Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө»  

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбооруна 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоору (мындан ары мыйзам долбоору) улуттук санарип валютасы «санарип сом» пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 329-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2024-жылга өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын 115-пунктун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) токтому менен бекитилген Санарип сом концепциясынын 9-бөлүгүнүн 3-пунктун аткаруу максатында иштелип чыккан. 

Сунушталган мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү камтыйт, тактап айтканда Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктарына өзгөртүүлөрдү жана Кыргыз Республикасында санарип сомду чыгаруу жана уюштуруу боюнча жаңы беренелерди киргизүүнү камтыйт. 

«Санарип сом» санарип валютасынын укуктук статусу техникалык платформаны туура тандоодон жана санарип сом прототибин апробациялоо боюнча тестирлөө жана пилоттук мезгилдердин ийгиликтүү аякташынан көз каранды. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорун 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизүү сунушталат. 

 

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерине талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун ченемдери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына каршы келбей тургандыгы аныкталган.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражатты талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн.