиленет. 

7. Кепилдик инструменттери каржылоо келишими боюнча кардардын милдеттенмелеринин бөлүгүнө берилет. 

8. Кепилдик фонд кардардын каржылоо боюнча пайыздарды, кошумчаланган айыптык төлөмдү, айып пулду, туумду, комиссиялык сый акы төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылбайт. 

9. Кепилдик фонддун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сый акынын өлчөмү кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет. 

10. Кепилдик фонддун кепилдиктерин сунуштоо үчүн кардарлардын милдеттенмелерин тандоо жана аларга карата талаптар кепилдик фонддун ички документтери аркылуу жөнгө салынат. 

11. Кепилдик фонддун чет өлкө валютасында активдери болгон шартта кепилдиктер чет өлкө валютасында берилиши мүмкүн болгон, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишкер субъектилерине берилген кепилдиктерди эске албаганда, кепилдиктер улуттук валютада берилет. 

12. Кепилдик фонд кепилдик келишимдерин түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдикти баалоо боюнча ишти уюштуруу максатында кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу жана ага ылайык кредиттик бюрого кредиттик маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык берүүгө тийиш. 

Терс кредиттик маалымат берилген учурларды эске албаганда, кепилдик фонд кардардын макулдугу боюнча кредиттик маалыматты (портфелдик кепилдиктер жөнүндө маалыматтарды кошпогондо) берүүгө милдеттүү

13. Эгерде кепилдик фонд кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзсө, анын кепилдик ишти башкаруу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу боюнча ишти уюштуруу тартиби жана талаптар, ошондой эле кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө кепилдик фондунун негизги шарттары, укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кредиттик маалыматка санкциясыз кирүүдөн, аны жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу жөнүндө

- кепилдик фондго жана кредиттик маалымат менен алмашуу процессинде аларга маалым болгон анын кызматкерлерине алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салуу жөнүндө

- кепилдик фонд жооптуу болгон кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр жана жаңыртуулар жөнүндө кредиттик бюрого өз убагында билдирүү жөнүндө

- туура эмес маалымат берилген учурда, анын ичинде кредиттик маалымат субъектинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кредиттик маалымат субъекти жөнүндө маалыматтарды терс кредиттик маалыматка киргизбөө негиздери; 

- кредиттик маалымат менен алмашуу келишимине ылайык кредиттик бюрого маалыматтарды берүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жөнүндө

Кепилдик фонд кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматтын бурмаланышы, бардык кардарлар боюнча толук маалымат берүү, аны өз убагында тапшыруу, анын ичинде техникалык каталардан улам берилген маалыматты оңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

Кепилдик берүү жөнүндө маселени кароодо кепилдик фонд зарыл болгон учурда кардар жөнүндө (кредиттик отчетту) жана кепилдик фонддун чечими боюнча иштеп жаткан кредиттик бюролордон кардар менен байланышы бар жактар ​​жөнүндө (эгерде мыйзамга ылайык алардын макулдугу болсо) маалыматты талап кылышы мүмкүн.  

Кепилдик фонд кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана коопсуздугун сактоого, андагы кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого жана кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш. 

 

3-глава. Кепилдик фонддор милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр 

 

14. Кепилдик фонддор Улуттук банк тарабынан белгиленген төмөнкү экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү сактоого тийиш: 

- бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү

- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

- өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми; 

- ликвиддүүлүк ченеми; 

- кепилдик фонддордун финансы-кредит уюмдарындагы депозиттеринин өлчөмүнүн лимити; 

- кредитти кепилдик менен жабуунун максималдуу өлчөмү

- мультипликатор коэффициенти; 

- концентрациялануу тобокелдиги боюнча чектөөлөр; 

- кайра каржылоого кепилдиктер боюнча лимит; 

- портфелдик кепилдиктер боюнча лимит. 

15. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1). 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу ченеминин К1 маанисин 10% ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

  

К1 = СГ / СК * 100%, мында: 

  

СГ - бир кардарга же байланыштуу адамдар тобуна кепилдиктердин максималдуу өлчөмүнүн баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы; 

СК - кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө ар башка карыз алуучулардын кепилдиктери боюнча калдыктардын суммасы кошулууга жана төмөнкү учурларда кепилдиктердин чогуу алгандагы бирдиктүү байланышкан суммасы катары каралууга тийиш: 

- бир карыз алуучунун финансылык оор абалы башка жактарда да кепилдик менен камсыздалган кредит боюнча төлөө проблемаларынын келип чыгышын шарттаса; 

- бир карыз алуучу башкасын контролдосо; 

- кредит юридикалык жакка да жана ал юридикалык жактын катышуучусуна/уюштуруучусуна да берилген болсо; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары контролдоочу жак же олуттуу катышуучу болуп саналган учурларды эске албаганда, алар кеминде бир контролдоочу жакка же олуттуу катышуучуга ээ болсо; 

- бир нече карыз алуучу ортосунда олуттуу финансылык өз ара көз карандылык болсо. Өз ара кызматташуу тууралуу келишимди кошо алганда, олуттуу финансылык өз ара көз карандылык адатта бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгашасынын же башка келип түшүүлөрүнүн же төлөмдөрүнүн 50 же андан жогору пайызы башка карыз алуучу менен келишилген бүтүмдөрдөн улам келип чыккан учурда орун алат; 

- кредит төлөө үчүн ошол эле бир каражат алуу булагы колдонулса, мында карыз алуучулар кредиттик каражаттарды жалпы ишканада же жалпы ишке катышуу үчүн колдонушкан же экөө тең ошол эле төлөө булагын (камсыздоо) колдонушкан жагдайды кошо алганда; 

- карыз алуучулардын бири экинчи карыз алуучунун милдеттенмесине кепилдик берсе (кросс-кепилдик) же ошол эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун кепилдиги болуп саналса; 

- бир же бир нече карыз алуучу тарабынан алынган каражаттар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын кошпогондо, үчүнчү жактын түздөн-түз пайдасы үчүн колдонулса же ошол алынган каражаттарга сатылып алынган каражаттар же активдер адаттагы бизнести жүргүзүүдө андан товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурларды эске албаганда, үчүнчү жакка берилсе; 

- күрөө коюучу катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы саналган учурларды эске албаганда, алардын күрөө коюучусу бирөө болсо. 

16. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (К2). 

Кепилдик фонддордун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлөт. 

Кепилдик фонддор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген. 

Кепилдик фонддор уставдык капиталдын өлчөмүн уставдык капиталга карата белгиленген талаптардан төмөн эмес мааниде кармап турууга тийиш. 

17. Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми (К2.1). 

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми кепилдик фонд тарабынан уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 100% кем эмес деңгээлде сакталууга тийиш. 

Кепилдик фонддун өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

К2.1 = (СК / УК) * 100%, мында: 

  

СК - кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы; 

УК - баа берүү күнүнө карата уставдык капиталдын өлчөмү

Кепилдик фонддор өздүк капиталын (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде эсептөөгө тийиш: 

- толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын; 

- номиналдан үстөк салынган капиталдын; 

- жеке адамдар жана юридикалык жактар салган кошумча капиталдын; 

- келечектеги керектөөлөр үчүн резервдердин; 

- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын (чыгымдарынын); 

- учурдагы жылдын чыгымын минуска чыгаруу менен. 

18. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3): 

- жалпы ликвиддүүлүк (К2.1) ченеминин (көрсөткүчүнүн) маанисин 45% кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл; 

- кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк (К2.2) ченеминин (көрсөткүчүнүн) маанисин 35% кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл. 

1) Жалпы ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

К3.1 = (ЛА / ОБ) * 100%, мында: 

  

ЛА - ликвиддүү активдер, буга кассадагы жана банктардагы эсептешүүүндөлүк) эсептердеги акча каражаттар, банктарда жайгаштырылган депозиттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган мамлекеттик казына векселдери жана башка жогору ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары - жогору ликвиддүү баалуу кагаздар) кирет. Бул баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө сый акыны (дисконтту) жана өздөштүрүлбөгөн пайданы (чыгымдарды) минуска чыгаруу менен эске алынат; 

ОБ - кепилдик фонддун милдеттенмелери, буга кепилдик фонддун кепилдиктери боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин жалпы суммасы, төлөө мөөнөтү 30 күнгө чейинки кайсы болбосун милдеттенмелер кирет; 

2) Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

К3.2 = (ВЛА / КОБ) * 100%, мында: 

  

ВЛА - жогорку ликвиддүү активдер, буга кассадагы жана банктагы эсептешүүүндөлүк) эсептериндеги акча каражаттары, ошондой жогору ликвиддүү баалуу кагаздар кирет; 

КОБ - кыска мөөнөттүү милдеттенмелер, буларга кепилдик фонддун кепилдиктери боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин суммасы, төлөө мөөнөтү 30 күнгө чейинки кайсы болбосун милдеттенмелер кирет. 

Жетиштүү ликвиддүүлүктү кармап туруу үчүн активдердин жана пассивдердин мөөнөтүн, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелерди аткаруу ыктымалдыгын эске алуу зарыл. Кепилдик фонддун каражаттарын Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин эмитенттери чыгарган акцияларга, облигацияларга (жогору ликвиддүү баалуу кагаздардан тышкары) инвестициялоого жол берилбейт. 

19. Кредит боюнча кепилдиктин максималдуу өлчөмү (К4). 

Кредит боюнча кепилдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин К4 маанисин карыз алуучунун же байланыштуу адамдар тобунун кредитинин 50% ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

Кредит боюнча кепилдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

К4 = ОГ / ОС * 100%, мында: 

  

ОГ - карыз алуучуга берилген кепилдик суммасы; 

ОС ал боюнча кепилдик берилген карыз алуучунун кредитинин негизги суммасы. 

20. Мультипликатор коэффициенти (К5). 

Мультипликатор коэффициентинин маанисин (К5) 2ден ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

Мультипликатор коэффициенти төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

  

К5 = ГП / СК, мында: 

  

ГП - кепилдик фонддун кепилдиктери (кепилдик портфели) боюнча милдеттенмелеринин баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы; 

СК - кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

21. Кепилдик фонд каражаттарды коммерциялык банктардын аманаттарына (депозиттерине) өз алдынча жайгаштырат. Кепилдик фонддун каражаттарын жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктарды тандоонун негизги критерийлери кепилдик фонд тарабынан ички ченемдик документтерде аныкталууга тийиш жана анда жайгаштырылган активдерден жогору деңгээлде киреше алуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, ошондой эле кредиттик тобокелдикке, концентрациялануу тобокелдигине жана башка кошумча тобокелдиктерге талапка ылайык баа берүү жана контролдоо эске алынуусу зарыл. 

22. Кепилдик фонддун каражаттары банктагы депозитке Улуттук банктын колдонуудагы талаптарын эске алуу менен кепилдик фонддун Директорлор кеңешинин чечими менен бекитилген тиешелүү ички саясатта кепилдик фонд тарабынан белгиленген лимиттердин өлчөмүндө (депозиттин суммасы) которулат. 

23. Кепилдик фонддун каражаттарын коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарда (депозиттерде) жайгаштыруунун белгилүү бир коммерциялык банкка карата белгиленген лимиттеринин мааниси кепилдик фонддун өздүк капиталынын 20% ашпоого тийиш. Мында, эгерде каражаттар банкта калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу максатында жайгаштырылса, кепилдик фонддун каражаттарын коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарга (депозиттерге) жайгаштыруу лимиттерин кепилдик фонддун өздүк капиталынан 25 % чегинде белгилөөгө жол берилет. 

24. Кепилдик фонд концентрациялануу тобокелдигинин кайсы түрдө болбосун орун алуу деңгээлине ай сайын көз салып турууга, күндөлүк жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана тобокелдикти тескөө ишин пландаштырууга (аналитикалык отчеттор, таблицалар, графиктер жана диаграммалар) тийиш, булар кепилдик фонддун Директорлор кеңешине жана Башкармасына сунушталууга тийиш. Кепилдик фонддун Директорлор кеңеши жана Башкармасы концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатын мезгил-мезгили менен карап туруусу зарыл. 

25. Концентрациялануу тобокелдиги боюнча төмөнкү чектөөлөр белгиленген: 

- ири карыз алуучулар боюнча концентрациялануу (К6.1) 65 % ашык эмес; 

- тармактар боюнча концентрациялануу (К6.2) 50 % ашык эмес. 

1) Ири карыз алуучулар боюнча концентрациялануу ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

  

К6.1 = СКР / СК * 100%, мында: 

  

СКР - бардык ири тобокелдиктердин (карыз алуучулардын) баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы; 

СК - кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

Бир карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу адамдардын кепилдик фонддун өздүк капиталынын 2% ашкан чогуу алгандагы кепилдиктеринин суммасы ири тобокелдик катары каралат. Кепилдик фонддун бардык ири тобокелдиктеринин жалпы суммасы анын өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

2) Тармактар боюнча концентрациялануу ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

  

К6.2 = СКО / ГП * 100%, мында: 

  

СКО - кепилдик фонддун бир тармакка берилген кепилдиктери боюнча милдеттенмелеринин баа берүү күнүнө карата суммасы; 

ГП - кепилдик фонддун кепилдиктери (кепилдик портфели) боюнча милдеттенмелеринин баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы. 

Тармактар боюнча концентрациялануу (К6.2) ченеминин маанисин кепилдик фонддун кепилдиктери боюнча милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50 % ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

26. Кепилдик фонддор кайра каржылоого кепилдиктер боюнча лимитти так сактоого тийиш. Кайра каржыланган кредиттер боюнча берилген кепилдиктердин жалпы суммасы кепилдик фондунун өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.  

Мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында, кайра каржылоого кепилдиктер боюнча лимит кепилдик фонддун өздүк капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

27. Кепилдик фонддор портфелдик кепилдиктер боюнча лимитти сактоосу зарыл. Финансы-кредит уюму менен кызматташуунун алкагында берилген портфелдик кепилдиктер боюнча лимит бир финансы-кредит уюмуна карата кепилдик фонддун өздүк капиталынын 20 % ашпоого тийиш. 

28. Дивиденддердин өлчөмүн эсептөө үчүн кепилдик фонду Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары - ФОЭС) жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң эле төмөн маанисин колдонууга тийиш. 

29. Кепилдик фонд кепилдик фонддун акционерлерине дивиденддерди төлөө үчүн Улуттук банктан уруксат алууга милдеттүү. Дивиденддерди төлөөгө Улуттук банктан уруксат алуу үчүн документтер кепилдик фонддун акционерлеринин жалпы жыйынын өткөрүүгө чейин он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Документтерге кепилдик фонддун дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча пландары, ФОЭСке жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын көрсөткүчтөрү жана дивиденддерди төлөгөндөн кийин экономикалык ченемдердин сакталышы боюнча эсептөөлөр тиркелүүгө тийиш. 

Улуттук банк кепилдик фонддун ишинин туруктуулугуна карата төмөндөгү коркунучтардын бири болгон учурда дивиденддерди төлөөгө тыюу салышы же чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн: 

1) кепилдик фонд Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү сактабаса; 

2) дивиденддерди төлөө Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе; 

3) Улуттук банктын талаптарына ылайык потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн камдар түзүлбөсө же жетишсиз өлчөмдө түзүлсө

4) өткөн жылдарда же отчеттук жыл ичинде чыгым орун алса; 

5) Улуттук банктын талаптары аткарылбаса. 

 

4-глава. Кепилдиктерди берүү жана алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу 

 

30. Кепилдик фонд ички документтерде каралган мөөнөттө жана тартипте кепилдик берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. Кепилдик берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу коллегиалдуу органы тарабынан кабыл алынат. 

31. Кепилдик менен камсыздалган милдеттенмелер кардар тарабынан аткарылбаган же талапка ылайык аткарылбаган учурда кепилдик фонддун жоопкерчилиги субсидиардык болуп саналат. 

32. Кепилдик фонддун кардардын милдеттенмелерин аткаруу милдети кардар каржылоону кайтарып берүү мөөнөтүн бузган учурдан тартып башталат. Мында финансы-кредит уюму кардар каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбаган күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө кепилдик фондго кардар тарабынан келишим шарттары бузууга жол берилгендиги тууралуу кат жүзүндө маалымдайт. 

33. Кепилдик фонддун ушул Эрежелердин 32-пунктунда көрсөтүлгөн милдети кардардын милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл документтерди тиркөө менен кардардын ссудалык эсеп боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилгенден кийин жана финансы-кредит уюму келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карызды өндүрүү боюнча бардык чараларды ишке ашыргандан кийин келип чыгат. Финансы-кредит уюму карызды өндүрүү боюнча бардык чараларды ишке ашыргандыгы жөнүндө маалыматтардын тизмеги кепилдик берүү саясатында белгиленүүгө тийиш. 

34. Ушул Эрежелердин 33-пунктунда каралган шарттар аткарылгандыгы тастыкталган учурда, кепилдик фонд кепилдик келишимге жана/же финансы-кредит уюму менен кызматташуу келишимине ылайык өздүк каражаттардын эсебинен кепилдик боюнча милдеттенмелерди аткарат.  

35. Милдеттенмелер аткарылгандан кийин кепилдик фонд төлөнгөн (аткарылган) кепилдиктин суммасынын ордун жабууну талап кылуу укугуна ээ болот. Финансы-кредит уюму кепилдик фонду милдеттенмелерин аткарган күндөн тартып үч күндүн ичинде кепилдиктерди берүү саясатында каралган талап кылуу укугун ырастоочу документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү

36. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, кардардан кепилдик келишими жана/же финансы-кредит уюму менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн финансы-кредит уюмуна төлөнгөн сумманын ордун регресс тартибинде толтурууну талап кылууга укуктуу. 

37. Карызгер-кардарга карата белгиленген регресстик талаптар канааттандырылгандан кийин кепилдик фонд тарабынан алынган каражаттар кепилдик фонддун тескөөсүндө калат жана кепилдик фондду өнүктүрүүгө багытталат. 

 

5-глава. Кепилдик фонддордун ишине көзөмөл 

 

38. Улуттук банктын көзөмөлдөө системасы бири-бирин толуктап жана колдоп турган көзөмөлдөө ишинин эки негизги түрүнөн турат, булар - тышкы көзөмөлдөө жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү

39. Кепилдик фонддор, аларды уюштуруучулар же акционерлер, кепилдик фонддордун кызмат адамдары жана башка кызматкерлери Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана кайсы болбосун башка маалыматты өз убагында сунуштап турууга милдеттүү

40. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишине текшерүүлөрдү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын жана шарттардын негизинде жүзөгө ашырат. 

41. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишине көзөмөлдү алардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат. 

42. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин текшерүү үчүн негиз болуп саналган документти көрсөтүү менен алдын ала билдирүүсүз текшерүүгө укуктуу. 

43. Кепилдик фонддордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө» нускоодо белгиленген. 

 

6-глава. Эсепке алуу жана контролдоо 

 

44. Кепилдик фонддун отчету Улуттук банктын кепилдик фонддун финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат. 

45. Кепилдик фонддун Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Эсепке алуу саясатында бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптери, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу ыкмалары жана эрежелери, финансылык отчетту түзүү тартиби камтылууга жана Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобосуна ылайык келүүгө тийиш. 

46. Финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде жүзөгө ашырылат. 

47. Кепилдик фонддо эсепке алуу төмөнкүчө уюштурулууга тийиш: 

1) анын негизинде төмөнкүлөр туура түзүлүүсү зарыл: 

а) кепилдик фонддун анык финансылык абалын жана иш натыйжаларын чагылдырган, эл аралык стандарттарга ылайык келген финансылык отчет; 

б) Улуттук банктын талаптарына жооп берген регулятивдик отчет; 

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, отчеттун башка түрлөрү

2) кепилдик фонддун активдерин жана орун алган тобокелдиктерди коопсуз жана ишенимдүү тескөө

3) акционерлер жана Директорлор кеңеши кепилдик фонддун финансылык абалын жана кызмат адамдарынын ишин контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу. 

Кепилдик фонддун Башкармасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык финансылык отчеттун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын тактыгына, толуктугуна жана сакталышына жооп берет. Кепилдик фонддун башкы бухгалтери финансылык отчетто бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсепке алуу регистрлеринин жана финансылык отчеттун талаптагыдай сакталышы үчүн жооп берет. 

48. Кепилдик фонддун ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу максатында кепилдик фонд ай сайын отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде отчетторду ушул Эрежелердин 2 жана 3-тиркемелеринде көрсөтүлгөн формалар боюнча Улуттук банкка электрондук форматта жөнөтүүгө жана кагаз жүзүндө жеткирип берүүгө тийиш. 

49. Кепилдик фонд бухгалтердик эсепке алууда жана отчет түзүүдө колдонулган документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеги жана сактоо мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтер тизмегине» ылайык белгиленет. 

50. Кепилдик ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу келип чыккан чыгымдын ордун өз убагында жабуу үчүн кепилдик фонд тиешелүү кам түзүүгө жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык активдердин реалдуу наркын финансылык отчетто чагылдырууга милдеттүү

51. Кепилдик фонддун активдерин классификациялоо жана потенциалдуу жоготууларынын жана чыгым тартууларынын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт. 

 

7-глава. Ички контролдоо системасы, ички аудит, тобокелдиктерди тескөө 

 

52. Ички контролдоо - кепилдик фонддун төмөнкү максаттарга жетүүсү үчүн багытталган үзгүлтүксүз процесс: 

1) иштин натыйжалуулугу жана иштиктүүлүгү, активдерди жана пассивдерди натыйжалуу тескөө, активдердин сакталышын камсыз кылуу, тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө

2) ички жана тышкы колдонуучулар үчүн финансылык, регулятивдик жана башка отчеттун так, толугу менен, объективдүү жана өз убагында түзүлүшүн камсыз кылуу; 

3) жарандык мыйзамдарды жана кепилдик фонддун ички ченемдик документтерин сактоо. 

53. Кепилдик фонддун ички контролдоо системасында төмөнкү компоненттер камтылууга тийиш: 

1) кепилдик фонддун башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясы, ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү жана жоопкерчилиги каралган тиешелүү уюштуруу түзүмү

2) өз убагында тиешелүү чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген тиешелүү ички маалымат системасы жана башкаруу органдарына маалымдоо системасы; 

3) тобокелдиктерге, тобокелдиктерди тескөө жана аларга баа берүү системасына туруктуу байкоо жүргүзүү

4) ички контролдоонун тиешелүү жол-жоболору; 

5) кемчиликтерди аныктоо жана ишин өркүндөтүү максатында ички контролдоо системасына мезгил-мезгили менен өз алдынча баа берүү

54. Кепилдик фонддо тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптар жана кепилдик фонддун тобокелдиктерди натыйжалуу аныктоону, баа берүүнү жана чектөөнү камсыз кылган контролдоо методдорун колдонуу каралган ички контролдоо системасын уюштурууга карата талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого жана Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдоо жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерине ылайык аныкталат. 

55. Кепилдик фонд тарабынан тобокелдиктерди тескөө саясаты иштелип чыгууга, ал Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

56. Кепилдик фонддун Башкармасы Директорлор кеңеши менен биргеликте жылына кеминде бир жолу саясаттын шайкештигине байкоо жүргүзүп турат жана зарыл учурларда өзгөртүүлөрдү киргизет. 

57. Кепилдик фонд тобокелдик-менеджменти, ички аудит жана комплаенс-контролдоо кызматтарын түзүүгө тийиш. Тобокелдик-менеджменти, ички аудит жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Улуттук банк менен макулдашылат. 

58. Тобокелдик-менеджменти кызматы/тобокелдик-менеджери күн сайын тобокелдиктерди аныктайт, өлчөйт, мониторинг жүргүзөт жана контролдойт. Тобокелдиктерди түздөн-түз тескөө үчүн тобокелдиктин тигил же бул түрүн тескеген аткаруу органы жана/же түзүмдүк бөлүмдөр/кызмат адамдары жоопкерчилик тартышат. 

59. Ички аудит кызматы ички аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ички контролдоо системасынын, тобокелдиктерди тескөө жана корпоративдик башкаруу процессинин натыйжалуулугуна талдоону жана баалоону жүзөгө ашырат. 

60. Комплаенс-контролдоо кызматы кепилдик фонддун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, кепилдик фонддун ички документтеринин талаптарына (эрежелерине, жол-жоболоруна ж. б.) ылайык келүүсүн ички контролдоону, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоону жүзөгө ашырат. 

 

8-глава. Тышкы аудит 

 

61. Кепилдик фонддун ишине Кыргыз Республикасында таанылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүү жүргүзүлүп турууга тийиш. 

62. Аудитордук уюмду тандоо кепилдик фонддун Директорлор кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат. 

Тышкы аудит жүргүзүүгө, аларды тандоо боюнча жалпы кабыл алынган жол-жоболорду киргизүүгө карата минималдуу талаптар жана аудитордук кызмат көрсөтүүдө аудиторлордун көз карандысыздыгы Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-Р-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык аныкталат.  

63. Финансылык жыл аяктаганда кепилдик фонд отчеттук жылдан кийинки финансылык жыл башталган күндөн тартып 90 (токсон) күндөн кеч эмес мөөнөт ичинде кепилдик фонддо тышкы аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

64. Жыл сайын көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин кепилдик фонд жетекчиликке катты кошо алганда, тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн) өзгөртүүсүз, тышкы аудиторго отчетту берген күндөн тартып 30 (отуз) күн ичинде Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

65. Кепилдик фонддун тышкы аудитору төмөнкүлөргө милдеттүү

- аудит же эл аралык квалификация боюнча мыйзам талаптарына ылайык квалификацияга ээ болууга; 

- көз карандысыз жана объективдүү болууга, ошондой эле кызыкчылыктар каршы келген катары эсептөөгө негиз берген жагдайларга жол бербөөгө

 

9-глава. Таасир этүү чаралары 

 

66. Улуттук банк кепилдик фондго жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

67. Улуттук банк таасир этүү чараларын кепилдик фонддордун ишинин туруктуулугун колдоо үчүн проблемаларга каршы ыкчам чара көрүү, аларды жөнгө салуу жана четтетүү максатында колдонот. 

68. Улуттук банк кепилдик фондго жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугун, таасир этүү чараларынын түрүн жана аларды колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт. 

69. Кепилдик фондуна, анын кредиторлоруна, акционерлерине же банк системасына карата объективдүү коптуу жагдайларды жана/же жогору жоготуу же чыгым тартуу ыктымалдыгын шарттаган кепилдик фонддун иши, анын кызмат адамдарынын иш-аракеттери (аракеттенбей коюулары) кепилдик фонддордун алгылыксыз жана кооптуу тажрыйбасы катары эсептелет. 

70. Улуттук банктын кепилдик фонддорго карата таасир этүү чараларын колдонуу негиздери, учурлары жана тартиби, ошондой эле кепилдик фонддордун алгылыксыз жана кооптуу тажрыйбага тартылышы белгилери жана мындай ишке кепилдик фонддун жана анын кызмат адамдарынын катыштыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык аныкталат.  

Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайра өзгөртүлүп түзүлүшү же жоюлушу мүмкүн. 

71. Жарыялоо кепилдик фонддун кредиторлорунун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, Улуттук банк кепилдик фонддорго карата колдонгон таасир этүү чаралары тууралуу, ошондой эле мындай чараларды кандай болбосун өзгөртүүлөр же алардын токтотулушу тууралуу маалыматты жарыялап турат. Мындай маалыматты жарыялоо банктык сырды жайылтуу болуп саналбайт. 

72. Улуттук банктын чечимдерине карата сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Мында Улуттук банк Башкармасынын сотто каралууга тийиш болгон чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын кайсы болбосун чечимине карата сотко чейин даттанууга жол берилет. 

73. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жободо белгиленген. 

 

10-глава. Мезгил-мезгили менен регулятивдик отчеттуулукту берүү 

 

74. Кепилдик фонддор белгиленген мөөнөт ичинде кепилдик фондунун иши жөнүндө мезгил-мезгили менен регулятивдик отчеттуулукту (мындан ары - ПРО) Улуттук банкка 3-тиркемеде келтирилген формаларга ылайык белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү

75. ПРОнун жалпы курамы, мезгил аралыгы, форматы жана отчетторду берүү мөөнөттөрү ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде келтирилген. 

76. ПРО формаларын толтурууда төмөнкү эрежелер сакталууга тийиш: 

а) маалымат Улуттук банктын отчеттук датага карата расмий курсу боюнча сом эквивалентинде чагылдырылууга тийиш;  

б) операциялар отчеттук мезгилде бухгалтердик эсептин жана баланстан тышкары эсепке алуу маалыматтарынын негизинде чагылдырылышы зарыл; 

в) отчеттор мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет; 

г) отчеттуулук электрондук форматта берилет жана кагаз жүзүндө жөнөтүлөт. 

77. Кепилдик фонддун жетекчилиги ПРОдо чагылдырылган маалыматтардын аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

78. 31-декабрга карата ПРО жылдык болуп саналат жана Улуттук банкка ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде белгиленген мөөнөттө берилет. Тышкы аудиттин жыйынтыгы боюнча, эгерде жылдык ПРОдо оңдоолор бар болсо, аларга өзгөртүүлөр киргизилген бөлүктөр боюнча түшүндүрмөлөрдү чагылдыруу менен өзгөртүүлөр киргизилген отчеттук формалар берилет. Оңдоолор киргизилген отчеттор көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусун алгандан кийин 15 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилет. 

