Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

  

  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):   

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу;  

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу;  

- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- «2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы:  

 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы расмий жарыялангандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү М. Аттокуров 

М. Жакыпов  

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору (мындан ары токтом долбоору) төмөнкү банктык операцияларды тестирлөө максатында бир төлөм уюму үчүн түзүлгөн атайын жөнгө салуу режимин (мындан ары ЖЧК) ийгиликтүү аяктоосунун жыйынтыгы боюнча айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштелип чыккан: 

- электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия);  

- соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/сатылуучу товарларга, иштерге, соода-тейлөө ишканаларынын көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн төлөм каражаты катары QR-коддорду колдонуу жана банктык карталарды кабыл алуу боюнча келишимдик мамиле түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканаларында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу аркылуу POS-терминалдар, анын ичинде виртуалдык жана мобилдик POS-терминалдар, ошондой эле QR-коддорду колдонуу аркылуу электрондук коммерция жүргүзүү максатында, банктык карталар эквайринги («Элкарт» улуттук төлөм системасы, Visa менен Mastercard эл аралык төлөм системалары), анын ичинде интернет-эквайринг.  

Тестирлөө 2021-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 28-августуна чейин Улуттук банктын жогоруда аталган операциялардын түрлөрүн жүргүзүү укугуна лицензиясынын негизинде жүргүзүлдү жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан ийгиликтүү деп таанылды.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы  

№ 2020-П-12/45-3-(НПА) токтому менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун 34-пунктуна ылайык (мындан ары Жобо), эгерде атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн натыйжасында аталган режимдин шарттарында көрсөтүлгөн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча критерийлерге жетише алса, анда Комитет ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн корутундусунун негизинде, тестирлөөнү ийгиликтүү катары тааныйт. Төлөм системасы боюнча комитеттин 2023-жылдын  

24-августундагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-11/1 токтомуна ылайык, тестирлөөнүн жыйынтыгы ийгиликтүү деп таанылды. Өзгөртүүлөр төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын тестирлөөдөн өткөн операцияларды/кызматтарды көрсөтүүсүнө тоскоолдуктарды четтетүү максатында, Төлөм системасы боюнча комитеттин жогоруда аталган токтомуна ылайык киргизилет. 

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоону эске алуу менен уставдык капиталдын өлчөмү боюнча белгиленген талаптардан тышкары банктык карталар эквайринги кызматтарын көрсөтүүчү төлөм уюмдары үчүн уставдык капиталды 20 миллион сом өлчөмүндө белгилөө сунушталууда. 

Токтом долбоорунда төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму эки лицензияга тең ээ болгон шартта, кошумча иш катары банктык төлөм карталарынын эквайринги, электрондук капчыктар, төлөм QR-коддор боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу катары аныктоо сунушталууда

Ошону менен бирге эле, токтом долбоорунда эквайрингдин түрлөрүн аныктоо жана соода-тейлөө ишканалары менен түзүлгөн келишимдерге, соода-тейлөө ишканаларына интернет-эквайринг боюнча кызматтарды сунуштоодокоопсуздук чараларынын сакталышын кошо алганда, минималдуу талаптарды белгилөө сунушталат.  

Токтом долбоорунда Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна төлөм уюмдарына банктык карталардын эквайринги, электрондук акча жана төлөм QR-коддору боюнча операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүчү өзгөртүүлөр (салыштырма таблица тиркелет) каралган: 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу;  

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу;  

- 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу. 

- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу; 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжалардын келип чыгышын болжолдоо.  

Токтом долбоору накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү максатында финансылык кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин тизмесин кеңейтүүгө багытталган. Калкка финансылык кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин тизмесин кеңейтүү алгылыктуу атаандаштыктын өнүгүшүн шарттайт, бул финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын төмөндөшүнө жана керектөөчүлөр үчүн жаңы сунуштарды иштеп чыгууга алып келет. 

Токтом долбоору социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.  

 

4.  Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) коомдук талкуу үчүн жайгаштырылат.  

  

5.  Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

  

6.  Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Токтом долбоорун кабыл алуу үчүн кошумча финансылык сарптоолор талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө малымат  

 

Токтом долбоору боюнча жөнгө салуучу таасирине талдоо Улуттук банк тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттердин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн.  

 

ДОЛБООР  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын ___-__________ 

№ ______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын   

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр 

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобонун:  

5-пунктунун:  

а)  он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Виртуалдык POS-терминал бул POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карталарын жана башка аралыкта жайгаштырылган инструменттерин колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү төлөө операцияларын жүргүзүү үчүн банктын/төлөм уюмунун системасы менен өз ара аракеттенүүчү веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал ички ченемдик документтерге ылайык, банк тобокелдигинин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен банктык эсептерди толуктоо үчүн да колдонулушу мүмкүн.»; 

б) төмөнкү мазмундагы отуз үчүнчү абзац менен толукталсын:   

«Төлөм QR-коду боюнча төлөө POS-терминалды же эки өлчөмдүү штрих код белгилерин окуу аркылуу башка жабдууларды колдонбостон, өз банкынын/төлөм системасынын мобилдик тиркемесин колдонуу менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн аралыктан эсептешүү»; 

в) отуз төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар (эквайринг жабдуусу) терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары жана банктык төлөм карталарын жана башка аралыкта жайгаштырылган инструменттерин кабыл алуу жана тейлөө үчүн техникалык инфраструктураны түзгөн башка жабдуулар.»; 

г) элүү биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эквайер технологияларга жана тиешелүү төлөм системаларынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аралыкта жайгаштырылган жабдуулар аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, аралыкта жайгаштырылган жабдуулардын ээси болуп саналган банк, төлөм уюму.»; 

д) элүү экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эквайринг соода-тейлөө ишканалары менен тиешелүү төлөм системаларынын технологияларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча түзүлгөн келишимдик мамилелердин негизинде ар кандай төлөм инструменттерин/технологияларды колдонуу менен аралыкта жайгаштырылган жабдуулар аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган иш.  

Эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттерге жана технологияларга жараша, эквайринг төмөнкү негизги түрлөрдү камтыйт:  

Соода эквайринги түзүлгөн келишимдин негизинде, ар кандай төлөм инструменттерин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарды орнотуу боюнча соода-тейлөө ишканалары үчүн эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат.» 

Интернет-эквайринг төлөм маалыматын өткөрүүнү камсыз кылган жана анын купуялуулугун сактаган атайын веб-интерфейс аркылуу соода-платформаларында жана интернет-дүкөндөрүндө сатылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча эквайердин кызматы

Мобилдик эквайринг мобилдик тиркеме жана атайын мобилдик POS- терминалы (mPOS - терминал) аркылуу мобилдик телефон же планшетти колдонуу менен банктык төлөм карталарын пайдалануу аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча эквайердин кызматы.   

