Кайта келүү

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»;  

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 23-декабры № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздарды тааныштырсын.  

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Төлөм системалары башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын «____» __________ 

№___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

1-тиркемесинин: 

- 8-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банктын кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

- 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:  

- 43-пунктунун: 

3-пунктчасындагы «күбөлүк» деген сөз «маалымкат» деген сөзгө алмаштырылсын; 

6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 

9-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер берилгендигин текшерүүгө жана аларды тастыктоого, ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүүгө тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоосу бар башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди текшерүү, ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.».  

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 9-пункту төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«Банктын кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

- 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:  

- 42-пунктунун: 

3-пунктчасындагы «күбөлүк» деген сөз «маалымкат» деген сөзгө алмаштырылсын; 

6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 

9-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер берилгендигин текшерүүгө жана аларды тастыктоого, ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүүгө тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоосу бар башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди текшерүү, ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.». 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 5.1.3-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Кредиттик союздун кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. 

Бардык документтер толугу менен иликтенгенден кийин кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алынат.». 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

7-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 

төмөнкү редакциядагы 7-2-пункт менен толукталсын: 

«7-2. Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо).». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

20-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«МФУнун кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.». 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

2-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 

3-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат;». 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо:  

- төмөнкү редакциядагы 27-2-пункт менен толукталсын: 

«27-2. Кредиттик союздун кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

- Жобого карата 1-тиркеменин: 

7-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтом долбооруна карата 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо  

Жобого карата 1-тиркеме  

Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата минималдуу  

ТАЛАПТАР 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат  

8. Мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо), мында жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же мал жандыгы бар экендигин тастыктаган документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит алган айыл чарба өндүрүүчү-жеке адамдар, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүн программаларынын алкагында кредит алган жеке адамдар кирбейт.   

Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө (көчүрмөсү) же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш.  

9. Салык органдарынан катталгандыгы жөнүндө документ (карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

Банктын кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. 

9. күчүн жоготту деп таанылсын. 

… 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 30-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча НУСКОО  

5-глава. Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсептерди ачуу тартиби 

43. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, кагаз түрүндө же электрондук документ формасында төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) кол тамга үлгүлөрү карточкасында көрсөтүлгөн, келишимдерге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюуга ыйгарым укук берилген жактар тарабынан кол коюлган жана юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган, ошондой эле төмөнкү маалымат камтылган эсеп ачууга өтүнүч кат:   

- толук аталышы, ошондой эле кыскартылган аталышы жана эгерде болсо, чет тилде аталышы;   

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, катталган жер;   

- мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, катталган жери;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан "Жалпы республикалык ишканалар жана уюмдар классификаторуна" ылайык төлөөчүнүн коду;   

- жайгашкан жери;   

- почта дареги;   

- байланышуу үчүн телефондор жана факс номерлери;   

- ишкердик түрү;   

- банк менен ишкердикти жүргүзүү максаты жана болжолдуу багыты;   

- банктын талабы боюнча башка маалыматтар;  

2) Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, банкта эсеп ачууга мамлекеттик органдар, ишканалар жана мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелер үчүн уруксаты;  

3) юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн юридикалык жактын ЭЭАнын субъекти катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүү зарыл. Резидент эместер үчүн: юридикалык жак түзүлгөн өлкөнүн соода реестринен фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмө же чыккан өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык, кардардын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ;  

4) уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жараша бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;  

5) эгерде, юридикалык жак тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш болгон ишкердикти жүргүзгөн болсо, лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында лицензияларды эсеп ачуудан кийин берүү каралган болсо, лицензияларды алгандан кийин гана алардын көчүрмөлөрү берилет;  

6) салык төлөөчү каттоодон өткөндүгү фактысын далилдеген Салык кызматы органынын маалымкаты;  

7) эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын статистика органдарында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документти кошумча берүүгө тийиш;  

8) кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы (бул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген), карточкада көрсөтүлгөн, эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу экендигин тастыктаган документтер;  

9) юридикалык жактын акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документ (жеке тейлөө учурунда көчүрмөсү алынган түп нуска кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ таанышып чыгуу үчүн берилет).  

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.  

43. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, кагаз түрүндө же электрондук документ формасында төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) кол тамга үлгүлөрү карточкасында көрсөтүлгөн, келишимдерге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюуга ыйгарым укук берилген жактар тарабынан кол коюлган жана юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган, ошондой эле төмөнкү маалымат камтылган эсеп ачууга өтүнүч кат:   

- толук аталышы, ошондой эле кыскартылган аталышы жана эгерде болсо, чет тилде аталышы;   

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, катталган жер;   

- мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, катталган жери;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан "Жалпы республикалык ишканалар жана уюмдар классификаторуна" ылайык төлөөчүнүн коду;   

- жайгашкан жери;   

- почта дареги;   

- байланышуу үчүн телефондор жана факс номерлери;   

- ишкердик түрү;   

- банк менен ишкердикти жүргүзүү максаты жана болжолдуу багыты;   

- банктын талабы боюнча башка маалыматтар;  

2) Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, банкта эсеп ачууга мамлекеттик органдар, ишканалар жана мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелер үчүн уруксаты;   

3) юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө маалымдама (күбөлүк). Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн юридикалык жактын ЭЭАнын субъекти катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүү зарыл. Резидент эместер үчүн: юридикалык жак түзүлгөн өлкөнүн соода реестринен фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмө же чыккан өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык, кардардын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ;  

4) уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жараша бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;  

5) эгерде, юридикалык жак тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш болгон ишкердикти жүргүзгөн болсо, лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында лицензияларды эсеп ачуудан кийин берүү каралган болсо, лицензияларды алгандан кийин гана алардын көчүрмөлөрү берилет;  

6) күчүн жоготту деп таанылсын; 

7) эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын статистика органдарында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документти кошумча берүүгө тийиш;  

8) кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы (бул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген), карточкада көрсөтүлгөн, эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу экендигин тастыктаган документтер;  

9) юридикалык жактын акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документ (жеке тейлөө учурунда көчүрмөсү алынган түп нуска кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ таанышып чыгуу үчүн берилет).  

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүүгө тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоосунун болушуна тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.  

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\13 токтому менен бекитилген Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО 

Жобого карата 1-тиркеме  

Кардардын/өнөктөштүн досңесине карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

I. Жалпы маалымат 

9. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500 000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо).  

Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. 

9. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500 000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо).  

Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. 

Банктын кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. 

10. Салык органдарында катталгандыгы тууралуу документ (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

10. Пункт күчүн жоготту деп таанылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 41/12 токтому менен бекитилген  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө НУСКОО  

42. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, кагаз түрүндө же электрондук документ формасында төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) эсеп ачууга өтүнүч катты, ал кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлгөн, келишимге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адамдардын колдору коюлуп, юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү зарыл жана анда төмөнкүлөр камтылат:  

- юридикалык жактын толук аталышы, ошондой эле кыскартылган жана эгерде болгон болсо, чет тилде жазылган аталышы;  

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар: күнү, номери, мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, каттоодон өткөн жери;  

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан "Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторуна" ылайык төлөөчүнүн коду;  

- орун алган жери;  

- почта дареги;  

- байланыш телефондорунун жана факстардын номери;  

- ишинин түрү;  

- банк менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана анын мүнөзү;  

- банк талап кылган башка маалыматтар.  

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, мамлекеттик органдарга, мамлекеттик бюджеттен каржыланган ишканаларга жана мекемелерге банкта эсеп ачууга уруксат берүүсү;  

3) юридикалык жактын мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн анын ЭЭАнын субъекти катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүүсү зарыл. Резидент эместер үчүн: фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү тууралуу тиешелүү өлкөнүн соода реестринин көчүрмөсү же кардардын юридикалык жак катары чыккан өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ;  

4) уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жараша бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен юридикалык жактын мөөрү жана жетекчисинин колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;  

5) эгерде, юридикалык жак тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш болгон ишкердикти жүргүзгөн болсо, лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында лицензияларды эсеп ачкандан кийин берүү каралган болсо, лицензияларды алгандан кийин гана алардын көчүрмөлөрү берилет;  

6) салык кызматы органынын салык төлөөчүнүн салык каттоосунан өткөндүгү тууралуу маалым каты;  

7) эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын статистика органдарында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документти кошумча берүүгө тийиш;  

8) кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы (бул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген); карточкада көрсөтүлгөн, эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу экендигин тастыктаган документтер;  

9) юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документи же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документи (жеке тейлөө учурунда андан көчүрмө алынган түп нускасы сунушталат).  

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.  

42. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, кагаз түрүндө же электрондук документ формасында төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) эсеп ачууга өтүнүч катты, ал кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлгөн, келишимге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адамдардын колдору коюлуп, юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү зарыл жана анда төмөнкүлөр камтылат:  

- юридикалык жактын толук аталышы, ошондой эле кыскартылган жана эгерде болгон болсо, чет тилде жазылган аталышы;  

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар: күнү, номери, мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, каттоодон өткөн жери;  

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан "Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторуна" ылайык төлөөчүнүн коду;  

- орун алган жери;  

- почта дареги;  

- байланыш телефондорунун жана факстардын номери;  

- ишинин түрү;  

- банк менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана анын мүнөзү;  

- банк талап кылган башка маалыматтар.  

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, мамлекеттик органдарга, мамлекеттик бюджеттен каржыланган ишканаларга жана мекемелерге банкта эсеп ачууга уруксат берүүсү;  

3) юридикалык жактын мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн анын ЭЭАнын субъекти катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүүсү зарыл. Резидент эместер үчүн: фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү тууралуу тиешелүү өлкөнүн соода реестринин көчүрмөсү же кардардын юридикалык жак катары чыккан өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ;  

4) уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жараша бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен юридикалык жактын мөөрү жана жетекчисинин колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;  

5) эгерде, юридикалык жак тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш болгон ишкердикти жүргүзгөн болсо, лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында лицензияларды эсеп ачкандан кийин берүү каралган болсо, лицензияларды алгандан кийин гана алардын көчүрмөлөрү берилет; 

6) күчүн жоготту деп таанылсын; 

7) эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын статистика органдарында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документти кошумча берүүгө тийиш;  

8) кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы (бул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген); карточкада көрсөтүлгөн, эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу экендигин тастыктаган документтер;  

9) юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документи же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документи (жеке тейлөө учурунда андан көчүрмө алынган түп нускасы сунушталат).  

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүүгө тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоосунун болушуна тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы N 50\7 токтому менен бекитилген Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО 

5.1.3. Негизинен кредит алууга ар бир билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзүү кредиттик союздун саясатына негизденүүгө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөөгө алууда төмөнкүдөй негизги факторлорго көңүл буруу зарыл:  

- каражат алууга укук. Кредиттик кызматкер карыз алуучунун кредит алууга укугу бардыгына жана кредит келишимине кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш;  

- карыз алуучуга мүнөздөмө. Кредит боюнча иш алып барган кызматкер карыз алуучу насыялык каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын жана карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу буга чейин башка финансы-кредит уюмдардын кредиттеринен пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка уюмдардан алынган кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Ошондой эле, карыз алуучуга жана кредиттик союздун каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактарга (мыйзам талаптарына ылайык алар болсо) тиешелүү маалыматты (кредиттик отчет) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылууга тийиш.  

Кредиттик союз кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.   

Кредиттик союз кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

- акча каражаттары. Кредит алууга келип түшкөн билдирмеге анализдөөлөрдү жүргүзгөн кредиттик кызматкер төмөнкү суроолорго жооп берүүгө тийиш: карыз алуучу алган каражатын жабуу үчүн жетиштүү болгон киреше булагына ээби;  

- камсыздоо. Камсыздоого баа берүүдө кредиттик кызматкер карыз алуучунун колунда кредит боюнча зарыл камсыздоону сунуштоо үчүн жетиштүү көлөмдөгү сапаттуу активдер бардыгын териштирип билүүгө тийиш;  

- гарантия (кепилдик). Эгерде, кредиттин камсыздоосу катары гарантия (кепилдик) колдонулса, анда гаранттын (кепил болгон адамдын) кесипкөйлүк аброюна көңүл буруп, төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жана алган милдеттенмесин аткарууга жоопкерчиликтүүлүгүнө жана аны аткарууга даярдыгына иликтөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат.  

Бардык документтер толук иликтөөгө алынгандан кийин кредит берүү чечими кабыл алынат.  

Кредиттик союздун кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. 

Бардык документтер толук иликтөөгө алынгандан кийин кредит берүү чечими кабыл алынат.  

Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого 1-тиркеме 

Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн катышуучудан (жеке адамдан) жогоруда келтирилген документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат:  

- юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон болсо);  

- патенттин көчүрмөсү (болгон болсо). 

7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн катышуучудан (жеке адамдан) жогоруда келтирилген документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат:  

- патенттин көчүрмөсү (болгон болсо). 

7-2. Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\14 токтому менен бекитилген Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО  

20. Билдирмелерди карап чыгуу регламенти жок эле дегенде төмөнкү баскычтардан турууга тийиш:  

1) кардарлардын кредиттерди алууга билдирмелерди каттоо Журналына, билдирмелерди каттоо (мындан ары - Журнал). МФУда маалыматты коргоо жана сакталышын камсыз кылган коопсуздук системалары орнотулуп, маалыматтан санкциясыз пайдаланууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн болбогон шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет;  

2) кардар тарабынан билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү;  

2-1) карыз алуучуга жана МФУ каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактарга (мыйзам талаптарына ылайык алар болсо) тиешелүү маалыматты (кредиттик отчет) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылууга тийиш;  

3) кардар-потенциалдуу карыз алуучу менен аңгемелешүү жүргүзүү;  

4) кардар тарабынан берилген документтерге алдын-ала экспертиза жүргүзүү;  

5) формалдуу эмес кирешеге ээ болгон кардарларды кошо алганда, кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына баа берүү, ошону менен бирге карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш;  

6) кредит берүү жөнүндө чечим;  

7) кардарга МФУда белгиленген тартипте кредит берүү/кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымдоо, бул, формасы МФУ тарабынан белгиленген Журналга катталат.  

МФУнун кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. 

2-1) карыз алуучуга жана МФУ каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактарга (мыйзам талаптарына ылайык алар болсо) тиешелүү маалыматты (кредиттик отчет) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылууга тийиш;  

3) кардар-потенциалдуу карыз алуучу менен аңгемелешүү жүргүзүү;  

4) кардар тарабынан берилген документтерге алдын-ала экспертиза жүргүзүү;  

5) формалдуу эмес кирешеге ээ болгон кардарларды кошо алганда, кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына баа берүү, ошону менен бирге карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш;  

6) кредит берүү жөнүндө чечим;  

7) кардарга МФУда белгиленген тартипте кредит берүү/кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымдоо, бул, формасы МФУ тарабынан белгиленген Журналга катталат.  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме  

Карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР  

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдан жогоруда белгиленгендерден тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат:  

1) юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон болсо);  

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон болсо);  

3) патенттин көчүрмөсү (болгон болсо).  

2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдан жогоруда белгиленгендерден тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат:  

1) күчүн жоготту деп таанылсын; 

2) социалдык органдан маалымкат (болгон болсо); 

3) патенттин көчүрмөсү (болгон болсо).  

3. Юридикалык жактан талап кылынуучу документтер:  

1) МФУ тарабынан белгиленген формада толтурулган, кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме;  

2) билдирме берүүгө чейинки алты ай ичинде ошол МФУдан же башка финансы-кредит уюмдарынан алынган/орду жабылган/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу тарабынан кат жүзүндө сунушталган маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесинде же башка документинде камтылган);  

3) юридикалык жактын жетекчисинин каражаттарды тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү;  

4) нотариалдык жактан тастыкталган, кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн карточкалар;  

5) уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү;  

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;  

7) эгерде юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери көрсөтүлбөсө, салык органы тарабынан берилген каттоо карточкасынын көчүрмөсү 

8) күрөөгө коюлган мүлктүн описи.  

3. Юридикалык жактан талап кылынуучу документтер:  

1) МФУ тарабынан белгиленген формада толтурулган, кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме;  

2) билдирме берүүгө чейинки алты ай ичинде ошол МФУдан же башка финансы-кредит уюмдарынан алынган/орду жабылган/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу тарабынан кат жүзүндө сунушталган маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесинде же башка документинде камтылган);  

3) юридикалык жактын жетекчисинин каражаттарды тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү;  

4) нотариалдык жактан тастыкталган, кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн карточкалар;  

5) уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү;  

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;  

7) салыктык каттоону текшерүү фактысын тастыктаган маалымат; 

8) күрөөгө коюлган мүлктүн описи.  

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» ЖОБО   

27-2. Кредиттик союздун кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. 

«Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзгөн кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» Жобого карата 1-тиркеме  

Кардарды каржылоо боюнча таржымалга карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР  

I. Кардар жөнүндө жалпы маалымат 

7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган кардар (жеке адам) жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш:   

- юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде болгон болсо);   

- патенттин көчүрмөсү (эгерде болгон болсо). 