Долбоор
Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун
уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019 П 14/46 1 «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Жаңы түзүлгөндөр үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкүчө белгиленсин:
1) төлөм системасынын операторлору – 20 млн сомдон кем эмес өлчөмдө;
2) төлөм уюмдарына – 30 млн сомдон кем эмес өлчөмдө;
3) төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин айкалыштырган жактар – 50 млн сомдон кем эмес өлчөмдө.
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылган арыз ээлери уставдык капиталды ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык түзүүгө милдеттүү.
3. Төмөнкү төлөм кызматтарын көрсөтүүдө жаңы түзүлгөн төлөм уюмунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
1) ошол сунуштоочулар менен тике келишимдер түзүлгөн учурда/техникалык платформаларды интеграциялоодо жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча өз ара финансылык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар – товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү жана салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер түзүлгөн учурда, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы бирдиктүү казына эсебине чегерилүүчү төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алуу – 60 млн сомдон кем эмес;
2) эгерде төлөм уюмунун төлөм системасынын операторунун лицензиясы бар болсо, төлөм карталарынын эквайринги – 80 млн сомдон кем эмес;
3) ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүү – 110 млн сомдон кем эмес.
4. Иштеп жаткан төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча төмөнкү мөөнөттөр белгиленсин:
- 2025-жылдын 1-июлунан тартып – 8 млн сомдон кем эмес;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 15 млн сомдон кем эмес;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 20 млн сомдон кем эмес.
5. Иштеп жаткан төлөм уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча төмөнкү мөөнөттөр белгиленсин:
- 2025-жылдын 1-июлунан тартып – 10 млн сомдон кем эмес;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 20 млн сомдон кем эмес;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 30 млн сомдон кем эмес.
6. Иштеп жаткан төлөм системасынын оператору менен төлөм уюмунун ишин айкалыштырган жактар үчүн төмөнкү мөөнөттөр белгиленсин:
- 2025-жылдын 1-июлунан тартып – 18 млн сомдон кем эмес;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 35 млн сомдон кем эмес;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 50 млн сомдон кем эмес.
7. Ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүүчү иштеп жаткан төлөм уюмдары үчүн уставдык капиталдын төмөнкүдөй минималдуу өлчөмдөрү төмөнкү мөөнөттөрдө белгиленсин:
1) ушул токтомдун 3-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүүчү төлөм уюмдары үчүн:
- 2025-жылдын 1-июлунан тартып – 40 млн сомдон кем эмес;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 50 млн сомдон кем эмес;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 60 млн сомдон кем эмес.
2) ушул токтомдун 3-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүүчү төлөм уюмдары үчүн:
- 2025-жылдын 1-июлунан тартып – 48 млн сомдон кем эмес;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 65 млн сомдон кем эмес;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 80 млн сомдон кем эмес.
3) ушул токтомдун 3-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүүчү төлөм уюмдары үчүн:
- 2025-жылдын 1-июлунан тартып – 78 млн сомдон кем эмес;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 95 млн сомдон кем эмес;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 110 млн сомдон кем эмес.
8. Төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша төлөм уюмдары жана төлөм системасынын операторлору үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар кошумча жогорулатыла тургандыгы белгиленсин:
1) төлөм системасы системалуу мааниге ээ болгон төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору үчүн – 200 млн сомго;
2) төлөм системасы маанилүү болгон төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору үчүн – 100 млн сомго;
3) эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү деп таанылса – 100 млн сомго.
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын
2-сентябрындагы № 2019П14/461(ПС) «Төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:
1) 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«10. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан аныкталат.».
2) 11, 12, 12-1-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын.
3) 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«13. Эгерде Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) боюнча саясатта белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, төлөм системасынын операторунун төлөм системасы системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары таанылса же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша белгиленет.
Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими жөнүндө лицензиатка маалымдалган күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде уставдык капиталды Жобонун ушул пунктунда белгиленген өлчөмдө кошумча көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарын салууга милдеттүү. Улуттук банк акча каражаттары белгиленген мөөнөттө салынбаган учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат.».
10. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
11. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
12. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
13. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
14. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Башкарманын мүчөлөрү Б. Алиев
М. Аттокуров
У. Жамалидинов
А. Козубеков
Ж. Сулайманбекова
К. Темиров
Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору улуттук төлөм системасынын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун лицензиялоо тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталы алардын финансылык операциялар чөйрөсүндө финансылык туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Уставдык капитал төлөм уюму келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү финансылык ресурстарга ээ экендигинин кепилдиги катары кызмат кылат. Бул кардарлардын кызыкчылыктарын коргоого жардам берет жана финансылык кыйынчылыктарга туш болгондо алардын каражаттарынын төлөнүшүн камсыздайт. Жогору уставдык капитал төлөм системасынын туруктуулугуна карата тобокелдиктерге жол бербөөгө жардам берет. Бул системага ишеним чечүүчү ролду ойногон электрондук төлөмдөр чөйрөсүндө өзгөчө маанилүү.
Учурда колдонулуп жаткан уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар 2019-жылы белгиленген жана төмөнкүнү түзөт:
- төлөм уюму үчүн - 2 млн сомдон кем эмес;
- төлөм системасынын оператору үчүн - 1 млн сомдон кем эмес;
- төлөм уюму менен төлөм системасынын операторунун ишин айкалыштырууда
- 3 млн сомдон кем эмес;
- чек ара аркылуу өтүүчү жана Бирдиктүү казына эсебине төлөмдөрдү жүзөгө ашыруучу төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору үчүн (мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу) - 10 млн сомдон кем эмес.
Төлөм уюмдары тарабынан өткөрүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жыл сайын өсүп, алардын ишинде тиешелүү тобокелдиктер да көбөйүүдө.
Алсак, 2019-жылы төлөм уюмдары аркылуу 32,8 млрд сомго 168,3 млн төлөм жүргүзүлсө, 2023-жылы төлөм уюмдары аркылуу 379,9 млрд сомго 235,2 млн төлөм жүргүзүлгөн. Ошентип, беш жылдын ичинде төлөм уюмдары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү 11,5 эсеге өскөн.
Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ишинде тобокелдиктер жогорулагандыгына байланыштуу, төлөм жүгүртүүсүнүн олуттуу өсүшүнө салыштырмалуу уставдык капиталдын анча чоң эмес көлөмү уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн жогорулатууну шарттоодо.
Бул токтом долбоорунда жаңы түзүлгөндөр үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн төмөнкүчө белгилөө сунушталууда:
- төлөм системасынын оператору үчүн – 20 млн сомдон кем эмес;
- төлөм уюму үчүн – 30 млн сомдон кем эмес;
- төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун ишин айкалыштырган жактар үчүн – 50 млн сомдон кем эмес.
Токтом долбоорунда ошондой эле жаңы түзүлгөн төлөм уюмунун төмөнкүдөй төлөм кызматтарын көрсөтүүдө уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгилениши сунушталат:
1) ошол сунуштоочулар менен тике келишимдер түзүлгөн учурда/техникалык платформаларды интеграциялоодо жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча өз ара финансылык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар – товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү жана салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер түзүлгөн учурда, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы бирдиктүү казына эсебине чегерилүүчү төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алуу – 60 млн сомдон кем эмес;
2) эгерде төлөм уюмунун төлөм системасынын операторунун лицензиясы бар болсо, төлөм карталарынын эквайринги – 80 млн сомдон кем эмес;
3) ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүү – 110 млн сомдон кем эмес.
Ошол эле учурда, иштеп жаткан төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору үчүн 2027-жылдын 1-июлуна чейин үч жылдык өткөөл мезгилди белгилөө сунушталууда, анын ичинде лицензиаттар уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген мааниге чейин жеткирүүгө тийиш.
Мындан тышкары, төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмдөрүн төмөнкүчө белгилөө сунушталат:
1) төлөм системасы системалуу мааниге ээ төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору үчүн – 200 млн сомго;
2) төлөм системасы маанилүү болгон төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору үчүн – 100 млн сомго;
3) эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү деп таанылса – 100 млн сомго.
3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык токтом долбоору коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат (koomtalkuu.gov.kg).
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле Кыргыз Республикасы анын катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Бул токтом долбоорун кабыл алуу Улуттук банктын бюджетинен же мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат
Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине карата ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн.
Долбоор
Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Учурдагы редакция |
Сунушталган редакция |
«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо |
|
10. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш: - төлөм уюму үчүн кеминде 2000000 (эки миллион) сом. - төлөм системасынын оператору үчүн кеминде 1 000000 (бир миллион) сом. Эгерде өтүнүч ээси эки лицензия үчүн документтерди тапшырса/лицензиат төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун ишин айкалыштырса, анда бул уюмдун уставдык капиталы кеминде 3000000 (үч миллион) сомду түзүүгө тийиш. |
10. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан аныкталат. |
11. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар - товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда, ушул сунуштоочулар менен тике келишимдер болгон/техникалык платформалар интеграцияланган жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүлөр жүзөгө ашырылган учурда, төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндө болууга тийиш. |
Күчүн жоготкон катары таанылды |
12. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча Улуттук банктагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон, төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууда, салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер болгон учурда, төлөм уюму кеминде 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга тийиш. Ушул пункттун талабы коммерциялык банк менен агенттик макулдашуунун/келишимдин негизинде төлөөчүлөрдөн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырган жана банктын атынан кызмат көрсөткөн төлөм уюмдарына таркатылбайт. |
Күчүн жоготкон катары таанылды |
12-1. POS-терминалдарды орнотуу менен төлөм карттарын колдонуу аркылуу жергиликтүү соода-тейлөө ишканаларынын пайдасына эквайринг кызматтарын көрсөтүү үчүн төлөм уюму кеминде 20 000 000 (жыйырма миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга тийиш. Төлөм уюмунун уставдык капиталы POS-терминалдарды орнотуу жолу менен төлөм карттарынын эквайрингин жүзөгө ашырууда, төмөнкүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу учурунда, жалпысынан 30 000 000 (отуз миллион) сомдон кем болбоого тийиш: - төлөөчүлөрдөн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер болгон учурда, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча; - төлөмдөрдү үчүнчү жактардын – товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын – резидент эместердин пайдасына - ушул сунуштоочулар менен келишимдер түзүлгөн/техникалык платформалар интеграцияланган/чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча өз ара финансылык эсептешүүлөр жүргүзүлгөн учурда. |
Күчүн жоготкон катары таанылды |
13. Эгерде төлөм системасынын операторунун төлөм системасы Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору 12 (он эки) жана андан ашык айдын жыйынтыгы боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет: 1) кеминде 200000000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалуу мааниге ээ катары таанылса; 2) кеминде 30000000 (отуз миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса; 3) кеминде 20000000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса. Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими тууралуу лицензиатка билдирилген күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарын салууга тийиш. Акча каражаттары белгиленген мөөнөттө салынбаган учурда Улуттук банк тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонот. Ушул пунктта уставдык капиталдын өлчөмүнө карата талаптар ушул Жобонун 12-1-пунктунда белгиленген уставдык капиталдын өлчөмүнө карата талаптарды эске албастан, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан сакталууга тийиш. |
13. Эгерде Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) боюнча саясатта белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, төлөм системасынын операторунун төлөм системасы системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары таанылса же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша белгиленет. Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими жөнүндө лицензиатка маалымдалган күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде уставдык капиталды Жобонун ушул пунктунда белгиленген өлчөмдө кошумча көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарын салууга милдеттүү. Улуттук банк акча каражаттары белгиленген мөөнөттө салынбаган учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат. |
