Кайта келүү

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ  

 

Толук ЖСТТ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

БЕКИТЕМ 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын төрагасы 

Т.С. Абдыгулов  

_______________________________ 

(кол тамгасы) 

 

"__" _______________ 

 

  

- «Криптовалюталарды жүгүрүү жөнүндө»; 

- «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорунун  

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИНЕ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ  

 

 

Иштеп чыгуу негиздемеси: 2020-жылдын 22-июнундагы № 2020-Пр-144/114-О 

буйрук;  

2020-жылдын 02-октябрындагы № 2020-Пр-144/166-О 

буйрук. 

 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү мөөнөтү:  

 

2020-жылдын 22-июну  

_________ 

  

(башталышы) 

(аякташы) 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Э.В. Лелевкина,  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги __________________ 

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

№ 

Аты-жөнү 

Уюм 

Колу 

К.А.Темиров  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын начальниги 

 

Э.Ч. Абдраимов  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги 

 

Ч.М. Ургалиева  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын начальнигинин орун басары 

 

А.З. Султаналиев  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмдүн начальниги 

 

И.Дж. Султанкулов  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмүнүн начальниги 

 

А.А. Алиев  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын макроэкономикалык анализдөө жана финансы рыногуна иликтөөлөрдү жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги 

 

Д.К. Джумабаев  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгынын банк жана төлөм системаларынын маалымат коопсуздугу методологиясы тобунун жетекчиси 

 

А.К. Сатаров  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгынын операциялык тобокелдиктерди, иштеги кемчиликтерди аныктоо жана бизнеске талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги 

 

9  

С.К. Абдыгазиев  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмдүн башкы адиси 

 

10 

Э.Т. Керимбеков  

Кыргыз Республикасынын маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги 

 

11 

У.С. Султанбаев  

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин оперативдүү экономикалык иштеп чыгуулар бөлүмүнүн башчысы 

 

12 

С.К. Султаналиев  

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин оперативдүү экономикалык иштеп чыгуулар бөлүмүнүн башкы адиси 

 

13 

Н.Ж. Субанов  

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин оперативдүү экономикалык иштеп чыгуулар бөлүмүнүн башкы адиси 

 

14 

В.В. Пак  

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 

 

15 

Б.Н. Абдылдаев  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын юридика секторунун башкы инспектору 

 

16 

Урубай кызы Бегимай  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздарды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 

 

17 

Ч.К. Темиров  

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттери менен иш алып баруу боюнча менеджери 

 

18 

Д.В. Вартанов  

Veeqo limited компаниясынын техникалык директору 

 

19 

Ж.Т. Давлетбаев  

«Борбордук Азия блокчейн коомунун ассоциациясы» коомдук бирикмесинин мүчөсү 

 

20 

Р.Ш. Алеев  

криптовалюталарды алмаштыруу рыногунун көз карандысыз катышуучусу  

 

21 

Р.К. Алишев  

«KG (КЕЙ-ЖИ) төлөм системаларынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин директору 

 

22 

А.Л. Безуглов  

«KG (КЕЙ-ЖИ) төлөм системаларынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин эксперти 

 

 

Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: 

Кыргыз Републикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн башкы адиси С.К. Абдыгазиев, тел.0312 669182, 0551 115051, e-mail: sabdygaziev@nbkr.kg  

 

Көлөмү - ____ б., тиркемелер - ___________________________. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аналитикалык кат 

 

Киришүү 

 

A. Виртуалдуу активдер: криптовалюталар и криптоактивдер 

 

Бүгүнкү күндө виртуалдуу активдер деп аталган криптовалюталар жана криптоактивдер кеңири таралган. 

1) Криптовалюталар (виртуалдуу акча, төлөм токендери, алмашуу токендери), мисалы, Биткойн - бул кадимки валюталар (сом, рубль, америкалык доллар, евро же иен) сыяктуу эле универсалдуу алмашуу каражаты, нарктын топтолушу, эсеп бирдиги катары функцияларды аткарууга түзүлгөн жана арналган токендер. Криптовалютанын концепциясы мамлекеттик төлөм каражаттарына бир теңдүү альтернатива катары колдонуу үчүн жеке, борборлоштурулбаган жана универсалдуу төлөм каражаттарын түзүүдөн турат. Ошол эле учурда, криптовалюталар өкмөттүн, борбордук/улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын колдоосуна ээ эмес жана негизинен мамлекеттер тарабынан чыгарылган фиат валюталары менен сыяктуу эле, кандайдыр-бир камсыздоого жана милдеттенмелерге ээ эмес. 

2) Криптоактивдер бул, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясын, анын ичинде блокчейнди колдонуу менен (токендердин) ээлеринин укуктарын камсыз кылган токендер. Кеңири мааниде экономикалык баалуулуктарга болгон укуктар, баалуулуктарды башкаруу/пайдалануу жана/же продукттарга/кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түшүндүрөт. Токендер адатта стартап долбоорлорго, жаңы технологияларга жана инновацияларга инвестицияларды/каржылоону тартуу максатында чыгарылат. 

 

Виртуалдуу активдердин: криптовалюталардын жана криптоактивдерин жөнгө салуу максатында жалпы классификациясы:  

 

Криптовалюталар 

Криптоактивдер 

 

 

1) Борборлоштурулбаган 

Эмиссия жана жүгүртүү алдын-ала түзүлгөн алгоритмдерге ылайык, борборлоштурулбаган блокчейн тутумдарын же смарт-контрактынын жардамы менен жүзөгө ашырылат (биткоин, лайткоин ж.б.). 

1) Инвестициялык токендер - менчик укугун сунуштаган/камсыз кылган токендер. 

2) Гибриддик 

Идентификациялануучу борборлоштурулган эмитент бар, бирок жүгүртүү борборлоштурулбаган блокчейн системаларын же смарт-контакттын жардамы менен жүзөгө ашырылат (Эфир) 

2) Токендештирлген активдер - блокчейн технологиясынын жардамы менен токен формасында бекитилген активдер. 

3) Камсыздалган 

Эмитенттин башка активдери жана милдеттенмелери менен камсыз болгон криптовалюталар (Либра, Тезер (USDT)). 

3) Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу токендери (utility tokens) - блокчейн технологиясынын жардамы менен ишке ашырылган продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу укуктарын сунуштаган/бекитип берген токендер. 

4) Камсыздалбаган 

Финансылык же башка камсыздоого криптовалюталар, конкреттүү субъекттердин милдеттенмелерине ээ болбогон жана ишенимдин негизинде гана жүгүртүлүүчү криптовалюталар (Биткоин, Эфир ж.б.)  

4) Төлөм инфраструктурасынын токендери - бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын (блокчейн) негизинде төлөм системасын колдоого арналган токендер. Мисалы, Ripple валюталардын ортосунда ыкчам, эки тараптуу транзакцияларды камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Кадимки валюталар төлөм транзакциясы аткарылган шартта Ripple токендерине менен жүгүртүлөт жана токен транзакция үчүн протоколду натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берет. 

 

 

B. Криптовалюталар рыногу  

 

Бүгүнкү күнү дүйнөлүк криптовалюталар рыногу конкреттүү сегменттер жана катышуучулары менен түзүмдөштүрүлгөн мүнөзгө ээ. 

Криптовалюталар индустриясынын экосистемасы, эреже катары, төмөнкү субъекттерди камтыйт: 

1. Колдонуучулар - төлөм каражаты, сактоо ж.б.у.с. катары колдонуу үчүн крипто-валюталар ээлик кылуучуларынын кеңири чөйрөсү (жеке адамдар жана юридикалык жактар); 

2. Иштеп чыгуучулар криптовалюталык коомчулук базалык технологияны туруктуу негизде өркүндөтүүгө жана колдоого, ошондой эле криптовалютаны башкарууга жана анын техникалык өнүгүүсүнө катышууга багытталган иштеп чыгуучуларга таянат; 

3. ICO чөйрөсү (Initial Coin Offering - монеталарды (криптовалюталарды) алгачкы жайгаштыруу) - инвесторлорго криптовалюталардын жаңы бирдиктерин сатуу түрүндө инвестицияларды тартуу формасы; 

4. Валидаторлор/Майнинг сегменти - транзакция блокторунун (блокчейн) реестринин иштешин жүргүзүлгөн операциялар же контракттын шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтарды камтыган мындай реестрде жаңы блокторду түзүү жолу менен камсыз кылууга багытталган иш. Майнинг иштерин жүргүзүп жаткан жак, майнинг иш-аракеттеринин натыйжасында келип чыккан (алынган) криптовалюталардын ээси болуп калат жана транзакцияларды блоктордун реестринде (блокчейнде) операциялардын жүргүзүлүшүнө верификациялоо үчүн сый акы катары криптовалюталарды ала алат; 

5. Сактоо сегменти (кастодиалдык кызмат көрсөтүүлөр) - кардардын буйругунун негизинде анын криптовалюталарын сактоо жана тескөө кызматтарын көрсөтүүгө байланыштуу ишмердүүлүк; 

6. Алмашуу/сатып өткөрүү сегменти - криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө, бир типтеги криптовалютаны башка түргө, башка активге (алтын, баалуу кагаздар ж.б.) алмаштыруу боюнча ишмердүүлүк. Бул сегментке криптовалюта биржалары, алмашуу кызматтары, платформалар, криптоматтар - криптовалюталарды алмашуу кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүлөрү кирет. 

 

C. Жөнгө салуунун таасирин талдоонун предмети 

 

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары иштеп чыгуу үчүн ушул жөнгө салуунун таасирин талдоонун предметинен болуп "виртуалдуу активдин" базалык түшүнүгүн аныктоо жана криптовалюталардын жүгүртүлүшүн жөнгө салууну киргизүү/өзгөртүү (криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) операциялары) саналат. 

 

 

 

 

1. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн көйгөйлөр жана негиздер 

 

1.1. Көйгөйлөрдү сүрөттөө 

 

Криптовалюталардын технологиялык өзгөчөлүгү операциялардын/транзакциялардын жашыруун, чек ара аркылуу өтүүчү жана борборлоштурулбаган мүнөзүн билдирет. Мындан тышкары, көпчүлүк криптовалюталар бир эле учурда акчанын, мүлктүн, активдердин, төлөм системаларынын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн айкалыштырат. Ушул жагдайлар колдонуучулардын арасында сыяктуу эле, тобокелдиктерди (рыноктун катышуучуларынын алдамчылык аракеттери, алмашуу курсунун жогорку өзгөрүлмөлүүлүгү) жана жалпысынан мамлекет үчүн тобокелдиктерди (капиталды чыгаруу, кылмыш ишин каржылоо ж.б.) бир кыйла жогорулатат. 

Көптөгөн мамлекеттер ушул тобокелдиктерди азайтуу максатында натыйжалуу жөнгө салуу механизмдерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн издеп келишет. Ошол эле учурда, инновациялардын жана технологиялардын өнүгүшүн демилгелөө үчүн технологиялык бейтараптуулукту сактоо артыкчылыктуу багыт бойдон калууда жана тобокелдиктин жана жөнгө салуунун шайкештик принциби байкалууда. 

Кыргыз Республикасында калктын криптовалюталарга инвестициялоонун кандайдыр бир каражаты катары кызыгуусу артууда, ошондой эле криптовалюталар рыногу өнүгүп, кадимки финансы түзүмдөрүнө, атап айтканда, төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жана чек ара аркылуу өтүүчү интернет төлөмдөр чөйрөсүнө (негизинен электрондук коммерцияга) кеңири жайыла баштады. Мындай шартта, жок дегенде, төмөнкү көйгөйлөр бар: 

1) технологияны жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнүн жоктугу көйгөйү

2) алдамчылык схемалардын келип чыгуу көйгөйлөрү, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери, ошондой эле капиталдын агылып чыгуусу; 

3) керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укуктарын коргоо көйгөйлөрү

 

 

№1 көйгөй. 

Технологияларды жана бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу чөйрөнүн жоктугу 

 

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасында криптовалюталар рыногу башаламан, көмүскө жана системалуу эмес мүнөзгө ээ. Ар кандай баа берүүлөр боюнча, криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн негизги бөлүгү көмүскөдө болууда. Негизги көйгөй - жөнгө салуучу механизмдердин жана ачык рынок эрежелеринин жоктугу. Натыйжада, криптовалюта рыногунун потенциалын, анын өнүгүү динамикасын жана кадимки финансы системасына тийгизген таасирин баалоо мүмкүн эмес. 

Бул көйгөйдүн кийинки аспектиси - криптовалюталарды алмаштыруу операцияларынын кызматтарына салык салуу маселелери. Салык салуу максатында криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр отчетторунда "башка товарларды" көрсөтүшөт жана ага ылайык жалпы салык режиминин алкагында иштин түрүнөн келип чыккан салыктардын бардык түрлөрүн төлөөгө милдеттүү субъектиден болот. Бул жагдай акыркы колдонуучу үчүн криптовалюталардын баа түзүүсүнө жана натыйжада криптовалюталарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) кызматы үчүн төмөн комиссиялары бар мыйзамсыз субъекттер ​​менен атаандашуу жөндөмүнө таасир этет. 

Көйгөйдүн башка тарабы - криптовалюталар менен операциялар үчүн салык базасын аныктоодон турат. Кыйынчылыктар механизмдерди иштеп чыгуу жана криптовалюталар менен операцияларга мониторинг жүргүзүүдө алардын жашыруун болгондугунан улам келип чыгууда. 

 

 

 

2-көйгөй. 

Алдамчылык схемалардын келип чыгуусу, терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдаштыруу) тобокелдиктери, ошондой эле капиталдын агылып чыгуу тобокелдиктери 

 

Көпчүлүк криптовалюталар жашыруун субъекттердин чексиз чөйрөсү тарабынан чыгарылат жана жашыруун операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн билдирет, бул аларды мыйзамсыз иш-аракеттерде, анын ичинде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдаштырууда) жана терроризмди каржылоодо колдонууга мүмкүндүк берет, ошондой эле алардын колдонулушуна мониторинг жана контролдоо жүргүзүүнү кыйындатат. 

Криптовалюталар, ошондой эле алдамчылык схемаларды, анын ичинде финансылык пирамидалар белгилерине ээ схемаларды ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Криптовалюталардын жашыруун болушунан улам, тиешелүү транзакциялардын жөнөтүүчүсүн жана алуучусун аныктоо дээрлик мүмкүн эмес. Учурда криптовалюта уюшкан кылмыштуу топтордун жана кылмыштуу схемаларга (анын ичинде баңги заттарды, курал-жарактарды сатып алуу, нак акчаны чыгаруу схемаларга ж.б.) катышкан адамдардын арасында мыйзамсыз акча которуу ыкмасы катары колдонулуп келет. 

Криптовалюта операциялары кардарды идентификациялоону талап кылбайт, транзакциялар бир рангтуу жана чек ара аркылуу өтүүчү болуп саналат. Криптовалюталардын жашыруун жана чек ара аркылуу өтүүчү мүнөзү аларды салык төлөөдөн баш тартуу схемаларында колдонууга жана башка юрисдикцияларга каражаттарды көзөмөлсүз алып чыгууга мүмкүндүк берет, бул болсо капиталдын агылып чыгуусуна алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк криптовалюталар, мисалы, Биткойн жана Эфир, табияты боюнча, бир эле мезгилде акчанын мүнөздүү өзгөчөлүгүн жана төлөм системасын бир учурда айкалыштырат. Криптовалюталар бир эле мезгилде универсалдуу алмашуу каражаты жана транзакцияларды ишке ашыруу фунцияларын аткара алат. Бул контекстте криптовалюталар “хаваланын” модернизацияланган түрүнө айланышы мүмкүн. 

2018-жылы Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу (FATF) криптовалюталар бөлүгүндө өз сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизген (мындан ары - ФАТФ сунуш-көрсөтмөлөрү). ФАТФ сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, виртуалдуу активдер2 чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери лицензия алышы же каттоодон өтүшү керек, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында талаптагыдай жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү же контролдоону камсыз кылуу зарыл. 