79. ПРО отчеттору өз убагында берилбеген учурда кепилдик фонду ПРОнун өз убагында берилбегендиги себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү

80. Отчеттордо так эмес маалыматтар системалуу түрдө берилсе жана белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда кепилдик фондго карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

 

 

 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө 

салуу эрежелерине карата  

1-тиркеме 

Кепилдик фонддун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун 

КУРАМЫ 

Бөлүк 

Аталашы 

Мезгилдүүлүгү 

Тапшыруу мөөнөтү 

Берүү форматы 

11 

 

Кепилдик фонду жөнүндө негизги маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

22 

 

Акционерлер жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

Айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

Комитеттер жана комитет мүчөлөрү жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

Кепилдик фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

Филиалдар/өкүлчүлүктөр (кеңселер) жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

1-бөлүк 

Баланстык отчет 

А. Активдер 

B. Милдеттенмелер 

V. Капитал 

D. Баланстан тышкаркы эсептер 

D. Башка активдердин жана башка милдеттенмелердин бөлүнүшү 

E. Системадан тышкаркы эсеп 

 

Ай сайын 

 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«xlsx» 

78 

2-бөлүк 

Пайда жана чыгым жөнүндө отчет 

А. Пайыздык кирешелер 

Б. Пайыздык чыгашалар 

В. Пайыздык эмес кирешелер 

Г. Пайыздык эмес чыгашалар 

Д. Башка операциялык жана административдик чыгашалар 

Е. Кепилдик фонддун активдерин жайгаштыруу 

Ж. Кепилдик фонддун милдеттенмелерин өлкө белгиси боюнча тартуу 

З. Кепилдик фонддун милдеттенмелерин өлкө белгиси боюнча тартуу (чет өлкө валютасында) 

К. Капиталды өлкө белгиси боюнча тартуу 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

99 

3-бөлүк 

Кепилдиктер жөнүндө маалымат 

3.A1. Кепилдик фонддун региондор боюнча иши 

3.A1-1. Уюштуруучулары/катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерге 

же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген кепилдиктер жөнүндө региондор боюнча маалымат 

3.A2. Кепилдик фонддун тармактар боюнча иши 

3.A3. Тармактар / региондор боюнча бекитилген кепилдиктер боюнча маалымат (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) 

3.A3-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерге же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген кепилдиктер жөнүндө (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A4. Тармактар / региондор боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) 

3.A4-1. Кепилдик фонду ишин баштагандан тартып алардын уюштуруучулары/катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерге же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген кепилдиктер жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A5. Тармактар / региондор боюнча колдонуудагы кепилдиктер боюнча маалымат (отчеттук датага карата) 

3.A5-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерге же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген колдонуудагы (отчеттук датага карата) кепилдиктер жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A6. Кепилдиктер берилген кредиттер жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) 

3.A6-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерге же жеке ишкер катары иштеген аялдарга алар боюнча кепилдиктер (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) берилген кредиттер жөнүндө маалымат 

3.A7. Алар боюнча кепилдиктер берилген колдонуудагы кредиттер (отчеттук датага карата) жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A7-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерге же жеке ишкер катары иштеген аялдарга алар боюнча кепилдиктер берилген колдонуудагы кредиттер (отчеттук датага карата) жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A8. Тармактар / региондор боюнча аткарылган кепилдиктер боюнча маалымат (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) 

3.A8-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерге же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып), аткарылган кепилдиктер жөнүндө тармактар / региондор боюнча маалымат 

3.A9. Тармактар / региондор боюнча аткарылган кепилдиктер жөнүндө маалымат (отчеттук мезгил ичинде) 

3.A9-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерге же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген (отчеттук мезгил ичинде), аткарылган кепилдиктер жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

110 

4-бөлүк 

Кепилдик фонддун ФКУ-өнөктөштөр боюнча иши жөнүндө маалымат 

4.A1. Отчеттук мезгил ичинде ФКУ-өнөктөштөр/тармактар боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.A2. Отчеттук мезгил ичинде ФКУ- өнөктөштөр/региондор боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.Б1. Кепилдик фонд ишин баштагандан тартып ФКУ-өнөктөштөр/тармактар ​​боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.Б2. Кепилдик фонд ишин баштагандан тартып ФКУ-өнөктөштөр/региондор ​​боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.В1. ФКУ- өнөктөштөр/тармактар боюнча колдонуудагы кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.В2. ФКУ- өнөктөштөр/региондор боюнча колдонуудагы кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.Г1. ФКУ- өнөктөштөр/тармактар боюнча аткарылган кепилдиктер жөнүндө маалымат  

4.Г2. ФКУ- өнөктөштөр/региондор боюнча аткарылган кепилдиктер жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

111 

5-бөлүк 

Мөөнөтү өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат 

А. Мөөнөтү өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат (бардыгы) 

B. Мөөнөтү өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат (чет өлкө валютасында) 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

112 

6-бөлүк 

Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

113 

7-бөлүк 

РППУдагы өзгөртүүлөр 

РППУнун эсебинен эсептен чыгарылган жана кайтарылган (мурда эсептен чыгарылган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

114 

8-бөлүк 

Баалуу кагаздар портфели 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

115 

9-бөлүк 

Депозиттер жана эсептер боюнча маалымат 

А. Коммерциялык банктарда жайгаштырылган мөөнөттүү депозиттер жөнүндө маалымат 

B. Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер боюнча маалымат 

B. Эсептешүү эсептери боюнча маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

116 

10-бөлүк 

Отчеттук мезгилде кепилдиктердин аткарылышы 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

 

«.xlsx» 

117 

11-бөлүк 

Байланыштуу жана аффилирленген жактар менен активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

118 

12-бөлүк 

Ири тобокелдиктер тууралуу маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

219 

13-бөлүк 

Активдердин/милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөтү 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

220 

14-бөлүк 

Экономикалык ченемдердин, чектөөлөрдүн жана талаптардын сакталышы жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

221 

15-бөлүк 

Лимиттердин сакталышы жөнүндө отчет 

A1. Портфелдик кепилдиктер боюнча лимиттин сакталышы жөнүндө отчет 

A2. Аманаттарда (депозиттерде) жана ФКУнун эсептеринде акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча лимиттердин сакталышы жөнүндө отчет 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

Кепилдик портфелдин реестри (2-тиркеме) 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Наименование организации/ Уюмдун аталышы 

 

 

 

 

 

 

 

Кепилдик фонддордун ишин 

жөнгө салуу эрежелерине карата  

2-тиркеме 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Реестр гарантийного портфеля/ Кепилдик портфелдин реестри  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

миң сом/тыс сомов 

 

№ 

Наименование/Ф.И.О. Заемщика/ Аталышы/Карыз алуучунун аты-жөнү 

Правовой статус: физ.лицо/юр.лицо/ Укуктук статусу: жеке адам/юридикалык жак 

ФИО руководителя/ Жетекчинин аты-жөнү 

Наименование ФКО-партнера/ ФКУ-өнөктөштүн аталышы 

Кредитная линия 

Да/нет/ Кредиттик линия 

Ооба / жок 

Сумма выданного кредита (номинал)/ Берилген кредиттин суммасы (номиналы) 

Сумма выданного кредита (экв. в сом)/ Берилген кредиттин суммасы (экв. сом менен) 

Сумма остатка кредита (номинал)/ Кредиттин калдык суммасы (номиналы) 

Сумма остатка кредита (экв. с сом)/ Кредиттин калдык суммасы (экв. сом менен) 

Валюта (KGS, USD, EUR, RUB)/ Валютасы (KGS, USD, EUR, RUB) 

Номинальная процентная ставка по кредиту/ Кредит боюнча номиналдык пайыздык чен  

Эффективная процентная ставка по кредиту/ Кредит боюнча эффективдүү пайыздык чен 

Размер комиссии за выдачу гарантии в % /Кепилдик берүү үчүн комиссиянын өлчөмү % түрүндө 

Сумма комиссии за выдачу гарантии/ Кепилдик берүү үчүн комиссиянын суммасы  

Дата выдачи/ Берилген күнү 

Дата погашения/ Төлөө күнү 

Просроченная сумма (по основной сумме)/ Мөөнөтү өтүп кеткен сумма (негизги сумма боюнча) 

Количество просроченных дней (по основной сумме)/ Мөөнөтүндө төлөнбөгөн күндөрдүн саны (негизги сумма боюнча) 

Наименование классификации по основной сумме кредита ФКО/ ФКУ кредитинин негизги суммасы боюнча классификациянын аталышы 

Размер РППУ в % по основной сумме кредита/ РППУнун өлчөмү кредиттин негизги суммасы боюнча % менен 

Сумма РППУ по основной сумме кредита/ Кредиттин негизги суммасы боюнча РППУнун суммасы  

