Кайта келүү

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА)  

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).  

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздарды тааныштырсын.  

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгын, Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын «___» ____________  

№____________________________ 

токтомуна тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы №2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы №2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун: 

1) 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«1. Ушул «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү (мындан ары банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр) чөйрөсүндө инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү тартиби, буга чейин Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм системаларында сунушталбаган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, атайын жөнгө салуу режимине катышуучулардын катышуу тартиби жана аларга карата талаптар аныкталат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул Жободо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары - Комитет) чечимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, атайын жөнгө салуу режимдеринин иши боюнча укуктук мамилелерге карата колдонулат. 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагындагы операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр чектелген масштабда реалдуу рынок шарттарында тестирлөөгө даяр жана минималдуу коммерциялык ишке жөндөмдүү продукт стадиясында болууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларга тиешелүү банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жайылтылып жаткан инновациялык кызмат көрсөтүүлөр/технологиялар төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:  

- банктык операцияларда жана/же банктык кызмат көрсөтүүлөрдө колдонуу үчүн сунушталган инновациялык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жаңы болуп саналат;  

- банктык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен чектелген болсо;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштыруу боюнча чектөөлөр, анын ичинде сунушталуучу операциялардын түрү жана тизмеси боюнча чектөөлөр жок; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбайт жана операцияларды жүргүзүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында катышуучулар тарабынан банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө колдонулуучу, негизги бизнес-ишти толуктап, алмаштырбай турган инновациялык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр апробацияланат.  

Тестирлөө үчүн сунушталган операциялардын жана (же) кызматтардын жогоруда көрсөтүлгөн бардык критерийлерге ылайык келиши атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн милдеттүү болуп саналат.  

Атайын жөнгө салуу режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана банктык операциялардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул сыяктуу түрлөрүн сунуштаган катышуучуларга карата коюлуучу талаптарды аткарбай коюу каражаты катары каралган эмес жана пайдаланылышы мүмкүн эмес.». 

2) 2-пунктта: 

- алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«- керектөөчүлөр үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кардарларга ылайыкташтыруу, жана аларды ишке киргизүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу.»; 

- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын. 

3) 3-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«3. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө инновациялык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү үчүн бул режимди ишке ашыруу процессин контролдойт жана ушул Жобонун ченемдерине ылайык чечим кабыл алат.». 

4) 4-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын. 

5) төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын: 

«4-1. Тобокелдиктерди тескөө ыкмалары катышуучунун ишинин масштабына жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү же технологияларды ишке киргизүүгө байланыштуу тобокелдиктерге ылайык келүүгө тийиш.». 

6) 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«5. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары сакталышына Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгерде болсо) жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

Мында атайын жөнгө салуу режимине кирүү үчүн Билдирме ээси/Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак саналат, ал төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) билдирме берилген күнгө карата милдеттүү экономикалык ченемдерди, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуулардын, ошондой эле тестирлөөгө сунушталган банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү инновациялык операцияларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү бузуулардын жоктугу; 

2) билдирме ээси жоюу же банкроттук процессинде же атайын режимде болбоого тийиш;  

3) билдирме ээсине (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата соттун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салуунун жоктугу;  

4) Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) уюштуруучуларынын курамында оффшордук чөлкөмдө катталган аффилирленген жактардын же болбосо оффшордук чөлкөмдө жашаган же тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук чөлкөмдө катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдардын жоктугу;  

5) Билдирме ээси/билдирме ээлери (Кошо билдирме берүүчүнүн/Кошо билдирме берүүчүлөрдүн) төлөөгө жөндөмдүү жана финансылык абалы канааттандырарлык болууга тийиш же Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү/Кошо билдирме берүүчүлөр) билдирме берген күнгө карата акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү үчүн жетиштүү финансылык жана башка ресурстарга ээ болууга милдеттүү

6) кесиптик, техникалык компетенттүүлүктүн, тажрыйбанын жана иш аброюнун, финансылык ресурстардын, жабдуулардын жана атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн зарыл болгон башка материалдык мүмкүнчүлүктөрдүн болушу.». 

7) 6-пункттун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«Атайын жөнгө салуу режимин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда белгиленген чектөөлөрдү көбөйтүүгө жол берилбейт.» 

8) 7-пункт:  

- төмөнкү редакциядагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Мында, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучуларынын бир эле мезгилде катышуу мөөнөтү тестирлөөчүнүн ушул сыяктуу операцияны жана/же кызматты колдонуудагы атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.». 

- төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«Атайын жөнгө салуу режимине бир эле учурда катышууга билдирмелерди кабыл алуу колдонуудагы атайын жөнгө салуу режиминин аракети башталган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат.». 

9) 8-пункттун экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген» деген сөздөрдөн кийин «электрондук түрдөгү аналогу болууга тийиш» деген сөздөр алып салынсын. 

10) 15-пункту төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөөнү ийгиликтүү же ийгиликсиз деп таануу жөнүндө.». 

11) 17-пункт төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) Улуттук банктын тиешелүү комитетинин отурумуна сунушталган банк операциясынын жана/же тестирлөө үчүн кызмат көрсөтүүнүн презентациясы менен чакырылышы жана зарыл болгон учурда тиешелүү түшүндүрмөлөрдү бериши мүмкүн.». 

12) 20-пункт төмөнкү редакциядагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- талаш маселелерди чечүү жана аны керектөөчүлөргө жеткирүү механизмдерин иштеп чыгуу;». 

13) төмөнкү редакциядагы 20-1 пункт менен толукталсын: 

«20-1. Атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүүдө катышуучулар «өз кардарыңды бил» саясатын ишке ашыруу боюнча талаптарды жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, кардарлардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун сактоо жана коргоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү талаптарды сактоого тийиш.». 

14) 28-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«28. Ушул Жобонун 27-пунктунда каралган учурда, Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна мыйзам бузуулар Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө четтетилгенге чейин лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө тиешелүү билдирүү жөнөтөт.». 

15) 29-пунктта: 

- экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«- атайын жөнгө салуу режимин колдонууга билдирмеде маалыматтардын анык эместиги тууралуу фактылар жана/же анда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүгө жөндөмсүздүгү аныкталган учурда;»; 

- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан аталган режимдин шарттарында каралган кызмат көрсөтүүлөрдү жана/же технологияларды сунуштоо шарттары системалуу түрдө сакталбагандыгы (тестирлөө учурунда эки же андан көп жолу), ошондой эле керектөөчүлөр үчүн жана/же жалпы финансылык туруктуулукка терс таасири аныкталса;»;  

- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«- эгерде банктык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө башталбаса, анын ичинде техникалык шарттарга байланыштуу башталбаса, лицензия алган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин;»; 

- төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«- тестирлөөнү ийгиликсиз деп таануу». 

16) 31-пунктта: 

- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«- кызмат көрсөтүү мезгили (башталышы/аякташы) жөнүндө маалымат;». 

- онунчу абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«- банк операцияларын андан ары ченемдик жөнгө салуу, анын ичинде тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча сунуштар.»; 

17) Жобонун «Инновациялык кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымат» деген 3-тиркемесинин «Банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат» деген тилкесинин бешинчи сабы төмөнкү редакцияда баяндалсын

«Локалдык рынокто, ошондой эле локалдык рыноктон тышкары окшош банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо практикасын толук баяндоо жана/же мындай практиканын жоктугун көрсөтүү, атаандаштар, продукттардын/кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук талдоо. Төмөнкү ченемдерди эсептөө зарыл: 

- продукттун рентабелдүүлүгү (ROI); 

- маржиналдуулук; 

- активдерге (эсептерге) кирешелүүлүк (ROA); 

- сатуу/кызмат көлөмү

- рыноктун үлүшү;  

- кардарлардын канааттануу деңгээлин баалоо (CSAT); 

- кардардан анын продукт менен өз ара аракеттенүүсүнүн бүткүл мезгили ичинде алынган болжолдонгон чогуу алгандагы пайда; 

- кардарлар базасынын өсүш арымы; 

- ишке киргизүү тездиги (Time-to-Market); 

- операциялык натыйжалуулук; 

- ишенимдүүлүк жана жеткиликтүүлүк (System Uptime);». 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары - Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары - токтом долбоору) атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Улуттук банктын атайын жөнгө салуу режимин түзүү боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында, 2020-жылдан азыркы учурга чейин атайын жөнгө салуу режимин түзүү боюнча 27 билдирме каралып, анын ичинен беш билдирме жактырылган («М Булак» микрокредиттик компаниясы» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, «Региональные платежные системы» ЖЧК, «Бакай Банк» ААК, «Грин телеком сервис» ЖЧК жана «Система Квикпей» ЖЧК) жана банк операцияларынын чектелген тизмесин ишке ашыруу жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кызмат көрсөтүү укугуна Улуттук банктан лицензиялар берилген. 

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2021-жылдын 30-мартындагы № 13/2 токтомуна ылайык, жогоруда аталган «БАКАЙ БАНК» ААКтын лицензиясынын аракети токтотулган. 

Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомуна ылайык, «М Булак» МКК ЖЧКнын «БПБ» ЖАК жана «Региональные платежные системы» ЖЧК менен биргеликте ишке ашырылган атайын жөнгө салуу режимдери ийгиликтүү деп таанылды. Азыркы учурда «Система Квикпэй» ЖЧК атайын жөнгө салуу режими алкагында тестирлөөнү өткөрүп жатат. 

Токтом долбоорунун алкагында «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону (мындан ары Жобо) атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана режимге катышуу критерийлери менен толуктоо сунушталат. 

Ошондой эле, атайын жөнгө салуу режими Улуттук банк тарабынан инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сыноодон өткөрүү максатында түзүлүп жаткандыгын эске алуу менен, катышуучунун тестирлөөдөн өтүп жаткан банктык операциясы анын ишин алмаштырбастан, толуктоого тийиш экендигин аныктоо сунушталат. 

Кошумча критерийлерде атайын жөнгө салуу режимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана банктык операциялардын ушул сыяктуу түрлөрүн ишке ашырган катышуучуларга карата коюлуучу талаптарды аткарбай коюу каражаты катары каралбагандыгын жана пайдаланылышы мүмкүн эместигин көрсөтүү сунушталат. 

Токтомдун долбоору менен атайын жөнгө салуу режиминин катышуучуларына карата Улуттук банкка билдирме берүү учурунда банктык мыйзамдарды бузбоо жагында талаптарды жана атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн төлөөгө жөндөмдүүлүк жана жетиштүү финансылык ресурстарга ээ болуу боюнча талаптарды күчөтүү сунушталган. 

Атайын жөнгө салуу режимине катышууга билдирмени жалпы түшүнүү максатында, Жобону сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө үчүн сунуштоо үчүн өтүнүч ээсинин (кошо билдирүүчүнүн) Улуттук банктын Комитеттеринин отурумдарына катышуу мүмкүнчүлүгү менен толуктоо жана зарыл болгон учурда мүмкүн болгон маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү сунушталат. 

Мындан тышкары, токтом долбоору менен атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда техникалык тапшырмадагы лимиттерди көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн алып салуу сунушталат. 

Атайын жөнгө салуу режиминин натыйжалары Улуттук банк тарабынан ченемдик укуктук актынын долбооруна карата жөнгө салуучу таасирин талдоону даярдоо үчүн колдонулат. 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы №2020-П-12/45-3-(НПА)  

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөррдү киргизүү долбооруна салыштырма таблица 

№ 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобо 

1. 

1. Ушул «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү тартиби, буга чейин Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларында сунушталбаган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, атайын жөнгө салуу режимине катышуучулардын катышуу тартиби жана аларга карата талаптар аныкталат. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул Жободо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары - Комитет) чечимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, атайын жөнгө салуу режимдеринин иши боюнча укуктук мамилелерге колдонулат.  

Атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык операцияларга тиешелүү операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин аныктоо критерийлери:  

- операцияларды жүргүзүүдө жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо колдонулган технологиялар рынок үчүн жаңы болуп саналат;  

- (абзац Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 13-декабрындагы №2023-П-12/77-1 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө зарылчылыгы буга чейинки ушул сыяктуу продуктуларга салыштырмалуу жакшыртылган болуп саналат жана операцияларды жүргүзүүнүн натыйжалуулугун кыйла жогорулатат;  

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр банктык рынокто субъекттер тарабынан буга чейин колдонулган эмес же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен чектелген;  

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбайт жана операцияларды жүргүзүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес.  

Тестирлөө үчүн сунушталган операциянын жана (же) кызмат көрсөтүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келиши атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн милдеттүү болуп саналат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА), 2023-жылдын 13-декабрындагы № 2023-П-12/77-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

1. Ушул «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү (мындан ары банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр) чөйрөсүндө инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү тартиби, буга чейин Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм системаларында сунушталбаган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, атайын жөнгө салуу режимине катышуучулардын катышуу тартиби жана аларга карата талаптар аныкталат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул Жободо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары - Комитет) чечимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, атайын жөнгө салуу режимдеринин иши боюнча укуктук мамилелерге карата колдонулат. 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагындагы операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр чектелген масштабда реалдуу рынок шарттарында тестирлөөгө даяр жана минималдуу коммерциялык ишке жөндөмдүү продукт стадиясында болууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларга тиешелүү банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жайылтылып жаткан инновациялык кызмат көрсөтүүлөр/технологиялар төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:  

- банктык операцияларда жана/же банктык кызмат көрсөтүүлөрдө колдонуу үчүн сунушталган инновациялык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жаңы болуп саналат;  

- банктык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен чектелген болсо;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштыруу боюнча чектөөлөр, анын ичинде сунушталуучу операциялардын түрү жана тизмеси боюнча чектөөлөр жок; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбайт жана операцияларды жүргүзүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында катышуучулар тарабынан банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө колдонулуучу, негизги бизнес-ишти толуктап, алмаштырбай турган инновациялык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр апробацияланат.  

Тестирлөө үчүн сунушталган операциялардын жана (же) кызматтардын жогоруда көрсөтүлгөн бардык критерийлерге ылайык келиши атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн милдеттүү болуп саналат.  

Атайын жөнгө салуу режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана банктык операциялардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул сыяктуу түрлөрүн сунуштаган катышуучуларга карата коюлуучу талаптарды аткарбай коюу каражаты катары каралган эмес жана пайдаланылышы мүмкүн эмес. 

2. 

2. Инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режиминин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:  

- рыноктун катышуучулары үчүн укуктук жактан белгисиз жагдайды жана укуктук тобокелдиктерди азайтуу;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пилоттук пайдалануу үчүн алгылыктуу жана жеткиликтүү эрежелерди аныктоо;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү рынокко тандоону жана киргизүүнү тездетүү;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнүн натыйжасында келип чыккан жаңы коомдук мамилелер үчүн укуктук жана башка жөнгө салуу талаптарын иштеп чыгуу;  

- керектөөчүлөр үчүн банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана аларды ишке киргизүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу;  

- атаандаштыкты өнүктүрүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 13-декабрындагы №2023-П-12/77-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режиминин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:  

- рыноктун катышуучулары үчүн укуктук белгисиздикти жана укуктук тобокелдиктерди азайтуу;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пилоттук пайдалануу үчүн алгылыктуу жана жеткиликтүү эрежелерди аныктоо;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тандоону жана рынокко киргизүүнү тездетүү;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнүн натыйжасында келип чыккан жаңы коомдук мамилелер үчүн укуктук жана башка жөнгө салуучу талаптарды иштеп чыгуу;  

- кардарлар үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, кардарларга багытталгандыгын жогорулатуу жана аларды ишке киргизүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу; 

«- керектөөчүлөр үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кардарларга ылайыкташтыруу, жана аларды ишке киргизүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу. 

3. 

3. Улуттук банк инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат, режимди ишке ашыруу процессин контролдойт.  

Атайын жөнгө салуу режими түзүлгөндүгү тууралуу маалымат Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында чектелген тизмедеги инновациялык банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензиянын негизинде, Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.  

3. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө инновациялык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү үчүн бул режимди ишке ашыруу процессин контролдойт жана ушул Жобонун ченемдерине ылайык чечим кабыл алат. 

Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режимдин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензиянын негизинде атайын жөнгө салуу режимди түзүү жөнүндө маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат. 

4. 

4. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү ыктыярдуулук, ачык-айкындуулук, отчеттуулуктун теңдиги жана атайын жөнгө салуу режиминин бардык катышуучуларына карата чектөөлөрдү киргизүү принциптеринин негизинде, ошондой эле банк иши жана натыйжалуу көзөмөл боюнча эл аралык стандарттардын сунуштарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мында атайын жөнгө салуу режимин ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн Борбордук банк катары Улуттук банктын ишинин негизги максаттарынын, операцияларынын жана принциптеринин өзгөрүшүнө таасирин тийгизбөөгө тийиш. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында айрым юридикалык жактарга атайын жөнгө салуу режимине катышуунун кыйла пайдалуу шарттарын камсыз кылган жеңилдиктерди берүүгө жол берилбейт.  

Тобокелдиктерди тескөө ыкмалары катышуучунун иш масштабына жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү же технологияларды киргизүүгө байланыштуу тобокелдиктерге шайкеш келүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү ыктыярдуулук, ачыктык, отчеттуулуктун теңдиги жана атайын жөнгө салуу режимдин бардык катышуучуларына карата чектөөлөрдү киргизүү принциптеринин негизинде, ошондой эле банк иши жана натыйжалуу көзөмөл боюнча эл аралык стандарттардын сунуш-көрсөтмөлөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мында, атайын жөнгө салуу режимин жүзөгө ашыруу Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн негизги максаттарын, операцияларын жана иш принциптерин өзгөртүүгө таасирин тийгизбөөгө тийиш.  

5. 

4-1. Тобокелдиктерди тескөө ыкмалары катышуучунун ишинин масштабына жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү же технологияларды ишке киргизүүгө байланыштуу тобокелдиктерге ылайык келүүгө тийиш. 

66. 

5. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары сакталышына Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгерде болсо) жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

Мында атайын жөнгө салуу режимине кирүү үчүн Билдирме ээси/Кошо билдирүүчү (эгер болсо) катары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак саналат, ал төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- Билдирме берүүчүгө (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата билдирме бергенге чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде колдонулган, аткарылбаган таасир этүү чараларынын жоктугу;  

- Билдирме ээси жоюу же банкроттук процессинде же атайын режимде болбоого тийиш;  

- Билдирме ээсине (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата соттун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салуунун жоктугу;  

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) уюштуруучуларынын курамында оффшордук чөлкөмдө катталган аффилирленген жактардын же болбосо оффшордук чөлкөмдө жашаган же тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук чөлкөмдө катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдардын жоктугу;  

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) финансылык абалы канааттандырарлык болушу зарыл (же Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана жүргүзүү үчүн жетиштүү финансылык жана башка ресурстарга ээ болууга милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары сакталышына Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгерде болсо) жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

Мында атайын жөнгө салуу режимине кирүү үчүн Билдирме ээси/Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак саналат, ал төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) билдирме берилген күнгө карата милдеттүү экономикалык ченемдерди, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуулардын, ошондой эле тестирлөөгө сунушталган банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү инновациялык операцияларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү бузуулардын жоктугу; 

2) билдирме ээси жоюу же банкроттук процессинде же атайын режимде болбоого тийиш;  

3) билдирме ээсине (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата соттун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салуунун жоктугу;  

4) Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) уюштуруучуларынын курамында оффшордук чөлкөмдө катталган аффилирленген жактардын же болбосо оффшордук чөлкөмдө жашаган же тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук чөлкөмдө катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдардын жоктугу;  

5) Билдирме ээси/билдирме ээлери (Кошо билдирме берүүчүнүн/Кошо билдирме берүүчүлөрдүн) төлөөгө жөндөмдүү жана финансылык абалы канааттандырарлык болууга тийиш же Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү/Кошо билдирме берүүчүлөр) билдирме берген күнгө карата акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү үчүн жетиштүү финансылык жана башка ресурстарга ээ болууга милдеттүү

6) кесиптик, техникалык компетенттүүлүктүн, тажрыйбанын жана иш аброюнун, финансылык ресурстардын, жабдуулардын жана атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн зарыл болгон башка материалдык мүмкүнчүлүктөрдүн болушу.». 

7. 

6. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо - Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине жана Улуттук банктын талаптарына ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операцияларды жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо;  

Атайын жөнгө салуу режими - Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды Улуттук банктын талаптарына ылайык, (аймагы, убактысы, операциялардын саны жана көлөмү жана колдонуучулар ж.б. боюнча) чектелген жана контролдонгон чөйрөдө сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берген эрежелер топтому;  

Тестирлөө - атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына жана талаптарына ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдү апробациялоо максатын көздөгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо/изилдөө, аларга мониторинг жана талдап-иликтөө жүргүзүү процесси;  

Билдирме ээси - Улуттук банкка инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды жайылтуу жана алардын андан ары тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме менен кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;  

Кошо билдирме берүүчү - билдирме ээси менен кошо Улуттук банкка атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды тестирлөө жөнүндө билдирме менен кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;  

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу - атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына ылайык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды тесттен өткөргөн Арыз ээси жана Кошо арыз берүүчү (эгер болсо).  

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензия - катышуучунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында иш (айрым банктык операцияларды) жүргүзүүгө укугун тастыктоочу документ (ушул Жобонун 5-тиркемеси).  

Техникалык тапшырма - атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензияга тиркеме, лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анда уруксат берилген операциялар көрсөтүлгөн (ушул Жобонун 6-тиркемеси).  

Тестирлөө учурунда техникалык тапшырманын мазмуну өзгөрүлгүс болууга тийиш.  

Атайын жөнгө салуу режимин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда техникалык тапшырманын мазмуну зарыл учурларда Арыз ээсинин (Кошо арыз ээсинин) тиешелүү арызынын негизинде Улуттук банктын Комитетинин чечими боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.  

Инновациялар жагындагы аныктамалар жана терминдер Кыргыз Республикасынын инновациялык иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныктамаларга жана терминдерге ылайык келет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тесттен өтүүчү операциянын, кызмат көрсөтүүнүн/технологиянын түрүнө жараша, негизги аныктамалар жана терминдер операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалыматта камтылышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы N 2022-П-12/78-10-(НПА), 2023-жылдын 13-декабрындагы №2023-П-12/77-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо - Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине жана Улуттук банктын талаптарына ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операцияларды жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо;  

Атайын жөнгө салуу режими - Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды Улуттук банктын талаптарына ылайык, (аймагы, убактысы,операциялардын саны жана көлөмү жана колдонуучулар ж.б. боюнча) чектелген жана контролдонгон чөйрөдө сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берген эрежелер топтому;  

Тестирлөө - атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына жана талаптарына ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдү апробациялоо максатын көздөгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо/изилдөө, аларга мониторинг жана талдап-иликтөө жүргүзүү процесси;  

Билдирме ээси - Улуттук банкка инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды жайылтуу жана алардын андан ары тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме менен кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;  

Кошо билдирме берүүчү - билдирме ээси менен кошо Улуттук банкка атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды тестирлөө жөнүндө билдирме менен кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;  

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу - атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына ылайык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды тесттен өткөргөн Арыз ээси жана Кошо арыз берүүчү (эгер болсо).  

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензия - катышуучунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында иш (айрым банктык операцияларды) жүргүзүүгө укугун тастыктоочу документ (ушул Жобонун 5-тиркемеси).  

Техникалык тапшырма - атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензияга тиркеме, лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анда уруксат берилген операциялар көрсөтүлгөн (ушул Жобонун 6-тиркемеси).  

Тестирлөө учурунда техникалык тапшырманын мазмуну өзгөрүлгүс болууга тийиш.  

Атайын жөнгө салуу режимин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда белгиленген чектөөлөрдү көбөйтүүгө жол берилбейт. 

Инновациялар жагындагы аныктамалар жана терминдер Кыргыз Республикасынын инновациялык иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныктамаларга жана терминдерге ылайык келет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тесттен өтүүчү операциянын, кызмат көрсөтүүнүн/технологиянын түрүнө жараша, негизги аныктамалар жана терминдер операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалыматта камтылышы мүмкүн.  

8. 

7. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме (мындан ары - билдирме) Арыз ээси жана Кошо арыз ээси тарабынан Улуттук банкка берилет.  

Атайын жөнгө салуу режиминде операцияларды жүргүзүүдө жана кызматтарды көрсөтүүдө ушул сыяктуу операцияларды жана кызматтарды же колдонулуп жаткан технологияларды тесттен өткөрүү үчүн катышуучулардын Жобонун 14-1-пунктун эске алуу менен бир эле учурда катышуусуна жол берилет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 13-декабрындагы №2023-П-12/77-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме (мындан ары - билдирме) Арыз ээси жана Кошо арыз ээси тарабынан Улуттук банкка берилет.  

Атайын жөнгө салуу режиминде операцияларды жүргүзүүдө жана кызматтарды көрсөтүүдө ушул сыяктуу операцияларды жана кызматтарды же колдонулуп жаткан технологияларды тесттен өткөрүү үчүн катышуучулардын Жобонун 14-1-пунктун эске алуу менен бир эле учурда катышуусуна жол берилет.  

Мында, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучуларынын бир эле мезгилде катышуу мөөнөтү тестирлөөчүнүн ушул сыяктуу операцияны жана/же кызматты колдонуудагы атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. 

Атайын жөнгө салуу режимине бир эле учурда катышууга билдирмелерди кабыл алуу колдонуудагы атайын жөнгө салуу режиминин аракети башталган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат. 

9. 

8. Билдирменин курамына төмөнкүлөр кирет:  

- ушул Жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча даярдалган, Арыз ээсинин бланкында таризделген арыз ушул Жобого ылайык атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө өтүнүч менен бирге берилет, анда арызга тиркелген документтердин тизмеги камтылууга, ошондой эле жетекчинин колу коюлууга жана Арыз ээси менен Кошо арыз ээсинин (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген электрондук түрдө аналогу болууга тийиш;  

- ушул Жобого карата 2-тиркеменин формасы боюнча Арыз ээси жана Кошо Арыз ээси (эгер болсо) жөнүндө маалымат жана Кошо арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу;  

- ушул Жобого карата 3-тиркеменин формасы боюнча аны тестирлөө Арыз ээси тарабынан сунушталган операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымат;  

- жарыяланган уставдык капиталдын суммасын көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктама алуу үчүн реквизиттери менен Арыз ээсинин/Кошо арыз ээсинин (эгер болсо) уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же электрондук формалары;  

- Арыз ээсинин акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик/финансылык отчету;  

- лицензия үчүн төлөмдү тастыктаган документ. Лицензия үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат;  

- лицензия алууга ишеним каттын түп нускасы;  

- эгерде Арыз ээси жана Кошо арыз ээси Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу юридикалык жак болуп эсептелбесе, Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында план чегинде/пландан тышкары жерлерде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Арыз ээсинин жана Кошо арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу (1-1-тиркеме);  

- сунушталган операцияны жана кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүдөн күтүлүүчү натыйжаларды болжолдуу экономикалык эсептөөлөр.  

Уюштуруу документтерин жана бухгалтердик/финансылык отчет берүү талабы Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган Арыз ээси жана Кошо арыз ээси (эгер болсо) катары иш алып барган жактарга таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА), 2023-жылдын 13-декабрындагы №2023-П-12/77-1-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык)  

8. Билдирменин курамына төмөнкүлөр кирет:  

- ушул Жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча даярдалган, Арыз ээсинин бланкында таризделген арыз ушул Жобого ылайык атайын жонго салуу режимин тузуу жонундо отунуч менен бирге берилет, анда арызга тиркелген документтердин тизмеги камтылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жетекчинин колу коюлууга жана Арыз ээси менен Кошо арыз ээсинин (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш;  

- ушул Жобого карата 2-тиркеменин формасы боюнча Арыз ээси жана Кошо Арыз ээси (эгер болсо) жөнүндө маалымат жана Кошо арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу;  

- ушул Жобого карата 3-тиркеменин формасы боюнча аны тестирлөө Арыз ээси тарабынан сунушталган операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымат;  

- жарыяланган уставдык капиталдын суммасын көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктама алуу үчүн реквизиттери менен Арыз ээсинин/Кошо арыз ээсинин (эгер болсо) уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же электрондук формалары;  

- Арыз ээсинин акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик/финансылык отчету;  

- лицензия үчүн төлөмдү тастыктаган документ. Лицензия үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат;  

- лицензия алууга ишеним каттын түп нускасы;  

- эгерде Арыз ээси жана Кошо арыз ээси Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу юридикалык жак болуп эсептелбесе, Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында план чегинде/пландан тышкары жерлерде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Арыз ээсинин жана Кошо арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу (1-1-тиркеме);  

- сунушталган операцияны жана кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүдөн күтүлүүчү натыйжаларды болжолдуу экономикалык эсептөөлөр.  

Уюштуруу документтерин жана бухгалтердик/финансылык отчет берүү талабы Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган Арыз ээси жана Кошо арыз ээси (эгер болсо) катары иш алып барган жактарга таркатылбайт. 

11. 

15. Тиешелүү комитет же комитеттер Билдирменин курамына киргизилген, каралган документтердин негизинде төмөнкү чечимдерди кабыл алат/алышат:  

- атайын жөнгө салуу режимин түзүү же түзүүдөн баш тартуу жөнүндө;  

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банк операцияларынын чектелген тизмесин жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө;  

- атайын жөнгө салуу режиминин чектөөлөрүн аныктоо жөнүндө;  

- болжолдуу тестирлөөнү өткөрүүнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн негизинде ийгиликке баа берүү критерийлерин бекитүү жөнүндө;  

- тестирлөө учурунда кызмат көрсөтүү шарттары жана/же катышуучулардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын айрым талаптарын аткаруудан толук/жарым-жартылай бошотулушу тууралуу;  

- атайын жөнгө салуу режиминин аракетин токтотуу шарттарын белгилөө тууралуу;  

- түзүмдүк бөлүмгө атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти жүктөө жөнүндө;  

- атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө;  

- тестирлөө үчүн сунушталган операциянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна экономикалык ченемдер боюнча кошумча талаптарды белгилөө жөнүндө;  

- ийгиликтүү тестирлөөдө лицензиянын мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин узартуу жөнүндө.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Тиешелүү комитет же комитеттер өтүнмөнүн курамына киргизилген каралган документтердин негизинде төмөнкү чечимдерди кабыл алат/кабыл алат:  

- атайын жөнгө салуу режимди түзүү же түзүүдөн баш тартуу жөнүндө;  

- атайын жөнгө салуу режимдин алкагында банк операцияларынын чектелген тизмесин жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө;  

- атайын жөнгө салуу режимдин чектөөлөрүн аныктоо жөнүндө;  

- болжолдонгон тестирлөөнү өткөрүүнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн негизинде ийгиликтүүлүктү баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө;  

- тестирлөө учурунда кызмат көрсөтүү жана/же катышуучуларды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын айрым талаптарын аткаруудан толук/жарым-жартылай бошотуу шарттары жөнүндө;  

- атайын жөнгө салуу режимдин аракетин токтотуунун шарттарын белгилөө жөнүндө;  

- атайын жөнгө салуу режимди жүргүзгөндүгү үчүн түзүмдүк бөлүмгө жоопкерчилик берүү жөнүндө;  

- атайын жөнгө салуу режимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө;  

- тестирлөө үчүн сунушталган операциянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна экономикалык ченемдер боюнча кошумча талаптарды белгилөө жөнүндө;  

- ийгиликтүү тестирлөөдө лицензиянын мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин узартуу жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөөнү ийгиликтүү же ийгиликсиз деп таануу жөнүндө

12. 

17. Комитеттин чечиминде атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо/колдонуу өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка жоболор да камтылышы мүмкүн.  

17. Комитеттин чечими, ошондой эле атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо/колдонуу өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка жоболорду да камтышы мүмкүн.  

Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) Улуттук банктын тиешелүү комитетинин отурумуна сунушталган банк операциясынын жана/же тестирлөө үчүн кызмат көрсөтүүнүн презентациясы менен чакырылышы жана зарыл болгон учурда тиешелүү түшүндүрмөлөрдү бериши мүмкүн. 

13. 

20. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Комитет атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна карата төмөнкү милдеттенмелерди белгилеши мүмкүн:  

- тесттен өткөрүлүүчү банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу кошумча отчеттор;  

- Улуттук банктын өкүлдөрүнө мезгил-мезгили менен жер-жерлерде текшерүү иштерин, максаттуу текшерүү иштерин жүргүзүүгө жол берүү, ошондой эле Улуттук банктын көзөмөлүнө алынбаган катышуучуну кошо алганда, тесттен өткөрүлүп жаткан банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоого байланыштуу маалымат алуу үчүн атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун маалымат системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү;  

- керектөөчүлөргө банктык операция жана кызмат көрсөтүү тесттик режимде сунушталып жаткандыгы жана Улуттук банк лицензияны колдонууну токтоткон жана катышуучуга маалымдаган учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде тест режими токтотулушу мүмкүндүгү жөнүндө билдирүү;  

- банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча бардык финансылык милдеттенмелердин ордун милдеттүү түрдө жабуу;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка милдеттенмелер.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 13-декабрындагы №2023-П-12/77-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Атайын жөнгө салуу режимдин алкагында Комитет тарабынан атайын жөнгө салуу режимдин катышуучусунун төмөнкүдөй милдеттенмелери белгилениши мүмкүн:  

- тестирлөөдөн өтүп жаткан банк операциясын жана кызмат көрсөтүүлөрүн көрсөтүүгө байланыштуу кошумча отчеттуулук;  

- мезгил-мезгили менен жеринде барып текшерүүлөрдүн, максаттуу текшерүүлөрдүн алкагында, тестирлөөдөн өтүп жаткан банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган жак болуп саналбаган катышуучу үчүн маалыматтарды алуу үчүн атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун маалыматтык системаларына Улуттук банктын өкүлдөрүнө уруксат берүү;  

- Улуттук банк тарабынан лицензиянын колдонулушу токтотулган учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде банктык операция жана кызмат көрсөтүү тесттик режимде сунушталып жаткандыгы жана тесттик режимди токтотуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө керектөөчүлөргө билдирүү жана катышуучуга билдирүү;  

- банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча бардык финансылык милдеттенмелердин ордун шартсыз толтуруу;  

- талаш маселелерди чечүү жана аны керектөөчүлөргө жеткирүү механизмдерин иштеп чыгуу; 

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка милдеттенмелер. 

20-1. Атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүүдө катышуучулар «өз кардарыңды бил» саясатын ишке ашыруу боюнча талаптарды жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, кардарлардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун сактоо жана коргоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү талаптарды сактоого тийиш. 

14. 

28. Ушул Жобонун 27-пунктунда каралган жагдай орун алган учурда, Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусуна лицензиянын аракети кемчиликтер четтетилгенге чейин убактылуу токтотулгандыгы тууралуу тиешелүү билдирүү жөнөтөт.  

28. Ушул Жобонун 27-пунктунда каралган учурда, Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна мыйзам бузуулар Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө четтетилгенге чейин лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө тиешелүү билдирүү жөнөтөт. 

16. 

29. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун дарегине тестирлөө токтотулгандыгы тууралуу чечимди жөнөтөт жана токтотуунун себебин көрсөтүү менен төмөнкү учурларда лицензияны кайтарып алат:  

- жөнгө салуунун өзгөчө режимин колдонууга билдирмеде анык эмес маалыматтар берилгендиги аныкталса;  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан аталган режимдин шарттарында каралган кызмат көрсөтүү жана/же технологияларды сунуштоо шарттары системалуу түрдө (тестирлөө учурунда эки жана андан көп жолу) сакталбагандыгы аныкталса;  

- лицензияда көрсөтүлгөн тестирлөөнүн мөөнөтү бүтсө;  

- ушул Жобонун 21 жана 24-пункттарына ылайык мөөнөтү аяктаса;  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунан тестирлөөнү аяктоо мөөнөтүн жана себебин көрсөтүү менен, токтотуу жана атайын жөнгө салуу режиминен чыгуу тууралуу талап түшсө.  

29. Улуттук банк тестирлөөнү токтотуу жөнүндө чечимди атайын жөнгө салуу режимдин катышуучусунун дарегине жөнөтөт жана токтотуу себептерин көрсөтүү менен лицензияны кайтарып алат, эгерде:  

- атайын жөнгө салуу режимин колдонууга билдирмеде маалыматтардын анык эместиги тууралуу фактылар жана/же анда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүгө жөндөмсүздүгү аныкталган учурда;  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан аталган режимдин шарттарында каралган кызмат көрсөтүүлөрдү жана/же технологияларды сунуштоо шарттары системалуу түрдө сакталбагандыгы (тестирлөө учурунда эки же андан көп жолу), ошондой эле керектөөчүлөр үчүн жана/же жалпы финансылык туруктуулукка терс таасири аныкталса; 

- эгерде банктык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө башталбаса, анын ичинде техникалык шарттарга байланыштуу башталбаса, лицензия алган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин; 

- лицензияда көрсөтүлгөн тестирлөөнүн мөөнөтү бүткөндө;  

- ушул Жобонун 21 жана 24-пункттарына ылайык мөөнөттөр бүткөндө;  

- атайын жөнгө салуу режимдин катышуучусунан тестирлөөнү токтотуу жана тестирлөөнү аяктоонун себептерин жана мөөнөтүн көрсөтүү менен атайын жөнгө салуу режимден чыгуу жөнүндө суроо-талап алынганда; 

- тестирлөөнү ийгиликсиз деп таануу. 

17. 

31. Лицензиянын мөөнөтү аяктаганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө же техникалык тапшырмада белгиленген тестирлөөнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү менен критерийлерге жеткен учурда, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) Улуттук банкка жөнөтөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:  

- техникалык тапшырманын шарттарында көрсөтүлгөн жана дал келбестиктин (бар болсо) себептерине ылайык тестирлөөнүн жүрүшүндө жетишилген сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат;  

- тестирлөөнүн жүрүшүндө атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусу туш болгон көйгөйлөрдү жана көрүлгөн чараларды баяндоо;  

- керектөөчүлөр тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн талап кылынышын баалоо;  

- кызмат көрсөтүүнү андан ары сунуштоого тоскоол болушу мүмкүн болгон ченемдик укуктук актылардын жоболорун көрсөтүү;  

- керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүгө байланыштуу даттануу фактылары жөнүндө маалыматтар;  

- тестирлөөнүн жүрүшүндө орун алган тобокелдиктер жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтар;  

- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык толтурулган форма;  

- банк операцияларын андан ары ченемдик жөнгө салуу боюнча сунуштар.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Лицензиянын мөөнөтү аяктаганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө же техникалык тапшырмада белгиленген тестирлөөнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү менен критерийлерге жеткен учурда, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) Улуттук банкка жөнөтөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:  

- кызмат көрсөтүү мезгили (башталышы/аякташы) жөнүндө маалымат; 

- техникалык тапшырманын шарттарында көрсөтүлгөн жана дал келбестиктин (бар болсо) себептерине ылайык тестирлөөнүн жүрүшүндө жетишилген сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат; 

- тестирлөөнүн жүрүшүндө атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусу туш болгон көйгөйлөрдү жана көрүлгөн чараларды баяндоо;  

- керектөөчүлөр тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн талап кылынышын баалоо;  

- кызмат көрсөтүүнү андан ары сунуштоого тоскоол болушу мүмкүн болгон ченемдик укуктук актылардын жоболорун көрсөтүү;  

- керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүгө байланыштуу даттануу фактылары жөнүндө маалыматтар;  

- тестирлөөнүн жүрүшүндө орун алган тобокелдиктер жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтар;  

- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык толтурулган форма;  

- банк операцияларын андан ары ченемдик жөнгө салуу, анын ичинде тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча сунуштар. 

23. 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

3-тиркеме  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

ИННОВАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ/ТЕХНОЛОГИЯ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

Сунушталган инновациялык кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө кеңири маалымат (графикалык/схемалык форма тиркелет).   

Банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат   

Инновациялык кызмат көрсөтүүнүн/инновациялык технологияларды ишке ашыруунун бизнес-процессин чагылдыруу   

Бизнес-процессти чагылдыруу, ошондой эле бизнес-процесстин графикалык формасы тиркелет.   

Рынок үчүн кызмат көрсөтүү/технологиянын жаңылыгын чагылдыруу. Кандай социалдык жана экономикалык оң натыйжа күтүлөт?   

Сунушталып жаткан операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн рынокто сунушталып жаткан башка банктык операциялардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, же болбосо аларды сунуштоонун жаңы технологиясынан айырмасы. Сандык көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен, кызмат көрсөтүүнүн оң натыйжасын белгилөө   

Локалдык рыноктон (эгер болсо) тышкары бирдей инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоо тууралуу маалымат же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү   

Локалдык рыноктон тышкары бирдей банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу маалымат же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү   

Атайын жөнгө салуу режимин түзбөстөн, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого тоскоолдук кылган Улуттук банктын ченемдик актыларынын жоболору.   

Ченемдик документтерге шилтемелер менен тиешелүү ченемдик укуктук актылардан үзүндүлөр   

Атайын жөнгө салуу режимин түзбөстөн, инновациялык кызмат көрсөтүүнү/технологияны сунуштоого тоскоолдук кылган башка жагдайлар   

Болгон учурда көрсөтүлөт   

Инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого/ишке ашырууга байланышкан тобокелдиктер тууралуу маалымат   

Тобокелдик тууралуу маалымат: - тобокелдик деңгээли (төмөн, орто, жогору, кооптуу); - тобокелдикти минималдаштыруу ыкмалары. Ар бир тобокелдик жогоруда көрсөтүлгөн түзүм боюнча өзүнчө чагылдырылышы зарыл, мында маалымат коопсуздугу боюнча тобокелдик аларды минималдаштыруу же жөнгө салуу боюнча сунушталган чаралары менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

Тесттин алкагында белгилениши мүмкүн болгон чектөөлөрдүн тизмеги же толтурула турган боштуктар.   

Потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн тестирлөөнүн алкагында белгиленүүчү чектөөлөр тууралуу маалымат   

Инновациялык кызмат көрсөтүү/технология үчүн техникалык даярдык тууралуу маалымат   

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды эске алуу менен техникалык даярдык жана колдонулган технология тууралуу маалымат   

Тесттин узактыгы   

12 айдан ашык эмес   

Тесттин ийгиликтүүлүгү боюнча критерийлердин тизмеги   

Тесттин ийгилиги баалануучу критерийлер жөнүндө маалымат   

Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн ортосунда функцияларды бөлүштүрүү боюнча сунуштар тууралуу маалымат (эгер болсо)   

Кошо билдирме берүүчүнүн функциялары боюнча кыскача маалымат (эгер болсо)   

Тестирлөөнү токтотуунун тартиби   

Кардарларды тейлөө же келишимдерди бузуу, каражаттарды кайтарып берүү тартиби жана тестирлөө аяктагандан кийинки башка аракеттер   

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

3-тиркеме  

ИННОВАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ/ТЕХНОЛОГИЯ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

Сунушталган инновациялык кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө кеңири маалымат (графикалык/схемалык форма тиркелет).   

Банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат   

Инновациялык кызмат көрсөтүүнүн/инновациялык технологияларды ишке ашыруунун бизнес-процессин чагылдыруу   

Бизнес-процессти чагылдыруу, ошондой эле бизнес-процесстин графикалык формасы тиркелет.   

Рынок үчүн кызмат көрсөтүү/технологиянын жаңылыгын чагылдыруу. Кандай социалдык жана экономикалык оң натыйжа күтүлөт?   

Сунушталып жаткан операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн рынокто сунушталып жаткан башка банктык операциялардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, же болбосо аларды сунуштоонун жаңы технологиясынан айырмасы. Сандык көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен, кызмат көрсөтүүнүн оң натыйжасын белгилөө   

Локалдык рыноктон (эгер болсо) тышкары бирдей инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоо тууралуу маалымат же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү   

Локалдык рынокто, ошондой эле локалдык рыноктон тышкары окшош банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо практикасын толук баяндоо жана/же мындай практиканын жоктугун көрсөтүү, атаандаштар, продукттардын/кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук талдоо. Төмөнкү ченемдерди эсептөө зарыл: 

- продукттун рентабелдүүлүгү (ROI); 

- маржиналдуулук; 

- активдерге (эсептерге) кирешелүүлүк (ROA); 

- сатуу/кызмат көлөмү

- рыноктун үлүшү;  

- кардарлардын канааттануу деңгээлин баалоо (CSAT); 

- кардардан анын продукт менен өз ара аракеттенүүсүнүн бүткүл мезгили ичинде алынган болжолдонгон чогуу алгандагы пайда; 

- кардарлар базасынын өсүш арымы; 

- ишке киргизүү тездиги (Time-to-Market); 

- операциялык натыйжалуулук; 

- ишенимдүүлүк жана жеткиликтүүлүк (System Uptime). 