Кайта келүү

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо» эрежелерин бекитүү тууралуу” 

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6, 9, 25 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо» эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет). 

2. Токтом 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын “___”___________ 

№_______________токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо» эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо” эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо” эрежелеринин 2-тиркемеси: 

- төмөнкү мазмундагы 41, 42 жана 43-пункттар менен толукталсын: 

«41. Гонконг доллары 

42. Индонезия рупиясы 

43. Оман риалы». 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо» эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) валюталык тобокелдиктерди кыскартуу жана чет өлкө валюталарын эсепке алуу процессин оптималдаштыруу, ошондой эле бүтүндөй банктар аралык валюта рыногун өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Өлкөнүн бир нече коммерциялык банктары оман риалын, гонконг долларын жана индонезия рупиясын кыргыз сомуна карата расмий курстары Улуттук банк тарабынан жума сайын аныкталуучу чет өлкө валюталарынын тизмесине киргизүү тууралуу маселе менен Улуттук банктын дарегине кайрылышты. Коммерциялык банктар чет өлкөлүк банктар менен корреспонденттик/контрагенттик мамилелерди кеңейтүү жана диверсификациялоо максатында Оман султандыгы, Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик району жана Индонезия Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө жайгашкан чет өлкөлүк коммерциялык банктарда корреспонденттик эсептерди ачуу боюнча иш жүргүзүштү. Чет өлкө валюталарын эсепке алуу процессин оптималдаштыруу, коммерциялык банктардын баланстык эсептерин кайра баалоо мүмкүндүгүн түзүү үчүн оман риалынын, гонконг долларынын жана индонезия рупиясынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо үчүн чет өлкө валюталарынын тизмесин кеңейтүү зарылдыгы келип чыгууда. 

ISO 4217 эл аралык стандартына ылайык, көрсөтүлгөн валюталар төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ: 

ISO боюнча тамга коду  

ISO боюнча санарип код  

Валютанын аталышы 

OMR 

512 

оман риалы 

HKD 

344 

гонконг доллары 

IDR 

360 

индонезия рупиясы 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо» эрежелерин бекитүү тууралуу» токтом долбоору даярдалган, ага ылайык оман риалын, гонконг долларын жана индонезия рупиясын кыргыз сомуна карата расмий курстары Улуттук банк тарабынан жума сайын аныкталуучу чет өлкө валюталарынын тизмесине киргизүү сунушталууда. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган долбоорду кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча маалымат 

Сунушталган өзгөртүүлөр чет өлкө валюталарынын расмий курстарын аныктоо, эсептөө жана аларды Кыргыз Республикасынын банк системасында бухгалтердик эсепке алуу процессин системага салууга багытталган. 

Жогоруда белгиленгендерди эске алсак, бул токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт, анткени, ал жеткис күч жагдайлары орун алган учурда ишкердикти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, Улуттук банктын ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо каралган. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 “Кыргыз сомуна карата чет өлкө валюталарынын расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу” долбоорунун токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ 

 

Учурдагы редакция 

Сунушталуучу редакция 

2-тиркеме  

 

 

Кыргыз сомуна карата расмий курстары Улуттук банк тарабынан ар жумалык негизде аныкталган чет өлкө валюталарынын тизмеси  

 

1. Австралия доллары 

2. Азербайжан манаты 

3. Англия фунт стерлинги  

4. Армян драмы 

5. Афган афганы 

6. Белорус рубли 

7. Болгар леви 

8. Бразилия реалы 

9. Венгер форинти 

10. Корея республикасынын вонасы/Түштүк Корея вонасы 

11. Грузин лариси 

12. Дания кронасы 

13. БАЭ дирхамы 

14. Индия рупиясы 

15. Иран риалы 

16. Канада доллары 

17. Кытай Жэньминьби юаны  

18. Кувейт динары 

19. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27- ноябрындагы N 45/14 токтомуна ылайык алынып салынды) 

20. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

30-октябрындагы № 47/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

21. Малайзия риңгити 

22. Молдавия лейи 

23. Монголия тугрики 

24. Жаңы түрк лирасы 

25. Жаңызеландия доллары 

26. Тайван жаңы доллары 

27. Түркмөн жаңы манаты 

28. Норвегия кронасы 

29. Пакистан рупиясы 

30. Поляк злотыйы 

31. АКУ 

32. Сингапур доллары 

33. Тажик сомониси 

34. Өзбек сому 

35. Украин гривнасы 

36. Чех кронасы 

37. Швед кронасы 

38. Швейцария франкы 

39. Япон йенасы 

40. Сауд риялы 

 

2-тиркеме  

 

 

Кыргыз сомуна карата расмий курстары Улуттук банк тарабынан ар жумалык негизде аныкталган чет өлкө валюталарынын тизмеси  

 

1. Австралия доллары 

2. Азербайжан манаты 

3. Англия фунт стерлинги  

4. Армян драмы 

5. Афган афганы 

6. Белорус рубли 

7. Болгар леви 

8. Бразилия реалы 

9. Венгер форинти 

10. Корея республикасынын вонасы/Түштүк Корея вонасы 

11. Грузин лариси 

12. Дания кронасы 

13. БАЭ дирхамы 

14. Индия рупиясы 

15. Иран риалы 

16. Канада доллары 

17. Кытай Жэньминьби юаны  

18. Кувейт динары 

19. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27- ноябрындагы N 45/14 токтомуна ылайык алынып салынды) 

20. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

30-октябрындагы № 47/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

21. Малайзия риңгити 

22. Молдавия лейи 

23. Монголия тугрики 

24. Жаңы түрк лирасы 

25. Жаңызеландия доллары 

26. Тайван жаңы доллары 

27. Түркмөн жаңы манаты 

28. Норвегия кронасы 

29. Пакистан рупиясы 

30. Поляк злотыйы 

31. АКУ 

32. Сингапур доллары 

33. Тажик сомониси 

34. Өзбек сому 

35. Украин гривнасы 

36. Чех кронасы 

37. Швед кронасы 

38. Швейцария франкы 

39. Япон йенасы 

40. Сауд риялы 

41. Гонконг доллары 

42. Индонезия рупиясы 

43. Оман риалы