Кайта келүү

Долбоор  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 9-декабырындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш кунү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыялсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш кунү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана коммерциялык банктардын тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү: М. Аттокуров 

М. Жакыпов 

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

К. Темиров 

 

 

 

 

Долбоор 

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын «__» _________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 51-пункту:  

төмөнкү сүйлөмдөр менен толукталсын: 

«Эквайер башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээсине банкомат аркылуу бир операция үчүн улуттук валютада 200 (эки жүз) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада же бул сумманын чет өлкө валютасындагы эквивалентинде акча каражаттарын накталай акчага айландыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Мында башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээси банкомат аркылуу өз тандоосу боюнча белгиленгенден аз суммада акча каражаттарын алууга укуктуу.»; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Эквайер башка эмитенттердин карта ээлери үчүн акча каражаттарын накталай акчага айландыруу кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө укугу жок.». 

 

 

 

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8  

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонуудагы редакциясы 

Башкармалыктын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу менен редакциялык 

51. Карттарды колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген төлөм системаларынын эрежелерине жана эмитентти ички контролдоо программасына ылайык, санкциясыз операциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, эквайер кардарга карата тобокелдиктердин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен акча каражаттарын нак акчага айландыруу операцияларынын көлөмү боюнча аралыкта орнотулган жабдууларга чек коюуга тийиш. Банкомат аркылуу карт ээси тарабынан жүргүзүлгөн бир операциянын суммасы улуттук валютадагы 400 (төрт жүз) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпоого тийиш. 

51. Карттарды колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген төлөм системаларынын эрежелерине жана эмитентти ички контролдоо программасына ылайык, санкциясыз операциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, эквайер кардарга карата тобокелдиктердин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен акча каражаттарын нак акчага айландыруу операцияларынын көлөмү боюнча аралыкта орнотулган жабдууларга чек коюуга тийиш. Банкомат аркылуу карт ээси тарабынан жүргүзүлгөн бир операциянын суммасы улуттук валютадагы 400 (төрт жүз) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпоого тийиш. Эквайер башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээсине банкомат аркылуу бир операция үчүн улуттук валютада 200 (эки жүз) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада же бул сумманын чет өлкө валютасындагы эквивалентинде акча каражаттарын накталай акчага айландыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Мында башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээси банкомат аркылуу өз тандоосу боюнча белгиленгенден аз суммада акча каражаттарын алууга укуктуу

Эквайер башка эмитенттердин карта ээлери үчүн акча каражаттарын накталай акчага айландыруу кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө укугу жок. 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

   

  

БЕКИТЕМ 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы 

   

 

_______________________________ 

(кол тамга) 

   

   

2024-жылдын «______» ___________ 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздеме: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2024-жылдын 1-февралындагы № 2024-Пр-141/20-О «Жөнгө салуучу таасирди талдоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу  

 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

 

____________________ 

 

____________________ 

 

(башталышы) 

(аякташы) 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

А.З. Султаналиев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги 

 

____________________ 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

М.Ш. Акулуева, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

 

 

____________________ 

А.Т. Сыргатаев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси 

 

 

____________________ 

А.К. Джакубова, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси (жумушчу топтун катчысы) 

 

 

 

____________________ 

Б.К. Айылчиев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу 

 

 

____________________ 

Н.Е. Байжигитова, Улуттук банктын Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын чекене төлөмдөрдү иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси 

 

 

____________________ 

Б.К. Куванычбеков, Улуттук банктын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын санарип банк операцияларын өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору 

 

 

____________________ 

Бактыбек уулу Толонбек, Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө болумүнүн юристи 

 

 

____________________ 

А.Т. Хамзеева, «М Булак» микрокредиттик компаниясы» ЖЧКнын операциялык бөлүмүнүн жетекчиси 

 

____________________ 

И.В. Павлов, «Керемет Банк» ААКтын төлөм сервистер башкармалыгынын начальниги 

 

____________________ 

Н.З. Турсунбаев, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын аралыктын банктык тейлөө башкармалыгынын начальниги 

 

____________________ 

К.Т. Жусупбаева, «ХалыкБанкКыргызстан» ААКтын карталык бизнес башкармалыгынын начальниги 

 

____________________ 

А.Т. Красножонова, «Финка Банк» ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын орун басары (Операциялар боюнча директору) 

 

____________________ 

А.Л. Безуглов, «Pay24» ЖЧКнын Башкармасынын төрагасынын орун басары 

 

____________________ 

А.Э. Абдывасиев, «Pay24» ЖЧКнын юристи  

____________________ 

 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалымат: А.К. Джакубова, тел.: 66-91-43, adjakubova@nbkr.kg (аты-жөнү, тел., e-mail). 

 

 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздемелер  

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

2023-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын аймагында «Элкарт» улуттук төлөм системасынын банктык төлөм карталарын чыгаруу жана эквайринг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү 21 коммерциялык банк, ал эми эл аралык төлөм системалары тарабынан 14 банк көрсөткөн. 

Жүгүртүүдөгү банктык төлөм карталарынын жалпы саны 6 890,3 млн картаны түзгөн, алар республика боюнча орнотулган 2 260 банкоматта жана 23 009 POS-терминалдарда тейлөөгө кабыл алынган. 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) 51-пунктуна ылайык, эквайер кардарга карата тобокелдиктердин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген төлөм системаларынын эрежелерине жана эмитентти ички контролдоо программасына ылайык, карталарды колдонуу менен санкциясыз операциялардын жүргүзүлүшү тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, акча каражаттарын накталай акчага айландыруу операцияларынын көлөмү боюнча аралыкта орнотулган жабдууларга чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Банкомат аркылуу карта ээси тарабынан жүргүзүлгөн бир операциянын суммасы улуттук валютада 400 (төрт жүз) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпоого тийиш. 

Мындан тышкары, Visa эл аралык төлөм системасынын негизги эрежелеринин  

6.2.3.2-пунктуна жана Visa продукттарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо эрежелерине ылайык, «Банкомат ар бир карта эсебине күнүнө 200 АКШ долларынан (же улуттук валютадагы эквивалентинен) кем эмес суммадагы жана бир операция үчүн карта ээсинин талабы боюнча накталай акчаны берүүгө тийиш». Visa эл аралык төлөм системасынын эрежелери карта ээси карта аркылуу суткасына бир операция же сутка ичинде ушул суммага бир нече операциялар үчүн 200 (эки жүз) АКШ долларын же 17 902 сом (2024-жылдын 15-мартына карата) өлчөмүндөгү акча каражаттарын накталай акчага айландыра ала тургандыгын билдирет. Мында, бул сумма Жобонун 51-пунктунда белгиленген улуттук валютадагы 400 (төрт жүз) эсептик көрсөткүчтүн чегинен же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпайт. 

Бирок иш жүзүндө көпчүлүк коммерциялык банктар башка банктар тарабынан чыгарылган, айрыкча эл аралык төлөм системаларынын карта ээлери үчүн акча каражаттарын алуу операцияларына чектөөлөрдү белгилешет. Бир жолку жана сутка ичинде акча каражаттарын чыгаруу суммасы боюнча лимиттер Visa эл аралык төлөм системаларынын эрежелеринде көрсөтүлгөн суммадан бир нече эсе аз, б.а. 200 АКШ долларынан (же улуттук валютадагы эквивалентинен) аз. 

Башка эмитент банктардын карта ээлери үчүн коммерциялык банктар тарабынан белгиленген лимиттер ар кандай. Алсак, карта ээлери бир банкта Visa картасы менен бир жолу 1 000 сомдон же 3 000 сомдон ашпаган акчаны накталай алышат, ал эми кээ бир банктар суткалык лимитти 8 000 сомдон ашпаган өлчөмдө белгилешет. Ошол эле учурда бир нече банктар тарабынан гана Visa карталары боюнча 8 000 сомдон, 15 000 сомдон, 25 000 сомдон ашпаган лимит белгиленген.  

Коммерциялык банктар тарабынан белгиленген «Элкарт» картасы боюнча лимиттер 2 000 сомдон 15 000 сомго чейин өзгөрүлүп турат, негизинен лимиттер аймактарда инкассацияга көп сарптоолорду эске алуу менен белгиленет. 

Төмөндө айрым коммерциялык банктардын башка эмитент банктардын карталарынан накталай акчаларды алуудагы лимиттери боюнча маалыматтар келтирилген. 