2) 53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Соода-тейлөө ишканасында аралыкта жайгаштырылган жабдууларды орнотуу үчүн эквайер ошол ишкана менен терминалды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү системанын карталарын кабыл алуу жана тейлөө укугуна келишим түзүүгө тийиш. Эквайер менен ишкана ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана анын юридикалык дареги;  

- соода-тейлөө  ишканасынын жана эквайердин карталарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери;  

- соода-тейлөө  ишканасы тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынуучу карталардын түрлөрү;  

-  төлөө картаны пайдалануу же QR-кодду колдонуу менен ишке ашырылган учурда, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө кошумча комиссия же кыйла жогорку баа (үстөк баа) белгилөөгө  соода-тейлөө түйүнүнүн тыюу салуулары;  

- комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү;  

- POS-терминалды пайдаланууда соода-тейлөө  ишканасынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча негизги талаптары;  

- соода-тейлөө  ишканасынын ишинин түрү жана соода-тейлөө  ишканасынын көрсөтүлгөн ишине шайкештиги тууралуу анын милдеттенмелери; 

- соода-тейлөө  ишканасы тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы жөнүндө талаптар; 

- мыйзамдарда талап кылынган операциялар үчүн төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптар; 

- соода-тейлөө  ишканасы картаны төлөм каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосуна тиешелүү  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизги талаптар (авторизациялоо, карта ээсин идентификациялоо, карта ээсинин транзакцияны ишке ашырууда PIN-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер жана башка талаптар);  

- тиешелүү система тарабынан четке кагылган, операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби;  

- карта боюнча сатылып алынган товарларды кайтарып берүүдө ошол товардын наркынын ордун толтуруп берүү жол-жобосу;  

- соода-тейлөө ишканаларында карталарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына келишим чегинде текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;  

- уурдалган/жоголгон карталар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же соода-тейлөө ишканасынын санкциясыз транзакцияларды жүргүзгөндүгү катталган учурда карта ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

- санкциясыз операциялар жүргүзүлгөн, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурда тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга белгиленүүчү айыптык санкциялар;  

- талаш маселелерди кароо тартиби;  

- келишимди токтотуу тартиби;  

- транзакцияны ушул жобого ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап.  

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. Тиешелүү системанын карталарын тейлөө жана кабыл алуу эрежелери келишимге киргизилиши мүмкүн же болбосо алар кошумча тиркелет.»; 

3) төмөнкү мазмундагы 53-1-пункт менен толукталсын: 

«53-1. Банк соода-тейлөө ишканасы үчүн интернет-эквайринг кызматтарын сунуштоодо сайттын соода-тейлөө ишканасына таандыгын текшерүүгө тийиш.»; 

4) төмөнкү мазмундагы 53-2-пункту менен толукталсын: 

«53-2. Интернет-эквайринг кызматын көрсөтүү үчүн банк менен соода-тейлөө ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимде төлөм карталарына карата колдонулуучу жана ушул Жобонун 53-пунктунда каралган, ошондой эле төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: 

- соода-тейлөө ишканасынын сайтынын банктын талаптарына шайкеш келиши; 

- соода-тейлөө ишканасынын сайтында карта ээсинин авторизациясына карата талаптардын болушу.»; 

5) төмөнкү мазмундагы 53-3-пункт менен толукталсын: 

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча талаптарды аткаруу үчүн банк авторизациялык билдирүүлөрүндө соода-тейлөө ишканасын идентификациялоочу маалыматтарды (соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана анын ИСНи, ​​жеке ишкердин толук аты-жөнү, ИСН, соода-тейлөө ишканасынын/жеке ишкердин товарларды сатуу/кызмат көрсөтүү жүзөгө ашырыла турган расмий сайты) көрсөтүүгө тийиш.»; 

6) төмөнкү мазмундагы 55-1-пункт менен толукталсын: 

«55-1. Соода -тейлөө ишканалары менен келишим түзүүдөн мурда банк соода-тейлөө ишканасынын көрсөтүлгөн ишин жана келишимде көрсөтүлгөн соода-тейлөө ишканасынын сайтын текшерүүгө тийиш. Бул шарттар банктын ички документтеринде жөнгө салынууга тийиш.»; 

7) төмөнкү мазмундагы 55-2-пункту менен толукталсын: 

«Банк мезгил-мезгили менен, кеминде 3 айда бир жолу, соода-тейлөө ишканаларынын келишимде көрсөтүлгөн ишке шайкештигин текшерүүгө милдеттүү. Эгерде көрсөтүлгөн ишке дал келбөө аныкталса же соода-тейлөө ишканасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдарды бузууга байланышкан операцияларды же мыйзам тарабынан тыюу салынган операцияларды жүзөгө ашырып жаткандыгына шектенүү пайда болсо, банк соода- тейлөө ишканалары үчүн эквайринг кызматтарын сунуштоону токтотууга жана келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу. Мында банк соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык соода-тейлөө ишканасы менен акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.»; 

8) төмөнкү мазмундагы 56-1-пункт менен толукталсын: 

«Интернет-эквайринг кызматтарын көрсөтүүдө банк келишим түзгөн соода-тейлөө ишканасынын сайтында бир Merchant Category Code коду (мындан ары - МКК) менен 1 (бир) гана виртуалдык POS-терминалды орнотууга укуктуу. Эгерде виртуалдык POS-терминал соода-тейлөө ишканасы тарабынан белгиленген МККга ылайык пайдаланылбаса, банк соода-тейлөө ишканасы үчүн эквайринг кызматын көрсөтүүнү токтотууга жана келишимди бузууга укуктуу.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:  

1) 2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1. Төлөм системасынын оператору өз ишин бир гана төлөм уюмунун иши менен айкалыштыра алат. 

Төлөм уюму өз ишин бир гана төлөм системасынын операторунун иши менен айкалыштыра алат. 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму (эгерде эки лицензияга тең ээ болсо) кошумча иш катары ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар аткарылган шартта гана банктык төлөм карталарынын, электрондук капчыктардын, QR-коддордун эквайринги боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.»; 

2) төмөнкү мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:  

«12-1. Банктык карталарды, электрондук капчыктарды, QR коддордун эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү соода -тейлөө ишканаларынын пайдасына сунуштоо үчүн төлөм уюму кеминде 20 000 000 (жыйырма миллион) сом уставдык капиталга ээ болууга тийиш.  

Төлөм уюмунун уставдык капиталы банктык карталарды, электрондук капчыктарды, QR-коддордун эквайрингин жүзөгө ашырууда ушул Жобонун 11 жана 12-пункттарында төлөм уюмдары үчүн белгиленген уставдык капиталдын өлчөмүнө карата талаптарга кошумча: 

- салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер болгон учурда, Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча төлөөчүлөрдүн төлөмдөрүн; 

өлөмдөрдү үчүнчү жактардын - товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын - резидент эместердин пайдасына (мындан ары - чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр) кабыл алууда жалпысынан 30 000 000 (отуз миллион) сомдон кем эмес болушу керек. 

3) 13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Эгерде төлөм системасынын операторунун төлөм системасы Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору 12 (он эки) жана андан ашык айдын жыйынтыгы боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:  

1) кеминде 200000000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалуу мааниге ээ катары таанылса;  

2) кеминде 30000000 (отуз миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса;  

3) кеминде 20000000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса.   

Мында төлөмдөрдү салыктарды, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү төлөө эсебине кабыл алган жана эквайринг кызматтарын сунуштаган төлөм уюмунун уставдык капиталы жалпысынан төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш: 

1) кеминде 230 000 000 (эки жүз отуз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалуу мааниге ээ катары таанылса; 

2) кеминде 60 000 000 (алтымыш миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса; 

3) кеминде 50 000 000 (элүү миллион) сом, эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса. 

Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими тууралуу лицензиатка билдирилген күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде Жобонун ушул пунктунда белгиленген өлчөмдө уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарын салууга тийиш. Акча каражаттары белгиленген мөөнөттө салынбаса,Улуттук банк тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонот.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» Жобо төмөнкү редакциядагы «Банктык төлөм карталарын тейлөө процессине карата талаптар» деген 5-1-глава менен толукталсын: 

1) «5-1-глава. Банктык төлөм карталарын тейлөө процессине карата талаптар»  

40-1. Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары төлөм  

карталарын (мындан ары-карталар) тейлөөдө ушул Жобонун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуулары тийиш. 

