Кайта келүү

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

 

 

 

БЕКИТЕМ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы 

___________ (кол тамга) 

202__-жылдын «___»_______ 

 

 

 

 

Санарип сомду колдонууга киргизүү боюнча укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн  

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

 

 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз:  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдын 18-январындагы №2024-Пр-14/8-О «Санарип сомду колдонууга киргизүү боюнча укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуунун жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү жөнүндө» буйругу 

 

 

Жөнгө салуучу таасирин  

талдоо мөөнөтү: 18-январь 18-март 19-апрель 

(башталышы) (аякташы) (узартылды) 

 

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кылдат иштеп чыгуу жана кошумча талдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ишке тартылган министрликтери жана ведомстволору менен макулдашуу зарылдыгы келип чыккандыктан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдын 15-мартындагы № 2024-Пр-14/63-О буйругу менен жөнгө салуучу таасирди талдоо мөөнөтү 2024-жылдын 18-мартынан тартып 19-апрелине чейин узартылган. 

 

 

Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси: 

 

Бакесариева А.Т. ___________________(кол тамга) 

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү

 

Абдыразаков Э.О.  

 

Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги 

Карабаев А.Ж.  

 

Улуттук банктын Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгынын маалыматты коргоо бөлүмүнүн начальниги 

Садыков А.У. 

 

Улуттук банктын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын санарип банк операцияларын өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

Кулмурзаев А.Ш.  

 

Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын дилингдик операциялар бөлүмүнүн башкы адиси 

Артыкова К.Т.  

 

Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти 

Джакыпбаев Б.С.  

 

Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын 1-банктык көзөмөл бөлүмүнүн тобокелдиктер боюнча башкы инспектору 

Сыргатаев А.Т. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси  

Мадьяров И.М. 

 

«Санарип сом» долбоордук топтун методологу 

Аязбаев И.М.  

 

Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын акча-кредит саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти  

Карабаев Н.Н. 

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маалымат коопсуздугу секторунун башчысы 

Акматалиева Ж.З.  

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Маалымат системалары жана модернизациялоо департаментинин маалымат системаларын модернизациялоо секторунун башчысы  

Чотонбаев А.А. 

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин санарип саясатын иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы 

Омуралиев Н.Н. 

 

«РСК Банк» ААКтын Казына департаментинин инвестицияларды тартуу боюнча топтун жетекчиси  

Замирбек уулу З. 

 

«Айыл Банк» ААКтын Санарип продукттарды өнүктүрүү, колдонууга киргизүү жана коштоп жүрүү бөлүмүнүн начальниги 

Дербишалиев С.Б.  

 

«ФИНКА банк» ЖАКтын стратегиялык долбоорлор бөлүмүнүн координатору/начальнигинин милдетин аткаруучу  

Акылбеков Т.А. 

 

«ФИНКА Банк» ЖАКтын продукттар боюнча менеджери 

Тултемиров А.Б. 

 

«Халык банк» ААКтын IT-департаментинин директору  

Татенова А. П.  

 

«Халык Банк Кыргызстан» ААКтын Чекене бизнес департаментинин директору  

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-декабрындагы № 21 протоколдук тапшырмасынын 14.2.2-пунктун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин отурумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан сунушталган кошумча макулдашуу үчүн талапкерлер. 

 

Ашырбеков О.А.  

 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын салык чараларын талдоо жана баалоо секторунун жетектөөчү адиси 

Мирбек уулу М. 

 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 

Болпонов Э.Н. 

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы  

Бакытбек уулу Ч.  

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу «Агросмарт» директору  

Калысбеков Н.К. 

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоолорду талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 

Дуйшеналиев А.С. 

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджет саясаты башкармалыгынын мамлекеттик бюджетти консолидациялоо бөлүмүнүн башкы адиси 

Ибраимова В.Дж.  

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктардын чегерилишин жана кайтарылышын контролдоо бөлүмүнүн начальниги 

Асанова Э.Б. 

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кирешелер боюнча башкармалыгынын/эсепке алуу жана статистика бөлүмүнүн башкы инспектору 

Акимова Н.  