 

 

Коммерциялык банк  

Visa боюнча лимит 

«Элкарт» боюнча лимит 

1-коммерциялык банк  

1 000 сом 

 

2-коммерциялык банк  

2 000 сом 

 

3-коммерциялык банк  

2 000 сом 

 

4-коммерциялык банк  

2 000 сом 

5 000 сом 

5-коммерциялык банк  

2 000 сом, эгерде Visa карталары БПБ базасында 15 000 сом 

 

6-коммерциялык банк  

2 000 сом 

 

7-коммерциялык банк 7 

3 000 сом 

3 000 сом 

8-коммерциялык банк 8 

3 000 сом 

 

9-коммерциялык банк 9 

3 000 сом 

 

10-коммерциялык банк  

3 000 сом 

 

11-коммерциялык банк 

3 000 сом 

 

12-коммерциялык банк 

3 000 сом 

 

13-коммерциялык банк 

8 000 сом 

10 000 сом  

14-коммерциялык банк 

15 000 сом 

15 000 сом 

15-коммерциялык банк  

25 000 сом 

 

 

Коммерциялык банктар үчүн мындай лимиттерди белгилөө жана бөлүү пайдалуу, анткени банкомат аркылуу накталай акча алуу боюнча ар бир операция үчүн башка эмитент банктардын карта ээлери банктык комиссияны төлөшөт. 

Лимиттерди белгилөө, өзгөчө айыл жергесинде жашаган калк үчүн, ошондой эле чет өлкөлүк туристтер үчүн накталай акча алуунун кымбаттыгына жана кошумча убакыт талап кылынгандыгына байланыштуу айрым көйгөйлөрдү жаратат. Негизинен, карта ээлери айрым коммерциялык банктардын банкоматтарынын саны аз экенин, ошондой эле бардык эле соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар орнотулбаганын эске алып, банк системасына нааразычылыгын билдиришүүдө

 

2. Проблеманын масштабы 

Каралып жаткан маселенин масштабы керектөөчүлөрдүн (карта ээлеринин) кызыкчылыктарына таасирин тийгизип, ыңгайсыздыктарды жаратат (бир жолку накталай акча каражаттарын алуу, накталай акчаны бир нече жолу алуу жана ар бир бир жолку накталай акча алуу үчүн банктык комиссияларды төлөө боюнча чектөөлөр). Коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө банктык төлөм карталарын колдонуу менен банкомат аркылуу накталай акча каражаттарын алууда лимиттерди белгилөө жана бөлүү аркылуу киреше алуу жагынан да таасирин тийгизет. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатында Улуттук банк мамлекеттик органдар жана коммерциялык банктар менен бирдикте калкты банктык төлөм карталарын колдонуу менен коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу, эмгек акы долбоорлорунун, социалдык жөлөк пулдар, пенсиялар, стипендиялар жана өлкөнүн бюджетине/бюджетинен башка төлөмдөрдүн алкагында акча каражаттарын накталай эмес формада алууга которуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө

Ошондой эле төлөм инфраструктурасын жакшыртуу жана кеңейтүү, анын ичинде алыскы региондордо банк жабдууларын (банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары) жеринде орнотуу жолу менен кеңейтүү, ошондой эле калкка мобилдик тиркемелер, интернет-банкинг, электрондук акча/электрондук капчыктар, QR-коддору аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча чаралар көрүлүүдө.  

2023-жылдын акырына карата банк жабдууларынын жалпы саны 2260 банкоматты, 23 009 POS-терминалды, 2 775 банктык төлөм терминалын түздү. Республиканын аймактарындагы 1 087 айылдын калкына банктык төлөм картасынан акча каражаттарын накталай алуу жана айрым кызматтар үчүн төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын филиалдарына 370 POS-терминалдар орнотулду. Мындан тышкары, айрым коммерциялык банктар тарабынан негизинен аймактарда жайгашкан 89 соода-тейлөө ишканаларынын кассаларынан банктык төлөм картасынан акча каражаттарын накталай берүү долбоору ишке ашырылууда. Рыноктун катышуучулары тарабынан төлөмдөрдү кабыл алууну кеңири чагылдыруу үчүн республика боюнча соода-тейлөө ишканаларында 38,9 миңден ашык бирдейлештирилген QR-коддор орнотулган, бул өлкөнүн бюджетине накталай эмес формада төлөнгөн төлөмдөрдүн, салыктардын жана туумдардын көбөйүшүнө өбөлгө түздү

Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө бардык эле коммерциялык банктар, өзгөчө алыскы аймактарда банкоматтардын, POS-терминалдардын жана төлөм терминалдарынын кеңири тармагына ээ эмес. Мисалы, 2024-жылдын 1-январына карата банк жабдуулары өлкөнүн региондору боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: 

 

Региондун аталышы 

Банкоматтар 

POS-терминалдар 

Төлөм 

терминалдары 

Соода-тейлөө ишканаларында 

банктарда 

Бишкек шаары 

816 

12 555 

774 

765 

Чүй областы 

240 

2 340 

255 

271 

Ысык-Көл областы 

221 

1 530 

239 

344 

Нарын областы 

86 

381 

156 

141 

Талас областы 

92 

437 

101 

151 

Жалал-Абад областы 

314 

1 054 

369 

384 

Ош областы 

367 

1 768 

472 

534 

Баткен областы 

124 

412 

166 

185 

Жыйынтыгында  

2 260 

20 477 

2 532 

2 775 

Мындан тышкары, башка эмитент банктардын карта ээлери үчүн банкоматтар аркылуу акча каражаттарын пайызсыз алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн коммерциялык банктар достук тармактарды уюштурушкан. Мисалы, азыркы учурда төмөндөгүлөр иштейт: 

- 6 банктан турган «Элкарт» карталары боюнча банктардын өнөктөш банктар тармагы: «KICB» ЖАК, «Азия Банкы» ЖАК, «БАКАЙ БАНК» ААК, «ДосКредоБанк» ААК, «ФинансКредитБанк» ААК жана «Капитал Банк» ААК; 

- «Элкарт» карталары боюнча өнөктөш банктар тармагы (2023-жылдын  

15-сентябрында иштей баштаган), ага мамлекеттик катышуу үлүшү менен 3 банк «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «Керемет Банк» ААК кирет; 

- 3 банктан турган эл аралык төлөм системалары үчүн өнөктөштүк тармагы, анын алкагында карта ээлерине белгиленген тарифтерге ылайык накталай акча алуу мүмкүнчүлүгү берилген: «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК, «ФИНКА Банк» ЖАК, «Компаньон Банк» ЖАК. 

Бирок, коммерциялык банктар тарабынан көрүлгөн бул аракеттер карта ээлеринин банктык төлөм картасынан банкомат аркылуу акча каражаттарын алуу боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талабын канааттандыруу үчүн жетишсиз. Ошол эле учурда, жогоруда айтылгандай, коммерциялык банктар тарабынан банкомат аркылуу 1 000 сом/2 000 сом/3 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын бир жолку алуу боюнча белгиленген чектөөлөр калк үчүн белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратууда. 

Мындан тышкары, Кыргызстанга келүүнү каалаган туристтер үчүн бул жагдай өлкөнүн учурдагы төлөм инфраструктурасын эске алуу менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн накталай акча менен камсыз кылууда көйгөй жаратат. 

Ушуга байланыштуу, керектөөчүлөрдүн (карта ээлеринин) укуктарын коргоонун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйдү четтетүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.  

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Төмөндө айрым банктардын банкоматтарынан накталай акча алуу лимиттери жөнүндө маалымат берилген. Тарифтик саясатына жараша ар башка банктардын лимиттери өзгөрүп турат. 

Россия Федерациясы: Мисалы, Сбербанк банкоматтар тармагында накталай акча алуу үчүн суткалык лимит: 

- Мир Социальная картасы боюнча 50 000 рубль; 

- MasterCard Standard Momentum, Visa Classic Momentum 50 000 рубль же 1 600 АКШ доллары же 1 200 евро (Россия Федерациясынын аймагында); 

- Visa Classic 150 000 рубль. 

Беларусь Республикасы: Беларусь Республикасынын башка банктары тарабынан чыгарылган картадан Белгазпромбанктын банкоматтарынан белорус рублинде накталай акча алуунун максималдуу жалпы суммасы, суткасына 10 000 белорус рубли, айына 100 000 белорус рубли. Резидент эмес банктын картасын колдонуу менен операциялар боюнча берилген накталай чет өлкө валютасынын жана белорус рублинин максималдуу суммасы «Белгазпромбанк» ААКтын банкоматтарында 200 АКШ долларын же жети сутканын ичинде башка валютадагы эквивалентти жана ай ичинде 800 АКШ долларын же башка валютадагы эквивалентти түзөт. 

Ошол эле учурда, мисалы, MTБанк банкоматтарында башка Беларусь банктарынын карталарынан накталай акча алуу боюнча суткалык чектөө жок. 

Казакстан Республикасы: Jusan Банктын бардык төлөм карталары үчүн накталай акча алуу лимити: суткалык лимит 3 000 000 теңге/күн (лимитти өзгөртүүгө болбойт); айлык лимити 10 000 000 теңге/ай. 

Тажикстан Республикасы: «Алиф Банктын» банкоматтарынан накталай акча алуу үчүн суткалык лимит 5 000 тажик сомонисин (болжол менен 41 000 сом) түзөт. Ошол эле учурда Биринчи Микрофинансы банкы банкоматтардан 1 000 АКШ доллары же 10 000 тажик сомони (болжол менен 82 000 сом) өлчөмүндө накталай акча алуу үчүн стандарттык суткалык лимит белгилеген. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты  

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн максаты эквайер банк башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээсине банкомат аркылуу бир операция үчүн улуттук валютада 200 (эки жүз) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада же бул сумманын чет өлкө валютасындагы эквивалентинде акча каражаттарын накталай акчага айландыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча Жобонун талаптарын күчөтүү аркылуу банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо саналат.  

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Жагымдуу банктык чөйрө түзүү максатында, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн эквайер банктардын милдеттенмелери белгиленген Жобого башка эмитент банктардын карта ээлерине банкомат аркылуу бир операция үчүн 20 000 сом өлчөмүндө накталай акчага айландыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.  

Жогоруда белгиленгендей, Visa эл аралык төлөм системасынын негизги эрежелеринин 6.2.3.2-пунктуна жана Visa продукттарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо эрежелерине ылайык, банкоматтан карта эсеби боюнча суткасына жана карта ээсинин талабы боюнча бир операция үчүн 200 АКШ долларынан кем эмес (же улуттук валютадагы эквивалентинде) суммада накталай акча берилүүгө тийиш. Бүгүнкү күндө 200 АКШ доллары 17 902 сомду түзөт (2024-жылдын 15-мартына карата). 

Мындан тышкары, Жобонун 51-пунктунун талаптарына ылайык, эквайер карталарды колдонуу менен санкциясыз операциялардын жүргүзүлүшү тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген төлөм системаларынын эрежелерине ылайык, аралыкта орнотулган жабдууларга накталай акчага айландыруу операцияларынын көлөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Ошондой эле банкомат аркылуу карта ээси тарабынан жүргүзүлгөн бир операциянын суммасы улуттук валютадагы 400 (төрт жүз) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпоого тийиш. 

Жогоруда айтылгандарды, ошондой эле коммерциялык банктар башка эмитент банктардын карта ээлери үчүн 1 000 сом/2 000 сом/3 000 сом суммасында акча каражаттарын банкомат аркылуу бир жолку/сутка ичинде алууга белгилеген чектөөлөрдү эске алуу менен Жобонун талаптары күчөтүлсүн, атап айтканда «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун 51-пункту төмөнкүдөй ченем менен толукталсын: 

«Эквайер башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээсине банкомат аркылуу бир операция үчүн улуттук валютада 200 (эки жүз) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада же бул сумманын чет өлкө валютасындагы эквивалентинде акча каражаттарын накталай акчага айландыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Мында башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээси банкомат аркылуу өз тандоосу боюнча белгиленгенден аз суммада акча каражаттарын алууга укуктуу.»; 

«Эквайер башка эмитенттердин карта ээлери үчүн акча каражаттарын накталай акчага айландыруу кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө укугу жок.». 

Ошону менен бирге, Жобонун 51-пунктунун колдонуудагы редакциясы банкоматтар аркылуу накталай акча алуу операцияларын көбөйтүүгө эмес, негизинен карта ээлерин накталай эмес формада операцияларды жүргүзүүгө түрткү берүүгө багытталгандыгын белгилей кетүү керек. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан натыйжа керектөөчүлөрдүн (карта ээлеринин) укуктарын коргоого жана коммерциялык банктар тарабынан «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун 

51-пунктунун талаптарын, анын ичинде Visa эл аралык төлөм системасынын банкомат аркылуу акча каражаттарын бир жолку алуунун минималдуу суммасы боюнча талаптарын сактоого багытталган. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага таасири: токтом долбоору банк секторуна алгылыктуу таасирин тийгизет; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: сунушталган өзгөртүүлөр карта ээлеринин укуктарын коргоого багытталган; 

3) экологияга таасири: жок. 

7.3. Кызыкдар тараптар жөнгө салуу адресаттарынын негизги топторуна карата күтүлүп жаткан таасири:  

1) мамлекеттик органдар: мамлекеттик органдарга түздөн-түз таасирин тийгизбейт;  

2) ишкерлер: коммерциялык банктар тарабынан «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун 51-пунктунун талаптарын, анын ичинде Visa системасынын эрежелеринин талаптарын сактоо; 

3) калк: калкка алгылыктуу таасирин тийгизет, анткени сунушталып жаткан жөнгө салуу карта ээлеринин укуктарын коргоого багытталган. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталып жаткан өзгөртүү башка эмитент банктардын карта ээлери банкомат аркылуу бир операция үчүн чакан суммаларды гана эмес (1 000 сом/2 000 сом/ 

3 000 сом), ошондой эле 20 000 сом өлчөмүндө да накталай акча алуу жагында керектөөчүлөрдүн (карта ээлеринин) укуктарын коргоого багытталган.  

Ошол эле учурда коммерциялык банктар тарабынан нааразычылыктар келип чыгышы мүмкүн, анткени пайда алууга, б.а. башка эмитент банктардын карта ээлеринин операцияларынан комиссиялык акы алууга байланыштуу кызыкчылыктар козголууда. Мында, коммерциялык банктар банкоматтар аркылуу акча алууда 1000-3000 сом өлчөмүндө минималдуу лимиттерди төмөнкү себептерден улам белгилей тургандыгын айта кетүү зарыл. Visa системасы накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү саясатын эске алуу менен, алмашуу үчүн комиссиялык төлөмдү суммасына карабастан 10 сом өлчөмүндө белгиледи (Кыргызстан үчүн IRF колдонмосунун 4.3-пунктуна ылайык. Visa системасынын кошумча талаптары). Мындан тышкары, эмитент банк өзүнүн процессинг борборуна төлөйт, мисалы, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (мындан ары «БПБ» ЖАК) 0,2 пайыз. Мисалы, эгерде карта ээси башка жактын банкоматынан 15 миң сом алса, анда салыкты эске алсак (0,23%) банк «БПБ» ЖАКка 34,5 сом төлөөгө тийиш, башкача айтканда, бул учурда коммерциялык банк чыгым тартат. Ушуга байланыштуу, коммерциялык банктар чыгашалар 10 сомдон аз болушу үчүн чектөөлөрдү белгилешет. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө өз карта ээлери банкоматтар аркылуу акча каражаттарын алууда комиссиялык төлөм албаган коммерциялык банктар бар, демек бул башка банктарга пайда алып келбейт. 

Ушуга байланыштуу коммерциялык банктар кызмат көрсөтүүнүн бул түрүнө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу максатында кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнө тарифтерди жогорулатышы мүмкүн. Ошону менен бирге, «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, пайыздык чендин, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтер Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан өз алдынча белгиленет. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо  

Сунушталган жөнгө салуу атаандаштыкка таасирин тийгизбейт, анткени мында рыноктун айрым катышуучуларына карата кандайдыр бир чектөөлөрдү же артыкчылыктарды киргизүү каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири  

Кызыкдар тараптардын пикири коомдук талкуудан кийин чагылдырылат. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогорудагы маалыматтардын негизинде, сунушталып жаткан жөнгө салууну тандоо сунушталат, анткени ал банктык жана төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.