Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Колдонуудагы редакция |
Сунушталган редакция |
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: 1) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент – Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны накталай же накталай эмес акча каражаттарына тындырууну (алмаштырууну) жүргүзүүчү, электрондук акчаны жайылтуучу юридикалык жак же жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти; 2) электрондук акчанын акцептанты (акцептант) – электрондук акчанын банк-эмитенти агент менен түзүлгөн келишимге ылайык операцияларды электрондук акча менен жасалганын ырастоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алуучу юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер; 3) накталай эмес эсептешүү – акча каражаттарынын жылышы берилген төлөм документтерине ылайык төлөөчүнүн банктык эсебиндеги акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды алуучунун банктык эсебине чегерүү жолу менен накталай акчанын катышуусуз, ошондой эле эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлүүчү акча жүгүртүү формасы. Эсептешүү төлөмдүн аяктагандыгы болуп саналат;
4) мамлекет ичиндеги төлөм – Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаны пайдалануу менен жасалган төлөм; 5) үй банкинги (home-banking) – алыстан туруп «үйүндө» банктык тейлөөнүн жана банктар тарабынан үйлөрдөгү же офистердеги терминалдарды (персоналдык компьютер, стационардык телефон) банктын компьютердик түйүнүө туташтыруу аркылуу кардарларга (жеке жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдүсунуштоо ыкмасы; 6) интернет-банкинг – кардардын өзүнүн банктык эсептерин Интернет аркылуу аралыктан башкаруусу. Интернет-банкингди пайдалануу менен төлөмдөр Интернет түйүнүнүн жалпы жеткиликтүү каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат; 7) клиринг – төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, ырастоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси; 8) эл аралык электрондук акча – Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын резиденттери эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынган) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акчалай милдеттенмелер; 9) банктар аралык клирингдик система – клирингдик борбор аркылуу клиринг системасынын катышуучулары анын жардамы менен маалыматтарды берүү, алмашуу, төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды башка катышуучуларга которуу эрежелеринин, жол-жоболорунун жана ыкмаларынын жыйындысы. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негизделиши мүмкүн; 10) мобилдүү банкинг – кардардын мобилдик телефонунан банкка жиберген билдирүүлөрү аркылуу банктык эсепти алыстан туруп башкаруусу; 11) төлөм системасынын оператору – төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша Улуттук банктын лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштөөсүн камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ал келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет; 12) төлөм – накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенменин аткарылышы же болбосо төлөөчүнүн накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси; 13) төлөм документи – юридикалык же жеке жактар тарабынан жол-жоболоштурулган, анын негизинде төлөм жүргүзүлүүчү белгиленген формадагы документ; 14) банктык төлөм картасы (төлөм картасы) – товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акчалай которууларды, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка түзүлүштөр (перифериялык түзүлүштөр) аркылуу электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланылулуучу төлөм инструменти; 15) төлөм системасы – акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышкан системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөмдөр системасына жана чекене төлөм системасына бөлүнөт; 16) төлөм уюму – төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык, маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясы бар юридикалык жак; 16-1) жок
16-2) жок
17) акча которуулар системасы – төлөм системасынын оператору тарабынан адресаттарга төлөнүп бериле турган шартта калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын тиби; 18) төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы – карталарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы; 19) электрондук акча – алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошуп алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы; 20) электрондук төлөм документи – эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган жана электрондук санариптик колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү; 21) процессинг – финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди өзүнө камтыган лицензиялануучу иш; 22) электрондук акчанын эмитенти (эмитент) – Улуттук банк, ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна банктын лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык, электрондук акча чыгаруу укугуна ээ жана электрондук акчаны накталай акчага айландыруучу кармоочуларга электрондук акча төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк; 23) эл аралык электрондук акчанын эмитенти – банк же Кыргыз Республикасынын аймагынын сырткары, эл аралык электрондук акча каражаттарынын чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган чыгарылганган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес юридикалык жак; 24) жок |
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: 1) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент – Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны накталай же накталай эмес акча каражаттарына тындырууну (алмаштырууну) жүргүзүүчү, электрондук акчаны жайылтуучу юридикалык жак же жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти; 2) электрондук акча акцептанты (акцептант) – электрондук акчанын эмитенти же электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент менен түзүлгөн келишимге ылайык операциялардын электрондук акча менен жүргүзүлгөндүгүн тастыктоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алуучу юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер; 3) накталай эмес эсептешүү – акча каражаттарынын жылышы берилген төлөм документтерине ылайык төлөөчүнүн банктык эсебиндеги акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды алуучунун банктык эсебине чегерүү жолу менен накталай акчанын катышуусуз, ошондой эле эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлүүчү акча жүгүртүү формасы. Эсептешүү төлөмдүн аяктагандыгы болуп саналат. Накталай эмес эсептешүү ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык банк эсебинен же электрондук капчыктын өздүк эсебинен жана башка булактардан акча каражаттарын эсептен чыгаруу жолу менен эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (төлөм QR-коду), төлөм шилтемелерин жана маалыматтарды зымсыз берүүнүн башка технологияларын пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн; 4) мамлекет ичиндеги төлөм – Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаны пайдалануу менен жасалган төлөм; 5) үй банкинги (home-banking) – алыстан туруп «үйүндө» банктык тейлөөнүн жана банктар тарабынан үйлөрдөгү же офистердеги терминалдарды (персоналдык компьютер, стационардык телефон) банктын компьютердик түйүнүө туташтыруу аркылуу кардарларга (жеке жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдүсунуштоо ыкмасы; 6) интернет-банкинг – кардардын өзүнүн банктык эсептерин интернет аркылуу аралыктан башкаруусу. интернет-банкингди пайдалануу менен төлөмдөр интернет түйүнүнүн жалпы жеткиликтүү каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат; 7) клиринг – төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, ырастоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси; 8) эл аралык электрондук акча – Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын резиденттери эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынган) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акчалай милдеттенмелер; 9) банктар аралык клирингдик система – клирингдик борбор аркылуу клиринг системасынын катышуучулары анын жардамы менен маалыматтарды берүү, алмашуу, төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды башка катышуучуларга которуу эрежелеринин, жол-жоболорунун жана ыкмаларынын жыйындысы. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негизделиши мүмкүн; 10) мобилдүү банкинг – кардардын мобилдик телефонунан банкка жиберген билдирүүлөрү аркылуу банктык эсепти алыстан туруп башкаруусу; 11) төлөм системасынын оператору – төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша Улуттук банктын лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштөөсүн камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ал келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет; 12) төлөм – накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенменин аткарылышы же болбосо төлөөчүнүн накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси; 13) төлөм документи – юридикалык же жеке жактар тарабынан жол-жоболоштурулган, анын негизинде төлөм жүргүзүлүүчү белгиленген формадагы документ; 14) банктык төлөм картасы (төлөм картасы) – товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акчалай которууларды, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка түзүлүштөр (перифериялык түзүлүштөр) аркылуу электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланылулуучу төлөм инструменти; 15) төлөм системасы – акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышкан системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөмдөр системасына жана чекене төлөм системасына бөлүнөт; 16) төлөм уюму – төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык, маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясы бар юридикалык жак; 16-1) төлөм QR-коду - төлөм маалыматтарын берүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилери; 16-2) төлөм шилтемеси-төлөм маалыматтарын берүү үчүн белгилердин текст түрүндө топтому; 17) акча которуулар системасы – төлөм системасынын оператору тарабынан адресаттарга төлөнүп бериле турган шартта калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын тиби; 18) төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы – карталарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы; 19) электрондук акча – алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошуп алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы; 20) электрондук төлөм документи – эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган жана электрондук санариптик колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү; 21) процессинг – финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди өзүнө камтыган лицензиялануучу иш; 22) электрондук акча эмитенти (эмитент) – Улуттук банк, ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна банктын лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык, электрондук акча чыгаруу укугуна ээ банк жана электрондук акчаны төлөөгө сунуштоочу электрондук акча ээлерине чыгарылган электрондук акчаны төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган, Улуттук банктын лицензиясына тиешелүү уруксаты бар төлөм уюму; 23) эл аралык электрондук акчанын эмитенти – банк же Кыргыз Республикасынын аймагынын сырткары, эл аралык электрондук акча каражаттарынын чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган чыгарылганган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес юридикалык жак; 24) NFC (near field communication) - байланышсыз төлөмдөр үчүн зымсыз маалымат берүү технологиясы. |
3-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу 1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе жана эсептешүүлөрдүн пайдаланылып жаткан формасы менен шартталбаса, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар банктар тарабынан жүзөгө ашырылат. 2. Банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктык жана төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөргө юридикалык жактар менен, ошондой эле калкка төлөм жүргүзүү, эсептешүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеке ишкерлер менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу. Мында келишимдин чегинде агенттердин милдеттенмелерди аткарышы боюнча жоопкерчилигин банк тартат. 3. Төлөм уюму төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен түзүлгөн жана акча каражаттарын төлөм уюмунун банктык эсебинен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн банктык эсептерине которуу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин аныктаган агенттик келишимдин негизинде үчүнчү жактардын, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы агенттик келишимде накталай акча каражаттарын киргизүү, банктык эсептен которуу, камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу, кайтарылгыс банктык кепилдектерди берүү жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында төлөм уюмунун милдеттенмелерин аткаруу боюнча камсыз кылуу жолу менен төлөм уюму тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдын ала акы төлөө шарттарында өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн; 11) Жок
2) банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде гана Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтууну/тындырууну кошуп алганда, банктык мыйзамдарда белгиленген банк операцияларынын башка тизмегин. Мында банк келишимдин чегинде агенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат. 31. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрү менен гана алектенүүгө, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө жана төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча Улуттук банктын талаптарына ылайык анын негизги ишин коштоочу же анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат. Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка жакка берүүгө тыюу салынат. Банк маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын көрсөтүү боюнча, ошондой эле лицензияда түздөн-түз көрсөтүү менен төлөм системасынын, ушул процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү операцияларын жүзөгө ашырууга укуктуу. 4. Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттар менен төлөм жүргүзүүнүн ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүдөгү операциялардын түрлөрүнүн тизмегин Улуттук банк аныктайт. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун – Кыргыз Республикасынын резиденттеринин лицензиясыз иштөөсүнө тыюу салынат. Төлөм системасынын операторлорунун – Кыргыз Республикасынын резиденти эместеринин каттоосуз иштөөсүнө тыюу салынат. 5. Лицензияны алууга/каттоодон өтүүгө арыздын формасы, ага тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле аларды кароонун тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. |
3-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу 1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе жана эсептешүүлөрдүн пайдаланылып жаткан формасы менен шартталбаса, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар банктар тарабынан жүзөгө ашырылат. 2. Банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктык жана төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөргө юридикалык жактар менен, ошондой эле калкка төлөм жүргүзүү, эсептешүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеке ишкерлер менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу. Мында келишимдин чегинде агенттердин милдеттенмелерди аткарышы боюнча жоопкерчилигин банк тартат. 3. Төлөм уюму төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен түзүлгөн жана акча каражаттарын төлөм уюмунун банктык эсебинен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн банктык эсептерине которуу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин аныктаган агенттик келишимдин негизинде үчүнчү жактардын – товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы агенттик келишимде накталай акча каражаттарын киргизүү, банктык эсептен которуу, камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу, кайтарылгыс банктык кепилдектерди берүү жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында төлөм уюмунун милдеттенмелерин аткаруу боюнча камсыз кылуу жолу менен төлөм уюму тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдын ала акы төлөө шарттарында өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн; 11) ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык электрондук акчаларды чыгаруу. 2) банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде гана банктык мыйзамдарда белгиленген банк операцияларынын башка тизмегин. Мында банк келишимдин чегинде агенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат.
31. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрү менен гана алектенүүгө, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө жана төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча Улуттук банктын талаптарына ылайык анын негизги ишин коштоочу же анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат. Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка жакка берүүгө тыюу салынат. Банк маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын көрсөтүү боюнча, ошондой эле лицензияда түздөн-түз көрсөтүү менен төлөм системасынын, ушул процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү операцияларын жүзөгө ашырууга укуктуу. 4. Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттар менен төлөм жүргүзүүнүн ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүдөгү операциялардын түрлөрүнүн тизмегин Улуттук банк аныктайт. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун – Кыргыз Республикасынын резиденттеринин лицензиясыз иштөөсүнө тыюу салынат. Төлөм системасынын операторлорунун – Кыргыз Республикасынын резиденти эместеринин каттоосуз иштөөсүнө тыюу салынат. 5. Лицензияны алууга/каттоодон өтүүгө арыздын формасы, ага тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле аларды кароонун тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. |
6-берене. Электрондук акча 1. Эмитент накталай же накталай эмес акча каражаттарын электрондук акчага алмаштыруу жолу менен электрондук акча инструменттери (алып жүрүүчү) формасында электрондук акча чыгарууну жүзөгө ашырат. Электрондук акчаларды тындырууда электрондук акча каражаттарынын инструменти электрондук акчаны сунуштоочуга электрондук акчаны тындыруу боюнча эмитенттин милдеттенмелеринин суммасын чагылдырат. 2. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны чыгаруучу эмитент электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдүн коопсуз жана ишенимдүү жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. 3. Электрондук акчанын ар бир инструментине (алып жүрүүчүсүнө) уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Уникалдуу идентификациялык номер кармоочуга инструментте (алып жүрүүчүдө) электрондук акчанын жылышы жана калдыгы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арналган. Ошондой эле инструментти (алып жүрүүчүнү) жоготкондо же уурдатканда инструменттин уникалдуу идентификациялык номери боюнча бөгөттөө жүргүзүлөт. 4. Электрондук акчаны тескеген жана тиешелүү системанын акцептанттары берген товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдаланган юридикалык жактар жана жеке жактар электрондук акчаларды кармоочулар болуп саналышат. Электрондук акчаларды пайдалануу менен операциялардын тизмеги Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 5. Электрондук акчаны жыйылтуу эмитент (сатуу жана жайылтуу) тарабынан тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарынын ордуна электрондук акчаны берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эмитент Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде электрондук акчаларды жайылтуу үчүн агенттерди тартууга укуктуу. 51. Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу Кыргыз Республикасынын аймагында банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде эл аралык электрондук акчаларды андан ары жайылтуу үчүн агенттерди ишке тартууга укуктуу. 6. Электрондук акчалардын эмитенти же анын агенти электрондук акчаларды жайылтууда кардарды кармоочунун жана эмитенттин укуктары менен милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчалардын инструменттеринин (алып жүрүүчүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү, тарифтери, коопсуздук эрежелери жана башка шарттары менен алдын ала тааныштырууга милдеттүү. 7. Эмитент аларды накталай акча каражаттарына алмашуу жолу менен же болбосо накталай эмес каражаттарды көрсөтүүчүнүн банктык эсебине которуу жолу менен электрондук акчаны көрсөтүүчүгө электрондук акчаны тындырууга милдеттүү. Электрондук акчаны тындыруу эмитент, ошондой эле эмитент менен келишим түзгөн электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. 8. Электрондук акчаны тындырууда берилүүчү акча каражаттарынын суммасы эмитентке же электрондук акчаны жайылтуу боюнча агентке тындырууга көрсөтүлгөн электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында эмитент жана электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент электрондук акчаларды тындырууда төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасынан, эгерде бул системанын эрежелеринде жана электрондук акча системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдерде каралган болсо, сый акы суммасын кармап калууга укуктуу. 9. Электрондук акчалардын кыймылы боюнча эсепке алууну Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк жүзөгө ашырат. 10. Эсептешүүлөрдө электрондук акчаларды пайдалануу электрондук акчаларды кармоочулар тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектке же өз товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук акчага алмаштыруу жасашкан жана электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсебин жүргүзүү үчүн атайын жабдууларга (программалык-техникалык каражат) ээ жакка (акцептантка) өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Акцептанттын электрондук акчаларды эмитентке көрсөтүү тартибин кошуп алганда, эмитент менен акцептанттын ортосундагы өз ара мамилелери системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат жана келишимдерде белгиленет. 11. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. |
6-берене. Электрондук акча 1. Эмитент накталай же накталай эмес акча каражаттарын электрондук акчага алмаштыруу жолу менен электрондук акча инструменттери (алып жүрүүчү) формасында электрондук акча чыгарууну жүзөгө ашырат. Электрондук акчаларды тындырууда электрондук акча каражаттарынын инструменттери электрондук акчаны сунуштоочуга электрондук акчаны тындыруу боюнча эмитенттин милдеттенмелеринин суммасын чагылдырат. 2. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны чыгаруучу эмитент электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдүн коопсуз жана ишенимдүү жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. 3. Электрондук акчанын ар бир инструментине (алып жүрүүчүсүнө) уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Уникалдуу идентификациялык номер кармоочуга инструментте (алып жүрүүчүдө) электрондук акчанын жылышы жана калдыгы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арналган. Ошондой эле инструментти (алып жүрүүчүнү) жоготкондо же уурдатканда инструменттин уникалдуу идентификациялык номери боюнча бөгөттөө жүргүзүлөт. 4. Электрондук акчаны тескеген жана тиешелүү системанын акцептанттары берген товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдаланган юридикалык жактар жана жеке жактар электрондук акчаларды кармоочулар болуп саналышат. Электрондук акчаларды пайдалануу менен операциялардын тизмеги Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 5. Электрондук акчаны жыйылтуу эмитент (сатуу жана жайылтуу) тарабынан тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарынын ордуна электрондук акчаны берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эмитент Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде электрондук акчаларды жайылтуу үчүн агенттерди тартууга укуктуу. 51. Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу Кыргыз Республикасынын аймагында банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде эл аралык электрондук акчаларды андан ары жайылтуу үчүн агенттерди ишке тартууга укуктуу. 6. Электрондук акчалардын эмитенти же анын агенти электрондук акчаларды жайылтууда кардарды кармоочунун жана эмитенттин укуктары менен милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчалардын инструменттеринин (алып жүрүүчүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү, тарифтери, коопсуздук эрежелери жана башка шарттары менен алдын ала тааныштырууга милдеттүү. 7. Эмитент аларды накталай акча каражаттарына алмашуу жолу менен же болбосо накталай эмес каражаттарды көрсөтүүчүнүн банктык эсебине которуу жолу менен электрондук акчаны көрсөтүүчүгө электрондук акчаны тындырууга милдеттүү. Электрондук акчаны тындыруу эмитент, ошондой эле эмитент менен келишим түзгөн электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. 8. Электрондук акчаны тындырууда берилүүчү акча каражаттарынын суммасы эмитентке же электрондук акчаны жайылтуу боюнча агентке тындырууга көрсөтүлгөн электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында эмитент жана электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент электрондук акчаларды тындырууда төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасынан, эгерде бул системанын эрежелеринде жана электрондук акча системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдерде каралган болсо, сый акы суммасын кармап калууга укуктуу. 9. Электрондук акчалардын кыймылы боюнча эсепке алууну Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык эмитент жүзөгө ашырат. 10. Эсептешүүлөрдө электрондук акчаларды пайдалануу электрондук акчаларды кармоочулар тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектке же өз товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук акчага алмаштыруу жасашкан жана электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсебин жүргүзүү үчүн атайын жабдууларга (программалык-техникалык каражат) ээ жакка (акцептантка) өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Акцептанттын электрондук акчаларды эмитентке көрсөтүү тартибин кошуп алганда, эмитент менен акцептанттын ортосундагы өз ара мамилелери системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат жана келишимдерде белгиленет. 11. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. |
6-1-берене жок |
6-1-берене. Төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу жана тындыруу тартиби. 1. Төлөм уюму электрондук акчаны Улуттук банктын лицензиясына тиешелүү уруксаты болгон учурда чыгарат. 2. Төлөм уюму электрондук акчаны төлөм уюму тарабынан чыгарылган электрондук акчанын суммасынан кем эмес суммада төлөм уюму тарабынан коммерциялык банктагы атайын эсептеги акча каражаттары алдын ала депондоштурулган шартта чыгарат. 3. Төлөм уюму электрондук акчаны кармоочуга накталай эмес ыкмада гана тындырууга укуктуу. 4. Төлөм уюму ушул беренеде белгиленген электрондук акчаларды чыгаруунун жана тындыруунун шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат жана чыгарылган электрондук акчалардын атайын эсептеги депондоштурулган суммасына ылайык келишине контролдук жүргүзөт. Андан кийинки контролдоо функциясы да келишимдик мамилелердин алкагында белгиленүүгө тийиш болгон, электрондук акчаларды чыгаруу эсебине депондоштурулган сумманы сактоо жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде, электрондук акча системасына онлайн режимде кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу атайын эсеп ачылган банкка берилет. 5. Төлөм уюму маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды сактоого жана электрондук акчаларды чыгаруунун, жайылтуунун жана тындыруунун бардык этаптарында маалыматтарды үзгүлтүксүз коргоону жүзөгө ашырууга тийиш. |
13-1-берене жок |
13-1-берене. Эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (QR-код) жана төлөм шилтемелерин колдонуу менен эсептөөлөр 1. Төлөм системасынын катышуучулары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, QR -кодду пайдалануу менен оператор/өз ара аракеттенүү операторлору аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана өз ара аракеттенүү операторунун операциялык эрежелерин жана техникалык регламентин сактоого тийиш. 2. Кайсы болбосун туташтырууларда QR -кодду жана төлөм шилтемелерин колдонуу КМС 1348:2019 финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Эки өлчөмдүү штрих код белгилеринин улуттук стандартынын талаптарына толук жооп бериши керек. 3. Өз ара аракеттенүү операторлору төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуу, ошондой эле QR-кодду жана төлөөчүдөн акыркы алуучуга чейинки акча каражаттарын пайдалануу менен төлөм жүргүзүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору менен интеграцияланууга жана өз ара аракеттенүүгө тийиш. |
15-берене. Төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн аякташы 1. Накталай акча каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр алуучу же болбосо алуучу ыйгарым укук берген адам тарабынан накталай акча каражаттары алынган учурдан тартып аяктаган болуп саналат. 2. Накталай эмес формада эсептешүү төлөөчүнүн банкы төлөм документин аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастаманы алган учурда кардар-төлөөчү үчүн кайтарылгыс жана төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды эсептен чыгарган учурда - аяктаган болуп калат. 3. Накталай эмес формада эсептешүү банк-алуучу тарабынан каражаттар алуучунун эсебине чегерилген же болбосо банктын башка (ички) эсебинен акча каражаттары ошол банкта эсеп ачпаган алуучу кардарга берилген учурда алуучу үчүн аяктаган болуп калат. 4. Акча которуу системалары боюнча каражаттарды которуу төмөнкү учурларда аяктаган болуп эсептелет: 1) жөнөтүүчү үчүн – акча которууну жүзөгө ашырууга тескемени аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастама алган учурда; 2) алуучу үчүн – алар накталай акчаларды алган же алуучунун банктык эсебине акча каражаттары чегерилген учурда. 5. Банктык төлөм картасын пайдалануу менен төлөм төмөнкүдөй болуп эсептелет: 1) карта кармоочу үчүн: аралыктагы түзүлүштө же банкта операциялардын (транзакциялардын) жасалганы жөнүндө ырастаманы алган учурда – кайтарылып алынгыс, банк-эмитентте карта кармоочунун эсебинен каражаттар алынган учурда – аяктаган; 2) банк-эмитент үчүн: эмитенттин корреспонденттик (учурдагы) эсебинен банк эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын алган учурда - кайтарылгыс; банк-эквайердин корреспонденттик (учурдагы) эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 3) банк-эквайер үчүн: алуучунун эсебине каражаттар чегерилген учурда – аяктаган; 4) алуучу үчүн: алуучу банк тарабынан каражаттардын алуучунун эсебине чегерилген учурда - аяктаган. 6. Банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Улуттук банктын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат. 7. Акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөмдөр жаңылыш же алдамчылык деп таанылган учурда системанын эрежелери жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча өзүнчө жол-жоболорду карайт. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банктын ортосундагы келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде аныкталат. (КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) |
15-берене. Төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн аякташы 1. Накталай акча каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр алуучу же болбосо алуучу ыйгарым укук берген адам тарабынан накталай акча каражаттары алынган учурдан тартып аяктаган болуп саналат. 2. Накталай эмес формада эсептешүү төлөөчүнүн банкы төлөм документин аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастаманы алган учурда кардар-төлөөчү үчүн кайтарылгыс жана төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды эсептен чыгарган учурда - аяктаган болуп калат. 3. Накталай эмес формада эсептешүү банк-алуучу тарабынан каражаттар алуучунун эсебине чегерилген же болбосо банктын башка (ички) эсебинен акча каражаттары ошол банкта эсеп ачпаган алуучу кардарга берилген учурда алуучу үчүн аяктаган болуп калат. 4. Акча которуу системалары боюнча каражаттарды которуу төмөнкү учурларда аяктаган болуп эсептелет: 1) жөнөтүүчү үчүн – акча которууну жүзөгө ашырууга тескемени аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастама алган учурда; 2) алуучу үчүн – алар накталай акчаларды алган же алуучунун банктык эсебине акча каражаттары чегерилген учурда. 5. Банктык төлөм картасын пайдалануу менен төлөм төмөнкүдөй болуп эсептелет: 1) карта кармоочу үчүн: аралыктагы түзүлүштө же банкта операциялардын (транзакциялардын) жасалганы жөнүндө ырастаманы алган учурда – кайтарылып алынгыс, банк-эмитентте карта кармоочунун эсебинен каражаттар алынган учурда – аяктаган; 2) банк-эмитент үчүн: эмитенттин корреспонденттик (учурдагы) эсебинен эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын алган учурда - кайтарылгыс; эквайердин корреспонденттик (учурдагы) эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 3) эквайер үчүн: алуучунун эсебине каражаттар чегерилген учурда – аяктаган; 4) алуучу үчүн: алуучу банк тарабынан каражаттардын алуучунун эсебине чегерилген учурда - аяктаган. 6. Банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Улуттук банктын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат. 7. Акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөмдөр жаңылыш же алдамчылык деп таанылган учурда системанын эрежелери жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча өзүнчө жол-жоболорду карайт. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банктын ортосундагы келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде аныкталат. (КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) |
21-берене. Акча которуулар системасы 1. Акча которуулар системасы боюнча өлкө ичиндеги сыяктуу эле мамлекеттик чек арадан өтүү менен да которуулар жүзөгө ашырылат. Система акча которууларды жөнөтүүчүлөрдү жана алуучуларды идентификациялоо менен ар бир акча которуу боюнча эсепке алууну жүргүзүүнү катышуучуларга камсыз кылууга тийиш. 2. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар (акчалай которуулар) банктар тарабынан системалардын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар Кыргыз Республикасынын ичиндеги сыяктуу эле (локалдык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан (эл аралык, трансчекаралык) өтүү менен да жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 3. (КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Алуучу которулган акчаны банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо Кыргыз Республикасынын банкы чыгарган идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүү аркылуу алууга укуктуу. Эл аралык жана локалдык акча которуу системаларынын операторлору акча которууларды банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүүнү камсыз кылат. |
21-берене. Акча которуулар системасы 1. Акча которуулар системасы боюнча өлкө ичиндеги сыяктуу эле мамлекеттик чек арадан өтүү менен да которуулар жүзөгө ашырылат. Система акча которууларды жөнөтүүчүлөрдү жана алуучуларды идентификациялоо менен ар бир акча которуу боюнча эсепке алууну жүргүзүүнү катышуучуларга камсыз кылууга тийиш. 2. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар (акчалай которуулар) банктар тарабынан системалардын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар Кыргыз Республикасынын ичиндеги сыяктуу эле (локалдык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан (эл аралык, трансчекаралык) өтүү менен да жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 3. (КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Алуучу акча которууларды банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүү аркылуу алууга укуктуу. Эл аралык жана локалдык акча которуу системаларынын операторлору акча которуулардын банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо идентификацияланган электрондук капчыкка чегерилишин камсыз кылат. |