Кайта келүү

Долбоор 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө»  

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

1-берене 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 2-беренеcинин:  

а) 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) электрондук акча акцептанты (акцептант) электрондук акчанын эмитенти же электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент менен түзүлгөн келишимге ылайык операциялардын электрондук акча менен жүргүзүлгөндүгүн тастыктоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алуучу юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер;»; 

б) 3-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Накталай эмес эсептешүү ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык банк эсебинен же электрондук капчыктын өздүк эсебинен жана башка булактардан акча каражаттарын эсептен чыгаруу жолу менен эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (төлөм QR-коду), төлөм шилтемелерин жана маалыматтарды зымсыз берүүнүн башка технологияларын пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн;»; 

в) төмөнкү мазмундагы 16-1 жана 16-2-пункттар менен толукталсын: 

«16-1) төлөм QR-коду - төлөм маалыматтарын берүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилери; 

16-2) төлөм шилтемеси-төлөм маалыматтарын берүү үчүн белгилердин текст түрүндө топтому;»; 

г) 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22) электрондук акча эмитенти (эмитент) Улуттук банк, ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна банктын лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык, электрондук акча чыгаруу укугуна ээ банк жана электрондук акчаны төлөөгө сунуштоочу электрондук акча ээлерине чыгарылган электрондук акчаны төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган, Улуттук банктын лицензиясына тиешелүү уруксаты бар төлөм уюму;»; 

д) төмөнкү мазмундагы 24- пункт менен толукталсын: 

«NFC (near field communication)- байланышсыз төлөмдөр үчүн зымсыз маалымат берүү технологиясы.»; 

 

2) 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн:  

а) 1-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «үчүнчү жактардын, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн» деген сөздөр «үчүнчү жактардын товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн» дегенге алмаштырылсын; 

б) төмөнкү мазмундагы 11- пункт менен толукталсын: 

11) ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык электрондук акчаларды чыгаруу;»; 

в) 2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтууну/тындырууну кошуп алганда» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

3) 6-беренесинин 9-бөлүгүндөгү «банк» деген сөз «эмитент» дегенге алмаштырылсын; 

 

4) төмөнкү мазмундагы 6-1- берене менен толукталсын: 

«6-1- берене. Төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу жана тындыруу тартиби. 

1. Төлөм уюму электрондук акчаны Улуттук банктын лицензиясына тиешелүү уруксаты болгон учурда чыгарат. 

2. Төлөм уюму электрондук акчаны төлөм уюму тарабынан чыгарылган электрондук акчанын суммасынан кем эмес суммада төлөм уюму тарабынан коммерциялык банктагы атайын эсептеги акча каражаттары алдын ала депондоштурулган шартта чыгарат. 

3. Төлөм уюму электрондук акчаны кармоочуга накталай эмес ыкмада гана тындырууга укуктуу. 

4. Төлөм уюму ушул беренеде белгиленген электрондук акчаларды чыгаруунун жана тындыруунун шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат жана чыгарылган электрондук акчалардын атайын эсептеги депондоштурулган суммасына ылайык келишине контролдук жүргүзөт. Андан кийинки контролдоо функциясы да келишимдик мамилелердин алкагында белгиленүүгө тийиш болгон, электрондук акчаларды чыгаруу эсебине депондоштурулган сумманы сактоо жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде, электрондук акча системасына онлайн режимде кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу атайын эсеп ачылган банкка берилет. 

5. Төлөм уюму маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды сактоого жана электрондук акчаларды чыгаруунун, жайылтуунун жана тындыруунун бардык этаптарында маалыматтарды үзгүлтүксүз коргоону жүзөгө ашырууга тийиш.»; 

 

5) төмөнкү мазмундагы 13-1-берене менен толукталсын: 

«13-1-берене. Эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (QR-код) жана төлөм шилтемелерин колдонуу менен эсептөөлөр 

1. Төлөм системасынын катышуучулары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, QR -кодду пайдалануу менен оператор/өз ара аракеттенүү операторлору аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана өз ара аракеттенүү операторунун операциялык эрежелерин жана техникалык регламентин сактоого тийиш. 

2. Кайсы болбосун туташтырууларда QR -кодду жана төлөм шилтемелерин колдонуу КМС 1348:2019 финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Эки өлчөмдүү штрих код белгилеринин улуттук стандартынын талаптарына толук жооп бериши керек. 

3. Өз ара аракеттенүү операторлору төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуу, ошондой эле QR-кодду жана төлөөчүдөн акыркы алуучуга чейинки акча каражаттарын пайдалануу менен төлөм жүргүзүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору менен интеграцияланууга жана өз ара аракеттенүүгө тийиш.»; 

 

6) 15-берененин: 

а) 5-бөлүгүнүн 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) банк-эмитент үчүн: эмитенттин корреспонденттик (учурдагы) эсебинен эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын алган учурда кайтарылгыс; эквайердин эсебине каражаттар чегерилген учурда аяктаган;  

б) 5-бөлүгүнүн 3-пунктчасында «банк-эквайер» деген сөздөр «эквайер» дегенге алмаштырылсын. 

 

7) 21-беренесинин 4-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын банкы чыгарган» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

2-берене 

1. Мыйзам расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти