Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна
өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
- 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу»;
- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздарды каржылоо компаниясы» ААКты, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын «___»_________
№____________________________
токтомуна карата
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы №32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудит боюнча Комитетке карата негизги талаптардын:
- 6.2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«6.2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда Аудит боюнча комитеттин бир мүчөсү Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин (банкта мындай комитет бар болсо) курамына кирүүгө тийиш.»;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:
21-пункту:
- төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш;»;
- он бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Эгерде алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, ошондой эле эгерде алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында берилсе, банктар кредиттик тобокелдикти камтыган улуттук валютадагы активдерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн.»;
- 4-глава төмөнкү мазмундагы 22-3-пункт менен толукталсын:
«22-3. Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономиканын субъекттерине, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген, гарантия/кепилдик менен камсыздалган кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча 0дөн 2,5% чейинки өлчөмдө РППУ түзүүгө укуктуу.».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 4-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо – мыйзамдарда белгиленген үлгүдөгү (баалуу кагаз) кош кампа күбөлүгүнүн жана/же анын айрым бөлүктөрүнүн (кампа күбөлүгү же күрөө күбөлүгү (варрант)) ээсине берилген активдер. Каржылоо мөөнөтү кош кампа күбөлүктөрү чыгарылган (берилген) товарлар кампасындагы продукциянын сактоо мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.»;
- 9-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү мазмундагы төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«Банк кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүдө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
- кардар/өнөктөш банк алдында милдеттенмелерин аткарбаган учурда кардардын/өнөктөштүн күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана алуу;
- кардардын/өнөктөштүн банк алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо, каржылоону колдонуунун бүткүл мезгили ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туумдун) өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш.»;
- 26-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу шарттарын эске алуу менен кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартибин, ошондой эле кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн кайрылган адамга карата коюлуучу талаптарды белгилөөгө тийиш.»;
- 29-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын (эгерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан иш алып барган гарантты (кепилдик берүүчүнү) кошпогондо, гарант - юридикалык жак болсо) финансылык отчетун көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер);»;
- 5-главасы төмөнкү мазмундагы 29-1 пункту менен толукталсын:
«29-1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоодо, банк мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу шарттарын жана тартибин эске алуу менен кардардан документтерди (кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө) талап кылууга тийиш.»;
34-пунктунун:
- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк кардар/өнөктөш каржылоо алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдоо жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, каржылоо кандайча кайтарылгандыгын, каржылоону төлөө тартибин так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл.
Эске алуучу нерсе, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделине көңүл буруу зарыл, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка финансы-кредиттик уюмдардан ага берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды да сурап алуу маанилүү.
Мындан тышкары, кардар/өнөктөш жөнүндө жана банктын каалосуна жараша кардар/өнөктөш менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) (мыйзамга ылайык алардын макулдугунун негизинде) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылуу зарыл.»;
- отуз төртүнчү абзац төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
«Эгерде кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаз кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, банк тарабынан кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампада сактоо боюнча кызмат көрсөткөн баалуу кагаздын эмитентине (товар кампасы) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары банк тарабынан эске алынышы зарыл;»;
- пункт төмөнкү мазмундагы отуз алтынчы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономика субъекттерине, анын ичинде мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн.»;
- 45-пунктундагы «20 (жыйырма)» деген сан жана сөз «10 (он)» дегенге алмаштырылсын;
- 57-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу жана көрсөтүү менен);»;
63-пунктунда:
- биринчи абзацтын үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн – өздүк капиталынын 50%нан ашпаган өлчөмдө).»;
- бешинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдердин эсебине кирбеген активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү таза суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн – өздүк капиталдын 20%нан ашпоого тийиш).»;
- 68-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн – өздүк капиталдын бир пайызынан ашкан) активдер жана банк тарабынан ири тобокелдикти камтыган актив катары белгиленген активдер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу;»;
- 81-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«81. Ушул иш-чаралар менен биргеликте кардардын өзү менен туруктуу негизде төмөнкү иштерди жүргүзүү зарыл:
- бузуу фактысын (кечиктирилген күндөрдүн саны ж.б.) көрсөтүү менен кардарга келишимдин шарттары сакталбагандыгы жөнүндө, ошондой эле келишим шарттары бузулгандыгына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө кат жүзүндө/электрондук билдирүү жөнөтүү. Мында, ар бир кат жүзүндөгү/электрондук билдирүү карыз алуучунун кредиттик таржымалында болууга тийиш;
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- кардарды банкка чакыруу.
85-пунктунда:
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% ашкан) кредиттик тобокелдикти камтыган ар бир проблемалуу актив боюнча аткарылган иштер жана андан аркы иш-аракеттер жөнүндө сунуштар камтылган толук отчет. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган ар бир проблемалуу актив боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш:»;
- алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% жетпеген) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш.»;
«Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеменин:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Кардар/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоо мамлекеттик программаларды ишке ашыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.»;
- 28-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- күрөөнүн рыноктук (адилет) жана жоюу наркы (күрөөлүк коэффициентти эске алуу жана көрсөтүү менен);»;
«Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеменин:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде жана зарылдыгына жараша, расмий тилде жана/же чет тилде таризделүүгө тийиш, ага мамлекеттик тилдеги түп нускасын тиркөө зарыл.».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын
23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 3-главасы төмөнкү мазмундагы 18-2 жана 18-3-пункттар менен толукталсын:
«18-2. Активди тескөө боюнча талаптар:
- кардардын алгылыктуу таржымалын жүргүзүү;
- келишимдердин аткарылышын контролдоо;
- каржылоонун максаттуу пайдаланылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- күрөөгө мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;
- мөөнөтүндө төлөнбөгөн каржылоонун мөөнөтүн узартуу же болбосо кайра карап чыгуу шарттары;
- классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам (РППУ) түзүү;
- реструктуризацияланган активдерди кайра классификациялоо тартиби.
Эскертүү: кардар/өнөктөш каржылоону максатка ылайыксыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталган учурда, эгерде каржылоо келишиминде башкасы каралбаса, кредиттик союз кардардан/өнөктөштөн каржылоо боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу. Мында кредиттик союздун ички документтеринде кардардын/өнөктөштүн жоопкерчилигине тиешелүү чаралар боюнча эрежелер так белгиленген ченемдер каралуусу зарыл.
18-3. Каржылоо боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана орду жабылбаган карызды аныктоо, талдоо жана кайтаруу боюнча иш тартиби.»;
- 26-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«26. Бардык документтерди толук иликтөөдөн өткөргөндөн кийин (кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында) кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.»;
- 27-1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«27-1. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча тейленген овердрафттарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт.»;
- 30-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«30. Каржылоо келишимине кол коюуда, кийинчерээк аны кайтарууда мүмкүн болуучу проблемаларга жол бербөө максатында, актив берилип жаткан жана төлөнө турган бардык шарттарды тактоо зарыл. Кардарга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбагандыгынын же талапка ылайык аткарылбагандыгынын кесепети кол койдуруу аркылуу түшүндүрүлүүгө тийиш.
Кредиттик союз экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында каржылоо берүүдө, кардар-жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге акча каражаттарын нак алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, активди алуу жана төлөө укугун берет.»;
- 32-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Төлөө графигинде каржылоону төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук көрсөтүлүп, ага эки тарап тең кол коюусу зарыл.»;
- 5-глава төмөнкү мазмундагы 32-1-пункту менен толукталсын:
«32-1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча пайыздык чен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашып кетсе, кредиттик союз аталган Мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
- кардардын кредиттик союздун алдындагы милдеттенмелери аткарылбаган шартта, кардардын күрөөлүк мүлкүн алып коюуну соттук тартипте гана ишке ашыруу;
- кардардын кредиттик союздун алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо, каржылоонун колдонуудагы мөөнөтү ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туум) өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш.»;
33-пунктунун:
- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- каржылоону сунуштоо боюнча негизги шарттар, анын ичинде максаттуу багыты, суммасы, төлөө тартиби жана мөөнөтү, камсыздоо түрү, каржылоо боюнча үстөк баа/киреше (эгерде болсо) көрсөтүлөт;»;
- төмөнкү мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
«- мурабаха, истисна, иджара келишимдери боюнча кардардын келишимге кол койгон учурдан тартып товар/мүлк үчүн төлөө жүргүзүү учуруна чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан баш тартуу укугу;
- мудараба келишими боюнча өнөктөштүн жана кемүүчү мушарака келишими боюнча келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алган учурга чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан баш тартуу укугу. Көрсөтүлгөн учурда кредиттик союздар билдирмени кароо үчүн кардардан белгиленген тариф боюнча комиссия алууга укуктуу;»;
- пункт төмөнкү мазмундагы он биринчи, он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү, он бешинчи, он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«- кардардын кредиттик союздан карыздын айкын өлчөмү тууралуу маалыматты жана келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - жаңы төлөө графигин алуу укугу;
- кардардын каржылоо мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кредиттик союзга кайрылуу укугу. Кардар кредиттик союзга каржылоонун мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылган учурда, кредиттик союз аны кароого жана өтүнүч ээсине бул кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү;
- күрөөдөн чектөөнү алып салууга же күрөөнү алмаштырууга кредиттик союздун жана күрөө коюучунун/күрөө коюучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет;
Мында, кредиттин камсыздоосу катары бирден ашык күрөөлүк мүлк сунушталган болсо жана күрөө коюучу катары үчүнчү жак (кардар эмес) саналса, кредиттик союз күрөө коюучуга (үчүнчү жакка) күрөөнү алмаштырууга же бошотуп алууга артыкчылыктуу укук (карыз алуучуга карата) берүүгө тийиш.
- кредиттик союздун карыз алуучунун талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол каржылоо боюнча тартипти сактагандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүү үчүн, 3 (үч) жумуш күнү ичинде сунуштоо, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, каржылоо боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматтар) сунуштоо милдети;
- эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү.»;
- 34-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу, он биринчи, он экинчи абзацтар менен толукталсын:
«Активдин негизги суммасы боюнча үстөк бааны төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе жана/же активдин негизги суммасын төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе, мөөнөтү өткөрүлгөн карыздын суммасына жана айкын мөөнөтүнө жараша үстөк айып (айып пул, туум) чегерилүүгө тийиш.
Актив боюнча милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон, жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы, эң оболу, карыздын негизги суммасынын, андан соң кардардын милдеттенменин аткарылышы боюнча чыгымдары, калган бөлүгү – үстөк баа/киреше жана үстөк айыптын ордун жабат.
Кредиттик союз комиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга;
- активди берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга;
- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл.
Кредиттик союз тарабынан бир эле операция үчүн комиссиялык төлөм алынышына жол берилбейт.
Катышуучу каржылоо келишимдери жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, кредиттик союз кардардан үстөк айып (айып пул/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет.
Эскертүү: Кредиттик союз тарабынан келишимди аткаруу максатында, жеке кызыкчылыгын көздөө менен гана көрүлгөн, ошондой эле кардар үчүн өзүнчө мүлктөн пайда же пайдалуу натыйжа алып келбеген иш-аракеттер кредиттик союздун кардардын алдындагы милдеттенмеси болуп саналбайт. Демек, кредиттик союз тарабынан өз алдынча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү кредиттик союздун аларды жүргүзүүсүз келишимди түзө же аткара албаган стандарттуу иш-аракеттеринен бөлүп көрсөтүү зарыл.»;
- 41-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«41. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Күрөө келишимине сертификаттар, күбөлүк жана башка техникалык документтер тиркелиши мүмкүн. Күрөө жөнүндө келишимдин жазуу жүзүндө таризделүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталууга тийиш. Күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын саны ыйгарым укуктуу органда нотариалдык жактан күбөлөндүрүү жана каттоодон өтүү үчүн тараптардын санына шайкеш келүүгө тийиш.»;
- 46-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу, он биринчи, он экинчи абзацтар менен толукталсын:
«Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан берилген активдин мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгерде каржылоонун мөөнөтү бир жылдан жогору болсо, күрөөгө коюлган мүлккө мониторинг жылына бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш.
Кредиттик союздун актив боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары:
- Кредиттик союз кардар тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар экендигин тактоосу зарыл. Мүлккө менчик укугу тууралуу документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоону башка каржылоого да күрөөгө коюга жол берилет.
Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүү кыйын болгон жерлерге сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу, бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүүгө мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда кредиттик союз катышуучунун мал баккан жайынын, короосунун аянтын, камдалган тоютун, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу анын малы бар экенине ынанат. Катышуучу кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл;
- Кредиттик союз камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда, ыкчам сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш;
- Кредиттик союз өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын каржылоо боюнча негизги карыз жана үстөк баа/киреше суммасынан ашуусу каржылоонун кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат;
- Кредиттик союз кардар тарабынан сунушталган мүлккө баанын туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдоо жүргүзүп туруусу зарыл. Ошол эле учурда кредиттик союз бул камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш;
- Кредиттик союз камсыздоо катары, эң аз дегенде, кардардын каржылоону төлөө мөөнөтүнө пайдалануу/кызмат кылуу мөөнөтү менен мүлктү кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүндүгү эске алынуусу зарыл, бул кошумча чыгашаларга алып келет.»;
53-пунктунда:
- 2-пунктча төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2) Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл:
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- кардарды кредиттик союзга чакыруу;
- бузуу катары кароо себептерин (мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн саны ж.б.) көрсөтүү менен кардарга келишимдин шарттары сакталбагандыгы жөнүндө, ошондой эле келишим шарттарын бузууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө жазуу жүзүндө/электрондук түрдө билдирүү жөнөтүү.
Мында кардардын кредиттик таржымалында кардар менен өткөрүлгөн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жана ага жазуу жүзүндө/электрондук билдирүүлөр жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат белгиленүүгө тийиш.
Өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иштөөдө, жолугушууларды жана маектешүүлөрдү өткөрүүдө, кредиттик союздун кызматкерлери ишкер жана кесипкөй жүрүм-турум эрежелерин так сактоого тийиш.»;
- 3-пунктча төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«Күрөө предметинен өндүрүп алуу учурунда күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк кардардын/күрөө коюучунун жалгыз турак жайы болуп саналса, бул мүлктүн эсебинен өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат.»;
- 7-глава төмөнкү мазмундагы 53-1 пункту менен толукталсын:
«53-1. Кредиттик союз кардардын-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин проблемалуу активи боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күн өткөндөн кийин, айып пул, туум чегерүүнү токтотууга тийиш.»;
- 56-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«56. Активди кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, активдерди эсептен алып салуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат.»;
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеменин:
- расмий тилдеги версиясынын 1, 3, 10-пункттарындагы «КС» деген кыскартылган сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «кредиттик союз» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктунда «50000» деген сан «100 000 (жүз миң)» деген санга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- тиркеме төмөнкү мазмундагы 7-2 пункту менен толукталсын:
«7-2. Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат (эгерде кардар - юридикалык жак болсо).»;
- 13-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«13. Активдин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет каржылоонун максатына жараша жана алар болгон шартта, документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.) менен ырасталууга тийиш.
50 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоо, ошондой эле акча каражаттарын кредиттик союздун эсептешүү эсебинен салык төлөөчү катары катталган сатуучу/дүкөндүн эсептешүү эсебине которуу аркылуу керектөө максатына берилген каржылоо болгон шартта, каржылоонун максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчёт түзүлбөшү мүмкүн.»;
- тиркеме төмөнкү мазмундагы 14-1 пункту менен толукталсын:
«14-1. Башка маалымат жана ушул Жобонун талаптарына ылайык жана кредиттик союздун кароосу боюнча маалыматтар.»;
- 20-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«20. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөө жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер.»;
- 25-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«25. Акыркы 12 айдагы эмгек акысы жөнүндө маалымкат же кирешелери жөнүндөгү маалыматтарды тастыктоочу башка документтер (эгерде кепилдик берүүчү - жеке адам болсо).»;
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кредиттик союздун кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн)
жана айыптык санкциялардын
ТИЗМЕГИ
Кредиттик союздун кардарынын укуктары |
|
Кредиттик союздун кардарынын актив боюнча чыгашалары (төлөмдөрү) |
|
Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы |
Каржылоо боюнча келишимде көрсөтүлөт |
Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча үстөк баа/киреше |
|
Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык каржылоо реструктуризацияланган учурларды кошпогондо) |
Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, өлчөмү кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. |
Активди берүү жана администрлөө үчүн комиссия |
|
Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде эсепти ачуу каржылоо келишимин түзүү менен шартталган болсо) жана тейлөө (эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылган болсо) үчүн комиссия |
|
Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссия (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу) |
|
Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариустун кызматы үчүн төлөм ж.б.) |
Мындай чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен алардын болжолдуу наркы (диапазону) көрсөтүлөт |
Кардардын эсебинен көчүрмөлөрдү берүү үчүн төлөм |
Кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык көрсөтүлөт |
Башка чыгашалар |
|
Кредиттик союздун айыптык санкциялары жана туумдары |
|
|
|
Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасы жана кредиттик союздун үстөк баасы/кирешеси боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилгендиги үчүн |
Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана үстөк баа боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн айыптык санкциялардын өлчөмү кредиттик тобокелдикти камтыган актив, каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн каржылоо боюнча үстөк баадан/кирешеден ашпоого тийиш, ал эми каржылоо колдонулган бардык мөөнөт ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туум) максималдуу өлчөмү берилген каржылоонун суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. |
Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын өз учурда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана кредититтик союз тарабынан каралууга тийиш болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо) |
|
Активди алгандан кийин каржылоо келишимин жокко чыгаруу шарттары |
|
Башка чыгашалар |
Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. |
Кредиттик союздун катышуучусунун укугу |
|
|
__________________ |
_____ |
___ |
_________ |
______ |
__ |
|
(ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү) |
(кол тамгасы) |
(датасы) |
(кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү) |
(кол тамгасы) |
|
(датасы) |
».
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын
24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 21-пунктунун:
8-пунктчасындагы «жыйырма» деген сөз «он» дегенге алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы тарабынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыкты. Токтомдун долбоору ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарын ишин жөнгө салган Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларын 2024-жылдын 22-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына, ошондой эле финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө жагында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүүгө багытталган.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртуу милдети каралган. Курулушту бюджеттик каржылоо жана калкты турак жай менен камсыз кылуу кыскаргандыктан, дүйнөнүн көпчүлүк экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрүндөй эле, турак жай сатып алуу үчүн каражаттардын негизги булагы болуп жарандардын кирешеси, финансы-кредит уюмдарынын каражаттары саналат.
Жарандардын турак жай жана социалдык шарттарын жакшыртууга мамлекеттин муктаждыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 53-беренесинин 5-бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык Министрлер Кабинети мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруусу үчүн мамлекеттик уюмдар жана банктар ортосунда бүтүмдөр боюнча өзгөчө жагдайлар каралган.
Токтомдун долбоорунда карыз алуучунун, гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоого, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында берилүүчү кредиттерди классификациялоого, ошондой эле ар бир мамлекеттик программага бүтүмдөрдүн чогуу алгандагы көлөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тиешелүү өзгөртүүлөр каралган.
Азыркы учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, кардардын жолдошунун/жубайынын кредит алууга макулдугу 50 000 сомдон жогору суммада кредит алууда талап кылынат. Мында, кредиттөө системасын өнүктүрүүгө жана оптималдаштырууга байланыштуу, анын ичинде, кредиттерди берүүдө автоматташтырылган системалар колдонулуп жаткандыктан, кардардын жолдошунан/жубайынан макулдук алуусуз берилүүчү кредиттердин суммасын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда. Микрофинансылык уюмдар тарабынан негизинен күрөөсүз активдер берилип жаткандыгын эске алып, микрокредиттөөнү өнүктүрүү жана микрокредиттерди берүү процессин оптималдаштыруу максатында, долбоордо чектүү сумманы 100 000 сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктунун «мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдар, айыптар) максималдуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш» экендиги тууралуу ченемин эске алуу менен токтом долбоорунда кредит боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдар, айыптар) максималдуу өлчөмүн берилген каржылоонун суммасынан 20%дан 10%га чейин төмөндөтүү каралган. Бул чара, финансы-кредит уюмдарынын каржылоону төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон кардарларынын карыздык милдеттенмелерин азайтуу үчүн зарыл болуп эсептелет.
Азыркы учурда коммерциялык банктар үчүн суммасы 250 000 сомдон ашкан каржылоонун максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет даярдоо талабы коюлган. Кредиттик союздар микрокредиттерди кредиттик союздардын катышуучуларынын өздүк каражаттарынын эсебинен берип жаткандыгын эске алып, кредиттик союздардын ишин оптималдаштыруу максатында, ал суммадан ашканда кредиттик союздар каржылоонун максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү болгон каржылоонун суммасы боюнча чектөөлөрдү белгилөө аркылуу талаптарды жеңилдетүү сунушталат. Алсак, кредиттик союздар тарабынын каржылоонун максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчетту даярдоо 50 000 сомдон ашпаган суммадагы каржылоо үчүн талап кылынбайт.
Токтом долбоорунда Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр каралган:
- Аудит боюнча Комитетке карата негизги талаптар;
- «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобо;
- «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо;
- «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо;
- «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо.
3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо
Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат
Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет.
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо
Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери» деп аталган 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери ислам банк иши жана каржылоо принциптерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралган спецификаны жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын «Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары» деп аталган 9-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарууга укуктуу.
6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат
Сунушталган токтом долбоорун кабыл алууда кошумча финансылык каражаттарды бөлүү талап кылынбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4 жана 6-пунктчаларына ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт, анткени сунушталган өзгөртүүлөр юридикалык күчү жогору турган ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө, ошондой эле бирдей юридикалык күчкө ээ болгон Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы сунушталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарууну өтүнөт.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна карата
САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ
Учурдагы редакция |
Сунушталган редакция |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1. Аудит боюнча Комитетке карата Негизги талаптар, Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 токтому менен бекитилген |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
6.2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда Аудит боюнча комитеттин бир мүчөсү, аларга карата минималдуу талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-ноябрындагы N 67/9 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жободо аныкталган, Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин (банкта мындай комитет бар учурда курамына кирүүгө тийиш. |
6.2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда Аудит боюнча комитеттин бир мүчөсү Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин (банкта мындай комитет бар болсо) курамына кирүүгө тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» Жобо, Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
21. ……….. Он бешинчи абзацы жок Эгерде, алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар кредиттик тобокелдикти камтыган улуттук валютадагы активдерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. |
21. ……….. Он бешинчи абзац 8) депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш; Эгерде алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, ошондой эле эгерде алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында берилсе, банктар кредиттик тобокелдикти камтыган улуттук валютадагы активдерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
22-3.-пункту жок |
22-3. Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономиканын субъекттерине, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген, гарантия/кепилдик менен камсыздалган кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча 0дөн 2,5% чейинки өлчөмдө РППУ түзүүгө укуктуу. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө Жобо, Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 токтому менен бекитилген |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
4................ Төртүнчү абзац жок |
4................ Төртүнчү абзац Кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо – мыйзамдарда белгиленген үлгүдөгү (баалуу кагаз) кош кампа күбөлүгүнүн жана/же анын айрым бөлүктөрүнүн (кампа күбөлүгү же күрөө күбөлүгү (варрант)) ээсине берилген активдер. Каржылоо мөөнөтү кош кампа күбөлүктөрү чыгарылган (берилген) товарлар кампасындагы продукциянын сактоо мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
9. ............ 8) кайра кредиттөөгө жол бербөөгө багытталган баа берүү жана отчет системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү талаптарын камтыган жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери (кардардын/өнөктөштүн бир нече финансы-кредит уюмунда (мындан ары - ФКУ) катар милдеттенмелери болсо, натыйжада кардардын/өнөктөштүн карыз оорчулугу кардардын/өнөктөштүн милдеттенмелерин тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн басымдуураак болуп кетет). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын чегинде, банк келечектеги кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чөйрөсүн, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин түрүн өз алдынча аныктайт, каржылоо портфелин түзөт жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча үстөк бааны/кирешени белгилейт. Мында банктын ички документтери кардардын/өнөктөштүн - юридикалык жактын натыйжалуу иш жүргүзүүсү, тактап айтканда, жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир товарлар/кызмат көрсөтүүлөр рыногунда сунуштоо боюнча ишине баа берүү жол-жобосун камтууга тийиш.
|
9. ............ 8) кайра кредиттөөгө жол бербөөгө багытталган баа берүү жана отчет системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү талаптарын камтыган жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери (кардардын/өнөктөштүн бир нече финансы-кредит уюмунда (мындан ары - ФКУ) катар милдеттенмелери болсо, натыйжада кардардын/өнөктөштүн карыз оорчулугу кардардын/өнөктөштүн милдеттенмелерин тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн басымдуураак болуп кетет). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын чегинде, банк келечектеги кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чөйрөсүн, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин түрүн өз алдынча аныктайт, каржылоо портфелин түзөт жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча үстөк бааны/кирешени белгилейт. Мында банктын ички документтери кардардын/өнөктөштүн - юридикалык жактын натыйжалуу иш жүргүзүүсү, тактап айтканда, жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир товарлар/кызмат көрсөтүүлөр рыногунда сунуштоо боюнча ишине баа берүү жол-жобосун камтууга тийиш. Банк кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүдө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш: - кардар/өнөктөш банк алдында милдеттенмелерин аткарбаган учурда кардардын/өнөктөштүн күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана алуу; - кардардын/өнөктөштүн банк алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо, каржылоону колдонуунун бүткүл мезгили ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туумдун) өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
26. Ар бир банкта кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартиби, ошондой эле мындай активди алуу ниетин билдирип кайрылган жактарга карата коюлуучу талаптар белгилениши зарыл. |
26. Ар бир банкта кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартиби, ошондой эле мындай активди алуу ниетин билдирип кайрылган жактарга карата коюлуучу талаптар белгилениши зарыл. Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу шарттарын эске алуу менен кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартибин, ошондой эле кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн кайрылган адамга карата коюлуучу талаптарды белгилөөгө тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
29. Белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада талап кылууга тийиш: …….. Онунчу абзац - гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарантия кредит боюнча бирден бир гана камсыздоо болуп саналса жана гарант - юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер); |
29. Белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада талап кылууга тийиш: …….. Онунчу абзац - гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын (эгерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан иш алып барган гарантты (кепилдик берүүчүнү) кошпогондо, гарант - юридикалык жак болсо) финансылык отчетун көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер); |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
29-1.-пункту жок |
29-1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоодо, банк мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу шарттарын жана тартибин эске алуу менен кардардан документтерди (кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө) талап кылууга тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
34. Бүтүндөй алганда, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмени талдап-иликтөө Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш: - каржылоо алуу укугу. Банк кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга жана келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш; - кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк кардар/өнөктөш каржылоо алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдоо жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, кредит кандайча кайтарылгандыгын, кредитти төлөө тартибин так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделине көңүл буруу зарыл, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка кредиттик уюмдардан ага берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды да сурап алуу маанилүү. Мындан тышкары, кардар/өнөктөш жөнүндө жана банктын каалосуна жараша кардар/өнөктөш менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) (мыйзамга ылайык алардын макулдугунун негизинде) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылуу зарыл. Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын так аткарууга жана анда чагылдырылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатпоого, ошондой эле кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш. Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттогу маалыматтарды бурмалоо үчүн жоопкерчилик тартат: - акча каражаттары. Кредит алууга билдирмеге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн банк кызматкери жооп берүүгө тийиш болгон эң башкы суроо бул: кардар/өнөктөш киреше жана нак акча агымы формасында акча каражаттарын, анын ичинде кредит ала турган валютада кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу үчүн жетиштүү көлөмдө акча каражаттарын ала алабы? Баа берүүдө банк буга чейин пайда туруктуу алынгандыгын же сатуу көлөмү өскөндүгү байкалгандыгын жана келечекте кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде мындай өсүш улана тургандыгын тактоого тийиш. Мындан тышкары, банк кардар/өнөктөш активди өз убагында төлөөсү үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен кардардын/өнөктөштүн кирешесинин (пайдасынын) (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоого тийиш. Эгерде кардардын/өнөктөштүн келерки 12 ай ичинде кирешесинин (пайдасынын) басымдуу бөлүгү улуттук валютада алына турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабын, анын ичинде РППУ боюнча талаптарды эске алуу менен кардар/өнөктөш үчүн алмашуу курсунун терс жакка өзгөрүшүнүн натыйжасында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, кардарга/өнөктөшкө чет өлкө валютасында каржылоо сунуштоонун максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө тийиш; - камсыздоо. Камсыздоо түрүнө баа берүүдө банктын каржылоо боюнча кызматкери кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл болгон жетиштүү сапаттуу камсыздоого ээ экендигин тактоого тийиш. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдө камсыздоонун ар кандай формасы, түрү жана ыкмасы колдонулушу мүмкүн. Кардарлардын/өнөктөштөрдүн милдеттенмелерин камсыздоо ар кандай белгилери боюнча классификацияланат: - кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк формасы дегенден улам, кардар/өнөктөш кредит алууда сунуштаган мүлктү сатуудан алынган акча каражаттарынын эсебинен активди төлөөнүн экинчи булагын түшүнөбүз. Мүлктүк формага кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун төмөнкү түрлөрү кириши мүмкүн: - кыймылсыз мүлк күрөөсү; - кыймылдуу мүлк күрөөсү (бул мүлк эрежеге ылайык, кардардын/өнөктөштүн пайдалануусунда калат, тактап айтканда бул автотранспорт, жүгүртүүдөгү товар, тиричилик техникасы ж.б.); - күрөө (заклад) (банкка сактоого өткөрүлүп берилген мүлк, так айтканда баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозит ж.б.). - кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы. Активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы - бул каражаттарды кайтаруу гарантиясын юридикалык тариздөөнүн эсебинен карыздын ордун жабуу булагы. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасына активдерди камсыздоонун төмөнкүдөй формалары кириши мүмкүн: - гарантия; - кепилдик. Милдеттенмелердин ордун жабуу деңгээли боюнча кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоолор төмөнкүдөй бөлүнөт: - негизги камсыздоо; - кошумча камсыздоо. Орду толук жабылуучу милдеттенмеге жараша кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоо төмөнкүдөй бөлүнөт: - кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча милдеттенменин ордун толугу менен жапкан камсыздоо; - кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча милдеттенменин бир бөлүгүнүн ордун жапкан камсыздоо. Банктын кредиттик тобокелдиктерин төмөндөтүүнүн өзүнчө формасы катары кредиттик тобокелдикти камсыздандыруу саналышы мүмкүн. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу үчүн банктын негизги иш-чаралары: - банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган камсыздоонун аныктыгына ынанууга тийиш. Мүлктүн бар экендигин, ошондой эле ага менчик укугу жөнүндө документтерди текшерүүгө тийиш. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) анык болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен камсыздоону кийинки күрөөгө коюуга жол берилет. Эскертүү: Бул пунктчага, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктар түрүндө камсыздоо алыскы жана барууга кыйын болгон жерлерде сезондук жайытта болгондугуна байланыштуу аларды барып кароо жана баалоо мүмкүн эмес болгон учурлар кирбейт. Мындай учурларда банк кардардын/өнөктөштүн мал-жандыгы бар экендигине, анын малканасынын, кой короосунун аянтын, тоют камын, жайытты ижарага алуу келишимдерин ж.б. текшерүү аркылуу ынанат. Буларга кошумча кардар айыл өкмөтүнөн мал-жандыгы бар экендиги жөнүндө маалымкатты, ошондой эле эгерде бар болсо малы бар экендигин тастыктаган башка документтерди сунуштоого тийиш; - банк камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, б.а. дароо сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш; - банк өз алдынча же баа берүүчүнү/баа берүүчү уюмду ишке тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын камсыздоо предметин сатууга сарпталышы мүмкүн болгон каражат өлчөмүн эске алуу менен каржылоо суммасынан жана ал боюнча тиешелүү төлөөлөрдөн жогору болушу кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин кайтарылбай калуу тобокелдигин жөнгө салуу инструменти болуп саналат; - банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган мүлктүн баасынын туруктуулугун аныктоо максатында рынокко талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл, мында банк ошол камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш; - банк камсыздоо катары мүлктү кеминде кардар/өнөктөш каржылоону пайдаланган мөөнөткө пайдаланууга/кызмат кылууга кабыл алууга тийиш, мында, камсыздоону сактоо зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл, ал кошумча чыгашаны талап кылышы ыктымал. Эгерде 100000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк кардардын/өнөктөштүн гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул каржылоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана каржылоо кайтарылбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш; - гарантия/кепилдик. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо, мындай каржылоону сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк кардардын/өнөктөштүн өзүнө жүргүзүлгөндөй эле көлөмдө гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул Жобонун талаптарына ылайык, кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн документтерди сурап алууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгү бланктык катары таанылышына алып келет; - кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдик берүүсү. Кошо жоопкерчиликтүү топ дегенден улам, пайда алууга багытталган ишкердик менен алектенген катышуучу-жеке адамдардын (кеминде 3 адам) ыктыярдуу түрдө биригүүсүн түшүнүүгө болот, мында, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн биргелешип кепилдик беришет жана алынган каражаттардын кандай болбосун жагдайларда толугу менен кайтарылышына биргелешип жоопкерчилик тартышат. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмесин кароодо, банк бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш. Мында, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын саны ошол кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин, ошондой эле бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын үлүшү кошо жоопкерчиликтүү топко берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин эске алуу зарыл. Ушул жобонун максаттарына ылайык, биргелешип бизнес жүргүзүү дегенден улам, бир нече ишкер (өнөктөштөр, кошо ээлик кылуучулар ж.б.) иш алып барган экономикалык ишкердикти түшүнүүгө болот. Мында, алардын иши товарды биргелешип өндүрүүдөн жана/же сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда алууга багытталган, мында бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара пропорционалдуу бөлүштүрүшөт жана бүтүндөй мүлктү же анын бөлүгүн жоготуу тобокелдигин биргелешип тартышат. |
34. Бүтүндөй алганда, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмени талдап-иликтөө Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш: - каржылоо алуу укугу. Банк кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга жана келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш; - кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк кардар/өнөктөш каржылоо алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдоо жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, каржылоо кандайча кайтарылгандыгын, каржылоону төлөө тартибин так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделине көңүл буруу зарыл, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка финансы-кредиттик уюмдардан ага берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды да сурап алуу маанилүү. Мындан тышкары, кардар/өнөктөш жөнүндө жана банктын каалосуна жараша кардар/өнөктөш менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) (мыйзамга ылайык алардын макулдугунун негизинде) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылуу зарыл. Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын так аткарууга жана анда чагылдырылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатпоого, ошондой эле кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш. Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттогу маалыматтарды бурмалоо үчүн жоопкерчилик тартат: - акча каражаттары. Кредит алууга билдирмеге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн банк кызматкери жооп берүүгө тийиш болгон эң башкы суроо бул: кардар/өнөктөш киреше жана нак акча агымы формасында акча каражаттарын, анын ичинде кредит ала турган валютада кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу үчүн жетиштүү көлөмдө акча каражаттарын ала алабы? Баа берүүдө банк буга чейин пайда туруктуу алынгандыгын же сатуу көлөмү өскөндүгү байкалгандыгын жана келечекте кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде мындай өсүш улана тургандыгын тактоого тийиш. Мындан тышкары, банк кардар/өнөктөш активди өз убагында төлөөсү үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен кардардын/өнөктөштүн кирешесинин (пайдасынын) (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоого тийиш. Эгерде кардардын/өнөктөштүн келерки 12 ай ичинде кирешесинин (пайдасынын) басымдуу бөлүгү улуттук валютада алына турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабын, анын ичинде РППУ боюнча талаптарды эске алуу менен кардар/өнөктөш үчүн алмашуу курсунун терс жакка өзгөрүшүнүн натыйжасында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, кардарга/өнөктөшкө чет өлкө валютасында каржылоо сунуштоонун максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө тийиш; - камсыздоо. Камсыздоо түрүнө баа берүүдө банктын каржылоо боюнча кызматкери кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл болгон жетиштүү сапаттуу камсыздоого ээ экендигин тактоого тийиш. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдө камсыздоонун ар кандай формасы, түрү жана ыкмасы колдонулушу мүмкүн. Кардарлардын/өнөктөштөрдүн милдеттенмелерин камсыздоо ар кандай белгилери боюнча классификацияланат: - кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк формасы дегенден улам, кардар/өнөктөш кредит алууда сунуштаган мүлктү сатуудан алынган акча каражаттарынын эсебинен активди төлөөнүн экинчи булагын түшүнөбүз. Мүлктүк формага кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун төмөнкү түрлөрү кириши мүмкүн: - кыймылсыз мүлк күрөөсү; - кыймылдуу мүлк күрөөсү (бул мүлк эрежеге ылайык, кардардын/өнөктөштүн пайдалануусунда калат, тактап айтканда бул автотранспорт, жүгүртүүдөгү товар, тиричилик техникасы ж.б.); - күрөө (заклад) (банкка сактоого өткөрүлүп берилген мүлк, так айтканда баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозит ж.б.). - кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы. Активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы - бул каражаттарды кайтаруу гарантиясын юридикалык тариздөөнүн эсебинен карыздын ордун жабуу булагы. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасына активдерди камсыздоонун төмөнкүдөй формалары кириши мүмкүн: - гарантия; - кепилдик. Милдеттенмелердин ордун жабуу деңгээли боюнча кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоолор төмөнкүдөй бөлүнөт: - негизги камсыздоо; - кошумча камсыздоо. Орду толук жабылуучу милдеттенмеге жараша кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоо төмөнкүдөй бөлүнөт: - кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча милдеттенменин ордун толугу менен жапкан камсыздоо; - кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча милдеттенменин бир бөлүгүнүн ордун жапкан камсыздоо. Банктын кредиттик тобокелдиктерин төмөндөтүүнүн өзүнчө формасы катары кредиттик тобокелдикти камсыздандыруу саналышы мүмкүн. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу үчүн банктын негизги иш-чаралары: - банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган камсыздоонун аныктыгына ынанууга тийиш. Мүлктүн бар экендигин, ошондой эле ага менчик укугу жөнүндө документтерди текшерүүгө тийиш. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) анык болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен камсыздоону кийинки күрөөгө коюуга жол берилет. Эскертүү: Бул пунктчага, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктар түрүндө камсыздоо алыскы жана барууга кыйын болгон жерлерде сезондук жайытта болгондугуна байланыштуу аларды барып кароо жана баалоо мүмкүн эмес болгон учурлар кирбейт. Мындай учурларда банк кардардын/өнөктөштүн мал-жандыгы бар экендигине, анын малканасынын, кой короосунун аянтын, тоют камын, жайытты ижарага алуу келишимдерин ж.б. текшерүү аркылуу ынанат. Буларга кошумча кардар айыл өкмөтүнөн мал-жандыгы бар экендиги жөнүндө маалымкатты, ошондой эле эгерде бар болсо малы бар экендигин тастыктаган башка документтерди сунуштоого тийиш; - банк камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, б.а. дароо сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш; - банк өз алдынча же баа берүүчүнү/баа берүүчү уюмду ишке тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын камсыздоо предметин сатууга сарпталышы мүмкүн болгон каражат өлчөмүн эске алуу менен каржылоо суммасынан жана ал боюнча тиешелүү төлөөлөрдөн жогору болушу кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин кайтарылбай калуу тобокелдигин жөнгө салуу инструменти болуп саналат; - банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган мүлктүн баасынын туруктуулугун аныктоо максатында рынокко талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл, мында банк ошол камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш; - банк камсыздоо катары мүлктү кеминде кардар/өнөктөш каржылоону пайдаланган мөөнөткө пайдаланууга/кызмат кылууга кабыл алууга тийиш, мында, камсыздоону сактоо зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл, ал кошумча чыгашаны талап кылышы ыктымал. Эгерде 100000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк кардардын/өнөктөштүн гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул каржылоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана каржылоо кайтарылбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш. Эгерде кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаз кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, банк тарабынан кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампада сактоо боюнча кызмат көрсөткөн баалуу кагаздын эмитентине (товар кампасы) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары банк тарабынан эске алынышы зарыл; - гарантия/кепилдик. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо, мындай каржылоону сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк кардардын/өнөктөштүн өзүнө жүргүзүлгөндөй эле көлөмдө гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул Жобонун талаптарына ылайык, кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн документтерди сурап алууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгү бланктык катары таанылышына алып келет; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономика субъекттерине, анын ичинде мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн. - кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдик берүүсү. Кошо жоопкерчиликтүү топ дегенден улам, пайда алууга багытталган ишкердик менен алектенген катышуучу-жеке адамдардын (кеминде 3 адам) ыктыярдуу түрдө биригүүсүн түшүнүүгө болот, мында, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн биргелешип кепилдик беришет жана алынган каражаттардын кандай болбосун жагдайларда толугу менен кайтарылышына биргелешип жоопкерчилик тартышат. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмесин кароодо, банк бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш. Мында, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын саны ошол кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин, ошондой эле бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын үлүшү кошо жоопкерчиликтүү топко берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин эске алуу зарыл. Ушул жобонун максаттарына ылайык, биргелешип бизнес жүргүзүү дегенден улам, бир нече ишкер (өнөктөштөр, кошо ээлик кылуучулар ж.б.) иш алып барган экономикалык ишкердикти түшүнүүгө болот. Мында, алардын иши товарды биргелешип өндүрүүдөн жана/же сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда алууга багытталган, мында бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара пропорционалдуу бөлүштүрүшөт жана бүтүндөй мүлктү же анын бөлүгүн жоготуу тобокелдигин биргелешип тартышат. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
45. Он бешинчи абзац - кардар/өнөктөш-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөө предметинен өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөн учурдан тартып 15 күн өткөнгө чейин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети. Айыптык төлөмдөр жана туумдар шариат стандарттарында каралган учурларда колдонулушу мүмкүн. Каржылоонун бүтүндөй мезгили үчүн чегерилген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген каржылоонун суммасынын 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш. Мында кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит уюму менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максатына багытталууга тийиш; |
45. Он бешинчи абзац - кардар/өнөктөш-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөө предметинен өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөн учурдан тартып 15 күн өткөнгө чейин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети. Айыптык төлөмдөр жана туумдар шариат стандарттарында каралган учурларда колдонулушу мүмкүн. Каржылоонун бүтүндөй мезгили үчүн чегерилген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген каржылоонун суммасынын 10 (он) пайызынан ашпоого тийиш. Мында кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит уюму менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максатына багытталууга тийиш; |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
57. Күрөө келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу менен); - келишим тараптары; - кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк күрөөгө коюлган шартта - андан улам мүлк укукту тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен күрөө коюучуга таандык болгон укук; - күрөө менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү; - күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү; - кардар/өнөктөш тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив кайтарылбаган шартта, күрөөнүн банктын менчигине өтүү шарттары жана тартиби; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тараптардын күрөөгө карата башка талаптары жана милдеттери. Күрөө токтотулган учурда күрөө кармоочу ал тууралуу билдирүү түзүүгө милдеттүү, эгерде күрөө предмети катталууга тийиш болсо, бул билдирүүнү күрөөнү мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү органда/органдарда каттоосу зарыл. |
57. Күрөө келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу жана көрсөтүү менен); - келишим тараптары; - кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк күрөөгө коюлган шартта - андан улам мүлк укукту тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен күрөө коюучуга таандык болгон укук; - күрөө менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү; - күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү; - кардар/өнөктөш тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив кайтарылбаган шартта, күрөөнүн банктын менчигине өтүү шарттары жана тартиби; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тараптардын күрөөгө карата башка талаптары жана милдеттери. Күрөө токтотулган учурда күрөө кармоочу ал тууралуу билдирүү түзүүгө милдеттүү, эгерде күрөө предмети катталууга тийиш болсо, бул билдирүүнү күрөөнү мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү органда/органдарда каттоосу зарыл. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
63. Эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды эске албаганда, алар боюнча камсыздоо болуп кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар же кепилдиктер жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер саналбаган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер бланктык катары эсептелип, анын аброюнун жана киреше деңгээлин баалоонун негизинде төлөөгө жөндөмдүү кардарга/өнөктөшкө гана (резидентке гана) берилет. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүү кеңири жайылтылган тажрыйба болбоого тийиш. Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүүдө банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүүгө чейинки узак убакыт ичинде (кеминде 12 ай колдонулган, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активдерди эске албаганда, кеминде эки жыл) кардардын сапаттуу финансылык отчетунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жана кардар менен иштөө боюнча кредиттик таржымалы болууга тийиш. Эскертүү: бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын ушул токтомунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген бардык активдер камтылууга тийиш. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерге 250000 сомго барабар же андан аз суммада берилген, аннуитеттик төлөө графиги каралган жана төлөө мөөнөтү 36 айдан ашпаган, алар боюнча үстөк баа/киреше Улуттук банктын расмий интернет-сайтына ай сайын жарыяланып турган керектөө максаттарына каржылоо боюнча орточо алынган пайыздык чендин маанисинен (бир мезгилдин акырына карата) ашпаган активдер кирбейт. Мында өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келген активдер боюнча сумма кардардын жылдык таза кирешесинен (кардардын чыгашасын эске алуу менен) ашпоого тийиш. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү таза суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш, мында бланктык активдер эсептен чыгарылат. |
63. Эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды эске албаганда, алар боюнча камсыздоо болуп кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар же кепилдиктер жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер саналбаган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер бланктык катары эсептелип, анын аброюнун жана киреше деңгээлин баалоонун негизинде төлөөгө жөндөмдүү кардарга/өнөктөшкө гана (резидентке гана) берилет. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүү кеңири жайылтылган тажрыйба болбоого тийиш. Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн – өздүк капиталынын 50%нан ашпаган өлчөмдө). Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүүдө банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүүгө чейинки узак убакыт ичинде (кеминде 12 ай колдонулган, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активдерди эске албаганда, кеминде эки жыл) кардардын сапаттуу финансылык отчетунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жана кардар менен иштөө боюнча кредиттик таржымалы болууга тийиш. Эскертүү: бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын ушул токтомунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген бардык активдер камтылууга тийиш. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерге 250000 сомго барабар же андан аз суммада берилген, аннуитеттик төлөө графиги каралган жана төлөө мөөнөтү 36 айдан ашпаган, алар боюнча үстөк баа/киреше Улуттук банктын расмий интернет-сайтына ай сайын жарыяланып турган керектөө максаттарына каржылоо боюнча орточо алынган пайыздык чендин маанисинен (бир мезгилдин акырына карата) ашпаган активдер кирбейт. Мында өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келген активдер боюнча сумма кардардын жылдык таза кирешесинен (кардардын чыгашасын эске алуу менен) ашпоого тийиш. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдердин эсебине кирбеген активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү таза суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн – өздүк капиталдын 20%нан ашпоого тийиш). |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
68-1. Банк мезгил-мезгили менен колдонулуп жаткан активдерге мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Активге мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы (анын ичинде жеринде барып) активдин суммасына жана түрүнө, ошондой эле классификациялоо категориясына жараша банк тарабынан өз алдынча аныкталат. Мында банк, жеринде барып мониторингди төмөнкү учурларда ишке ашырып турууга тийиш: - алардын суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан активдер жана банк тарабынан ири тобокелдикти камтыган актив катары белгиленген активдер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу; - 250000 сомго чейинки активдерди кошпогондо, калган активдер үчүн кеминде жылына бир жолу. 250000 сомго чейинки активдер боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүлөт, мында актив боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдоо болжолдонот. Ошондой эле банк кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосунун пайдаланылышын жана абалын контролдоонун тиешелүү деңгээлин белгилөөсү зарыл, атап айтканда, банк сунушталган камсыздоонун сапаты начарлабагандыгын, жагдайлар анын наркынын төмөндөшүнө, гаранттын/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлашына алып келбегендигин жана банк кардар/өнөктөш милдеттенмесин аткарбаган учурда, камсыздоону сатууга жана кардардан/өнөктөштөн карызды өндүрүүгө жөндөмдүүлүгүн аныктоого тийиш. Активди төлөөнүн күтүлүп жаткан мезгил ичинде ага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетто (орто жана узак мөөнөткө берилген активдер боюнча - келерки 12 ай ичинде) кардардын/өнөктөштүн күтүлүп жаткан кирешелериндеги (түшкөн акчадагы) өзгөрүүлөр (чет өлкө валютасындагы активдер үчүн), кардардын/өнөктөштүн ишиндеги өзгөрүүлөр, активдин ошол учурдагы статусу, каржылоо келишиминин шарттарынын сакталышы, ал эми күрөөгө мониторинг жүргүзүүдө - анын абалы, сакталышын камсыздоо шарттары, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн активдин ордун өз учурунда жаба алышын аныктоо максатында башка жагдайлар жана факторлор чагылдырылууга тийиш. |
68-1. Банк мезгил-мезгили менен колдонулуп жаткан активдерге мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Активге мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы (анын ичинде жеринде барып) активдин суммасына жана түрүнө, ошондой эле классификациялоо категориясына жараша банк тарабынан өз алдынча аныкталат. Мында банк, жеринде барып мониторингди төмөнкү учурларда ишке ашырып турууга тийиш: - суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын бир пайызынан ашкан) активдер жана банк тарабынан ири тобокелдикти камтыган актив катары белгиленген активдер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу; - 250000 сомго чейинки активдерди кошпогондо, калган активдер үчүн кеминде жылына бир жолу. 250000 сомго чейинки активдер боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүлөт, мында актив боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдоо болжолдонот. Ошондой эле банк кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосунун пайдаланылышын жана абалын контролдоонун тиешелүү деңгээлин белгилөөсү зарыл, атап айтканда, банк сунушталган камсыздоонун сапаты начарлабагандыгын, жагдайлар анын наркынын төмөндөшүнө, гаранттын/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлашына алып келбегендигин жана банк кардар/өнөктөш милдеттенмесин аткарбаган учурда, камсыздоону сатууга жана кардардан/өнөктөштөн карызды өндүрүүгө жөндөмдүүлүгүн аныктоого тийиш. Активди төлөөнүн күтүлүп жаткан мезгил ичинде ага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетто (орто жана узак мөөнөткө берилген активдер боюнча - келерки 12 ай ичинде) кардардын/өнөктөштүн күтүлүп жаткан кирешелериндеги (түшкөн акчадагы) өзгөрүүлөр (чет өлкө валютасындагы активдер үчүн), кардардын/өнөктөштүн ишиндеги өзгөрүүлөр, активдин ошол учурдагы статусу, каржылоо келишиминин шарттарынын сакталышы, ал эми күрөөгө мониторинг жүргүзүүдө - анын абалы, сакталышын камсыздоо шарттары, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн активдин ордун өз учурунда жаба алышын аныктоо максатында башка жагдайлар жана факторлор чагылдырылууга тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
81. Ушул иш-чаралар менен биргеликте кардардын өзү менен туруктуу негизде төмөнкү иштерди жүргүзүү зарыл: - кардарга келишим шарттарын бузгандыгы, активди төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө билдирүү; - сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - банкка кардарды чакыруу; - эгерде бул каржылоо келишиминде каралган болсо, зарылчылыкка жараша, ишенимсиз кардар/өнөктөш жөнүндө маалыматты мезгилдүү басма сөзгө жарыялоо ж.б. |
81. Ушул иш-чаралар менен биргеликте кардардын өзү менен туруктуу негизде төмөнкү иштерди жүргүзүү зарыл: - бузуу фактысын (кечиктирилген күндөрдүн саны ж.б.) көрсөтүү менен кардарга келишимдин шарттары сакталбагандыгы жөнүндө, ошондой эле келишим шарттары бузулгандыгына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө кат жүзүндө/электрондук билдирүү жөнөтүү. Мында, ар бир кат жүзүндөгү/электрондук билдирүү карыз алуучунун кредиттик таржымалында болууга тийиш; - сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - кардарды банкка чакыруу. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
85. Банктын, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив менен иш алып барууга жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Каржылоо комитетинин жана проблемалуу активдер боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (болгон болсо) кароосуна чейрек сайын төмөнкүлөрдү сунуштап турууга тийиш: 1) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив боюнча жыйынтык отчетту; 2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан ар бир өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган "проблемалуу" актив боюнча аткарылган иш тууралуу ырааттуу отчетту, андан ары тиешелүү аракеттерди көрүү сунушу менен. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш: - жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), аткарылган иш жыйынтыгы; - жакынкы ай ичинде кредитти кайтарып алууга андан аркы иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар. Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш. Отчеттордун көчүрмөлөрү банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине жөнөтүлөт. |
85. Банктын, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив менен иш алып барууга жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Каржылоо комитетинин жана проблемалуу активдер боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (болгон болсо) кароосуна чейрек сайын төмөнкүлөрдү сунуштап турууга тийиш: 1) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив боюнча жыйынтык отчетту; 2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% ашкан) кредиттик тобокелдикти камтыган ар бир проблемалуу актив боюнча аткарылган иштер жана андан аркы иш-аракеттер жөнүндө сунуштар камтылган толук отчет. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган ар бир проблемалуу актив боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш: - жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), аткарылган иш жыйынтыгы; - жакынкы ай ичинде кредитти кайтарып алууга андан аркы иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар. Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% жетпеген) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш. Отчеттордун көчүрмөлөрү банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине жөнөтүлөт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 1-тиркеме |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3. Кардар/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө. |
3. Кардар/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөө. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоо мамлекеттик программаларды ишке ашыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
28. Төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш болгон Күрөөнү иликтөө актысы: - күрөөнү иликтөө күнү; - күрөөнүн түрү; - күрөөгө баа берүү күнү; - баа берүү ыкмасы; - күрөөнүн жайгашкан орду; - күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; - күрөөнүн рыноктук (адилет) жана жоюу наркы (зарылчылыкка жараша, белгиленген коэффициенттерди эске алуу менен); - күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги. |
28. Төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш болгон күрөөнү иликтөө актысы: - күрөөнү иликтөө күнү; - күрөөнүн түрү; - күрөөгө баа берүү күнү; - баа берүү ыкмасы; - күрөөнүн жайгашкан орду; - күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; - күрөөнүн рыноктук (адилет) жана жоюу наркы (күрөөлүк коэффициентти эске алуу жана көрсөтүү менен); - күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 2-тиркеме |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде жана зарыл учурда тараптардын макулдашуусу боюнча расмий тилде түзүлүүгө тийиш. Бул макулдук кардардын/өнөктөштүн таржымалына көктөлөт/сакталат. Мындан тышкары, гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө камтылган шарттар сакталган учурда, кошумча чет тилинде да тариздетилиши мүмкүн. |
3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде жана зарылдыгына жараша, расмий тилде жана/же чет тилде таризделүүгө тийиш, ага мамлекеттик тилдеги түп нускасын тиркөө зарыл. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
4. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө Жобо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 токтому менен бекитилген |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
18-2.-пункту жок |
18-2. Активди тескөө боюнча талаптар: - кардардын алгылыктуу таржымалын жүргүзүү; - келишимдердин аткарылышын контролдоо; - каржылоонун максаттуу пайдаланылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү; - күрөөгө мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү; - мөөнөтүндө төлөнбөгөн каржылоонун мөөнөтүн узартуу же болбосо кайра карап чыгуу шарттары; - классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам (РППУ) түзүү; - реструктуризацияланган активдерди кайра классификациялоо тартиби. Эскертүү: кардар/өнөктөш каржылоону максатка ылайыксыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталган учурда, эгерде каржылоо келишиминде башкасы каралбаса, кредиттик союз кардардан/өнөктөштөн каржылоо боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу. Мында кредиттик союздун ички документтеринде кардардын/өнөктөштүн жоопкерчилигине тиешелүү чаралар боюнча эрежелер так белгиленген ченемдер каралуусу зарыл. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
18-3.-пункту жок |
18-3. Каржылоо боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана орду жабылбаган карызды аныктоо, талдоо жана кайтаруу боюнча иш тартиби. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
26. Бардык документтерди толук иликтөөдөн өткөргөндөн кийин, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат. |
26. Бардык документтерди толук иликтөөдөн өткөргөндөн кийин (кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында) кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
27-1. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
27-1. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча тейленген овердрафттарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
30. Кийин аны кайтарууда мүмкүн болуучу проблемаларга жол бербөө максатында, каржылоо келишимин түзүүдө актив берилип жаткан жана төлөнө турган бардык шарттарды тактоо зарыл. Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбаган учурда же талапка ылайык аткарылбаган учурда анын кесепеттери менен кол койдуруу, түшүндүрүлүүгө тийиш. |
30. Каржылоо келишимине кол коюуда, кийинчерээк аны кайтарууда мүмкүн болуучу проблемаларга жол бербөө максатында, актив берилип жаткан жана төлөнө турган бардык шарттарды тактоо зарыл. Кардарга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбагандыгынын же талапка ылайык аткарылбагандыгынын кесепети кол койдуруу аркылуу түшүндүрүлүүгө тийиш. Кредиттик союз экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында каржылоо берүүдө, кардар-жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге акча каражаттарын нак алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, активди алуу жана төлөө укугун берет. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
32. Каржылоонун ордун жабуу графиги каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, төлөө мөөнөтү кардардын финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт жана ага эки тарап тең кол коёт. |
32. Каржылоонун ордун жабуу графиги каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, төлөө мөөнөтү кардардын финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт жана ага эки тарап тең кол коёт. Төлөө графигинде каржылоону төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук көрсөтүлүп, ага эки тарап тең кол коюусу зарыл. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
32-1.-пункту жок |
«32-1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча пайыздык чен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашып кетсе, кредиттик союз аталган Мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш: - кардардын кредиттик союздун алдындагы милдеттенмелери аткарылбаган шартта, кардардын күрөөлүк мүлкүн алып коюуну соттук тартипте гана ишке ашыруу; - кардардын кредиттик союздун алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо, каржылоонун колдонуудагы мөөнөтү ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туум) өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш.»; |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
33. Каржылоо келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: - тараптардын аталышы; - келишим предмети; - каржылоо келишимин колдонуу мөөнөтү; - каржылоону сунуштоо боюнча негизги шарттар, анын ичинде суммасы, ордун жабуу тартиби жана мөөнөттөрү, камсыздоо түрү, каржылоо боюнча үстөк баа/киреше көрсөтүлөт; - кардардын укуктары жана милдеттери, анын ичинде каржылоо келишими боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган шартта; - кредиттик союздун укуктары жана милдеттери; - кредиттик бюролорго кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары; Абзацтар жок - кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү алуусуз активдин ордун каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда активди толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө укугу; - форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта кредиттик союз менен кардар ортосунда өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайларда төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн, бирок булар менен гана чектелбейт, алсак: жаратылыш кырсыктары (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же болбосо техногендик кырсыктар), жапырт тараган илдет (эпидемия), өзгөчө кырдаалды киргизүү, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук, согуш аракеттери ж.б. |
33. Келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: - тараптардын аталышы; - келишим предмети; - келишимдин колдонуу мөөнөтү; - каржылоону сунуштоо боюнча негизги шарттар, анын ичинде максаттуу багыты, суммасы, төлөө тартиби жана мөөнөтү, камсыздоо түрү, каржылоо боюнча үстөк баа/киреше (эгерде болсо) көрсөтүлөт; - кардардын укуктары жана милдеттери, анын ичинде каржылоо келишими боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган шартта; - кредиттик союздун укуктары жана милдеттери; - кредиттик бюролорго кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары; - мурабаха, истисна, иджара келишимдери боюнча кардардын келишимге кол койгон учурдан тартып товар/мүлк үчүн төлөө жүргүзүү учуруна чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан баш тартуу укугу; - мудараба келишими боюнча өнөктөштүн жана кемүүчү мушарака келишими боюнча келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алган учурга чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан баш тартуу укугу. Көрсөтүлгөн учурда кредиттик союздар билдирмени кароо үчүн кардардан белгиленген тариф боюнча комиссия алууга укуктуу; - кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү алуусуз активдин ордун каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда активди толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө укугу; - форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта кредиттик союз менен кардар ортосунда өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайларда төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн, бирок булар менен гана чектелбейт, алсак: жаратылыш кырсыктары (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же болбосо техногендик кырсыктар), жапырт тараган илдет (эпидемия), өзгөчө кырдаалды киргизүү, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук, согуш аракеттери ж.б. - кардардын кредиттик союздан карыздын айкын өлчөмү тууралуу маалыматты жана келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - жаңы төлөө графигин алуу укугу; - кардардын каржылоо мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кредиттик союзга кайрылуу укугу. Кардар кредиттик союзга каржылоонун мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылган учурда, кредиттик союз аны кароого жана өтүнүч ээсине бул кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү; - күрөөдөн чектөөнү алып салууга же күрөөнү алмаштырууга кредиттик союздун жана күрөө коюучунун/күрөө коюучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет; Мында, кредиттин камсыздоосу катары бирден ашык күрөөлүк мүлк сунушталган болсо жана күрөө коюучу катары үчүнчү жак (кардар эмес) саналса, кредиттик союз күрөө коюучуга (үчүнчү жакка) күрөөнү алмаштырууга же бошотуп алууга артыкчылыктуу укук (карыз алуучуга карата) берүүгө тийиш. - кредиттик союздун карыз алуучунун талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол каржылоо боюнча тартипти сактагандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүү үчүн, 3 (үч) жумуш күнү ичинде сунуштоо, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, каржылоо боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматтар) сунуштоо милдети; - эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
34. Кредиттик союз кардарды чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги менен тааныштырууга тийиш, ал ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлүп, каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага эки тараптын кол тамгасы коюлат. Зарылчылыкка жараша кредиттик союз кардарга каржылоо боюнча төлөмдөрдү, туумдарды, айыптарды ж.б. эсептөө тартиби боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш. Кредиттик союз каржылоо келишиминин шарттарына бекитилген тарифтерден башка кошумча жыйымдарды, каржылоо келишимин түзүүдө жана анын талаптарын аткарууда кармалып калуучу/төлөнүүчү комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кардар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөө негизинде башка кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. |
34. Кредиттик союз кардарды чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги менен тааныштырууга тийиш, ал ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлүп, каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага эки тараптын кол тамгасы коюлат. Зарылчылыкка жараша кредиттик союз кардарга каржылоо боюнча төлөмдөрдү, туумдарды, айыптарды ж.б. эсептөө тартиби боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш. Кредиттик союз каржылоо келишиминин шарттарына бекитилген тарифтерден башка кошумча жыйымдарды, каржылоо келишимин түзүүдө жана анын талаптарын аткарууда кармалып калуучу/төлөнүүчү комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кардар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөө негизинде башка кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. Активдин негизги суммасы боюнча үстөк бааны төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе жана/же активдин негизги суммасын төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе, мөөнөтү өткөрүлгөн карыздын суммасына жана айкын мөөнөтүнө жараша үстөк айып (айып пул, туум) чегерилүүгө тийиш. Актив боюнча милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон, жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы, эң оболу, карыздын негизги суммасынын, андан соң кардардын милдеттенменин аткарылышы боюнча чыгымдары, калган бөлүгү – үстөк баа/киреше жана үстөк айыптын ордун жабат. Кредиттик союз комиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: - кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга; - активди берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга; - мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл. Кредиттик союз тарабынан бир эле операция үчүн комиссиялык төлөм алынышына жол берилбейт. Катышуучу каржылоо келишимдери жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, кредиттик союз кардардан үстөк айып (айып пул/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет. Эскертүү: Кредиттик союз тарабынан келишимди аткаруу максатында, жеке кызыкчылыгын көздөө менен гана көрүлгөн, ошондой эле кардар үчүн өзүнчө мүлктөн пайда же пайдалуу натыйжа алып келбеген иш-аракеттер кредиттик союздун кардардын алдындагы милдеттенмеси болуп саналбайт. Демек, кредиттик союз тарабынан өз алдынча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү кредиттик союздун аларды жүргүзүүсүз келишимди түзө же аткара албаган стандарттуу иш-аракеттеринен бөлүп көрсөтүү зарыл. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
41. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Күрөө келишимине сертификаттар, күбөлүк жана башка техникалык документтер тиркелиши мүмкүн. Күрөө келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздетилүүгө тийиш. Түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбошу зарыл. |
41. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Күрөө келишимине сертификаттар, күбөлүк жана башка техникалык документтер тиркелиши мүмкүн. Күрөө жөнүндө келишимдин жазуу жүзүндө таризделүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталууга тийиш. Күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын саны ыйгарым укуктуу органда нотариалдык жактан күбөлөндүрүү жана каттоодон өтүү үчүн тараптардын санына шайкеш келүүгө тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
46. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышына туруктуу контролдук жүргүзүп туруу жана анын күндөлүк наркынын өзгөрүүгө учуроо ыктымалдыгын аныктоо максатында кредиттик союз, мезгил-мезгили менен күрөөнүн абалына анын сакталып турган жана жайгашкан жери боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Мониторинг жүргүзүп туруу мезгили кредиттик союз тарабынан тиешелүү саясатка ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына жана кредиттик тобокелдикти камтыган берилген актив боюнча мөөнөткө жараша ишке ашырылат. Мындан тышкары, төмөнкү учурларга да өзгөчө көңүл буруу зарыл: - камсыздоонун рыноктук наркынын өзгөрүшү; - акыркы текшерүүдөн бери күрөө ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизген кандайдыр-бир факторлордун болушу; - күрөөнүн сакталышын талаптагыдай камсыз кылуу. |
46. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышына туруктуу контролдук жүргүзүп туруу жана анын күндөлүк наркынын өзгөрүүгө учуроо ыктымалдыгын аныктоо максатында кредиттик союз, мезгил-мезгили менен күрөөнүн абалына анын сакталып турган жана жайгашкан жери боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Мониторинг жүргүзүп туруу мезгили кредиттик союз тарабынан тиешелүү саясатка ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына жана кредиттик тобокелдикти камтыган берилген актив боюнча мөөнөткө жараша ишке ашырылат. Мындан тышкары, төмөнкү учурларга да өзгөчө көңүл буруу зарыл: - камсыздоонун рыноктук наркынын өзгөрүшү; - акыркы текшерүүдөн бери күрөө ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизген кандайдыр-бир факторлордун болушу; - күрөөнүн сакталышын талаптагыдай камсыз кылуу. Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан берилген активдин мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгерде каржылоонун мөөнөтү бир жылдан жогору болсо, күрөөгө коюлган мүлккө мониторинг жылына бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш. Кредиттик союздун актив боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары: - Кредиттик союз кардар тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар экендигин тактоосу зарыл. Мүлккө менчик укугу тууралуу документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоону башка каржылоого да күрөөгө коюга жол берилет. Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүү кыйын болгон жерлерге сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу, бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүүгө мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда кредиттик союз катышуучунун мал баккан жайынын, короосунун аянтын, камдалган тоютун, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу анын малы бар экенине ынанат. Катышуучу кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл; - Кредиттик союз камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда, ыкчам сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш; - Кредиттик союз өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын каржылоо боюнча негизги карыз жана үстөк баа/киреше суммасынан ашуусу каржылоонун кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат; - Кредиттик союз кардар тарабынан сунушталган мүлккө баанын туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдоо жүргүзүп туруусу зарыл. Ошол эле учурда кредиттик союз бул камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш; - Кредиттик союз камсыздоо катары, эң аз дегенде, кардардын каржылоону төлөө мөөнөтүнө пайдалануу/кызмат кылуу мөөнөтү менен мүлктү кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүндүгү эске алынуусу зарыл, бул кошумча чыгашаларга алып келет. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
53. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив "проблемалуу" деп таанылган шартта, активдерди кайтарып алууга багытталган төмөнкүдөй бир катар иш-чараларды камтыган, кредиттик союздун иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл: …......... 2) Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл: - кардарга каржылоо боюнча келишим шарттарын бузууга жол бергендиги, кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ага байланыштуу көйгөйлөр келип чыгышы ыктымалдуулугу тууралуу билдирүү; - сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; Өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган "көйгөйлүү" активдер менен иштөөдө, жолугушууларды жана маектешүүлөрдү өткөрүүдө, кредиттик союздун кызматкерлери ишкер жана кесипкөй жүрүм-турум эрежелерин так сактоолору тийиш. 3) Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкү чаралар ишке ашырылышы зарыл: - күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү; - гарант жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка чаралар; Каржылоо боюнча кызматтарды сунуштоодо кредиттик союз каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимге ылайык, кардарга жана күрөө коюучуга (эгерде ал болгон болсо) күрөөлүк мүлктү сатып алууга артыкчылыктуу укук берүүгө тийиш, ага ылайык кардар жана/же күрөө коюучу ачык тоорук башталганга чейин кайсыл болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып алышы мүмкүн. |
53. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив проблемалуу деп таанылган шартта, активдерди кайтарып алууга багытталган төмөнкүдөй бир катар иш-чараларды камтыган, кредиттик союздун иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл: .............. 2) Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл: - сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - кардарды кредиттик союзга чакыруу; - бузуу катары кароо себептерин (мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн саны ж.б.) көрсөтүү менен кардарга келишимдин шарттары сакталбагандыгы жөнүндө, ошондой эле келишим шарттарын бузууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө жазуу жүзүндө/электрондук түрдө билдирүү жөнөтүү. Мында кардардын кредиттик таржымалында кардар менен өткөрүлгөн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жана ага жазуу жүзүндө/электрондук билдирүүлөр жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат белгиленүүгө тийиш. Өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иштөөдө, жолугушууларды жана маектешүүлөрдү өткөрүүдө, кредиттик союздун кызматкерлери ишкер жана кесипкөй жүрүм-турум эрежелерин так сактоого тийиш. 3) Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкү чаралар ишке ашырылышы зарыл: - күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү; - гарант жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка чаралар; Каржылоо боюнча кызматтарды сунуштоодо кредиттик союз каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимге ылайык, кардарга жана күрөө коюучуга (эгерде ал болгон болсо) күрөөлүк мүлктү сатып алууга артыкчылыктуу укук берүүгө тийиш, ага ылайык кардар жана/же күрөө коюучу ачык тоорук башталганга чейин кайсыл болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып алышы мүмкүн. Күрөө предметинен өндүрүп алуу учурунда күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк кардардын/күрөө коюучунун жалгыз турак жайы болуп саналса, бул мүлктүн эсебинен өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
53-1.-пункту жок |
53-1. Кредиттик союз кардардын-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин проблемалуу активи боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күн өткөндөн кийин, айып пул, туум чегерүүнү токтотууга тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
56. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди объективдүү себептерден улам кайтаруу мүмкүн эмес болсо (анын ичинде кардардын каза болушу шартында), мындай активдерди эсептен алып салуу чечими кредиттик союздун Директорлор кеңеши тарабынан, ал эми калган активдер боюнча - Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө маалымдоо менен кредиттик союздун Башкармасы тарабынан кабыл алынат. |
56. Активди кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, активдерди эсептен алып салуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 1-тиркеме |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
6. Кардардын жолдошунун/жубайынын каржылоону алууга макулдугу (бир кардарга 50000 сомдон жогору каржылоо сунушталса жана колдонууда милдеттенмелер болуп, каржылоо сунушталып жатса). |
6. Кардардын жолдошунун/жубайынын каржылоону алууга макулдугу (бир кардарга 100 000 (жүз миң) сомдон жогору каржылоо сунушталса жана колдонууда милдеттенмелер болуп, каржылоо сунушталып жатса). |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
7-2.-пункту жок |
7-2. Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат (эгерде кардар - юридикалык жак болсо). |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
13. Активдин максаттуу пайдалангандыгын текшерүү жөнүндө отчет. |
13. Активдин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет каржылоонун максатына жараша жана алар болгон шартта, документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.) менен ырасталууга тийиш. 50 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоо, ошондой эле акча каражаттарын кредиттик союздун эсептешүү эсебинен салык төлөөчү катары катталган сатуучу/дүкөндүн эсептешүү эсебине которуу аркылуу керектөө максатына берилген каржылоо болгон шартта, каржылоонун максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчёт түзүлбөшү мүмкүн. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
14-1.-пункту жок |
14-1. Башка маалымат жана ушул Жобонун талаптарына ылайык жана кредиттик союздун кароосу боюнча маалыматтар. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
20. Күрөө келишиминин катталгандыгын тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же кредиттик союз аны каттоодон өткөртүүнү талап кылса). |
20. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөө жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
25. Кепилдик берүүчүнүн кирешеси тууралуу маалымат. |
25. Акыркы 12 айдагы эмгек акысы жөнүндө маалымкат же кирешелери жөнүндөгү маалыматтарды тастыктоочу башка документтер (эгерде кепилдик берүүчү - жеке адам болсо). |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 2-тиркеме |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кредиттик союздун кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын ТИЗМЕГИ
|
Кредиттик союздун кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын ТИЗМЕГИ
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
5. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө Жобо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 токтому менен бекитилген |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
21........ 8) мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча үстөк акынын (айып, туум) пайыздык өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден жогору эмес болуу зарыл, мында, кредит колдонулуп жаткан бүтүндөй мезгил ичинде ага чегерилген айып, туум өлчөмү берилген кредиттин суммасынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. Үстөк акыны чегерүү карыз алуучу каза болгон күндөн тартып алты айга токтотулат; |
21........ 8) мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча үстөк акынын (айып, туум) пайыздык өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден жогору эмес болуу зарыл, мында, кредит колдонулуп жаткан бүтүндөй мезгил ичинде ага чегерилген айып, туум өлчөмү берилген кредиттин суммасынын он пайызынан ашпоого тийиш. Үстөк акыны чегерүү карыз алуучу каза болгон күндөн тартып алты айга токтотулат; |