Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийинки  

3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты жана «Кепилдик фонд» ААКты тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Төрага                                                                                                                                                                                                                              М. Тургунбаев 

Башкарманын мүчөлөрү:                                                                                                                                                                                           М. Аттокуров  

                                                                                                                                                                                                                                           М. Жакыпов  

                                                                                                                                                                                                                                           У. Жамалидинов  

                                                                                                                                                                                                                                           К. Куленбеков  

                                                                                                                                                                                                                                           Р. Сейткасымова

                                                                                                                                                                                                                                                       К. Темиров 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын ___ - _________  

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:  

- 4.1.1-пунктунун он алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, ошондой эле эгерде алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында берилсе, банктар улуттук валютадагы кредиттерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 21-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик программаларды ишке ашыруу шарттарын эске алуу менен кредит алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартибин, ошондой эле кредит алуу үчүн кайрылган адамга карата коюлуучу талаптарды белгилөөгө тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын: 

«25-1. Кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоодо банк мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу шарттарын жана тартибин эске алуу менен карыз алуучудан документтерди (кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө) талап кылууга тийиш.»; 

- 30-пункттун 5-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономика субъекттерине, анын ичинде мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн.»; 

- 1-тиркеменин 2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Мында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо мамлекеттик программаларды ишке ашыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.». 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоонун: 

- 24-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында белгиленген тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн банктын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт. Мында, ар бир мамлекеттик программанын алкагында кредиттөөнүн/каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын он беш пайызынан азын түзүүгө тийиш.». 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 27-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 22- июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртуу милдети каралган. Курулушту бюджеттик каржылоо жана калкты турак жай менен камсыз кылуу кыскаргандыктан, дүйнөнүн көпчүлүк экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрүндөй эле, турак жай сатып алуу үчүн каражаттардын негизги булагы болуп жарандардын кирешелери, финансы-кредиттик уюмдардын каражаттары саналат. 

Жарандардын турак жай жана социалдык шарттарын жакшыртууга мамлекеттин муктаждыгын эске алуу менен, «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 5-бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык Министрлер Кабинети мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруусу үчүн мамлекеттик уюмдар жана банктар ортосунда бүтүмдөр боюнча алып салуулар каралган. 

Токтом долбоорунда карыз алуучунун, гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоого, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында берилүүчү кредиттерди классификациялоого, ошондой эле ар бир мамлекеттик программага бүтүмдөрдүн чогуу алгандагы көлөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тиешелүү өзгөртүүлөр каралган. 

Ар бир мамлекеттик программа боюнча сунушталган бүтүмдөрдүн чогуу алгандагы көлөмүн чектөө Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 50-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген. 

Токтом долбоорунда Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр каралган: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого. 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Аталган токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. 

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет.  

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт.  

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктуна ылайык, юридикалык күчү жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү боюнча иштелип чыккандыктан, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлгөн эмес. 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Азыркы мезгилдеги редакция 

Сунушталган редакция 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга  

резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобо 

4. Классификацияланбаган активдер 

4.1. Нормалдуу активдер  

4.1.1. Келишимге ылайык алар боюнча камсыздоо активдин негизги суммасын жана активдин негизги суммасынан келип чыккан катары эсептелинген пайыздык чендин жана жылдык мааниде номиналдык пайыздык чендин суммасын толук көлөмдө жапкан активдер нормалдуу активдер деп аталат (мисалы, активдин негизги суммасы 100 миң сомду, ал эми пайыздык чен 10% түзөт, демек, ордун жабуу суммасы 110 миң сомду түзүүгө тийиш). Мындай камсыздоо төмөнкүлөрдөн турат:   

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары - МБК) (эгерде МБКлардын ордун жабуу мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, банк күрөөлүк камсыздоо катары МБКлардын ордун жабуудан алынган акча каражаттарды, же болбосо ушул сыяктуу кошумча МБКлары камсыздоо катары кабыл алууга тийиш);   

- ушул банктын өзүнчө депозиттик эсебинде турган каражаттар. Мында, өзүнчө депозиттик эсеп дегенден жеке адамдын же юридикалык жактын өзгөчөлөнгөн депозиттик эсебин түшүнүүгө болот. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктагы корреспонденттик эсеп камсыз кылуучу катары пайдаланылышы мүмкүн эмес;   

- Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта эң жогорку жана андан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар (мындан ары - башка баалуу кагаздар).   

Нормалдуу катары ошондой эле активдер суммасынын кеминде 100% аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтындан турган күрөө (күрөө катары) менен камсыздалган активдер аталат.  

Эскертүү: Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар - Улуттук банк же аффинаждоочу ишкана тарабынан эмитирленген (чыгарылган) баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификацияланган, 1000 грамм жана андан ашык салмактан турган, алтын үчүн куйманын лигатурдук массасынын кеминде 99,95-99,99 пайызы жана күмүш/платина үчүн куйманын лигатурдук массасынын кеминде 99,90 пайызы химиялык таза негизги металлдан турган куймалар.   

Мында төмөндөгү талаптар аткарылышы зарыл:   

1) активди берүү келишиминде жана күрөө жөнүндө келишимде, өзүнчө депозиттик эсепте акча каражаттар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана башка баалуу кагаздар банк тарабынан берилген каражаттарды камсыз кылуучу катары көрсөтүлүшү зарыл жана банк кардар милдеттенмелерин аткарбаган учурда акцептсиз тартипте аларга өндүрүү жүргүзүүгө укуктуу;   

2) депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш;   

3) күрөө жөнүндө келишимде өзүнчө депозиттик эсептеги акча каражаттарды, мамлекеттик баалуу кагаздарды жана башка баалуу кагаздарды кайрадан күрөөгө коюуга жол бербөө каралууга тийиш;   

4) кандай болбосун учурда банкта тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана күрөөнү тариздөө менен байланыштуу бардык жол-жоболорду камсыз кылган келишимде каралган мөөнөт аяктаганга чейин депозитти жана акча каражаттарын, МБКлар жана башка баалуу кагаздарын сактап турууну камсыз кылуучу ички көзөмөл жүзөгө ашырылууга тийиш;   

5) активдерди камсыз кылган депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же жалпы жол берилген жана алгылыктуу валюта котировкаларынын негизинде, кыргыз сомуна эркин конвертациялануучу валютада болууга тийиш;   

6) эгерде активди камсыз кылуучу катары активдин валютасынан айырмаланган валютадагы акча каражаттары сунуш кылынган учурда, депозитти чейрек сайын кайрадан баалоону милдеттүү түрдө өткөрүү зарыл;   

7) эгерде кайрадан баалоонун натыйжасында күрөө азайса, анда банк ушул Жобонун талаптарына ылайык дароо эле анын наркынын жогорулатылышын талап кылууга жана ал талаптын 10 жумуш күнү ичинде аткарылышын камсыз кылууга укуктуу;   

8) эгерде 1-7-пунктчаларда белгиленген талаптар аткарылбаган болсо, анда мындай актив толук камсыз кылынбаган катары таанылат жана ал классификациянын башка категориясына өткөрүлүүгө тийиш.   

Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, банктар улуттук валютадагы кредиттерди "нормалдуу активдер" катары классификациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.   

Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар киреше түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди банктын ички саясатына ылайык "нормалдуу активдер" катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) макулдашуунун алкагында түзүлгөн өнүктүрүү фонддору (мындан ары - Өнүктүрүү фонду) тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фонду тарабынан башка чет өлкөлүк финансы институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле Өнүктүрүү фондунун каражаттарынан каржылоо эсебинен орду жабылган жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү каралган кредиттерге да таркатылат.  

Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, ошондой эле эгерде алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында берилсе, банктар улуттук валютадагы кредиттерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн.». 

Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар киреше түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди банктын ички саясатына ылайык "нормалдуу активдер" катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) макулдашуунун алкагында түзүлгөн өнүктүрүү фонддору (мындан ары - Өнүктүрүү фонду) тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фонду тарабынан башка чет өлкөлүк финансы институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле Өнүктүрүү фондунун каражаттарынан каржылоо эсебинен орду жабылган жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү каралган кредиттерге да таркатылат.  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо 

4. Банктык кредиттерди берүү боюнча банктын ишин уюштуруу 

4.1. Кредит алууга билдирмелерди анализдөө 

21. Ар бир банкта кредит алууга билдирмелерди, ошондой эле кредит алуу үчүн кайрылган адамга сунушталган бир катар талаптарды кароонун белгилүү бир тартиби белгиленүүгө тийиш.  

21. Ар бир банкта кредит алууга билдирмелерди, ошондой эле кредит алуу үчүн кайрылган адамга сунушталган бир катар талаптарды кароонун белгилүү бир тартиби белгиленүүгө тийиш.  

Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик программаларды ишке ашыруу шарттарын эске алуу менен кредит алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартибин, ошондой эле кредит алуу үчүн кайрылган адамга карата коюлуучу талаптарды белгилөөгө тийиш. 

25. Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш (кагаз түрүндө же электрондук формада):  

- карыз алуучу тууралуу негизги маалыматтарды (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо - негизги ишкердик түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча киреше (пайда) түзүмүн (чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча), кредитти төлөө планын, негизги бизнес-өнөктөштөр ж.б.;   

- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же мыйзам актыларына ылайык көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колтамгасы менен тастыкталган уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо);   

- карыз алуучунун (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде карыз алуучу - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл;  

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

- жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды-айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу - ишкердикти күбөлүктүн же патенттин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).   

Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө патенттин (көчүрмөсүнүн) же электрондук патенттин аныктыгын (көчүрмөсү) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш.  

Эскертүү: QR-код - уюлдук түзүлүштөр аркылуу окуу үчүн атайын түзүлгөн, патент жөнүндө маалымат камтылган матрица код (эки ченемдүү штрих код);  

өзүндө кредит алуу максатын, карыз алуучунун каражаттарынын болжолдуу жылышын (жыл ичинде пайда алуу көлөмүн), валюталар боюнча төлөө булактарын, кредитти төлөө мөөнөттөрүн жана планын камтыган (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо жана кредиттин суммасы 3500000 сомду түзгөн болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда) бизнес-план. Мында банк кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык кредиттер, сезондук кредиттер, ири кредиттер жана карыз алуучунун ишкердигине кылдат баа берүүнү талап кылган башка кредиттер боюнча бизнес-планга карата кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш;   

- күрөөгө коюлган мүлк описин, ээлик кылуу укугун (эгерде күрөө кыймылдуу/кыймылсыз мүлк болсо) жана пайдалануу укугун тастыктаган документтерди, ошондой эле банктын ички документтерине ылайык башка документтерди;   

- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарант - юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер);  

- инсандыгын тастыктаган документти (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);   

- акыркы 3-12 ай ичинде (мында банк эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгилди өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат же карыз алуучунун кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);   

- банкка зарыл болгон башка документтер, анын ичинде банктын каалоосу боюнча карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн документтер (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.), алар электрондук документ түрүндө же кагаз түрүндө сунушталышы мүмкүн.  

Банкта маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу боюнча талаптар камтылган, кардарлар маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга тийиш. Маалымат топтоодо жана кардарлар менен маектешүүдө банк кызматкерлери ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүндүгүн кардарларга так түшүндүрүүгө тийиш.  

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудиожаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардан (кардарлардан) макулдук алуу зарыл.  

25-1. Кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоодо банк мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу шарттарын жана тартибин эске алуу менен карыз алуучудан документтерди (кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө) талап кылууга тийиш. 

30. Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмени талдап-иликтөө жүргүзүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш:  

1) каражаттарды карызга алуу укугу. Банк, карыз алуучунун кредит алууга жана кредиттик келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш;  

… 

5) гарантия/кепилдик.  

Кредитти гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо мындай кредитти сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк карыз алуучунун өзүнө жүргүзүлгөндөй эле формада гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул жобонун талаптарына ылайык, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кандай документтерди талап кылса, ошодой эле гаранттан/кепилдик берүүчүдөн зарыл документтерди талап кылууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгүн бланктык катары таанылышына алып келет.  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн. 

Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредит алууга билдирмесин кароодо кредит боюнча иш алып барган адис бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш.  

30. Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмени талдап-иликтөө жүргүзүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш:  

1) каражаттарды карызга алуу укугу. Банк, карыз алуучунун кредит алууга жана кредиттик келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш; 

… 

5) гарантия/кепилдик.  

Кредитти гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо мындай кредитти сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк карыз алуучунун өзүнө жүргүзүлгөндөй эле формада гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул жобонун талаптарына ылайык, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кандай документтерди талап кылса, ошодой эле гаранттан/кепилдик берүүчүдөн зарыл документтерди талап кылууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгүн бланктык катары таанылышына алып келет.  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономика субъекттерине, анын ичинде мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн. 

Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредит алууга билдирмесин кароодо кредит боюнча иш алып барган адис бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 1-тиркеме 

II. Күрөө боюнча документациялар 

2. Карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө анализ. 

2. Карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө анализ. 

Мында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо мамлекеттик программаларды ишке ашыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоо 

2. Операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөрдү келишүү тартиби 

24. Банк кайсыл болбосун жакка төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында, ал менен бүтүмгө келишүүгө жол берилбейт:  

1) банктын аффилирленген же байланыштуу жактары алдында милдеттенмелерди төлөөгө же башка негизде аткарууга;  

2) банктын аффилирленген же байланыштуу жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга;  

3) банктын аффилирленген же байланыштуу жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга.  

Ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында белгиленген тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн банктын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт. Мында, ар бир мамлекеттик программанын алкагында кредиттөөнүн/каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын он беш пайызынан азын түзүүгө тийиш.