Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                   К. Боконтаев  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын __-____________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:  

- 10.6-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Баалуу кагаздарга рыноктук эмес инвестициялар инвестицияланып жаткан компаниянын финансылык отчеттуулугу жөнүндө маалымат болгон учурда жана акча каражаттарынын келечектеги агымына, компаниянын рыноктогу абалына, компаниянын бизнес-планына талдоо жүргүзүлгөн болсо, ошондой эле бул инвестициялардын сапатын баалоого өбөлгө түзүүчү, докумен менен тастыкталган башка маалыматтарды кошо алганда, инвестицияланып жаткан компания тууралуу маалымат бар болгон учурда 5%дан 15%га чейинки өлчөмдө РППУну түзүү менен, кеминде «байкоого алынган актив» катары классификацияланат.»;  

- 10.8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эскертүү: Standart & Poors (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган рейтингге эквиваленттүү же, Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Ratings Service (DBRS) агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган рейтингге барабар болгон рейтинг.»; 

- Жобонун 1-тиркемесинин: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Баалуу кагаздар эмитентинин/оригинаторунун Standard & Poor's, Fitch Ratings, Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган «ВВВ» же «Ваа2» деңгээлинен төмөн болбогон шартта болушу.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун:  

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Банк жеке эмитенттерден акцияларды сатып ала алат:   

- Кыргыз Республикасынын резиденттеринен - эмитент фондулук биржанын листингине эң жогорку категория боюнча киргизилген учурда гана;   

- Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен - эмитент Мооdy's Investor Service (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган эң жогоркудан төмөн болбогон жана эң жогоркудан кийинки категориядагы узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингине же Standard & Poors (АКШ), Fitch IBCA (Улуу Британия) рейтингдик агенттиктери жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун  

3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган эквиваленттүү рейтингге ээ болгон шартта. 

Мында банк «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун талаптарын сактоо менен узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингине ээ болбогон жеке эмитенттердин - Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин акцияларын сатып алууга укуктуу.»; 

- 25-пунктунун а) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Standard & Poor's, Fitch Ratings же Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган «ВВВ» же «Ваа2» деңгээлинен төмөн болбогон рейтингге ээ болгон шартта, эмитент/оригинатор - Кыргыз Республикасынын резидент эместери;». 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун: 

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар реестрин жүргүзүүнүн алкагында мамлекеттин 100% катышуу үлүшү бар банктар банкты контролдукка албаган жана алардын ишине таасир этпеген жактарды кошо алышпайт.  

Мында мамлекеттин 100% катышуу үлүшү бар банктар милдеттүү түрдө реестрге Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын  

52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактарды төмөнкү шарттарда киргизишет: 

- аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактарга кредиттерди жана кредитти алмаштыруучуларды берүүдө

- аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен кредиттик тобокелдикти камтыган бүтүмдөрдү түзүүдө.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына берилүүчү ар бир кредит (корреспонденттик иштин жүрүшүндө банктар аралык кредиттен тышкары) күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны сатып өткөрүү наркы төмөнкү өлчөмдөн кем болбоого тийиш:  

1) эгерде кредит улуттук экономиканын субъекттерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жолу менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чечими менен берилген кепилдик менен камсыз кылынса, кредиттин суммасынын 100 пайызы; 

2) эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздары же кредит берген банктын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо кредит суммасынын 120 пайызынан.  

Байланыштуу депозит, төмөнкүдөй корреспонденттик эсеп болуп саналбаган, өзүнчө мөөнөттүү аманатты (депозитти) билдирет:  

- берилип жаткан кредит мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөттө;  

- күрөө катары тиешелүү негизде таризделген;  

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынган;  

- кредит боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардарга жеткиликсиз болуп саналган.  

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркына банк тарабынан ай сайын, ал эми чет өлкө валютасындагы аманат (депозит) түрү боюнча - жума сайын/күн сайын кайра баа берилүүгө тийиш;  

3) кайсы болбосун башка күрөө түрүндө, кредит суммасынын 140 пайызынан.». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобонун: 

-12-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ коммерциялык банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;»; 

- 12-пунктунун 5-пунктчасынын а) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) эмитенттер Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AА-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген тиешелүү критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ;»; 

- 14-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары тарабынан, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар, мында банкка карата аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттер;  

2) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AA-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттердин баалуу кагаздары.»; 

- 15-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар;  

2) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A+» рейтингинен «А-» чейинки узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR)», Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттердин баалуу кагаздары;». 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 25 пунктунун: 

1-пунктчасынын 

- а) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБге жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин жана Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин банкноттору жана монеталары»

Эскертүү: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (мындан ары - Уюм). Аталган Уюмга мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтында жайгаштырылган.»; 

- г) жана д) абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына талаптар;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө талаптар (Өкмөттөр тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар);»; 

- ж) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«ж) ЕАЭБге жана Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин, ошондой эле Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон мамлекеттердин валюталарында туюндурулган, ошондой эле өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоого ээ активдер (же алардын бөлүгү);»; 

- 2-пунктчасынын б) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыздалган активдер (же алардын бөлүгү);»; 

3-пунктчасынын:  

- в) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;»; 

- д) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан, отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;»;  

- 5-пунктчасынын б), в), г) жана д) абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);   

в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;   

г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка аффилирленген уюм болуп саналган банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Ушул Жободо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан белгиленген максималдуу чектен төмөн жана минималдуу чектен жогору экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунушталат.   

Ченемдерди аткаруу максатында банктар рейтингдик агенттиктердин чыккан өлкөсүндө (ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде) жөнгө салынууга тийиш болгон рейтингдик баалоолорун жана баалоолорун пруденциалдык жөнгө салуунун алкагында таанылган жана төмөнкү критерийлерге жооп берген рейтингдик баалоолорду таанууга укуктуу: 

1) объективдүүлүк: 

- рейтингдик агенттик тарабынан колдонулган методология ишенимдүү болуп саналат жана дефолт жөнүндө буга чейинки жана (же) күтүлүп жаткан маалыматтардын негизинде текшерилүүгө тийиш, ошондой эле рейтинги аныктала турган адамдын өзүнө кабыл алынган финансылык милдеттенмелерди аткарууга жөндөмдүүлүгүн аныктаган бардык негизги сандык жана сапаттык факторлордун толук сыпаттамасын, ошондой эле алардын кредиттик рейтингдерге жана кредиттик рейтингдер боюнча болжолдорго тийгизген таасирин баяндоону камтыйт; 

2) көз карандысыздык: 

- рейтингдик агенттик мамлекеттик органдар же мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, квази-мамлекеттик уюмдар же саясий партиялар тарабынан көзөмөлдөнбөйт, булар рейтингдик агенттиктин ишине кийлигишпейт жана рейтинг ыйгаруу процесстерине таасир этпейт; 

- рейтингдик агенттик рейтинг ыйгарган, рейтингди тастыктаган же кайра карап чыккан юридикалык жактар рейтингдик агенттиктин аффилирленген жактары болуп саналбайт; 

- рейтинг ыйгарыла турган жакка карата рейтингдик иш-аракеттерге катышкан рейтингдик агенттиктин рейтингдик аналитиктери, рейтингдик иш-аракетти жүзөгө ашырган күнгө чейинки акыркы 3 (үч) жыл аралыгында рейтинг ыйгарыла турган жак менен эмгек же иш боюнча мамилеси жок жана болгон эмес, ошондой эле рейтинг ыйгарыла турган жакка контроль жүргүзгөн же мындай жакка олуттуу таасир тийгизген рейтинг ыйгарыла турган жактын же жактардын баалуу кагаздарына, башка финансылык инструменттерине же башка мүлкүнө тике же кыйыр түрдө, анын ичинде жакын туугандары аркылуу ээлик кылышпайт; 

- рейтингдик агенттик ички аудит же ички контроль кызматына ээ, анын ичинде директорлор кеңешине отчет берүүчү ички аудит функцияларын жүзөгө ашыруучу кызматка ээ; 

- рейтингдик агенттикте директорлор кеңешинин кеминде үчтөн бири, бирок экиден кем эмес мүчөсү рейтингдик иш-аракеттерди, рейтингдик агенттиктин кызмат көрсөтүүлөрүн жарнамалоону жана кардарларды тартуу боюнча башка аракеттерди жүзөгө ашырбаган көз карандысыз мүчөлөр болуп саналышат; 

- рейтингдик агенттиктин ар бир акционеринин акцияларына тике же кыйыр ээлик кылуу үлүшү ошол рейтингдик агенттиктин добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынын 50 (элүү) пайызынан ашпайт; 

- рейтингдик агенттиктин ички жол-жоболору маалыматтын туура эмес пайдаланылышын жана ачыкка чыгарылышын алдын алуу чараларын камсыз кылат жана маалыматтын корголушун, купуялуулугун камсыз кылат; 

3) эл аралык жеткиликтүүлүк/ачыктык: 

рейтингдик агенттик рейтингдик агенттиктин интернет-ресурсунда төмөнкү маалыматтарды ачыкка чыгарууну камсыз кылат: 

- рейтингди аныктоодо рейтингдик агенттик колдонгон методология; 

- акыркы жыл ичинде ыйгарылган кредиттик рейтингдердин тизмеси, ошондой эле өткөн акыркы календардык жылдын акырына карата абал боюнча рейтингдик агенттиктин түшкөн акчасынын жылдык көлөмүнүн үлүшү беш жана андан көп пайызды түзгөн рейтинг ыйгарыла турган жактардын жана башка жактардын тизмеси; 

4) маалыматты ачыкка чыгаруу 

рейтингдик агенттик төмөнкү маалыматтарды ачыкка чыгарат:  

- өзүнүн жүрүм-турум кодекси;  

- баа берилүүчү уюмдар менен компенсациялык келишимдердин жалпы мүнөзү;  

- кызыкчылыктардын каршы келип калышы, рейтингдик агенттиктин компенсациялык механизмдери, анын рейтингдерди баалоо методологиясы, анын ичинде дефолтту аныктоо, убакыт горизонту жана ар бир рейтингдин мааниси;  

- ар бир баалоо категориясы боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жана рейтингдердин өтүшү, мисалы, «АА» рейтинги убакыттын өтүшү менен «А» болуп калышы мүмкүн.  

