Кайта келүү

Долбоор 

 

 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 40 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобо бекитилсин (тиркелет).  

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:  

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:  

- 1-пунктунун жыйырма алтынчы абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 25-пункту; 

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту; 

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун алтынчы абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 5-пункту; 

7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомунун: 

- 3-пунктунун тогузунчу жана он алтынчы абзацтары; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 8 жана 15-пункттары; 

8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-октябрындагы № 2019-П-12/54-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту; 

9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын тобокелдиктерин тескөө жана алардын капиталы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун онунчу абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 9-пункту; 

11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-10-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун он бешинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 13-пункту; 

12) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

28-декабрындагы № 2022-П-12/83-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун алтынчы абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 5-пункту; 

13) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы № 2023-П-12/80-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун: 

- 1-пунктунун жетинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 6-пункту; 

14) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын  

17-январындагы № 2024-П-12/1-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун жыйырма биринчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 21-пункту. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банктын көзөмөлдөө блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

Кыргыз Республикасынын  

Банк Башкармасынын  

2024-ж « » _________ №___________________  

токтомуна карата  

тиркеме 

 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

1- глава. Жалпы жоболор 

 

1. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (мындан ары - Жобо) бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар) жайылтылат.  

Банктарда натыйжалуу корпоративдик башкаруу банктардын жана бүтүндөй банк системасынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.  

2. Банк, ушул Жободо белгиленген талаптарды эске алып адилеттүүлүктүн, ак ниеттүүлүктүн, жоопкерчиликтин, ачык-айкындуулуктун, кесипкөйлүктүн жана компетенттүүлүктүн принциптеринин негизинде корпоративдик башкаруунун кодексин иштеп чыгууга тийиш. Банкты корпоративдик башкаруу кодекси акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилүүгө тийиш. 

Банк корпоративдик башкаруу кодексин жылына кеминде бир жолу же уюштуруу түзүмү өзгөргөндөн кийин, ошондой эле корпоративдик башкарууга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон жана/же корпоративдик башкаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган башка учурларда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу учурларда кайра кароого тийиш. 

3. Корпоративдик башкаруу дегенден улам банк акционерлеринин, директорлор кеңешинин жана Башкармасынын ортосундагы төмөнкүлөр боюнча өз ара мамилелер системасын түшүнүүгө болот: 

- банк ишинин стратегиялык максаттарын, аларга жетүү жолдорун аныктоо жана ал максаттарга жетүүгө контролдукту жүргүзүү;  

- банктын башкаруу органдары жана кызматкерлери тарабынан банк ишинин стратегиялык максаттарга жетүүсү үчүн зарыл болгон бардык аракеттердин аткарылышын камсыз кылууга демилгелөөчүэмгек шарттарын түзүү

- аманатчыларды кошо алганда, банк акционерлеринин жана анын кредиторлорунун кызыкчылыктарынын тең каралышына жана банктын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана банктын ички документтеринин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу. 

4. Банктарда натыйжалуу корпоративдик башкаруунун негизги компоненттери болуп, төмөнкүлөр саналат: 

- банктын башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды, компетенцияларды жана отчеттуулук маселелерин бөлүштүрүү, директорлор кеңешинин жана Банк Башкармасынын натыйжалуу ишин уюштуруу; 

- банк ишин өнүктүрүү стратегиясын аныктоо жана бекитүү, ошондой эле алардын жүзөгө ашырылышына контролдук кылуу; 

- тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө жана кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу системасын түзүү

- банктын жетекчилигине жана кызматкерлерине сый акыларды берүү боюнча ички документтерди бекитүү

- кесиптик этиканын стандарттарын аныктоо жана сактоо; 

- банк ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо.  

Банктарда жана банктык топтордо натыйжалуу корпоративдик башкаруунун методологиялык негизи болуп, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуш-көрсөтмөлөрү саналат, алар Эл аралык эсептердин банкынын (Швейцария) www.bis.org сайтында, ошондой эле ОЭСРдин корпоративдик башкаруу принциптери www.oecd.org сайтында жайгаштырылган. 

5. Банктын директорлор кеңеши жана Башкармасы аларга жүктөлгөн милдеттерге тиешелүү маселелер боюнча аналитикалык маалымат берүү, маалымдоо материалдарын жана сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо үчүн кеңешчилерди, консультанттарды (адистерди, эксперттерди ж.б.) ишке тартууга укуктуу. 

Кеңешчилердин, консультанттардын иши кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча кызматтык нускоолордун/келишимдердин алкагында жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Кеңешчилер жана консультанттар банктын кызмат адамы болуп саналбайт жана банктын операциялык ишине (кредиттик ж.б.) катыша алышпайт. Кеңешчилердин, консультанттардын корутундулары сунуш-көрсөтмө берүү мүнөзүнө ээ, ал эми Банктын директорлор кеңеши, Башкармасы тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер үчүн жоопкерчилик аталган органдарга жүктөлөт. 

2-глава. Акционерлердин жалпы жыйыны жана акционерлердин укуктары  

6. Акционерлердин жалпы жыйыны банктын жогорку башкаруу органы болуп саналат. Банктын акционерлери банктын коопсуз, алгылыктуу жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу максатында өз укуктарын жана милдеттерин ак ниеттүүлүк жана акыл ченемдүүлүк менен жүзөгө ашырууга милдеттүү

7. Банктын корпоративдик башкаруу түзүмү акционерлердин укуктарын коргоого жана алардын банкты башкарууга катышуу укуктарын жүзөгө ашырууда чет өлкөлүк жана миноритардык акционерлерди кошо алганда, бардык акционерлерге карата бирдей шарттарда адилеттүү жана бирдей мамилени камсыз кылууга тийиш. Акционерлердин укуктарын натыйжалуу жана тийиштүү коргоонун ушундай механизмдери банктын акционерлеринин жана башка кызыкдар адамдардын ортосундагы сыяктуу эле, банк менен кызыкдар адамдар ортосундагы ишенимдин жогорку деңгээлин камсыз кылууга тийиш.  

8. Банк башка акционерлердин укуктарын бузуу же кызыкчылыктарына мыйзамсыз доо кетирүүнүн эсебинен айрым акционерлердин таламдарын канааттандырууга тийиш эмес. Бардык акционерлерде, банк тарабынан алардын укуктарынын бузулушунан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана өз укуктарын натыйжалуу коргоо мүмкүнчүлүктөрү болууга тийиш. Зыяндын ордун толтуруу банкка карата доо арыз менен кайрылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.  

9. Банк акционерлерге Акционерлердин жалпы жыйынына катышуу, акционерлер тарабынан өз позициясын иштеп чыгуу, акционерлердин ишин координациялоо жана Акционерлердин жалпы жыйынында чечимдерди кабыл алуу үчүн добушка коюлган маселелер боюнча (жол-жобо боюнча жана Акционерлердин жалпы жыйынын күн тартибиндеги маселелер боюнча) өз пикирин билдирүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө тийиш.  

10. Банкта Акционерлердин жалпы жыйыны өткөрүлө тургандыгы тууралуу маалымдоо тартиби болушу керек жана анын күн тартибиндеги маселелер боюнча материалдарды берүү тартиби жана шарты акционерлерге Акционерлердин жалпы жыйынына катышууга натыйжалуу даярдануу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле банктын башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына Акционерлердин жалпы жыйынына катышууга даярдануунун бүтүндөй мезгил ичинде суроолорду узатуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

11. Акционерлер банктан Акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү датасы, жери жана күн тартиби тууралуу жетиштүү жана өз убагындагы маалыматты, ошондой эле Акционерлердин жалпы жыйынын күн тартибиндеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда добуш берүү үчүн ар бир акционер өз позициясын аныктоого жетиштүү болгон актуалдуу жана олуттуу маалымат алууга тийиш. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө акционерлерге билдирүү "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.  

12. Банк Акционерлердин жалпы жыйынына даярданууда акционерлерге өз ара аракеттенүүсүнө тоскоолдук кылбоого тийиш.  

13. Акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү тартиби Акционерлердин жалпы жыйынына катышып жаткан бардык адамдарга өз пикирин айтууда, Акционерлердин жалпы жыйынында катышып жаткан адамдарга жана банк органдарына суроолорду берүүдө, ал эми добуш берүүгө укугу/ыйгарым укугу бар болгон учурда, Акционерлердин жалпы жыйынынын чечимдерин кабыл алууда добуш берүүгө катышууда бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга тийиш.  

14. Акционерлердин жалпы жыйынында добуш берүү укугу бар ар бир акционер/ тийиштүү түрдөгү акционердин ыйгарым укуктуу өкүлү добуш берүү укугун тоскоолдуксуз ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Банкта колдонуудагы жол-жоболор ар бир акционер тарабынан ага таандык болгон добуш берүү укугун акционер үчүн эң эле натыйжалуу жана ыңгайлуу ыкма менен ишке ашырылышына өбөлгө түзүүгө жана алар добуш берүү процессин оорлотуп же татаалдаштырбоого тийиш.  

15. Банк акционерлеринин жалпы жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү укуктар жана маселелер Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамдарында аныкталган. 

16. Акционерлердин жалпы жыйынынын өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди башка башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө жол берилбейт. 

17. Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык, банктын акционерлери банк кардарларынын кызыкчылыктарына доо келтирген иш-аракеттерге жол бербөөгө тийиш. 

18. Акционерлер дивиденддерди Акционерлердин жалпы жыйынындагы чечими менен белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө алууга укуктуу. 

19. Банк дивиденддик саясатты иштеп чыгууга тийиш, анда банктын таза кирешесин бөлүштүрүү, дивиденддердин өлчөмүн аныктоонун ачык-айкын механизми, аларды төлөө тартиби жана мөөнөттөрү маселелери боюнча ыкмалар белгиленүүгө тийиш.  

20. Дивиденддик саясат банктын жана анын акционерлеринин тең салмактуу кызыкчылыктарына негизденүүгө жана дивиденддерди жарыялоого карата банк тарабынан кабыл алынган ыкма тууралуу бардык кызыкдар тараптардын түшүнүүсүн камсыз кылуу менен банктын туруктуулугуна жана узак мөөнөттүү максаттарына жетишүүгө багытталууга тийиш.  

21. Дивиденддердин төлөмдөрү экономикалык жактан негизделген болууга тийиш жана банк ишинин туруктуулугунун начарлашына же банктын төлөөгө кудуретсиз болуп калышына алып келбеши керек.  

22. Миноритардык акционерлер түз же кыйыр аракеттенген акциялардын контролдук пакетин кармоочулар тарабынан кыянаттык менен пайдалунуудан коргоолууга тийиш жана алардын укуктары бузулган учурда коргоонуунун олуттуу каражаттары менен камсыз болушу керек.  

23. Акционерлер аларга берилген укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга тийиш эмес. Акционерлердин башка акционерлерге же банкка доо келтирүү ниети менен жасалган иш-аракеттерге жана акционерлердин укуктарын башка кыянаттык менен пайдаланууларына жол берилбейт.  

24. Банк корпоративдик контролду негизсиз кайра бөлүштүрүүгө алып келе турган аракеттерди колдонбоого тийиш.  

25. Убактылуу администрация режими киргизилген мезгил аралыгында акционерлердин жалпы жыйынынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. 

3-глава. Банктын директорлор кеңеши 

26. Банктын директорлор кеңеши Банктын директорлор кеңеши жөнүндө ички жобого ылайык акционерлердин жалпы жыйындары аралыгында банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, банктын башкаруу органы. Директорлор кеңеши жөнүндө жобо акционерлердин жалпы жыйыны тарабынан бекитилет. 

Банктын директорлор кеңеши банк ишин стратегиялык жактан башкарууну жүзөгө ашырып, банк ичинде тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо системасын уюштуруунун негизги принциптерин жана ыкмаларын аныктайт, банктын аткаруу органдарынын ишин контролдойт, ошондой эле башка негизги функцияларды ишке ашырат. 

27. Директорлор кеңешинин гана компетенциясына жана жоопкерчилигине кирген маселелер Мыйзамда аныкталган жана анда банктын стратегияларын жана саясаттарын аныктоо, ошондой эле натыйжалуу иштеген аткаруу органдарын түзүү, алардын иш-аракеттерин олуттуу контролдоону камсыз кылуу милдети каралган. 