40.2. Төлөм карталарын тейлөөдө төлөм системаларынын операторлору жана  

төлөм уюмдары тиешелүү төлөм системасынын PCI DSS стандартынын коопсуздук талаптары боюнча колдонуудагы шайкештик сертификатына ээ болуулары жана натыйжада PCI DSS коопсуздук талаптарын аткаруулары тийиш.  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу» жөнүндө жобонун: 

1) 6-пункту: 

а) төмөнкү мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Төлөм QR-коду боюнча төлөө POS-терминалды же штрих коддун эки өлчөмдүү символдорун окуу аркылуу башка жабдууларды колдонбостон, өз банкынын/төлөм системасынын мобилдик тиркемесин колдонуу менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн аралыктан эсептешүү.»; 

б) төмөнкү мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«Эквайринг тиешелүү төлөм системаларынын технологияларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, соода-тейлөө ишканалары менен түзүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу келишимдеринин негизинде, ар кандай төлөм инструменттерин/технологияларды колдонуу менен аралыкта жайгаштырылган жабдуулар аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган иш.»; 

в) төмөнкү мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын: 

Эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттерге жана технологияларга жараша, эквайринг төмөнкү негизги түрлөрдү камтыйт:  

Соода эквайринги түзүлгөн келишимдин негизинде, ар кандай төлөм инструменттерин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарды орнотуу боюнча соода-тейлөө ишканасына сунушталуучу эквайер кызматы.»; 

Интернет-эквайринг төлөм маалыматын өткөрүп берүүнү камсыз кылган жана анын купуялуулугун сактаган атайын веб-интерфейс аркылуу соода-платформаларында жана интернет-дүкөндөрүндө сатылуучу товарлар жана кызматтар үчүн банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча эквайердин кызматы. 

Мобилдик эквайринг мобилдик телефон же планшетти колдонуу менен мобилдик тиркеме жана атайын мобилдик POS-терминал (mPOS терминал) аркылуу төлөм карталарын пайдалануу аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча эквайердин кызматы.  

1) төмөнкү мазмундагы сегизинчи глава менен толукталсын: 

«8-глава. Эквайринг ишин жүзөгө ашыруучу төлөм уюмуна карата талаптар 

101. Бул главада товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын (соода - тейлөө ишканалары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ж.б.) пайдасына аралыкта жайгаштырылган жабдуулар аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды (мындан ары - эквайринг/эквайринг иш-аракеттери/эквайринг кызматтары) сунуштаган төлөм уюмдарына карата талаптар жана аны сунуштоо тартиби аныкталат. Төлөөчүлөр төлөм карталарын жана байланышсыз төлөм технологиясы менен системаларды пайдалануу менен эквайринг жабдуулары аркылуу сунуштоочулардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүшөт. 

102. Төлөм уюму төлөм системасынын операторунан лицензиясынын жана эквайринг ишин жүзөгө ашырууга Улуттук банктын тиешелүү уруксат берүүсүнүн болушунда, ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө белгиленген талаптарды сактоо менен гана эквайринг ишин жүргүзүүгө укуктуу.  

103. Эквайрингди сунуштоо үчүн төлөм уюму төлөм системаларынын талаптарына ылайык өзүнүн аралыкта жайгаштырылган жабдуулар тармагын орнотууга жана төмөнкү операциялардын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга укуктуу: 

- POS-терминалдар, виртуалдык POS-терминалдар аркылуу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; 

- QR- коддорун колдонуу менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; 

- банктык эсептерди толуктоо, акча каражаттарын которуу. 

Төлөм уюмуна эквайрингди сунуштоо алкагында накталай акча каражаттарын берүүгө тыюу салынат. 

104. Эквайрингди жүзөгө ашыруу үчүн төлөм уюму Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо белгиленген уставдык капитал боюнча талаптарды сактоого тийиш.  

105. Төлөм уюму Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жободо белгиленген маалымат коопсуздугу боюнча талаптарды сактоого милдеттүү.  

106. Төлөм уюму эквайрингди сунуштоо боюнча ушул Жобонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген ички ченемдик документтерге ээ болууга тийиш. 

107. Төлөм карталарын кабыл алуу боюнгча эквайринди сунуштоо үчүн төлөм уюму карталарды пайдалануучу тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жөнүндө келишим түзүүгө жана ушул системанын карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга уруксат (лицензия, сертификат) алууга милдеттүү (merchant service provider). 

108. Эквайрингди жүзөгө ашыруу үчүн төлөм уюму ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык белгиленген формада эквайрингди жүргүзүү ниети жөнүндө арызын Улуттук банкка жөнөтүүгө, ага уставдык капиталдын өлчөмүнө карата талаптардын сакталышын ырастаган документтерди тиркөөгө, ошондой эле тиешелүү төлөм системаларынан (карта системаларынан) алынган уруксаттарды, система менен тиешелүү келишимдин жана соода-тейлөө ишканасы менен типтүү келишимдин көчүрмөлөрүн кошо тиркөөгө тийиш. 

109. Улуттук банк документтерди жана төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексинин ишин алдын ала текшерет, ал эми төлөм уюмунун документтери ушул Жободо белгиленген талаптарга дал келген учурда тиешелүү кат жөнөтөт жана аны өз атынан эквайрингин жүзөгө ашырган төлөм уюмдарынын реестрине киргизет.  

Документтерди кароо жана алдын ала текшерүү мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт. 

Эгерде жөнөтүлгөн документтерде дал келбестиктер аныкталса, Улуттук банк аларды жеткире иштеп чыгуу жөнүндө кат жөнөтөт. 

110. Төлөм уюму Улуттук банктан кат жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде кошумча документтерди берүүгө милдеттүү. Документтер электрондук почта аркылуу берилиши мүмкүн, андан кийин түп нуска/лары берилет. Мында арызды жана документтерди кароо мөөнөтүн кайра эсептөө ушул Жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтер (электрондук/кагаз жүзүндө) келип түшкөн күндөн тартып кайра башталат. 

111. Эгерде документтер Жобонун талаптарына шайкеш келбесе, же 3төн (үчтөн) ашык жолу толук эмес, же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берилсе, Улуттук банк документтерди кароодон баш тартат жана бул жөнүндө кат жүзүндө билдирүү жөнөтөт.  

112. Эквайрингди жүзөгө ашыруу үчүн арызды жана документтерди аларды кароодон расмий баш тарткан күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин же ушул Жобонун 109-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып (мөөнөт бузулган учурда) кайра берүүгө жол берилет.  

Эквайрингди жүзөгө ашыруу үчүн арызды жана документтерди Улуттук банк тарабынан документтерди алгачкы кароодо көрсөтүлгөн кемчиликтер жана сын-пикирлер четтетилген учурда гана кайра берүүгө жол берилет. Эгерде документтерди алгачкы кароодо Улуттук банк тарабынан көрсөтүлгөн сын-пикирлер четтетилбесе, Улуттук банк алар келип түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде аларды жеткире иштеп чыгууга жөнөтпөстөн, кароодон баш тартууга укуктуу.  

113. Эквайрингди сунуштоо токтотулган учурда да төлөм уюму эквайрингди сунуштоо иш жүзүндө токтотулганга чейин кеминде бир ай мурда Улуттук банкка белгиленген формада билдирүүгө жана соода-тейлөө ишканасы менен акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

114. Төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүдөн мурда соода-тейлөө ишканасынын көрсөтүлгөн ишин жана анын келишимде көрсөтүлгөн сайтын текшерүүгө милдеттүү. Бул шарттар төлөм уюмунун ички документтеринде жөнгө салынууга тийиш. 