Рейтинг чыккандан кийин мүмкүн болушунча эртерээк ачыкка чыгышы керек. Рейтингди ачыкка чыгарууда маалымат жөнөкөй тилде, кредиттик рейтингдердин мүнөзүн жана чектөөлөрүн, ошондой эле инвестицияларды жүзөгө ашырууда аларды негизсиз пайдалануу тобокелдигин көрсөтүү менен берилүүгө тийиш. 

5) рейтингдердин ишенимдүүлүгү жана ресурстары:  

- рейтингдик агенттик акыркы беш жылдан кем эмес туруктуу негизде рейтингдик иш-аракеттерди жүзөгө ашырат; 

- рейтингдик агенттик кредиттик рейтинг ыйгарган жана кайра карап чыккан уюмдардын саны отуздан кем эмес, анын ичинде акыркы үч жылда жыйырмадан кем эмес, алардын ичинен бештен кем эмеси финансылык уюмдар болуп саналышкан; 

- рейтингдик агенттик ыйгарылган рейтингдерге туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт, ошондой эле рейтинг ыйгарылган жактын финансылык абалындагы, корпоративдик башкаруудагы же ишинин башка аспекттериндеги өзгөрүүлөргө, макроэкономикалык шарттардын же финансы рыногунун шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөрүп жаткан факторлорго өз убагында жооп кайтарууну камсыз кылат, бул рейтинг ыйгарылган же акыркы жолу кайра каралган күндөн же колдонулган методологиянын акыркы жолу кайра каралган күнүнөн тартып календардык жылдан кечиктирилбестен рейтингдердин иш жүзүндө жаңыртылышы менен ырасталат.»; 

15-пунктунун: 

- он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер;»; 

- он үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар;»; 

22-пунктунун: 

- в) жана г) абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги, ошондой эле баалуу металл түрүндөгү каражаттар;   

г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер;»; 

- л) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«л) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар;»; 

26-пунктунун: 

- жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;»; 

- он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда алар кийинки (бир) операциялык күн ичинде төлөнө турган «овернайт» депозиттери;»; 

53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Standard & Poor's, Fitch Ratings, Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган «А» же «А2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100% өлчөмүнөн ашпоого тийиш.». 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоонун:  

8-пунктунун: 

- 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей кредиттик рейтингге ээ болгон коммерциялык банктарга жайгаштырылган каражаттар, ошондой эле ушундай банктар тарабынан гарантияланган кредиттер. Мындай өзгөчө учурларга ылайык келиши үчүн банктын ыйгарылган рейтингди тастыктоочу тиешелүү документтери болууга тийиш, атап айтканда: рейтингдик агенттиктин аталышы, рейтинг алгач ыйгарылган жана ыйгарылган рейтингдин акыркы жолу тастыкталган датасы, рейтинг жөнүндө алгылыктуу маалымат булагы, ошондой эле банк-корреспонденттин акыркы жылдык отчету.»; 

- 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөргө же борбордук банктарга карата талаптар.»; 

9-пунктунун: 

- 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан же эл аралык финансы институттары (ЕӨРБ, АӨБ ж.б.) тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар тарабынан гарантияланган талаптар.»; 

- 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар бенефициары болуп саналган банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелер.». 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

1. «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобо 

10. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестицияларды классификациялоо  

10.6. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына рыноктук эмес инвестициялар, финансы отчеттуулугун, келечектеги акча агымынын анализин, рыноктогу абалды, компаниянын бизнес-планын жана бул инвестициялардын сапатын баалоого өбөлгө түзүүчү башка маалыматтарды кошо алганда, инвестицияланып жаткан компания тууралуу маалымат жок болсо, минимум дегенде шектүү катары классификацияланат.  

Баалуу кагаздарга рыноктук эмес инвестициялар инвестицияланып жаткан компаниянын финансылык отчеттуулугу жөнүндө маалымат болгон учурда жана акча каражаттарынын келечектеги агымына, компаниянын рыноктогу абалына, компаниянын бизнес-планына талдоо жүргүзүлгөн болсо, ошондой эле бул инвестициялардын сапатын баалоого өбөлгө түзүүчү, докумен менен тастыкталган башка маалыматтарды кошо алганда, инвестицияланып жаткан компания тууралуу маалымат бар болгон учурда 5%дан 15%га чейинки өлчөмдө РППУну түзүү менен, кеминде «байкоого алынган актив» катары классификацияланат. 

10.8. Борбордук банктардын жана өкмөттөрдүн баалуу кагаздары адатта классификацияланбайт, бирок, ага карабастан банк бул мамлекеттердин борбордук банктары жана өкмөттөрү төлөөгө жөндөмдүү, ал эми бул баалуу кагаздарга баа түзүү транспаренттүү экендиги тууралуу тиешелүү маалыматты сунуштоого тийиш. Мисалы, Moody's Investors Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган узак мөөнөт ичинде кредиттөө жөндөмдүүлүгүнүн тастыктамасын же башка финансылык маалыматты.  

Эскертүү: Standart & Poors (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган рейтингге эквиваленттүү же , Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Ratings Service (DBRS) агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган рейтингге барабар болгон рейтинг.  

10.8. Борбордук банктардын жана өкмөттөрдүн баалуу кагаздары адатта классификацияланбайт, бирок, ага карабастан банк бул мамлекеттердин борбордук банктары жана өкмөттөрү төлөөгө жөндөмдүү, ал эми бул баалуу кагаздарга баа түзүү транспаренттүү экендиги тууралуу тиешелүү маалыматты сунуштоого тийиш. Мисалы, Moody's Investors Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган узак мөөнөт ичинде кредиттөө жөндөмдүүлүгүнүн тастыктамасын же башка финансылык маалыматты.  

Эскертүү: Standart & Poors (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган рейтингге эквиваленттүү же, Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Ratings Service (DBRS) агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган рейтингге барабар болгон рейтинг. 

1-тиркеме  

Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине анын эң жогорку жана андан кийинки листинг категорияларына кошулган баалуу кагаздарга карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР  

1. Баалуу кагаздар эмитентинин/оригинаторунун Standard & Poor's, Fitch Ratings же Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган "ВВВ" же "Ваа2" деңгээлинен төмөн болбогон шартта болушу.  

2. Бул баалуу кагаздар менен келишилген бүтүмдөр эпизоддук мүнөзгө ээ эмес, б.а. биржанын тоорук системасында 30 календардык күн аралыгында мына ушул баалуу кагаздар менен кеминде бир бүтүмгө келишилет;  

3. эмитент/оригинатор тарабынан мурда чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди ордун жабуу мөөнөттөрүнө ретроспективдүү анализдөөлөрдүн натыйжасы, чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткарууга тиешелүү эмитенттин/оригинатордун карызынын жок деп болжолдоого негиз берет.  

4. Баалуу кагаздар эмитентинин/оригинаторунун акыркы 3 (үч) жыл ичиндеги чыгымсыз иши.  

Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине анын эң жогорку жана андан кийинки листинг категорияларына кошулган баалуу кагаздарга карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР  

1. Баалуу кагаздар эмитентинин/оригинаторунун Standard & Poor's, Fitch Ratings, Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган «ВВВ» же «Ваа2» деңгээлинен төмөн болбогон шартта болушу. 

2. Бул баалуу кагаздар менен келишилген бүтүмдөр эпизоддук мүнөзгө ээ эмес, б.а. биржанын тоорук системасында 30 календардык күн аралыгында мына ушул баалуу кагаздар менен кеминде бир бүтүмгө келишилет;  

3. эмитент/оригинатор тарабынан мурда чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди ордун жабуу мөөнөттөрүнө ретроспективдүү анализдөөлөрдүн натыйжасы, чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткарууга тиешелүү эмитенттин/оригинатордун карызынын жок деп болжолдоого негиз берет.  

4. Баалуу кагаздар эмитентинин/оригинаторунун акыркы 3 (үч) жыл ичиндеги чыгымсыз иши 

2. «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобо 

5-глава. Баалуу кагаздар менен операциялар боюнча чектөөлөр  

24. Банк жеке эмитенттерден акцияларды сатып ала алат:   

- Кыргыз Республикасынын резиденттеринен - эмитент фондулук биржанын листингине эң жогорку категория боюнча киргизилген учурда гана;   

- Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен - эмитент Мооdy's Investor Service (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган эң жогоркудан төмөн болбогон жана эң жогоркудан кийинки категориядагы узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингине же Standard & Poors (АКШ), Fitch IBCA (Улуу Британия) рейтингдик агенттиктери ыйгарган эквиваленттүү рейтингге ээ болгон учурда гана.   

24. Банк жеке эмитенттерден акцияларды сатып ала алат:   

- Кыргыз Республикасынын резиденттеринен - эмитент фондулук биржанын листингине эң жогорку категория боюнча киргизилген учурда гана;   

- Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен - эмитент Мооdy's Investor Service (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган эң жогоркудан төмөн болбогон жана эң жогоркудан кийинки категориядагы узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингине же Standard & Poors (АКШ), Fitch IBCA (Улуу Британия) рейтингдик агенттиктери жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун  

3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган эквиваленттүү рейтингге ээ болгон шартта. 

Мында банк «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун талаптарын сактоо менен узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингине ээ болбогон жеке эмитенттердин - Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин акцияларын сатып алууга укуктуу. 

25. Банктар төмөнкүлөр тарабынан чыгарылган мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздар жана ислам баалуу кагаздары менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыра алышат:   

а) Standard & Poor's, Fitch Ratings же Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган «ВВВ» же «Ваа2» деңгээлинен төмөн болбогон шартта, эмитент/оригинатор - Кыргыз Республикасынын резидент эместери;   

б) эмитент/оригинатор - Кыргыз Республикасынын резиденти ошол эмитент төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырган шартта:   

- кеминде 4 (тɵрт) жыл иштеген болсо;   

- акыркы үч жыл ичинде финансылык отчет менен тастыкталган, көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан күбөлөндүрүлгөн туруктуу финансылык абалына (чыгымсыз), жана өнүгүүнүн оң финансылык узак мөөнөттүү келечектерине ээ;   

- долбоор боюнча акча каражаттардын жетиштүү агымдарына ээ, ага долбоордун рентабелдүүлүгүн/кирешелүүлүгүн кылдат иликтөөнүн жыйынтыктары менен тастыкталган карыздык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди тейлөөгө өбөлгө түзгөн карыздык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан каражаттар салынат.  

25. Банктар төмөнкүлөр тарабынан чыгарылган мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздар жана ислам баалуу кагаздары менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыра алышат:   

а) Standard & Poor's, Fitch Ratings же Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган «ВВВ» же «Ваа2» деңгээлинен төмөн болбогон рейтингге ээ болгон шартта, эмитент/оригинатор - Кыргыз Республикасынын резидент эместери; 

б) эмитент/оригинатор - Кыргыз Республикасынын резиденти ошол эмитент төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырган шартта:   

- кеминде 4 (тɵрт) жыл иштеген болсо;   

- акыркы үч жыл ичинде финансылык отчет менен тастыкталган, көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан күбөлөндүрүлгөн туруктуу финансылык абалына (чыгымсыз), жана өнүгүүнүн оң финансылык узак мөөнөттүү келечектерине ээ;   

- долбоор боюнча акча каражаттардын жетиштүү агымдарына ээ, ага долбоордун рентабелдүүлүгүн/кирешелүүлүгүн кылдат иликтөөнүн жыйынтыктары менен тастыкталган карыздык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди тейлөөгө өбөлгө түзгөн карыздык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан каражаттар салынат.  

3. «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоо 

1. Жалпы жоболор  

2. Банк аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар реестрин жүргүзүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) кызматкерлери андан тоскоолдуксуз пайдаланууга тийиш. Банк менен байланыштуу жактар реестринде эң аз дегенде банкта кызмат ордун ээлеген кызмат адамынын аты-жөнү, аны менен байланыштуу болгон жакын тууганынын аты-жөнү, анын тууганчылыгы (ата-энеси, аялы, күйөөсү ж.б.) жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. Банкта маалыматтын сакталышын камсыздаган коопсуздук системасы орнотулган шартта, реестрди электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет.   

3. Банк менен аффилирленген жактын иши, аффилирленген жактардын санына карабастан, алардын өз ара иш алып баруусу банктын капиталында чектүү катышууга негизденген компания менен жактардын өз ара байланышуусу боюнча көзөмөлгө алынышы мүмкүн.   

Аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар реестрин жүргүзүүнүн алкагында мамлекеттин 100% катышуу үлүшү бар банктар банкты контролдукка албаган жана алардын ишине таасир этпеген жактарды кошо алышпайт.  

Мында мамлекеттин 100% катышуу үлүшү бар банктар милдеттүү түрдө реестрге Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын  

52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактарды төмөнкү шарттарда киргизишет: 

- аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактарга кредиттерди жана кредитти алмаштыруучуларды берүүдө

- аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен кредиттик тобокелдикти камтыган бүтүмдөрдү түзүүдө

3. Банк менен аффилирленген жактын иши, аффилирленген жактардын санына карабастан, алардын өз ара иш алып баруусу банктын капиталында чектүү катышууга негизденген компания менен жактардын өз ара байланышуусу боюнча көзөмөлгө алынышы мүмкүн.  

2. Операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөрдү келишүү тартиби  

21. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына берилүүчү ар бир кредит (корреспонденттик иштин жүрүшүндө банктар аралык кредиттен тышкары) күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны сатып өткөрүү наркы төмөнкү өлчөмдөн кем болбоого тийиш:  

1) эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздары же кредит берген банктын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо кредит суммасынын 120 пайызынан.  

Байланыштуу депозит, төмөнкүдөй корреспонденттик эсеп болуп саналбаган, өзүнчө мөөнөттүү аманатты (депозитти) билдирет:  

- берилип жаткан кредит мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөттө;  

- күрөө катары тиешелүү негизде тариздетилген;  

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынган;  

- кредит боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардарга жеткиликсиз болуп саналган.  

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркына банк тарабынан ай сайын, ал эми чет өлкө валютасындагы аманат (депозит) түрү боюнча - жума сайын/күн сайын кайра баа берилүүгө тийиш;  

2) кайсы болбосун башка күрөө түрүндө, кредит суммасынын 140 пайызынан.  

21. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына берилүүчү ар бир кредит (корреспонденттик иштин жүрүшүндө банктар аралык кредиттен тышкары) күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны сатып өткөрүү наркы төмөнкү өлчөмдөн кем болбоого тийиш:  

1) эгерде кредит улуттук экономиканын субъекттерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жолу менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чечими менен берилген кепилдик менен камсыз кылынса, кредиттин суммасынын 100 пайызы; 

2) эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздары же кредит берген банктын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо кредит суммасынын 120 пайызынан.  

Байланыштуу депозит, төмөнкүдөй корреспонденттик эсеп болуп саналбаган, өзүнчө мөөнөттүү аманатты (депозитти) билдирет:  

- берилип жаткан кредит мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөттө;  

- күрөө катары тиешелүү негизде таризделген;  

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынган;  

- кредит боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардарга жеткиликсиз болуп саналган.  

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркына банк тарабынан ай сайын, ал эми чет өлкө валютасындагы аманат (депозит) түрү боюнча - жума сайын/күн сайын кайра баа берилүүгө тийиш;  

3) кайсы болбосун башка күрөө түрүндө, кредит суммасынын 140 пайызынан. 

4. «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобо   

§ 2. Жогорку ликвиддүү активдер   

12. Биринчи деңгээлдеги активдер:  

Биринчи деңгээлдеги жогорку ликвидүү активдер катары төмөнкү активдер таанылат:  

1) банктагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары, ошондой эле Улуттук банк тарабынын чыгарылган аффинаждалган өлчөнгөн куймалар;  

2) Улуттук банктын корреспонденттик жана башка эсептеринде сакталган каражаттар (эсептөө күнүнө карата милдеттүү камдардын минималдуу белгиленген чектүү деңгээлинен тышкары);   

3) Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ коммерциялык банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;  

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар;  

5) чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын, эл аралык финансы уюмдарынын баалуу кагаздары, анын ичинде алар тарабынан гарантияланган жана төмөнкү шарттардын ар бирине ылайык келүүчү баалуу кагаздар:  

а) эмитенттер Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AА-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ;  

б) банктардын чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын, эл аралык финансы уюмдарынын же алар менен аффилирленген уюмдардын алдында милдеттенмелери жок.   

13. Биринчи деңгээлдеги активдер ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөөгө толугу менен киргизилет.   

12. Биринчи деңгээлдеги активдер:  

Биринчи деңгээлдеги жогорку ликвидүү активдер катары төмөнкү активдер таанылат:  

1) банктагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары, ошондой эле Улуттук банк тарабынын чыгарылган аффинаждалган өлчөнгөн куймалар;  

2) Улуттук банктын корреспонденттик жана башка эсептеринде сакталган каражаттар (эсептөө күнүнө карата милдеттүү камдардын минималдуу белгиленген чектүү деңгээлинен тышкары);   

3) Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ коммерциялык банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар;  

5) чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын, эл аралык финансы уюмдарынын баалуу кагаздары, анын ичинде алар тарабынан гарантияланган жана төмөнкү шарттардын ар бирине ылайык келүүчү баалуу кагаздар:  

а) эмитенттер Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AА-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген тиешелүү критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ; 

б) банктардын чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын, эл аралык финансы уюмдарынын же алар менен аффилирленген уюмдардын алдында милдеттенмелери жок.   

13. Биринчи деңгээлдеги активдер ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөөгө толугу менен киргизилет.   

14. 2A деңгээлиндеги активдер:  

2A деңгээлиндеги активдер 15 пайыз өлчөмүндөгү дисконттун коэффициентин колдонуу менен адилет (рыноктук) наркы боюнча эсептелет.  

2A деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер болуп, төмөнкү активдер таанылат:   

1) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары тарабынан, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар, мында банкка карата аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттер;  

2) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AA-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттердин баалуу кагаздары.   

14. 2A деңгээлиндеги активдер:  

2A деңгээлиндеги активдер 15 пайыз өлчөмүндөгү дисконттун коэффициентин колдонуу менен адилет (рыноктук) наркы боюнча эсептелет.  

2A деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер болуп, төмөнкү активдер таанылат:   

1) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары тарабынан, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар, мында банкка карата аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттер;  

2) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AA-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттердин баалуу кагаздары. 

15. 2Б деңгээлиндеги активдер:  

2Б деңгээлиндеги активдер 50 пайыз өлчөмүндөгү дисконттун коэффициентин колдонуу менен, адилет (рыноктук) наркы боюнча эсептелет.   

2Б деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер болуп, төмөнкү активдер таанылат:   

1) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар;  

2) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A+» рейтингинен « А-» чейинки узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR)», Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттердин баалуу кагаздары;  

3) банктардын өзү же анын кайсы бир туунду компаниясы тарабынан чыгарылган кадимки акцияларды кошпогондо, компаниянын эл аралык фондулук биржаларда эркин жүгүртүлүүчү кадимки акциялары.  

15. 2Б деңгээлиндеги активдер:  

2Б деңгээлиндеги активдер 50 пайыз өлчөмүндөгү дисконттун коэффициентин колдонуу менен, адилет (рыноктук) наркы боюнча эсептелет.   

2Б деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер болуп, төмөнкү активдер таанылат:   

1) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар;  

2) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A+» рейтингинен «А-» чейинки узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR)», Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттердин баалуу кагаздары; 

3) банктардын өзү же анын кайсы бир туунду компаниясы тарабынан чыгарылган кадимки акцияларды кошпогондо, компаниянын эл аралык фондулук биржаларда эркин жүгүртүлүүчү кадимки акциялары.  

5. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоо 

4-глава. Баланстык активдерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү  

25. Кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөр/контрагенттердин түрүнө жараша баланстык активдер төмөнкү категорияларга бөлүнөт:   

1) 1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%):   

а) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБге жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин жана Standard & Poor's рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин банкноттору жана монеталары.   

Эскертүү: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (мындан ары - Уюм). Аталган Уюмга мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтында жайгаштырылган.   

б) Улуттук банкка коюлган талаптар;   

в) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине коюлган талаптар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чыгарган баалуу кагаздар жана башка талаптар);   

г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына талаптар;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө талаптар (Өкмөттөр тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар);   

е) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоого ээ активдер (же алардын бөлүгү).   

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу чыгымдардын жана жоготуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык.   

ж) ЕАЭБге жана Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин, ошондой эле Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон мамлекеттердин валюталарында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоого ээ активдер (же алардын бөлүгү);   

з) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын;   

2) 2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%):   

а) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыз болгон активдер (же алардын бөлүгү);   

б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыздалган активдер (же алардын бөлүгү);   

3) 3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%):   

а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;   

б) стандарттык куймалардагы алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар;   

в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;   

г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан, отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;   

4) 4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%):   

а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак жай сатып алуу же куруу үчүн берилген жана ушул турак жай боюнча биринчи күрөө менен гарантияланган кредиттер. Аталган категорияга бул үйдө же квартирада жашоого ниеттенген, б.а. турак жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттарда (сатуу, ижарага берүү ж.б.) пайдаланбай турган жактарга берилген ссудалар гана кирет.   

Эгерде бул кредиттерди төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашык мөөнөткө өткөрүлүп жиберилсе жана/же реструктуризацияланган болсо, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.   

б) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды эске албаганда, өлчөнгөн куйма түрүндө алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар;   

в) коммерциялык банктар тарабынан мамлекеттик программалар, анын ичинде банктардын өз каражаттарынын эсебинен айыл чарбасын жана экспортко багыт алган жана импортту алмаштыруу жагында иш алып барган ишканаларды каржылоого байланыштуу, ошондой эле республиканын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка мамлекеттик программалар боюнча берилген кредиттер.   

Эгерде бул кредиттердин мөөнөтү 90 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе жана/же кайталап реструктуризацияланган болсо, анда алар 100% кредиттик тобокелдик деңгээлине ээ 5-категорияда көрсөтүлөт.   

Эскертүү: мамлекеттик программаларга республикалык бюджеттен жарым-жартылай/толугу менен каржыланган же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу, анын ичинде мамлекет тарабынан түзүлгөн уюмдар менен биргеликте каржылоо; эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагында программалар.   

5) 5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%):   

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;   

б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);   

в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;   

г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка аффилирленген уюм болуп саналган банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;   

е) коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана 4-категорияда көрсөтүлгөндөн тышкары башка кредиттер;   

ж) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги;   

з) инвестициялар жана ушул Нускоонун 21-пунктунун 3-пунктчасында каралган эсептеп алып салууларды минуска чыгаруу менен финансылык катышуу;   

и) 1, 2, 3, 4, 6 жана 7-категорияларга кирбеген башка активдер;   

6) 6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 150%):   

- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин валютасындагы кредиттерди кошпогондо, ошондой эле 4-категорияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чет өлкө валютасында коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана башка кредиттер;   

7) 7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 200%):   

- жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада кредит берүү учурунда номиналдык жылдык чени 30% же андан ашык болгон кредиттер. 

25. Кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөр/контрагенттердин түрүнө жараша баланстык активдер төмөнкү категорияларга бөлүнөт:   

1) 1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%):   

а) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБге жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин жана Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин банкноттору жана монеталары»

Эскертүү: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (мындан ары - Уюм). Аталган Уюмга мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтында жайгаштырылган. 

б) Улуттук банкка коюлган талаптар;   

в) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине коюлган талаптар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чыгарган баалуу кагаздар жана башка талаптар);   

г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына талаптар;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө талаптар (Өкмөттөр тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар);   

е) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоого ээ активдер (же алардын бөлүгү).   

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу чыгымдардын жана жоготуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык.   

ж) ЕАЭБге жана Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин, ошондой эле Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон мамлекеттердин валюталарында туюндурулган, ошондой эле өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоого ээ активдер (же алардын бөлүгү); 

з) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын;   

2) 2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%):   

а) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыз болгон активдер (же алардын бөлүгү);   

б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыздалган активдер (же алардын бөлүгү);  

3) 3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%):   

а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;   

б) стандарттык куймалардагы алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар;   

в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан, отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;   

4) 4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%):   

а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак жай сатып алуу же куруу үчүн берилген жана ушул турак жай боюнча биринчи күрөө менен гарантияланган кредиттер. Аталган категорияга бул үйдө же квартирада жашоого ниеттенген, б.а. турак жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттарда (сатуу, ижарага берүү ж.б.) пайдаланбай турган жактарга берилген ссудалар гана кирет.   

Эгерде бул кредиттерди төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашык мөөнөткө өткөрүлүп жиберилсе жана/же реструктуризацияланган болсо, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.   

б) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды эске албаганда, өлчөнгөн куйма түрүндө алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар;   

в) коммерциялык банктар тарабынан мамлекеттик программалар, анын ичинде банктардын өз каражаттарынын эсебинен айыл чарбасын жана экспортко багыт алган жана импортту алмаштыруу жагында иш алып барган ишканаларды каржылоого байланыштуу, ошондой эле республиканын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка мамлекеттик программалар боюнча берилген кредиттер.   

Эгерде бул кредиттердин мөөнөтү 90 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе жана/же кайталап реструктуризацияланган болсо, анда алар 100% кредиттик тобокелдик деңгээлине ээ 5-категорияда көрсөтүлөт.   

Эскертүү: мамлекеттик программаларга республикалык бюджеттен жарым-жартылай/толугу менен каржыланган же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу, анын ичинде мамлекет тарабынан түзүлгөн уюмдар менен биргеликте каржылоо; эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагында программалар.   

5) 5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%):   

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;   

б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);   

в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;   

г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка аффилирленген уюм болуп саналган банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар; 

е) коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана 4-категорияда көрсөтүлгөндөн тышкары башка кредиттер;   

ж) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги;   

з) инвестициялар жана ушул Нускоонун 21-пунктунун 3-пунктчасында каралган эсептеп алып салууларды минуска чыгаруу менен финансылык катышуу;   

и) 1, 2, 3, 4, 6 жана 7-категорияларга кирбеген башка активдер;   

6) 6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 150%):   

- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин валютасындагы кредиттерди кошпогондо, ошондой эле 4-категорияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чет өлкө валютасында коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана башка кредиттер;   

7) 7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 200%):   

- жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада кредит берүү учурунда номиналдык жылдык чени 30% же андан ашык болгон кредиттер. 

6. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобо 

1-глава. Жалпы жоболор 

3. Ушул Жободо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан белгиленген максималдуу чектен төмөн жана минималдуу чектен жогору экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунушталат.   

3. Ушул Жободо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан белгиленген максималдуу чектен төмөн жана минималдуу чектен жогору экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунушталат.   

Ченемдерди аткаруу максатында банктар рейтингдик агенттиктердин чыккан өлкөсүндө (ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде) жөнгө салынууга тийиш болгон рейтингдик баалоолорун жана баалоолорун пруденциалдык жөнгө салуунун алкагында таанылган жана төмөнкү критерийлерге жооп берген рейтингдик баалоолорду таанууга укуктуу: 

1) объективдүүлүк: 

- рейтингдик агенттик тарабынан колдонулган методология ишенимдүү болуп саналат жана дефолт жөнүндө буга чейинки жана (же) күтүлүп жаткан маалыматтардын негизинде текшерилүүгө тийиш, ошондой эле рейтинги аныктала турган адамдын өзүнө кабыл алынган финансылык милдеттенмелерди аткарууга жөндөмдүүлүгүн аныктаган бардык негизги сандык жана сапаттык факторлордун толук сыпаттамасын, ошондой эле алардын кредиттик рейтингдерге жана кредиттик рейтингдер боюнча болжолдорго тийгизген таасирин баяндоону камтыйт; 

2) көз карандысыздык: 

- рейтингдик агенттик мамлекеттик органдар же мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, квази-мамлекеттик уюмдар же саясий партиялар тарабынан көзөмөлдөнбөйт, булар рейтингдик агенттиктин ишине кийлигишпейт жана рейтинг ыйгаруу процесстерине таасир этпейт; 

- рейтингдик агенттик рейтинг ыйгарган, рейтингди тастыктаган же кайра карап чыккан юридикалык жактар рейтингдик агенттиктин аффилирленген жактары болуп саналбайт; 

- рейтинг ыйгарыла турган жакка карата рейтингдик иш-аракеттерге катышкан рейтингдик агенттиктин рейтингдик аналитиктери, рейтингдик иш-аракетти жүзөгө ашырган күнгө чейинки акыркы 3 (үч) жыл аралыгында рейтинг ыйгарыла турган жак менен эмгек же иш боюнча мамилеси жок жана болгон эмес, ошондой эле рейтинг ыйгарыла турган жакка контроль жүргүзгөн же мындай жакка олуттуу таасир тийгизген рейтинг ыйгарыла турган жактын же жактардын баалуу кагаздарына, башка финансылык инструменттерине же башка мүлкүнө тике же кыйыр түрдө, анын ичинде жакын туугандары аркылуу ээлик кылышпайт; 

- рейтингдик агенттик ички аудит же ички контроль кызматына ээ, анын ичинде директорлор кеңешине отчет берүүчү ички аудит функцияларын жүзөгө ашыруучу кызматка ээ; 

- рейтингдик агенттикте директорлор кеңешинин кеминде үчтөн бири, бирок экиден кем эмес мүчөсү рейтингдик иш-аракеттерди, рейтингдик агенттиктин кызмат көрсөтүүлөрүн жарнамалоону жана кардарларды тартуу боюнча башка аракеттерди жүзөгө ашырбаган көз карандысыз мүчөлөр болуп саналышат; 

- рейтингдик агенттиктин ар бир акционеринин акцияларына тике же кыйыр ээлик кылуу үлүшү ошол рейтингдик агенттиктин добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынын 50 (элүү) пайызынан ашпайт; 

- рейтингдик агенттиктин ички жол-жоболору маалыматтын туура эмес пайдаланылышын жана ачыкка чыгарылышын алдын алуу чараларын камсыз кылат жана маалыматтын корголушун, купуялуулугун камсыз кылат; 

3) эл аралык жеткиликтүүлүк/ачыктык: 

рейтингдик агенттик рейтингдик агенттиктин интернет-ресурсунда төмөнкү маалыматтарды ачыкка чыгарууну камсыз кылат: 

- рейтингди аныктоодо рейтингдик агенттик колдонгон методология; 

- акыркы жыл ичинде ыйгарылган кредиттик рейтингдердин тизмеси, ошондой эле өткөн акыркы календардык жылдын акырына карата абал боюнча рейтингдик агенттиктин түшкөн акчасынын жылдык көлөмүнүн үлүшү беш жана андан көп пайызды түзгөн рейтинг ыйгарыла турган жактардын жана башка жактардын тизмеси; 

4) маалыматты ачыкка чыгаруу 

рейтингдик агенттик төмөнкү маалыматтарды ачыкка чыгарат:  

- өзүнүн жүрүм-турум кодекси;  

- баа берилүүчү уюмдар менен компенсациялык келишимдердин жалпы мүнөзү;  

- кызыкчылыктардын каршы келип калышы, рейтингдик агенттиктин компенсациялык механизмдери, анын рейтингдерди баалоо методологиясы, анын ичинде дефолтту аныктоо, убакыт горизонту жана ар бир рейтингдин мааниси;  

- ар бир баалоо категориясы боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жана рейтингдердин өтүшү, мисалы, «АА» рейтинги убакыттын өтүшү менен «А» болуп калышы мүмкүн.  

Рейтинг чыккандан кийин мүмкүн болушунча эртерээк ачыкка чыгышы керек. Рейтингди ачыкка чыгарууда маалымат жөнөкөй тилде, кредиттик рейтингдердин мүнөзүн жана чектөөлөрүн, ошондой эле инвестицияларды жүзөгө ашырууда аларды негизсиз пайдалануу тобокелдигин көрсөтүү менен берилүүгө тийиш. 

5) рейтингдердин ишенимдүүлүгү жана ресурстары:  

- рейтингдик агенттик акыркы беш жылдан кем эмес туруктуу негизде рейтингдик иш-аракеттерди жүзөгө ашырат; 

- рейтингдик агенттик кредиттик рейтинг ыйгарган жана кайра карап чыккан уюмдардын саны отуздан кем эмес, анын ичинде акыркы үч жылда жыйырмадан кем эмес, алардын ичинен бештен кем эмеси финансылык уюмдар болуп саналышкан; 

- рейтингдик агенттик ыйгарылган рейтингдерге туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт, ошондой эле рейтинг ыйгарылган жактын финансылык абалындагы, корпоративдик башкаруудагы же ишинин башка аспекттериндеги өзгөрүүлөргө, макроэкономикалык шарттардын же финансы рыногунун шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөрүп жаткан факторлорго өз убагында жооп кайтарууну камсыз кылат, бул рейтинг ыйгарылган же акыркы жолу кайра каралган күндөн же колдонулган методологиянын акыркы жолу кайра каралган күнүнөн тартып календардык жылдан кечиктирилбестен рейтингдердин иш жүзүндө жаңыртылышы менен ырасталат. 

4-глава. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3)   

15. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат:   

К3.1 = (ЛА / ОБ) * 100%,   

мында:   

1) ЛА - ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет:   

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валюталарындагы накталай акча каражаттары;   

- Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар, анын ичинде баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;   

- банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар, ошондой эле баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;   

- ордун жабуу мөөнөтү 7 (жети) күндүк банктар аралык депозиттер;   

- мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) жана Улуттук банкы тарабынан чыгарылган башка жогору ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары - жогору ликвиддүү баалуу кагаздар). Бул баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө премияны (дисконтту) жана ишке ашырылбаган пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эске алынат;   

- Улуттук банк тарабынан эмитирленген өлчөнгөн алтын куймалар;   

- эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, "BB" же "Ва2" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер;   

- репо-келишими боюнча сатылып алынган жогору ликвиддүү баалуу кагаздар;   

- Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар;   

2) ОБ - банктын милдеттенмелери, аларга ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө төмөнкүлөр кирет:   

- келишимде белгиленген азайтылбаган калдыкты эске албаганда (келишим токтотулганга чейин колдонууга болбой турган), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары;   

- келишимде белгиленген азайтылбаган калдыкты эске албаганда, эгерде келишим шарттарында келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз, мөөнөтү бүткөнгө чейин же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин кардар тарабынан акча каражаттарын бөлүп толуктоо же бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы;   

- банк тарабынан чыгарылган векселдерди жана башка баалуу кагаздарды кошо алганда, кайсы болбосун башка милдеттенмелер, алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук күндөн кийинки 30 (отуз) күн ичинде келип жеткен кайтарым репо-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелер, ошондой эле келишим боюнча аларды аткаруу мөөнөтү отчеттук күндөн кийинки 30 (отуз) күн ичинде келип жеткен баланстан тышкаркы милдеттенмелер.   

Милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү аныкталбаган баланстан тышкаркы милдеттенмелер (шартсыз түрдө аткаруу милдеттенмеси менен банктык гарантиялар, аккредитивдер жана кредиттик линиялар) ликвиддүүлүк коэффициентин эсептөөдө мындай баланстан тышкаркы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 10 пайызы өлчөмүндө эсептөөгө киргизилет.   

Эскертүү: алар боюнча ар бир транш өзүнчө кредит катары каралган кредиттик линиялар боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелер ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөгө киргизилбейт.   

Мында, банктын своп жана форвард бүтүмдөрү боюнча милдеттенмелери банктын контрагентке карата талаптарын минуска чыгаруу менен милдеттенмелердин таза наркынын негизинде эске алынат.   

- банктын талап боюнча төлөнүүчү металл эсептери жана жакынкы 30 (отуз) күн ичинде аткаруу мөөнөтү менен милдеттенмелери.   

15. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат:   

К3.1 = (ЛА / ОБ) * 100%,   

мында:   

1) ЛА - ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет:   

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валюталарындагы накталай акча каражаттары;   

- Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар, анын ичинде баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;   

- банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар, ошондой эле баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;   

- ордун жабуу мөөнөтү 7 (жети) күндүк банктар аралык депозиттер;   

- мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) жана Улуттук банкы тарабынан чыгарылган башка жогору ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары - жогору ликвиддүү баалуу кагаздар). Бул баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө премияны (дисконтту) жана ишке ашырылбаган пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эске алынат;   

- Улуттук банк тарабынан эмитирленген өлчөнгөн алтын куймалар;   

- эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер; 

- репо-келишими боюнча сатылып алынган жогору ликвиддүү баалуу кагаздар;   

- Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар; 

2) ОБ - банктын милдеттенмелери, аларга ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө төмөнкүлөр кирет:   

- келишимде белгиленген азайтылбаган калдыкты эске албаганда (келишим токтотулганга чейин колдонууга болбой турган), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары;   

- келишимде белгиленген азайтылбаган калдыкты эске албаганда, эгерде келишим шарттарында келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз, мөөнөтү бүткөнгө чейин же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин кардар тарабынан акча каражаттарын бөлүп толуктоо же бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы;   

- банк тарабынан чыгарылган векселдерди жана башка баалуу кагаздарды кошо алганда, кайсы болбосун башка милдеттенмелер, алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук күндөн кийинки 30 (отуз) күн ичинде келип жеткен кайтарым репо-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелер, ошондой эле келишим боюнча аларды аткаруу мөөнөтү отчеттук күндөн кийинки 30 (отуз) күн ичинде келип жеткен баланстан тышкаркы милдеттенмелер.   

Милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү аныкталбаган баланстан тышкаркы милдеттенмелер (шартсыз түрдө аткаруу милдеттенмеси менен банктык гарантиялар, аккредитивдер жана кредиттик линиялар) ликвиддүүлүк коэффициентин эсептөөдө мындай баланстан тышкаркы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 10 пайызы өлчөмүндө эсептөөгө киргизилет.   

Эскертүү: алар боюнча ар бир транш өзүнчө кредит катары каралган кредиттик линиялар боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелер ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөгө киргизилбейт.   

Мында, банктын своп жана форвард бүтүмдөрү боюнча милдеттенмелери банктын контрагентке карата талаптарын минуска чыгаруу менен милдеттенмелердин таза наркынын негизинде эске алынат.   

- банктын талап боюнча төлөнүүчү металл эсептери жана жакынкы 30 (отуз) күн ичинде аткаруу мөөнөтү менен милдеттенмелери.   

22. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:   

К3.2 = (ВЛА / КОБ) * 100,   

мында:   

1) ВЛА - жогору ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет:   

а) банктын кассаларындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы накталай акча каражаттары;   

б) Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар, анын ичинде баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;   

в) аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, "BB" же "Ва2" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги, ошондой эле баалуу металл түрүндөгү каражаттар;   

г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, "BB" же "Ва2" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер;   

д) Улуттук банктын ноталары;   

е) Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 12 (он эки) ай ичинде келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаздар;   

ж) Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, (ушул пункттун 1-пунктчасынын "е" абзацында көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) алдында милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50% ашпаган өлчөмдө мамлекеттик баалуу кагаздардын үлүшү;   

з) репо-келишими боюнча сатылып алынган жогору ликвиддүү баалуу кагаздар;   

и) аффилирленген банктарды, ушул пункттун 1-пунктчасынын "в" абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл киргизилген же жоюу жол-жобосу жүзөгө ашырылып жаткан банктарды кошпогондо, башка банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттардын 20%;   

к) чет өлкө банкынын филиалы үчүн - ушул чет өлкө банкынын башка филиалдарындагы жана ошол мамлекеттин валютасында ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;   

л) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар;   

2) КОБ - кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:   

а) келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты (келишим жокко чыгарылганга чейин алууга мүмкүн болбогон) эске албаганда, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары;   

б) келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишим шарттарында келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз, мөөнөтү бүткөнгө чейин же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин кардардын акча каражаттарын бөлүп толуктоо же бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы;   

в) алар боюнча эсептешүүлөр 7 (жети) күн ичинде келип жетүүчү башка милдеттенмелер, ошондой эле келишим боюнча аларды аткаруу мөөнөтү отчеттук күндөн кийинки 7 (жети) күн ичинде келип жетүүчү баланстан тышкаркы милдеттенмелер. Мында, банктын своп жана форвард бүтүмдөрү боюнча милдеттенмелери банктын контрагентке карата талаптарын минуска чыгаруу менен милдеттенмелердин таза наркынын негизинде эсепке алынат.   

Ликвиддүүлүк коэффициентин эсептөөдө аткаруу мөөнөтү аныкталбаган баланстан тышкаркы милдеттенмелер (шартсыз түрдө аткаруу милдеттенмеси менен банктык гарантиялар, аккредитивдер жана кредиттик линиялар) мындай баланстан тышкаркы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 10 пайызы өлчөмүндө эсептөөгө киргизилет.   

Эскертүү: алар боюнча ар бир транш өзүнчө кредит катары каралган кредиттик линиялар боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелер кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөгө киргизилбейт;  

г) ушул пунктчанын "а" - "в" абзацтарында камтылбаган, Социалдык фонд алдында милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50%;   

д) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча жана аткаруу мөөнөтү жакынкы 7 (жети) күн ичинде келип жеткен милдеттенмелери.   

22. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:   

К3.2 = (ВЛА / КОБ) * 100,   

мында:   

1) ВЛА - жогору ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет:   

а) банктын кассаларындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы накталай акча каражаттары;   

б) Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар, анын ичинде баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;   

в) аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги, ошондой эле баалуу металл түрүндөгү каражаттар;   

г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер;   

д) Улуттук банктын ноталары;   

е) Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 12 (он эки) ай ичинде келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаздар;   

ж) Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, (ушул пункттун 1-пунктчасынын "е" абзацында көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) алдында милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50% ашпаган өлчөмдө мамлекеттик баалуу кагаздардын үлүшү;   

з) репо-келишими боюнча сатылып алынган жогору ликвиддүү баалуу кагаздар;   

и) аффилирленген банктарды, ушул пункттун 1-пунктчасынын "в" абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл киргизилген же жоюу жол-жобосу жүзөгө ашырылып жаткан банктарды кошпогондо, башка банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттардын 20%;   

к) чет өлкө банкынын филиалы үчүн - ушул чет өлкө банкынын башка филиалдарындагы жана ошол мамлекеттин валютасында ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;   

л) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар; 

2) КОБ - кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:   

а) келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты (келишим жокко чыгарылганга чейин алууга мүмкүн болбогон) эске албаганда, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары;   

б) келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишим шарттарында келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз, мөөнөтү бүткөнгө чейин же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин кардардын акча каражаттарын бөлүп толуктоо же бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы;   

в) алар боюнча эсептешүүлөр 7 (жети) күн ичинде келип жетүүчү башка милдеттенмелер, ошондой эле келишим боюнча аларды аткаруу мөөнөтү отчеттук күндөн кийинки 7 (жети) күн ичинде келип жетүүчү баланстан тышкаркы милдеттенмелер. Мында, банктын своп жана форвард бүтүмдөрү боюнча милдеттенмелери банктын контрагентке карата талаптарын минуска чыгаруу менен милдеттенмелердин таза наркынын негизинде эсепке алынат.   

Ликвиддүүлүк коэффициентин эсептөөдө аткаруу мөөнөтү аныкталбаган баланстан тышкаркы милдеттенмелер (шартсыз түрдө аткаруу милдеттенмеси менен банктык гарантиялар, аккредитивдер жана кредиттик линиялар) мындай баланстан тышкаркы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 10 пайызы өлчөмүндө эсептөөгө киргизилет.   

Эскертүү: алар боюнча ар бир транш өзүнчө кредит катары каралган кредиттик линиялар боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелер кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөгө киргизилбейт;  

г) ушул пунктчанын "а" - "в" абзацтарында камтылбаган, Социалдык фонд алдында милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50%;   

д) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча жана аткаруу мөөнөтү жакынкы 7 (жети) күн ичинде келип жеткен милдеттенмелери.   

26. Дароо ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат:   

К3.3 = (ВЛА / КОБ) * 100%,   

мында:   

1) ВЛА - жогору ликвиддүү активдер:   

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;   

- Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар;   

- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, "BB" же "Ва2" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;   

- аффилирленген банктарды, ушул пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөлдүк чарасы же болбосо жоюу жол-жобосу киргизилген банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20%;   

- чет өлкө банкынын филиалы үчүн - ошол чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан башка филиалдарында жана көрсөтүлгөн мамлекеттердин валютасында ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;   

- банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган ноталарды эске албаганда, Улуттук банктын ноталары;   

- банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда, Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 7 (жети) күндөн кийин келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаздар;   

- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, "BB" же "Ва2" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда алар кийинки (бир) операциялык күн ичинде төлөнө турган "овернайт" депозиттери;   

2) КОБ - кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:   

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүлөрдөгү акча каражаттары;   

- алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук операциялык күн ичинде келип жеткен башка милдеттенмелер, анын ичинде баланстан тышкаркы милдеттенмелер.   

26. Дароо ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат:   

К3.3 = (ВЛА / КОБ) * 100%,   

мында:   

1) ВЛА - жогору ликвиддүү активдер:   

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;   

- Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар;   

- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;  

- аффилирленген банктарды, ушул пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөлдүк чарасы же болбосо жоюу жол-жобосу киргизилген банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20%;   

- чет өлкө банкынын филиалы үчүн - ошол чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан башка филиалдарында жана көрсөтүлгөн мамлекеттердин валютасында ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;   

- банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган ноталарды эске албаганда, Улуттук банктын ноталары;   

- банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда, Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 7 (жети) күндөн кийин келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаздар;   

- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда алар кийинки (бир) операциялык күн ичинде төлөнө турган «овернайт» депозиттери;   

2) КОБ - кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:   

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүлөрдөгү акча каражаттары;   

- алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук операциялык күн ичинде келип жеткен башка милдеттенмелер, анын ичинде баланстан тышкаркы милдеттенмелер.   

11-глава. Мамлекеттик баалуу кагаздарга, башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициянын көлөмү  

53. Standard & Poor's, Fitch Ratings же Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган "А" же "А2" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100% өлчөмүнөн ашпоого тийиш.   

53. Standard & Poor's, Fitch Ratings, Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган «А» же «А2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

7. «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө»  нускоо 

3-глава. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин  максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөгү өзгөчө учурлар  

8. Күрөөгө байланыштуу болбогон өзгөчө учурлар:  

1) Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги каражаттар.  

2) Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей кредиттик рейтингге ээ болгон коммерциялык банктарга жайгаштырылган каражаттар, ошондой эле ушундай банктар тарабынан гарантияланган кредиттер. Мындай өзгөчө учурларга ылайык келиши үчүн банктын ыйгарылган рейтингди тастыктоочу тиешелүү документтери болууга тийиш, атап айтканда: рейтингдик агенттиктин аталышы, рейтинг алгач ыйгарылган жана ыйгарылган рейтингдин акыркы жолу тастыкталган датасы, рейтинг жөнүндө алгылыктуу маалымат булагы, ошондой эле банк-корреспонденттин акыркы жылдык отчету.  

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздарына жайгаштырылган каражаттар же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздар.  

4) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөргө же борбордук банктарга карата талаптар.  

8. Күрөөгө байланыштуу болбогон өзгөчө учурлар:  

1) Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги каражаттар.  

2) Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей кредиттик рейтингге ээ болгон коммерциялык банктарга жайгаштырылган каражаттар, ошондой эле ушундай банктар тарабынан гарантияланган кредиттер. Мындай өзгөчө учурларга ылайык келиши үчүн банктын ыйгарылган рейтингди тастыктоочу тиешелүү документтери болууга тийиш, атап айтканда: рейтингдик агенттиктин аталышы, рейтинг алгач ыйгарылган жана ыйгарылган рейтингдин акыркы жолу тастыкталган датасы, рейтинг жөнүндө алгылыктуу маалымат булагы, ошондой эле банк-корреспонденттин акыркы жылдык отчету. 

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздарына жайгаштырылган каражаттар же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздар.  

4) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөргө же борбордук банктарга карата талаптар.  

9. Күрөөгө байланыштуу өзгөчө учурлар:  

1) Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө төмөнкүлөр менен камсыз болгон талаптар гана эске алынбайт:  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздары менен;  

- ошол банктагы өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар менен.  

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына карата талаптар же банк тарабынан кабыл алынган жана алар боюнча мамлекеттик гарантиялар болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздары же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздар менен камсыздалган талаптар. Мында, ошол баалуу кагаздардын рыноктук наркы кредиттин негизги суммасына караганда кеминде 20 %га жогору болууга тийиш.  

Ушул Нускоонун 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берилген кредиттер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджетинде алардын чагылдырылышын тастыктоону кошо алганда, тиешелүү түрдө таризделүүгө тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар банктын таза суммардык капиталынын 60 %ынан ашпоого тийиш.  

4) Ошол банкта өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар менен камсыз болгон талаптар. Өзүнчө депозиттик эсеп - жеке же юридикалык жактын обочолонгон депозиттик эсеби. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары пайдаланылбайт.   

Мында төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:  

- депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш;   

- кредиттик келишимде жана күрөө жөнүндө келишимде, эгерде карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарбай койгон учурда, анын өзүнчө депозиттик эсебиндеги акча каражаттарынан банк акцептсиз тартипте өндүрүп алууга укуктуу экендиги каралууга тийиш;  

- кандай учурда гана болбосун банкта келишимде каралган мөөнөт аяктаганга чейин депозиттин сакталып турушун камсыз кылган тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана ички контролдоо жүзөгө ашырылууга тийиш;  

- талаптарды камсыздоочу депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, же болбосо валюталардын жалпыга жеткиликтүү жана анык котировкаларынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертацияланган валютада болууга тийиш. Мында, эгерде депозит талап көрсөтүлгөн валютада эле болсо, ал талаптын суммасынан кеминде 100%, ал эми талап белгиленген валютадан айырмаланган валютадагы депозит  сом эквивалентиндеги кеминде 120 %ын жабууга тийиш;  

- активдин камсыздооcу катары активдин валютасынан айырмаланган валютадагы акча каражаттары берилген учурда, депозитти милдеттүү түрдө жума сайын кайрадан баалоо зарыл.  

5) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан же эл аралык финансы институттары (ЕӨРБ, АӨБ ж.б.) тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар тарабынан гарантияланган талаптар.  

6) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар бенефициары болуп саналган банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

7) Банк тарабынан башка банкка кайра сатып алуу укугу жок сатылган кредитке катышуу үлүшүнүн суммасы. Бул сатып алып жаткан банк кредит берүү шарттарында кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин толугу менен өзүнө алат дегенди түшүндүрөт. Кредитке катышуу жөнүндө макулдашууда эгерде, милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, ар бир банктын жоготууга учуроо тобокелдиги алардын кредитке катышуусунун пайыздык катышына жараша боло тургандыгы каралышы зарыл. Кредитти алууда Улуттук банктын бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө чектөөлөр боюнча ченемдери сакталууга тийиш.  

9. Күрөөгө байланыштуу өзгөчө учурлар:  

1) Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө төмөнкүлөр менен камсыз болгон талаптар гана эске алынбайт:  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздары менен;  

- ошол банктагы өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар менен.  

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына карата талаптар же банк тарабынан кабыл алынган жана алар боюнча мамлекеттик гарантиялар болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздары же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздар менен камсыздалган талаптар. Мында, ошол баалуу кагаздардын рыноктук наркы кредиттин негизги суммасына караганда кеминде 20 %га жогору болууга тийиш.  

Ушул Нускоонун 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берилген кредиттер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджетинде алардын чагылдырылышын тастыктоону кошо алганда, тиешелүү түрдө таризделүүгө тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар банктын таза суммардык капиталынын 60 %ынан ашпоого тийиш.  

4) Ошол банкта өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар менен камсыз болгон талаптар. Өзүнчө депозиттик эсеп - жеке же юридикалык жактын обочолонгон депозиттик эсеби. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары пайдаланылбайт.   

Мында төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:  

- депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш;   

- кредиттик келишимде жана күрөө жөнүндө келишимде, эгерде карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарбай койгон учурда, анын өзүнчө депозиттик эсебиндеги акча каражаттарынан банк акцептсиз тартипте өндүрүп алууга укуктуу экендиги каралууга тийиш;  

- кандай учурда гана болбосун банкта келишимде каралган мөөнөт аяктаганга чейин депозиттин сакталып турушун камсыз кылган тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана ички контролдоо жүзөгө ашырылууга тийиш;  

- талаптарды камсыздоочу депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, же болбосо валюталардын жалпыга жеткиликтүү жана анык котировкаларынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертацияланган валютада болууга тийиш. Мында, эгерде депозит талап көрсөтүлгөн валютада эле болсо, ал талаптын суммасынан кеминде 100%, ал эми талап белгиленген валютадан айырмаланган валютадагы депозит  сом эквивалентиндеги кеминде 120 %ын жабууга тийиш;  

- активдин камсыздооcу катары активдин валютасынан айырмаланган валютадагы акча каражаттары берилген учурда, депозитти милдеттүү түрдө жума сайын кайрадан баалоо зарыл.  

5) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан же эл аралык финансы институттары (ЕӨРБ, АӨБ ж.б.) тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар тарабынан гарантияланган талаптар. 

6) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар бенефициары болуп саналган банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

7) Банк тарабынан башка банкка кайра сатып алуу укугу жок сатылган кредитке катышуу үлүшүнүн суммасы. Бул сатып алып жаткан банк кредит берүү шарттарында кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин толугу менен өзүнө алат дегенди түшүндүрөт. Кредитке катышуу жөнүндө макулдашууда эгерде, милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, ар бир банктын жоготууга учуроо тобокелдиги алардын кредитке катышуусунун пайыздык катышына жараша боло тургандыгы каралышы зарыл. Кредитти алууда Улуттук банктын бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө чектөөлөр боюнча ченемдери сакталууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн алкагында рейтингдик агенттиктердин тышкы баалоолорун кеңири колдонуу максатында иштелип чыкты.  

Мындан тышкары, токтом долбоору аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын кредиттери боюнча камсыздоонун түрлөрүн кеңейтүүгө багытталган. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Сунушталган токтом долбоорунун алкагында капиталдын жана капиталдын стандарттарынын талаптары боюнча банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык рейтингдик агенттиктердин тышкы баалоолорун таануу критерийлери каралган. 

Рейтингдик агенттиктердин рейтингдери талаптардын түрүнө же юрисдикцияга жараша чектелген чектерде таанылышы мүмкүн. Рейтингдин кабыл алынышынын негизги критерийлери болуп объективдүүлүк, көз карандысыздык, эл аралык жеткиликтүүлүк жана ачыктык, маалыматты ачыкка чыгаруу, жетиштүү ресурстардын болушу жана жеткиликтүүлүк саналат.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары ЕАЭБ) алкагындагы интеграциялык процесстердин катышуучусу болуп саналат жана тиешелүү милдеттенмелерин аткарат, анын ичинде финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча милдеттенмелери бар. Өлкөнүн ЕАЭБдин интеграциялык процесстерине катышуусунун алкагындагы багыттарынын бири ЕАЭБде кредиттик рейтингдерди өз ара таануу жолу менен жалпы финансы рыногун түзүү болуп саналат. Бул иштер Улуттук банк тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктары менен биргеликте, анын ичинде экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча талаптарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча, атап айтканда банктардын капиталынын шайкештиги боюнча жүргүзүлүүдө

Токтомдун долбоорунда ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын кредиттери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен берилген кепилдик менен камсыз кылуунун түрлөрү боюнча толуктоо киргизүү каралган. 

Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын  

53-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, банктын банк менен байланыштуу жактар менен операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактардын алар менен байланыштуу жактар менен операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү атайын мыйзамдарда жана/же Улуттук банктын алардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибине ылайык, улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жолу менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы-кредиттик фонд тарабынан улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү каралган. 

Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынаарын эске алып, токтом долбоору менен кредиттин же каржылоонун суммасынан 100% ордун жабууну белгилөө сунушталат.  

Бул өзгөртүүлөр артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоону колдоого багытталган.  

Токтомдун долбоорунда ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын реестрлерин жүргүзүү жана рейтингдик агенттиктердин рейтингине ээ болбогон баалуу кагаздарды сатып алуу жана аларды классификациялоо боюнча тактоочу ченемдер киргизилген. 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын түздөн-түз кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Токтомдун долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат. 

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, сунушталган токтомдун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн. 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

БЕКИТЕМ 

____________________________ 

(кызматы) 

____________________________ 

(кол тамгасы) 

20___ -жылдын ___- ______ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы № 2022-Пр-121/225-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын банктык жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

______________ __________ 

(башталышы) (аякташы) 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын начальниги Э.М. Жапарова 

________ 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн  начальниги М.Б. Исаев 

________ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги Э.О. Абдыразаков 

________ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги Э.А.Сарыажиев  

________ 

«Халык банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун Юридика башкармалыгынын башкы адиси Ч.А. Биялиева 

________ 

«Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коомунун Юридика башкармалыгынын начальниги Д.М. Мамырбаева 

________ 

«М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун Шарият байкоо кеӊешинин мүчөсү А.А. Жораев 

________ 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

Н.А. Ипасова, 31 28 81, nipasova@nbkr.kg 

(аты-жөнү, тел., e-mail) 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Кредиттик рейтингдик агенттиктер учурдагы капитал рынокторунда маанилүү ролду ойнойт. Рейтингдик агенттиктер, адатта, финансы рыногунун катышуучуларынын кредиттик тобокелдиги жана алардын финансылык абалы жөнүндө пикирлерин билдиришет. Бүгүнкү күндө банктарга жеткиликтүү болгон маалыматтын көлөмүн эске алганда, айрым рейтингдер баалуу болуп саналат, алар каржы уюмдарына берилген маалыматты колдонууга жана контрагенттердин кредиттик жөндөмдүүлүгүн талдоого жардам берет. 

Базель капитал системасында тышкы кредиттик баалоо деп аталган рейтингдер кредиттик рыноктордун үзгүлтүксүз иштеши үчүн зарыл жана эмитенттер, инвесторлор, анын ичинде банктар тарабынан кеңири колдонулат. Рейтингдер банктар тарабынан капиталга карата талаптарды эсептөөдө колдонулат. Бирок, банктык көзөмөл боюнча Базель комитети рейтингдерди тышкы кредиттик баалоо мекемелерине гана ыйгарууну сунуштайт. Тышкы кредиттик баалоо мекемеси статусун алуу үчүн, рейтингдик агенттиктер капиталды өлчөө жана капитал стандарттарынын эл аралык конвергенциясында баяндалган бир катар критерийлерге ылайык келиши керек. 

Кредиттик тобокелдикке стандартташтырылган мамиле боюнча ченемдик талаптарды эсептөө үчүн банктын кредиттик тобокелдиктерине алардын тобокелдигинин болжолдонгон деңгээлине ылайык тобокелдик салмагы ыйгарылат. Кээ бир тобокелдиктер үчүн, мисалы, корпорациялар үчүн тобокелдиктер, бул кабыл алынган тобокелдик деңгээли тышкы рейтингдер менен көрсөтүлөт, алар кредиттик тобокелдиктин стандартташтырылган ыкмасында көрсөтүлгөн тобокелдиктин салмак коэффициенттерине которулушу керек. Бирок, банктарга банктык көзөмөл боюнча Базель комитети аныктаган критерийлерге ылайык келген кредиттик рейтингдик агенттиктердин рейтингин гана колдонууга уруксат берилет. 

Тышкы рейтингдерди жөнгө салуу максатында колдонууга уруксат берген юрисдикцияларда рейтингдик агенттиктер төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек: объективдүүлүк, көз карандысыздык, эл аралык жеткиликтүүлүк жана ачыктык, маалыматты ачыкка чыгаруу, жетиштүү ресурстардын болушу жана жеткиликтүүлүк.  

Бүгүнкү күндө Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары ЕАЭБ) өлкөлөрүндө эл аралык рейтингдик агенттиктердин рейтингдери жок, бул финансылык катышуучулардын кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоодо кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, жалпы финансы рыногун андан ары өнүктүрүү максатында токтом долбоору менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрүнүн рейтингдик агенттиктерин таануу үчүн критерийлерди белгилөө сунушталат.  

Мындан тышкары, мамлекеттин 100% катышуу үлүшү бар банктардын жана анын акционерлеринин башкаруу түзүмүн эске алуу менен, бул банктар аффилирленген жана байланыштуу жактардын кеңири чөйрөсүнө ээ.  

Ушуга байланыштуу, токтомдун долбоорунда аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын реестрлерин жүргүзүү боюнча тактоо киргизүү мүнөздөгү ченемдер киргизилген.  

Токтомдун долбоорунда аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын кредиттери боюнча камсыздоонун түрлөрүн толуктоо - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен берилген кепилдик каралган. 

2. Проблеманын масштабы 

Каралып жаткан маселенин масштабы коммерциялык банктардын ишине, атап айтканда, рейтингдик агенттиктердин рейтингдерин пайдалануу боюнча жана аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операцияларга тиешелүү

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда банктык жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн эл аралык стандарттарын, анын ичинде натыйжалуу банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарын эске алууга укуктуу. 

Ошону менен бирге өлкөнүн ЕАЭБдин интеграциялык процесстерине катышуусунун алкагындагы багыттардын бири ЕАЭБ алкагында кредиттик рейтингдерди өз ара таануу жолу менен жалпы финансы рыногун түзүү болуп саналат. Бул иштер Улуттук банк тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктары менен биргеликте, анын ичинде экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча талаптарды шайкеш келтирүү, банктардын капиталынын шайкештик маселелерин кошо алганда, ошондой эле рейтингдик агенттиктерди таануу боюнча критерийлерди белгилөө маселелери боюнча жүргүзүлүүдө

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына жүргүзүлгөн талдоо рейтингдик агенттиктерди таануу боюнча критерийлер Казакстан Республикасында белгиленгенин көрсөттү. Россия Федерациясында рейтингдик агенттиктер Россия банкы тарабынан жөнгө салынат.  

Банктардын рейтингдик агенттиктердин рейтингин колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык принциптерине ылайык алгылыктуу критерийлерди белгилөө зарыл.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 53-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, банктын банк менен байланыштуу жактар менен операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактардын алар менен байланыштуу жактар менен операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү атайын мыйзамдарда жана/же Улуттук банктын алардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүүнүн тартибине ылайык, улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жолу менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы-кредиттик фонд тарабынан улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү каралган. 

Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынаарын эске алып, токтом долбоору менен кредиттин же каржылоонун суммасынан 100% ордун жабууну белгилөө сунушталат.  

Бул өзгөртүүлөр артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоону колдоого багытталган.  

Токтомдун долбоору менен ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын реестрлерин жүргүзүү жана рейтингдик агенттиктердин рейтинги жок компаниялардын баалуу кагаздарын сатып алуу жана классификациялоо боюнча тактоо киргизүү мүнөздөгү ченемдер сунушталат. 

4. Эл аралык тажрыйба 

«Кредиттик рейтингдик агенттиктердин ишмердүүлүгүнүн негиздери» IOSCO кодекси («Кодекс IOSCO CRA») инвесторлорго жана эмитенттерге адилеттүү мамиле жасоону жана эмитенттер тарабынан берилген купуя маанилүү маалыматтын корголушун камсыз кылууга кепилдик берүү менен, рейтингдик процесстердин бүтүндүгүн коргоо боюнча рейтингдик агенттиктерге жетекчилик жана негиз катары ишенимдүү, практикалык чаралардын топтомун сунуш кылууга багытталган. IOSCO кодекси биринчи жолу 2004-жылы жарыяланган, ал учурда рейтингдик агенттиктердин ишин жөнгө салуучу мыйзамдар саналуу гана юрисдикцияларда болгон. Акыркы жылдары IOSCO көптөгөн мүчөлөрү кредиттик рейтингдик агенттикттерди каттоо жана көзөмөлдөө программаларын ишке ашырышкан жана алардын үстүнөн көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын жүргүзүшкөн. 

IOSCO принциптери кредиттик рейтингдик агенттиктердин маалымдуу, көз карандысыз талдоосуна жана пикирлерине көмөктөшүү боюнча төрт негизги максатка багытталган: 

1) рейтинг ыйгаруу процессинин сапаты жана бүтүндүгү: кредиттик рейтингдик агенттиктер карыз алуучулар, кредиторлор жана рыноктун башка катышуучулары арасында маалыматтын бурмаланышына жол берилбей турган корутундуларды жарыялоого аракет кылышы керек. 

2) көз карандысыздык жана кызыкчылыктардын каршы келип калуусу: кредиттик рейтингдик агенттиктердин рейтингдик чечимдери көз карандысыз жана саясий же экономикалык кысымдардан, ошондой эле кредиттик рейтингдик агенттиктин менчик түзүмүнөн, ишкердик же финансылык ишинен же алардын кызматкерлеринин финансылык кызыкчылыктарынан улам келип чыккан кызыкчылыктардын каршы келип калуусунан эркин болууга тийиш. Кредиттик рейтингдик агенттиктер тобокелге салуучу иш-аракеттерден, жол-жоболордон же мамилелерден мүмкүн болушунча алыс болушу керек же алар кредиттик рейтинг ыйгаруу боюнча операцияларынын көз карандысыздыгын жана объективдүүлүгүн тобокелге салып жаткандай таасир калтырышы керек. 

3) рейтингдердин ачыктыгы жана өз убагында ачып берилиши: кредиттик рейтингдик агенттиктер маалыматтарды ачыкка чыгарууну жана ачыктыкты өзүнүн рейтингдик ишинин максатына айландырууга тийиш. 

4) купуя маалымат: кредиттик рейтингдик агенттиктери купуялуулук жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык же башка жол менен маалымат жашыруун берилип жаткандыгын өз ара түшүнгөндө, каалаган эмитент же анын агенттери тарабынан аларга билдирилген бардык жабык маалыматтардын купуялуулугун сактоого тийиш. 

Россия Федерациясы: «Россия Федерациясында кредиттик рейтингдик агенттиктердин иши жөнүндө» Россия Федерациясынын Мыйзамы кредиттик рейтингдик агенттиктердин юридикалык жактардын жана коомдук-укуктук уюмдардын финансылык милдеттенмелерин жана финансылык инструменттерин кредиттик тобокелдикти баалоо боюнча кабыл алынган финансылык милдеттенмелерди аткаруу жөндөмдүүлүгүн баалоо боюнча ишинин укуктук негиздерин белгилейт. Кредиттик рейтингдик агенттиктер Россия банкы тарабынан жөнгө салынат.  

Эл аралык рейтингдик агенттиктердин рейтингдерин кайтарып алууга байланыштуу, ченемдерди жана талаптарды эсептөөдө банктар улуттук рейтингдик агенттиктердин рейтингдерин колдонушат.  

Банк менен байланыштуу жана аффилирленген жактарга карата талаптар бөлүгүндө Россия банкынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 4203-У «Кредиттик уюм менен адамдардын (жактардын) мүмкүн болуучу байланыштуулугунун белгилери жөнүндө» көрсөтмөсүнө ылайык, стратегиялык ишканалар болуп саналган юридикалык жактарга карата өзгөчө ченемдер каралган. 

Казакстан Республикасы: Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 36 токтому менен милдеттүү ченемдерди эсептөөдө чет өлкөлүк кредиттик рейтингдик агенттиктерин таануу боюнча критерийлер каралган.  

Казакстанда Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 29-октябрындагы №273 «Казакстан Республикасынын резидент эмес банкынын филиалы болгон Банкка байланыштуу жактарга жеңилдетилген шарттарды берүүгө тыюу салууну белгилөөнүн айрым маселелери жөнүндө» токтому менен мамлекеттик мекемелер банк менен байланышы жок деп эсептөө белгиленген. 

Банктар тарабынан рейтингдик агенттиктердин рейтинги жок компаниялардын баалуу кагаздарын сатып алуу бөлүгүндө чектөөлөр белгиленген эмес. 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты банктардын тобокелдиктерге баа берүүдө рейтингдик агенттиктердин рейтингдерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын кредиттери боюнча камсыздоонун түрлөрү толукталган. 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу - кредиттик рейтингдик агенттиктерди таануу боюнча критерийлерди белгилөө бөлүгүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана экономикалык ченемдерди эсептөөдө бул агенттиктердин рейтингдерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кепилдик берүү үчүн кредиттин же каржылоонун суммасынан 100% ордун жабууну белгилөө, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын реестрлерин жүргүзүү боюнча тактоолорду киргизүү сунуш кылынат. 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1 Жөнгө салуунун бул түрүнүн күтүлгөн натыйжалуулугу жалпы финансы рыногун түзүүнүн алкагында ЕАЭБ мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө, ошондой эле каржылоо боюнча камсыздоолордун түрлөрүн кеңейтүүгө багытталган. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага тийгизген таасири: токтомдун долбоору банктарга рейтингдик агенттиктердин рейтингин колдонууну камсыз кылууга багытталган. Ушуга байланыштуу, сунушталган жөнгө салуу күтүлгөндөй жалпы финансы рыногун калыптандырууга оң таасирин тийгизет; 

2) социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: жөнгө салуу ченемдери банк секторун өнүктүрүүгө багытталган. 

7.3. Кызыкдар тараптардын - жөнгө салуунун адресаттарынын негизги топторуна күтүлгөн таасири: токтом долбоорунда рейтингдик агенттиктерди таануу боюнча критерийлер каралгандыгын эске алып, банктар тобокелдиктерди тескөө системасын караштырышы зарыл. 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү бирдиктүү финансы рыногун түзүү максатында ЕАЭБ алкагындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө багытталган. Мында, банк тарабынан рейтингдик агенттиктердин рейтингдерин пайдаланууда тобокелдиктерге баа берүү зарыл. 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтомдун долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо айрым ишкер субъекттери үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү үчүн жумушчу топтун мүчөлөрүнө рейтингдик агенттиктекрди таануу маселеси боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн. Мында жумушчу топтун мүчөлөрүнөн сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн эмес. 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда айтылгандардын негизинде токтомдун долбоору кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш, анткени ал төмөнкү аспектилердин ишке ашырылышын камсыз кылат: 

- ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн алкагында рейтингдик агенттиктердин тышкы баалоолорун кеңири колдонуу; 

- аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын кредиттери боюнча камсыздоонун түрлөрүн кеңейтүү жана аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын реестрин жүргүзүү талаптары боюнча ченемдерди тактоо; 

- банк тарабынан рейтингдик агенттиктердин рейтинги жок компанияларга баалуу кагаздарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү

12. Тиркеме 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук; 

- рейтинг агенттиктерин таанууну талдоо.