28. Натыйжалуу корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруусу зарыл: 

- банктын уюштуруу түзүмүнүн алкагында ыйгарым укуктардын, жоопкерчиликтин жана отчет берүүнүн так деңгээлдерин белгилөө

- натыйжалуу ички контролдоо системасын түзүү, анын талаптагыдай иш алып баруусун, көлөмүнө, иш татаалдыгына, тобокелдик түзүмүнө жана мүнөзүнө (профилине) шайкеш келүүсүн камсыз кылуу. Мында тобокелдик мүнөзү - бул, топтолгон, иликтөөгө алынган жана системага салынган маалыматтарга негизденген банктын тобокелдик көрсөткүчтөрүнүн айкалышы, ал банктын иш багыттары боюнча тобокелдикке дуушарлануу ыктымалдыгын түптөлгөн артыкчылыктарды эске алуу менен мүнөздөйт;  

- тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө системасын уюштуруунун Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген принциптерин жана ыкмаларын аныктоо; 

- банктын стратегиялык максаттары тууралуу маалыматты банктын бардык деңгээлдеги уюштуруу түзүмдөрүнө жеткирүү боюнча чараларды көрүү

- алар банктын күндөлүк ишине, финансылык абалына жана тышкы экономикалык шарттарга шайкеш келүүсүн аныктоо максатында, банктын өнүктүрүү стратегиясына, бизнес-пландарына жана бардык негизги иш түрлөрү боюнча саясаттарына мезгил-мезгили менен (жылына кеминде бир жолу) баа берип туруу; 

- банктын стратегиялык максаттарга жана бизнес-пландарда болжолдонгон көрсөткүчтөргө жетүүсү көз карашынан, банктын күндөлүк ишине жана финансылык натыйжасына мезгил-мезгили менен (чейрек ичинде кеминде бир жолу) баа берип туруу; 

- банктын жана анын башкаруу органдарынын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана талаптарына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу; 

- тышкы жана ички аудиторлордун, банктык көзөмөл органдарынын текшерүү ишинин жыйынтыктарын кароо жана тиешелүү чараларды көрүү

- объективдүү жана компетенттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жетиштүү жана такталган маалыматка ээ болуу, ошондой эле банк Башкармасынын, башка башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын сунуш-көрсөтмөлөрү жана сунуштары негиздүү экендигине жана банктын таламдарына жооп бере тургандыгына ынануу; 

- директорлор кеңешинин комитеттеринин жана анын мүчөлөрүнүн ишине баа берүүнүн негизинде иш натыйжалуулугунун деңгээлин, анын банкты өнүктүрүү муктаждыктарына (натыйжалуу башкаруунун кемчиликтерин аныктоо жана тиешелүү түзөтүүчү аракеттерди көрүү) дал келишин мезгил-мезгили менен (жыл ичинде кеминде бир жолу) аныктап туруу; 

- сый акыларды төлөө эрежелери жана тартиби банктын корпоративдик маданиятына, контролдоо чөйрөсүнө, ошондой эле банктын узак мөөнөткө каралган милдеттерине жана стратегияларына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу; 

- банктын узак мөөнөткө каралган негизги иш багытын жана алардын көрсөткүчтөрүн белгилөө

- шайлоо, ишин контролдоо жана банктын башкарманын ырааттуулугун пландаштыруу;  

- ушул жобонун жана банктын корпоративдик стандарттарынын иштиктүү этика, банктагы корпоративдик башкаруу практикасынын талаптагыдай деңгээлин камсыз кылуу боюнча талаптардын сакталышына контролдук кылуу. 

29. Банктын директорлор кеңеши ички, анын ичинде акционерлер, аткаруу органдары менен банк кызматкерлери ортосунда келип чыккан талаштарды алдын алууда, аны ачыкка чыгарууда жана жөнгө салууда негизги ролду ойноого тийиш. 

Банктын директорлор кеңеши кызыкчылыктардын каршы келүүсүн аныктап, ага жол бербөө, банк ишинин ачык-айкындуулугун, маалыматтын өз убагында жана толук чечмеленип берилишин, ошондой эле банк акционерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерден тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жооптуу болуп саналат. 

30. Директорлор кеңешинин ишинин ачык-айкындуулугу маалыматтарды толук, өз убагында ачып берүү жана акционерлердин директорлор кеңешинин иши жөнүндө маалымдоосу, ошондой эле директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн банктын акционерлери менен өз ара иш алып баруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылынууга тийиш. 

Банктын директорлор кеңешинин жана Башкармасынын курамы жана мүчөлөрү жөнүндө маалымат банктын расмий интернет-сайтында жарыяланууга тийиш.  

31. Ички жана тышкы аудиторлордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык аудит стандарттарына шайкеш келиши банкта натыйжалуу корпоративдик башкарууга жетүү үчүн зарыл. Аудит милдеттери төмөнкүлөр аркылуу күчөтүлүшү мүмкүн: 

- банктын финансылык абалынын туруктуулугун камсыз кылуу жана стратегиялык максаттарга жетүү үчүн аудиторлордун ишинин уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлдеринде зарыл жана маанилүү экендигин таануу; 

- ички аудиттин көз карандысыздыгын жана шайкештигин бекемдеген чараларды кабыл алуу; 

- банк ишине көз карандысыз баа берүү максатында директорлор кеңешинин тышкы жана ички аудиторлордун отчетторуна жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө өзгөчө көңүл буруусу; 

- аудиторлор тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү жөнгө салуу чараларын өз убагында көрүү

32. Акционерлердин жалпы жыйынына сунуштоо үчүн тышкы аудиторду тандоодо директорлор кеңеши аудит жүргүзүүгө жана тышкы аудиттин талаптагыдай сапатын камсыз кылууга сарптоолор балансынын сакталышын, ошондой эле аудитордук уюмдун эл аралык таанылган аброюн эске алууга тийиш. 

33. Өзүнүн контролдоо функцияларын бекемдөө максатында директорлор кеңеши тышкы аудитор (жылына кеминде бир жолу) жана ички аудитор менен (чейрек ичинде кеминде бир жолу) туруктуу негизде талкулоо жүргүзүп туруусу максатка ылайыктуу. 

34. Директорлор кеңеши банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, уюшулган комитеттердин жана кызмат адамдарынын ишин текшерүү үчүн аудиторлорду ишке тартууга укуктуу. 

35. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзүүгө тийиш: 

1) банк Башкармасынын банкта орун алган тобокелдиктерди жөнгө салуу ишине контролдукту камсыз кылган Тобокелдиктерди тескөө комитети;  

2) Аудит боюнча комитет;  

3) Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет. 

Банкта Жаңы продукттар боюнча комитет, Комплаенс-контролдук комитети жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн. 

Директорлор кеңешинин комитеттеринин иши Улуттук банктын жана банктын ички документтеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш. 

36. Банк корпоративдик башкаруунун таасирин күчөтүү максатында башка комитеттерди да түзүүгө тийиш, атап айтканда: 

- Кредиттик комитет - кредит, гарантия, милдеттенме, кепилдик берүү, ошондой эле маани-маңызы боюнча кредиттик операция болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуу тобокелдигин камтыган башка активдерге жана милдеттенмелерге тиешелүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат; 

- Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө комитети - банктын балансынын жалпы түзүмүн контролдойт, активдер жана пассивдер түзүмүнө мониторинг жүргүзөт, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген активдерди жана пассивдерди тескөө саясатынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат. 

Аталган комитеттердин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана директорлор кеңеши тарабынан бекитилген комитеттер тууралуу ички жоболорго ылайык жөнгө салынат. 

Банктагы бардык комитеттерде аталган комитеттердин төрагалары башчылык кылат. 

Комитеттерди алдын ала каралуучу маселе боюнча ар кандай ой-пикирлерди эске алуу менен кылдат талкууга алууга мүмкүндүк бергендей курамда аныктоо сунушталат. 

37. Банкта түзүлгөн бардык комитеттердин ишин жөнгө салган ички документтерде кеминде төмөнкүлөр белгиленүүгө тийиш:  

- комитетти түзүү жана анын иш максаты; 

- комитеттин ыйгарым укуктары;  

- комитеттин төрагасын дайындоо тартиби;  

- катышуу аркылуу (комитеттин мүчөлөрдүн катышуусу менен) же катышуусуз (комитеттин мүчөлөрдүн катышуусуз, мисалы видео, - аудио конференция аркылуу ж.б.) отурумдарды өткөрүү, анын ичинде комитеттин мүчөлөрүнүн добуш берүү тартиби; 

- отчет берүү тартиби;  

- комитеттин ар бир мүчөсүнүн кабыл алынган жана кол коюлган чечим үчүн жоопкерчилиги. 

Ошондой эле, бул документтерде отурумга катышкан жана чечим кабыл алган комитеттин ар бир мүчөсүнө карата кеминде төмөнкүдөй талаптар коюлууга тийиш: 

- кароого алынып жаткан маселенин маани-маңызын билүү;  

- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизиши мүмкүн болгон таасирин түшүнүү;  

- кабыл алынган чечимден улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана кесепеттерге баа берүү

Комитеттин мүчөсүнүн кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлери жана сунуштары, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул эместиги тууралуу пикири добуш берүү учурунда айтылууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго отурумда катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы кол коет. Комитеттин отурумда катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол коюуга тийиш. 

38. Директорлор кеңешинин жогору деңгээлдеги жоопкерчилиги жана кеңири мүмкүнчүлүктүү ыйгарым укуктары, анын мүчөлөрү банк ишинин негизги түрлөрү жөнүндө жетиштүү билимге ээ экендигин жана алар башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын пикирине карабастан өз пикирин билдире ала тургандыгын түшүндүрөт. Чечимдерди кабыл алууда директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү калыс болууга жана өз кызыкчылыгында же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында эмес, банктын кызыкчылыгында иш алып барууга тийиш. Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул болбогон директорлор кеңешинин мүчөсү өз пикирин добуш берүү учурунда айтууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумунда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчетко (катышуучулардын сүйлөгөн сөздөрүнүн текстин жазуу жүзүндө) отурумда катышкан директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашылгандан (виза коюулганда) кийин төрагалык кылган кызмат адамы жана Корпоративдик катчы кол коет. Директорлор кеңешинин отурумда катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол коюуга тийиш. 

39. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

40. Компетенттүүлүктү, объективдүүлүктү жана көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында, Директорлор кеңешине экономикалык, финансылык, банктык жана юридикалык, ошондой эле маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү маселелер боюнча жалпыга таанымал абройго жана жогору кесиптик тажрыйбага ээ көз карандысыз мүчөлөр шайланууга тийиш. Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болуусу зарыл.  

Банктын директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин көз карандысыз мүчөлөр түзүүгө тийиш. Мында, банк директорлор кеңешинин курамынын көз карандысыз мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн биринин пропорционалдуулугун белгилеши мүмкүн. 

41. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн критерийлери Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамы менен белгиленген. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнө карата кошумча талаптар ушул жобонун талаптарына ылайык белгилениши мүмкүн жана банктын уставында бекитилүүгө тийиш, ошондой эле алар банктын ички документтери менен да бекитилиши мүмкүн.  

Мында, директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү дегенден улам өз позициясын түзүү үчүн кесипкөйлүгү, тажрыйбасы жана өз алдынча иш алып баруу жөндөмү жетиштүү, объективдүү жана ак ниеттүү ой-пикирлерди түзүп берүүнү билген, банктын аткаруу органынын, акционерлердин айрым топторунун жана башка кызыкдар тараптардын таасиринен көз карандысыз адам таанылат.  

42. Директорлор кеңеши, алып барган иши тобокелдиктерди контролдоо жана ал боюнча чараларды кабыл алууга байланыштуу болгон негизги кызматкерлер тизмесин аныктайт. 

Банктын негизги кызматкерлерине банк Башкармасынын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери (иш багыты боюнча) жана директолор кеңеши аныктаган банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялар менен бүтүмдөрдү ишке ашырууга катышкан түзүмдүк бөлүмдөрдүн башка кызматкерлери кирет. Негизги кызматкерлерди дайындоо кабыл алынган чечим боюнча ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшүнө жараша ишке ашырылат. 

43. Директорлор кеңеши банктын кызыкчылыгында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып баруусу зарыл жана ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттенмелерди сактоого тийиш: 

1) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруу; 

2) алдыга коюлган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу максатында ага берилген ыйгарым укуктардан пайдалануу; 

3) белгилүү бир мөөнөт ичинде зарыл жана жеткиликтүү маалымат алуу үчүн бардык жыйынтыктоочу чараларды көргөндөн/күч-аракет жумшоодон кийин өз квалификациясынын жана тажрыйбасынын негизинде тең салмактуу чечимдерди кабыл алуу; 

4) кызыкчылыктардын каршы келип калышына жол бербөө талаптарын сактоо; 

5) бир акционердин кызыкчылыгын башка акционерлерден жогору койбой, акционерлерге карата бирдей мамиле кылуу принциптерин сактоо; 

6) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болуу; 

7) банк кардарлардын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатка ээ болбогон жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрү жана операциялары (бүтүмдөрү) жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында банкта натыйжалуу контролдоо системасын уюштурууга. 