115. Төлөм уюму бардык аралыкта жайгаштырылган жабдууларда улуттук картаны өз тармагында кабыл алууну жана тейлөөнү өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылууга милдеттүү. Төлөм уюмдары менен соода-тейлөө ишканаларынын ортосундагы кайсы болбосун келишимдик мамилелер башка төлөм уюмдарынын улуттук карталарды тейлөөсүнө тоскоолдуктарды же чектөөлөрдү жаратпашы керек. 

116. Төлөм уюму карта ээсинин эмитент менен түзүлгөн келишиминде жана улуттук төлөм системасынын эрежелеринде каралбаган, улуттук карталарды өз тармагында кабыл алуу жана тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (кошумча) белгилөөгө укуксуз. 

117. Төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн төлөм уюму тарабынан сатып алынган бардык эквайрингдик жабдуулар аларды өз ара тейлөө үчүн карталардын ар кандай түрлөрүнүн өз ара иштешүүсүн камсыз кылууга жана төлөм системаларынын техникалык стандарттарына ылайык келүүгө тийиш. 

118. Төлөм уюму аралыкта жайгаштырылган жабдууларга төмөнкү маалыматтарды жайгаштырууга тийиш: 

- төлөм уюмунун аталышы, 

- карталары тейлөөгө кабыл алынган төлөм системасынын аталышы; 

- түз байланыш үчүн телефонунун номери; 

- кардар үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. 

119. Соода-тейлөө ишканалары үчүн интернет-эквайринг кызматын сунуштоодо төлөм уюму сайттын соода-тейлөө ишканасына таандыгын текшерүүгө тийиш. 

120. Мобилдик эквайрингге мүмкүндүк берүүчү жана портативдик жабдууларга киргизилген программалык камсыздоо төлөмдөрдүн ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга жана аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен камсыз кылынууга тийиш. 

121. Соода-тейлөө ишканасына аралыкта жайгаштырылган жабдууларды орнотуу үчүн төлөм уюму аралыкта жайгаштырылган жабдуулар аркылуу өткөрүлгөн накталай эмес төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана тиешелүү системанын карталарын, ошондой эле байланышсыз төлөө технологиясы менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө укугу үчүн соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүгө тийиш.  

Төлөм уюму менен соода-тейлөө ишканасынын ортосундагы келишим төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

- соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана анын юридикалык дареги; 

- соода-тейлөө ишканасынын ишинин түрү жана соода-тейлөө ишканасынын келишимде көрсөтүлгөн ишин сактоо боюнча милдеттенмелери; 

- соода-тейлөө ишканасы тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын сакталышы боюнча талаптар; 

- мыйзамдарда тыюу салынган операциялар боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча талаптар; 

- соода-тейлөө ишканаларынын жана төлөм уюмдарынын байланышсыз төлөө технологиясын колдонуу менен карталарды жана төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери; 

- соода-тейлөө ишканалары тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынган карталардын түрлөрү

-  төлөө картаны пайдалануу же QR-кодду колдонуу менен ишке ашырылган учурда, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө кошумча комиссия же кыйла жогорку баа (үстөк баа) белгилөөгө  соода-тейлөө түйүнүнүн тыюу салуулары;  

- комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү;  

- POS-терминалды колдонууда соода-тейлөө ишканасынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча негизги талаптар; 

- соода-тейлөө ишканасы картаны төлөм каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосуна тиешелүү  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизги талаптар (авторизациялоо, карта ээсин идентификациялоо, карта ээсинин транзакцияны ишке ашырууда PIN-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер жана башка талаптар);  

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен бекитилген эки өлчөмдүү штрих-код символдорун (QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү эрежелеринде белгиленген QR-коддорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө коопсуздуктун минималдуу талаптары; 

- тиешелүү система тарабынан четке кагылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүүнүн тартиби (чаржбек); 

- накталай эмес түрдө сатып алынган товарлардын наркын кайтарып берүү учурунда карталарды же QR коддорду колдонуу менен кайтарып берүү жол-жобосу; 

- соода-тейлөө ишканаларында карталарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына келишим чегинде текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;  

- уурдалган/жоголгон карталар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же соода-тейлөө ишканасынын санкциясыз транзакцияларды жүргүзгөндүгү катталган учурда карта ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

- санкциясыз операциялар жүргүзүлгөн, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурда тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга белгиленүүчү айыптык санкциялар;  

- талаш маселелерди кароо тартиби;  

- келишимди токтотуу тартиби;  

-транзакцияны ушул жобого ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап.  

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. Тиешелүү системанын карталарын тейлөө жана кабыл алуу эрежелери келишимге киргизилиши мүмкүн же болбосо алар кошумча тиркелет.»; 

122. Интернет-эквайринг кызматын көрсөтүү үчүн төлөм уюму менен соода-тейлөө ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимде ушул Жобонун 121-пунктунда каралган төлөм карталарына карата колдонулуучу шарттар, ошондой эле төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: 

- соода-тейлөө ишканасынын сайтынын төлөм уюмунун талаптарына, ошондой эле 3D- Secure коопсуздук технологиясын колдоо боюнча талаптарга шайкештиги; 

- соода-тейлөө ишканасынын сайтында карта ээлеринин авторизациясына карата талаптардын болушу. 

123. Соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимде төлөм уюму бир операциянын суммасына лимиттерди белгилөөгө тийиш, андан ашкан соода-тейлөө ишканасы карта ээсинин ырастоочу документин (паспорт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктоочу башка документтерди) талап кылууга милдеттүү. Инсандыгын тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар чекте камтылууга тийиш. 

Соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимде төлөм уюму карттардын сүрөттөлүшү карт ээлери тарабынан шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмеси жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүнү алган учурда соода-тейлөө ишканасы көрүүгө тийиш болгон зарыл чаралар нускооолор (эрежелер) камтылууга тийиш. Мында төлөм уюму керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга, ошондой эле төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан төлөм системасынын операторлорунун башка ченемдик укуктук актыларына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуулары тийиш. 

124. Төлөм уюму соода-тейлөө ишканаларынын ыйгарым укуктуу кызматкерлерин тиешелүү системада белгиленген бардык коопсуздук жол-жоболоруна ылайык карталарды кабыл алуу жана тейлөө, жасалма карталарды таануу же мүмкүн болуучу алдамчылык учурларын таануу эрежелери боюнча окутууну камсыз кылууга тийиш. Карталарды тейлөөнүн коопсуздук жол-жоболору соода -тейлөө ишканаларынын аралыкта жайгаштырылган жабдууларында төлөм карталарын кабыл алган жана тейлеген ыйгарым укуктуу кызматкерлерин кошпогондо, үчүнчү жактарга ачыкка чыгарылууга тийиш эмес. 

125. Соода-тейлөө ишканасы төлөм уюму, тиешелүү система тарабынан жана ушул Жободо белгиленген талаптарды жана стандарттарды сактоо шарттарында төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн өз терминалын же башка жабдууларды орното алат. Системада терминал төлөм уюмунун аппараты катары аныкталат. 

126. Интернет-эквайринг кызматын көрсөтүүдө төлөм уюму келишим түзгөн соода-тейлөө ишканасынын сайтында бир Merchant Category Code менен 1ден ашык эмес виртуалдык POS-терминал орнотууга укуктуу. Эгерде виртуалдык POS-терминал соода-тейлөө ишканасы тарабынан белгиленген МККга ылайык колдонулбаса, банк соода-тейлөө ишканасы үчүн эквайринг кызматын көрсөтүүнү токтотууга жана келишимди бузууга укуктуу. 

127. Төлөм уюму системанын регламентинде жана иштөө тартибинде жана келишимде белгиленген мөөнөттөргө ылайык жана процессингдин натыйжалары боюнча бардык карт ээлери боюнча эмитенттерден алынган акча каражаттарын чегерүү аркылуу соода -тейлөө ишканаларынын пайдасына карталарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар боюнча суммалардын ордун толтурат.  

Соода-тейлөө ишканасынын пайдасына карталарды колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча суммалардын ордун толтурууга транзакциялар жөнүндө оң авторизациялык билдирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча гана жол берилет. 

Акыркы өз ара эсептешүүлөр жана эквайринг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча милдеттенмелерди эсепке алуу (кабыл алынган төлөмдөрдүн ордун толтуруу) эквайринг кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте, төлөм уюмунун эсептешүү агентинде - банкта ачылган банктык эсептери жана соода-тейлөө ишканасынын тиешелүү банктык эсептери аркылуу же электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт. 

128. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча талаптарды аткаруу үчүн эквайер авторизациялык билдирүүлөрүндө соода-тейлөө ишканасын идентификациялоочу маалыматтарды (соода -тейлөө ишканасынын аталышы жана анын салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, жеке ишкердин аты-жөнү жана анын салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, соода-тейлөө ишканасынын/жеке ишкердин товарларды сатуу/кызматтарды көрсөтүү жүзөгө ашырыла турган расмий сайты) көрсөтүүсү керек.  

129. Төлөм уюму мезгил-мезгили менен, кеминде 3 айда бир жолу соода-тейлөө ишканасынын келишимде көрсөтүлгөн иш-аракеттерге шайкеш келишин текшерүүгө милдеттүү. Эгерде көрсөтүлгөн иш-аракеттерге дал келбөө же соода-тейлөө ишканасы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен байланышкан операцияларды жүзөгө ашырып жатат же мыйзам тарабынан тыюу салынган операцияларды жүзөгө ашырып жаткандыгына шектенүү пайда болсо, банк эквайринг кызмат көрсөтүүлөрүн токтотууга жана келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу. Мында банк түзүлгөн келишимге ылайык соода-тейлөө ишканасы менен акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

130. Тобокелдиктерди азайтуу үчүн Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларына жана төлөм системасынын катышуучуларына мониторингди, талдоолорду, жөнгө салууларды жана көзөмөлдү (оверсайтты) жүзөгө ашырат. 

131. Төлөм уюму аралыкта жайгаштырылган жабдуулар жөнүндө маалыматты ушул Жобонун 1-тиркемесинин 8-формасына ылайык отчеттук айдан кийинки айдын онунчу числосунан кечиктирбестен Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

132. Эквайрингди сунуштоочу төлөм уюмдары кардарлар тарабынан тиешелүү келишимдердин шарттарынын, транзакциялардын коопсуздугунун жана карталарды жана байланышсыз төлөмдөрдү колдонуу эрежелеринин сакталышын контролдоого милдеттүү

133. Карталардын эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүчү төлөм уюму тиешелүү системанын регламентинде жана иштөө тартибинде белгиленген параметрлерге ылайык карталарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле ката жана уруксатсыз операцияларды токтотуу жана/же алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Төлөм уюмдары белгиленген келишимдик мамилелерге ылайык бул функцияларды башка процессинг борборуна өткөрүп берүүгө укуктуу.»; 

3) төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

“Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобого 3-тиркеме 

 

 

Эквайринг кызматтарын көрсөтүүгө даярдыгы жөнүндө арыз 

Ушул аркылуу _________________________________________________ 

өлөм уюмунун толук аталышы) 

_________________________________________________________________________ 

ушул билдирмеге кошо тиркелген ____________________________________________ 

өлөм карталар системасынын аталышы жана карталардын түрү

келишимине жана төлөм системасынын расмий уруксатына ылайык төлөм карталарынын эквайрингин кошо алганда, соода -тейлөө ишканалары үчүн эквайринг кызматтарын сунуштоого даяр экендигин билдирет жана эквайринг кызматтарын сунуштаган төлөм уюмдарынын реестрине кошууну өтүнөт.  

Башкарманын төрагасы/жетекчи (кол тамгасы, мөөрү

Кол тамганын чечмеленишин 

1) төмөнкү мазмундагы отчеттун 8- формасы менен толукталсын: 

Аралыкта орнотулган жабдуулардын реестри жөнүндө 

ОТЧЕТ  

Төлөм уюмунун аталышы: _________________________________________  

Төлөм уюмунун ИСН: _____________________________________________  

Төлөм уюмунун ОКПО: ____________________________________________  

20__-жылдын «___» __________ карата абал боюнча  

  

№ 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулардын жайгашкан орду 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы 

Пайдалануу мезгил аралыгы 

Жайгашкан орду 

Областы 

Району 

Айыл аймагы 

Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл 

Көчөсү 

10 

11 

   

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)  

  

Кол тамгасынын чечмелениши  

 

 Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри боюнча отчетту толтуруу 

ЭРЕЖЕСИ  

1. Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестринде алардын так жайгашкан ордун жана ошол жабдуу тууралуу кыскача маалыматты көрсөтүү менен төлөм картасы аркылуу, ошондой эле төлөм картасын пайдалануусуз (төлөм терминалдарын) кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдалануусун камсыз кылган аралыкта жайгаштырылган жабдуулар жөнүндө маалымат чагылдырылат.  

2. «Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү» деген 2-тилкеде жабдуунун түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода-тейлөө ишканалары, cash-in-терминал, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта жайгаштырылган жабдуу.  

3. «Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID» деген 3-тилкеде банктардын катталган номерлерине ылайык жабдуулардын идентификациялык номерлери көрсөтүлөт.  

4. «Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде жабдуу жайгашкан жердин аталышы көрсөтүлөт (соода-тейлөө ишканалары, уюм, ж.б.). Виртуалдуу POS-терминалдар (V-POS) үчүн веб-дареги көрсөтүлөт.  

5. «Областы» деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын областынын аталышы көрсөтүлөт.  

6. «Району» деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун аталышы көрсөтүлөт.  

7. «Айыл аймагы» деген 7-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун айыл аймагынын аталышы көрсөтүлөт.  

8. «Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл» деген 8-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги кыштактын, айылдын аталышы көрсөтүлөт.  

9. «Көчөсү» деген 9-тилкеде көчөнүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде аралыкта орнотулган жабдуулар белгилүү бир дареги жок жерлерде орнотулса (көчөнүн аталышы, №), «Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде кеңири маалымат, б.а. уюмдун, анын түзүмдүк бөлүмүнүн, ж.б. аталышы көрсөтүлөт.  

10. «Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы» деген 10-тилкеде ошол жабдуу аркылуу тейлеген төлөм системасынын аталышы көрсөтүлөт (Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay, ж.б.).  

11. «Колдонуу мезгил аралыгы» деген 12-тилкеде ошол жабдууну колдонуу убактысы/мезгили көрсөтүлөт.  

Отчетко киргизилген өзгөртүүлөр (банктык жабдууну орнотуу/алып салуу жана ордун которуу) боюнча маалымат чагылдырылган коштомо кат тиркелүүгө тийиш.  

Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунушталууга тийиш. Төлөм уюму ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы, ошондой эле өз учурунда жана так маалыматтын сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат.». 

 

 

ДОЛБООР  

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

БЕКИТЕМ  

Кыргыз Республики  

Улуттук банкынын  

башкармасы 

К.К. Боконтаев  

 

____________________ 

(колу) 

«____» ____________ 20__ ж. 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: Улуттук банктын 2023-жылдын 1-сентябрындагы № 2023-Пр-141/203-О жана 2023-жылдын 26-октябрындагы № 2023-Пр-141/231-О буйруктары  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөтү: 2023-ж. 1-сентябры. 2023-ж. 15-декабры.  

(башталышы) (аякташы) 

Жумушчу топ: 

№ 

Ф.И.О 

Кол тамгасы 

Уюм  

1. 

Султаналиев А.З. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси 

2. 

Акулуева М.Ш. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

3. 

Мамбеталиева А.З. 

 

Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (жумушчу топтун катчысы) 

4. 

Керимкулов А.С. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  

5. 

Айылчиев Б.К. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары боюнча бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу 

6. 

Исаев А.С. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн мөөнөттүү эмгек келишими боюнча кызматкери 

7. 

Маманова А.А. 

 

Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлор менен иштөө бөлүмүнүн юристи 

8. 

Садыков А.У. 

 

Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы бөлүмүнүн санарип банк операцияларын өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси 

9.  

Дуйшенов С.А. 

 

«РПС» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкаруучу директору (макулдашуу боюнча) 

10. 

Безуглов А.Г. 

 

«Пэй24» жоопкерчилиги чектелген коомунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча) 

11. 

Алыбаев Ж.Т. 

 

инженер-«Пэй24» жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүштү өнүктүрүү боюнча иштеп чыгуучу-инженери (макулдашуу боюнча) 

12. 

Шаршембаева Э.М. 

 

«Оптима Банк» ачык акционердик коомунун методология жана бизнес-процесстерди моделдөө башкармалыгынын методология бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча) 

13. 

Ахметов Т. 

 

«РСК Банкы» ачык акционердик коомунун аралыктан банктык тейлөө департаментинин начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча) 

14. 

Джумашева А.Н. 

 

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын юридика бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча) 

15. 

Ажар Сабыракун 

 

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын продукцияны иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). 

 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалымат: Мамбеталиева А.З., Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (жумушчу топтун катчысы), тел.: 66-90-99,  

e-mail: azmambetalieva@nbkr.kg. 

 

 

Көлөмү: ________ барак.  

  

 

 

 

 I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

  

1. Проблема тууралуу маалымат  

Учурдагы практикага ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында банктык карталардын эквайринги Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө” жобонун ченемдеринин негизинде коммерциялык банктар тарабынан жүзөгө ашырылат. Калган финансы-кредит уюмдары (мындан ары - ФКУ) жана төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары (мындан ары ТСО/ТУ) банктык карталардын эквайрингин жүргүзүшкөн эмес.  

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык карталардын эквайринги 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 28-августуна чейин төлөм системасынын оператору/төлөм уюму "Региональные платежные системы" ЖЧКсы (мындан ары - "РПС" ЖЧКсы) тарабынан тесттен өткөрүлгөн.  

Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары - Комитет) 2023-жылдын 24-августундагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-11/1 токтому менен «РПС» ЖЧК тарабынан 2021-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 28-августуна чейин өткөрүлгөн тестирлөө ийгиликтүү деп таанылды.  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, атайын жөнгө салуу режими ийгиликтүү аяктаган учурда, көзөмөлдөнгөн уюмдардын тестирлөө операцияларын жүргүзүүсүнө тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар көрүлөт. 

 

1. Проблеманын масштабы  

Каралып жаткан проблемалардын масштабы ТСО/ТУ жана коммерциялык банктардын ишине таасирин тийгизет. Эгерде буга чейин ТСО/ТУ коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдердин негизинде банктык карталардын эквайрингин жүргүзсө, эми ТСО/ТУ өз алдынча эквайринг жүргүзөт, ал эми коммерциялык банктар ТСО/ТУ үчүн эсептешүү банкы болуп калат. Ошентип, атайын жөнгө салуу режиминин натыйжасы ТСО/ТУ үчүн жол берилген банк операцияларынын түрлөрүн кеңейтет. 

Улуттук банк 2015-жылы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана операцияларды сунуштоочу субъекттерди көбөйтүү үчүн ТСО/ТУ ишине лицензия бере баштаган. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын учурдагы талаптарына ылайык, төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн (үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана төлөмдөрдүн процессинги жана клиринги боюнча кызматтарды сунуштоо) гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүгө жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

2023-жылдын 1-сентябрына карата 26 уюм ТСО/ТУ лицензиясына ээ болгон. 2018-жылдын башынан 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейинки мезгил үчүн ОПС/ПО тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү 1-таблицада келтирилген. Таблицадан көрүнүп тургандай, жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү өсүп жатат, атап айтканда 2021-2022-жылдары өткөн жылдарга салыштырмалуу 2 эсеге көп төлөмдөр жүргүзүлгөн. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата төлөмдөрдүн көлөмү бүткүл 2022-жылдын көрсөткүчтөрүнө жакындап калды.  

1-таблица. 

Жыл 

Көрсөткүчтөр 

Саны (миң даана) 

Көлөмү (млн сом) 

2018 

174 094,8 

29 167,2 

2019 

168 234,7 

32 744,5 

2020 

148 878,7 

46 452,0 

2021 

156 905,7 

92 112,1 

2022 

186 240,0 

187 341,1 

2023-ж. 1-жарым жылдыгы 

113 972,8 

158 830,2 

 

Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 48-беренесинде банк иши жана банктык операциялар аныкталат. «РПС» ЖЧКсынын жыйынтыгы банктык карталар эквайрингинен тышкары, ТСО/ТУга электрондук акча чыгаруу мүмкүндүгүн берет. Ошентип, ТСО/ТУда атайын жөнгө салуу режиминин жыйынтыгы боюнча жаңы кызматтарды ишке киргизүүдө, жүгүртүү көлөмүнүн өсүшү болжолдонууда. Жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү капиталды, эмгек ресурстарын жана пайда алуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүнү камтыйт. Бирок, ТСО/ТУ үчүн экономикалык стандарттарды сактоо, милдеттүү резервдик талаптарды аткаруу боюнча милдеттүү талаптар жок (электрондук акчаны чыгаруу өз табияты боюнча депозиттерди тартууга жана кассалык эсептешүү кызматын көрсөтүүгө жакын, кардарлардан үчүнчү жактардын пайдасына акча каражаттарын кабыл алуу үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелерди пайда кылат).  

Ушуга байланыштуу банктар менен ТСО/ТУ ортосунда алгылыксыз атаандаштык пайда болот. Мындай атаандаштыкка жол бербөө үчүн ТСО/ТУ уставдык капиталын көбөйтүү сунушталууда.  

 

1. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу  

Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12\45-3-(НПА) токтому менен бекитилген “Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө” жобонун 36-пунктуна ылайык, эгерде тестирлөө ийгиликтүү деп аныкталса, Комитет тестирлөөдөн өткөн кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого тоскоолдуктарды четтетүүчү Улуттук банктын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө сунуш киргизет. 

Комитеттин 2023-жылдын 24-августундагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-11/1 токтому менен «РПС» ЖЧКда 2021-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 28-августуна чейин жүргүзүлгөн атайын жөнгө салуу режиминин натыйжасы ийгиликтүү деп таанылган. 

Мындан тышкары, накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу чараларынын бири болуп саналат. Өлкөнүн экономикасында бардык төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында, 2003-жылдан тартып Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Республикада накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү маселеси актуалдуу бойдон калууда. Калктын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында, айрыкча региондордо банк жана төлөм инфраструктурасын кеңейтүү боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүүдө

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, сатуучу товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) накталай эмес түрдө төлөөдө сатып алуучуга төлөм ыкмасын тандоосун чектөөгө укугу жок.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен Тизмеге ылайык иш жүргүзгөн жеке ишкерлерге жана (же) юридикалык жактарга: банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга багытталган жабдууларды (программалык жана аппараттык түзүлүштөрдү) орнотуу жана пайдалануу тууралуу талап белгиленген. 

Алсак, 2023-жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча карталарды колдонуу менен жалпы суммасы 203,0 млрд сомго 53,6 млн транзакция жүргүзүлгөн (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр, тиешелүүлүгүнө жараша, 74 жана 68,9 пайызга көбөйгөн, ал эми 2023-жылдын башынан тартып, тиешелүүлүгүнө жараша, 35,4 жана 19,3 пайызга өскөн). Анын ичинен: 

- соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялардын саны 39,9 млрд сом суммасына 28,7 млн ​​транзакцияны түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу транзакциялардын саны 2,1 эсеге, ал эми бүтүмдөрдүн көлөмү 2,4 эсеге, ал эми 2023-жылдын башынан бери бүтүмдөрдүн санынын жана көлөмүнүн көрсөткүчтөрү, тиешелүүлүгүнө жараша, 57,7 жана 21,6 пайызга өскөн. 

Соода-тейлөө ишканаларында төлөмдөрдү кабыл алуунун ар кандай ыкмаларын кеңейтүү жана жайылтуу, ошондой эле өлкө боюнча накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү максатында, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүчү субъекттердин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.  

 

1. Эл аралык тажрыйба  

Грузиянын 2012-жылдын 25-майындагы № 6304-Iөлөм системасы жана төлөм кызматтары жөнүндө" ыйзамынын 13-беренесине ылайык, төлөм инструменттерин, анын ичинде электрондук акча инструменттерин чыгаруу жана/же эквайринг төлөм кызматтарынын тизмесине киргизилген, аларды сунуштоого төлөм кызматтарынын провайдерлерине (төлөм уюмдарына) уруксат берилген.  

https://www.matsne.gov.ge/ru/document/view/1673253?publication=15  

Беларусь Республикасынын 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 164-З "Төлөм системасы жана төлөм кызматтары жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесине ылайык, төлөм операцияларынын эквайринги төлөм кызматтарынын тизмесине киргизилген, аларды сунуштоого төлөм кызматтарынын провайдерлерине (төлөм уюмдарына) уруксат берилген. 

https://www.nbrb.by/legislation/documents/zakon_o_plat_sis.pdf

2023-жылы кайра каралып чыккан Төлөм кызматтарын көрсөтүү боюнча Европа бирлигинин директивасына ылайык, кызматтарды сунуштоочулардын, анын ичинде карталар эквайринги кызматын сунуштоочулардын өздүк каражаты, кеминде 150 000 еврону (болжол менен 14 млн сом) түзүшү керек. 

 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат  

 

Долбоордо ТСО/ТУ негизги ишин камсыз кылуусу үчүн сунуштоочу кошумча кызматтарга банктык карталардын эквайрингин киргизүү сунушталат. Бул учурда ТСО/ТУ уставдык капиталына төмөнкү талаптар колдонулат:  

1) 1 млн сом ТСО жана 2 млн сом ТУ үчүн; 

2) мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана үчүнчү жактардын резидент эместердин пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн кеминде 10 млн сом; 

3) төлөм системасынын операторунун системасы маанилүү деп таанылса кеминде 30 млн сом, системалык мааниге ээ кеминде 200 000 млн сом, ал эми төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери катары таанылса кеминде 20 млн сом. 

Ошону менен бирге Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген “Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобонун 33-пунктунда алардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алууда товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга камсыздандыруу инструменттерин берүү боюнча талаптар белгиленген.  

Соода-тейлөө ишканаларынын пайдасына кабыл алынган акча үчүнчү жактардын пайдасына акча каражатын кабыл алуу сыяктуу болгондуктан, бул учурда ТСО/ТУ POS-терминалдары аркылуу кабыл алынган төлөмдөр (атайын жөнгө салуу режиминде сыналган жана тесттен өткөрүлгөн моделге ылайык) алгач ТСО/ТУ эсептешүү эсебине түшөт, андан кийин ТСО/ТУ кабыл алынган акчаны соода-тейлөө ишканасынын эсебине которот (соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимге жараша), кабыл алынган төлөмдөрдү өз убагында жана толук камсыз кылуу үчүн кепилдиктерди белгилөө актуалдуу болуп саналат. Мында соода-тейлөө ишканасы үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктер төмөндөшү күтүлөт жана сатуудан/кызмат көрсөтүүдөн алынган акча каражатынын түшүүсүнө кепилдик берилет. 

Иш-чаралардын бири болуп, электрондук акчаны чыгара турган ТСО/ТУнун уставдык капиталын 40 млн сом өлчөмүнө көбөйтүү жана карталар эквайринги кызматын көрсөтүүнү 10 млн сомго көбөйтүү саналат. Эгерде ТСО/ТУ бир эле учурда эки кызматты тең сунуштаса, уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген “Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө” (мындан ары - Лицензиялоо жөнүндө жобо) жобонун 11, 12 жана 13-пункттарында ТСО/ТУнун уставдык капиталынын өлчөмү боюнча буга чейин белгиленген талаптарды эске албаганда, кеминде 50 млн сом болушу зарыл.  

Ошентип, төлөм уюмунун уставдык капиталы мамлекеттик бюджеттин пайдасына жана чет өлкөлүк товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү кабыл алууда, учурдагы талаптарга ылайык кеминде 10 млн сомду түзүүгө тийиш. 

Эквайринг кызматтарын көрсөтүү үчүн, жергиликтүү соода-тейлөө ишканаларынын же чет өлкөлүк соода-тейлөө ишканаларынын пайдасына сунушталганына карабастан, төлөм уюмунун уставдык капиталы 10 млн сомдон кем эмес болушу зарыл.  

Эгерде төлөм уюму мамлекеттик бюджеттин, чет өлкөлүк товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү кабыл алса, ошондой эле банктык карталар, электрондук капчыктар, QR коддор эквайринги кызматын көрсөтсө, бул төлөм уюмунун уставдык капиталынын жалпы суммасы кеминде 20 млн сом болушу талап кылынат. 

Ошону менен бирге, талаптарды так белгилөө үчүн, Лицензиялоо жөнүндө жобонун 13-пунктунда системалык мааниге ээ төлөм системасынын, маанилүү төлөм системасынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринин уставдык капиталына карата белгиленген талаптар төлөм уюмунун уставдык капиталына белгиленген талаптардан өзүнчө аткарылууга тийиш экендигин аныктоо сунушталат. Мисалы, чет өлкөлүк товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын бюджетинин пайдасына төлөмдөрдү кабыл алган жана эквайринг кызматтарын сунуштаган “А” төлөм уюмунда:  

- системасы маанилүү деп таанылса, уставдык капиталы жалпысынан 50 млн сомду түзүүгө тийиш. 

- орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери деп таанылса, уставдык капиталы жалпысынан 40 млн сомду түзүүгө тийиш; 

- эгерде системасы системалуу мааниге ээ деп таанылса, уставдык капиталы жалпысынан 220 млн сомду түзүшү зарыл.  

Уставдык капиталды көбөйтүү талабы жогоруда көрсөтүлгөн проблемаларды чечүү зарылдыгын жана төлөмдөрдү банктык карталарды гана колдонуу менен эмес, эки өлчөмдүү символдорду (QR коддору) колдонуу менен да жүргүзүүгө мүмкүндүк берген төлөм системалары жигердүү өнүгүп жатканын эске алуу менен белгиленген, бул накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү өсүшүнө алып келет. 

Көптөгөн ТСО/ТУ банктык карталар эквайрингин жүргүзүүгө кызыгуусу жогору экендигин да белгилей кетүү керек. ТСО/ТУ тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга аванс катары алдын ала берилген кепилдиктерди сарамжалдуу бөлүштүрүү үчүн каражат талап кылынат жана уставдык капитал бул максатка жумшалат. 

Ошол эле учурда банктык төлөм карталарынын, электрондук капчыктардын, QR коддорунун эквайрингин төлөм уюмунун негизги ишине кошумча кызмат катары аныктоо сунушталууда, төлөм уюму аны төлөм уюму катары да, төлөм системасынын оператору катары да лицензиясы болгон учурда сунуштай алат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 3-1-бөлүгүнө ылайык келтирүү максатында, “Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, негизги ишине кошумча катары же анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка иштерди аныктоо бөлүгүндө толуктоо сунушталууда. 

Долбоордо Улуттук банктын ТСО/ТУ карталар эквайринги боюнча кызматтарды көрсөтүүсүнө тоскоолдуктарды жок кылууга мүмкүндүк берүүчү төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:  

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобо; 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо; 

- 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобо. 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

Банктык төлөм карталарынын эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүчү субъекттердин көбөйүшүнө байланыштуу, аларды сунуштоого бирдей мамилени камсыз кылуу максатында, ошондой эле белгиленген кызматтарды сунуштоодо келип чыккан тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында, банктар менен катар бул (жаңы) субъекттерге карата ченемдик талаптарды белгилөө зарылчылыгы келип чыгат.  

 

6. Сунушталган жөнгө салуу 

Эквайринг жүргүзүүгө уруксат берилген субъекттерди көбөйтүү боюнча ченем камтылган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу 

  

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 7.1. Датага карата күтүлүп жаткан натыйжа (жөнгө салуу максатына жетүү деңгээли). 

ТСО/ТУ карталар эквайрингине уруксат берилгенден кийинки биринчи жылы, жок эле дегенде, 5 ТСО/ТУ рынокто жигердүү кызматтарды сунуштайт деп күтүлүүдө. «РПС» ЖЧК атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү учурунда эквайринг кызматын тестирлөө үчүн ТСО/ТУнун берген арызы негиз болуп саналат. Бул рыноктун активдүүлүгүн тастыктайт.  

 

7.2. Күтүлгөн экономикалык, социалдык жана экологиялык таасирлер:  

1) экономикага оң таасирин тийгизет, анткени накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйөт, ошону менен салык салуу боюнча көрсөткүчтөр (соода-тейлөө ишканаларынын салык салынуучу базасы) көбөйөт;  

2) социалдык чөйрөгө оң таасирин тийгизет, анткени өлкөдөгү экономикалык өсүш калкты социалдык жактан колдоого бюджеттен чегерүүлөрдү көбөйүшүн билдирет;  

3) айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизет, анткени эквайер кызматын сунуштоочу субъекттердин санынын көбөйүшү менен накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн өсүшү инкассация учурунда банкнотторду басып чыгарууга жана накталай акчаны ташуу чыгымдарынын азайышына алып келет.  

7.3. Кызыкдар тараптардын негизги топторуна жөнгө салынуучуларга күтүлгөн таасир:  

1) мамлекеттик органдар оң, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин өсүшү

2) ишкерлер:  

2.2) ишкерлер (соода-тейлөө ишканаларынын ээлери) - оң, анткени эквайер кызматын сунуштоочу субъекттердин ортосундагы атаандаштыктын күчөшү менен эквайринг боюнча кызмат көрсөтүүлөргө комиссиялык төлөмдөрдүн төмөндөшү күтүлүүдө.  

3) ТСО/ТУ оң, анткени пайда алуу жолдору кеңейүүдө

4) калк - оң, анткени POS-терминалдардын көбөйүшү күтүлүүдө, алар аркылуу кызмат көрсөтүүлөр/товарлар үчүн төлөөгө мүмкүн болот. Учурда өлкөдө бардык соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын жоктугу олуттуу проблема болуп саналат. Калк сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн накталай акча алуу үчүн банкоматтарды издөөгө мажбур болот. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо 

ТСО/ТУ тарабынан чогултулган акча каражаттарын соода-тейлөө ишканаларынын пайдасына өз убагында төлөбөй коюу/толук төлөбөй коюу тобокелдиги, анткени каражат адегенде ТСО/ТУнун эсебине которулуп, андан кийин ТСО/ТУ гана төлөмдөрдү жүргүзөт (эсептешүүлөр түзүлгөн келишимдерге жараша кийинчерээк жүргүзүлүшү мүмкүн). Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмдардын келишимдик мамилелерине кийлигишпейт.  

Тобокелдиктерди баалоо: 

- тобокелдик бар. эквайринг учурунда банкка түшкөн каражаттар операциялык күндүн аягында соода-тейлөө ишканасынын эсебине түшөт. Соода-тейлөө ишканасына түшкөн каражаттар ТСО/ТУ менен өз ара эсептешүү моделиндегиге караганда, ага дароо жеткиликтүү болуп калат;  

Сунушталган жөнгө салуу чаралары: 

- келечектеги төлөмдөргө аванс берүү жана муну менен ТСО/ТУнун потенциалын жогорулатуу үчүн ТСО/ТУнун уставдык капиталын көбөйтүү.  

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу атаандаштыкка таасирин тийгизет, анткени буга чейин банктык карталар эквайринги менен ийгиликтүү атайын жөнгө салуу режиминин жыйынтыгында чектелген режимде коммерциялык банктар жана «М Булак» МКК ЖЧК гана алектенип келген, жана эквайринг кызматын сунуштоочу субъекттердин саны көбөйөт. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Коомдук талкуудан кийин кызыкдар тараптардын пикири чагылдырылат.  

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси 

Төлөм системасы боюнча комитеттин 2023-жылдын 24-августундагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-11/1 ТСО/ТУ тарабынан карталар эквайринги боюнча кызматтарды сунуштоого тоскоолдуктарды четтетүүчү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү даярдоо жөнүндө токтомунун талаптарын аткаруу алкагында, иштелип чыккан өзгөртүүлөр долбооруна ылайык, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү кабыл алуу сунушталууда.  

 

Сунуш кылынган жөнгө салууну колдоо үчүн негизги аргументтерди келтирүү  

Накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана эквайринг кызматтарын көрсөтүүчү субъекттердин санын көбөйтүү максатында, сунушталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу сунушталат. Кээ бир банктардын иши чекене бизнести өнүктүрүүгө багытталбагандыгын эске алганда, бул багытка суроо-талап мурдагыдай эле сакталып калууда. Санариптештирүүнү жана технологиялардын жаңы түрлөрүн өнүктүрүүнү эске алуу менен эквайрингдин жаңы түрлөрүн сунуштоо күтүлүүдө.  

 

12. Тиркеме  

Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет:  

- Улуттук банктын 2023-жылдын 1-сентябрындагы № 2023-Пр-141/203-О «Жумушчу топту түзүү жөнүндө» жана 2023-жылдын 26-октябрындагы № 2023-Пр-141/231-О буйругу.