Кайта келүү

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

  

  

БЕКИТЕМ  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы  

К.К. Боконтаев  

________________________________ 

(кол тамгасы) 

20___-жылдын ____- __________ 

  

 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО  

 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 3-октябрындагы № 2023-Пр-141-219-О «Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

2023-жылдын  


3-октябры (башталышы)

2023-жылдын  


3-декабры (аякташы) 

  

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

А.З. Султаналиев  

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги.  

 

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

М.Ш. Акулуева  

Улуттук банктын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;  

 

Э.О. Абдыразаков  

Улуттук банктын Мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги;  

 

А.С. Керимкулов  

Улуттук банктын Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; 

 

А.З. Мамбеталиева  

Улуттук банктын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, жумушчу топтун катчысы; 

 

Б.К. Айылчиев  

Улуттук банктын Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу; 

 

А.С. Исаев  

Улуттук банктын Төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн мөөнөттүү эмгек келишими менен ишке тартылган кызматкери; 

 

А. Безуглов  

«ПЭЙ 24» ЖЧКнын төрагасынын орун басары, «KG төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); 

 

Ж.Т. Алыбаев  

«ПЭЙ 24» ЖЧКнын продукттар чөйрөсүнүн инженер-иштеп чыгуучусу, «KG төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); 

 

А.О. Ыбыкеева  

«Дос-Кредобанк» ААКтын башкармасынын мүчөсү, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); 

 

К. Райымбекова  

«Банк Компаньон» ЖАКтын санарип бизнес башкармалыгынын жетекчиси, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча). 

 

 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

А.З. Мамбеталиева (e-mail: azmambetalieva@nbkr.kg, тел.: 66-90-99). 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле инновациялык банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана жаңы продукттарды киргизүү убакытысын жана чыгымдарды кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым же бүтүндөй аймагында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Алсак, төлөм уюмдарынын бири 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 28-августуна чейин төмөнкү банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тесттен ийгиликтүү өткөргөн:  

- электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия);  

- соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/сатылуучу товарларга, иштерге, соода-тейлөө ишканаларынын көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн төлөм каражаты катары QR-коддорду колдонуу жана банктык карталарды кабыл алуу боюнча келишимдик мамиле түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканаларында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу аркылуу POS-терминалдар, анын ичинде виртуалдык жана мобилдик POS-терминалдар, ошондой эле QR-коддорду колдонуу аркылуу электрондук коммерция жүргүзүү максатында, банктык карталар эквайринги («Элкарт» улуттук төлөм системасы, Visa менен Mastercard эл аралык төлөм системалары), анын ичинде интернет-эквайринг. 

Демек, Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 24-августундагы токтомуна ылайык атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында тесттен өткөрүүнүн ийгиликтүү деп таанылышы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болгон.  

Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзам) 2-беренесинин 22-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк, ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна банктын лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык, электрондук акча чыгаруу укугуна ээ банк электрондук акчанын эмитенти боло алышат. 

Ошол эле учурда, «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак Кыргыз Республикасынын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү системанын оператору болуп саналат. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун натыйжалары боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталышы мүмкүн.  

Мурда банктар тарабынан гана сунушталган банктык операциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген тизмесин тесттен өткөрүү максатында түзүлгөн атайын жөнгө салуу режимин ийгиликтүү аяктоонун жыйынтыгы боюнча, төлөм уюмдарынын тесттен өткөн кызмат көрсөтүүлөрүнө/технологияларына тоскоолдук кылууну жоюу максатында, ошондой эле өлкөдөгү төлөм инфраструктурасын андан ары жакшыртуу үчүн «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.  

«Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдын 13-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, төлөм карталарын чыгаруу (эмиссия) боюнча жана/же соода тейлөө ишканалары менен келишимдердин негизинде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча аралыкта орнотулган түзүлүштөргө (банкоматтар, терминалдар жана башкалар) ээлик кылуу жана аларды тейлөө иши (эквайринг) Улуттук банктын банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясы болгондо банктар жүзөгө ашырышы мүмкүн. Төлөм уюмдарына банк карталарынын өз алдынча эквайрингин жүргүзүү мүмкүндүгүн бербеген тоскоолдуктарды жоюу үчүн «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдын 13-беренесине тиешелүү өзгөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.  

 

2Проблеманын масштабы  

2023-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 23 банктын 10 банкында электрондук акча чыгаруу укугуна уруксаты бар.  

к/н 

Эмитент банктын аталышы 

Электрондук капчыктын аталышы  

Активдүүлүк статусу  

«KICB» ЖАК 

ELSOM 

активдүү 

«ФИНКА Банк» ЖАК  

ELSOM 

активдүү 

Банк «Бай-Түшүм» ААК 

Мобильник Деньги 

активдүү эмес 

«Банк Компаньон» ЖАК 

ЭК Компаньон 

активдүү 

«БАКАЙ БАНК» ААК 

Илбирс 

активдүү эмес 

«Дос-Кредобанк» ААК 

Balance 

активдүү 

«Дос-Кредобанк» ААК 

O!Деньги 

активдүү 

«Дос-Кредобанк» ААК 

Umai Wallets 

активдүү 

«Дос-Кредобанк» ААК 

Pocket KG  

активдүү 

10 

«Дос-Кредобанк» ААК 

Cash2u 

активдүү 

 

Ошол эле учурда, 2023-жылдын III чейрегинин акырына карата 6 банк электрондук акча эмитенти болуп саналса, электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн 10 локалдык система иштеп турган.  

Электрондук капчыктардын жалпы саны 6,1 млн капчыкты түзгөн.  

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2023-жылдын III чейрегинде:  

- электрондук капчыктардын ортосунда акча которуу операцияларынын көлөмү 19,5 пайызга көбөйүп, 6,6 млрд сомду түзгөн, которуулардын саны 74,9 пайызга көбөйүп, 2,7 млн операцияны түзгөн; 

- электрондук акчанын тындыруу боюнча операциялардын көлөмү 13,6 пайызга азайып, 4,1 млрд сомду түзгөн, ошондой эле операциялардын саны 22,2 пайызга азайып, 0,8 млн операцияны түзгөн;  

- отчеттук мезгилде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө боюнча операциялардын көлөмү 45,6 пайызга көбөйүп, 7,6 млрд сомду түзгөн, операциялардын саны 36,1 пайызга көбөйүп, 5,2 млн операцияны түзгөн; 

- электрондук капчыкты толуктоо аркылуу электрондук акчаны жайылтуу боюнча операциялардын саны жана көлөмү 37,8 жана 2,6 пайызга көбөйүү менен 8,6 млрд сом суммасында 3,1 млн операцияны түзгөн. 

Электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү иштеп жаткан 6 системанын операторлору болуп, бир эле учурда төлөм уюмунун лицензиясына ээ болгон төлөм системаларынын операторлору жана ушул төлөм системаларынын операторлорунун соода маркаларынын астында электрондук акчаларды чыгаруучу эмитент банктар саналат.  

 

1-таблица. Электрондук капчыктардын саны боюнча салыштырма маалымат  

Электрондук капчыктардын саны (млн) 

2022-жылдын I чейреги  

2022-жылдын II чейреги 

2022-жылдын III чейрегинин акырына карата  

2023-жылдын I чейреги 

2023-жылдын II чейреги 

2023-жылдын III чейрегинин акырына карата 

2022-жылдын  

I-III чейректерине салыштырмалуу  

2022-жылдын  

I-III чейректери ичинде өсүш 

Электрондук капчыктардын жалпы саны  

4,8 

5,1 

5,4 

5,6 

5,8 

6,1 

12,7% 

Идентификацияланган электрондук капчыктар 

1,5 (капчыктардын жалпы санынын 30,7%) 

1,6 (капчыктардын жалпы санынын 31,9%) 

1,8 (капчыктардын жалпы санынын 33,5%) 

2,1 (капчыктардын жалпы санынын 37,6%) 

2,2 (капчыктардын жалпы санынын 37,8%) 

2,3 (капчыктардын жалпы санынын 38,1%) 

27,9% 

 

2-таблица. Электрондук капчыктар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча салыштырма маалымат  

Операциянын аталышы  

Чен бирдиги  

2022-жылдын III чейреги 

2022-жылдын I-III чейреги 

2023-жылдын I чейреги 

2023-жылдын II чейреги 

2023-жылдын III чейреги 

2023-жылдын  

I-III чейреги 

2022-жылдын  

I-III чейреги менен  

2022-жылдын  

I-III чейрегине салыштырмалуу өсүш, % 

Которуулар  

саны (млн) 

1,5 

4,4 

2,0 

2,2 

2,7 

6,9 

56,3 

көлөмү (млрд) 

5,5 

14,4 

5,7 

6,1 

6,6 

18,4 

27,5 

Электрондук акчаны тындыруу 

саны (млн) 

1,0 

3,8 

0,5 

1,3 

0,8 

2,6 

-31,1 

көлөмү (млрд) 

4,7 

15,9 

3,0 

5,6 

4,1 

12,7 

-20,3 

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө  

саны (млн) 

3,8 

10,9 

4,3 

4,5 

5,2 

14,0 

28,5 

көлөмү (млрд) 

5,2 

14,2 

6,2 

6,7 

7,6 

20,5 

44,4 

Электрондук капчыкты толуктоо аркылуу электрондук акчаны жайылтуу 

саны (млн) 

2,2 

6,5 

2,5 

2,7 

3,1 

8,3 

27,5 

көлөмү (млрд) 

8,4 

25,6 

7,8 

8,2 

8,6 

24,5 

-4,2 

 

Ошону менен бирге, «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамда төлөм уюмдары эмитент банктын атынан банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде гана Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтууну/тындырууну жүзөгө ашыра тургандыгы белгиленген.  

Жогоруда айтылгандардын негизинде, электрондук акча рыногу активдүү өнүгүп жатат деп айтууга болот, бирок бул кызмат көрсөтүүгө кызыгуу төмөн болгондуктан бардык эле банктар тарабынан сунушталбайт (23 банктын ичинен 6 банк). Рынокко өз капчыктарын сунуштоо жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн берген электрондук капчыктар рыногун өнүктүрүү үчүн, өз электрондук акчасын чыгаруу укугуна ээ, Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы уюмдардын санын көбөйтүү сунушталууда.  

Банктык карталардын эквайринги кызмат көрсөтүүсү төлөм уюмунда тесттен өткөрүлгөнгө чейин банктар тарабынан гана сунушталып келген. 

2023-жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча банктык төлөм карталарын колдонуу менен жалпы 225,7 млрд сом суммасында 49,8 млн транзакция ишке ашырылган (өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 56,3 жана 66,1 пайызга, ал эми 2023-жылдын башынан бери 25,7 жана 32,6 пайызга өскөн). Анын ичинен:  

- акча каражаттарын накталай акчага айландыруу боюнча операциялардын саны жалпы 172,8 млрд сом суммасында 23,9 млн транзакцияны түзгөн, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу операциялардын саны 36,8 пайызга, ал эми көлөмү 53,7 пайызга өскөн, 2023-жылдын башталышынан берки көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 11,5 жана 25,8 пайызга өсүшү катталган;  

- соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу жүзөгө ашырылган операциялардын саны жалпы 52,8 млрд сом суммасында 25,9 млн транзакцияны түзгөн, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу операциялардын саны 79,8 пайызга, ал эми операциялардын көлөмү 2,3 эсеге өскөн, ошол эле учурда 2023-жылдын башынан бери операциялардын санынын көрсөткүчү 42,3 пайызга, ал эми операциялардын көлөмү 1,6 эсеге өскөн.  

2023-жылдын III чейрегинин акырына карата абал боюнча банктык төлөм карталары, анын ичинен «Элкарт» улуттук төлөм картасы республиканын бардык аймагында орнотулган 2 159 банкоматта жана 19 155 POS-терминалда тейлөө үчүн кабыл алынган.  

 

3-таблица. Аралыктан тейлөө түзүлүштөрүнүн саны областтар боюнча (даана) 

Региондун аталышы 

Банкоматтар 

POS-терминалдар 

соода-тейлөө ишканаларында 

банктарда 

Бишкек ш. 

797 

10 367 

775 

Чүй областы 

224 

1 801 

247 

Ысык-Көл областы 

212 

1 400 

237 

Нарын областы 

88 

306 

149 

Талас областы 

85 

360 

94 

Жалал-Абад областы 

285 

751 

348 

Ош областы 

347 

1 343 

461 

Баткен областы 

121 

346 

170 

Бардыгы болуп: 

2 159 

16 674 

2 481 

 

Мында, төлөм карталарынын эквайринги өз алдынча лицензиялануучу иш же өз электрондук акчаларын чыгаруу сыяктуу операция болуп саналбайт жана эквайринг кызматын көрсөтүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Накталай эмес эсептешүүлөрдү андан ары өнүктүрүү жана тактык киргизүү үчүн мыйзамдын негизинде чыгарылган актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. 

 

3Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Улуттук банк тарабынан проблеманы чечүүнүн укуктук негизи катары тесттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү саналат.  

Жогоруда белгиленген проблемалардан жана негиздерден улам «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.   

Сунушталган өзгөртүүлөр жалпы алганда накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүүгө, Кыргыз Республикасында электрондук акча рыногун өнүктүрүүгө, электрондук акчаны кеңири максаттарда колдонууга шарт түзөт.  

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Электрондук акчанын эмиссиясы жана карталар эквайринги: 

Европа парламентинин жана Кеңешинин ички рынокто төлөм кызматтары жана электрондук акча кызматтары боюнча директивасы менен Электрондук акча институттары (ELMI), башкача айтканда төлөм кызматтарын сунуштоочулар тарабынан электрондук акча чыгаруу жөнгө салынган жана ошол төлөм уюмдарынын уставдык капиталына талаптар белгиленген.  

https://eur-lex.europa.eu/legal-content/EN/TXT/PDF/?uri=CELEX:52023PC0366  

Грузиянын 2012-жылдын 25-майындагы № 6304-I «Төлөм системасы жана төлөм кызматтары жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесине ылайык, төлөм инструменттерин, анын ичинде электрондук акча инструменттерин чыгаруу жана/же алардын эквайринги төлөм кызматын сунуштоочуларга (төлөм уюмдарына) уруксат берилген төлөм кызматтарынын тизмесине киргизилген. 

https://www.matsne.gov.ge/ru/document/view/1673253?publication=15 

Беларусь Республикасынын 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 164-Z «Төлөм системасы жана төлөм кызматтары жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесине ылайык, төлөм операцияларынын эквайринги төлөм кызматын сунуштоочуларга (төлөм уюмдарына) уруксат берилген төлөм кызматтарынын тизмесине киргизилген. 

https://www.nbrb.by/legislation/documents/zakon_o_plat_sis.pdf

Россия Банкынын 2004-жылдын 24-декабрындагы № 266-П «Банктык карталарды чыгаруу жана төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө» жобосунун 1.9-пунктуна ылайык, Россия Федерациясынын аймагында соода (кызмат көрсөтүү) уюмдары менен төлөм карталарын пайдалануу менен операциялар боюнча эсептешүүлөр (эквайринг) кредиттик уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат, ошондуктан кредиттик болуп саналбаган уюмдар тарабынан, анын ичинде банктык төлөм агенттери тарабынан белгиленген иш-аракеттердин жүргүзүлүшү укукка каршы болуп саналат. 

https://www.cbr.ru/psystem/acts/161-fz/ 

https://www.consultant.ru/document/cons_doc_LAW_52513/01fbae25b3040955277cbd70aa1b907cceda878e/ 

 

II. Сунушталган жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты 

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана колдонуучуларды көбөйтүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында, төлөм кызматын көрсөтүүчү субъекттердин ортосунда атаандаштык чөйрөнү түзүү болуп саналат.  

Максатка жетүүнүн сапаттык индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет:  

- электрондук акча чыгаруучу жана банктык карталардын эквайрингин жүргүзүүчү уюмдарды кеңейтүү

- төлөм уюмдары жана төлөм системасынын операторлору үчүн мыйзамдардагы тоскоолдуктарды жоюу;  

- мыйзам актыларын шайкеш келтирүү

Максатка жетүүнүн сандык көрсөткүчтөрүнө төмөнкүлөр кирет:  

- жалпысынан накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү;  

- электрондук капчыктардын жана алар боюнча жүргүзүлгөн операциялардын санын көбөйтүү

- накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу соода-тейлөө ишканаларында, анын ичинде өлкөнүн алыскы аймактарында терминалдардын санын көбөйтүү

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Жөнгө салуунун алкагында «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга төлөм уюмдарына электрондук акча чыгарууга, карталардын эквайрингин жүргүзүүгө уруксат берүү максатында тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда. 

Бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдын тиешелүү беренелерине түзөтүүчү оңдоолордун киргизилишин шарттайт.  

 

6.1. «Төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу варианты 

Бул жөнгө салуу варианты жогоруда айтылган проблемалардын чечилишине жана алар аркылуу накталай эмес эсептешүүлөр жүзөгө ашырылып, карталардын эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөр сунуштала турган өздүк электрондук акчасын чыгарган субъекттердин санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Мунун баары Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. 

 

7. Жөнгө салуунун мүмкүн болгон социалдык жана экономикалык таасирин баалоо 

Экономикага, социалдык секторго жана экологияга карата күтүлгөн таасир: 

1) экономикага тийгизген таасири: оң, анткени накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн өсүшү менен көмүскө экономиканын үлүшү азайып, бюджеттин киреше бөлүгү көбөйөт;  

терс таасирин тийгизбейт;  

2) социалдык чөйрөгө оң таасирин тийгизет, анткени бүтүндөй республика боюнча накталай эмес эсептешүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулайт; 

терс таасирин тийгизбейт; 

3) экологияга оң таасирин тийгизет, анткени накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн көбөйүшү инкассацияга, атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууга жана банкнотторду басып чыгарууга чыгашаларды азайтат; 

терс таасирин тийгизбейт. 

 

7.3. Кызыкдар тараптардын негизги топторуна жөнгө салуу адресаттарына күтүлгөн таасири:  

1) мамлекеттик органдар оң: төлөм инструменттерин кеңейтүү жана тез төлөмдөр системасын киргизүү

2) төлөм уюмдары оң, анткени пайда алуу үчүн жаңы багыт пайда болот; 

коммерциялык банктар терс, рынокту төлөм уюмдары менен бөлүшүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр үчүн атаандаштыкка кыйла жөндөмдүү сунуштарды иштеп чыгууга туура келет;  

3) калк оң, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кеңеет. Накталай акча каражаттарын алуу үчүн банкоматтарды издөөнүн зарылчылыгы жок.  

Өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарын кошпогондо, негизинен, терс таасирин тийгизбейт. 

8. Сарптоолорду жана пайданы баалоо 

8.1. Ишкердик субъекттердин чыгымын жана пайдасын баалоо: 

- Сунуш кылынган жөнгө салуу субъекттери белгиленген өз бюджеттеринин чегинде чыгым тартышат.  

- пайдасы киреше алуу үчүн жаңы багыттардын пайда болушу түрүндө берилет. 

8.2. Мамлекеттик бюджеттин чыгымын жана пайдасын баалоо 

Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

9. Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо 

Электрондук акчаны чыгаруу жана карталардын эквайринги боюнча: 

1-тобокелдик. Мыйзамдарда атайын жөнгө салуу режиминин жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тоскоолдук кылган чектөөлөр.  

Сунушталган жеңилдетүү чарасы: колдонуудагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү

2-тобокелдик: Төлөм уюмдарынын уставдык капиталынын өлчөмү боюнча учурдагы ченемдер өтө эле төмөн, электрондук акча боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткара албай калуу тобокелдиги орун алышы мүмкүн. 

Муну менен бирге эле, карталар эквайринги боюнча төлөм уюмдарында соода-тейлөө ишканаларынын каражаттары топтолушуна жана түшкөн каражаттардын өз убагында которулбай калышына алып келиши мүмкүн. 

Сунушталган жеңилдетүү чарасы: төлөм уюмдары электрондук акча чыгарууда жана банктык карталар эквайрингин жүргүзүүдө мүмкүн болуучу тобокелдиктерге байланыштуу маселелер жөнгө салынган, төлөм уюмдарынын уставдык капиталын көбөйтүү каралган, мыйзам негизинде кабыл алынган актыларды иштеп чыгуу. 

 

10. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Төлөм уюмдары үчүн электрондук акчаны чыгарууга, ошондой эле төлөм уюмдарына банктык карталар эквайрингин жүргүзүүгө уруксат берүү төлөм уюмдар жана банктар ортосундагы атаандаштыкка алып келет.  

 

11Кызыкдар тараптардын пикирлери 

Кызыкдар тараптардын ар бир тобу - жөнгө салуу адресаттары боюнча алардын сунушталган жөнгө салуу жөнүндө пикири тууралуу: оң кыска, терс түшүндүрмөсү менен маалымат берүү

1) мамлекет (мамлекеттик органдар боюнча бөлүштүрүү менен): 

- оң

- терс; 

2) ишкерлер (тандалган категория боюнча бөлүштүрүү менен): 

- оң

- терс; 

3) калк (тандалган категория боюнча бөлүштүрүү менен): 

- оң

- терс. 

Сунушталган жөнгө салуунун алкагында коомдук консультацияларды өткөрүү максатында, 2023-жылдын 19-октябрында Улуттук банктын расмий сайтына ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү (тиркелет) жайгаштырылган. 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга жана жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлүүгө тийиш.  

Башка кызыкдар тараптардын пикирлери бул аналитикалык билдирүүдө коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча чагылдырылат. 

 

12. Сунушталган жөнгө салууну тандоо негизи 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жогоруда көрсөтүлгөн проблемалардын чечилишине жана накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет, анткени төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочу субъекттердин саны көбөйүүдө. Ошону менен бирге эле накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн көбөйүшү күтүлүүдө, бул өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө жана көмүскө экономиканын төмөндөшүнө алып келет.  

 

13. Тиркеме: 

Сунуштар жана жооптор  

РЕЕСТРИ 

(2023-жылдын 19-октябрындагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча) 

Каттоо № 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Автор (коомдук консультациялардын катышуучусу)  

Алган күнү 

Иштеп чыгуучу органдын позициясы 

 

Кароого сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.