44. Директорлор кеңешинин өздүк курамы, анын мүчөлөрүнүн жөндөмдүүлүгүнүн, тажрыйбасынын, билиминин, инсандык мүнөздөмөлөрүнүн, жаш курагынын жана гендердик ар түрдүүлүгүнүн балансын сактоо менен түзүлүүгө тийиш, ал ар биринин ой-пикиринин көз карандысыздыгын жана директорлор кеңеши тарабынан банктын жана акционерлеринин кызыкчылыгында көз карандысыз, объективдүү, натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну камсыз кылат.  

Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө эки жыныстын өкүлдөрүн шайлоо (тактап айтканда, эркектерди да, аялдарды да) директорлор кеңешинин гендердик ар түрдүүлүгүн жана директорлор кеңешинде эки жыныстын салыштырмалуу өкүлчүлүгүн камсыз кылуусу корпоративдик башкаруунун алдыңкы практикасынын сунуш-көрсөтмөлөрүнө дал келет. 

45. Банкта директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун ачык-айкын жол-жобосу түзүлүүгө тийиш, бул акционерлерге тиги же бул талапкерге добуш берүү жөнүндө чечимин кабыл алуу үчүн жетиштүү болгон талапкерлер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт.  

46. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү акционерлердин алдында өз кызматтык милдеттерин кесиптик жана көз карандысыз ой-пикирлеринин негизинде талаптагыдай аткарууга жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруу менен байланышкан өзүнүн аракети/аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликтүү болууга жөндөмдүү адамдар катары ишенимге ээ болууга тийиш.  

47. Директорлор кеңеши жаңы шайланган директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызматына киришүү программасын жана директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү үчүн кесиптик өнүгүү программасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш. Банктын корпоративдик катчысы ушул программалар белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү негизде ишке ашырылышын көзөмөлдөөгө тийиш.  

48. Директорлор кеңешинин төрагасы директорлор кеңешинин ишин уюштурууга жана жалпы уюштуруучулук жетекчилиги үчүн жооп берет, директорлор кеңеши тарабынан анын негизги функцияларын толук жана натыйжалуу ишке ашырылышын, директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, акционерлеринин жана банктын аткаруу органынын ортосундагы конструктивдүү диалогду түзүүнү камсыз кылат.  

49. Директорлор кеңешинин төрагасынын ролу жана функциялары банк мыйзамдарынын белгиленген талаптарына ылайык банктын ички документтеринде бекитилүүгө тийиш. 

50. Банкта жалпысынан директорлор кеңешинин ишин, директорлор кеңешинин төрагасынын кызматтык милдеттерин аткаруу жана директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүн жеке балоосуна жыл сайын баа берүү (өзүн-өзү баалоо) жол-жобосу иштеши керек. Директорлор кеңешинин ишин баалоо, өзүнө анын натыйжалуулугун, курамын, катышуучуларынын жана билиминин ар түрдүүлүгүн, ошондой эле комитеттер жана мүчөлөр банктын жалпы максаттарына жана стратегияларына жетүү үчүн канчалык натыйжалуу өз ара иш алып баргандыгын өзүнө камтууга тийиш. Ар бир директорду жеке баалоо ар бир директор банктын өнүгүшүнө натыйжалуу салымын кошуусун улантып жаткандыгын көрсөтүүгө тийиш. Көз карандысыз директорлордун директорлор кеңешинин бардык башка мүчөлөрүнүн пикирине карабай өз пикири менен бөлүшүүгө умтулуусу баалаанууга тийиш.  

Банк директорлор кеңешинин жана анын комитеттеринин ишине баалоо өткөрүү үчүн корпоративдик башкаруу жаатында тышкы көз карандысыз эксперттерди (консультанттарды) тартышы мүмкүн.  

Баалоого директорлор кеңешинин курамына жана түзүмүнө карата талаптардын шайкештигин, директорлор кеңешинин мүчөлөрүндө керектүү компетенциянын бар болушун, директорлор кеңешинин иш тажрыйбасынын мыйзамдардын, банктын уставынын, ички документтеринин ченемдерине шайкештин, директорлор кеңешинин жана анын ар бир мүчөсүнүн банктын туруктуу өнүгүшүнө, анын наркынын өсүшүнө салымын баалоону камтышы мүмкүн, ошондой эле директорлор кеңешинин банкты башкаруу боюнча ишин жакшыртуу үчүн багыттарды аныктап, чараларды сунушташы мүмкүн. Баалоонун жыйынтыктарын директорлор кеңешинин мүчөрүн кайра шайлоо же ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу учурунда эске алуу зарыл.  

51. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери Директорлор кеңеши жөнүндө жободо так аныкталып, бекитилиши зарыл, ал акционерлердин жалпы жыйынында кабыл алынууга жана банктын корпоративдик расмий сайтында жарыяланууга тийиш.  

52. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн тандоодо, директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган учурда талапкерлердин учурда айкалыштырып алектенген ишине көңүл буруу зарыл 

Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү директорлор кеңешинин чечимин кабыл алуу боюнча отурумдарга/тыштан добуш берүүгө даярданууга убактысын кошуу менен жана ошондой эле аларга катышуу үчүн, өз милдеттерин талаптагылай аткаруу үчүн жетиштүү убакытка ээ болууга тийиш.  

53. Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө банктын маалыматынан жана документтеринен колдонуу мүмкүнчүлүгү бирдей деңгээлде камсыз кылынууга тийиш. Директорлор кеңешинин бардык жаңы шайланган мүчөлөрүнө шайланган учурдан тартып кыска мөөнөт ичинде банктын жана директорлор кеңешинин иши жөнүндө бардык керектүү маалымат берилүүгө тийиш.  

54. Директорлор кеңеши өз функцияларын натыйжалуу аткаруу үчүн отурумдарын үзгүлтүксүз өткөрүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин отурумдарын, отурумдардын талаптагыдай бекитилген графигине жана иш планына ылайык өткөрүү сунушталат.  

55. Директорлор кеңешинин отурумдарын даярдоо жана өткөрүү анын ишинин максималдуу натыйжалуулугуна өбөлгө түзүүгө тийиш.  

56. Директорлор кеңешинин (жана анын комитеттеринин) отурумдарын өткөрүү белгиленген жол-жоболорго, катышуучуларды аутентификациялоо жана банктын купуя маалыматын коргоо чараларына ылайык, директорлор кеңешинин бетме-бет отурумдары аркылуу, анын ичинде директорлор кеңешинин/комитет мүчөлөрүнүн аралыктан катышуу мүмкүнчүлүгү менен ишке ашырылууга тийиш. Директорлор кеңешинин, директорлор кеңешинин комитеттеринин отурумдарын өткөрүү/чечимдерин кабыл алуу формасы ар бир учурда күн тартибиндеги маселенин маңызын жана аны талкуулоо, кабыл алынып жаткан чечимдин маанилүүлүгүн (олуттуулугун) эске алуу менен, ошондой эле кароого чыгарылган маселе боюнча директорлор кеңешинин, директорлор кеңешинин комитетинин бардык мүчөлөрүнүн пикирин эске алуу менен аныктоого тийиш.  

57. Кыйла маанилүү (олуттуу) деп эсептелген маселелер бетме-бет формада өткөрүлө турган отурумдарда чечилүүгө тийиш. Кыйла маанилүү (олуттуу) маселелер боюнча чечимдерди квалификациялык көпчүлүк же директорлор кеңешинин бардык шайланган мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алуу сунушталат, бул банктын директорлор кеңеши жөнүндө жободо регламенттелип көрсөтүлүүгө тийиш.  

58. Директорлор кеңеши жана Башкарма кызматташтыкта өз ара иш алып барууга, туруктуу өнүгүү принциптеринин негизинде, узак мөөнөттүү келечекте банк акцияларынын наркынын өсүшүн жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу менен бардык акционерлерге карата адилеттүү мамиленин жана кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алып, банктын кызыкчылыгында иштөөгө жана чечимдерин кабыл алууга тийиш.  

59. Директорлор кеңеши банк Башкармасынын ишине үзгүлтүксүз баа берип турууга тийиш. Баалоонун негизги критерийлери  Улуттук банк Башкармасынын  2017-жылдын 15-июнундагы  № 2017-П-12/25-3-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда, банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

 

4-глава. Банк Башкармасы 

60. Башкарма банктын күндөлүк ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Башкарма жөнүндө ички жобого ылайык жүзөгө ашырат жана ал директорлор кеңешине отчет берет.  

61. Башкарманын компетенциясына жана жоопкерчилигине тиешелүү маселелер мыйзамда белгиленген жана директорлор кеңеши тарабынан аныкталган стратегияларды жана саясаттарды жүзөгө ашырууну камтыйт. 

62. Натыйжалуу корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында Башкарма төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш: 

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин жоопкерчилигинин, ыйгарым укуктарынын жана отчет берүүсүнүн так белгиленишин камсыз кылуу;  

- Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясаттардын, уюштуруу түзүмүнүн бардык аткаруу деңгээлинде жол-жоболордун жана кызматтык нускоолордун сакталышына натыйжалуу мониторинг жүргүзүү системаларын бекитүү жана аталган системалардын шайкеш иш алып баруусуна мезгил-мезгили менен баа берип туруу;  

- башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтын (финансылык, рынокто орун алган жагдайларга жана шарттарга талдап-иликтөөлөр ж.б.) талапка ылайык даярдалышын жана өз убагында сунушталышын камсыз кылган ишенимдүү маалымат системасын колдонууга киргизүү;  

- Директорлор кеңешине банктын бизнес-планында жана өнүктүрүү саясатында болжолдонгон көрсөткүчтөрдүн аткарылышын баалоого мүмкүнчүлүк түзгөн айкын финансылык жана операциялык ишкердик жыйынтыктары камтылган мазмундуу жана так маалымат чагылдырылган күндөлүк иш жөнүндө отчётторду өз убагында сунуштоо;  

- Директорлор кеңешине (жылына кеминде бир жолу) банктын ички контролдук системасына, анын ичинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кылдат баа берүүгө, ошондой эле ички контролдоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштоого;  

- мезгил-мезгили менен директорлор кеңешине тобокелдиктерди үзгүлтүксүз негизде жөнгө салуу процессинин натыйжалуулугун жана шайкештигин камсыз кылууга мүмкүндүк берген тобокелдиктерди тескөө боюнча отчетторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү берүүгө;  

- Директорлор кеңешине банкта экономикалык жагдай начарлагандыгы же мындай жагдай келип чыгышы ыктымалдыгы тууралуу дароо маалымдоого;  

- Директорлор кеңешине мыйзам талаптарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички саясаттардын талаптары бузууга жол берилгендиги тууралуу маалымдоого. 

63. Башкарманын мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.  

Банк Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү жогорку кесипкөйлүк жана инсандык мүнөздөмөлөргө, ошондой эле кынтыксыз иштиктүү абройго ээ болууга жана жогорку этикалык стандарттарды карманууга тийиш. 

64. Өз ишин жүзөгө ашырууда Башкарманын мүчөлөрү алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоо менен калыс болууга жана биринчи кезекте, өз кызыкчылыгында же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында эмес, банктын кызыкчылыгында иш алып барууга тийиш. Банк Башкармасынын мүчөсүнүн кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлери жана сунуштары, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул эместиги добуш берүү учурунда айтылууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Отурумда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчётко (катышуучулардын пикиринин тексти жазуу жүзүндө) отурумда катышкан банк Башкармасынын мүчөлөрү менен макулдашылгандан (виза коюлгандан) кийин төрагалык кылган кызмат адамы жана банк Башкармасынын катчысы тарабынан кол коюлат. Банк Башкармасынын отурумунда катышпаган мүчөлөр протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол коюуга тийиш. 

65. Башкаруу тажрыйбасында төмөнкүлөргө жол берилбейт:  

- коллегиалдуу чечим кабыл алуу учурларын эске албаганда, чечим кабыл алууга функционалдык милдеттерге ылайык тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ эмес банк Башкармасынын мүчөсүнүн катышуусуна;  

- банк Башкармасынын мүчөлөрү тиешелүү квалификацияга жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл көндүмдөргө жана билимге ээ болбосо;  

- алардын иш жыйынтыгы банк үчүн олуттуу мааниге ээ банк кызматкерлеринин ишине банк Башкармасынын мүчөлөрү контролдукту жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес болсо (кирешелерди топтоо, жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүү ж.б. көз карашынан алганда). 