Просроченная сумма (по процентам)/Мөөнөтү өткөн сумма (пайыздар боюнча) 

Количество просроченных дней (по процентам)/ Мөөнөтү өткөн күндөрдүн саны (пайыздар боюнча) 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

22 

23 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

... 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

Наименование классификации по процентам/наценке ФКО/ ФКУнун пайыздары/үстөк баалары боюнча классификациянын аталышы 

Размер РППУ в % по процентам/наценке по кредиту/ Кредит боюнча пайыздар/ үстөк баа боюнча РППУнун өлчөмү % түрүндө  

Сумма РППУ по процентам/наценке (сумма)/ Пайыздар/үстөк баа боюнча РППУнун суммасы (суммасы) 

Начисленные проценты/наценка (остаток задолженности по процентам) (по балансу)  

(в сомах)/ Кошуп эсептелинген пайыздар / үстөк баа (пайыздар боюнча карыздын калдыгы) (баланс боюнча) 

(сом түрүндө

Начисленные проценты/наценка забалансом (остаток задолженности по процентам забалансом) (по забалансу) (в сомах)/ Кошуп эсептелинген баланстан тышкаркы пайыздар/ үстөк баа (баланстан тышкаркы пайыздар боюнча карыз калдыгы) (баланстан тышкары) (сом түрүндө

Количество реструктуризаций/ Реструктуризациялардын саны  

Дата реструктуризации/ Реструктуризациялоо датасы 

Регион 

Отрасль/Тармак 

Целевое назначение (подробная информация)/ Максаттуу багыты (кеңири маалымат) 

Залоговое обеспечение/ Күрөөлүк камсыздоо  

Доля рефинансирования в %/ Кайра каржылоонун үлүшү % түрүндө 

Сумма выданной гарантии/ Берилген кепилдиктин суммасы  

Доля выданной гарантий от выданного кредита в %/ Берилген кредит боюнча берилген кепилдиктердин үлүшү % түрүндө 

Остаток гарантии (в сомах)/ Кепилдиктин калган бөлүгү (сом түрүндө

Наименование классификации гарантии/ Гарантиянын классификациясынын аталышы 

Размер РППУ в % по гарантии/ Кепилдик боюнча РППУнун өлчөмү % түрүндө 

Сумма РППУ по гарантии/ Кепилдик боюнча РППУнун суммасы 

Статус неначисления/начисления/ Чегербөө/чегерүү статусу 

Тип связанности/аффилированности/инсайдер/ Байланыштуулугу/аффилирленгендиги /инсайдердин түрү 

Признак параллельности гарантии  

(параллельная/непараллельная)/ Кепилдиктин параллелдүүлүгүнүн белгиси 

(параллель/параллель эмес) 

Вид продукта/ Продукт түрү 

Гендер 

Портфельная гарантия 

Да/нет/ Портфель кепилдиги 

Ооба / жок 

24 

25 

26 

27 

28 

29 

30 

31 

32 

33 

34 

35 

36 

37 

38 

39 

40 

41 

42 

43 

44 

45 

46 

47 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

Кепилдик фонддордун ишин 

жөнгө салуу эрежелерине карата  

3-тиркеме 

 

Кепилдик фонддордун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик   

отчету  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) кепилдик фонддордун ишине да таркатыла турган Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобо 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготкон катары тааныла тургандыгына байланыштуу, кепилдик фонддор үчүн регулятивдик отчетту берүү формаларын жана форматын бекитүү максатында иштелип чыкты. Мындан тышкары, ченемдерди, анын ичинде экономикалык ченемдерге жана талаптарга тиешелүү ченемдерди өркүндөтүү максатында жалпы эле кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери кайра каралып чыкты. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунда төмөнкү маселелер боюнча мазмуну жана техникалык жактан өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

- кепилдик фонддордун регулятивдик отчеттуулугунун формалары, форматтары жана аларды Улуттук банкка берүү тартиби; 

- дивиденддердин суммасын эсептөө, ошондой эле дивиденддерди төлөөгө Улуттук банк тарабынан тыюу салуу же чектөөлөрдү белгилөө үчүн негиздерди кеңейтүү

- финансылык отчеттуулукту аудитордун корутундусу менен бирге мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурда расмий тилде жарыялоо; 

- кепилдик фонддордо комплаенс-контролдоо кызматынын иштеши; 

- кепилдик фонддорго карата пруденциалдык талаптар, мында кепилдик фонддор үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген төмөнкү ченемдер, талаптар жана чектөөлөр кайра каралып чыкты: 

• финансы-кредит уюмундагы, анын ичинде мамлекеттик программалардын алкагында кепилдик фонддун депозиттер өлчөмү боюнча лимиттер; 

• ири карыз алуучулар үчүн концентрациялануу тобокелдиги боюнча чектөө

• портфелдик кепилдиктер боюнча лимит. 

Бул ченемдер/чектөөлөр концентрацияланууну жана кредиттик тобокелдиктерди азайтуу максатында кепилдик фондунун капиталын көбөйтүүнү эске алуу менен кайра каралып чыккан. Уставдык капитал 2,5 миллиард сомго (4,1 миллиард сомдон 6,6 миллиард сомго чейин) көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу, 2021-жылдын декабрында кепилдик фонд мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөн. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоору кабыл алынган шартта кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча маалымат 

Сунушталган токтом долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталгандыктан, белгиленген тартипте долбордун жөнгө салуучу таасирин талдоо иштелип чыкты. 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

жөнгө салуучу таасирин толугу менен/айрым бөлүктөрүн талдоо 

(керектүүсүнүн асты сызылат) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы 

К.К.Боконтаев  

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы  

№ 2022-Пр-121/224-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ түзүү тууралуу» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

2023-жылдын_____ 2023-жылдын __________ (башталышы) (аякташы) 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын начальниги Э.М. Жапарова 

 

________ 

 

Жумушчу топ: 

 

- Э.Ч. Абдраимов, Улуттук банктын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги _____________; 

- Э.О. Абдыразаков, Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги ______________; 

- М.Б. Исаев, Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн начальниги _______________; 

- А.А. Акбаралиев, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору _________________ ; 

- А.И. Исраилов, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин президенти ______________; 

- А.Дж. Елебесова, «Насыялык маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин башкы директору _______________; 

- Э.Т. Мамытова, «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиктерди администрлөө бөлүмүнүн начальниги ______________; 

- А.Н. Кубанычбекова, «Альянс» акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин бухгалтери _________________; 

- А.С. Ибралиев, «Элдик турак-жай компаниясы» турак жай-сактык кредиттик компаниясы» ААКтын юристи________________. 

 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

М. Алманбетова, тел.: 0 312 31 32 64, e-mail: malmanbetova@nbkr.kg 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) кепилдик фонддордун ишине да таркатыла турган Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобо 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготкон катары тааныла тургандыгына байланыштуу, кепилдик фонддор үчүн регулятивдик отчетту берүү формаларын жана форматын бекитүү максатында иштелип чыкты.  Мындан тышкары, ченемдерди өркүндөтүү максатында жалпы эле кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери кайра каралып чыкты. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун учурда колдонулуп жаткан формаларында кепилдик фонддордун ишинин өзгөчөлүктөрү эске алынбаган мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттуулуктун бирдиктүү формасы аныкталган. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

 

Азыркы учурда кепилдик фонд Улуттук банкка регулятивдик отчеттуулукту коммерциялык банктар үчүн белгиленген формада берет. Банктар үчүн регулятивдик банктык отчеттуулуктун жаңы формалары иштелип чыккандыктан жана кепилдик фонддордун ишине да тиешелүү Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобо 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготкон катары тааныла тургандыктан, кепилдик фонддордун ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын отчеттуулук формаларын аныктоо зарылчылыгы келип чыкты. Мындан тышкары, ченемдерди, анын ичинде экономикалык ченемдерди жана талаптарды өркүндөтүү максатында, кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу боюнча бардык эрежелер кайра каралып чыкты. 