 

Көз карандысыз эксперт  

 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалымат: abakesarieva@nbkr.kg, imadyarov@nbkr.kg 

тел.: 0312 66 90 56/ 66 92 43 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

Акча коомдун экономикалык бөлүгүндө өтө эле маанилүү ролду аткарат. Экономиканын жана технологиялардын өнүгүшү менен катар акча формалары да өзгөрүүдө. Акыркы он жыл ичинде Кыргыз Республикасында сыяктуу эле, дүйнө жүзүндө да акча жүгүртүү чөйрөсүндө олуттуу өзгөрүүлөр жүрдү. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөдө, төлөмдөрдү жана которууларды ишке ашырууда накталай акча менен катар накталай эмес акчаны, электрондук акчаны колдонушкан жарандардын саны улам өсүүдө. Акча менен эсептешүүдө банктык карталарды, электрондук акчаны колдонуу, мобилдик түзүлүштөр аркылуу төлөө да адатка айланууда. Мында, ишкердик иштин катышуучуларынын алардын ылдамдыгын, ыңгайлуулугун, коопсуздугун жогорулатууга жана комиссиялык төлөмдү төмөндөтүүгө суроо-талабы өсүүдө, буга алдыңкы технологияларды колдонуу менен гана жетүүгө болот. Муну менен катар банктар, ишканалар, мамлекеттер тарабынан да санарип финансылык технологияларды колдонуусу арымдуу өсүүдө. Мына ушунун бардыгы Кыргыз Республикасында финансы рыногунун талаптарына дал келген кошумча акча катары борбордук банктын санарип валютасын чыгаруу максатка ылайыктуулугун изилдеп чыгууну талап кылууда. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) акча жүгүртүү системасы мамлекеттин, жарандардын жана бизнестин улам өзгөрүп жаткан керектөөлөрүнө дал келүүсү, инновацияларды финансы рыногуна сыяктуу эле, бүтүндөй экономика чөйрөсүнө колдонууга киргизүүгө өбөлгө түзүүсү максатын көздөйт. Ушундан улам Улуттук банк улуттук валюта сомдун кошумча акча формасы болуп саналган (үчүнчү форма), бирок акчанын накталай жана накталай эмес формаларын алмаштырбаган санарип формасын чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин изилдеп, иликтеп чыгууда. 

Мында, экономикада санарип сомду колдонууга киргизүү чечими азырынча кабыл алына электигин белгилеп кетүү зарыл, чечим Санарип сом концепциясында белгиленген мөөнөткө ылайык 2026-жылы жана концепцияда каралган максаттарга жетүүгө, ошондой эле эмиссия жана которуу процессин жөнгө салууга жана санарип сомду колдонууга жараша кабыл алынат. Ага чейин Улуттук банк санарип сомдун демоверсиясынан баштап санарип сомду иштеп чыгуу ишин жүргүзүп, жасалма төлөмдөрдү өткөрүп, төмөнкү негизги үч фазадан турган бир катар тесттик/пилоттук иштерди жүргүзүүсү зарыл: 

1) I тесттен өткөрүү иштеринин фазасы: (демо, жасалма төлөмдөр жана чектелген чөйрөдө тесттен өткөрүү): 

- санарип сомду эмиссиялоо;  

- катышуучу үчүн санарип капчык түзүү

- санарип сом платформасына эки гана катышуучуну туташтыруу; 

- колдонуучу үчүн санарип капчык иштеп чыгуу (Улуттук банктын ичинде кызматкерлер арасында чектелген чөйрөдө тесттен өткөрүү); 

- жеке адамдардын бир капчыгынан экинчи капчыгына которуулары; 

- жыйынтыгы; 

2) II тесттен өткөрүү иштеринин фазасы: (демо, симуляция жана тесттен өткөрүү

- санарип сом платформасына туташтыруу (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналык); 

- бир социалдык төлөө боюнча маркировкаланган/белги коюлган санарип сомдорду акыркы колдонууга чейин тесттен өткөрүү (чектелген чөйрөдө, 10го чейинки сандагы колдонуучулар арасында); 

- мамлекет жана бизнес үчүн смарт-контракттарды кароо/чечүү

- жыйынтыгында; 

3) III тесттен өткөрүү иштеринин фазасы: (демо, симуляция жана тесттен өткөрүү

- чектелген чөйрөдө офлайн-төлөмдөр; 

- сумма боюнча лимиттер; 

- QR-код, блютуз ж.б. аркылуу төлөө жана санарип сомдун артыкчылыктарын, тобокелдиктерин баалоо жана өндүрүштүк чөйрөгө колдонууга киргизүү зарылдыгын аныктоо. 

