Кайта келүү

Долбоор 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 

КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» 

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына  

өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

1-берене 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

21-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталган экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды берүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык келишимге же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге ылайык чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен ишке ашырылуучу отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлордун алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну кошпогондо, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом түрүндө жана чет өлкө валютасынын курсуна байланыштыруусуз көрсөтүлүүгө тийиш.». 

 

2-берене 

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 7 (жети) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Президенти