Мында, кепилдик фондго карата пруденциалдык талаптарды кайра карап чыгуу кепилдик фонддун капиталын көбөйтүүнү эске алганда актуалдуу болуп саналат жана ал концентрациялануу тобокелдиктерин жана кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган. 

Токтом долбоорунда төмөнкү маселелер боюнча мазмуну жана техникалык жактан өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

- кепилдик фонддордун регулятивдик отчеттуулугунун формалары, форматтары жана аларды Улуттук банкка берүү тартиби; 

- дивиденддердин суммасын эсептөө, ошондой эле дивиденддерди төлөөгө Улуттук банк тарабынан тыюу салуу же чектөөлөрдү белгилөө үчүн негиздерди кеңейтүү

- финансылык отчеттуулукту аудитордун корутундусу менен бирге мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурда расмий тилде жарыялоо; 

- кепилдик фонддордо комплаенс-контролдоо кызматынын иштеши; 

- кепилдик фонддорго карата пруденциалдык талаптар, мында кепилдик фонддор үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген төмөнкү ченемдер, талаптар жана чектөөлөр кайра каралып чыкты: 

• финансы-кредит уюмундагы, анын ичинде мамлекеттик программалардын алкагында кепилдик фонддун депозиттер өлчөмү боюнча лимиттер; 

• ири карыз алуучулар үчүн концентрациялануу тобокелдиги боюнча чектөө

• портфелдик кепилдиктер боюнча лимит. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Азыркы учурда эл аралык тажрыйбада кредиттик кепилдик системасын түзүүнүн  

15 негизги принциптери калыптанган: 

• кепилдик фонд так аныкталган ченемдик укуктук базанын негизинде иш алып барган көз карандысыз юридикалык жак болууга тийиш; 

• кредиттик кепилдик программасы саясаттын максаттарына жетүү үчүн шайкеш каржыланууга жана каржылоо булактары ачык-айкын болууга тийиш; 

• кепилдик фонддун ишин жөнгө салуучу мыйзамдык жана ченемдик база кепилдик системасынын бардык катышуучуларына адилет мамилени камсыз кылууга тийиш; 

• кепилдик фонддун ишине натыйжалуу көзөмөл жүргүзүлүүгө тийиш; 

• кепилдик системасы өзүнүн ишин бекитилген стратегиянын жана оперативдүү максаттардын негизинде түзүүгө тийиш;  

• кепилдик фонд так аныкталган критерийлерге ылайык дайындалган компетенттүү директорлор кеңеши менен ишенимдүү башкаруу түзүмүнө ээ болууга тийиш; 

• кепилдик фонддун иши ишти ички контролдоого негизделиши керек; 

• кепилдик фонддун ишинин жүрүшүндө пайда болгон тобокелдиктерге дайыма баа берилиши керек; 

• кепилдик фонд чакан жана орто ишканаларды, банктар жана алардын кредиттик инструменттерин тандоо боюнча так аныкталган критерийлерге ээ болушу керек; 

• эрежеге ылайык, берилген кепилдиктер бөлүп-бөлүп берилүүгө, башкача айтканда, чакан жана орто ишканаларга жана банктарга туура демилге берилүүгө тийиш; 

• кепилдик фонд тарабынан чакан жана орто ишкана субъекттерине көрсөтүлүүчү кызматтардын наркы фонддун финансылык туруктуулугун колдоо үчүн учурдагы тобокелдиктерге негизделиши керек; 

• кепилдик фонддор финансылык отчеттуулуктун белгиленген талаптарын так сактоого жана тышкы аудит аркылуу өзүнүн ишин текшерүүгө тийиш; 

• фонддор өз ишине тиешелүү маалыматтарды мезгил-мезгили менен ачык көрсөтүүгө тийиш. 

Америка Кошмо Штаттары (АКШ). АКШда бир нече кредиттик кепилдик программалары бар, алардын ичинен эң эле маанилүүсү чакан бизнес администрациясы (SBA) тарабынан башкарылуучу «7(а) Насыя программасы» саналат. Кепилденген кредиттер ар кандай максаттарды, анын ичинде жүгүртүү капиталын, негизги капиталга жана жерге инвестициялоону каржылоо үчүн, ошондой эле карызды жабуу үчүн өзгөчө шарттарда берилет. Кепилденген кредиттерди алуу үчүн карыз алуучулар кадимки финансы рыногунан кредит ала албагандыгын тастыктоого тийиш. Ордун жабуу коэффициенти кредиттин көлөмүнө жараша болот. 150,000 долларга чейинки кредиттердин орду 85% чейин жабылат. Кредиттин максималдуу суммасы 2 миллион долларды түзөт. Төлөө мөөнөтү кредиттин пайдаланылышына жараша болот. Жүгүртүү капиталы үчүн чек 10 жыл. Кепилдик жыйымдар кепилдик суммасынан пайыз катары көрсөтүлөт жана адатта карыз алуучу тарабынан төлөнөт. Алар алдын ала төлөмдөн жана жылдык төлөмдөн турат. Акыркысы 0,54% деңгээлинде белгиленген. 

Япония. Японияда кредиттик кепилдиктер Экономика, соода жана өнөр жай министрлиги аркылуу Финансы министрлиги тарабынан каржыланат. Япония кредиттик гарантиялык корпорациялар федерациясы түздөн-түз кредиттер боюнча кепилдик берүү ишин жүргүзөт. Бул федерацияда 51 кредиттик кепилдик корпорациясы камтылат, алар ар бир префектурада бирден, ошондой эле Кавасаки, Гифу, Нагоя жана Йокогама шаарларында. Алардын ар бири чакан жана орто ишканалар жана кредит берүүчү банктар менен түз иштешет. Өкмөт да Япония финансылык корпорациясынын кепилденген кредиттерин камсыздандыруу үчүн каражат берет. 

JFG 1951-жылы негизделген, ал эми 2008-жылдын ноябрында улуттук өкмөт тарабынан Кредиттик кепилдик корпорациялары жөнүндө мыйзамга ылайык кепилдик бизнести колдоо боюнча уюм түзүлгөн. 

Японияда CGCs алардын коммерциялык иши үчүн зарыл болгон каражаттарды финансылык мекемелерден карызга алуу жеңил болушу үчүн мамлекеттик гарант катары иш алып барган чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөткөн мамлекеттик мекемелер саналат. 

 

Берене/жыл 

Берилген кепилдиктер 

Колдонуудагы кепилдик келишимдери 

Кепилденген насыялардын саны 

Суммасы 

(млн. иен) 

Кепилденген насыялардын саны 

Суммасы  

(млн. иен) 

2008 

1 330 882 

19 581 113 

3 432 308 

33 919 169 

2009 

1 179 065 

16 625 178 

3 389 640 

35 850 651 

2010 

1 002 990 

14 172 296 

3 294 020 

35 068 273 

2011 

869 972 

11 553 307 

3 282 380 

34 446 374 

2012 

762 417 

9 751 836 

3 189 748 

32 078 613 

2013 

731 712 

9 306 831 

3 068 922 

29 778 513 

2014 

714 340 

8 939 404 

2 949 589 

27 701 740 

2015 

694 526 

8 967 054 

2 796 391 

25 761 647 

2016 

663 183 

8 534 785 

2 623 498 

23 873 792 

2017 

632 930 

8 051 386 

2 473 377 

22 215 070 

жыйынтыгында 

8 582 017 

115 483 190 

30 499 873 

300 3 842 

 

*Кепилдиктин санын азайтуу өкмөт тарабынан контролдоочу уюмду дайындоо жана ишкерлердин кирүүсүн текшерүү боюнча талаптарды күчөтүү менен шартталган. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

Каралып жаткан маселени жөнгө салуунун максаты болуп кепилдик фонддору тарабынан регулятивдик отчеттуулуктун формаларын, форматын жана берүү тартибин бекитүү саналат. Кепилдик фонддор үчүн алардын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан мезгил-мезгили менен регулятивдик отчеттуулукту киргизүү Улуттук банкка өз функцияларын аткаруу үчүн кеңири жана толук маалымат алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле натыйжалуу көзөмөлдөө жана чечимдерди кабыл алуу үчүн актуалдуу маалыматтарды алуунун натыйжалуулугун жогорулатат. 

Мындан тышкары, Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин төмөндөгүлөргө тиешелүү ченемдер кайра каралган: 

- дивиденддердин суммасын эсептөө, ошондой эле дивиденддерди төлөөгө Улуттук банк тарабынан тыюу салуу же чектөөлөрдү белгилөө үчүн негиздерди кеңейтүү. Бул талап Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына сыяктуу (атап айтканда, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештигинин (адекваттуулугунун) стандарттарын аныктоо боюнча нускоо), ошондой эле экономикалык туруксуздук, рыноктун өзгөрүлмөлүүлүгү жана учурдагы геосаясий кырдаал орун алып турган мезгилде жогору белгисиздик деңгээли катары мүнөздөлгөн учурдагы кырдаалды эске алуу менен сунушталган; 

- финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурда расмий тилде жарыялоого карата Эрежелердин талаптарын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык актуалдаштыруу; 

- кепилдик фонддордо комплаенс-контролдоо кызматынын иштеши; 

- кепилдик фонддор үчүн пруденциалдык талаптарды актуалдаштыруу (төмөндө көрсөтүлгөн таблицаны карагыла). Айрым ченемдер, чектөөлөр жана талаптар кепилдик фонддун капиталын көбөйтүүнү эске алуу жана концентрациялануу тобокелдиктерин жана кредиттик тобокелдиктерди азайтуу максатында кайра каралып чыккан. Алсак,  

2021-жылдын декабрында кепилдик фонд уставдык капиталды 2,5 миллиард сомго (4,1 миллиард сомдон 6,6 миллиард сомго чейин) көбөйтүүгө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөн. 

Төмөндө кайра карап чыгууга сунушталган экономикалык ченемдер жана чектөөлөр келтирилген. Кепилдик фонд кайра карап чыгууга сунушталган ченемдерди/чектөөлөрдү аткара ала тургандыгын белгилей кетүү керек. 

 

№ 

Экономикалык ченемдердин/чектөөлөрдүн аталышы 

Ченемдин/чектөөнүн белгиленген мааниси 

Сунушталып жаткан ченемдин/чектөөнүн мааниси 

Ченемдин/чектөөнүн айкын мааниси 

Белгиленген ченемден/чектөөдөн четтөө 

2500 млн сомго капиталдаштырууга чейинки өздүк капитал (СК)  

2023-жылдын 30-сентябрына карата өздүк капитал (СК)  

Ченемдин /чектөөнүн абсолюттук мааниси (капиталдаштырууга чейин) 

Ченемдин /чектөөнүн абсолюттук мааниси (учурда колдонуудагы) 

Ченемдин /чектөөнүн абсолюттук мааниси (сунушталган редакция) 

 

 

 

Белгилүү бир коммерциялык банк үчүн белгиленген, коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарга (депозиттерге) кепилдик фонддун каражаттарын жайгаштыруу лимити 

кепилдик фондунун өздүк капиталынын кеминде 30% 

кепилдик фондунун өздүк капиталынын кеминде 20%. 

7,7 % 

- 12,3 % 

 

 

 

 

4 132 

 

 

 

 

6 641 

1 240 

1 992 

1 328 

 

 

 

Кепилдик фонддун каражаттарын бир коммерциялык банкта мөөнөттүү аманаттарга (депозиттерге) 

жайгаштырууга лимит 

(мамлекеттик программалар чегинде) 

кепилдик фонддун өздүк капиталынын 40% чегинде 

кепилдик фондунун өздүк капиталынын 25%дан ашпаган өлчөмүндө 

2 % 

- 23 % 

 

1 653 

2 656 

1 660 

Ири карыз алуучулар боюнча концентрациялануу (K6.1) 

100% жогору эмес 

65 % жогору эмес 

10,9 % 

-54,1 % 

 

4 132 

6 641 

4 317 

Финансы-кредит уюму менен кызматташуунун алкагында берилген портфелдик кепилдиктер боюнча лимит 

Кепилдик фонддун бир ФКУга өздүк капиталынын 30% чегинде  

Кепилдик фонддун бир финансы-кредит уюмуна өздүк капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

10,6 % 

- 9,4 % 

 

1 240 

1 992 

1 328 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Бул жөнгө салуу вариантын кабыл алуу Улуттук банктын кепилдик фонддордун регулятивдик отчеттуулугунун формаларына жана форматтарына тиешелүү талаптарын актуалдаштырууга багытталган. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнөн күтүлгөн натыйжа кепилдик фонддордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен регулятивдик отчеттуулукту берүү формаларын жана форматтарын бекитүү аркылуу тобокелдикти төмөндөтүүгө багытталган. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасирлер: 

- экономикага таасири: токтом долбоору кепилдик фонддордон маалыматтарды чогултууга багытталган. Ушуга байланыштуу, сунушталып жаткан жобо кепилдик фонддордун ишине көзөмөл жүргүзүүдө чечимдерди кабыл алуу үчүн Улуттук банктын бизнес-процесстерин оптималдаштырат. 

- социалдык чөйрөгө таасири: жөнгө салуу ченемдери кепилдик фонддор жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматтын берилишин камсыздоого багытталган. 

Ушуга байланыштуу сунушталып жаткан жөнгө салуу социалдык чөйрөгө жана жалпы эле экономикага оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө

7.3. Жөнгө салуу багытталган - кызыкдар тараптардын негизги топторуна күтүлгөн таасир: 

ишкерлерге: токтом долбоору кепилдик фонддордон маалыматтарды чогултууга багытталган. Ушуга байланыштуу, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун жаңы формаларын иштеп чыгуу максатында кепилдик фонддор тарабынан кошумча ресурстар талап кылына тургандыгы күтүлүүдө

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр негизинен кепилдик фонддордун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет берүү системасын оптималдаштырууга багытталган. 

8.1. Ишкердик субъекттердин сарптоолорун жана пайдаларын баалоо: долбоор кабыл алынган шартта мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторду кепилдик фонддун иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен берүү мүмкүнчүлүгү берилет.  

 

8.2. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын баалоо: сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар талап кылынбайт.  

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо айрым ишкерлер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн бул боюнча атайын топтун мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актынын иштелип чыккандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөн.  

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, төмөнкү аспектилердин аткарылышы камсыздала тургандыктан токтом долбоору кабыл алууга сунушталсын: 

- кепилдик фонддордон кеңири жана толук маалыматты алуу; 

- бирдейлештирилген маалымдамаларга ылайык маалыматтарды системалаштыруу; 

- Улуттук банк тарабынан кепилдик фонддордун ишине натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү

- актуалдуу маалыматтарды ыкчам берүү

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»  конституциялык Мыйзамынын ченемдерин эске алуу менен Эрежелердин талаптарын актуалдаштыруу; 

- дивиденддерди эсептөө жана төлөө, ошондой эле Улуттук банк тарабынан дивиденддерди төлөөгө тыюу салууларын же чектөөлөрдү белгилөө боюнча негиздерди кеңейтүү тартибин иретке келтирүү

- кепилдик фонддордо комплаенс-контролдоо кызматынын иштешине талаптарды белгилөө

- кепилдик фонддорго карата пруденциалдык талаптарды актуалдаштыруу. 

 

12. Тиркеме 

- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө маалымдоо; 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук. 


 Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 3-тиркеме