Бул үчүн Улуттук банк азыркы учурдан тартып бул маселени экономикалык көз караштан сыяктуу эле, укуктук жана технологиялык көз караштан жигердүү жана терең изилдеп, иштеп чыгуусу зарыл. Бул талдоо процессинде жөнгө салуучу укуктук жана технологиялык иш процесстери өз ара тыгыз байланышта экендигин белгилейт.  

I.I. «Санарип сом» долбоорунун алкагында Улуттук банк долбоордун натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн экономикалык, технологиялык жана укуктук аспектилерди эске алуу менен комплекстүү талдоо жүргүзөт. Мында, санарип валютаны колдонууга киргизүү үчүн мыкты стратегияны аныктоо максатында ушул чөйрөлөр ортосунда өз ара байланышты баалоо зарыл. Улуттук банктын ыкмасында ошондой эле тесттик жана пилоттук иштерди жүргүзүү камтылган, мунун максаты долбоорду толугу менен ишке киргизүү алдында божомолдорду текшерип чыгуу жана потенциалдык тобокелдиктерди баалоо саналат. 

Санарип сомду потенциалдуу колдонууга киргизүүгө даярдоодо Улуттук банк ар тараптуу даярдык көрүү жана талдоо милдетин аткарууга тийиш. 2026-жылга пландаштырылган санарип валютаны колдонууга киргизүү жөнүндө чечим, акчанын үчүнчү формасын колдонууга киргизүү мүмкүндүгүнө карата финансы системасынын бардык аспекттеринин даярдыгын камсыз кылууга багытталган бир катар маанилүү кадамдарды алдын ала аткарууну талап кылат.  

 

Тесттик жана пилоттук иштердин мааниси 

Тесттик жана пилоттук иштерди жүргүзүү санарип валютаны колдонууга киргизүү процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул изилдөөлөр санарип сомдун ар кандай экономикалык шарттарда тажрыйбада ылайыктуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле потенциалдуу тобокелдиктерди аныктоо жана аларды азайтуу ыкмаларын баалоого мүмкүндүк берет. Тесттен өткөрүү кошумча кылдат иштеп чыгууну талап кылган техникалык, экономикалык жана укуктук аспекттерди аныктоого мүмкүндүк түзөт жана системаны жалпыга жайылтуу алдында анын ыңгайлашуусун камсыз кылат.  

 

Экономикалык, укуктук жана технологиялык жактан кылдат иштеп чыгуу  

Санарип валютаны колдонууга киргизүү маселесин жигердүү жана терең иштеп чыгуу экономикалык, укуктук жана технологиялык көз караштан алганда долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Экономикалык талдоонун натыйжасында санарип сомдун макроэкономикалык туруктуулукка, акча-кредит саясатына жана финансылык инклюзияга таасири бааланууга тийиш. Укуктук жактан кылдат иштеп чыгууда санарип сомду жүгүртүү жана колдонуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелерин жөнгө салган ченемдик базаны иштеп чыгуу болжолдонууда. Технологиялык аспект өзүндө санарип сомду чыгаруу, жайылтуу жана тейлөө үчүн коопсуз жана натыйжалуу инфраструктураны түзүү ишин камтыйт.  

Мындай комплекстүү даярдык санарип сом акчанын потенциалдуу үчүнчү формасы катары экономикалык өсүшкө жана финансылык туруктуулукка жетүүгө шарт түзүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл. Ал ошондой эле Кыргызстандын экономикасы үчүн күтүүсүз алгылыксыз натыйжалардан алдын алууга жардам берет жана финансы системасынын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоого алынышын камсыз кылат. Мындан тышкары, кылдат иштеп чыгуу жана пилоттук колдонууга киргизүү Улуттук банкка экономиканын локалдык өзгөчөлүктөрүн сыяктуу эле, санарип финансы чөйрөсүндө глобалдуу тренддер эске алынган санарип сомду колдонууга киргизүү боюнча так стратегияны түптөөгө мүмкүндүк берет. 

Жыйынтыгында, пилоттук долбоорлорго даярдык көрүү жана ишке ашыруу санарип сомду колдонууга киргизүү жөнүндө жетиштүү маалыматка ээ жана негиздүү чечим кабыл алуу үчүн зарыл негиз менен камсыз кылат, бул Кыргыз Республикасынын финансы системасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана аны андан ары модернизациялоого жана дүйнөлүк экономикага аралаштырууга шарттарды түзөт.  