66. Банк Башкармасынын мүчөлөрү банктын кызыкчылыгында ак ниеттүү жана акыл ченемдүү иш алып баруусу зарыл жана ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттенмелерди сактоого тийиш:  

- стратегияларды жана саясаттарды жүзөгө ашырууну кошо алганда, өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын, банктын уставын жана чечимдерди (банк акционерлеринин жана директорлор кеңешинин жалпы жыйынында кабыл алынган) сактоо менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде ишкердикти жүргүзүүгө;  

- алдыга коюлган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу максатында, мыйзамда белгиленген мөөнөт ичинде ага берилген ыйгарым укуктардан пайдаланууга;  

- белгилүү бир мөөнөт ичинде зарыл жана жеткиликтүү маалымат алуу үчүн бардык жыйынтыктоочу чараларды көргөндөн/күч-аракетин жумшоодон кийин өз квалификациясынын жана тажрыйбасынын негизинде тең салмактанган чечимдерди кабыл алууга;  

- таламдардын каршы келип калышына жол бербөө талаптарын сактоого;  

- акционерлерге, директорлор кеңешине жана кызмат адамдарына карата бирдей мамиле кылуу принциптерин сактоого;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга; 

- банк кардарлардын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатка ээ болбогон жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрдүн жана операциялардын (бүтүмдөрдүн) жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында бардык чараларды көрүүгө

 

5-глава. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитетке карата негизги талаптар 

67. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет банкта директорлор кеңешинин иш натыйжалуулугун жогорулатуу жана кабыл алынган чечимдерди оптималдаштыруу үчүн ишкердик түрлөрүнөн көз карандысыз түзүлөт.  

Комитеттин иши банктын негизги кызматкерлерин дайындоо жана аларга сый акынын төлөнүшүнө контролду күчөтүүгө багытталууга тийиш. 

68. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет, банк үчүн зарыл компетенцияга жана квалификацияга ээ адамдарды ишке тартуу, дем берүү жана кызыктыруу үчүн төлөнүүчү жетиштүү сый акы деңгээлин аныктайт, мында сый акы деңгээли чыгым тартууга алып келбөөгө тийиш.  

69. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет жөнүндө ички жобо аркылуу жөнгө салынат.  

70. Комитет, директорлор кеңешинин кеминде үч мүчөсүнөн турууга жана алардын бири көз карандысыз болууга тийиш. 

71. Комитет, Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен банктын негизги кызматкерлеринин курамына талапкерлер боюнча директорлор кеңешине сунуштарды берет. 

72. Комитет Корпоративдик катчы кызмат ордуна талапкерди карап, анын белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгына баа берет жана директорлор кеңешине сунуш-көрсөтмөлөрдү берет. 

73. Банктын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызматкерлерине сый акы төлөө банкта кабыл алынган ички документке ылайык жүзөгө ашырылат. 

74. Банктын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызматкерлерине белгиленген сый акы өлчөмү алардын натыйжалуу иш алып баруусуна өбөлгө түзүп, аларга дем берген жана компетенттүү, өз ишин жакшы билген кесипкөй адистерди ишке тартууга мүмкүнчүлүк түзгөн чекте аныкталууга тийиш. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө кошумча сый акы өлчөмү финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча банк ишинин натыйжаларын, директорлор кеңешинин мүчөсүнүн аталган кеңештин ишине натыйжалуу катышуусун эске алуу менен акционерлердин жалпы жыйынында тиешелүү чечим кабыл алуу аркылуу аныкталат. 

75. Сый акы төлөө системасы, сый акынын банктын иш натыйжаларына жана ошол натыйжаны камсыз кылууда банк кызматкеринин кошкон жеке салымына карата негиздүү катышта белгиленишин камсыз кыла алгандай деңгээлде уюштурулууга тийиш. 

Банкта сый акы лимити да каралышы зарыл. Лимиттин түзүмүндө банктын ар башка деңгээлдеги кызмат адамдарына сый акы өлчөмүн пропорционалдуу негизде теңдештирүү шарты каралууга тийиш. 

76. Эмгекке төлөө системасы бизнес-стратегияга, тобокелдиктерди жөнгө салуу стратегиясына, банктын максаттарына, баалуулуктарына жана узак мөөнөткө каралган кызыкчылыктарына дал келүүгө, ошондой эле анда таламдардын каршы келип калышына жол бербөө чаралары каралууга тийиш. Дем берүү программалары, анын алкагында чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасы белгиленген критерийлерге жооп берген жана кызматчылар жеке өзүнүн же түзүмүнүн кызыкчылыгында гана эмес, банктын кызыкчылыгында (кардарлардын да кызыкчылыгын эске алуу менен) иш алып баруусуна түрткү берген тобокелдиктерди жөнгө салуу ишин жүзөгө ашырууга өбөлгө түзүүгө тийиш. Дем берүү программасында каралган сый акылар (бонустар) кызматчылардын ашкере тобокелдикке баруусуна өбөлгө түзбөөгө тийиш. 

77. Сый акы өлчөмү кызматкер аткарган милдеттер көлөмүнө, ошондой эле орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктин түздөн-түз иш натыйжасына карата катышына жараша болууга тийиш. Келечекте аларды алуу мөөнөтү жана ыктымалдыгы белгисиз болгон кирешелердин эсебинен сый акы төлөө ыкмалары кабыл алынган сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде кылдат кароого алынат. Сый акы төлөө системасында, тобокелдик лимиттерин, ички жол-жоболорду же жөнгө салуу талаптарын бузууга жол берүүнү кошо алганда, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен сый акы (бонус) өлчөмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш. 

78. Сый акы төлөө жөнүндө ички документинде төмөнкүлөрдү камтуу зарыл:  

- сый акы (бонус) төлөө тартиби жана мезгил аралыгын;  

- келечекте тобокелдиктерди тескөө натыйжасы эске алынган сый акы (бонус) ачык айкын төлөө критерийлеринин системасын;  

- сый акылардын (бонус) өлчөмүн, ошондой эле алардын лимиттерин; 

- тобокелдиктерди кыскартуу чараларын эске алуу менен ("ишенимсиз/жоготуу"), белгилүү бир тобокелдик орун алган учурдан тартып натыйжа алганга чейин сый акынын (бонустун) олуттуу үлүшүн төлөөнү кийинкиге калтыруу шарттарын;  

- алынган натыйжанын негизинде сый акы (бонус) өлчөмүн азайтуу же жокко чыгаруу же болбосо аларды төлөөгө чейин тиешелүү чараларды көрүү шарттарын;  

- иш-аракеттер планын аткаруу жана анын талаптарын сактоо шарттарын/банктын кабыл алган бюджетин;  

- сый акылардын (бонустардын) төлөнүшүнүн банк ишинин кирешелүүлүгүнө көз карандылыгы. 

 

6-глава. Жаңы продукттар боюнча комитетке карата  

негизги талаптар 

79. Жаңы продукттар боюнча комитет Банкта жаңы банктык продукттарды иштеп чыгуу, жаңы продукттарды банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна колдонууга киргизүү үчүн, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу мыйзам талаптарына ылайык иштелип чыккан жаңы продукттар рыногуна банктын аралашуусун контролдоо үчүн, ошондой эле тобокелдиктердин алгылыктуу деңгээлин аныктоо жана санариптик банк операцияларын контролдоонун шайкеш системаларын түзүү үчүн түзүлүшү мүмкүн. 

80. Комитет натыйжалуу, максатка багытталган жана контролдукка алынган алгачкы баа берүү процессин камсыз кылуу, учурдагы ресурстук чектөөлөрдүн чегинде банктык продукттарды же кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары иштеп чыгуу, тесттен өткөрүү жана колдонууга киргизүү үчүн жаңы банктык продукттарга жана банк операцияларын санариптик платформаларга өткөрүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ. 

81. Комитет банктын тигил же бул түзүмдүк бөлүмүн жаңы банктык продукттарды жана санариптик банк платформаларын иштеп чыгуу процессине тартуу мүмкүнчүлүгүн аныкташы ыктымал. 

82. Комитет жаңы банктык продукттарды иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө, ошондой эле банк операцияларын санариптик платформаларга өткөрүүдө орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана аларды кыскартуу (азайтуу) ыкмаларына баа берүүгө тийиш. 

83. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет жөнүндө ички жобо аркылуу жөнгө салынат. 

84. Комитет Директорлор кеңешинин же/жана банк Башкармасынын мүчөлөрүнөн турууга тийиш. Санарип банк платформаларына жана кардарларды аралыктан тейлөөгө байланыштуу жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүүдө комитеттин курамына маалыматтык технологиялар жана маалымат коопсуздугу боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кирүүгө тийиш. 

85. Жаңы банктык продукттарды жана тейлөөнүн санариптик банк платформаларын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү чечимин кабыл алууда Комитет өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарын так сактоого тийиш. 

 

7-глава. Банктын корпоративдик катчысы 

86. Банктын корпоративдик катчысы банк акционерлеринин жалпы жыйынынын ишин жана Директорлор кеңешинин күндөлүк негизде өз ара натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылат жана уюштурат (отурумдарды өткөрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү), ошондой эле акционерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча банктын иш-аракетин координациялайт. 

87. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп саналат жана ал банктын Директорлор кеңешинин чечими менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. 

88. Корпоративдик катчы өз ишин тиешелүү мыйзамга, Улуттук банктын документтерине, банктын Уставына жана ички ченемдик актыларына, ошондой эле Акционерлердин жалпы жыйыны жана Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык жүзөгө ашырат.  

Корпоративдик катчы ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жетиштүү билим деңгээлине, тажрыйбага жана квалификацияга жана акционерлердин ишенимдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Корпоративдик катчы белгиленген тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл ыйгарым укуктар жана тиешелүү ресурстар менен камсыз болууга тийиш. 

89. Корпоративдик катчынын ишин башка милдеттер менен айкалышта аткарууга банктын Директорлор кеңешинин макулдугунун негизинде гана жол берилет. 

90. Корпоративдик катчынын функционалдык милдеттери банк тарабынан өз алдынча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана банктын ички документтерине ылайык иштелип чыгат. 

91. Корпоративдик катчы банктын таламында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып барууга милдеттүү, мында ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттерди аткарууга тийиш: 

1) өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын, банктын уставын жана ички документтеринин талаптарын сактоо менен аткарууга; 

2) ага берилген ыйгарым укуктардан пайдаланууга; 

3) акционерлерге жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата бирдей мамиле кылуу принцибин так сактоого;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берүүгө

92. Корпоративдик катчы банктын Директорлор кеңешинин отурумдарында милдеттүү түрдө стенографиялык протокол (катышуучулардын пикиринин тексти жазуу жүзүндө) толтурууга, ошондой эле жазуу жүзүндө сурамжылоону жана коммуникациялык каражаттарды колдонууну кошо алганда, добуш берүү жыйынтыгынын негизинде протоколдорду даярдоого тийиш.  

Корпоративдик катчы милдеттүү түрдө кол коюлган протокол менен коммуникациялык каражаттарды колдонуу аркылуу Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүн тааныштырууга тийиш. 

93. Корпоративдик катчы ушул жобонун талаптарын жана корпоративдик башкаруу боюнча банктын ички кодексинин жоболорунун принциптеринин сакталышы жөнүндө жыл сайын отчёт даярдоого тийиш. Корпоративдик катчынын ар жылдык отчету жылдык отчётунун мазмунуна камтылууга тийиш.  

 

8-глава. Кесиптик этика жана таламдардын каршы келип калышына бөгөт коюу 

94. Банктын стратегиялык максаттарына жетишүүдө маанилүү фактор катары Директорлор кеңешинин жана Башкарманын кесиптик этика стандарттарын түптөөгө багытталган иши саналат, алар аркылуу төмөнкүдөй корпоративдик башкаруу аспекттеринин маанилүүлүгү аныкталат:  

- банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кошо алганда, натыйжалуу ички контролдук системасын камсыз кылуу; 

- алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны ишке ашыруу;  

- банктын таламын банк акционерлеринин, кызмат адамдарынын жана банк ишине таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка адамдардын талапка жооп бербеген же мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргоо;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана ички документтеринин талаптарын сактоо;  

- кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө жана мындай талаш маселелер келип чыгышы мүмкүн болгон жагдайларды жана иш чөйрөлөрүн аныктоо; 

- банк ишинин натыйжасын гана эмес, ошондой эле стратегиялык максаттарга ылайык келүүсүн жана банктын кесиптик этика стандарттарын сактоосун эске алуу менен кызматкерге (Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) эмгек акы, сый акы жана сыйлыктарды белгилөө

- банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына кредит берүүдө банк ишинин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу талаптарын сактоо;  

- кызматчыларга жетекчилердин мыйзамсыз, талапка жооп бербеген же шектүү иш-аракеттерге жол бергендиги тууралуу тынчсыздануусун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген жана жетекчиликтин мүмкүн болуучу терс реакциясынан коргоону камсыз кылган механизмдердин болушу. 

95. Алардын банктын корпоративдик башкаруу деңгээлине оң таасирин тийгизүүсүн камсыз кылуу максатында кесиптик этика стандарттары бардык кызматчыларга жеткирилүүгө жана алар Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сакталууга тийиш.  

96. Банкта кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар, банк Башкармасынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдар, олуттуу катышуучулар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн адамдар менен байланыштуу кайсыл болбосун жеке адамдар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзам талаптарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын сакталышын камсыз кылган механизмдер иштелип чыгууга тийиш. 

Кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө жана идентификациялоо максатында банк кеминде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

- Директорлор кеңешине жана банк Башкармасына кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу потенциалдуу коркунучтары тууралуу маалымдоо жол-жобосун иштеп чыгууга; 

- банктын кызмат адамдары жана кызматкерлери кызматка дайындоо (шайлоо) алдында жакын туугандары жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга; 

- кызыкчылыктардын кагылышы фактылары тууралуу маалымат базасын жүргүзүүгө

Кызыкчылыктардын кагылышы пайда болгон учурда банктын кызмат адамы же кызматкери бул тууралуу банк Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине токтоосуз билдирүүгө милдеттүү

Кызыкчылыктардын кагылышы өз убагында аныкталбагандыгы учурда Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет. 

97. Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитет төмөкүлөргө тиешелүү банктын ички документтеринин талаптарынын так сакталышын камсыз кылат: 

- кызматчыны ишке кабыл алуу жана иштен бошотуу (банк жетекчилигин кошо алганда);  

- кадрларды кызмат ордунан которуу жана кызмат ордунан жогорулатуу;  

- эмгек акы, сый акы төлөө жана сыйлоо, социалдык төлөөлөр жана жеңилдиктер, Директорлор кеңешин жана банк Башкармасын кошо алганда;  

- кызматкерлерди окутуу (Директорлор кеңешин жана банк Башкармасын кошо алганда);  

- квалификациялуу жана компетенттүү персоналды (жетекчиликти кошо алганда) иште сактап калуу боюнча чаралар системасы;  

- банк кызматкерлерине (Директорлор кеңешин жана банк Башкармасын кошо алганда) карата өз милдетин талапка ылайык аткарбагандыгы, кабыл алынган кесиптик этика стандарттарын бузууга жол бергендиги үчүн чара колдонуу. 

9-глава. Банкты башкаруунун башкарууну ачыкка чыгаруу жана ачык-айкындуулугу  

98. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу, банк акционерлерине, аманатчыларына жана башка кредиторлоруна башкаруу органынын ишине мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле натыйжалуу корпоративдик башкарууну жүзөгө ашырган банк катары аброюн колдоого алат. Бул жаңы кардарларды, инвесторлорду жана иш боюнча өнөктөштөрдү тартууга шарт түзөт.  

99. Банк корпоративдик башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн "Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө" жободо аныкталган корпоративдик башкарууга тиешелүү маалыматтарды өзүнүн расмий корпоративдик сайтында ачыктап бериши же жылдык жана мезгил-мезгили менен берилүүчү отчётторунда жарыялашы мүмкүн. 

"Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө" жобого таянуу менен иш алып барган Кыргыз Республикасынын банктары корпоративдик башкаруу жөнүндө маалыматтарды милдеттүү түрдө ачыктоого тийиш. 

100. Маалыматты чечмелөөнүн кыйла маанилүү ыкмалары болуп банктын расмий корпоративдик сайтындагы банктын жылдык финансылык отчёту жана финансылык эмес отчёттору эсептелет.  

Банктын расмий корпоративдик сайты, ошондой эле тиешелүү финансылык жана финансылык эмес маалыматты ачыктоо үчүн маанилүү инструмент катары дагы кызмат аткарат. Расмий корпоративдик сайт маалыматты мезгил-мезгили менен жана өз убагында ачыкка чыгарылышын камсыз кылат жана бардык кызыкдар тараптарга банк үчүн ашыкча сарптоолорду талап кылбастан тиешелүү маалыматка чектөөсүз жеткиликтүүлүктү берет. 

101. Банк өзүнүн ишинин бардык маанилүү аспекттери, анын ичинде финансылык абалы, иш натыйжасы, капиталынын түзүмү жана банкты башкаруу, акционерлер курамы жана башкаруу органдары тууралуу маалыматты өз убагында жана ишенимдүү ачыкка чыгарууга тийиш. 

102. Банк мыйзамдарда жана банктын ички документтеринде каралган маалыматты өз убагында ачыкка чыгарууга тийиш. Банкта маалыматты ачыкка чыгаруу жана коргоого карата принциптерди жана ыкмаларды аныктаган ички документтер, ошондой эле кызыкдар жактарга ачыкка чыгарылуучу маалыматтардын тизмеги бекитилиши зарыл. Директорлор кеӊеши тарабынан банктын маалыматтык саясаты кабыл алынып, анын сакталышы камсыз кылынышы шарт. 

103. Маалыматтык саясат банкка маалыматты, айрыкча олуттуу маалыматты (олуттуу корпоративдик окуялар тууралуу маалыматты) кандайча ачыкка чыгаруусун аныктоого мүмкүнчүлүк берет, ал ачыкка чыгаруу адилеттүү, өз убагында жана талаптагыдай жүзөгө ашырылууга тийиш. 

104. Маалыматтык саясат ички жана тышкы коммуникация каналдарын белгилейт, маалыматты ачыкка чыгаруунун (ачыкталган маалыматтын) ассиметриялуулугу менен байланышкан чыр-чатактарды алдын алат жана маалыматты туура эмес колдонууга байланышкан тобокелдиктерди азайтат. 

Өздөрүнүн ички документтеринде маалыматты ачыкка чыгарууну жөнгө салган жана өздөрүнүн расмий корпоративдик сайтында маалыматтык саясатты жарыялаган банктар, акционерлер жана кардарлар менен мамилелерин жакшыртышы, ишенимди бекемдеп, маалыматтын купуялуулугуна коркунуч келтирбей, чечимдерди кабыл алууну жеӊилдетиши мүмкүн. 

105. Маалымат бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнүн, финансылык жана финансылык эмес маалыматты жүзөгө ашыруу жана ачыкка чыгаруунун сапатынын жогорку стандарттарына ылайык даярдалууга, текшерилүүгө жана ачыкка чыгарылууга тийиш. 

106. Банк өзүнүн расмий корпоративдик сайтында Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчётторун түзүүгө коюлган талаптар жөнүндө жобого ылайык аудит жүргүзүлгөн жылдык финансылык отчётун өзүнүн расмий корпоративдик сайтына өз убагында жайгаштырууга тийиш. 

Отчетто натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (финансылык жыйынтыктарга таасирин тийгизген олуттуу факторлорду кошо алганда), ошондой эле болжолдонуучу тобокелдиктер камтылууга тийиш. Мыкты практикалар, ошондой эле тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматты ачып көрсөтүү зарылчылыгын жана бүтүндөй банктын тобокелдиктерин башкаруу системасы тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу зарылчылыгын караштырат. 

107. Мыйзамдарда каралган маалыматтар менен катар, жылдык отчётко банкта корпоративдик башкаруу тууралуу төмөнкүдөй маалыматты кошуу зарыл: 

1) Директорлор кеӊешинин бир жыл ичиндеги иши тууралуу отчёт (анын ичинде Директорлор кеӊешинин комитеттери), анда бетме-бет өткөн (сырттан туруп катышкан) отурумдардын саны тууралуу, Директорлор кеӊешинин мүчөлөрүнүн ар биринин отурумдарга катышуусу, Директорлор кеӊешинин отурумдарында жана Директорлор кеӊешинин комитеттеринин отурумдарында каралган кыйла олуттуу маселелерди жана кыйла татаал проблемаларды баяндоо, Директорлор кеӊешине комитеттер берген негизги сунуш-көрсөтмөлөр тууралуу маалыматтарды кошуу; 

2) тышкы жана ички аудит жүргүзүү процессинин натыйжалуулугунун аудити боюнча комитет тарабынан берилген баалардын натыйжалары; 

3) тышкы аудиторлорду тандоо учурунда колдонулган жана алардын көз карандысыздыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылган жол-жоболорду, ошондой эле аудитордук жана аудитордук эмес кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тышкы аудиторлорго сый акы берүү жөнүндө маалыматты баяндоо; 

4) Директорлор кеӊешинин ишин баалоонун (өзүн-өзү баалоо) негизги жыйынтыктары тууралуу маалыматтар, Директорлор кеӊишинин ишин баалоо үчүн тышкы көз карандысыз экспертти тартуу учурунда мындай эксперт тууралуу маалыматтар, эксперттин банк менен кандайдыр бир байланышы бар экендиги жана ал жүргүзгөн баалоонун жыйынтыктары, ошондой эле буга чейин жүргүзүлгөн жыйынтыктар боюнча жүзөгө ашырылган Директорлор кеӊешинин ишиндеги алгылыктуу өзгөрүүлөр тууралуу маалымат; 

5) Директорлор кеӊешинин жана банктын аткаруу органынын мүчөлөрүнүн банктын акцияларына кыйыр же түз ээлик кылуусу тууралуу маалыматтар; 

6) Директорлор кеӊешинин жана банктын аткаруу органынын мүчөлөрүндө кызыкчылыктардын кагылышы бар экендиги тууралуу маалыматтар (анын ичинде банктын атаандаштарынын башкаруу органдарында көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен байланыштуу); 

7) Директорлор кеӊешинин мүчөлөрүн сыйлоо системасы, анын ичинде Директорлор кеӊешинин ар бир мүчөсү боюнча жыл жыйынтыгы боюнча жеке сыйлоо өлчөмү (базалыкка, Директорлор кеӊешинде төрагалык кылууга, узак мөөнөттүү мотивациялык программада катышуу өлчөмүн көрсөтүү менен Директорлор кеӊешине караштуу комитеттерде төрагалык кылуусун/мүчө болуусун кошумча сыйлоо), Директорлор кеӊешинде катышкандыгы, ошондой эле башкаруу органдарынын мүчөлөрү катары директорлордун жоопкерчиликтерин камсыздоого банктын чыгашалары менен байланышкан чыгашалардын компенсациясы; 

8) негизги жетекчилерге дем берүү, негизги жетекчилерди сыйлоонун бардык элементтерин баяндоого карата колдонулган принциптердин жана ыкмалардын баяндалышы (мисалы, бекитилген сыйлоо, кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү дем берүү программалары, жеӊилдиктер, пенсиялык чегерүүлөр), негизги жетекчилер боюнча сыйлоо элементтеринин ар бирине негизделгендиги, максаттуу катышы, сыйлоонун бул элементтери кайсы көрсөткүчтөргө жетишүүгө негизделгендигин баяндоо жана бул көрсөткүчтөрдүн максаттуу деӊгээлдери кандай, негизги жетекчилер үчүн бошонуу жөлөк пулдарына тиешелүү банктын саясатын жалпы баяндоо (анын ичинде, бошонуу жөлөк пулдарынын максималдуу өлчөмү); 

9) жыл ичиндеги суммардык сыйлоолор тууралуу маалымат: 

а) сыйлоонун ар бир түрү боюнча бөлүштүрүү менен кыйла жогору төлөнүүчү аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана банктын башка негизги жетекчи кызматкерлеринин кеминде беш мүчөсүнөн турган топ боюнча; 

б) аткаруу органынын бардык мүчөлөрү боюнча жана сыйлоонун түрлөрү боюнча бөлүштүрүү менен сыйлоо жаатында банктын саясатынын аракети жайылтылган коомдун башка негизги жетекчи кызматкерлери боюнча; 

10) Директорлор кеӊешинин жана аткаруу органдарынын мүчөлөрүнө банк тарабынан берилген кредиттер (зайымдар) тууралуу маалыматтар жана рыноктук шарттарга берилген кредиттердин (зайымдардын) шарттарына ылайык келиши тууралуу маалымат. 

108. Кошумча банк банктын расмий корпоративдик сайтында төмөнкү маалыматты жарыялоого тийиш: 

- Директорлор кеӊешинин жана аткаруу органынын мүчөлөрүнүн квалификациясы жана кесипкөйлүк тажрыйбасы тууралуу мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде кыскача маалымат берүүсү

- Банктын корпоративдик кодекси; 

- «Банктын Директорлор кеӊеши тууралуу» жобосу жана анын комитеттери; 

- рыноктун катышуучуларын маалымдоо үчүн максаттуу болуп саналган коорпоративдик башкаруу боюнча башка маалыматтар.  

109. Банктын расмий корпоративдик сайты түзүмгө жакшы салынган, навигация үчүн ыӊгайлуу болууга жана кызыккан жактарга банктын ишин түшүнүү үчүн, атап айтканда ачыкка чыгарыла турган банк тууралуу башка маалыматты жана олуттуу корпоративдик окуялар тууралуу маалымат менен таанышуу үчүн зарыл болгон маалыматты камтууга тийиш. 

110. Банктын расмий корпоративдик сайтында банк жана анын ишиндеги олуттуу аспекттер тууралуу объективдүү түшүнүктү калыптандыруу үчүн жетиштүү маалымат жайгаштырылышы зарыл. Маалыматтын сайттын өзүнчө тематикалык бөлүктөрүндө жайгаштырылышы сунушталат. 

111. Расмий корпоративдик сайтты актуалдаштыруу зарылчылыгына жараша жүргүзүлөт, бирок жумасына кеминде бир жолу. Банкта сайтта жайгаштырылган маалыматтын толук берилишине жана актуалдуулугуна, анын ичинде чет тилдерде берилишине үзгүлтүксүз негизде контроль жүргүзүлүп туруусу зарыл. Бул максаттарда банктын расмий корпоративдик сайтында маалыматтын толук берилишине жана актуалдуулугуна жооп берген жооптуу адамдар бекитилиши зарыл. 

 

10-глава. Банктарды туруктуу өнүктүрүү 

112. Корпоративдик башкаруу системасынын жалпы системасынын бөлүгү болуп экологиялык жана социалдык менеджмент эсептелет (Ecological Social Management System), ал бизнес жүргүзүү процессинде экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мыкты практикаларды ырааттуу жүзөгө ашырууну камсыз кылган жол-жоболордун жана практикалык иш-чаралардын комплексин билдирет. 

Башкаруунун мындай системасы банктын финансылык көрсөткүчтөрүн колдоону жана банк өсө тургандыгын жана ийгиликтүү атаандаша алат деген кепилдикти калыптандырууну камсыз кылууну шарттайт.  

113. Банк өзүнүн экономикалык, экологиялык жана социалдык максаттарын макулдашуусун, ошондой эле банктын таламдарын жана кызыкдар жактарын теӊ салмакта болушун сактоону камсыз кылуу менен, узак мөөнөттүү мезгилде анын наркы өсүшүнө аракет көрүшү зарыл. 

114. Банкты туруктуу өнүктүрүү жаатындагы иши ачык-айкындуулук, отчет берүү, этикалык жүрүм-турум, кызыкдар тараптардын талапдарын урматтоо, мыйзамдуулук, адамдын укуктарын сактоо, коррупцияга каршы аракеттерди жасоо, тааламдардын каршы келишине жол бербөө принциптерине ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

115. Банктын директорлор кеӊеши жана аткаруу органы туруктуу өнүктүрүү жаатында талаптагыдай саясатты жана аны жайылтууну калыптандырууну камсыз кылууга тийиш. Банктын бардык кызматкерлери жана бардык деӊгээлдеги кызмат адамдары туруктуу өнүгүүгө салым кошууга тийиш. Директорлор кеӊеши банкта корпоративдик, экологиялык жана социалдык башкаруу системасын калыптандырууга жооптуу (ESG). 

116. Банк жыл сайын кызыкдар жактарга өз ишинин ачык-айкын жана так жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында туруктуу өнүктүрүү жагында, кызматтык, коммерциялык жана мыйзам менен корголгон башка сырды камсыз кылууну эске алуу менен, отчётторун жарыялап турууга тийиш. 

117. Банк өнөктөштөр тарабынан туруктуу өнүктүрүү принциптерин колдонууну сыйлоого жана мындай колдонууларга өбөлгө түзүүгө тийиш. 

 

11-глава. Шарият башкаруу  

118. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банктар үчүн шарият башкаруу өзүнө төмөнкү негизги элементтерди камтууга тийиш: 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк ишинин багытын, шарияттын жана шарият башкаруунун стандарттарын сактоо ниетин; акционерлердин ролун аныктоо.  

- шарият стандарттарын сактоону жана шарият башкаруунун ишенимдүү системасын иштеп чыгууну камсыз кылууда директорлор кеңешинин ролун аныктоо. 

- шарият стандарттарынын сакталышын жана шарият башкаруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү ресурстарды камсыз кылуу боюнча Башкармасынын ролун аныктоо.  

- ушул главада берилген алгылыктуулук жана компетенттүүлүк критерийлерине жооп берген Шарият кеңешинин ролун аныктоо. 

- шарияттын сакталышы боюнча бөлүм түзүү  

- ички шарият аудити боюнча бөлүм түзүү.  

- Шарият кеңешинин, төлөмдөрдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн жыйымдар, алардын кайрымдуулук боюнча милдеттенмелерге карата саясатты, банктар өзү сунуштаган дем берүүлөрдү жана башка зарыл маселелерди кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банктын ишин аныктаган стандарттык продукттар, кызматтар, жыйымдар жана башка негизги жол-жоболор боюнча чечимдерин (фетваларын) ачыкка чыгаруу. 

- бардык уюштуруу деңгээлдерге багытталган шарияттын сакталышына карата окутуу жана агартуу боюнча демилгелерди ишке ашыруу. 

119. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банк, өз уюмунда ислам каржылоонун жана шарият стандарттары түшүнүгүн мындан ары жигердүү илгерилетүүгө тийиш. Бул иш өзүнө ислам финансы операцияларына жана шариятты сактоо принциптерине карата акцент коюу менен директорлор кеңеши жана жогорку жетекчилик үчүн окутуу семинарларды өткөрүүнү камтыйт.  

120. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банкта шарият башкаруунун түптөлүшү негизги болгондугун таанып, банктын директорлор кеңеши, шарият кеңеши жана Башкармасы шарият ченемдерин сактоо тобокелдиктерин башкарууга карата комплекстүү ыкманы камсыз кылып, коргоонун үч багытын киргизүүгө жоопкерчиликтүү болот.  

- коргоонун биринчи багыты бизнес-багыт менен сунушталат, ал так саясатты, жол-жоболорду жана контролдоо каражаттарын белгилөөгө жана коммерциялык ишмердүүлүктү шарият стандарттарына ылайык ишке ашырууга тийиш; 

- коргоонун экинчи багыты, ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм менен сунушталат, анын функциясына ички шарият контролдоо кирет жана ал уюштуруучулук жагынан кайсы бир бизнес бөлүмдүн курамына кирбеши керек же ага баш ийбеши керек.  

- коргоонун үчүнчү багыты, ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм менен сунушталат, ал шарият аудитин ишке ашырат жана ченемдердин сакталышына көзөмөл жүргүзөт, ал уюштуруучулук жагынан кайсы бир бизнес бөлүмдүн курамына кирбеши же ага баш ийбөөгө тийиш.  

121. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банктын директорлор кеңеши банкта шарият стандарттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн толук жоопкерчиликтүү болот. Директорлор кеңеши шарият стандарттарынын сакталбагандыгы менен байланышкан тобокелдиктерди жана алардын банк үчүн потенциалдуу кесепеттерин билүүгө тийиш. Ошондуктан, директорлор кеңеши шарият башкаруу системасын түзүүгө жана сакталышын камсыз кылууга тийиш. Бул система, шарият стандарттарынын сакталышына кепилдик берип, масштабына, операция татаалдыгына жана банк тобокелдигинин жеткиликтүү деңгээлине шайкеш болууга тийиш.  

122. Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы жыйынынын кароосуна шарият кеңешине талапкерлерди көрсөтөт.  

123. Директорлор кеңеши, шарият кеңеши менен байланышта болууга тийиш. Шарият ченемдеринин сакталышы менен байланыштуу маселелерди чечүү үчүн мезгил-мезгили менен жолугушуулар кеминде жылына бир жолу өткөрүлүп турууга тийиш.  

124. Директорлор кеңеши, шарият кеңеши тарабынан даярдалган ар жылдык отчетту, аны жалпы жыйында акционерлер арасында таркатууга чейин карап чыгууну жана жактырууну камсыз кылууга тийиш.  

125. Банк Башкармасы банктын ишин жана операцияларын аткарууну жана тескөөнү шарият стандарттарына ылайык төмөнкү жолдор менен камсыз кылуусу зарыл:  

- шарият кеңешине банктын ишине жана операцияларына карата маселелерди, саясатын, ички эрежелерин, жүрүм-турум кодексин жана бардык ички/эл аралык операцияларын, кызматтарын жана продукттарды кошо алганда, шарият стандарттары менен байланыштуу суроолорду берүү

- шарият кеңешинин фетваларын жана чечимдерин аткаруу; 

- шарият кеңешине, ачык-айкындуулугун камсыздоо менен толук, так жана өз убагында маалыматты берүү

Банкта шарият кеңеши түзүлөт, ага ислам банктын жана/же ислам терезелерине ээ банктын ишине, анын Улуттук банктын ченемдик актыларында же шарият стандарттарында каралган шарият принциптерине шайкештигин камсыз кылуу максатында жетекчилик кылуу, текшерүү, мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө боюнча милдет жүктөлөт.  

Шарият кеңешинин курамы, анын мүчөлөрүнүн жөндөмдүүлүгүнүн, тажрыйбасынын, билиминин, инсандык мүнөздөмөлөрүнүн, жаш курагынын балансын сактоо менен түзүлүүгө тийиш, ал ар биринин ой-пикиринин көз карандысыздыгын жана шарият кеңеши тарабынан банктын, акционерлеринин жана инвестициялык эсеп ээлеринин кызыкчылыгында көз карандысыз, объективдүү, натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну камсыз кылат. Шарият кеңешинин курамы, анын мүчөлөрүнүн жөндөмдүүлүгү, билими жөнүндө маалымат Банктын корпоративдик сайтына жарыяланууга тийиш.  

126. Шарият кеңеши шарият фетваларды жвна токтомдорду чыгарат, алар банктын иши, операциялары жана кызматтарга карата милдеттүү мүнөзгө ээ жана Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларына жана шарият стандарттарына алар жана менен байланыштуу келишимдерге жана документтерге карама-каршы келбейт. 

127. Шарият кеңеши шарият стандарттарынын сакталышын ички шарият контролдоо бөлүмү жана ички шарият аудити бөлүмү аркылуу контролдоого тийиш.  

128. Шарият кеңеши, Шарият кеңеши жөнүндө жобого ылайык түзүлүүгө жана иштөөгө тийиш. 

129. Шарият кеңеши банк тарабынан шарият стандарттарынын сакталышын ырастаган ар жылдык отчетту чыгарууга тийиш, ал жылдык отчеттун курамдык бөлүгү болуп саналат.  

130. Шарият кеңеши банктагы шарият башкаруунун туруктуу маданиятын илгерилетүү жана колдоосуна толугу менен ээ болууга тийиш жана ушул жобого жана шарият стандарттарына ылайык шарият кеңеши катары өз милдеттерин жана жоопкерчилигин аткарууда иштиктүү чынчылдыктын жана кесипкөйлүктүн жогорку стандарттарын сактоого тийиш.  

131. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банкта шарият стандарттарынын сакталышы жана талаптагыдай шарият башкарууну камсыз кылуусу негиз болуп саналат. Банк шарият кеңешинин мүчөлөрүнүн квалификациясын банк иши, банк мыйзамдары, эл аралык стандарттары жаатында жогорулатуунун үзгүлтүксүз процессин камсыз кылууга тийиш.  

132. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банкта ички шарият контролдоо бөлүмүнүн жана ички шарият аудити бөлүмүнүн иши, эки бөлүм ар кандай милдеттерди аткарылышын жана бири биринен үч багыттагы коргоонуу ыкмасына ылайык отчёттуулук жана кадр дарамети планында бөлүнүүгө тийиш экендигин эске алып, регламенттелүүгө тийиш. Ислам терезесине ээ болгон банкта шарият контролдоочу жана шарият аудитору, ички контролдоо жана ички аудит боюнча бөлүмдөрдүн курамына кириши мүмкүн экендиги алдын ала каралышы ыктымал. 

Банк, банк ишинин өлчөмүнө жана мүнөзүнө ылайык, ички шарият контролдоо бөлүмү жана ички шарият аудит бөлүмү шарият кеңеши менен консультацияларды өткөрүү менен өз ишин натыйжалуу жана үзүрлүү аткаруу үчүн талаптагыдай финансы ресурстарды жана кадр дараметин берүүгө тийиш. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу Кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу Кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) коммерциялык банктарда корпоративдик башкарууга карата талаптарды жакшыртуу жана банктарды корпоративдик башкаруу системасында ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында иштелип чыкты. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Сунушталган токтом долбоорунун алкагында Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун корпоративдик башкаруу негизги принциптерин, банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин натыйжалуу банктык көзөмөлдүн Негизги принциптерин, экологиялык жана социалдык башкаруу принциптери (Ecological social Management System) жана ислам каржылоо принциптерине карата шарияттык башкаруу принциптерин ишке ашырууга каралган. 

Документте калыстыктын, чынчылдыктын, жоопкерчиликтин, айкындуулуктун, кесипкөйлүктүн жана компетенттүүлүктүн негизги принциптери камтылган. 

Токтомдун долбоору менен банктын корпоративдик башкаруу системасынын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн корпоративдик башкаруунун ички кодексин, дивиденддерди бөлүштүрүү саясатын, маалыматтык саясатты, ошондой эле туруктуу өнүктүрүү саясатын иштеп чыгууга карата талаптар белгиленет. 

Токтом долбоору менен акционерлердин жалпы чогулушуна, директорлор Кеңешине, банктын директорлор Кеңеши акционерлер менен банктын аткаруучу органдары жана банктын негизги кызматкерлери менен өз ара аракеттенүү талаптарын кеңейтүү боюнча, ошондой эле корпоративдик башкаруу боюнча маалыматты ачуу талаптары сунушталат. 

Банктагы корпоративдик башкаруу боюнча маалыматтын тизмеси жылдык отчетту камтууга чейин кеңейтилди. 

Кошумча, токтомдун долбоорунда банкка расмий интернет-ресурста (веб-сайтта) төмөнкү маалыматтарды жарыялоо боюнча талаптар каралган: 

- мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде директорлор Кеңешинин жана аткаруу органынын мүчөлөрүнүн квалификациясы жана тажрыйбасы жөнүндө

- банктын Корпоративдик башкаруу кодекси; 

- «Директорлор Кеңеши жөнүндө» жобо жана анын комитеттери; 

- туруктуулук боюнча отчеттуулук; 

- рыноктун катышуучуларын маалымдоо үчүн башка маалыматтар. 

Жогорудагы маалыматтарды ачыкка чыгаруу банктарды корпоративдик башкаруу системасынын ачыктыгын жогорулатууга, банк секторундагы инвестициялык климатты жакшыртууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктары менен эл аралык банктардын ортосунда корреспонденттик мамилелерди орнотууга мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, токтомдун долбоору менен Шариат кеңешинин шартында ислам принциптеринин экологиялык жана социалдык башкаруу принциптерин (Ecological social Management System) киргизүү каралган. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруучу коммерциялык банкта шарияттык башкаруу маселелери принципиалдуу экендигин эске алуу менен, токтом долбоорунда «Шариат башкаруу» бөлүмү каралган. Бөлүмдүн мазмуну банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялардын өзгөчөлүктөрүн жана банктын Шариат стандарттарын сактоо зарылдыгын эске алуу менен банктын башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү принциптерин аныктоого багытталган. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Аталган токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобосунун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси болгон, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоого жана жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөгө алынат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбоору 2022-жылдын 21-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому №2022-П-02/81-6-(НПА) менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык, жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлдү

 

 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу Кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

Ипасова Н.А., 31-28-81, nipasova@nbkr.kg 

(ФИО, тел., e-mail) 

  

  

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Талаптагыдай корпоративдик башкаруу банктардын жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуу өнүгүшүнүн зарыл шарты болуп саналат. Ошентип, банктык көзөмөл органдары ар бир банкта эффективдүү корпоративдик башкарууну камсыз кылууга абдан кызыкдар. Көзөмөлдүктүн орун алган тажрыйбасы отчеттуулуктун тиешелүү деңгээлдеринин, ошондой эле ар бир банкта тең салмактуулук жана ооздуктоо принцибинин сакталышынын зарылдыгын көрсөтүп турат. 

Банктар ар кандай экономиканын ажырагыс элементи болуп саналат. Алар коммерциялык ишканаларды каржылоону камсыз кылат, калктын кеңири катмарына негизги финансылык кызматтарды көрсөтөт, ошондой эле төлөм системаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Демек, банктарда корпоративдик башкаруунун эффективдүү структурасынын болушу өтө маанилүү маселе. 

Банк секторунун контекстинде корпоративдик башкаруу директорлор кеңеши жана банктын аткаруу органы тарабынан өзүнчө кредиттик мекеменин ишин башкаруунун жолун камтыйт бул банктардын ишинин аспектилерине таасир этет, мисалы:  

- корпоративдик максаттарды коюу (анын ичинде менчик ээлери үчүн экономикалык пайда алуу); 

- банктын күндөлүк ишин башкаруу; 

- таламдаш тараптардын кызыкчылыктарын эсепке алуу; 

- банктардын корпоративдик ишинин жана корпоративдик жүрүм-турумунун ишенимдүү банктык тажрыйбанын, колдонуудагы мыйзамдардын жана ченемдик базалардын талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу; 

- аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо. 

Стратегиялык максаттары же корпоративдик баалуулуктары жок уюмдун ишмердүүлүгү өтө татаал. Муну эске алуу менен Директорлор кеңеши банктын күндөлүк ишинде жетекчиликке ала турган стратегияны иштеп чыгууга тийиш. Директорлор кеңеши корпоративдик баалуулуктарды, анын ичинде банктын аткаруу органы жана кызматкерлери үчүн баалуулуктарды аныктоого тийиш. Бул баалуулуктар келип чыккан көйгөйлөрдү өз убагында жана ачык талкуулоо, ошондой эле банктын ичинде да, анын үчүнчү жактар менен операцияларында да коррупциянын алдын алуу үчүн маанилүү болушу керек. 

Директорлор кеңеши аткаруучу орган тарабынан корпоративдик башкаруунун сапатын төмөндөтүүчү иш-аракеттерди жана мамилелерди жокко чыгарган (же катуу чектеген) саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылышы керек сыяктуу: - кызыкчылыктардын кагылышы; - жетекчилерди жана кызматкерлерди кредиттөө, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдөрдүн башка формалары; - байланыштуу же башка тараптар үчүн жеңилдетилген шарттарды берүү (мисалы, өтө пайдалуу шарттарда кредиттерди берүү, соода операцияларынан келип чыккан чыгымдарды жабуу, комиссияны албоо). 

Директорлор Кеңешине бул саясаттын ишке ашырылышын контролдоого мүмкүндүк берүүчү жана бардык четтөөлөр (бузуулар) жөнүндө маалыматтын тиешелүү деңгээлдеги жетекчиликке берилишин камсыз кылуучу жол-жоболор түзүлүүгө тийиш. Ошону менен бирге, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (мындан ары - ЭКӨУ) корпоративдик башкаруу принциптерине ылайык уюмдар финансылык жана операциялык натыйжаларды, менчиктин түзүмүн, директорлор кеңешинин курамын жана сый акы саясатын кошо алганда, инвестордун экономикалык тандоосуна таасир этиши мүмкүн болгон маалыматтарды ачып берүүгө тийиш. 

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө корпоративдик башкаруу системасы, банктын Директорлор кеңешинин жана аткаруу органынын мүчөлөрү, Банктын Директорлор кеңешинин жана аткаруу органынын мүчөлөрүнүн сый акылары жана башка маалыматтар жөнүндө маалыматтардын ачыктыгынын деңгээли төмөн экендиги байкалууда. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарды корпоративдик башкаруу системасы Шариаттык башкарууну өзүнө камтууга тийиш. Себеби, мындай операциялар Шариат стандарттарына баш ийген жана Шариат стандарттарын сактабоо тобокелдигине дуушар болгон, бул өзүнчө алынган банктын ишине гана эмес, бүтүндөй банк тутумуна шек келтирет. 

Ошондой эле, заманбап банк ишинин маанилүү элементи болуп калган санариптик технологиялар жана инновациялар, коммерциялык банктардын натыйжалуулугун, ачыктыгын жана ыңгайлуулугун жогорулатууга салым кошуу. Бирок, алардын маанисин жогорулатуу менен бирге, алар менен байланышкан тобокелдиктер. Алдыңкы технологияларды киргизүү киберкоопсуздук, маалыматтарды коргоо, комплаенс жана технологиялык өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча кыйынчылыктарды алып келет. Белгиленген аспекттер потенциалдуу коркунучтарды минималдаштыруу жана санариптик трансформациянын артыкчылыктарын максималдуу пайдалануу үчүн кылдат, компетенттүү мамилени жана стратегиялык пландаштырууну талап кылат. 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине карата минималдуу талаптар жөнүндө «жобону бекитүү тууралуу» токтомунун долбоору (мындан ары токтомдун долбоору) иштелип чыкты. 

2. Проблеманын масштабы 

Каралып жаткан маселенин Масштабы коммерциялык банктардын банктарды корпоративдик башкаруу маселелери боюнча, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банктардын ишине тиешелүү.

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 1 беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун (мындан ары-ЧУА) иштеп чыгууда банктык жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн эл аралык стандарттарын, анын ичинде натыйжалуу банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарын эске алууга укуктуу. 

Мында, Базель комитети кредиттик уюмдарда талаптагыдай корпоративдик башкаруу практикасын киргизүү жаатында аларга көмөк көрсөтүү максатында ар кайсы өлкөлөрдүн көзөмөл органдары үчүн бир катар документтерди басып чыгарган. Ар кайсы өлкөлөрдө корпоративдик башкаруу маселелерине карата структуралык мамилелердеги айырмачылыктардын бар экендигинин фактысын таанып, документтер ар кандай түзүмдөрдүн алкагында корпоративдик башкарууну өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган практиканы стимулдаштырууга багытталган. 

Документтер жакшы корпоративдик башкаруунун аспектилерин камтыйт: 

- корпоративдик баалуулуктар, жүрүм-турум кодекстери жана башка ылайыктуу жүрүм-турум стандарттары жана алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн колдонулган тутумдар; 

- бүтүндөй банктын ийгилигин жана айрым кызматкердин салымын баалоого мүмкүндүк берген так аныкталган стратегия; 

- чечимдерди кабыл алуу бөлүгүндө милдеттерди жана ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүү, анын ичинде чечимдерди кабыл алуунун иерархиялык түзүмү, айрым кызматкерлерден Директорлор кеңешине чейин; 

- директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, аткаруу органынын жана аудиторлордун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу механизмдери; 

- ички жана тышкы аудит функцияларын, бизнес-бөлүмдөрдөн көз карандысыз тобокелдиктерди башкаруу функцияларын, ошондой эле токтотуучу жана каршы салмактуулук системасынын башка элементтерин камтыган ички контролдун катуу системасы; 

- карыз алуучулар, аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар; ири акционерлер; жогорку жетекчиликтин өкүлдөрү же банкта маанилүү чечимдерди кабыл алуучу жактар (мисалы, дилерлер)менен ишкердик мамилелерди кошо алганда, таламдардын кагылышуусу өзгөчө олуттуу болуп калышы мүмкүн болгон учурларда тобокелдиктерди өзгөчө контролдоо; 

- жогорку аткаруучу жетекчиликти, орто звенодогу жетекчилерди жана кызматкерлерди тиешелүү иш-аракеттерге үндөгөн акчалай сыйлыктар, көтөрүлүү жана мотивациянын башка түрлөрү түрүндөгү финансылык жана башкаруучулук мүнөздөгү стимулдар; 

- адекваттуу ички жана тышкы маалымат агымдарынын болушу. 

Исламдык финансылык кызмат көрсөтүүлөр Кеңеши (мындан ары-ИФККК) жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү органдар үчүн стандарттарды белгилөөчү эл аралык уюм катары чыгат. ИФКККнын ишмердүүлүгү Шариат принциптерине ылайык келген жаңы эл аралык стандарттарды киргизүү же колдонуудагы эл аралык стандарттарды адаптациялоо жолу менен исламдык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн аң-сезимдүү жана ачык-айкын индустриясын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана аларды киргизүүгө сунуштайт. 

Ушуга байланыштуу токтомдун долбоорун иштеп чыгууда ИФККК-10 «исламдык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелер үчүн Шариат башкаруу системалары боюнча жетектөөчү принциптер» стандарты эске алынган.  

Сунушталган өзгөртүүлөр корпоративдик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана банкта ички контролдук системасын жакшыртууга багытталган. 

 

4. Эл аралык тажрыйба  

Заманбап шарттарда корпоративдик башкаруу маселесине айрым өлкөлөр тарабынан да, эл аралык деңгээлде да өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, ЭКӨУ корпоративдик башкаруунун бир катар стандарттарын белгилеген жана колдонмону иштеп чыккан, ал мамлекеттик органдар тарабынан баалоону жүргүзүүдө жана өз өлкөлөрүндө корпоративдик башкаруунун укуктук, институционалдык жана ченемдик базасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүдө, ошондой эле корпоративдик башкаруу практикасын өркүндөтүү ишинде маанилүү ролду ойногон фондулук биржалар, инвесторлор, корпорациялар ж.б. сыяктуу башка тараптар тарабынан колдонулушу мүмкүн. 

Банктык көзөмөл боюнча Базель комитети (мындан ары Комитет) тарабынан дайыма жүргүзүлүп жаткан банктык көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча иш - чаралардын алкагында комитетке мүчө өлкөлөрдүн жана башка өлкөлөрдүн көзөмөл органдарынын жамааттык көзөмөл тажрыйбасын жалпылоо, ошондой эле ишенимдүү банктык тажрыйбаны киргизүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш болгон көзөмөл боюнча колдонмону даярдоо боюнча чоң иштер аткарылган. Бул документ ЭКӨУ тарабынан иштелип чыккан корпоративдик башкаруу принциптеринин маанилүүлүгүн тастыктоо, комитеттин мурдагы документтеринде каралган корпоративдик башкаруу маселелерине көңүл буруу, ошондой эле банктардын жана көзөмөл органдарынын кароосуна корпоративдик башкаруунун айрым жаңы аспекттерин сунуштоо максатында Комитет тарабынан жарыяланып жатат. 

Санариптик трансформация жаатындагы эл аралык тажрыйба дүйнө жүзү боюнча алдыңкы компаниялар жана финансы институттары тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан борбордук банктардын ар кандай стратегияларын, ыкмаларын жана талаптарын камтыйт.  

2024-жылдын жаңыртууларын кошо алганда, эффективдүү банктык көзөмөлдүн негизги принциптеринин акыркы редакцияларына ылайык, санариптик технологиялар жана киберкоопсуздук менен байланышкан тобокелдиктерди башкарууга өзгөчө көңүл бурулган. 

Банктык көзөмөл боюнча Базель комитети банктарда маалыматтык тобокелдиктерди башкаруу үчүн адекваттуу жол-жоболордун жана системалардын болушунун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Маанилүү маселе, директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана банк жетекчилери маалыматтык тобокелдиктерди башкаруу боюнча жетиштүү билимге жана компетенцияга ээ болушу керек, бул санариптештирүү жана кибер коркунучтардын өсүшү шартында өзгөчө маанилүү, анткени банк ишин санариптештирүү салттуу тобокелдиктерд, анын ичинде ликвиддүүлүк тобокелдиги жана операциялык тобокелдик күчөтүшү мүмкүн, ал эми санариптик байланыш каналдары банктык стрессти тез тарата алат.  

Россия Федерациясы: Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдары банктын башкаруу органынын, директорлор кеңешинин жана банктын аткаруу органынын ишинин укуктук негиздерин белгилейт.  

Мындан тышкары, Россия Федерациясы тарабынан корпоративдик башкаруунун кодекси кабыл алынган, ал натыйжалуу корпоративдик башкарууну куруу боюнча негизги принциптерди жана сунуштарды камтыйт. 

Улуу Британия: Улуу Британиянын финансылык отчеттуулук Кеңеши корпоративдик башкаруу кодексин кабыл алды. Улуу Британиянын практикасында төмөнкү айырмачылыктар каралган: 

1) директорлор кеңешинин төрагасы директорлор кеңешинин көз карандысыз;  

2) кызматтан бошотууда көз карандысыз директорлор директорлор кеңешинин төрагасы үчүн өздөрүнүн негизги күмөн саноолорунун тизмесин жарыялашы керек жана ал өз кезегинде бул көз караштарды директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө, анын ичинде кызматтан кеткен директордун ордуна жалдангандарга да жайылтууга тийиш;  

3) төрага кеминде үч жылда бир жолу директорлор кеңешинин ишине көз карандысыз тышкы сереп салууга жана талдоого заказ бериши керек. 

Жалпысынан корпоративдик башкаруу кодекстери ЭКӨУнун корпоративдик башкаруу принциптерине ылайык келет. 

Бириккен Араб Эмираттары: БАЭнин Борбордук банкы анын натыйжалуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн банк ишин өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Бул максатка жетүү үчүн коммерциялык ишин толугу менен же жарым-жартылай Ислам шариатынын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырган финансылык мекемелер алардын туруктуулугун камсыз кылуу жана жалпы финансылык туруктуулукка көмөк көрсөтүү үчүн шариатты башкаруунун комплекстүү жана натыйжалуу механизмдерине ээ болууга тийиш. 

Шариаттык башкаруунун принциптери финансы мекемелеринин башкаруу органдарынын Шариаттык башкаруунун талаптагыдай системасынын иштеши үчүн жана коргонуунун үч линиясын ишке киргизүү үчүн жоопкерчиликтерин камтыйт, алар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- бизнес багыты тарабынан берилген биринчи коргонуу линиясы, ал так саясатты, жол-жоболорду жана көзөмөл каражаттарын орнотуп, Коммерциялык ишмердүүлүктү Шариат стандарттарына ылайык үзгүлтүксүз жүзөгө ашырышы керек; 

-функцияларына ички Шариат контролу кирген жана уюштуруучулук жактан кандайдыр бир бизнес-бөлүмдүн курамына кирүүгө же ага баш ийүүгө тийиш болбогон ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм тарабынан берилген коргоонун экинчи линиясы; 

-Шариат аудитин жүргүзгөн жана ченемдердин сакталышына көз салган ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм тарабынан берилген жана уюштуруучулук жактан кандайдыр бир бизнес-бөлүмдүн курамына кирүүгө же ага баш ийүүгө тийиш болбогон үчүнчү коргоо линиясы. 

Казакстан Республикасы: Казакстан Республикасында Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 188 токтому менен тандалып алынган бизнес моделине, ишинин масштабына, операциялардын түрүнө жана татаалдыгына ылайык, банкты жалпы жетектөө үчүн жетиштүү квалификацияга, кынтыксыз ишкердик абройго жана тажрыйбага ээ болуу талабы каралган. 

Мында Директорлор кеңешине караштуу Стратегиялык пландоо комитетинин курамына кеминде төмөнкү чөйрөлөрдүн биринде иш тажрыйбасы бар директорлор кеңешинин бир мүчөсү кирүүгө тийиш: 

- маалыматтык технологияларды өнүктүрүү

- банктык кызматтарды өнүктүрүү жана көрсөтүү

- бюджеттик пландаштыруу. 

Европа биримдиги: Европа биримдигинде 2024-2026-жылдарга карата бирдиктүү көзөмөл механизмине ылайык, Европа Борбордук банкы банк кызматтарын санариптештирүүдөн келип чыккан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана коопсуздук менен байланышкан тобокелдиктерди жоюу боюнча банктарга талаптарды карайт. Башка нерселер менен катар, бул банктын жетекчилигинен адекваттуу жана өз убагында чечимдерди кабыл алуу үчүн мындай тобокелдиктердин эволюциясын жана маанисин туура түшүнүүнү талап кылат. Бул шайкештикти баалоонун бир бөлүгү болуп саналат жана, атап айтканда, башкаруу органынын жок дегенде бир аткаруучу эмес мүчөсү бул багыттар боюнча тиешелүү билимге жана тажрыйбага ээ болушу күтүлүүдө

Америка Кошмо Штаты: Федералдык резерв жана Федералдык камсыздандыруу корпорациясы сыяктуу федералдык жөнгө салуучу органдар, банктардан маалыматтык коопсуздук программаларын түзүүнү жана колдоону талап кылат. Мисалы, «Interagency Guidelines Establishing Information Security Standarts» директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнөн маалыматтык коопсуздукка адекваттуу көзөмөлдү камсыз кылууну жана бул чөйрөдөгү саясатты жана жол-жоболорду үзгүлтүксүз карап чыгууну талап кылуу. 

Шри-ланка: Шри-Ланканын Борбордук банкы банк директорлорунан маалыматтык технологиялык тобокелдиктерди башкаруу жана маалыматтык коопсуздук боюнча зарыл билимге жана тажрыйбага ээ болушун талап кылат. Директорлор маалыматтык технологиялар инфраструктурасы менен байланышкан тобокелдиктерге баа берип, алардын адекваттуу башкарылышын камсыз кылышы керек. Бул жетекчиликтин жана башка жооптуу адамдардын иш жана коопсуздук талаптарына жооп бериши үчүн компетенцияларын карап чыгууну камтыйт. 

Сингапур: Технологиялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча колдонмого ылайык, директорлор Кеңеши жана финансылык мекеменин жогорку жетекчилиги маалыматтык технологиялардын иштөө чөйрөсүнүн коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн натыйжалуу ички контролду жана тобокелдиктерди башкарууну камсыз кылышы керек. Директорлор Кеңешинде да, финансылык мекеменин да жогорку деңгээлдеги жетекчилигинде технологиялык тобокелдиктерди, анын ичинде кибер коркунучтарга байланыштуу тобокелдиктерди түшүнүү жана башкаруу боюнча билими бар мүчөлөр болушу керек. 

Директорлор Кеңеши жана финансылык мекеменин жогорку деңгээлдеги жетекчилиги төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү

- технологиялык тобокелдиктерди башкаруу стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 

- финансылык институттун тобокелдик табитин эске алуу менен маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө негизги чечимдер кабыл алынышы керек. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1 Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты корпоративдик башкаруу системасын жакшыртуу, директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн жана банктын аткаруу органын дайындоо жана сыйлоо жагында ачык-айкындуулукту жогорулатуу, ички контролдук системасын чыңдоо, ошондой эле экологиялык жана социалдык башкаруунун принциптерин ишке ашыруу (Ecological Social Management System / ESG).  

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталып жаткан жобо - «Эл аралык принциптерге ылайык Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын корпоративдик башкаруу Кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү болуп саналат. 

Мындан тышкары, директор Кеңенишин мүчөлөрү жана банктардын аткаруу органы, банк комитеттери жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууну камсыздоо ошондой эле туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө эмгекке акы төлөө жана отчеттуулук системаларын камсыздоо сунушталууда (Ecological Social Management System / ESG). 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун күтүлүп жаткан натыйжасы коммерциялык банктардагы корпоративдик башкаруу системасын өркүндөтүү жана банктардын ишинин ачыктыгын жогорулатуу, узак мөөнөттүү инвесторлорду тартуу жана өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу болуп саналат. 

7.2. Күтүлгөн экономикалык, социалдык жана экологиялык таасирлери: 

1) экономикага таасири: токтомдун долбоору банктарды корпоративдик башкаруу системасынын ачыктыгын жогорулатууга багытталган. Ушуга байланыштуу, сунушталып жаткан жөнгө салуу өлкөнүн экономикасындагы инвестициялык климатты жакшыртууга оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө

2) социалдык чөйрөгө таасири: жөнгө салуу стандарттары банк секторун өнүктүрүүгө багытталган. 

7.3. Кызыкдар тараптардын негизги топторуна жөнгө салууну алуучуларга күтүлгөн таасир: токтомдун долбоорунда маалыматты ачыкка чыгаруу боюнча талаптар каралганын эске алуу менен, банктар маалыматтык саясат системасын камсыз кылуусу зарыл. 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо 

Сунушталган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу, банктарды башкаруу системасынын ачыктыгын жогорулатууга, инвестициялык климатты жакшыртууга, инвесторлорду тартууга, ошондой эле чет өлкөлүк банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө багытталган. Ошол эле учурда банк корпоративдик башкаруу маселелери боюнча маалыматтын ачыкка чыгышына толук баа бериши керек. 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтомдун долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасир этпейт, анткени долбоор менен айрым чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн айрым жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү үчүн жумушчу топтун мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө кабардар берилди. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына түздөн-түз таасир этүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору граждандардын жана юридикалык жактардын таламдары, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу маселелер коомдук талкууга коюлат. Буга байланыштуу токтомдун долбоору Улуттук банктын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) коомдук талкууга коюлат. 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, токтомдун долбоору кабыл алууга сунушталсын анткени ал төмөнкү аспектилердин ишке ашырылышын камсыз кылат: 

- банктарды корпоративдик башкаруу системасын өркүндөтүү

- банктарды корпоративдик башкаруунун ачыктыгын жогорулатуу; 

- банктын ички контролдоо системасын жакшыртуу; 

- инвестициялык климатты жакшыртуу жана узак мөөнөттүү инвесторлорду тартуу; 

- Кыргыз Республикасынын банктары менен чет өлкөлүк банктардын ортосунда корреспонденттик мамилелерди түзүү

 

12. Тиркеме 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.