АНАЛИТИКАЛЫК КАТ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
|
|
БЕКИТЕМ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
|
|
_______________________________ (кол тамга) |
|
|
2024-жылдын «______» ___________ |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун
ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО
Иштеп чыгуу үчүн негиздеме: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
2024-жылдын 1-февралындагы № 2024-Пр-141/20-О «Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү: |
|
|
|
|
|
Жумушчу топтун жетекчиси:
Э.Ч. Абдраимов, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги |
____________________ |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
М.Ш. Акулуева, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги |
____________________ |
А.Т. Сыргатаев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси |
____________________ |
А.К. Джакубова, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси |
____________________ |
Б.К. Айылчиев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу |
____________________ |
Н.Е. Байжигитова, Улуттук банктын Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын чекене төлөмдөрдү иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси |
____________________ |
Б.К. Куванычбеков, Улуттук банктын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын санарип банк операцияларын өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору |
____________________ |
Бактыбек уулу Толонбек, Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн юристи |
____________________ |
А.Т. Хамзеева, «М Булак» микрокредиттик компаниясы» ЖЧКнын операциялык бөлүмүнүн жетекчиси |
____________________ |
И.В. Павлов, «Керемет Банк» ААКтын төлөм сервис башкармалыгынын начальниги |
____________________ |
Н.З. Турсунбаев, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын аралыктын банктык тейлөө башкармалыгынын начальниги |
____________________ |
К.Т. Жусупбаева, «ХалыкБанкКыргызстан» ААКтын карта бизнеси башкармалыгынын начальниги |
____________________ |
А.Т. Красножонова, «Финка Банк» ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын орун басары (Операциялар боюнча директору) |
____________________ |
А.Л. Безуглов, «Pay24» ЖЧКнын Башкармасынын төрагасынын орун басары |
____________________ |
А.Э. Абдывасиев, «Pay24» ЖЧКнын юристи |
____________________ |
Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат:
Сыргатаев А.Т., 66-90-99, asyrgataev@nbkr.kg
I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
1. Проблема тууралуу маалымат
Калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдын апрелинен тартып «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун (мындан ары –ТУ/ ТСО) ишин лицензиялоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашырып келет.
Бүгүнкү күндө ТУ/ ТСО финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда маанилүү ролду ээлеп, жаңы технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүүнүн эсебинен калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө.
Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата азыркы учурда колдонулуп жаткан талаптар акыркы беш жылда олуттуу түрдө кайра каралган эмес. Ошону менен бирге бул мезгил ичинде төлөм кызмат көрсөтүүлөр сектору активдүү өнүгүп, рыноктун катышуучуларынын саны, ошондой эле ТУ/ ТСО аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн саны жана көлөмү да көбөйдү.
ТУ/ ТСО атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында инновациялык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөөгө активдүү катышууда, ошону менен мурда коммерциялык банктар гана сунуштап келишкен кызматтарды сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. 2024-жылдын июнунан тартып төлөм уюмдары банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаларды чыгарууну жана эквайрингди жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушту.
Ушуга байланыштуу төлөм кызмат көрсөтүүлөрү рыногунда төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана төлөм системаларынын кардарларын жана катышуучуларын коргоо менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыгат.
2. Проблеманын масштабы
Каралып жаткан маселенин масштабы Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш жалып барышкан ТУ/ ТСОнун, ошондой эле төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын козгойт.
ТСО, негизинен, электрондук төлөм системаларында төлөөчүлөр менен төлөмдөрдү алуучулардын ортосундагы акча каражаттарынын жылышын камсыз кылуучу уюм болуп саналса, ТУ- сунуштоочулар менен түздөн-түз келишим түзүп, төлөөчүдөн акчаны алат. Ошол эле учурда, төлөм уюмдары сыяктуу эле, төлөм системасынын операторлору да электрондук акчанын агенти боло алышат жана албетте, агент болуу үчүн алар банкка камсыздандыруу депозитин/алдын ала төлөмдү сакташы керек. Ошентип, эки субъект тең зарыл болгон учурда контрагенттердин жана кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү, анткени алардын кызмат көрсөтүүлөрү банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан чогуу пайдаланылат.
Мындан тышкары, төлөм системаларынын ишинде негизги тобокелдиктер да бар, мисалы, ликвиддүүлүк тобокелдиги жана кредиттик тобокелдик. Контрагентин, мейли катышуучу болобу же башка юридикалык жак болобу, күтүлүп жаткан мөөнөттө өзүнүн финансылык милдеттенмелерин келечекте аткарышы мүмкүн болсо да, жетиштүү каражатка ээ болбой калуу тобокелдиги.
Ошондой эле системалуу тобокелдик, юридикалык тобокелдик, кредиттик тобокелдик, мыйзамды же токтомду күтүүсүз колдонуу тобокелдиги, адатта, бул жоготууларга алып келет, жалпы бизнес тобокелдиги, операциялык тобокелдик ж.б. тобокелдиктер да бар.
Жогорудагы тобокелдиктер ТУ/ ТСОго сыяктуу эле, бүтүндөй рынокко да чогуу же өз-өзүнчө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн, ошондой эле ТУ/ ТСО кредиторлор алдындагы өз милдеттенмелерин аткара албаган учурда банк рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мисалы, 2007-жылы башталган финансылык каатчылыктан кийин, төлөм системасын камтыган финансы рыногунун инфраструктурасы финансы системасынын туруктуулугун сактоодо маанилүү роль ойногон. Жакшы иштелип чыккан финансы рыногунун инфраструктурасы финансылык операцияларды финансылык институттар өз контрагенттеринин кредиттик жөндөмдүүлүгүнө өтө тынчсызданып жаткан учурда да улантууга мүмкүндүк берген.
Туруктуу финансы рыногунун инфраструктурасы жок, финансы рынокторунун тарыхындагы эң ири банкроттуктун бири болгон 2008-жылы сентябрда АКШнын Lehman Brothers инвестициялык банкынын кыйрашы, башка финансы мекемелерине жана бүтүндөй финансы системасына кеңири жайылышы мүмкүн эле.
Мисалы, үзгүлтүксүз байланыштуу эсептешүү системасы (же CLS) финансы институттарына рыноктордогу чет өлкөлүк эсептешүү тобокелдиктерин тескөөгө жардам берүүнү уланткан. Ошо сыяктуу эле, борбордук контрагенттер өз клиринг мүчөсү катары Lehman Brothers банкроттугун, баштапкы маржа сыяктуу эле, дефолтту башкаруу жол-жоболору сыяктуу тобокелдиктерди азайтуунун жеткиликтүү инструменттерин колдонуу менен жөнгө салышкан.
2024-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча 40 юридикалык жак Улуттук банктын лицензиясына ээ, анын ичинен 38 юридикалык жак төлөм уюму катары жана 38 юридикалык жак төлөм системасынын оператору катары иштөөгө укук берген лицензияга ээ.
Өз кезегинде, төлөм уюмдары тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жыл сайын көбөйүүдө, муну менен төлөм системасынын катышуучуларынын жана колдонуучуларынын алдындагы финансылык милдеттенмелердин аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн болгон жагымсыз окуялардын тиешелүү тобокелдиктери көбөйүүдө.
3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталы анын катышуучуларынын аманаттарынын наркынан түзүлөт. Уставдык капитал коомдун мүлкүнүн өлчөмүн аныктайт, бул анын кредиторлорунун таламдарына кепилдик берет. ТУ/ ТСОнун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2019жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген “ТУ/ ТСОнун ишин лицензиялоо жөнүндө жободо” белгиленген.
Уставдык капиталдын жетиштүүлүгү финансылык операцияларды жүргүзүү үчүн туруктуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө жардам берет жана төлөм системасына болгон ишенимди сактайт.
Алсак, 2019-жылы төлөм уюмдары аркылуу 32,8 млрд сомго 168,3 млн төлөм, ал эми 2023-жылы төлөм уюмдары аркылуу 379,9 млрд сомго 235,2 млн төлөм жүргүзүлгөн. Ошентип, 5 жыл ичинде төлөм уюмдары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү 11,5 эсеге өскөн.
Акыркы беш жыл ичиндеги төлөмдөрдүн орточо көлөмүнүн суммасынан 3 млн сом өлчөмүндө ТУ/ ТСОнун уставдык капиталынын учурдагы талап кылынган суммасы 0,002%ды түзөт (чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүзөгө ашырган ТУ/ ТСО үчүн 10 млн сом өлчөмүндө уставдык капитал төлөмдөрдүн орточо көлөмүнүн суммасынын 0,01% түзгөн).
Мындан тышкары, белгилей кетчү нерсе, аппараттык-программалык комплексти сатып алууга жана аны ТУ/ ТСО тарабынан тейлөөгө эрежедегидей эле, кыйла көп акча каражаттары сарпталат.
Рынокко кирүү үчүн учурдагы талаптар кыйла жеңил, бул ТУ/ ТСОну иштетүүгө лицензия алган адамдардын санынын кескин өсүшүнө алып келди. Алсак, акыркы 3 жылда төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун лицензиясына ээ болгон юридикалык жактардын саны 20дан 40ка чейин көбөйдү.
Төлөм жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө салыштырмалуу уставдык капиталдын анча чоң эмес көлөмү менен ТУ/ ТСОнун ишинде тобокелдиктердин көбөйүшүнө байланыштуу уставдык капиталдын минималдуу көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда.
4. Эл аралык тажрыйба
Эл аралык тажрыйбаны карап көрүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө төлөм уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар олуттуу түрдө айырмалана тургандыгын белгилей кетүү керек. Мисалы, Россия Федерациясында жана Беларусь Республикасында төлөм уюмдарына алардын уставдык капиталынын өлчөмүнө карата атайын талаптар коюлбайт. Ал эми Европа биримдиги жана Түштүк-Чыгыш Азия алыскы өлкөлөрү үчүн төлөм уюмунун минималдуу уставдык капиталына талаптар 20 миңден 250 миң АКШ долларына чейин өзгөрүп турат.
Казакстан Республикасы
2024-жылдын 1-июлунан тартып Казакстан Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды күчөттү. Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2020-жылдын 27-октябрындагы № 129 «Төлөм уюмунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Төлөм уюмдарынын уставдык капиталынын өлчөмүнө карата талаптар беш эсеге: 150 млн теңгеге чейин (болжол менен 30 млн сом) көбөйтүлөт. Бул минимумду төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн төмөнкү түрлөрүнүн бирин сунушташкан төлөм уюмдары сактоого милдеттүү:
- акча жөнөтүүчүгө банк эсебин ачпастан төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн накталай акчаны кабыл алуу боюнча кызматтар;
- электрондук акчаларды жана төлөм карталарын сатуу (жайылтуу) боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
- электрондук акчаны колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштетүү боюнча кызматтар;
- кардар тарабынан электрондук түрдө демилгеленген төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана зарыл маалыматтарды банкка, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмга берүү, төлөмдөрдү жүргүзүү жана (же) бул төлөмдөр үчүн акча которуу же кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
Эгерде төлөм уюму жогоруда көрсөтүлгөн төлөм кызматтарынын бирден ашык түрүн сунуштаса, анда анын накталай формада түзүлгөн уставдык капиталы төлөм кызматынын ар бир кошумча түрү үчүн 50 млн теңгеге көбөйөт.
Өзбекстан Республикасы
Өзбекстан Республикасынын Президенти 2023-жылдын 30-ноябрында «Санарип продукциясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жана санариптик укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомго кол койгон. Токтомго ылайык, 2024-жылдын 1-июлунан тартып төлөм системасынын операторлору үчүн минималдуу уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 10 млрддан 50 млрд сумга чейин (болжол менен 66 млндон 330 млн сомго чейин), төлөм уюмдары үчүн 1 млрддан 10 млрд сумга чейин (болжол менен 6 млрддан 66 млн сомго чейин), ал эми 2025-жылдын 1-июлунан тартып – 20 млрд сумга чейин (болжол менен 132 млн сомго чейин) көбөйөт.
Россия Федерациясы
«Улуттук төлөм системасы жөнүндө» Федералдык мыйзамга ылайык, төлөм системасынын оператору болууга ниеттенген кредиттик мекеме болуп саналбаган уюмдун таза активдери 10 млн. рублден (болжолдуу түрдө 8,9 млн сом) кем эмес өлчөмдө болушу керек.
II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат
5. Жөнгө салуунун максаты
Жөнгө салуунун максаты төлөм уюмдарынын оператору/төлөм системасынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу жана төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо болуп саналат.
6. Сунушталган жөнгө салуу
ТУ/ ТСОнун ишине байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү жана калктан төлөмдөрдү жүргүзүүдө алардын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомун кабыл алуу сунушталууда.
Токтом долбоорунда жаңы түзүлгөндөр үчүн уставдык капиталдын төмөнкүдөй минималдуу өлчөмүн белгилөө сунушталат:
- төлөм системасынын оператору үчүн – 20 млн сомдон кем эмес;
- төлөм уюму үчүн – 30 млн сомдон кем эмес;
- төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун ишин айкалыштырган жактар үчүн – 50 млн сомдон кем эмес.
Токтом долбоорунда ошондой эле жаңы түзүлгөн төлөм уюмунун төмөнкүдөй төлөм кызматтарын көрсөтүүдө уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгилениши сунушталат:
1) ошол сунуштоочулар менен тике келишимдер түзүлгөн учурда/техникалык платформаларды интеграциялоодо жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча өз ара финансылык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар – товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү жана салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер түзүлгөн учурда, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы бирдиктүү казына эсебине чегерилүүчү төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алуу – 60 млн сомдон кем эмес;
2) эгерде төлөм уюмунун төлөм системасынын операторунун лицензиясы бар болсо, төлөм карталарынын эквайринги – 80 млн сомдон кем эмес;
3) ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүү – 110 млн сомдон кем эмес.
Ошол эле учурда, иштеп жаткан ТУ/ТСО үчүн 2027-жылдын 1-июлуна чейин
үч жылдык өткөөл мезгилди белгилөө сунушталууда, бул учурда лицензиаттар уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген мааниге чейин жеткириши керек.
Мындан тышкары, төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша төлөм уюмдары жана төлөм системасынын операторлору үчүн уставдык капиталдын төмөнкүдөй минималдуу өлчөмдөрүн кошумча белгилөө сунушталат:
1) төлөм системасы системалуу мааниге ээ болгон, төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору үчүн – 200 млн сомго;
2) төлөм системасы маанилүү болгон, төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору үчүн – 100 млн сомго;
3) эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору маанилүү кызматтарды көрсөтүү провайдери деп таанылса – 100 млн сомго.
7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо
7.1. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун күтүлүп жаткан натыйжалуулугу ТУ/ТСОнун финансылык туруктуулугун жогорулатууга жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.
7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасири:
1) экономикага таасири: токтом долбоору төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна оң таасирин тийгизет;
2) социалдык чөйрөгө таасири: сунушталып жаткан өзгөртүүлөр төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган;
3) экологияга тийгизген таасири: жок.
7.3. Кызыкдар тараптардын негизги топторуна – жөнгө салууну алуучуларга күтүлгөн таасири:
1) мамлекеттик органдар: мамлекеттик органдарга түз таасирин тийгизбейт;
2) ишкерлер: сунушталып жаткан жөнгө салуу ТУ/ТСОнун финансылык туруктуулугун бекемдейт жана керектөөчүлөрдүн ишенимин жогорулатат;
3) калк: калкка оң таасири күтүлүүдө, анткени сунушталып жаткан жөнгө салуу төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.
8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо
Сунушталган жөнгө салуу 2027-жылдын 1-июлуна чейин ТУ/ТСОнун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды жогорулатууну болжолдойт. Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде айрым ТУ/ТСО өздөрүнүн уставдык капиталын талап кылынган өлчөмгө чейин көбөйтө албай калуу, муну менен Улуттук банктын лицензиясында көрсөтүлгөн өз ишин убактылуу токтотууга же токтотууга мажбур болуу коркунучу бар.
9. Атаандаштыкка таасирин баалоо
Сунушталган жөнгө салуу атаандаштыкка таасирин тийгизбейт, анткени анда рыноктун айрым катышуучулары үчүн кандайдыр бир чектөөлөрдүн же артыкчылыктардын киргизилиши болжолдонгон эмес.
10. Кызыкдар тараптардын пикири
Кызыкдар тараптардын пикири коомдук талкуудан кийин чагылдырылат.
11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө
Төлөм системалары кайсы болбосун экономиканын негизги элементи болуп саналат. Алар валюта, акча жана баалуу кагаздар рынокторунун үзгүлтүксүз иштешине мүмкүндүк берет. Төлөм системалары аркылуу жеке адамдар жана компаниялар төлөмдөрдү алып, сатып алган товарлары жана кызматтары үчүн төлөй алышат.
Акыркы жыйырма жылдын ичинде тез технологиялык өзгөрүүлөр, жөнгө салынбашы жана финансы рынокторунун глобалдашуусу, ошондой эле активдердин баасынын өзгөрүлмө тенденциясы финансылык активдүүлүктүн кескин жогорулашына шарт түздү. Активдүүлүктүн мындай өсүшү улуттук чек аранын ичинде сыяктуу эле, анын чегинен сырткары да төлөм агымынын көлөмүнө жана наркына кыйыр таасирин тийгизди.
ТУ/ ТСОнун уставдык капиталы алардын финансылык туруктуулугун жана финансылык операциялар чөйрөсүндө ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Жетиштүү уставдык капиталга муктаждыктын негизги себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кардарларды коргоо: уставдык капитал төлөм уюму орун алышы мүмкүн болгон жоготуулардын ордун жабуу үчүн жетиштүү финансылык ресурстарга ээ экендигинин кепилдиги катары кызмат кылат. Бул кардарлардын кызыкчылыктарын коргоого жардам берет жана финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгондо алардын каражаттарынын төлөнүшүн камсыз кылат.
- төлөм системасынын туруктуулугу: жогорку уставдык капитал төлөм системасынын туруктуулугуна тобокелдиктин алдын алууга жардам берет. Бул системага болгон ишеним чечүүчү ролду ойногон, электрондук төлөмдөр чөйрөсүндө өзгөчө маанилүү.
- тобокелдиктерди минималдаштыруу: жогорку уставдык капиталдын банкроттукка учуроо тобокелдиктерин азайтат жана финансылык туруктуулукту камсыз кылат, бул кардарлар жана бүтүндөй рынок үчүн терс кесепеттердин алдын алуу үчүн маанилүү.
- рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу: капиталга болгон талаптарды күчөтүү төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда алгылыктуу атаандаштык чөйрөсүн түзүүгө көмөк көрсөтөт, мында капиталы жетишсиз, чабал катышуучуларды чыгарып, сунушталуучу кызматтардын сапаты жакшыртылат.
Жогорудагы маалыматтардын негизинде сунушталып жаткан жөнгө салуу тандоо үчүн сунушталат, анткени ал ТУ/ ТСОнун финансылык туруктуулугун жогорулатууга жана төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.