Кайта келүү

Долбоор 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

"Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1-берене. Криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуунун предмети, максаттары жана милдеттери 

 

1. Ушул Мыйзам криптовалюталарды жүгүртүүнүн негизги жоболорун аныктайт. 

2. Жөнгө салуунун максаты болуп, тобокелдиктерди төмөндөтүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, инновациялык санарип продукттарын жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү эсептелет. 

3. Жөнгө салуунун негизги милдеттери: 

- укуктук белгисиздикти жана рыноктун катышуучулары үчүн тобокелдиктерди төмөндөтүү

- криптовалюталарды жүгүртүүгө карата тобокелдикти аныктоого багытталган жөнгө салуучу талаптарды киргизүү

- инновациялык технологияларды, продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү

 

2-берене. Терминдер жана түшүнүктөр 

 

Криптовалюта - бул электрондук (санарип) формада түзүлүүчү, сакталуучу, жүгүртүлүүчү жана акча, валюта жана/же төлөм каражаты болуп саналбаган, ошондой эле мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрбөгөн наркты санарип түрүндө туюндурган виртуалдык актив түрү

Криптовалюта ачкычы криптовалюталарды жүгүртүү системасында пайда болгон белгилердин жыйындысы, ал криптовалюта ээсине криптокапчыктын жардамы менен криптовалюталарды тескөөгө мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. 

Криптокапчык - бул колдонуучуга (ээсине) өзүнө таандык криптовалюталары жөнүндө маалыматты жана аларды криптовалюталарды жүгүртүү системасында криптовалюта ачкычын колдонуунун жардамы менен тескөө мүмкүнчүлүгүн берген программалык камсыздоо же программалык-аппараттык каражат. 

Криптовалюталарды жүгүртүү системасы - электрондук (санарип) маалыматтарды алмашуунун программалык же программалык-аппараттык комплекси, анда криптовалюталарды жүгүртүү камсыз кылынат. 

Криптовалюталар менен операциялар - криптовалюталарды улуттук валютага сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу). 

Криптовалюталарды алмаштыруу оператору ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын кызыкчылыгында криптовалюталар менен операцияларды ишкердик иш катары жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ юридикалык жак.  

 

2-глава. Криптовалюталарды жүгүртүүнүн укуктук режими 

 

3-берене. Криптовалюталардын укуктук статусу 

 

1. Криптовалюталарды жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жана башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат. 

2. Криптовалюта Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм каражаты болуп саналбайт. 

3. Криптовалюталар мүлктүк жана/же мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде жарандык укуктун башка объектилерине талап кылуу укугун күбөлөндүрбөйт. 

 

4-берене. Криптовалюталарды жүгүртүү 

 

1. Криптовалюталарды жүгүртүүнүн башталышы катары криптовалюталар жүгүртүү системасында түзүлгөн учур таанылат жана жүгүртүү токтотулган катары криптовалюталарды жүгүртүү токтогон учур таанылат. 

2. Криптовалюталарды түзүү учуру катары, эгерде криптовалютаны жүгүртүү системасынын техникалык өзгөчөлүктөрүнөн улам аны түзүүнүн кайсы болбосун башка ишенимдүү учурун белгилөө мүмкүнчүлүгү болбосо, биринчи ээси тиешелүү криптовалютаны жүгүртүү системасында ага ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учур таанылат. 

 

5-берене. Криптовалютага менчик укугу 

 

1. Криптовалютага менчик укугуна криптовалютаны түзүү (эмиссия) фактысынан, ошондой эле криптовалюта менен бүтүм түзүүдө жана аны аткарууда ээ болот. 

2. Криптовалютага укук алуу жана өткөрүп берүү шарттары, криптовалюталарды жүгүртүү системасынын алкагында анда алдын-ала түзүлгөн алгоритмдерге жана функцияларга ылайык белгилениши мүмкүн. 

3. Криптовалютага менчик укугунун мазмуну, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, өзүндө криптовалюта ачкычына жана криптовалютанын өзүнө ээ болуу укугун, криптовалютаны пайдалануу жана тескөө укугун камтыйт. 

4. Криптовалютага ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө криптовалюталарды жүгүртүү системасында катталат. 

5. Криптовалютага менчик укук боюнча талаш маселелер жаралган учурда, талаш маселе сот тартибинде чечилүүгө жатат. 

 

6-берене. Криптовалюталар менен операциялар 

 

1. Криптовалюталар менен операциялар катары криптовалюталарды улуттук валютага - сомго сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) таанылат. 

2. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунан жана криптовалюталарды түзүүнү жана майнингди (эмиссия) ишке ашырган жактардан тышкары, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге криптовалюталар менен операцияларды (бүтүмдөрдү), анын ичинде аларды сатып алуу, ээ болуу, сактоо, өткөрүп берүү (которуу) жана сатуу менен операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 

3. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге, ошондой эле алардын филиалдарына жана өкүлдөрүнө төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

- жеке жана юридикалык жактардан криптовалюталарды төлөм каражаты, инвестиция жана салым катары кабыл алууга. 

- криптовалюталарды ишенимдүү башкарууга кабыл алууга. 

- криптовалюта аркылуу туунду финансылык инструменттерди жана баалуу кагаздарды түзүүгө жана жайылтууга. 

 

3-глава. Криптовалюталарды жүгүртүү рыногунун катышуучулары жана алардын укуктары менен милдеттери 

 

7-берене. Криптовалюталар рыногунун катышуучулары 

 

1. Криптовалюта рыногунун катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет: 

- криптовалюталарды түзүүнү, майнингди (эмиссия) ишке ашырган адамдар; 

- криптовалюталарды алмаштыруу операторлору; 

- өз кызыкчылыктары үчүн криптовалюта менен операцияларды жүзөгө ашырган кайсы болбосун жеке адамдар. 

 

8-берене. Криптовалюталар рыногунун катышуучуларынын укуктары 

 

1. Криптовалюта рыногунун катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу: 

- криптовалюта менен операцияларды жүргүзүү үчүн криптовалюта рыногунун катышуучуларынын ичинен контрагентти өз алдынча тандап алууга; 

- криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунан мындай кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу жана анын иштөө эрежелери, операцияларды жүргүзүү үчүн шарттардын тизмеси, ошондой эле өздөрүнүн укуктарын коргоонун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө зарыл, жеткиликтүү жана ишенимдүү маалыматтарды алууга; 

- криптовалюталарды жүгүртүүгө байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдүн талаптагыдай сапатына; 

- криптовалюталар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн банк мекемелеринде эсептерди ачууга жана пайдаланууга; 

- криптовалюта рыногунун башка катышуучуларынан өздөрүнүн криптовалютага болгон укуктарын сот жана башка ыкмалар менен коргоого; 

- жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өздөрүнүн жеке маалыматтарын коргоого; 

- операциялар ишке ашырыла турган криптовалюталарга бааларды өз алдынча белгилөөгө

 

9-берене. Криптовалюталар рыногунун катышуучуларынын милдеттери 

 

1. Криптовалюталар рыногунун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү

- ак ниеттүү жана тобокелдиктерди өзүнө алып криптовалюта менен операцияларды ишке ашырууга; 

- криптовалюталар менен операцияларды ишке ашыруу пландаштырылган криптовалюталарды жүгүртүү системаларынын иштөө өзгөчөлүктөрү менен таанышууга; 

- криптовалюталар менен операцияларды ишке ашырууда ушул Мыйзамдын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого; 

- криптовалюталарды алмаштыруу операторлору, криптовалюта рыногунун башка катышуучуларынын суроо-талабы боюнча өздөрү жөнүндө зарыл, жеткиликтүү жана ишенимдүү маалыматты, өздөрүнүн иштөө эрежелери, операцияларды жүргүзүү үчүн шарттардын тизмеси, ошондой эле колдонуучулардын - криптовалюта рыногунун башка катышуучуларынын укуктарын коргоо боюнча жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматты берүүгө

 

4-глава. Криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуу 

 

10-берене. Криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуунун жалпы принциптери 

 

1. Криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуунун жалпы принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет: 

- максатка ылайык келүү, бар көйгөйлөрдү чечүү максатында криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуунун зарылдыгынын негиздүүлүгү

- адекваттуулук, бардык алгылыктуу альтернативаларды эске алуу менен криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуу тобокелдиктеринин, формаларынын жана деңгээлинин шайкештиги; 

- тең салмактуулук, жөнгө салуу ишинде криптовалюта рыногунун катышуучуларынын, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу; 

- алдын ала болжолдоо, жөнгө салуунун ырааттуулугу, анын ичинде криптовалюта рыногунун катышуучуларына жана жарандарга өз ишин пландаштырууга мүмкүндүк берген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо пландары; 

 

11-берене. Криптовалюталарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган 

 

1. Криптовалюталарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептелет. 

2. Ыйгарым укуктуу органдын функциялары: 

1) криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун ишин жөнгө салууну ишке ашыруу: 

- криптовалюталарды алмаштыруу операторлоруна лицензия берүү жана отчет талап кылуу тартибин аныктайт; 

- криптовалюталарды алмаштыруу операторлору үчүн аткаруу милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана чыгарат; 

- тобокелдиктерди аныктоо жана ушул Мыйзамдын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын аныктоо үчүн криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун ишине көзөмөл жүргүзөт; 

- криптовалюталарды алмаштыруу операторлоруна карата талаптарды белгилейт; 

- криптовалюталарды алмаштыруу операторлоруна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын кабыл алат; 

2) криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана басып чыгаруу; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу. 

 

12-берене. Криптовалюталарды алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр  

 

1. Криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) операцияларын (бүтүмдөр) ишке ашыруу кызматын үчүнчү жактарга (криптовалюталар рыногунун катышуучуларына) көрсөтүү иши лицензиялануучу иштин түрү болуп саналат. 

2. Криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) боюнча кызмат көрсөтүү Улуттук банктын лицензиясынын негизинде криптовалюталарды алмаштыруу операторлору тарабынан көрсөтүлөт. 

 

13-берене. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлору 

 

1. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлору өз ишин Улуттук банктын берилген лицензиясынын негизинде жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясыз иш алып барууга криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун ишине тыюу салынат.  

2. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун иши Улуттук банк тарабынан жөнгө салынат жана көзөмөлгө алынат. 

3. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлоруна лицензияда каралбаган кайсы болбосун башка ишти алып барууга тыюу салынат. 

4. Лицензияланууга тийиш болгон ишти ишке ашыруу үчүн лицензияны башка жакка берүүгө тыюу салынат. 

 

14-берене. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлорун лицензиялоо 

 

1. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлоруна лицензия берүү талаптары жана тартиби, ошондой эле лицензияны жокко чыгаруунун негиздери жана тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 

2. Улуттук банк лицензияланган криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзөт. 

 

15-берене. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлоруна карата талаптар 

 

1. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлору маалымат коопсуздугун, иш үзгүлтүксүздүгүн, керектөөчүлөрдүн укугун коргоону камсыз кылуунун, террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу ички документтерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга милдеттүү.  

2. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлору криптовалюта менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча транзакциялар жазуусун сактоого, мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө үчүн Улуттук банкка алардын жеткиликтүү болушун камсыз кылууга милдеттүү

3. Штаттан тышкаркы жагдайлар жана тобокелдиктер келип чыккан учурда, криптовалюталарды алмаштыруу операторлору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү. Улуттук банк тарабынан штаттан тышкаркы жагдайга жараша тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн кошумча талаптар менен жөнгө салуу чаралары белгилениши мүмкүн. 

 

16-берене. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун жоопкерчилиги 

 

1. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлору белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

2. Улуттук банк криптовалюталарды алмаштыруу операторлоруна төмөнкү учурларда таасир этүү чараларын колдонот:  

- өз ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу; 

- Улуттук банк көзөмөлдөө функцияларын жана жеринде текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда ага каршылык көрсөтүү

- реалдуу орду жабылбаган жалган жана шектүү операцияларды жүзөгө ашыруу; 

- тобокелдиктер жөнүндө билип туруп, криптовалюталарды алмаштыруу операторунун керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун кызыкчылыгына коркунуч келтирген аракеттери же аракетсиздиги. 

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген бузуулар аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган чараларды колдонот. 

 

5-глава. Корутунду жоболор 

 

17-берене. Салык режими 

 

1. Криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун ишине салык режими жана салык отчетун берүү тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталат. 

 

18-берене. Мамлекеттик кепилдиктерди чектөө 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу орган милдеттенмелерге жооп бербейт, ошондой эле криптовалюталар нарксызданган же кайсы болбосун башка себептер менен жоготууга учураган учурда алардын наркын кайтарып бербейт. 

 

19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай ичинде өзүнүн укуктук ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти