Кайта келүү

ДОЛБООР 

(2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет) 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

№  

Азыркы редакция  

Сунушталган редакциядагы өзгөртүүлөр бардык текст боюнча карайтылып шрифт менен берилди 

1.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 

5-берене. Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктары 

Улуттук банк: 

1) акча-кредит саясатын аныктайт жана жүргүзөт; 

2) бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; 

3) бардык эл аралык резервдерге ээлик кылат жана башкарат; 

4) Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт; 

5) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүнүн өзгөчө укуктарына ээ жана накталай акча жүгүртүүнү уюштурат; 

6) электрондук акча эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) укугуна ээ; 

7) ушул конституциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берүүчү документтерди, анын ичинде атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында берүүнү жүзөгө ашырат; 

8) Кыргыз Республикасынын банк системасын, анын ичинде банктардын жана банктык топтордун ишти жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

9) банктык эмес финансы-кредит уюмдарын жана Улуттук банктын көзөмөл алдындагы башка юридикалык жактарды жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

10) төлөм системасын (оверсайт) көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүнө өбөлгө түзөт; 

11) банктык каржылоонун ар кандай формаларын жана принциптерин, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин ишке ашырат, Шариат стандарттарына ылайык банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу эрежелерин аныктайт; 

12) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык банктык операцияларды жүргүзөт; 

13) Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактардын убактылуу администраторлорунун жана банктарды жоюучулардын, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салууну жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; 

14) Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактардын ишин монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырат; 

15) Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

16) баалуу металлдарды жүгүртүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашырат; 

17) баалуу металлдардан аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды чыгарат; 

18) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык банктар үчүн акыркы инстанциядагы кредит берүүчү болуп саналат; 

19) эл аралык уюмдарда акча-кредит саясаты, банк жана төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөйт жана анын атынан чыгат; 

20) расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган менен биргеликте төлөм балансын түзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык инвестициялык позициясын аныктайт; 

21) ушул конституциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана чыгарат; 

22) финансылык ортомчу кызматын түзөт, финансылык ортомчу кызматынын укуктук статусун, иштөө, түзүлүү жана мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн жана аларды керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды соттон тышкары кароо тартибин аныктайт, ошондой эле финансылык ортомчу кызматын күтүүгө карата финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн төгүмдөрүн бекитет; 

23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 

6-1) санарип сомду эмиссиялоо (чыгаруу) боюнча өзгөчө укукка ээ, аны чыгаруу жана жүгүртүү тартибин аныктайт; 

6-2) санарип сом платформасын уюштурат, анын иштешин камсыздайт жана санарип сом платформасынын оператору болуп саналат; 

4-1- глава. Кыргыз Республикасынын санарип сому  

22-1-берене. Санарип сом 

1. Санарип сом Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган Кыргыз Республикасынын санарип түрүндөгү улуттук валютасы. 

2. Санарип сомдор атайын платформада санарип түрүндө жүгүртүүгө чыгарылат. 

3. Санарип сом платформасынын оператору болуп Улуттук банк саналат. 

4. Санарип сом платформасы санарип сомду чыгаруу (эмиссия), эсепке алуу жана жайылтуу үчүн технологиялык жана программалык инфраструктураны түшүндүрөт. 

22-2-берене. Санарип сомду эмиссиялоо 

1. Санарип сомду эмиссиялоо (чыгаруу) өзгөчө укугу Улуттук банкка таандык. 

2. Санарип сомдор Улуттук банктын милдеттүү милдеттенмелери болуп саналат жана анын бардык активдери менен камсыздалат. 

3. Санарип сомду атайын платформадан жүгүртүүдөн алып салуу Улуттук банктын өзгөчө укугу болуп эсептелет. 

22-3-берене. Санарип сомду жүгүртүүнү уюштуруу  

Улуттук банк санарип сомду жүгүртүүнү уюштуруу максатында: 

- санарип сомду чыгарууга муктаждыкты болжолдойт; 

- банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сомду сактоо, өткөрүп берүү жана коргоо тартибин жана талаптарын аныктайт; 

- банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сом операторунун платформасында төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет; 

- анын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдамчылык иш-аракеттерин жана операцияларды алдын алуу үчүн криптокоргоо белгилерин аныктайт; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык, санарип сом платформасы иштеген чөйрөдө башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.