Кайта келүү

Долбоор  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна 

өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

1) 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

2) 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;  

3) 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу»;  

4) 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/12 «ЭкоИсламикБанк» ЖАК тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-10-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун он экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 11-пункту. 

3. Ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 22-1, 23-1, 23-2 жана 27-2-пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр ушул токтом күчүнө киргенден кийин берилген, өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерге карата колдонулат.  

4. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, мында ушул токтомдун 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчалары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА) «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. 

6. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

7. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын «___»_________ 

№____________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 35-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик» деген сөздөр «Регулятивдик» дегенге алмаштырылсын; 

- 36-пунктундагы «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик» деген сөздөр «Регулятивдик» дегенге алмаштырылсын; 

- 44-пунктундагы «мезгил-мезгили менен берилүүчү» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:  

- 17-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17-1. Банк ошол эле бир кардарга же өз ара байланыштуу кардарлар тобуна сунуштаган активдерди классификациялоодо кардардын же өз ара байланыштуу кардарлар тобунун ар бир активи боюнча жүргүзүлгөн классификациялоону эске алуу жана эгерде ал классификация эң эле төмөн (начар) болуп саналса, ал активдерди карызы көбүрөөк активге ыйгарылган категория боюнча классификациялоо зарыл.   

Классификациялоого карата ушул сыяктуу ыкма банктык топтун катышуучусу болуп саналган банктар тарабынан да колдонулууга тийиш, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган кардардын же өз ара байланыштуу кардарлар тобунун активдери, эгерде ал классификация эң эле төмөн (начар) болуп саналса, карызы көбүрөөк активге ыйгарылган категория боюнча классификацияланууга тийиш. 

Эгерде кардардын (жеке адамдын же юридикалык жактын) бир банкта же банктык топ ичинде бир нече активдери болсо, өзгөчө абал киргизүүдөн улам жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынын) жана алар менен байланышкан чектөөлөрдөн улам анын финансылык агымы жана учурдагы финансылык абалы начарлагандыгына байланыштуу төмөн категория ыйгарылса жана мындай жагдайдын таасири документ менен тастыкталса, банк бардык активдер үчүн классификациялоонун эң төмөн категориясын колдонбоого укуктуу.  

Бул учурда банк категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык, классификациялоо категориясын ар бир актив үчүн өз-өзүнчө колдонушу мүмкүн.»; 

- 22-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22-1. Эгерде кардардын чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин (пайдасынын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (пайдасынын) жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) активди 5 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.  

Эскертүү: Евразия экономикалык бирлигине кирген мүчө мамлекеттердин тизмеси http://www.eaeunion.org/ дареги боюнча жайгаштырылган.»

- 23-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23-1. Эгерде кардардын чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин (пайдасынын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (пайдасынын) жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкисин түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди 10 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.»; 

- 23-2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23-2. Эгерде кардардын чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин (пайдасынын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (пайдасынын) жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан азыраагын түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан тышкары) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди 15 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «субстандарттык» катары классификациялоого тийиш.»; 

- «Классификациялоонун айрым учурлары» деген бешинчи бөлүк төмөнкү мазмундагы 27-2-пункт менен толукталсын: 

«27-2. Берүү учуруна карата анын үстөк баасы/кирешеси «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Мыйзамда белгиленген пайыздык ченден ашкан, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш.»;  

- «Реструктуризацияланган активдерди классификациялоо» деген сегизинчи бөлүк төмөнкү мазмундагы 34-6-пункт менен толукталсын:  

«34-6. Өзгөчө абал киргизүүдөн улам жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынын) жана алар менен байланышкан чектөөлөрдөн улам кардардын финансылык агымы жана учурдагы финансылык абалы начарлагандыгына байланыштуу активди реструктуризациялоодо, мындай жагдай кардардын ишине таасирин тийгизгендиги документ менен тастыкталса, банк активди классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу.»; 

- 47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«47. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:  

Жалпы резерв 

Атайы резерв 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык 

15%/25%; 

Канааттандырарлык 

1/2/2,5% 

Шектүү 

50%; 

Байкоо алдындагы активдер 

5/10/15% 

Жоготуулар 

100%. 

  

Ушул жобонун 22-2-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк «канааттандырарлык» активдер боюнча РППУну 2% өлчөмүндө түзүүгө тийиш.   

Ушул Жобонун 23-1-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк «байкоого алынган активдер» боюнча РППУну 5% өлчөмүндө  түзүүгө тийиш.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун:  

- 5-пунктунун биринчи абзацындагы «мезгил-мезгил менен берилүүчү» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

 

4.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 29-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардардын акыркы 3-12 ай үчүн эмгек акысы тууралуу маалымкатты (мында банк эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) же кирешеси/төлөөгө жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо).»; 

- 88-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«88. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер эсептен алынып салынгандан кийин алар карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү келип чыгышы ыктымал болгон учурларга кеминде беш жыл системадан тышкары эсепке алынат, мында Директорлор кеңеши карызды эсептен алып салууга макулдук берген шартта, кардар каза болгондугуна байланыштуу, жаратылыш кырсыктарынан, өрттөн улам мүлкү толугу менен жок болгондугуна байланыштуу жеке адамдардын эсептен алынып салынган активдери эске алынбайт.». 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыкты. Токтом долбоору ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган коммерциялык банктардын ишин жөнгө салган айрым ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүүгө багытталган, ошондой эле кадимки банктар үчүн сыяктуу да, ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан банктар үчүн да бирдей укуктук чөйрөнү түзүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда мазмуну боюнча жана техникалык мүнөздөгү, анын ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы № 2023-П-12/80-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алууга; 

- 2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА) «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобону кабыл алууга; 

- ислам каржылоо принциптери боюнча чет өлкө валютасында жаңыдан берилген активдерди классификациялоо бөлүгүндө бирдей укуктук чөйрөнү түзүүгө

- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда кредиттик тобокелдикти тескөөдө жеңилдик берүү ченемдерине. 

Ошондой эле, бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «ЭкоИсламикБанк» ЖАК тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун жокко чыгаруу сунушталат. Анткени «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын ишинде Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоо колдонулат (ченемдик укуктук актылардын кайталанып колдонулушуна жол бербөө максатында). 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын «Банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптери» деп аталган 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктарга карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларда каралган спецификаны жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат. 

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын «Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары» деп аталган 9-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарууга укуктуу.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алууда кошумча финансылык каражат бөлүү талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4 жана 6-пунктчаларына ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт, анткени сунушталган өзгөртүүлөр юридикалык күчү жогору турган ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө, ошондой эле бирдей юридикалык күчкө ээ Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары ортосунда карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган.  

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы сунушталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарууну өтүнөт. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү жагынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ  

 

№ 

Учурдагы редакция  

Сунушталган редакция 

1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын                                          аныктоо боюнча» нускоо 

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген) 

35. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчетту түзүүдө төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:  

- «ислам терезесине» ээ банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдери Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 15.А-15.В бөлүктөрүндө чагылдырылууга тийиш;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер (кыска мөөнөттүү өзүнөн өзү жоюлуучу баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кошо алганда) Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 15.Г бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш.  

35. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчетту түзүүдө төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:  

- «ислам терезесине» ээ банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдери Регулятивдик банктык отчеттун 15.А-15.В бөлүктөрүндө чагылдырылууга тийиш;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер (кыска мөөнөттүү өзүнөн өзү жоюлуучу баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кошо алганда) Регулятивдик банктык отчеттун 15.Г бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш.  

36. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматтар жана аларды эсептөөлөр, «ислам терезесине» ээ банк тарабынан Коммерциялык банктар үчүн нускоонун талаптарына ылайык жана Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында сунушталат.  

36. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматтар жана аларды эсептөөлөр, «ислам терезесине» ээ банк тарабынан Коммерциялык банктар үчүн нускоонун талаптарына ылайык жана Регулятивдик банктык отчеттун курамында сунушталат.  

 44. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) стандарттарын аткаруу жана аларды эсептөө жөнүндө маалымат банктар тарабынан ай сайын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун курамында берилет.  

44. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) стандарттарын аткаруу жана аларды эсептөө жөнүндө маалымат банктар тарабынан ай сайын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын Регулятивдик отчетунун курамында берилет.  

2. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым                    тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» Жобо 

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы                                                                                                                           № 51/6 токтому менен бекитилген) 

17-1. Банктык топтун бир эле кардарга же байланыштуу кардарлар тобуна сунушталган активдерин классификациялоодо, ошол активдерге банктык топтун ар бир катышуучусу жүргүзгөн классификацияны эске алуу менен банктык топтун ар бир катышуучусу ошол активдер боюнча жүргүзгөн классификациялоо категорияларынын эң алгылыксызы боюнча ал активдерди классификациялоо зарыл. 

17-1. Банк ошол эле бир кардарга же өз ара байланыштуу кардарлар тобуна сунуштаган активдерди классификациялоодо кардардын же өз ара байланыштуу кардарлар тобунун ар бир активи боюнча жүргүзүлгөн классификациялоону эске алуу жана эгерде ал классификация эң эле төмөн (начар) болуп саналса, ал активдерди карызы көбүрөөк активге ыйгарылган категория боюнча классификациялоо зарыл.   

Классификациялоого карата ушул сыяктуу ыкма банктык топтун катышуучусу болуп саналган банктар тарабынан да колдонулууга тийиш, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган кардардын же өз ара байланыштуу кардарлар тобунун активдери, эгерде ал классификация эң эле төмөн (начар) болуп саналса, карызы көбүрөөк активге ыйгарылган категория боюнча классификацияланууга тийиш. 

Эгерде кардардын (жеке адамдын же юридикалык жактын) бир банкта же банктык топ ичинде бир нече активдери болсо, өзгөчө абал киргизүүдөн улам жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынын) жана алар менен байланышкан чектөөлөрдөн улам анын финансылык агымы жана учурдагы финансылык абалы начарлагандыгына байланыштуу төмөн категория ыйгарылса жана мындай жагдайдын таасири документ менен тастыкталса, банк бардык активдер үчүн классификациялоонун эң төмөн категориясын колдонбоого укуктуу.  

Бул учурда банк категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык, классификациялоо категориясын ар бир актив үчүн өз-өзүнчө колдонушу мүмкүн. 

22-1. Банк, эгерде ошол активди алган кардардын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы (Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) кирешенин (түшкөн акчанын) үлүшү 75 пайыздан көбүрөөктү түзсө, чет өлкө валютасындагы (Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) активди эң аз дегенде «канааттандыраарлык» катары классификациялоого тийиш.  

Эскертүү: Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн тизмеси төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган: http://www.eaeunion.org/. 

22-1. Эгерде кардардын чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин (пайдасынын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (пайдасынын) жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) активди 5 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.  

Эскертүү: Евразия экономикалык бирлигине кирген мүчө мамлекеттердин тизмеси http://www.eaeunion.org/ дареги боюнча жайгаштырылган. 

23-1Эгерде ошол активди алган кардардын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин (түшкөн акчанын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди эң аз дегенде «байкоого алынган актив» катары классификациялоого тийиш.  

23-1. Эгерде кардардын чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин (пайдасынын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (пайдасынын) жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкисин түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди 10 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш. 

23-2. Эгерде ошол активди алган кардардын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин (түшкөн акчанын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан азын түзсө, банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) активди эң аз дегенде «байкоого алынган актив» катары классификациялоого тийиш.  

23-2. Эгерде кардардын чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин (пайдасынын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (пайдасынын) жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан азыраагын түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан тышкары) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди 15 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «субстандарттык» катары классификациялоого тийиш. 

27-2.-пункту жок 

27-2. Берүү учуруна карата анын үстөк баасы/кирешеси «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Мыйзамда белгиленген пайыздык ченден ашкан, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш. 

34-6.-пункту жок 

34-6. Өзгөчө абал киргизүүдөн улам жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынын) жана алар менен байланышкан чектөөлөрдөн улам кардардын финансылык агымы жана учурдагы финансылык абалы начарлагандыгына байланыштуу активди реструктуризациялоодо, мындай жагдай кардардын ишине таасирин тийгизгендиги документ менен тастыкталса, банк активди классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу. 

10 

47. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:  

Жалпы камдар 

Атайы камдар 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык 

15%/25%; 

Канааттандырарлык 

1/2/2,5% 

Шектүү 

50%; 

Байкоо алдындагы активдер 

5/10% 

Жоготуулар 

100%. 

  

Банк, Жобонун 22-1-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон, ошондой эле 22-2-пунктунда көрсөтүлгөн, РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, «канааттандырарлык» активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш.   

Банк, ушул Жобонун 23-2-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдер эске албаганда, «байкоого алынган активдер» боюнча 5% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.  

47. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:  

Жалпы резерв 

Атайы резерв 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык 

15%/25%; 

Канааттандырарлык 

1/2/2,5% 

Шектүү 

50%; 

Байкоо алдындагы активдер 

5/10/15% 

Жоготуулар 

100%. 

  

Ушул жобонун 22-2-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк «канааттандырарлык» активдер боюнча РППУну 2% өлчөмүндө түзүүгө тийиш.   

Ушул Жобонун 23-1-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк «байкоого алынган активдер» боюнча РППУну 5% өлчөмүндө  түзүүгө тийиш. 

3. «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик                                                        башкаруу жөнүндө» жобо 

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 токтому менен бекитилген) 

11 

5. Банк, кеминде жылына бир жолу корпоративдик башкарууга баа берип жана финансылык отчеттун жана банктын мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик отчетунун алкагында, ушул Жобонун талаптарын сактоо жана банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин жана Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонуу жөнүндө жана корпоративдик башкарууда аныкталган кемчиликтерди жана аларды четтетүү боюнча зарыл чаралардын аткарылышы үчүн конкреттүү мөөнөттү жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча пландаштырылып жаткан чаралар жөнүндө маалыматты ачууга тийиш. Мында, банк, банк ишин тескөөнүн ички саясатына таянуу менен аталган ачып көрсөтүүлөрдүн формасын жана мазмунун өз алдынча аныктайт.  

Баа берүү Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, мындай комитет жок учурда Аудит боюнча комитет тарабынан жүргүзүлөт жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чара көрүүсү үчүн Директорлор кеңешине жана банк ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана ага жол бербөө боюнча чараларды ишке ашыруусу үчүн ошондой эле банк Башкармасына берилет.  

5. Банк, кеминде жылына бир жолу корпоративдик башкарууга баа берип жана финансылык отчеттун жана банктын регулятивдик отчетунун алкагында, ушул Жобонун талаптарын сактоо жана банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин жана Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонуу жөнүндө жана корпоративдик башкарууда аныкталган кемчиликтерди жана аларды четтетүү боюнча зарыл чаралардын аткарылышы үчүн конкреттүү мөөнөттү жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча пландаштырылып жаткан чаралар жөнүндө маалыматты ачууга тийиш. Мында, банк, банк ишин тескөөнүн ички саясатына таянуу менен аталган ачып көрсөтүүлөрдүн формасын жана мазмунун өз алдынча аныктайт.  

Баа берүү Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, мындай комитет жок учурда Аудит боюнча комитет тарабынан жүргүзүлөт жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чара көрүүсү үчүн Директорлор кеңешине жана банк ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана ага жол бербөө боюнча чараларды ишке ашыруусу үчүн ошондой эле банк Башкармасына берилет.  

4. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө                                                   Жобо 

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 токтому менен бекитилген) 

12 

29. Он экинчи абзац 

- акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы тууралуу маалымкатты же киреше тууралуу маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо).  

29. Он экинчи абзац 

- кардардын акыркы 3-12 ай үчүн эмгек акысы тууралуу маалымкатты (мында банк эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) же кирешеси/төлөөгө жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо)

13 

88. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер эсептен алынып салынгандан кийин, алар карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү келип чыгышы ыктымал болгон учурларга, кеминде беш жыл системадан тышкары эсепке алынат.  

88. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер эсептен алынып салынгандан кийин алар карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү келип чыгышы ыктымал болгон учурларга кеминде беш жыл системадан тышкары эсепке алынат, мында Директорлор кеңеши карызды эсептен алып салууга макулдук берген шартта, кардар каза болгондугуна байланыштуу, жаратылыш кырсыктарынан, өрттөн улам мүлкү толугу менен жок болгондугуна байланыштуу жеке адамдардын эсептен алынып салынган активдери эске алынбайт