Кайта келүү

                                                                                                                                                                                                                                                                                                         Долбоор 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бардык зарыл документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ачык акционердик коомун, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын ______________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоо: 

- төмөнкү мазмундагы 5.1-1-пункт менен толукталсын: 

«5.1-1. Банктын, ачык позиция лимиттерин бузуу фактысы жана айыптык төлөмдүн өлчөмү менен макулдугу кат түрүндө берилген учурда, көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү айыптык төлөмдү салуу жөнүндө токтом чыгарылат.  

Башка учурларда, банк тарабынан ачык позиция лимиттерин бузуу жөнүндө маселени кароо, ошондой эле айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.»; 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жобо: 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызы (милдеттенмелер жүктөлбөгөн жогору ликвиддүү активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу тарабынан топтоо фондуна жөнөтүлөт. Сот тарабынан жоюучунун корутунду отчету бекитилгенге чейинки кайсы болбосун учурда Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле жоюучунун чечими боюнча алар менен контракт түзүлгөн кызматкерлерге топтоо фондусунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунушу жок болсо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталат. Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактагандыгын эске алуу менен топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен жоюучуга сый акы төлөө жөнүндө сотко сунуш-көрсөтмө берүү/бербөө чечимин кабыл алат.»; 

- 19-пунктунун үчүнчү абазцындагы «3 (үч)» деген сөз менен сан «2 (эки)» дегенге алмаштырылсын; 

- 41-пункту төмөнкү мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын: 

«16) объективдүү себептер боюнча банкты жоюу жол-жобосу аяктаган учурга карата ишке ашырылбаган процесстерди аяктоо үчүн кийинки иш-чаралар боюнча сунуштар.»; 

- төмөнкү мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын: 

«43-1. Чет өлкө банкынын филиалы ыктыярдуу жоюлган учурда, ушул Жобого жана банк мыйзамдарына ылайык банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун компетенциясына кирген маселелер, чет өлкө банкынын филиалдарын ачуу/жабуу маселелерин уюштуруу документтерине ылайык кароого ыйгарым укуктуу, Кыргыз Республикасынын аймагында филиал түзгөн чет өлкө банкынын башкаруу органы тарабынан каралат жана бекитилет.»; 

- төмөнкү мазмундагы 47-1-пункт менен толукталсын: 

«47-1. Жоюучу Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алуу жана банкты өз эрки менен жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бул тууралуу 3 жумуш күнү ичинде юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик органга мыйзамда белгиленген тартипте жазуу жүзүндө билдирет.»; 

- 54-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Жоюучу сот тарабынан банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде бул жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирет.»;  

- 74-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- баалоочулардын (баалоочу уюмдун) корутундусун негизинде жоюучу тарабынан мүлктү сатып өткөрүүнүн экономикалык жактан максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынса.»; 

- төмөнкү мазмундагы 78-1-пункт менен толукталсын: 

«78-1. Банктын бардык кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандан кийин, калган акча каражаттары банк менен банктын акционеринин ортосунда айкын милдеттенмелердин болушун эске алуу менен, акционердин банктын капиталындагы катышуу үлүшүнө жараша акционерлердин ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

Чет өлкө банкынын филиалын жоюуда бардык кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган акча каражаттары аны түзгөн чет өлкө банкынын эсебине ушул Жобонун талаптарына ылайык которулат. 

Акча каражаттарын бөлүштүрүү жол-жобосу жоюучу сотко (мажбурлап жоюлган учурда), Улуттук банкка (ыктыярдуу жоюлган учурда) банкты жоюу жол-жобосун аяктагандыгы жөнүндө кайрылганга чейин аяктоого тийиш.  

Улуттук банктагы милдеттүү эмес байланыштуу депозит катары жайгаштырылган чет өлкө банкынын филиалынын капиталы чет өлкө банкынын филиалынын жоюу массасына киргизилет жана чет өлкө банкынын филиалынын кредиторлорунун талаптарын канааттандырууга жумшалышы мүмкүн.  

Акционерге/акционерлерге акча каражаттарын төлөө накталай эмес формада жүргүзүлөт.».  

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 3-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Бузуу аныкталган күн: 

- банкка текшерүү жөнүндө отчет жөнөтүлгөн дата; 

- банк тарабынан мыйзам талаптарын бузуусу жөнүндө үчүнчү жактардан Улуттук банк маалымат алынган күн; 

- аныкталган бузуулар жөнүндө документ жөнөтүлгөн дата (жазма буйрук, кат, Улуттук банктын токтому жана/же аныкталган бузуулар жөнүндө маалыматты камтыган башка документ), анын ичинде үчүнчү жактардын (кайсы болбосун жеке, юридикалык жактардын, ыйгарым укуктуу органдардын) кайрылууларынын негизинде банк тарабынан мыйзам талаптарынын бузулгандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банк тарабынан текшерилгендигинин жыйынтыгы боюнча.»; 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4. Улуттук банк банктан кемчиликтерди, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын бузуу коркунучтарды/өбөлгөлөрдү четтетүү боюнча ыктыярдуу милдеттенмелерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кароого укуктуу.»; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Милдеттенме-кат ишинде көзөмөл органынын олуттуу тынчсыздануусун жаратпаган ченемдик укуктук актылардын кемчиликтери жана бузуу коркунучтары/өбөлгөлөрү орун алган банк тарабынан даярдалат жана берилет. Милдеттенме-катта кемчиликтерди четтетүү боюнча банктын директорлор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан кабыл алынуучу мөөнөттөрдү жана максаттуу көрсөткүчтөрдү белгилөө менен айкын чаралар камтылууга тийиш. Милдеттенме-кат зарыл болгон учурда экономикалык ченемдердин жана талаптардын ички маанилерин күчөтүү боюнча чараларды камтышы мүмкүн. Банк милдеттенме-катты берүү менен милдеттенме-катта каралган талаптарды аткарууга милдеттенет.  

Милдеттенме-кат банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет жана Улуттук банкка ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө берилүүгө тийиш.»; 

- 19-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын таасир этүү чаралары Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин, көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн токтомдору, көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктары жана талаптары менен таризделген формада колдонулушу мүмкүн.».  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-жыл-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоонун: 

- 4-пунктунун: 

үчүнчү абзацындагы: 

тиешелүү жөндөмөдөгү «коммерциялык» деген сөздөр алынып салынсын; 

пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«- бузуу аныкталган күн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүүгө болот;». 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) көзөмөлдөө тажрыйбасын эске алуу менен Улуттук банктын таасир этүү чаралары боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда төмөнкү маселелерге мазмуну жана техникалык өзгөчөлүктөрү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

- «бузуу аныкталган күн» аныктамасы; 

- банк тарабынан милдеттенме-кат берилиши; 

- ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдардагы ачык позициянын лимиттерин бузууга жол бергендиги үчүн банк тарабынан айыптык төлөмдү ыктыярдуу төлөө мүмкүндүгү

- банктарды жоюу. 

Токтом долбооруна ылайык өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына киргизилүүдө

- 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоого; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобого; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоого.  

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

____________________________ 

(кызмат орду) 

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы) 

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы  

№ 2022-Пр-121/225-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын банктык жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн туруктуу негизде иш алып барган жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

______________ __________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

Н. Жапаркулова, 31-32-64, nzhaparkulova@nbkr.kg 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Улуттук банк банктык көзөмөл жана жөнгө салуу органы катары туруктуу финансылык системаны сактоо, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын сактоо максатында, банктардын ишине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат. Улуттук банктын көзөмөл чөйрөсүндө иш-чаралары биринчи кезекте банктар тарабынан кабыл алынган тобокелдиктердин мүнөзүнө жана деңгээлине баа берүүгө, алардын финансылык туруктуулугуна баа берүүгө, көзөмөл режимин оптималдаштырууга багытталган

Банк ишинин арымдуу өнүгүшү жана татаалдыгынын жогорулашы шартында банктык тобокелдиктер өсүүдө, ушуга байланыштуу банк секторунун ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзгөн тиешелүү мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө механизмдерин камсыз кылуу зарыл жана маанилүү. Бул жагдайлар банктык көзөмөлдүн максималдуу натыйжалуулугуна жетүү үчүн зарыл болгон көзөмөл инструменттерин жана аларды колдонуу механизмдерин туруктуу өнүктүрүү зарылчылыгын шарттайт

Алсак, көзөмөлдөө тажрыйбасынын жыйынтыгы боюнча, эгерде банк тарабынан ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттери бузулган учурда, таасир этүү чараларын колдонуу тартибин эске алуу менен тиешелүү материалдарды даярдоо жана маселени Көзөмөл боюнча комитеттин кароосуна коюу, тиешелүү чечим кабыл алуу, банктан айып пул алуу боюнча жол-жоболордон өтүү зарыл экендиги аныкталган. Ошол эле учурда, көзөмөл маалыматтарына ылайык, банк жол берилген мыйзам бузууга жана айып пул салууга макул болгон жагдайлар кездешет. Бирок, талаптарды эске алуу менен көрсөтүлгөн айып пулду төлөө үчүн жогоруда көрсөтүлгөн бардык жол-жоболордон өтүү керек, бул тиешелүү ресурстарды талап кылат. Ошол эле учурда, ачык позицияларды бузуу өзгөчөлүгү мындай учурларда тартип бузуу фактысынын жетиштүүлүгүндө, бул өз кезегинде көрсөтүлгөн лимиттерди бузган банкка карата кандай болбосун учурда айып пул салууга алып келет. Ошону менен бирге, бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алсак, айып пулду банктан автоматтык түрдө акцептсиз тартипте эсептен алып салуу мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн бардык жагдайларды эске алуу менен, банк тарабынан ачык позицияларды бузуу жана айыптык төлөм менен макулдугу тууралуу каты берилген шартта, көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/башкарманын мүчөсүнүн токтомунун негизинде айыптык төлөмдү төлөө мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат. 

Ошондой эле, жоюлуп жаткан банктар менен иштөө тажрыйбасынын жыйынтыгы боюнча жол-жобо маселелери боюнча айрым талаптарды тактоо, ошондой эле талаптарды такташтыруу максатында айрымдарын тактоо зарылдыгы аныкталган.  

Мындан тышкары, ченемдик укуктук актыларда бузууну табуу үчүн аныктама жоктугуна байланыштуу иш жүзүндө айрым бир тоскоолдуктар келип чыгууда. Бул кырдаал көзөмөл органында жана көзөмөл алдында турган субъекттерде аталган аныктаманы ар кандай түшүнүү мүмкүндүгүн шарттайт. 

Көзөмөлдөө тажрыйбасынын натыйжасында банктардын милдеттенме-каттарын даярдоо жана берүү маселеси боюнча талаптарды тактоо зарылдыгы кошумча аныкталган. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Каралып жаткан маселеде Улуттук банк коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөөнүн алкагында алардын ишине тиешелүү маселелер козголгон. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Банктардын ишин көзөмөлдөөгө жараша иш жүзүндө таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына тиешелүү ар кандай маселелер келип чыгат. Ушуга байланыштуу, таасир этүү чараларын колдонуу боюнча талаптарды тактоо үчүн Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларын актуалдаштыруу зарылчылыгы келип чыкты

Бүгүнкү күнгө карата «Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктар ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө» нускоонун талаптарында, эгерде банк жол берилген бузууга макул болсо, айып пулду өз ыктыяры менен төлөө мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн лимиттерди бузгандыгы үчүн айып пул түрүндө таасир этүү чарасын колдонуу жана банк аны төлөөсү үчүн белгиленген жол-жоболордон өтүү зарыл. Бул жагдайлар каралып жаткан лимиттерди бузгандыгы үчүн банктардан айып пул алуу боюнча жол-жоболорду оптималдаштырууга өбөлгө түзбөйт, буга байланыштуу айыппулдарды бузууга жол берилген ОВП лимиттерине жана салынган айыптарга банк макул болгон учурда өз ыктыяры менен Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин кароосуна чыгарбастан, көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/башкарманын мүчөсүнүн токтомунун негизинде, төлөө мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат. Мында, ачык валюта позиция лимиттерин бузгандыгы үчүн айып пул белгилөө маселелерин кароодо бирдиктүү ыкманы камсыз кылуу максатында Коммерциялык банктар милдеттүү резервдик талаптарды сактоосун контролдоо жол-жобосунда сыяктуу жол-жоболоштуруу документинде ички маселелерди кароо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Атап айтканда, банк айып пулду өз ыктыярдуу төлөгөн учурда, ошондой эле ачык валюта позиция лимиттерин бузгандыгы үчүн айып пул мажбурлап өндүргөн учурда, жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш алып баруусунун бирдиктүү тартибин караштырууга болот. 

Жоюлуп жаткан банктар менен иштөөнүн алкагында көзөмөлдөөдө айрым процесстерге тиешелүү маселелер келип чыгууда, андан да бүгүнкү күндө, мисалы, чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу боюнча талаптарды, мөөнөттөр жана жоюучунун отчет берүү маселелери боюнча жол-жобо ченемдерин өркүндөтүү зарылдыгы аныкталды.  

Көзөмөлдөө тажрыйбасында бузуу аныкталган күндү бирдей түшүнүүгө байланыштуу маселелер бир нече жолу келип чыккан, ушуга байланыштуу банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында татаалдыктар келип чыгууда. Мында, бүгүнкү күндө Банктык көзөмөл боюнча колдонмодо бузуу аныкталган күн аныктамасы бар экендигин белгилей кетүү зарыл. Бирок, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарында каралып жаткан аныктаманын жоктугу көзөмөлдө турган субъекттер тарабынан бул аныктаманы ар кандай мааниде түшүнүү тобокелдигин шарттоодо, бул өз кезегинде, Улуттук банктын айрым чечимдерине даттануу тобокелдигин шарттайт. Ошону менен бирге, ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөр менен бул маселени иштеп чыгууда бөлүмдөр таасир этүү чараларын көрүүнүн алкагында материалдарды макулдашуу, талкуулоо, толуктоо, оңдоо, анын ичинде Улуттук банктын жетекчилиги менен маселени изилдеп чыгуу үчүн да көп убакыт талап кылынарын билдиришти. Ушуга байланыштуу, бузуу аныкталган күн катары расмий документ жөнөтүлгөн күндү (отчет, жазма буйрук, Көзөмөл боюнча комитеттин/Улуттук банк Башкармасынын токтому ж.б.) эсептөө сунушталат.  

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, жогоруда көрсөтүлгөн тобокелдиктерди азайтуу үчүн Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында бузуу аныкталган күндүн аныктамасын чагылдыруу сунушталат. Ошондой эле бузуу аныкталган күндү так белгилөө таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында мөөнөттөрдү так белгилөө үчүн зарыл. 

Көзөмөл практикасынын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында банктар тарабынан Улуттук банкка милдеттенме-кат берүү боюнча деталдаштырган ченемдердин жоктугу аныкталган. Бул боштук көзөмөл органы банктардын милдеттенме-каттары менен ишинин алкагында бирдиктүү ыкманы камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт. Мындай боштуктарды четтетүү жана келечекте бирдиктүү мамилени камсыз кылуу максатында, иш жүзүндө банктардын милдеттенме-каттарды берүүсү жана аларды Улуттук банк карап чыгуусу боюнча талаптарды так белгилөө сунушталат. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Жалпысынан, ачык валюта позиция лимиттери банктардын валюталык тобокелдиктерин чектөө максатында белгиленет жана бул инструмент банктын чет өлкө валютасындагы активдерин жана милдеттенмелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон экономикалык ченемдердин бири болуп саналат.  

Россия банкынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 178-И «Ачык валюта позиция өлчөмдөрүн (лимиттерин) белгилөө, аларды эсептөө методикасы жана кредиттик уюмдар тарабынан алардын сакталышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу өзгөчөлүктөрү жөнүндө» нускоосунун 4.2-пунктунда Россия банкы, 6 жана андан жогору операциялык күн ичинде чогуу алганда катары менен кайсыл болбосун 30 операциялык күн ичинде айрым чет өлкө валюталары жана айрым баалуу металлдар боюнча ачык валюта позиция өлчөмдөрүнөн (лимиттеринен), ошондой эле рубль түрүндө тең салмактуулук позициясынан жана айрым чет өлкө валюталарындагы жана айрым баалуу металлдардагы (анын ичинде алардын контролдук маанилеринен) ачык валюта позиция суммасынан ашып кеткен учурда, кредиттик уюмдарга карата № 86-ФЗ Федералдык мыйзамдын 74-беренесине ылайык чараларды колдонот. 

№ 86-ФЗ Федералдык мыйзамдын 74-беренесинде кредиттик уюм федералдык мыйзамдардын, Россия банкынын ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган учурда жана Россия банкынын жазма буйруктарын аткарбаган шартта, маалыматтарды сунуштабаган учурда же маалыматтар толук эмес же такталбаган маалыматтарды сунуштаган шартта, Россия банкы кредиттик уюмдан аныкталган бузууларды жоюуну талап кылууга, минималдуу уставдык капитал өлчөмүнүн 0,1 пайызына чейинки өлчөмдө айып пул өндүрүүгө же болбосо кредиттик уюм алты айга чейинки мөөнөткө айрым операцияларды жүргүзүүсүн чектөөгө укуктуу. 

Казакстан Республикасында «Казакстан Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 42-беренеси, банктар тарабынан милдеттүү түрдө сакталышы үчүн ыйгарым укуктуу орган белгилеген пруденциялык ченемдердин курамындагы ачык валюта позициясынын лимиттерин белгилейт. 

Ошол эле учурда, Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 170 токтому менен бекитилген Ачык валюта позициясын эсептөө жана лимиттеринин эрежелеринде ачык валюта позициясынын лимиттерин бузгандыгы үчүн банктардын жоопкерчилиги боюнча талаптар каралган эмес. 

Беларусь Республикасында Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын 2006-жылдын 28-ноябрындагы № 195 токтому менен бекитилген Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата жазма буйруктарды чыгаруу жана таасир этүү чараларын колдонуу тартиби жөнүндө нускоонун 20-пункту менен эреже бузуу аныкталган күн болуп, мыйзам бузуу аныкталгандыгы чагылдырылган текшерүү актысы түзүлгөн күн эсептелери, же Улуттук банкка отчет же (жана) анализдин жыйынтыгы боюнча таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиздер аныкталган башка маалымат берилген күн эсептелдери белгиленген. 

Бузууга жол берилген күн катары иш жүзүндө бузууга жол берилген күн эсептелет. Мында бузуу узакка созулган учурда көрсөтүлгөн пунктта белгиленген мөөнөттөр бузуу токтотулган же бузуу аныкталгандыгынын фактысы чагылдырылган текшерүү актысы түзүлгөн учурдан тартып эсептелет. 

Беларусь Республикасынын Банктык кодексинин 134-беренесине ылайык, Улуттук банк тарабынан колдонулуучу көзөмөл чараларынын тизмесине банктын коопсуз ишине жана (же) анын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарына жана (же) банк тутумунун туруктуулугуна коркунуч шарттаган жагдайдын түптөлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон аныкталган бузууларды (кемчиликтерди) жана (же) аракеттерди (аракеттенбей коюуларды) белгилүү бир мөөнөт ичинде четтетүү же болбосо келечекте мындай кемчиликтерге жана (же) аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) жол бербөө боюнча милдеттер каралган катты талап кылуу киргизилген. 

Армения Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында банк тарабынан милдеттенме-катты берүү сыяктуу инструмент каралган эмес, ошол эле учурда, аталган Мыйзамдын 61-беренесинде, эгерде банктын Кеңешине берилген отчеттордо мыйзамдардын, банктын башка ченемдик укуктук актыларынын жана ички укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы аныкталса, Кеңеш мындай мыйзам бузууларды четтетүү жана мындан ары жол берилбеши үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү экендиги белгиленген.  

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын тактоо саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу - Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча талаптарды тактоо жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү.  

Токтомдун долбоорун кабыл алуу Улуттук банктын колдонуудагы талаптарын орун алган кемчиликтерди четтетүүгө жана көзөмөл инструменттерин колдонуу механизмдерин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча толуктоого багытталган. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнөн күтүлүп жаткан натыйжа таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында айрым процесстерди оптималдаштырууга, ошондой эле Улуттук банктын көзөмөл ишинде тобокелдиктерди азайтууга багытталган.  

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасирлер: 

Токтом долбоорун кабыл алуу экономикага, социалдык секторго жана экологияга таасирин тийгизбейт. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча талаптарды өркүндөтүүгө багытталган, бул өз кезегинде таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында көзөмөл органынын тобокелдиктерин азайтууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын туура эмес түшүнүү жана чечмелөө тобокелдиктери азаят. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо айрым ишкерлерге кандайдыр бир жеңилдиктерди берүү же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн ченемдик укуктук акты иштелип чыккандыгы жөнүндө билдирүү жөнгө салуучу таасирди талдоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда айтылгандардын негизинде токтом долбоору кабыл алууга сунушталат, анткени ал төмөнкү аспектилердин ишке ашырылышын камсыз кылат: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы таасир этүү чаралары боюнча кемчиликтерди четтетет; 

- Улуттук банк таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында тобокелдиктерди азайтат. 

 

12. Тиркеме 

- Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу» токтому  

5.1. Банк ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ачык позициянын белгиленген лимиттерин бузууга жол берген шартта, Улуттук банк бузууга жол берилген суммадан 5% өлчөмүндө, бирок банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеминен 10% ашпаган өлчөмдө айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонот.  

5.1. Банк ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ачык позициянын белгиленген лимиттерин бузууга жол берген шартта, Улуттук банк бузууга жол берилген суммадан 5% өлчөмүндө, бирок банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеминен 10% ашпаган өлчөмдө айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонот. 

5.1-1. Банктын, ачык позиция лимиттерин бузуу фактысы жана айыптык төлөмдүн өлчөмү менен макулдугу кат түрүндө берилген учурда, көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү айыптык төлөмдү салуу жөнүндө токтом чыгарат. 

Башка учурларда, банк тарабынан ачык позиция лимиттерин бузуу жөнүндө маселени кароо, ошондой эле айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому 

10. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызын (милдеттенмелер жүктөлбөгөн жогору ликвиддүү активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу топтоо фондуна жөнөтөт. Сот тарабынан жоюучунун корутунду отчету бекитилгенге чейин Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле жоюучунун чечими боюнча алар менен контракт түзүлгөн кызматкерлерге топтоо фондусунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунушу жок болсо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталат. Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучу кредиторлордун таламдарын канааттандыргандыгын жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактагандыгын эске алуу менен топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен жоюучуга сый акы төлөө жөнүндө сотко сунуш-көрсөтмө берүү/бербөө чечимин кабыл алат. 

Сунуш-көрсөтмө берүү/бербөө чечими негиздүү болууга тийиш жана ал Улуттук банк Башкармасы тарабынан жоюучунун корутунду отчетун бекитүүдө кабыл алынат. 

10. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызы (милдеттенмелер жүктөлбөгөн жогору ликвиддүү активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу тарабынан топтоо фондуна жөнөтүлөт. Сот тарабынан жоюучунун корутунду отчету бекитилгенге чейинки кайсы болбосун учурда Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле жоюучунун чечими боюнча алар менен контракт түзүлгөн кызматкерлерге топтоо фондусунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунушу жок болсо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталат. Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактагандыгын эске алуу менен топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен жоюучуга сый акы төлөө жөнүндө сотко сунуш-көрсөтмө берүү/бербөө чечимин кабыл алат. 

19. Банкты жоюу мөөнөтү 24 (жыйырма төрт) айдан ашпоого тийиш. Зарыл учурда, бул мөөнөт мажбурлап жоюуда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча сот тарабынан узартылышы мүмкүн.  

Өз ыктыярдуу жоюлууда мөөнөт Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча узартылышы мүмкүн.  

Бул учурда, банкты жоюу мөөнөтү аяктаганга чейинки 3 (үч) ай мурда жоюучу банкты жоюу мөөнөтүн узартуу зарылчылыгын шарттаган себептерди жана негиздерди көрсөтүү менен өткөн мезгил үчүн отчетту кошо тиркеп, акыркы отчеттук күнгө карата абал боюнча жоюу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн Улуттук банкка жөнөтөт. Улуттук банк банктын жоюучусунан өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде өтүнүчтө көрсөтүлгөн банкты жоюу мөөнөтүн узартуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты кароого алат. Банкты жоюу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз катары жоюу жол-жобосун белгиленген мөөнөт ичинде аяктоого олуттуу тоскоолдуктарды жараткан жана кредиторлордун таламына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон негиздер саналат. Жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк Башкармасы төмөнкү жүйөлүү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:  

1) жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук берүү;  

2) жоюучунун өтүнүчүнө макулдук берүү, бирок жоюу жол-жобосун башка мөөнөткө узартуу менен;  

3) жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук бербөө.  

Улуттук банктан мажбурлап жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кат жүзүндө макулдук алгандан кийин жоюучу тиешелүү өтүнүч катты сотко бекитүүгө жөнөтөт.  

Улуттук банк жоюу мөөнөтүн узартуудан баш тарткан учурда, жоюучу банкты жоюу мөөнөтүн узартуудан баш тартуу үчүн негиз болгон сын-пикирлерди четтетип, кайталап өтүнүч кат сунуштоого же ушул жободо белгиленген тартипте банкты жоюу жол-жобосун аяктоо өтүнүчү менен сотко (мажбурлап жоюуда) же болбосо Улуттук банкка (өз ыктыярдуу жоюлуп жаткан учурда) кайрылууга тийиш.  

Мажбурлап жоюу учурунда жоюучунун өткөн мезгил үчүн отчетун сот тарабынан, ал эми өз ыктыярдуу жоюлуп жаткан учурда Улуттук банк тарабынан кароого алуусуз жана бекитүүсүз жоюу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. 

19. Банкты жоюу мөөнөтү 24 (жыйырма төрт) айдан ашпоого тийиш. Зарыл учурда, бул мөөнөт мажбурлап жоюуда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча сот тарабынан узартылышы мүмкүн.  

Өз ыктыярдуу жоюлууда мөөнөт Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча узартылышы мүмкүн.  

Бул учурда, банкты жоюу мөөнөтү аяктаганга чейинки 2 (эки) ай мурда жоюучу банкты жоюу мөөнөтүн узартуу зарылчылыгын шарттаган себептерди жана негиздерди көрсөтүү менен өткөн мезгил үчүн отчетту кошо тиркеп, акыркы отчеттук күнгө карата абал боюнча жоюу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн Улуттук банкка жөнөтөт. Улуттук банк банктын жоюучусунан өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде өтүнүчтө көрсөтүлгөн банкты жоюу мөөнөтүн узартуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты кароого алат. Банкты жоюу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз катары жоюу жол-жобосун белгиленген мөөнөт ичинде аяктоого олуттуу тоскоолдуктарды жараткан жана кредиторлордун таламына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон негиздер саналат. Жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк Башкармасы төмөнкү жүйөлүү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:  

1) жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук берүү;  

2) жоюучунун өтүнүчүнө макулдук берүү, бирок жоюу жол-жобосун башка мөөнөткө узартуу менен;  

3) жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук бербөө.  

Улуттук банктан мажбурлап жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кат жүзүндө макулдук алгандан кийин жоюучу тиешелүү өтүнүч катты сотко бекитүүгө жөнөтөт.  

Улуттук банк жоюу мөөнөтүн узартуудан баш тарткан учурда, жоюучу банкты жоюу мөөнөтүн узартуудан баш тартуу үчүн негиз болгон сын-пикирлерди четтетип, кайталап өтүнүч кат сунуштоого же ушул жободо белгиленген тартипте банкты жоюу жол-жобосун аяктоо өтүнүчү менен сотко (мажбурлап жоюуда) же болбосо Улуттук банкка (өз ыктыярдуу жоюлуп жаткан учурда) кайрылууга тийиш.  

Мажбурлап жоюу учурунда жоюучунун өткөн мезгил үчүн отчетун сот тарабынан, ал эми өз ыктыярдуу жоюлуп жаткан учурда Улуттук банк тарабынан кароого алуусуз жана бекитүүсүз жоюу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. 

41. Корутунду отчетто төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш: 

............ 

15) Улуттук банктан алган жана колдонгон акча каражаттары боюнча отчет

41. Корутунду отчетто төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш: 

............ 

15) Улуттук банктан алган жана колдонгон акча каражаттары боюнча отчет; 

16) объективдүү себептер боюнча банкты жоюу жол-жобосу аяктаган учурга карата ишке ашырылбаган процесстерди аяктоо үчүн кийинки иш-чаралар боюнча сунуштар. 

 

43-1. Чет өлкө банкынын филиалы ыктыярдуу жоюлган учурда, ушул Жобого жана банк мыйзамдарына ылайык банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун компетенциясына кирген маселелер, чет өлкө банкынын филиалдарын ачуу/жабуу маселелерин уюштуруу документтерине ылайык кароого ыйгарым укуктуу, Кыргыз Республикасынын аймагында филиал түзгөн чет өлкө банкынын башкаруу органы тарабынан каралат жана бекитилет. 

 

47-1. Жоюучу Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алуу жана банкты өз эрки менен жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бул тууралуу 3 жумуш күнү ичинде юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик органга мыйзамда белгиленген тартипте жазуу жүзүндө билдирет. 

 

54. Банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия кайтарылып алынгандан кийин Улуттук банк 5 (беш) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо өтүнүчү менен сотко кайрылат. Сот жоюучуну дайындаганга чейин Улуттук банк банкта активдердин сакталышын камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо максатында убактылуу администрацияны дайындайт. Эгерде лицензияны кайтарып алуу учуруна карата анда убактылуу администрация режими киргизилген болсо, сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин ал өз ыйгарым укуктарын аткарат. 

Жоюучу сот тарабынан банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде бул жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирет. 

74. Банкты жоюу аяктаган учурга карата төмөнкү жагдайлар орун алган шартта, жоюучу мүлктү сатуу мүмкүн эмес деген чечим кабыл алууга укуктуу: 

- мыйзам талаптарына ылайык аукцион өткөрүүдө же башка ыкмада сатууда мүлктү сатып алууга суроо-талап жок болсо; 

- көз карандысыз адистер (эксперттер) мүлктүн баасы нөлгө барабар деген корутунду чыгарса

74. Банкты жоюу аяктаган учурга карата төмөнкү жагдайлар орун алган шартта, жоюучу мүлктү сатуу мүмкүн эмес деген чечим кабыл алууга укуктуу: 

- мыйзам талаптарына ылайык аукцион өткөрүүдө же башка ыкмада сатууда мүлктү сатып алууга суроо-талап жок болсо; 

- баалоочулардын (баалоочу уюмдун) корутундусун негизинде жоюучу тарабынан мүлктү сатып өткөрүүнүн экономикалык жактан максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынса. 

 

78-1. Банктын бардык кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандан кийин, калган акча каражаттары банк менен банктын акционеринин ортосунда айкын милдеттенмелердин болушун эске алуу менен, акционердин банктын капиталындагы катышуу үлүшүнө жараша акционерлердин ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

Чет өлкө банкынын филиалын жоюуда бардык кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган акча каражаттары аны түзгөн чет өлкө банкынын эсебине ушул Жобонун талаптарына ылайык которулат. 

Акча каражаттарын бөлүштүрүү жол-жобосу жоюучу сотко (мажбурлап жоюлган учурда), Улуттук банкка (ыктыярдуу жоюлган учурда) банкты жоюу жол-жобосун аяктагандыгы жөнүндө кайрылганга чейин аяктоого тийиш.  

Улуттук банктагы милдеттүү эмес байланыштуу депозит катары жайгаштырылган чет өлкө банкынын филиалынын капиталы чет өлкө банкынын филиалынын жоюу массасына киргизилет жана чет өлкө банкынын филиалынын кредиторлорунун талаптарын канааттандырууга жумшалышы мүмкүн.  

Акционерге/акционерлерге акча каражаттарын төлөө накталай эмес формада жүргүзүлөт. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтому 

3. Таасир этүү чарасы Улуттук банк тарабынан бузууга жол берүү аныкталган күндөн тартып 12 (он эки) айдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн.  

3. Таасир этүү чарасы Улуттук банк тарабынан бузууга жол берүү аныкталган күндөн тартып 12 (он эки) айдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн.  

Бузуу аныкталган күн: 

- банкка текшерүү жөнүндө отчет жөнөтүлгөн дата; 

- банк тарабынан мыйзам талаптарын бузуусу жөнүндө үчүнчү жактардан Улуттук банк маалымат алынган күн; 

- аныкталган бузуулар жөнүндө документ жөнөтүлгөн дата (жазма буйрук, кат, Улуттук банктын токтому жана/же аныкталган бузуулар жөнүндө маалыматты камтыган башка документ), анын ичинде үчүнчү жактардын (кайсы болбосун жеке, юридикалык жактардын, ыйгарым укуктуу органдардын) кайрылууларынын негизинде банк тарабынан мыйзам талаптарынын бузулгандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банк тарабынан текшерилгендигинин жыйынтыгы боюнча. 

 

4. Улуттук банк, өз ишинде кемчиликтерди четтетүү боюнча банк тарабынан өз эрки менен милдеттенме алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууга укуктуу. 

4. Улуттук банк банктан кемчиликтерди, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын бузуу коркунучтарды/өбөлгөлөрдү четтетүү боюнча ыктыярдуу милдеттенмелерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кароого укуктуу. 

15. Милдеттенме-кат, ишинде көзөмөл органынын олуттуу тынчсыздануусун жаратпаган кемчиликтер жана ченемдик укуктук актыларды бузууга жол берүү коркунучтары/өбөлгөлөрү орун алган банк тарабынан сунушталат. Анда кемчиликтерди четтетүү мөөнөттөрү жана максаттуу көрсөткүчтөрү белгиленген, банктын Директорлор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан кемчиликтерди четтетүү боюнча көрүлө турган айкын чаралар камтылууга тийиш. Милдеттенме-кат банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет жана Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. 

15. Милдеттенме-кат ишинде көзөмөл органынын олуттуу тынчсыздануусун жаратпаган ченемдик укуктук актылардын кемчиликтери жана бузуу коркунучтары/өбөлгөлөрү орун алган банк тарабынан даярдалат жана берилет. Милдеттенме-катта кемчиликтерди четтетүү боюнча банктын Директорлор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан кабыл алынуучу мөөнөттөрдү жана максаттуу көрсөткүчтөрдү белгилөө менен айкын чаралар камтылууга тийиш. Милдеттенме-кат зарыл болгон учурда экономикалык ченемдердин жана талаптардын ички маанилерин күчөтүү боюнча чараларды камтышы мүмкүн. Банк милдеттенме-катты берүү менен милдеттенме-катта каралган талаптарды аткарууга милдеттенет.  

Милдеттенме-кат банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө берилүүгө тийиш. 

19. Улуттук банктын таасир этүү чаралары Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдору, көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктары жана талаптары менен таризделген формада колдонулушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн документтер аткарууга милдеттүү деп саналат.  

Улуттук банк Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорунда же көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктарында же талаптарында камтылган талаптар аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн лицензияны кайтарып алууга чейинки кыйла катуулатылган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

19. Улуттук банктын таасир этүү чаралары Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл боюнча комитетинин, Улуттук банктын көзөмөл блогун тескөөгө алган төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн токтомдору, Улуттук банктын төрагасынын көзөмөл блогун тескөөгө алган орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктары жана талаптары менен таризделген формада колдонулушу мүмкүн.  

Улуттук банк Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорунда же көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктарында же талаптарында камтылган талаптар аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн лицензияны кайтарып алууга чейинки кыйла катуулатылган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтому 

4. Бул нускоонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

- банктар - Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит уюмдары, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы; 

- коммерциялык банктарга тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк - бул, коммерциялык банктардын иш коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, алардын иш тажрыйбасында орун алышы ыктымал болгон негизги тобокелдиктерди аныктоо үчүн каралган көзөмөлдөө ыкмасы, демек, көзөмөлдүк коммерциялык банк ошол тобокелдиктерди кандай жөнгө салып жаткандыгына баа берүүгө багытталат (6-тиркеме); 

- куратор/институционалдык инспектор - ага жүктөлгөн функционалдык милдеттерге ылайык, анын жоопкерчилигине берилген көзөмөлдөө астындагы уюмдардын ишине банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери; 

- мүнөздүү болгон тобокелдик - бул, кандай гана болбосун контролдук чаралары жок болгон шартта тобокелдикке дуушар болушу; 

- накта тобокелдик - тобокелдикти тескөө сапатынын эсебинен орун алган тобокелдикти төмөндөткөндөн кийин мүнөздүү болгон тобокелдик катары аныкталат; 

- банктын тобокелдик профили - бул, тобокелдиктердин бардык түрлөрүнүн жана алардын деңгээлдеринин жыйынтыкталган маалыматы, алар банктын (холдинг компаниясынын/аффилирленген банктын) ишинде орун алган бардык негизги көйгөйлөрдү жана ушул тобокелдиктер боюнча колдо болгон маалыматка учурдагы (акыркы жаңыртылган) баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуларды чагылдырат; 

- банктын жыйынтык рейтинги - бул, банктын тобокелдик профилине анын менеджментине, кирешелүүлүгүнө жана капиталына накта тобокелдик көз карашынан алганда баа берүүнүн жыйынтыгын кароого алгандан кийин жалпы баа берүү

- финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы. 

4. Бул нускоонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

- банктар - Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит уюмдары, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы; 

- банктарга тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк - бул, коммерциялык банктардын иш коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, алардын иш тажрыйбасында орун алышы ыктымал болгон негизги тобокелдиктерди аныктоо үчүн каралган көзөмөлдөө ыкмасы, демек, көзөмөлдүк коммерциялык банк ошол тобокелдиктерди кандай жөнгө салып жаткандыгына баа берүүгө багытталат (6-тиркеме); 

- куратор/институционалдык инспектор - ага жүктөлгөн функционалдык милдеттерге ылайык, анын жоопкерчилигине берилген көзөмөлдөө астындагы уюмдардын ишине банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери; 

- мүнөздүү болгон тобокелдик - бул, кандай гана болбосун контролдук чаралары жок болгон шартта тобокелдикке дуушар болушу; 

- накта тобокелдик - тобокелдикти тескөө сапатынын эсебинен орун алган тобокелдикти төмөндөткөндөн кийин мүнөздүү болгон тобокелдик катары аныкталат; 

- банктын тобокелдик профили - бул, тобокелдиктердин бардык түрлөрүнүн жана алардын деңгээлдеринин жыйынтыкталган маалыматы, алар банктын (холдинг компаниясынын/аффилирленген банктын) ишинде орун алган бардык негизги көйгөйлөрдү жана ушул тобокелдиктер боюнча колдо болгон маалыматка учурдагы (акыркы жаңыртылган) баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуларды чагылдырат; 

- банктын жыйынтык рейтинги - бул, банктын тобокелдик профилине анын менеджментине, кирешелүүлүгүнө жана капиталына накта тобокелдик көз карашынан алганда баа берүүнүн жыйынтыгын кароого алгандан кийин жалпы баа берүү

- бузуу аныкталган күн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүүгө болот; 

- финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.