Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эмес финансы -кредит  

уюмдарын лицензиялоо жөнүндө  

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

2022-жылдын 5-октябрындагы  № 2022-П-33/61-2-(НФКУ)  «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык  капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Лицензиялоо башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинасылык компанияларды, Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Башкарманын мүчөлөрү М. Аттокуров 

М. Жакыпов 

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын «___» _____________  

№ ____________________________  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

банк эмес финансы -кредит уюмдарын лицензиялоо жөнүндө  

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 31-пунктунун 2) пунктчасынын “в” абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«в) башкы бухгалтер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери банк жана/же финансы системасында, талапкер дайындалып жаткан окшош чөйрөдө (бухгалтердин, комплаенс-офицердин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясаттын ишке ашырылышына жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери), кредиттик бөлүмдүн кызматкери, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн/ «ислам терезесине» ылайык каржылоо бөлүмүнүн кызматкери, активдерди жана пассивдерди тескөө үчүн жоопкерчиликтүү бөлүмдүн кызматкеринин, ички аудитордун (тиешелүүлүгүнө жараша ички аудит кызматынын кызматкеринин)1 (бир) жылдан кем эмес эмгек стажы болууга;»; 

- 139-1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капитал жана өздүк (регулятивдик) капитал өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда МФКнын минималдык уставдык капиталынын өлчөмүнө карата белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.»;  

- 139-2 пуктунун 2- пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) жобонун 25-пунктуна ылайык МФКнын кардарларынын жыйым топтоо, уставды бекитүү, МФКнын кызмат адамдарын дайындоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугу менен же укугусуз МФК катары кайра каттоо жөнүндө акционердин чечими (бир гана уюштуруучу болгон шартта) же акционерлердин жалпы жыйынын отурумунда толтурулган протокол (эки нускада);»; 

- 139-2-пунктунун 12-пунктчасы тѳмѳнкү редакцияда берилсин: 

«12) МФК үчүн бекитилген экономикалык ченемдердин сакталышын тастыктаган маалыматтар. 

МФКга кайра каттоо учурунда Улуттук банктын экономикалык ченемдерин жана башка талаптарын сактоого мүмкүн болбосо, Улуттук банк МФКнын ишин ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү үчүн МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып 12 айдан ашпаган мөөнөт бериши мүмкүн (МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капиталына жана өздүк (регулятивдик) капиталына Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык жаңы ачылган МФКлар үчүн белгиленген талаптарды кошпогондо).  

Коммерциялык банк ченемдерди жана башка талаптарды ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү боюнча директорлор кеңеши тарабынан бекитилген планды Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.»; 

- 139-7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«139-7. МФКга кайра катталган коммерциялык банк, уставдык капиталынын жана өздүк (регулятивдик) капиталынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтому менен МФКлардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата белгиленген талаптарга жооп берсе, МФКнын тиешелүү лицензиясын алууга укуктуу: 

- мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөлөрдү белгилебестен; 

- мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөлөрдү белгилөө менен.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредиттик уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

26-пунктунун 3-пунктчасынын “г”, “д”, “е” абзацтары жана 4- пунтчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) ички аудит кызматынын жетекчиси финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын бир жылы ички аудит кызматынын кызматкери же ички аудитор катары; 

д) кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери («ислам терезеси») боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде бир жыл тиешелүүлүгүнө жараша кредиттөө же ислам банк иши жана каржылоо («ислам терезеси») принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери катары; 

е) комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси финансы-кредит системасында комплаенс-офицер (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясаттын ишке ашырылышына жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери) катары кеминде бир жыл; 

4) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер дагы билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатын / лицензиясын алган уюмдардан же чет мамлекеттин тиешелүү уюмдарынын/органдарынан /эл аралык уюмдардан алган сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жагында билимге ээ болуусу зарыл;». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) миллион сомдон кем эмес. Мындай талап мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга чектөө коюу менен микрофинансылык компания катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктарга, микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана микрофинансылык компанияларга өзгөртүп түзүлүп жаткан кредиттик союздарга да таркатылат; 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугун алууга талапкер болгон компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес. Бул талап мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугун чектөөсүз микрофинансылык компанияга кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктарга да таркатылат.»; 

- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункту менен толукталсын:  

«3-1. Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө белгиленген талаптар жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууну пландаштырып жаткан микрофинансылык компанияларга да таркатылат. 

Иштеп жаткан микрофинансылык компаниялар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө белгиленген талаптар микрофинансылык компанияга кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана кредиттик союздарга да таркатылат.». 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эмес финансы - кредит  

уюмдарын лицензиялоо жөнүндө  

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эмес финансы - кредит уюмдарын лицензиялоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жобону (мындан ары Жобо) бекитүү тууралуу» токтом долбоору микрофинансылык компанияга (мындан ары - МФК) уруксаттарды берүүчү документтерди берүүдө айрым карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле МФКнын жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» Ачык акционердик коому адистештирилген финансы-кредиттик уюмунун (мындан ары «КС КК» ААКсы) кызмат адамдарынын иш стажына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 токтому менен бекитилген, «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо белгиленген жана 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» Ачык акционердик коому адистештирилген финансы-кредиттик уюмунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо талаптарды кайра карап чыгуу максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда МФКнын жана «КС КК» ААКтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин иш стажына талаптарды кайра карап чыгууну сунушталат, анткени учурда талапкер дайындалып жаткан кызмат ордуна окшош кызматта кеминде 1 (бир) жылдык иш стажы болуусу талап кылынат. 

Бул норма МФКга жана «КС КК» ААКка жогоруда көрсөтүлгөн талапка жооп берген талапкерлерди эмгек рыногунда табууга мүмкүндүк бербейт, ошондуктан Лицензиялоо башкармалыгы акыркы убакта кызмат адамдарынын документтерин кайра карап чыгууга жөнөтүүгө же альтернативдүү талапкерди көрсөтүүнү өтүнүүгө аргасыз болууда. 

Бирок, МФК жана «КС КК» ААК Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбеген талапкерлерди «милдетин аткаруучу» деген сөздү кошуу менен кызматка дайындашууда. 

Бул маселе боюнча Улуттук банктын дарегине сектордон белгиленген талаптарды кайра карап чыгуу тууралуу каттар келип түшкөн, ошондой эле бул маселелер жолугушууларда бир нече жолу көтөрүлгөн жана бул талаптарды кайра карап чыгуу боюнча сунуштар киргизилгенин белгилей кетүү зарыл

Мындан тышкары, токтом долбоору менен коммерциялык банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоо учурунда лицензия берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат, бул микрофинансылык компанияларга мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөсүз же чектөө белгилөө менен лицензия алууга мүмкүндүк берет, МФКга кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капиталына карата талаптар такталды. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Сунушталган долбоорду кабыл алууда республикалык бюджеттен же Улуттук банктын бюджетинен кошумча каржылоо каралбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Сунушталып жаткан долбоор ишкердик ишти жөнгө салууга багытталгандыктан, жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынат. Буга байланыштуу, жөнгө салуучу таасирин талдоо долбоору даярдалган. 

 

 

Лицензиялоо 

башкармалыгынын начальниги А. Садыров 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары  М. Жакыпов 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН 

  

  

 

  

АНАЛИТИТИКАЛЫК КАТЫ 

 

  

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы 

К.К. Боконтаев 

  

  

____________________________ 

(колу) 

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

 

 

 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эмес финансы -кредит уюмдарын лицензиялоо жөнүндө  

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  

токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 10-ноябрындагы № 2022-Пр-171/239-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Лицензиялоо башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү тууралуу» буйругу. 

 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

2023-жылдын 15-ноябры 2023-жылдын -  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

А.К. Садыров, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Лицензиялоо башкармалыгынын начальниги  

 

______________ 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

 

- Е.А. Букаренко, Улуттук банктын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын көзөмөлдөө методологиясы бөлүмүнүн банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө методологиясы тобунун жетекчиси 

 

______________ 

- Э.О. Абдыразаков, Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги 

 

______________ 

- А.М. Токтосунов, Улуттук банктын 1-Банктык көзөмөл башкармалыгынын банктык көзөмөл бөлүмүнүн институционалдык инспектору 

 

______________ 

- А.А. Акбаралиев, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча) 

 

______________ 

- А.И. Исраилов, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча) 

 

______________ 

- А.Дж. Елебесова, «Кредиттик маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин башкы директору (макулдашуу боюнча) 

 

______________ 

- А.А. Жораев, «М Булак» микрокредиттик компаниясы» ЖЧКнын шарият кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча) 

 

______________ 

- П.Н. Довлетова, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча) 

 

- И.О. Алексеева, «РСК Банк» ААКтын кредиттик департаментинин методологу (макулдашуу боюнча) 

 

______________ 

- П.А. Алдыракманова, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын юридика башкармалыгынын методологу (макулдашуу боюнча) 

 

______________ 

- А.Н. Кубанычбекова, «Альянс» акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин башкы бухгалтери (макулдашуу боюнча) 

 

______________ 

 

 

Жооптуу кызматкерлер менен байланышуу үчүн маалымат: 

З.А. Мукашова, тел.: 0 312 31 34 12, e-mail: zmukashova@nbkr.kg 

Б.О. Асакеев тел.: 0 312 31 32 21, e-mail: basakeev@nbkr.kg 

 

1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

Азыркы учурда микрофинансылык компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун (мындан ары «КС КК» ААК) адистештирилген финансы-кредит уюмунун жетекчилери үчүн банк жана/же финансы системасында талапкер дайындалып жаткан кызмат ордуна окшош кызматта кеминде 1 (бир) жылдык иш стажы болуусу тууралуу талап бекитилген.  

Бул норма микрофинансылык компанияларга жана «КС КК» ААК эмгек рыногунда жогорудагы талапка жооп берген талапкерди табууга мүмкүндүк бербейт, ошондуктан Лицензиялоо башкармалыгы акыркы убакта документтерди кайра карап чыгууга жөнөтүүгө же альтернативалуу талапкерди суроого аргасыз болууда. 

Бирок, микрофинансылык компаниялар жана «КС КК» ААК Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбеген талапкерлерди «милдетин аткаруучу» деген сөздү кошуу менен кызматка дайындоодо, ошого жараша кызмат адамдары Улуттук банк тарабынан макулдашуусуз ишин улантууда. 

Белгилей кетсек, бул маселе сектор тарабынан бир нече жолу көтөрүлүп, бул талаптарды кайра карап чыгуу боюнча сунуштар киргизилген, ушуга байланыштуу жогорудагы талаптарды жеңилдетүү жагында кайра карап чыгуу жана ушул чөйрөдө  

1 (бир) жылдан кем эмес иш тажрыйбасын белгилөө сунушталууда. 

Мындан тышкары, долбоордо коммерциялык банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоодо лицензия берүүгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү да сунушталууда, бул микрофинансы компанияларына мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугун чектөөсүз же чектөө коюу менен лицензия алууга мүмкүндүк берет. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Кабыл алынган долбоор 23 коммерциялык банктын, тогуз микрофинансылык компаниянын жана «КС КК» ААК ишине тиешелүү болот, микрофинансылык компанияга кайра каттоодон өткөн коммерциялык банкка уруксат берүүчү документтерди берүү, ошондой эле микрофинансылык компаниялардын жана «КС КК» ААКтын кызмат адамдарын макулдашуу тартибине таасир этет.  

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Токтом долбоору коммерциялык банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоодо уруксат берүүчү документтерди берүү жагында карама-каршы келген ченемдерди жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан, өзгөртүүлөр ошондой эле микрофинансылык компаниялардын жана «КС КК» ААКтын кызмат адамдарынын квалификациялык талаптарына да тиешелүү

4. Эл аралык тажрыйба 

Өзбекстан Республикасы. 

Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарында коммерциялык банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоо боюнча мыйзам ченемдери жок. 

 

Россия Федерациясы  

Кредиттик уюм микрофинансылык компаниянын статусун 2010-жылдын  

2-июлундагы № 151-ФЗ «Микрофинансылык ишмердүүлүк жана микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 5 жана 6-статьяларында белгиленген тартипте өзүнүн уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана микрофинансылык компания жөнүндө маалыматты микрофинансылык уюмдардын мамлекеттик реестрине киргизүү жолу менен алат.  

Кредиттик уюм микрофинансылык компания статусун аманатчыларынын алдындагы бардык милдеттенмелерин аткаргандан кийин жана Россия Федерациясынын банктарындагы аманаттары милдеттүү камсыздандыруу системасынан каттоодон чыгарылгандан кийин ала алат. 

Микрофинансылык уюмга лицензия берилбейт, микрофинансылык компаниялар үчүн өздүк капиталынын өлчөмүнө карата талаптар 70 млн рублди түзөт, микрофинансылык компаниялар жеке адамдардын акча каражаттарын тартууга укуктуу. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана чыгарат, демек Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасына, анын ичинде Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн юридикалык жактардын ишине көзөмөл жүргүзүүгө багытталган токтомдор (токтом менен бекитилген документтер) түрүндөгү ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу ченем чыгаруучу орган болуп саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу - «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын микрофинансылык компанияларды жана «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» Ачык акционердик коому адистештирилген финансы-кредиттик уюмун лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Башкармалыктын токтомун бекитүү.  

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен же Улуттук банктын бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

Жөнгө салуунун сунушталган вариантын кабыл алуу банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштыктын абалына таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо айрым банк эмес финансы-кредит уюмдар үчүн жаңы артыкчылыктар каралган эмес. 

Мындан тышкары, токтом долбоорлору төмөнкү негиздер боюнча кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш: 

- жөнгө салуучу таасири негиздүү 

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин лицензиялоо чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүнү камсыз кылат;  

- микрофинансылык компанияларга жана «КС КК» ААКка эмгек рыногунда ылайыктуу талапкерлерди табууга жана микрофинансылык компания катары кайра катталган коммерциялык банктарга мөөнөттүү депозиттерди тартуу укугун чектөөсүз же чектөө менен алууга мүмкүндүк берет. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Токтом долбоору микрофинансылык компаниялар жана «КС КК» ААК тарабынан кызмат адамдарынын шайкеш келиши жагында ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын жана коммерциялык банктардын микрофинансылык компания катары Улуттук банктын микрофинансылык компаниялардын уставдык жана өздүк (регулятивдик) капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарын эсепке алуу менен кайра каттоодон өтүү жана уруксат берүүчү документтерин алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу микрофинансылык компаниялардын иш чөйрөсүндөгү атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо микрофинансылык компаниялар үчүн белгилүү бир жеңилдиктер каралбайт жана басмырлоочу жоболор каралбайт. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Коомдук талкуулоо үчүн долбоор Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча толукталат. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда айтылгандардын негизинде токтом долбоору кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш, анткени: 

- микрофинансылык компаниялардын жана «КС КК» ААКтын ишин лицензиялоо чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүнү камсыз кылат; 

- микрофинансылык компаниялардын жана «КС КК» ААКтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлерге карата квалификациялык талаптарды жеңилдетет, бул эмгек рыногунда ылайыктуу талапкерлерди табууга мүмкүндүк берет; 

- микрофинансылык компаниясы катары кайра каттоодон өткөн коммерциялык банктарга мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугун чектөө менен же чектөөсүз лицензия алууга мүмкүнчүлүк берет. 

 

12. Тиркеме 

- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эмес финансы кредит  

уюмдарынын лицензиялоо жөнүндө  

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жобого салыштырма таблицасы 

 

Азыркы редакция 

Сунушталып жаткан редакция 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 токтому менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо 

31. Башкарманын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимдүү болууга;  

2) төмөнкүдөй иш стажына ээ болууга:  

а) МФКнын Башкармасынын төрагасы - банк жана/же финансы системасында кеминде 3 (үч) жылдык, анын ичинде жетекчилик кызмат ордунда - кеминде 1 (бир) жылдык иш стажы болууга.  

Ушул пункттун максаттары үчүн жетектөөчү кызмат дегенден улам, ушул Жобонун 21-пунктунда каралган ишти жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунун жана/же компаниянын жана/же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн турбаган кызматты түшүнүүгө болот. Мында эмгек стажына коопсуздук маселелерин жөнгө салуу жана чарба иштерин жүзөгө ашырууга байланышкан, жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө иштеген иши кирбейт;  

б) Башкарма мүчөлөрү - банк жана/же финансы системасында кеминде 2 (эки) жылдык иш стажы болууга;  

в) башкы бухгалтер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери - банк жана/же финансы системасында талапкер дайындалып жаткан кызмат ордуна окшош (тиешелүүлүгүнө жараша, бухгалтердин, комплаенс-офицердин, кредиттик бөлүмдүн жетекчисинин, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн/"ислам терезесинин" жетекчисинин, активдерди жана пассивдерди тескөө үчүн жоопкерчиликтүү бөлүмдүн жетекчисинин, ички аудит кызматынын жетекчисинин) кызматта кеминде 1 (бир) жылдык иш стажы болууга;  

3) банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар, корпоративдик башкаруу багытында окуудан өткөндүгү тууралуу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган уюмдан алынган сертификат же башка документ менен тастыкталган билими болууга.  

"Ислам терезесине" ээ болгон МФКнын Башкармасынын мүчөлөрүнүн бири жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФКнын Башкармасынын мүчөлөрү, "ислам терезесинин" жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн жетекчиси ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө тиешелүү сертификатка жана/же документтерге ээ болууга тийиш.  

Талапкердин иш стажы эмгек китепчесинин көчүрмөсү же башка документтер менен тастыкталат. 

31. Башкарманын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимдүү болууга;  

2) төмөнкүдөй иш стажына ээ болууга:  

а) МФКнын Башкармасынын төрагасы - банк жана/же финансы системасында кеминде 3 (үч) жылдык, анын ичинде жетекчилик кызмат ордунда - кеминде 1 (бир) жылдык иш стажы болууга.  

Ушул пункттун максаттары үчүн жетектөөчү кызмат дегенден улам, ушул Жобонун 21-пунктунда каралган ишти жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунун жана/же компаниянын жана/же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн турбаган кызматты түшүнүүгө болот. Мында эмгек стажына коопсуздук маселелерин жөнгө салуу жана чарба иштерин жүзөгө ашырууга байланышкан, жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө иштеген иши кирбейт;  

б) Башкарма мүчөлөрү - банк жана/же финансы системасында кеминде 2 (эки) жылдык иш стажы болууга;  

в) башкы бухгалтер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери банк жана/же финансы системасында, талапкер дайындалып жаткан окшош чөйрөдө (бухгалтердин, комплаенс-офицердин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясаттын ишке ашырылышына жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери), кредиттик бөлүмдүн кызматкери, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн/ «ислам терезесине» ылайык каржылоо бөлүмүнүн кызматкери, активдерди жана пассивдерди тескөө үчүн жоопкерчиликтүү бөлүмдүн кызматкеринин, ички аудитордун (тиешелүүлүгүнө жараша ички аудит кызматынын кызматкеринин)1 (бир) жылдан кем эмес эмгек стажы болууга; 

3) банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар, корпоративдик башкаруу багытында окуудан өткөндүгү тууралуу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган уюмдан алынган сертификат же башка документ менен тастыкталган билими болууга.  

"Ислам терезесине" ээ болгон МФКнын Башкармасынын мүчөлөрүнүн бири жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФКнын Башкармасынын мүчөлөрү, "ислам терезесинин" жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн жетекчиси ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө тиешелүү сертификатка жана/же документтерге ээ болууга тийиш.  

Талапкердин иш стажы эмгек китепчесинин көчүрмөсү же башка документтер менен тастыкталат. 

139-1. МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банк төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капитал жана өздүк (регулятивдик) капитал өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунда МФКлар үчүн белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш; 

2) МФКга лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат тапшырууга чейин көз карандысыз аудитордук компаниянын коммерциялык банктын акыркы отчеттук күнгө карата финансылык отчетунун аныктыгын тастыктаган корутундусу болууга тийиш.  

139-1. МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банк төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капитал жана өздүк (регулятивдик) капитал өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунда МФКыын минималдык уставдык капиталынын өлчөмүнө карата белгиленген талаптарга ылайык келиши керек;  

2) МФКга лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат тапшырууга чейин көз карандысыз аудитордук компаниянын коммерциялык банктын акыркы отчеттук күнгө карата финансылык отчетунун аныктыгын тастыктаган корутундусу болууга тийиш.  

139-2. МФК катары кайра каттоого байланыштуу мамлекеттик каттоодон өтүүгө Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн коммерциялык банк Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) МФК катары жүзөгө ашырууга ниеттенген операциялар тизмегин көрсөтүү менен МФК катары кайра каттоого байланыштуу лицензия берүү жөнүндө өтүнүч;  

2) ушул жобонун 25-пунктуна ылайык МФК катары кайра каттоо, уставды бекитүү, МФКнын кызмат адамдарын дайындоо жөнүндө акционердин чечими (бир гана уюштуруу болгон шартта) же акционерлердин жалпы жыйынынын отурумунда толтурулган протокол (эки нускада);  

3) устав (эки нускада). Уставда камтылууга тийиш болгон маселелердин болжолдуу тизмеги 4-тиркемеде келтирилген;  

4) акционерлердин анкетасын тиркөө менен акционерлер жөнүндө маалымат (5-тиркеме) (13, 13-1-тиркемелер);  

5) МФКлар үчүн каралбаган банктык операцияларды токтотууну эске алуу менен иштелип чыккан, ошондой эле 6-тиркемеде келтирилген маселелерди камтыган бизнес-план;  

6) МФКнын жалпы уюштуруу түзүмү жөнүндө маалыматтар (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер же аларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген операциялардын тизмеги, караштуулугу);  

7) анкеталарды (1-тиркеме) жана алардын ушул жобонун жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын минималдуу талаптарына ылайык келүүсүн тастыктаган маалыматтарды (документтерди) кошо тиркөө менен МФКнын ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар. Акыркы 12 ай ичинде МФКга кайра катталуу жол-жобосунан өтүп жаткан коммерциялык банкта ушул сыяктуу кызмат ордуна макулдашуудан өткөн МФКнын кызмат адамдары Улуттук банк менен макулдашуудан өткөрүлбөйт жана ушул Жобонун 1-тиркемесинин формасы боюнча анкеталарды берүү менен чектелет; 

8) ушул жобонун 50-пунктунун 9-пунктчасына ылайык өзгөртүп түзүлүп жаткан коммерциялык банктын уставдык капиталына уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан салынып жаткан/салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (эгерде уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) буга чейин салынган акча каражаттар боюнча макулдашуудан өтпөсө);  

9) жайдын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө акт;  

10) МФКнын негизги саясаттары жана жол-жоболору;  

11) белгилүү бир иш-аракеттерди, мөөнөттөрдү жана операциялар көлөмүн чагылдыруу менен МФК жүзөгө ашырууга укугу жок банктык операцияларды токтотуу (аяктоо) боюнча кеңири иш-чаралар планы. Аталган план МФК лицензия алган учурдан тартып 12 (он эки) айдан ашпаган мөөнөткө каралууга тийиш;  

Төмөнкү иш-чаралар мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүгө макулдук алган учурга чейин бүткөрүлүүгө тийиш:  

- корреспондент-банктардын МФКга кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүүсү;  

- Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасында жаңы операцияларды жүргүзүүнү токтотуу, ошондой эле Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасында жүргүзүлүп жаткан операцияларды аяктоо;  

- коммерциялык банктын "депо" эсептеринде Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган, банктын кардарларына таандык баалуу кагаздар болгон учурда, коммерциялык банктын кардарларына Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды суб-депозитардык эсепке алуу функциялары токтотулгандыгы тууралуу билдирүү;  

- Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу менчик баалуу кагаздар болгон учурда, аларды сатуу же Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздардын субдепозитарийи болуп саналган башка уюмдун кардарларынын "депо" эсебине которуу;  

12) МФК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин сакталышын тастыктаган маалыматтар. 

МФКга кайра каттоо учурунда Улуттук банктын экономикалык ченемдерин жана башка талаптарын сактоого мүмкүн болбосо, Улуттук банк МФКнын ишин ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү үчүн МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып 12 айдан ашпаган мөөнөт берет.  

Коммерциялык банк ченемдерди жана башка талаптарды ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү боюнча директорлор кеңеши тарабынан бекитилген планды Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.  

139-2. МФК катары кайра каттоого байланыштуу мамлекеттик каттоодон өтүүгө Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн коммерциялык банк Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) МФК катары жүзөгө ашырууга ниеттенген операциялар тизмегин көрсөтүү менен МФК катары кайра каттоого байланыштуу лицензия берүү жөнүндө өтүнүч;  

2) жобонун 25-пунктуна ылайык МФКнын кардарларынын жыйым топтоо, уставды бекитүү, кызмат адамдарын дайындоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугу менен же укугусуз МФК катары кайра каттоо жөнүндө акционердин чечими (бир гана уюштуруучу болгон шартта) же акционерлердин жалпы жыйынын отурумунда толтурулган протокол (эки нускада);  

3) устав (эки нускада). Уставда камтылууга тийиш болгон маселелердин болжолдуу тизмеги 4-тиркемеде келтирилген;  

4) акционерлердин анкетасын тиркөө менен акционерлер жөнүндө маалымат (5-тиркеме) (13, 13-1-тиркемелер);  

5) МФКлар үчүн каралбаган банктык операцияларды токтотууну эске алуу менен иштелип чыккан, ошондой эле 6-тиркемеде келтирилген маселелерди камтыган бизнес-план;  

6) МФКнын жалпы уюштуруу түзүмү жөнүндө маалыматтар (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер же аларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген операциялардын тизмеги, караштуулугу);  

7) анкеталарды (1-тиркеме) жана алардын ушул жобонун жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын минималдуу талаптарына ылайык келүүсүн тастыктаган маалыматтарды (документтерди) кошо тиркөө менен МФКнын ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар. Акыркы 12 ай ичинде МФКга кайра катталуу жол-жобосунан өтүп жаткан коммерциялык банкта ушул сыяктуу кызмат ордуна макулдашуудан өткөн МФКнын кызмат адамдары Улуттук банк менен макулдашуудан өткөрүлбөйт жана ушул Жобонун 1-тиркемесинин формасы боюнча анкеталарды берүү менен чектелет; 

8) ушул жобонун 50-пунктунун 9-пунктчасына ылайык өзгөртүп түзүлүп жаткан коммерциялык банктын уставдык капиталына уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан салынып жаткан/салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (эгерде уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) буга чейин салынган акча каражаттар боюнча макулдашуудан өтпөсө);  

9) жайдын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө акт;  

10) МФКнын негизги саясаттары жана жол-жоболору;  

11) белгилүү бир иш-аракеттерди, мөөнөттөрдү жана операциялар көлөмүн чагылдыруу менен МФК жүзөгө ашырууга укугу жок банктык операцияларды токтотуу (аяктоо) боюнча кеңири иш-чаралар планы. Аталган план МФК лицензия алган учурдан тартып 12 (он эки) айдан ашпаган мөөнөткө каралууга тийиш;  

Төмөнкү иш-чаралар мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүгө макулдук алган учурга чейин бүткөрүлүүгө тийиш:  

- корреспондент-банктардын МФКга кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүүсү;  

- Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасында жаңы операцияларды жүргүзүүнү токтотуу, ошондой эле Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасында жүргүзүлүп жаткан операцияларды аяктоо;  

- коммерциялык банктын "депо" эсептеринде Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган, банктын кардарларына таандык баалуу кагаздар болгон учурда, коммерциялык банктын кардарларына Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды суб-депозитардык эсепке алуу функциялары токтотулгандыгы тууралуу билдирүү;  

- Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу менчик баалуу кагаздар болгон учурда, аларды сатуу же Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздардын субдепозитарийи болуп саналган башка уюмдун кардарларынын "депо" эсебине которуу;  

12) МФК үчүн бекитилген экономикалык ченемдердин сакталышын тастыктаган маалыматтар. 

МФКга кайра каттоо учурунда Улуттук банктын экономикалык ченемдерин жана башка талаптарын сактоого мүмкүн болбосо, Улуттук банк МФКнын ишин ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү үчүн МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып 12 айдан ашпаган мөөнөт бериши мүмкүн (МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капиталына жана өздүк (регулятивдик) капиталына Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык жаңы ачылган МФКлар үчүн белгиленген талаптарды кошпогондо).  

Коммерциялык банк ченемдерди жана башка талаптарды ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү боюнча директорлор кеңеши тарабынан бекитилген планды Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү..  

139-7. МФКга кайра катталган коммерциялык банк мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөлөрдү белгилөөсүз, МФКнын лицензиясын алат.  

139-7. МФКга кайра катталган коммерциялык банк, уставдык капиталынын жана өздүк (регулятивдик) капиталынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтому менен МФКлардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата белгиленген талаптарга жооп берсе, МФКнын тиешелүү лицензиясын алууга укуктуу: 

- мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөлөрдү белгилебестен; 

- мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөлөрдү белгилөө менен. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тарабынан  

2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) токтому менен бекитилген Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобо 

26. Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтердин, ички аудит кызматынын жетекчиси (түзүмдүк бөлүм жок болгон шартта - ички аудитор), кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери ("ислам терезеси") боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ болушу;  

2) финансы-кредит уюмдарынын ишин, тобокелдикти тескөөнү жана корпоративдик башкарууну жөнгө салган мыйзамдардын кредиттик союздардын ишине тиешелүү маселелери боюнча сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган билимге ээ болушу;  

3) төмөнкү иш тажрыйбасынын болушу:  

а) Башкарманын төрагасынын кызмат ордуна талапкер - финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда - кеминде бир жыл;  

б) Башкарма мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкер - финансы-кредит системасында кеминде эки жыл;  

в) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер - финансы-кредит системасында бухгалтер катары кеминде бир жыл;  

г) ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна талапкер - финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын бир жылы ички аудитордук кызматтын жетекчиси же аудитор катары;  

д) кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн ("ислам терезеси") жетекчиси кызмат ордуна талапкер - финансы-кредит системасында кеминде бир жыл тиешелүүлүгүнө жараша кредиттөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн же ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн ("ислам терезеси") жетекчиси катары;  

е) комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат ордуна талапкер - финансы-кредит системасында комплаенс-офицер катары кеминде бир жыл;  

4) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган уюмдан алынган тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жагында билимге ээ болуусу зарыл;  

5) Ички аудит кызматынын жетекчиси - билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган уюмдан алынган тиешелүү сертификаттар жана башка документтер менен тастыкталган аудиттин эл аралык стандарттары жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билимге, билүү менен аны ишинде колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга;  

6) Компаниянын Башкармасынын төрагасы кызмат ордуна талапкер дайындалганга чейинки акыркы үч жыл ичинде кредиттик союздун катышуучусу же кредиттик союздун кызмат адамы болбоого тийиш. 

26. Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтердин, ички аудит кызматынын жетекчиси (түзүмдүк бөлүм жок болгон шартта - ички аудитор), кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери ("ислам терезеси") боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ болушу;  

2) финансы-кредит уюмдарынын ишин, тобокелдикти тескөөнү жана корпоративдик башкарууну жөнгө салган мыйзамдардын кредиттик союздардын ишине тиешелүү маселелери боюнча сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган билимге ээ болушу;  

3) төмөнкү иш тажрыйбасынын болушу:  

а) Башкарманын төрагасынын кызмат ордуна талапкер - финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда - кеминде бир жыл;  

б) Башкарма мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкер - финансы-кредит системасында кеминде эки жыл;  

в) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер - финансы-кредит системасында бухгалтер катары кеминде бир жыл;  

г) ички аудит кызматынын жетекчиси финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын бир жылы ички аудит кызматынын кызматкери же ички аудитор катары

д) кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери («ислам терезеси») боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде бир жыл тиешелүүлүгүнө жараша кредиттөө же ислам банк иши жана каржылоо («ислам терезеси») принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери катары; 

е) комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси финансы-кредит системасында комплаенс-офицер (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясаттын ишке ашырылышына жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери) катары кеминде бир жыл;  

4) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер дагы билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатын / лицензиясын алган уюмдардан же чет мамлекеттин тиешелүү уюмдарынан/органдарынан /эл аралык уюмдардан алган сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жагында билимге ээ болуусу зарыл;  

5) Ички аудит кызматынын жетекчиси - билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган уюмдан алынган тиешелүү сертификаттар жана башка документтер менен тастыкталган аудиттин эл аралык стандарттары жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билимге, билүү менен аны ишинде колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга;  

6) Компаниянын Башкармасынын төрагасы кызмат ордуна талапкер дайындалганга чейинки акыркы үч жыл ичинде кредиттик союздун катышуучусу же кредиттик союздун кызмат адамы болбоого тийиш. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) ьлкьлму менен бекитилген “Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык  капиталынын минималдуу өлчөмү” жөнүндө жобо 

1. 2023-жылдын 1-июлунан тартып жаңы ачылган банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкү өлчөмдө белгиленсин:  

1) микрофинансылык компаниялар үчүн:  

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес. Мындай талап микрофинансылык компанияларга өзгөртүлүп түзүлүп жаткан микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана кредиттик союздарга да таркатылат;  

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугун алууга талапкер болгон компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес.  

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 50 (элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө;  

3) кредиттик союздар үчүн:  

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн 2 (эки) млн сомдон кем эмес өлчөмдө;  

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн 5 (беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө;  

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө;  

5) кепилдик фонддор үчүн 700 (жети жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө.  

1. 2023-жылдын 1-июлунан тартып жаңы ачылган банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкү өлчөмдө белгиленсин:  

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) миллион сомдон кем эмес. Мындай талап мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга чектөө коюу менен микрофинансылык компания катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктарга, микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана микрофинансылык компанияларга өзгөртүп түзүлүп жаткан кредиттик союздарга да таркатылат; 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугун алууга талапкер болгон компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес. Бул талап мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугун чектөөсүз микрофинансылык компанияга кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктарга да таркатылат.  

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 50 (элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө;  

3) кредиттик союздар үчүн:  

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн 2 (эки) млн сомдон кем эмес өлчөмдө;  

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн 5 (беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө;  

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө;  

5) кепилдик фонддор үчүн 700 (жети жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө.  

3. Иштеп жаткан банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (кредиттик союздар үчүн  капитал) жана аны түзүүнүн мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленсин:  

 

 

 

 

 

 

3-1. Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө белгиленген талаптар жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууну пландаштырып жаткан микрофинансылык компанияларга да таркатылат. 

Иштеп жаткан микрофинансылык компаниялар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө белгиленген талаптар микрофинансылык компанияга кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана кредиттик союздарга да таркатылат.