«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
1. Максаты жана милдеттери
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) мурда банктар тарабынан гана сунушталган банктык операциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген тизмесин тесттен өткөрүү максатында түзүлгөн төлөм уюмдарынын биринде атайын жөнгө салуу режимин ийгиликтүү аяктоонун жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) Төлөм системасы боюнча комитетинин 2021-жылдын 24-августундагы № 2021-ЗСД-КОМ-КПС-9/2 токтому менен, төлөм системасынын операторунун лицензиясына ээ бир төлөм уюму үчүн банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тесттен өткөрүү максатында 2021-жылдын 1-сентябрынан 2022-жылдын 28-февралына чейинки мезгилге карата атайын жөнгө салуу режими түзүлгөн (атайын жөнгө салуу режими Төлөм системасы боюнча комитеттин 2022-жылдын 16-августундагы № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-9/2 токтому менен 2023-жылдын 28-февралына чейин, 2023-жылдын 16-февралындагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-2/2 токтому менен 2023-жылдын 28-августуна чейин эки жолу узартылган).
Төлөм системасы боюнча комитеттин 2023-жылдын 24-августундагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-11/1 токтому менен бул тесттен өткөрүү ийгиликтүү деп табылып, банктык операциялардын төмөнкү чектелген тизмесин ишке ашыруу үчүн лицензиянын мөөнөтү 2024-жылдын 28-февралына чейин узартылган:
- электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде аларды тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия);
- соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/сатылуучу товарларга, иштерге, соода-тейлөө ишканаларынын көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн төлөм каражаты катары QR-коддорду колдонуу жана банктык карталарды кабыл алуу боюнча келишимдик мамиле түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканаларында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу аркылуу POS-терминалдар, анын ичинде виртуалдык жана мобилдик POS-терминалдар, ошондой эле QR-коддорду колдонуу аркылуу электрондук коммерция жүргүзүү максатында, банктык карталар эквайринги («Элкарт» улуттук төлөм системасы, Visa менен Mastercard эл аралык төлөм системалары), анын ичинде интернет-эквайринг.
Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12\45-3-(НПА) токтому менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун «Тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгаруу» 7-главасынын 36-пунктуна ылайык, эгерде тестирлөө ийгиликтүү деп табылса, Комитет Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө тесттен өткөн кызмат көрсөтүүлөргө/технологияларга тоскоолдук кылууну жокко чыгарган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кызматтарды көрсөтүү, лицензиянын мөөнөтүн узартуунун негизинде мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин улантылышы мүмкүн. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөттөрү узартылган учурда Комитет тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин шарттарында кызмат көрсөтүүлөрдү улантуу үчүн кошумча шарттар белгилениши мүмкүн.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, атайын жөнгө салуучу режиминин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун натыйжалары боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталышы мүмкүн.
Алсак, Улуттук банктын 2023-жылдын 3-октябрындагы № 2023-Пр-141/219-О буйругу менен Мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Электрондук акчаларды чыгарууга укугу бар субъекттердин санын көбөйтүү Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Мыйзам долбоорунда төлөм уюмдарына электрондук акчаларды чыгарууга уруксат берүү, эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR -код) жана төлөм шилтемелерин колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолор, ошондой эле техникалык оңдоолор каралган. Банктык карталардын эквайринги бөлүгүндө банктык карталарга байланыштуу акыркы эсептешүүлөр боюнча өзгөртүүлөр киргизилген.
Ошондой эле, төлөм уюмдары кимдин пайдасына өз ишинин алкагында төлөмдөрдү кабыл алууга укуктуу экендиги боюнча төлөм уюмунун ишин тактоо үчүн «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна тиешелүү түзөтүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун «Коом талкуу» бирдиктүү порталында жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүн талдоо
Мыйзам долбоору колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык мыйзам актыларына карама-каршы келбейт.
Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Сунуш кылынган Мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгына алып келбейт.
Сунушталган Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирилүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу» жөнүндө жобо;
- Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Мыйзам долбоорун ишке ашырууда республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүү талап кылынбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын төрагасы К. Боконтаев