Ошентип, виртуалдуу активдерди тейлөө провайдерлерине (криптовалюталар кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр) финансы институттарына же белгиленген финансылык эмес ишканаларга жана кесиптерге сыяктуу эле, так ушундай милдеттенмелердин толук спектри таркатылат, б.а. алар кызмат көрсөтүүдө толук жана так маалыматты берүү боюнча негизги эрежелерге тиешелүү талаптардын сакталышы предметине текшерүүлөр объекттеринен болууга тийиш. 

 

3-көйгөй. 

Керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укуктарын коргоонун механизмдеринин жоктугу 

 

Криптовалюталар алмаштыруу операцияларынын предмети, жаратуу же инвестициялоо каражаты катары табиятынан тобокелдүү деп эсептелинет, анткени алар реалдуу активдер менен камсыздалбайт жана өзгөрмөлүү болуп саналат. 

Криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишине талаптардын жана көзөмөлдүн жоктугу комиссиялардын наркынын ачык-айкындуулугуна жана транзакциялардын коопсуздугуна кепилдик бербейт. Мындан тышкары, керектөөчүлөргө жана инвесторлорго терс таасирин тийгизе турган бир катар тобокелдиктер бар: 

1) Криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн (криптовалюталарды алмаштыруу операторлору, криптоплатформалар, криптоматтар, криптовалюталарды сактоо кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр/кастодиалдык кызмат көрсөтүүлөр) ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу туруктуу контролдоону жана тобокелдиктерди баалоону талап кылат. Системалардагы техникалык мүчүлүштүктөр керектөөчүлөр жана инвесторлор үчүн мүлктү жоготууга алып келиши мүмкүн. Кардарлар өз каражаттарын чыгара албай калышат, бул инвесторлор жана кардарлар үчүн активдерди жоготуу тобокелдиги болуп саналат. 

2) Сатып алуучу сатылып алынган криптовалюталар үчүн улуттук валютада төлөй алат, бирок андан кийин криптовалютаны өзүнүн крипто капчыгынын дарегине ала албай калышы мүмкүн. Бул тобокелдик криптовалюталык транзакциянын криптовалюта блокчейнге жазылышы жана блокчейн түйүндөрүнүн көпчүлүгү тарабынан ырастоонун зарыл этаптарынан өтүшү үчүн зарыл болгон убакыт аралыгы же "артта калуу" менен байланыштуу. Блокчейн тармагынын иш жүгүнүн көп болушунан улам, бул убакыт ар кандай болушу мүмкүн, ал тургай бир нече саатка же андан көпкө жетиши мүмкүн, ошондой эле транзакцияны иштеп чыгуу үчүн комиссиялык төлөмдү белгилөөдөн көз каранды. 

3) Кодду бир эле санга туура эмес киргизүү же туура эмес дарекке жөнөтүү ошондой эле жоготууга алып келет. Транзакцияны жокко чыгаруу мүмкүн эмес, андыктан жөнөтүлгөн сумманы кайтарып берүү мүмкүн эмес. 

4) Алмаштыруу платформалары жана криптоматтар киберкоопсуздук жагынан эң аярлуу. Тажрыйба көрсөткөндөй, криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр хакердик чабуулдарга жана алдамчылык операцияларга көбүрөөк дуушар болот. 

 

1.2. Мыйзамдарды жана укук колдонуу тажрыйбасын талдоо 

 

"Криптовалюта" түшүнүгү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (мындан ары Салык кодекси) кыйыр түрдө аныкталат. Салык кодексинин 396-беренесине ылайык, виртуалдуу актив бул жарандык укуктардын объекти катары электрондук (санариптик) формада түзүлгөн, сакталган жана жүгүртүлгөн жана белгиленген тартипте эмиссияланган акча каражаты (валюта), баалуу кагаз же электрондук акча болуп саналбаган нарктын санариптик мааниси. Бул түшүнүк криптовалюталар жана криптоактивдер үчүн жалпы түшүнүк. 

Ошондой эле, Салык кодексинин 396-беренесинде "майнинг" түшүнүгү бул үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылууну талап кылган, пайдалануучулардын ортосунда жасалган операциялар жөнүндө маалыматты бөлүнгөн реестрге (мурдатан аныкталган эрежелерге жана принциптерге ылайык) киргизүү аркылуу транзакциялардын блокторунун реестринин (блокчейнинин) иштөөсүн камсыз кылуучу эсептөө операцияларын программалык-техникалык каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашыруу боюнча иш. Майнинг бөлүнгөн реестрде операциялардын жүргүзүлүшүн ырастоо үчүн сый акы катары майнингди жүзөгө ашырган жактын ээлигине келип түшкөн виртуалдуу активди түзүү менен коштолуусу мүмкүн.  

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында виртуалдуу актив базалык түшүнүк катары каралган эмес, ал эми Жарандык кодексте “виртуалдуу актив” түшүнүгү жок, бул алардын жарандык жүгүртүлүшүнө жол бербейт. Мындан тышкары, ФАТФдын сунуш-көрсөтмөлөрүнө жана эл аралык тажрыйбага шайкеш келбейт, ошондой эле тиешелүү тобокелдиктерди азайтууга мүмкүнчүлүк бербейт. 

 

1.3. Кызыкдар жактардын пикирлерин талдоо 

 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү процессинде "KG (КЕЙ-ДЖИ) Төлөм системасынын операторлорунун ассоциациясы" юридикалык жактардын ​​бирикмесинен төлөм уюмдарынын укуктук макамын жана алардын криптовалюталар кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүсүнүн укуктук алкактарын аныктоо зарылдыгы жөнүндө, башкача айтканда, алардын макамын, операциялардын тизмесин жана өз ара аракеттенүү жол-жобосун аныктоо жөнүндө сунуш келип түшкөн. Криптовалюталар кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр өз ишмердүүлүгүндө буга чейин ар кандай төлөм инструменттерин, атап айтканда, электрондук капчыктарды, эл аралык Visa/Mastercard төлөм карттарын, ошондой эле криптовалюталарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) үчүн төлөм (cash-in) терминалдарын колдонуп, интеграциялашкан. 

Криптовалютаны алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн пикири боюнча, алар жөнгө салуунун жана так укуктук алкактардын жоктугунан бир катар кыйынчылыктарга туш болушууда. Бул жагдай криптовалюталарды сатып алуу-сатуу мыйзамдуулугу жана салык салуу жөнүндө суроолорду жаратат, ошондой эле инвестиция жана технология демилгелерине тоскоол болот. 

Учурда криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр легалдуу иш алып баруу үчүн жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө юридикалык жакты түзүшөт, мында юстиция органдарында каттоодо "адистештирилбеген соода" иштин түрү катары көрсөтүп келишет. Бирок, иштин бул түрү криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү жалпы салык режиминин алкагында салык төлөмдөрүн кошпогондо, кандайдыр бир отчетторду берүүгө жана мамлекеттик органдар тарабынан жөнгө салынууга милдеттендирбейт. Өз кезегинде, алардын ишин жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн жоктугу ар кандай тобокелдиктерге, анын ичинде террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тобокелдиктерине алып келет. 

Салык салуу максатында криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр отчетторунда "башка товарларды" көрсөтүшөт жана ага ылайык иштин түрүнөн келип чыккан салыктардын бардык түрлөрүн төлөөгө милдеттүү субъекттеринен болот. Рыноктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө жалпы салык режимине канааттанбай турганы белгиленди, анткени бул акыркы керектөөчү үчүн криптовалюталардын баа түзүүсүнө жана натыйжада криптовалюталардын алмаштыруу/сатып алуу-сатуу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төмөн комиссиялык төлөмдөр менен мыйзамсыз сервистер менен атаандашуу жөндөмдүүлүгүнө таасир этет. Ушуга байланыштуу, рыноктун өкүлдөрү бул ишти салык салуу же атайын салык режимин белгилөө максатында алмаштыруу бюролорунун ишине (чет өлкө валютасы менен операциялар) окшош эле жөнгө салуу сунушташты.  

 

1.4. Көйгөйлөрдүн масштабы 

 

Көйгөйлөрдүн масштабын олуттуу деп баалоого болот. Ар кандай баа берүүлөр боюнча, криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн негизги бөлүгү көмүскөдө болууда. Ушуга байланыштуу, алардын болжолдуу санын аныктоо, ошондой эле криптовалюталардын жүгүртүүсүнүн потенциалын, динамикасын, өнүгүшүн жана кадимки финансы системасына таасирин баалоо мүмкүн эмес.  

Учурда, криптовалюта рыногу башаламан, көмүскө жана системалуу эмес мүнөзгө ээ. Бул көрүнүштүн негизги себеби - жөнгө салуучу механизмдердин жана укуктук алкактардын жоктугу. 

Криптовалюталардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуунун болушу тобокелдиктерди андан аркы баалоо, жөнгө салуу процессин жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү үчүн системалуу рыноктун өнүгүшүнө негиз түзүүгө, аталган рыноктун өнүгүү потенциалынын жана динамикасынын статистикалык маалыматтарын алууга мүмкүндүк берет. 

 

1.5. Жөнгө салууну киргизүү үчүн негиздер 

 

Криптовалюта рыногуна мамлекеттин кийлигишүүсүнүн негизи болуп криптовалюталардын жүгүртүлүшүнүн укуктук алкактарын аныктоо менен тиешелүү көйгөйлөрдү чечүү саналат. Бул маселени мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү менен чечүүгө болот, бул тобокелдиктерди азайтып, инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө жана санарип экономиканы калыптандырууга көмөк көрсөтөт. 

Криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишин (криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) операцияларын) жөнгө салууну баштоо жана андан кийин тажрыйбанын топтолушуна жараша, иштин башка түрлөрүн жөнгө салууну киргизүү (виртуалдуу активдер менен чет өлкөлүк валюталардын ортосунда алмашуу; виртуалдуу активдердин бир же бир нече түрлөрүнүн ортосунда алмашуу); виртуалдуу активдерди которуп берүү; виртуалдуу активдерди же виртуалдуу активдерди көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү инструменттерди сактоо жана/же тескөө; эмитенттин виртуалдуу активди сунуш кылышы жана/же сатуусу менен байланышкан финансылык кызматтарды көрсөтүүгө катышуусу). 

 

1.6. Эл аралык тажрыйба 

 

Учурда дүйнө жүзүндө криптовалюталардын маңызын жана аларды жөнгө салуу эрежелерин түшүнүүгө жалпы кабыл алынган ыкманы иштелип чыга элек. Криптовалюталар төлөм каражаты катары каралышы мүмкүн (чектелген - Японияда биткоин төлөм каражаты катары таанылат. Ошол эле учурда, бирге-бир камсыздоо талаптары коюлат, Швейцариянын айрым кантондорунда), мүлк, өзгөчөлөнгөн товар, актив ж.б.у.с., же жүгүртүүдө чектөөлөр болушу мүмкүн (Казакстан, РФ).  

Криптовалюталарды жөнгө салуунун базалык сценарийлерин эки түргө бөлүүгө болот: толук тыюу салуу жана тандалма жөнгө салуу. Толугу менен тыюу салуу криптовалюталардын жүгүртүлүшүнө тыюу салууну билдирет. Тандалма жөнгө салуу белгилүү бир чектөөлөрдүн жана эрежелердин алкагында криптовалютанын жүгүртүлүшүнүн мүмкүнчүлүгүн билдирет. Атап айтканда, криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишин лицензиялоо, криптовалюталарды төлөм каражаты катары колдонууга тыюу салуу, кардарды идентификациялоо талаптарын киргизүү ж.б. 

Жөнгө салууну ийгиликтүү жүзөгө ашырган көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы, ошондой эле көптөгөн изилдөөлөр жана сунуш-көрсөтмөлөр криптовалютаны жөнгө салууну киргизүү учурдагы тобокелдиктерди азайтуу максатында жүзөгө ашырылууда, мында криптовалюталар жана жалпысынан технологиялык өнүгүү менен байланышкан ишти чектебейт. Ошентип, эл аралык жөнгө салуу тажрыйбасы криптовалютанын өздөрүн өнүктүрүү сыяктуу эле, жалпысынан экономика үчүн да тобокелдиктерди төмөндөтүү жолуна түштү. Өлкөлөр криптовалюталардын жүгүртүлүшүн чектөөгө же тыюу салууга аракеттенишпейт, бирок алар жаңы мамилелердин алкагын жана эрежелерин түзүүдө

Көпчүлүк өлкөлөрдө түшүнүк аппараты жана талаптар терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарда белгиленген (Эстония, Украина, Канада ж.б.). Айрым өлкөлөрдө, криптовалюталарды жөнгө салуунун негиздери төлөм кызматтары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген (Сингапур, Түштүк Корея, Япония ж.б.). Ошондой эле убактылуу документтерди (жарлыктар, жоболор, токтомдор) чыгаруу жана санарип экономикасын өнүктүрүү институттарын түзүү (Беларуссия, Өзбекстан) аркылуу кыйла эксперименталдык жөнгө салуусу менен өлкөлөр бар. Ошондой эле, тармактык (профилдик) мыйзамдарды (РФ) иштеп чыгуу жана өнүктүрүү боюнча тажрыйба бар экендигин белгилей кетүү керек. 

Криптовалюта кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуу (кеңири мааниде - виртуалдуу активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр), негизинен ФАТФ сунуш-көрсөтмөлөрүнө шайкеш келтирүү максатында жүзөгө ашырылат. Жалпысынан, виртуалдуу активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр мамлекеттик органдар тарабынан лицензияланууга жана көзөмөлгө алынууга тийиш. Виртуалдуу активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө, адатта кардарларды идентификациялоо, транзакциялардын таржымалын сактоо, контролдоонун ички механизмдерин ишке киргизүү, шектүү операциялар жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга милдеттүү түрдө маалымдоо ж.б. боюнча талаптар коюлат.  

Криптовалюталарды колдонууда келип чыккан көптөгөн маселелердин бири бул салык салуу маселеси. Буга байланыштуу, салык салуу максатында криптовалюталарды жана алар менен байланышкан иштин конкреттүү түрлөрүн кантип классификациялоо көйгөйү орун алууда. Бул барыдан мурда, криптовалюталарды сатуудан алынган пайда, киреше же капиталдын өсүшү катары классификациялоо мааниге ээ. Мисалы, криптовалюталарга мындай салык салынышы мүмкүн: актив (Израиль, Украина), финансылык актив (Болгария), чет өлкө валютасы (Швейцария), киреше салыгынын объектиси (Дания). 

 

2. Каралып жаткан жөнгө салуу варианттарын баяндоо жана баалоо 

 

2.1. Жөнгө салуунун максаты 

 

A. Жөнгө салуунун максаттарын аныктоо  

 

Криптовалюталарды жөнгө салуу максаттары төмөнкү документтерде белгиленген Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүгүү максаттары жана артыкчылыктуу багыттары менен аныкталат: 

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы N221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (мындан ары - Улуттук стратегия); 

2) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы N2 чечими менен бекитилген "Санарип Кыргызстан-2019-2023" улуттук программасынын концепциясы (мындан ары - "Санарип Кыргызстан - 2019-2023" улуттук программасы); 

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы N 2020-П-14 / 17-4- (ПС) токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү концепциясы, (мындан ары - Санариптик төлөө технологияларын өнүктүрүү концепциясы). 

Улуттук Стратегияга ылайык, Кыргыз Республикасынын күч-аракеттери өлкөнү чыныгы "инвестициялык оазиске" айландыруу үчүн Кыргызстандын бардык аймагында инвестициялык климатты олуттуу жакшыртууга жана экономиканын көмүскө секторун трансформациялоого жана легалдаштырууга багытталган. Мамлекет бардыгы үчүн милдеттүү болгон эрежелерди аныктоо функциясын гана өзүнө калтыруу менен ишкердик жигердүүлүктү жана рыноктук механизмдерди өнүктүрүүгө түрткү берүүгө тийиш. 

"Санарип Кыргызстан - 2019-2023" улуттук программасында мамлекеттин ишмердүүлүгү ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде жарандык мыйзамдар чөйрөсүндө (келишимдерди түзүү жана аткаруу жана бир тараптуу келишимдерди санариптик формада түзүү, санариптик активдерге укуктарды камсыз кылуу, мындай активдер менен операцияларды жүргүзүү, электрондук түрдөгү эсептешүүлөр) мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталат. Ошондой эле, өлкөдөгү финансы технологияларын өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өзгөчө ролу белгилениши керек. Санариптик трансформациянын эң тез натыйжаларына санариптик сооданы өркүндөтүү жана саясатты жана жөнгө салуу механизмдерди өркүндөтүү аркылуу санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жардамы менен жетүүгө болот. 

Санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү концепциясында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан виртуалдуу активдерди/криптовалюталарды сатып алуу-сатуу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча ишин жөнгө салууну жүзөгө ашыруу каралган. Бул максаттын аткарылышынын индикатору болуп, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу/санариптик (виртуалдуу) активдердин (криптовалюталардын) жүгүртүлүшүнө байланыштуу ишти жөнгө салуу маселелери боюнча тармактык мыйзам долбоорун иштеп чыгуу белгиленген. 

 

В. Жөнгө салуунун максаты 

 

Жөнгө салуунун максаты - технологияларды жана рынокту өнүктүрүү үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү, ошондой эле тиешелүү тобокелдиктерди төмөндөтүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо. 

 

С. Максатка жетүүнүн сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрү 

 

Максатка жетүүнүн сапаттык көрсөткүчтөрү

- криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр тарабынан терорризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүгүндө талаптарды аткаруунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү

- автоматташтырылган системалардын үзгүлтүксүздүгүн, жеке маалыматтарды жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; 

- ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- криптовалюталык кызмат көрсөтүүлөрдүн финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен интеграциялоо, мисалы, криптовалюталарды банктык жана төлөм инфраструктуралары аркылуу алмаштыруу, конвертациялоо мүмкүнчүлүгү

- криптовалюта секторуна инвестицияларды тартуу жана алгылыктуу шарттарды түзүү

 

Максатка жетүүнүн сандык көрсөткүчтөрү

- рынокто криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн санынын көбөйүшү

- криптовалютанын жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу; 

- криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунан салыктардын келип түшүүсүнүн көбөйүшү

- криптовалюталар аркылуу алдамчылык жана башка кылмыштуу операцияларды төмөндөтүү

 

2.2. Каралган жөнгө салуучу варианттар  

1-вариант. "Өзгөртүүсүз калтыруу"; 

2-вариант "Өзүн-өзү жөнгө салуу - мамлекеттик эмес түзүмдөрдү - ассоциацияларды түзүү"; 

3-вариант. "Толугу менен тыюу салуу"; 

4-вариант. "Тандалма жөнгө салуу". 

 

2.3. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты 

 

Бул вариантта криптовалюталардын жүгүртүлүшү жана колдонулушу регламенттелбейт же жөнгө салынбайт деп болжолдонот. Жөнгө салуу мамлекеттин байкоочу позициясы, башкача айтканда, жарандарды криптовалюталардын жүгүртүлүшүнө катышуу тобокелдиктери жөнүндө маалымдоо менен чектелет. 

2014-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук банк Кыргыз Республикасынын жарандарын тобокелдиктердин (өзгөрүлмөлүүлүк, камсыздалбай калышы ж.б.у.с.) орун алышына жана укуктук жөнгө салуунун жоктугуна байланыштуу криптовалюталарды колдонуудан (анын ичинде криптовалюталарга инвестициялоодон) баш тартып турууну мезгил-мезгили менен маалымдап турат. 

Жогорку деңгээлдеги тобокелдиктин орун алышы жөнүндө эскертүүлөргө карабастан, криптовалюталардын жүгүртүлүшү жана кызыкдар тараптардын саны өсүүдө, ошондой эле криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүү рыногунун сегменти да өнүгүүдө

Ошол эле учурда, криптовалюталардын жарандык жүгүртүүдө колдонуу үчүн ченемдик базанын жана мамлекеттик органдар тарабынан криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун ишине көзөмөлдүн жоктугу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Атап айтканда, криптовалюта рыногунун көмүскө жана башаламан мүнөзүн калыптандырууга; террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана өлкөдөн капиталдын агылып чыгуу тобокелдиктеринин деңгээлинин өсүшүнө

Мындай шартта, "Өзгөртүүсүз калтыруу" варианты көйгөйлөрдү чечүүнү (тобокелдиктердин төмөндөтүүнү) камсыз кыла албайт жана андан да рыноктун, анын ичинде инновациялардын жана технологиялардын өнүгүшү үчүн алгылыктуу шарттарды түзө албайт. Ушуга байланыштуу криптовалюталардын жүгүртүлүшүн максаттуу жөнгө салууну киргизүү зарыл. 

 

2.4. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианты "Тандалма жөнгө салуу" 

 

A. Жөнгө салуунун ыкмасы 

 

Криптовалюталарды жөнгө салуунун ыкмасы криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тобокелдикти аныктоого багытталган жөнгө салууну киргизүүдөн жана жүзөгө ашыруудан турат. Жөнгө салуу тобокелдиктерди идентификациялоого жана азайтууга, ошондой эле санариптик экономиканын, инновациянын жана технологиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө көмөктөшүүгө багытталууга тийиш. 

Криптовалюталарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) кызмат көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгү лицензиялануучу иш түрүнөн болушу зарыл. Бул чара, жыйынтыгында системалуу рыноктун өнүгүшүнө негиз салууга жана өлкөнүн кадимки финансы системасынын коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт. 

Ошондой эле, криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча отчет берүүчү субъект болуусу зарыл. 

Ошол эле учурда, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана алдамчылык операциялары жана капиталдын агылып чыгуу тобокелдиктерин азайтуу бөлүгүндө криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишине мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү зарыл. 

Жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган катар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сунушталат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизбөө сунушталат, себеби аталган мыйзамдын 17-беренесинин 17-пунктуна ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 

Ушуга байланыштуу, криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишине мамлекет тарабынан максаттуу жөнгө салуу зарыл, бул ыйгарым укуктуу органга жок дегенде төмөнкү ыйгарым укуктарды берүүнү билдирет. 

- криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишин лицензиялоо жана реестрин жүргүзүү

- криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишин көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү, алардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, аларга усулдук жана башка көмөк көрсөтүү

- сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- зарыл болсо, кошумча зарыл талаптарды, чектөөлөрдү жана жөнгө салуу чараларын киргизүү

 

"Тандалма жөнгө салуу" вариантын мыйзам түрүндө бекитүү варианттары  

 

1-вариант. Жаны мыйзамдар  

Бул ыкма криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишин жана криптовалюталарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) операцияларын жөнгө салуу боюнча жаңы тармактык мыйзамды иштеп чыгууну болжолдойт.  

Криптовалюталардын укуктук режиминин негизги жоболорун белгилөө жана криптовалюталарды сатып алууну-сатууну (алмаштырууну) жөнгө салуу үчүн "Криптовалюталардын жүгүртүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу сунушталууда. Бул мыйзам жөнгө салуунун ийкемдүүлүгүн камсыз кылган "алкактык" болууга тийиш. Ошол эле учурда, жөнгө салуу тууралуу толук маалыматтарды жөнгө салуу механизмдерин өз убагында адаптациялоо үчүн ченемдик базага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өркүндөтүү боюнча ийкемдүүлүктү камсыз кылуу үчүн мыйзам алдындагы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын деңгээлине чейин калтыруу зарыл. 

Мыйзам төмөнкүлөрдү камтыйт: негизги түшүнүктөр (терминология); мамлекеттик жөнгө салуунун/кийлигишүүнүн максаттары жана милдеттери; ыйгарым укуктуу жөнгө салуу органынын (бул учурда Улуттук банктын) функциялары; криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү лицензиялоо/каттоо боюнча негизги жоболор жана талаптар; жоопкерчилик жана чаралар. 

Андан ары, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана виртуалдуу активдердин түпкү/жалпы түшүнүгүн жарандык укуктардын объектиси катары түптөө зарыл. Криптовалюталарды жана криптоактивдерди камтыган "виртуалдуу актив" түшүнүгү сунушталууда. Бул ыкма эл аралык тажрыйбага жана ФАТФтын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык келет. 

Ошондой эле, "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. 

Учурда, криптовалюталарды алмаштыруу менен иш алып барган жеке адамдар жана юридикалык жактар террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча отчет берүү субъекттеринен болуп саналбайт. Ошону менен бирге, ФАТФтын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, виртуалдуу активдер кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери жөнгө салынууга тийиш. Ушуга байланыштуу, "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү отчет берүүчү субъект катары таануу зарыл. 

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамда криптовалюталар менен операциялар сыяктуу иштин өзүнчө түрүн лицензиялоо каралган эмес. Ушуга байланыштуу, ушул Мыйзамда криптовалюталарды алмаштыруу ишин легалдаштырууну камсыз кылуу үчүн криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишин лицензиялоону караштырган жобону киргизүү сунушталууда.  

2-вариант. Колдонуудагы мыйзамдарга интеграциялоо 

Бул ыкма тармактык мыйзамды иштеп чыгуу зарылчылыгын жокко чыгаруу менен колдонуудагы мыйзамдарда терминдердин жана аныктамалардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын белгилөө, тиешелүү мыйзамдарда ("Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө") криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү лицензиялоо жана отчет берүү тартибинин бекитилишин болжолдойт. 

Азыркы учурда, Салык кодексинде "виртуалдуу актив" жана "майнинг" түшүнүктөрү киргизилген. Ушуга байланыштуу, Салык кодексине виртуалдуу активдерди сатып алуу-сатуу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган юридикалык жак катары "криптовалюта" жана "криптовалюталарды алмаштыруу оператору" деген жаңы түшүнүктөр менен толуктоого мүмкүн.  

Эгерде ишке ашырылса, анда бул ыкма мыйзамдардын деңгээлинде минималдуу өзгөртүүлөр талап кылынгандыктан, жөнгө салуунун эң чоң ийкемдүүлүгүн камсыздай алат, анткени ал бардык жоболорду тармактык мыйзамда бекитилишин талап кылган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын деңгээлинде калтырууга өбөлгө түзөт. 

 

B. Жөнгө салуучу таасирин баалоо 

 

1) жөнгө салуу максатына жетүү деңгээлине жана көйгөйлөрдү чечүүгө

- Улуттук банк, финансы-кредит жана төлөм уюмдарын көзөмөлдөө органы катары криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишин лицензиялоо/каттоо жана көзөмөл жүргүзүү аркылуу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүгүндө тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрө алат; 

- криптовалюталарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча жөнгө салуучу механизмдерди ишке киргизүү жана аларга мониторинг жүргүзүү, криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишинин ачык-айкындуулугуна өбөлгө түзөт, тобокелдиктерди өз убагында баалап, талаптагыдай шайкеш чараларды көрөт. 

- криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү жөнгө салуу транзакциялардын таржымалын, жок дегенде аныкталган төлөмдүн демилгечиси же алуучусу тарабынан идентификацияланган менен сактоого мүмкүндүк берет; 

- жөнгө салуу финтех-компанияларына финансы секторуна криптовалюталарга байланыштуу жаңы продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүгө же аларды инструмент катары колдонууга шарт түзөт. 

- сунушталып жаткан вариант укуктук белгисиздикти четтетүүгө, тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоону, технологияларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш. 

 

2) жөнгө салуунун негизги адресаттарына. 

- криптовалюталардын алмашуусун жөнгө салуунун болушу мындай операцияларды легалдаштырууга, ошондой эле ушул рыноктун өнүгүү потенциалы жана динамикасы жөнүндө статистиканы алууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле, рынокту жөнгө салуу чет өлкө валюталарын алмаштырууга байланыштуу операциялардын ушул сыяктуу түрлөрүнө карата таркатылуучу салык режимин колдонууга мүмкүндүк берет; 

- криптовалюталардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуунун болушу системалуу рыноктун өнүгүшүнө негиз түзүүгө жана инвесторлорду, калкты жана бизнести кошо алганда, катышуучулардын кыйла кеңири чөйрөсүнө катышуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет. Жөнгө салуу бизнесмендердин жана калктын кыйла кеңири чөйрөсүнө мындай операциялар жөнүндө түшүнүк алууга, ошондой эле криптовалюталарды алмаштырууга байланыштуу операциялар жүргүзүлгөн учурда алардын укуктарын коргоого мүмкүндүк берет; 

- криптовалютанын жүгүртүү рыногун жөнгө салуунун пайда болушу, мамлекеттик органдар тарабынан мындай операциялардын өзүм билемдик менен чечмеленишине, ошондой эле финансылык пирамидалардын пайда болушу менен байланышкан тобокелдиктердин ж.б.у.с. орун алышына жол бербөөгө мүмкүндүк берет; 

- криптовалюталардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуунун болушу, криптовалюталар рыногун андан ары өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү процессин баштоого, рыноктун катышуучулары үчүн продукттарды жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет. 

 

C. Ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо 

 

1) Зарыл болгон финансылык, материалдык жана адамдык ресурстардын жетишсиздигинин тобокелдиктери. 

Криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишин көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү үчүн болжолдонгон ыйгарым укуктуу органдын (Улуттук банктын) компетенттүү IT-адистеринин жетишсиздиги тобокелдиги бар. Бул тобокелдикти төмөндөтүү үчүн тиешелүү адистерди даярдоого финансылык жана материалдык чыгымдар талап кылынат. 

2) Сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн механизмдердин жетишсиздигинин тобокелдиктери. 

Криптовалюталардын өзгөрүлмөлүүлүгүнөн, борборлоштурулган эмитенттин жана гаранттын жоктугунан улам, ошондой эле башка жагдайлар боюнча да криптовалюталар керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ПФТД/ЛПД бөлүгүндө, ошондой эле кадимки финансы-кредит чөйрөсү үчүн талаптардын толук ишке ашырылбай калуу тобокелдиктери бар. 

Криптовалюталардын өзгөчөлүгүнөн болуп алардын борборлоштурулбаган жана жашыруундулугу саналат, бул алгылыктуу жөнгө салуу механизмдерин киргизүү үчүн негизги тоскоолдуктан болот. 

3) Сунушталган жөнгө салуу менен коюлган талаптардын сакталышына тийиштүү контролдоону камсыз кыла албоо тобокелдиктери. 

Бул тобокелдик, негизинен, криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр тарабынан ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын аткарылышы менен байланыштуу. Блокчейндеги транзакциялардын борборлоштурулбаган жана жашыруун болушунан улам, транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жана кардарларды идентификациялоо кыйынга турат. 

4) Сунушталган жөнгө салуунун жөнгө салуучу органдардын учурдагы административдик-башкаруучулук потенциалына шайкеш келбөө тобокелдиктери. 

Криптовалюталар ар кандай функцияларды аткара алат: универсалдуу алмашуу каражаты, инвестициялык инструмент, төлөм системасы, баалуулуктарга болгон укукту белгилөө ж.б. Натыйжада, жөнгө салуу периметрин бөлүү кыйынга турган кырдаал келип чыгышы мүмкүн. 

 

D. Атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоо 

 

"Тандалма жөнгө салуу" вариантын кабыл алуу атаандаштыкка тике таасирин тийгизбейт, анткени айрым чарбалык субъекттер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

E. Коомдук консультациялардын натыйжалары 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө криптовалюталар рыногунун өкүлдөрү, төлөм системалары жана эксперттер менен консультациялар өткөрүлдү. Рыноктун өкүлдөрү "Тандалма жөнгө салуу" тандалган жөнгө салуу вариантынын пайдасына колдой тургандыктарын билдиришти. 

 

2.5. Каралган жөнгө салуунун альтернативдүү варианттары  

 

2-вариант. "Өзүн-өзү жөнгө салуу - мамлекеттик эмес түзүмдөрдү - ассоциацияларды түзүү". 

Бул вариант ассоциация түрүндө мамлекеттик эмес түзүмдү түзүүнү сунуштайт, ал криптовалюталар рыногунун өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргойт, жетишилген консенсустун негизинде тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча усулдук жана жөнгө салуучу чараларды ишке киргизет. 

Азыркы учурда, бул сектор жетишээрлик өнүккөн эмес жана буга байланыштуу, ушул жөнгө салуу варианты менен көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн. Ошондой эле, рыноктун өзүн-өзү жөнгө салууда ФАТФтын сунуш-көрсөтмөлөрүндө көрсөтүлгөндөй, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) үчүн криптовалюталарды колдонуу тобокелдиктери сакталууда. 

Жөнгө салуунун бул варианты рыноктун субъекттеринин көмүскөдөн чыгарууга өбөлгө түзүшү мүмкүн, мында болжолдонуп жаткан ассоциация тарабынан кабыл алынган чечимдердин сунуш берүү мүнөзүнөн улам, рыноктун башаламан мүнөзү сакталып калышы мүмкүн. 

Ошондой эле, бул вариант мамлекетке рынокко мониторинг жүргүзүүгө, тобокелдиктерге баа берүүгө жана аларды төмөндөтүү боюнча өз убагында шайкеш чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. 

Жумушчу топ бул жөнгө салуу варианты көйгөйлөрдү чечилишин камсыздайбат жана кошумча тобокелдиктерди жаратат деп эсептейт. 

 

3-вариант. Толугу менен тыюу салуу. 

Мындай ыкма технологиянын өнүгүшүнө, санариптештирүү процессине жана жыйынтыгында санарип экономиканы түзүүгө терс таасирин тийгизет. 

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, криптовалюталардын жүгүртүлүшүнө тыюу салган өлкөлөр укуктук режимди жана жөнгө салууну белгилөө багытында өз позицияларын кайра карап жатышат. 

Мындан тышкары, криптовалюталардын технологиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам, аталган вариантты ишке ашыруу мүмкүн эмес, анткени бул чөйрө өзүнүн табиятынан толугу менен тыюу салынышы мүмкүн эмес. 

 

3. "Тандалма жөнгө салуу" жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын тандоонун негиздемеси 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарсак, "Өзгөртүүсүз калтыруу" варианты криптовалюталар рыногунун нормалдуу иштешине алып келбейт жана тобокелдиктерди төмөндөтүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүүгө жол бербейт. 

"Өзүн өзү жөнгө салуу - мамлекеттик эмес түзүмдөрдү - ассоциацияларды түзүү" вариантында белгисиз кырдаал келип чыгат, анда адилет атаандаштыкты камсыз кылуу, тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча өз убагында чараларды көрүү мүмкүн болбой калат. "Толугу менен тыюу салуу" вариантында инновациялык технологиялардын өнүгүшү бир кыйла басаңдайт, бул Кыргыз Республикасында санариптештирүү жана санарип экономиканы түзүү процессине терс таасирин тийгизет. 

“Тандалма жөнгө салуу” вариантында укуктук белгисиздик четтетилип, тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чаралар көрүлөт жана керектөөчүлөр менен инвесторлордун укуктары коргоо камсыз кылынат. Ошондой эле, бул вариант рынок үчүн алгылыктуу жана адилеттүү шарттарды түзүүгө, ошондой эле криптовалюталарды талдоого жана финансы секторуна интеграциялоого өбөлгө түзөт. 

Криптовалюталар рыногун легалдаштыруу жана демилгелөө, тобокелдиктерди төмөндөтүү, керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укуктарын коргоо, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды рынокко алып чыгуу максатында, жүргүзүлгөн талдап-иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча "Тандалма жөнгө салуу" №4 варианты эң артыкчылыктуу болуп саналат. Бул вариантта криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн иши Улуттук банк тарабынан криптовалюталарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) жаатында гана жана террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укуктарын коргоо, капиталдын агылып чыгуу жана атаандаштыктын бузулушу тобокелдиктерин төмөндөтүү, ошондой эле финансы технологияларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү максаттарында гана жөнгө салынат. 

Бул чечим дүйнөлүк тажрыйбага шайкеш келет, рыноктун катышуучуларына кошумча чыгымдарды алып келбейт. Сунушталган варианттын алкагында атаандаштыкты, финансылык туруктуулукту, керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуу тобокелдиктерин төмөндөткөн механизмдерди ишке ашыруу каралган. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аналитикалык катка  

№1 тиркеме 

 

КҮТҮЛҮҮЧҮ ЭКОНОМИКАЛЫК НАТЫЙЖАЛАРДЫ БААЛООНУН 

КОРУТУНДУСУ  

(чыгымдардын жана пайдалардын) 

Тандалма жөнгө салуу 

өнгө салуу вариантынын аталышы) 

 

Күтүлүүчү экономикалык натыйжаларды баалоонун негизги (кыска) жыйынтыгы: Аталган жөнгө салууну ишке ашыруу ишкерлер жана мамлекет үчүн кошумча чыгымдарга алып келбейт.  

Күтүлүүчү экономикалык натыйжаларды баалоо боюнча толук маалымат:  

Колдонулган методика: Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигинин 2020-жылдын “___”_______ буйругу менен бекитилген Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жүргүзүүдө күтүлүүчү экономикалык натыйжаларды баалоонун убактылуу методикасы. 

 

Баалонун убактысы: 1 календарлык жыл. 

Эсептөөлөр үчүн баштапкы маалыматтарды таблицасы 

№ 

Көрсөткүчтүн аталышы 

Мааниси  

Маалыматтын булагы 

 

 

 

 

 

 

 

Кошумча чыгымдарды жана пайдаларды баалоонун жыйынтыктарынын таблицасы 

 

Аталышы 

Миң сом 

 

Ишкер субъектилеринин маалыматтык жана мазмундуу талаптарды аткарууга карата чыгымдары 

(бардыгы болуп чыгымдар) 

A. 

Маалыматтык талаптарды аткарууга карата чыгымдар бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык маалыматтык талаптар боюнча бардыгы болуп) 

Маалыматты берүү (документтер, көчүрмөлөр ж.б) 

 

Маалыматты топтоо жана сактоо (эсепке алууну жана отчет жүргүзүү, транзакциялардын/операциялардын таржымалын сактоо, операциялардын көлөмү жана саны, кардарлардын идентификациялоо маалыматтары ж.б.) 

 

 

Эмгек акыга кеткен чыгымдар 

 

 

Сатып алууга кеткен чыгымдар 

 

 

ж.б. 

 

B. 

Мазмундуу талаптарды аткарууга карата чыгымдар бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык мазмундуу талаптар боюнча бардыгы болуп) 

№1 талаптын аталышы 

(№1 мазмундуу талап боюнча жыйынтыгында) 

 

Кызматкерлердин эмгек акысына кеткен чыгымдар 

 

 

Сатып алууга кеткен чыгымдар 

 

 

ж.б. 

 

 

 

 

 

Ишкердик субъектилеринин маалыматтык жана мазмундуу талаптарды төмөндөтүүнүн/жоюлушунун жыйынтыгында алынган пайда (үнөмдөө)  

(бардыгы болуп алынган пайда) 

A. 

Маалыматтык талаптарды төмөндөтүүнүн/жоюлушунун жыйынтыгында алынган пайда бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык маалыматтык талаптар боюнча бардыгы болуп) 

№1 талаптын аталышы 

(№1 маалыматтык талап боюнча жыйынтыгында) 

 

Эмгек акыга кеткен чыгымдардын үнөмдөө  

 

 

мындан ары 

 

B. 

Мазмундуу талаптарды төмөндөтүүнүн/жоюлушунун жыйынтыгында алынган пайда бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык мазмундуу талаптар боюнча бардыгы болуп) 

№1 талаптын аталышы 

(№1 мазмундуу талап боюнча жыйынтыгында) 

 

Эмгек акыга кеткен чыгымдардын үнөмдөө 

 

 

ж.б. 

 

 

 

 

 

Бийлик органдарынын ишкердик субъектилерине карата маалыматтык жана мазмундуу талаптарды администрлөөгө кеткен чыгымдары 

(бардыгы болуп чыгымдар) 

A. 

Маалыматтык талаптарды администрлөөгө кеткен чыгымдар бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык маалыматтык талаптар боюнча бардыгы болуп) 

№1 талаптын аталышы 

(№1 маалыматтык талап боюнча жыйынтыгында) 

 

Кызматкерлердин эмгек акысына кеткен чыгымдар 

 

 

Сатып алууга кеткен чыгымдар 

 

 

ж.б. 

 

B. 

Мазмундуу талаптарды администрлөөгө кеткен чыгымдар бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык мазмундуу талаптар боюнча бардыгы болуп) 

№1 талаптын аталышы 

(№1 мазмундуу талап боюнча жыйынтыгында) 

 

Кызматкерлердин эмгек акысына кеткен чыгымдар 

 

 

Сатып алууга кеткен чыгымдар 

 

 

ж.б. 

 

 

Бийлик органдарынын башка бийлик органдарына карата маалыматтык жана мазмундуу талаптарды аткарууга кеткен чыгымдары  

(бардыгы болуп чыгымдар) 

A. 

Маалыматтык талаптарды аткарууга кеткен чыгымдар бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык маалыматтык талаптар боюнча бардыгы болуп) 

№1 талаптын аталышы 

(№1 маалыматтык талап боюнча жыйынтыгында) 

 

Кызматкерлердин эмгек акысына кеткен чыгымдар 

 

 

Сатып алууга кеткен чыгымдар 

 

 

ж.б. 

 

B. 

Мазмундуу талаптарды аткарууга кеткен чыгымдар бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык мазмундуу талаптар боюнча бардыгы болуп) 

№1 талаптын аталышы 

(№1 мазмундуу талап боюнча жыйынтыгында) 

 

Кызматкерлердин эмгек акысына кеткен чыгымдар 

 

 

Сатып алууга кеткен чыгымдар 

 

 

ж.б. 

 

 

 

 

 

Бийлик органдарынын башка бийлик органдарына карата маалыматтык жана мазмундуу талаптарды төмөндөтүүнүн/жоюлушунун жыйынтыгында алынган пайдасы (үнөмдөө)  

(бардыгы болуп алынган пайда) 

А. 

Маалыматтык талаптарды төмөндөтүүнүн/жоюлушунун жыйынтыгында алынган пайдасы бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык маалыматтык талаптар боюнча бардыгы болуп) 

№1 талаптын аталышы 

(№1 маалыматтык талап боюнча жыйынтыгында) 

 

Эмгек акыга кеткен чыгымдарды үнөмдөө 

 

 

ж.б. 

 

В. 

Мазмундуу талаптарды төмөндөтүүнүн/жоюлушунун жыйынтыгында алынган пайда бардыгы болуп 

анын ичинде: 

(бардык мазмундуу талаптар боюнча бардыгы болуп) 

№1 талаптын аталышы 

(№1 мазмундуу талап боюнча жыйынтыгында) 

 

Эмгек акыга кеткен чыгымдарды үнөмдөө 

 

 

ж.б. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аналитикалык катка 

№2 тиркеме 

 

 

«Тандалма жөнгө салуу» жөнгө салуунун вариантынын 

аталышын көрсөтүү зарыл 

 

АТААНДАШТЫККА ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨНҮН  

КОРУТУНДУСУ 

 

 

Ага ылайык талдап-иликтөө жүргүлгөн методика (аталышы): 

 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүдө атаандаштыкка тийгизген таасирди талдап-иликтөө методикасы  

 

Талдап-иликтөө жүргүзүлгөн күн: 2020-жылдын 22-июнунан 2020-жылдын 8-декабрына чейин 

 

Атаандаштыкка талдап-иликтөө жүргүзүүнүн негизги (кыскача) жыйынтыгы

Жөнгө салуунун варианты атаандаштыкка олуттуу деле таасирин тийгизбейт  

 

Атаандаштыкка талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө кеңири маалымат: 

 

· Товар рыногунун негизги параметрлери  

Товар рыногунун продукттук чек арасы: 

- криптовалюталар/виртуалдуу активдер  

 

Товар рыногунун географиялык чек арасы: 

- георафиялык жактан чектелбейт  

 

Товар рыногунун көлөмү (маалымат бар болсо): 

- маалымат жок  

 

1) Товар рыногунда иш алып барган чарбалык субъекттердин курамы (маалымат бар болсо) 

- виртуалдуу активтерди алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр - үлүшү (%): белгисиз 

 

 

· Баа берүүлөр 

 

Фактордун аталышы 

баа берүү 

"ооба" же "жок" 

"ооба" баа берүүсүнүн негиздемеси 

 

 

Товар рыногунун концентрациялануу деңгээлин баалоо 

 

 

Аталган товар рыногунда кандайдыр бир чарбалык субъектинин үлүшү 35 пайызды же андан көптү түзгөн үстөмдүк кылуучу абал барбы - эгер бар болсо? 

жок 

 

Ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көбүрөөк жана жалпысынан 50 пайыздан ашкан үчтөн ашык чарбалык субъекттердин чогуу алгандагы үстөмдүгү же ар биринин үлүшү тиешелүү рыноктогу башка чарбалык субъекттердин үлүшү башкалардын үлүшүнөн жогору болгон бештен ашык чарбалык субъекттердин чогуу алгандагы үлүшү болгон үстөмдүк кылучу абалы барбы? - эгерде маалыматтар бар болсо? 

жок 

 

 

Товар рыногуна кирүүгө-чыгууга экономикалык чектөөлөрдү баалоо 

 

 

Жаңы жөнгө салуу пропорционалдуу эмес жогорку чыгымдарды алып келеби: 

- колдонуудагы жөнгө салуу үчүн караганда рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн; 

ири ишканаларга караганда чакан ишкана үчүн ж.б. 

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу потенциалдуу катышуучулардын рынокто сунуштары чектелген ресурстарга (материалдык-буюмдук, материалдык эмес ж.б.) жеткиликтүүлүгүн кыйла чектейби? 

жок 

 

Жаңы жөнгө салууга байланыштуу аталган товар рыногунда ишти мажбурлап токтотулган шартта иштеп жаткан чарбачыл субъекттердин (экономикалык туруктуулукка доо кетирүүгө жөндөмдүү) жогорку чыгымдарга алып келеби? 

жок 

 

 

Товар рыногуна кирүүнүн административдик чектөөлөрүн баалоо 

 

 

Жаңы жөнгө салуу лицензиялык талаптардын жана рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн лицензияларды алуу жол-жоболорунун наркынын кыйла жогорулашына алып келеби? 

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу чарбалык субъекттеринин чектелген ресурстарды административдик бөлүштүрүүдө укуктарынын теңдигинин шарттарын бузууга алып келеби? 

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарбалык субъекттеринин баа түзүү механизмдерин тандоону, продукциянын сапатын аныктоону, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштыруу ордун аныктоону чектөөгө аныктоону чектөөгө алып келеби? 

жок 

 

 

Товар рыногуна чыгууга стратегиялык чектөөлөрдү баалоо 

 

 

Жаңы жөнгө салуу чарбалык интеграциянын ар кандай туруктуу формаларынын (холдингдер, финансылык-өндүрүштүк ассоциациялар, анын катышуучуларынын өз ара атаандаштык деңгээли төмөн жана кооперациянын жогорку деңгээли болгон кластерлер ж.б.) катышуучулар үчүн кошумча артыкчылыктарды алууга алып келеби? 

жок