Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

1) 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар жөнүндө»;  

2) 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 «Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибин» бекитүү тууралуу»; 

3) 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

4) 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

5) 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

6) 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу»; 

7) 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

8) 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

9) 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

10) 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо жөнүндө»; 

11) 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу»; 

12) 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

13) 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакылар өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө тууралуу» жобону бекитүү жөнүндө»; 

14) 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

15) 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

16) 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

17) 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

18) 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»;  

19) 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу»; 

20) 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»; 

21) 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

22) 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу»; 

23) 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

24) 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

25) 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

26) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

27) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

28) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

29) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосун баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

30) 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»; 

31) 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

32) 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

33) 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) «Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө»; 

34) 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

35) 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

36) 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу».  

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын: 

- 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

- 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 2023-П-12/58-3(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө».  

 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын __-____________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптардын: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Бул негизги талаптар коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарга, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКка таркатылат.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги №11/2 «Пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибинин: 

- 1.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Тартипте, алмашуу бюролорун кошпогондо, коммерциялык банктарда жана иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынган башка финансы-кредит уюмдарда (мындан ары - кредиттик уюмдар) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттер жана активдер боюнча пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартиби аныкталган.». 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Бул Жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары - активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү резервдерди (мындан ары - РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген жана ал бардык коммерциялык банктарга жана кепилдик фонддорго (мындан ары - банктар) таркатылат.»; 

- 13.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«13.4. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкү өлчөмдөрүн белгилейт: 

Жалпы камдар 

Атайын камдар 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык 

15/25%; 

Канааттандырарлык 

1/2/2,5% 

Шектүү 

50%; 

Байкоо алдындагы активдер 

5/10/15% 

Жоготуулар 

100%. 

Банк, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон, Жобонун 4.2-пунктунун 4.2.3-пунктчасында көрсөтүлгөн, ошондой эле РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон 4.2-пунктунун 4.2.4-пунктчасында көрсөтүлгөн активдерди эске албаганда, «канааттандырарлык» активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш. 

Банк, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон ушул Жобонун 4.3-пунктунун 4.3.4-пунктчасында көрсөтүлгөн активдерди эске албаганда, «байкоого алынган активдер» боюнча 5% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул Жободо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктардын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, кепилдик фонддордун, микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын (мындан ары текст боюнча - ФКУ) эсепке алуу саясатына карата негизги талаптары аныкталган.».  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө нускоонун: 

- преамбуласынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Ачык позиция лимиттерин сактоонун ушул тартиби бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо Саясатынын жана негизги принциптеринин: 

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) банктык кызматтарды Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын (күбөлүктүн) негизинде сунуштаган коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдардын, башка юридикалык жактардын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү, баа түзүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо (мындан ары - монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдары) жөнүндө ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталгандыгын контролдойт.». 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Жободо коммерциялык банктар (мындан ары - банктар) милдеттүү түрдө сактоосу үчүн операциялык тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар белгиленген.»; 

- 1.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Жобо коммерциялык банктар (мындан ары - банктар) үчүн «Кыргыз Республикасынын банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо белгиленген операциялык тобокелдиктерди тескөө стандарттарын сактоо максатында саясаттарга, жол-жоболорго жана ички контролдукка карата минималдуу талаптар боюнча кошумча колдонмо болуп саналат.». 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.1. Жободо коммерциялык банктар (мындан ары - банктар) милдеттүү түрдө сактоосу үчүн рыноктук тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар белгиленген.». 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Жободо коммерциялык банктар (мындан ары - банктар) милдеттүү түрдө сактоосу үчүн өлкөлүк тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар белгиленген.». 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобонун:  

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.2. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасында Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана башка юридикалык жактар (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактар) сунуштаган банктык, микрофинансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар рыногунда (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүлөр) монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагында иш-аракеттери аныкталган.». 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө» жобонун

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Жободо Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында (мындан ары - банктар) Бухгалтердик эсепке алуу эсептеринин планын (мындан ары - Эсептер планы) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык түзүүгө карата талаптар белгиленет.». 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө жөнүндө» жобонун:  

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Бул жобо Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарга (мындан ары - банк/банктар) таркатылат.». 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө тууралуу» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө» жобонун:  

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана/же иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана финансы-кредит уюмдары (мындан ары - банктар) кредиттер жана депозиттер боюнча пайыздык чендерди так, жылдык, эффективдүү, салыштырууга боло тургандай эсептөө тартибин аныктоо, ушул жобонун максаты болуп саналат.». 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелеринин:  

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелери бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жободо финансылык отчеттордун компоненттери, мазмуну жана коммерциялык банктар, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктар, банктык топтун башкы компаниясы аларды түзүүсү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары - Улуттук банк) сунуштоосу боюнча негизги эрежелер аныкталган.». 

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Бул жобо бардык коммерциялык банктарга, адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК жана мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарга жана микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

18. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин:  

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары (мындан ары банктар/ФКУ) кредиттик тартипти бекемдөөсү жана берилген кредиттердин айкын кайтарылып берилишин камсыз кылуусу үчүн минималдуу талаптарды аткаруу ушул Тартиптин максаты болуп саналат.». 

19. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибинин

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Бул документте коммерциялык банктардын объекттеринде видеобайкоо системасын (ВБС) түзүүнүн, модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган.». 

20. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун

- 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«2. Бул Жобонун талаптары, алардын иш өзгөчөлүгүн жана банктык операцияларды жүзөгө ашырууда алар колдонгон терминдерди эске алуу менен «ислам терезесине» ээ банктарды жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКка, турак жай-сактык кредиттик компанияларга таркатылат (мындан ары - банктар).». 

21. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун

- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо (мындан ары - Жобо) бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

22. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө жобонун

- преамбуласынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул Жободо банктын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, башка юридикалык жактын (алмашуу бюросу, кредиттик бюро, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму) же жеке адамдын сотко чейин даттануусу, анын ичинде таасир этүү чараларын жана/же айып пул салуу чечимине (мындан ары - таасир этүү чаралары), ошондой эле лицензиялоо маселелери боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамдары (түзүмдүк бөлүмдөр), төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети (мындан ары - Комитет) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдер боюнча даттануу тартиби жөнгө салынат.». 

23. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоонун

- 1- пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Бул Нускоо, банктардын ишине, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүргүзгөн, ислам терезесине ээ банктардын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда алардын ишине карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан.». 

24. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо күчүн жоготкон катары таанылсын

- 1-пунктунун экинчи абзацы;  

- 19-пунктунун экинчи абзацы;  

- 137-пунктунун экинчи абзацы;  

- 329-пунктунун үчүнчү абзацы. 

25. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун

- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул Жободо Убактылуу администрацияны киргизүү жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында коммерциялык банктарды, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, депозиттерди тартуу менен иш алып барган, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды (мындан ары - банктар), банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулуучу атайын терминологияны эске алуу менен насыялык бюролорду, ошондой эле төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун реструктуризациялоо негиздери, тартиби жана жол-жобосу аныкталган. Мында кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата реструктуризациялоо жол-жоболору колдонулбайт.». 

26. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө ушул жободо (мындан ары - Жобо) банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, анын ичинде өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун (мындан ары - банктар), турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана кепилдик фонддордун аудити үчүн минималдуу талаптар (критерийлер) белгиленген.». 

27. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө жобонун

- 1-главасынын экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

28. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Бул жободо коммерциялык банктар, кепилдик фонддор (мындан ары - банктар) тобокелдиктерди тескөөдө милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон минималдуу талаптар белгиленген.». 

29. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосун баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Убактылуу администрация режими киргизилген же жоюу жол-жобосу башталган учурда банктардын айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Жободо айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби, ошондой эле коммерциялык банкка убактылуу администрация режими киргизилген же жоюу жол-жобосу башталган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) банк тарабынан тоорук жана/же төлөм системасына берилген акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууга тапшырмасын кайтарылгыс катары таануу шарттары аныкталган.». 

30. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоонун

- 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3. Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө бул нускоо (мындан ары - Нускоо) коммерциялык банктардын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын ишине инспектордук текшерүүлөрдүн негизги максаттарын жана түрлөрүн аныктайт.»; 

- 4-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«банктар депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК». 

31. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө" жобонун:  

- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар, милдеттүү кам өлчөмү, коммерциялык банктар тарабынан милдеттүү камдык талаптарды эсептөө жана аткаруу тартиби, ошондой эле милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө жана өндүрүү тартиби аныкталган.». 

32. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Бул Жобо террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД) максатында, коммерциялык банктарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, “ислам терезесине" ээ банктарда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларда, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКта, турак жай-аманат кредиттик компанияларда (мындан ары - банктар) ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо максатында иштелип чыккан.»;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун:  

- преамбуласынын экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

33. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) «Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибинин

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Тартип, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарды кошо алганда, коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталды эсептөө ыкмасын аныктайт.». 

34. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:  

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Ушул Нускоодо коммерциялык банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) жана анын түзүмү аныкталат. Нускоо коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарга, ошондой эле «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКка, капитал түзүмүн аныктоо, өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмүн жана капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин эсептөө тартибин аныктоо, ошондой эле баланстык активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү ишине таркатылат.»; 

- 39-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

35. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобо (мындан ары - Жобо) бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде банктык операцияларды жүзөгө ашырууда алар тарабынан колдонулган атайын терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга, «ислам терезесине» ээ банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.»;  

- 30-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 35-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

36. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Нускоо бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат». 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон таануу жөнүндө» токтом долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары - токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 5-октябрындагы № 185 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары Мыйзам) ылайык келтирүү максатында техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган. 

Мындан тышкары, Мыйзамга ылайык «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКка Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын аракети таркатылбагандыгын эске алганда токтом долбоору менен Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорун күчүн жоготкон катары таануу сунушталат: 

- 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

- 2023-жылдын 13-сентябрындагы №2023-П-12/58-3(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө».  

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгы козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4 жана 7- пунктчаларынын негизинде сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн эмес.  

 

 

 

 

СРАВНИТЕЛЬНАЯ ТАБЛИЦА 

к проекту постановления Национального банка Кыргызской Республики 

«О внесении изменений и признании утратившими силу некоторых постановлений Правления Национального банка Кыргызской Республики по вопросам деятельности ОАО «Государственный банк развития»»