Ушуга байланыштуу Улуттук банк Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, рыноктун катышуучулары (банктар/банк эмес финансы-кредит уюмдары), эксперттер, консультанттар менен кызматташуу аркылуу иштерди жүргүзүүдө; жакынкы жана чет өлкөлүк борбордук (улуттук) банктардын тажрыйбасын изилдеп чыгууда; борбордук банктардын «Санарип сом» долбооруна кызыкдар болгон ар кандай санарип валюталарды сунуштоочу-иштеп чыгуучулары жана рыноктун башка катышуучулары (эл аралык төлөм системалары) менен өз ара иш алып барууда. 

«Санарип сом» санарип валютасы маселелери боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун жөнгө салуучу таасирин талдоо бул маселени ар тараптуу жана кеңири талкуулоого демилгелеген алгачкы кадам. Мында, зарылчылык келип чыккан учурда Кыргыз Республикасы республиканын экономикасынын кызыкчылыгында санарип сомду өз убагында колдонууга киргизүүгө даяр болушу маанилүү.  

Санарип сом деген эмне? Заманбап акча системасында анын ролу жана орду кандай? Аны киргизүүдө жарандарга, бизнеске жана жалпы эле коомго кандай таасири бар? Аны колдонууга киргизүүдө эмнени эске алуу зарыл? 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы накталай, накталай эмес жана санарип акча белгилери (санарип сом) түрүндө болушу мүмкүн. 

Накталай акча белгилери 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000, 5000 сом номиналындагы банкноттор жана 1, 10, 50 тыйын, ошондой эле 1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы тыйындар түрүндө чыгарылат. 

Накталай эмес акча каражаттары (банктык эсептер) бул жеке адамдардын жана юридикалык жактардын коммерциялык банктардагы эсептеринде эсепке алынуучу жана коммерциялык банктардын ошол банктык эсептердин ээлери алдында милдеттенмелери болуп саналган акча каражаттары. Эсептерди жүргүзүү жана алардын абалы, эсептерде жазууларды чагылдыруу менен операцияларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик жеке адам же юридикалык жак үчүн ошол банктык эсепти ачкан коммерциялык банкка жүктөлөт.  

Электрондук акча алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыктарды кошо алганда, программалык-техникалык түзүлүштөрдө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынуучу акчалай нарк.  

Санарип сом бул эмитенти катары Улуттук банк саналган жана акчалардын кадимки түрлөрүнө кошумча санарип түрдөгү акча болуп эсептелген ошол эле сом. Жарандар онлайн-режимде сыяктуу эле, интернет тармагынан жана мобилдик байланыштан пайдалануу мүмкүн эмес болгон учурда да (офлайн-режим) санарип сомду өзүнүн санарип капчыктарына чегерип, алардан мобилдик каражаттар жана башка каражаттар аркылуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  

Мында, офлайн-режимде пайдалануудан кийин интернетке туташкандан кийин капчык боюнча маалыматтарды актуалдыштыруу зарыл экендигин белгилеп кетүү зарыл. Жеке адамдар жана юридикалык жактар өз муктаждыктарына жараша өз акчаларын бир формадан экинчи формага башкача айтканда санарип сомдон накталай акчага же банктагы эсебине жана эсебинен кайра артка эркин которо алышат. Мында санарип сомду офлайн-режимде пайдаланууну камсыз кылган атайы технологияларды иштеп чыгуу зарыл. Санарип сом өзүндө накталай акчалардын да, накталай эмес акчалардын да артыкчылыктарын айкалыштыра алат.  

Улуттук валюта сомдун накталай, накталай эмес жана санарип үч формасын бириктирген бирдиктүү акча жүгүртүү системасы экономиканын учурдагы талаптарын толугу менен канааттандырып, экономиканын финансы жана реалдуу секторлоруна инновацияларды тез арада колдонууга киргизүү үчүн жаңы шарттарды түзөт.  

 

II. Борбордук банктардын санарип валюталарынын базалык функциялары (ББСВ/CBDC) 

Финансылык борборлоштурбоо. Борбордук банктардын санарип валюталарын колдонууга киргизүү анын негизги милдетин толугу менен жокко чыгарбайт, анткени эмиссия жана жөнгө салуу иши борбордук банк тарабынан контролдонот. Бирок борбордук банктардын санарип валюталары кадимки банктардын ишинин чегинен тышкары финансылык ресурстарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кыйла кеңири бөлүштүрүүгө шарт түзөт, бул алардын финансы системасындагы басымдуулук абалын азайтат. Финансылык инструменттерден жана кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууну мындай кеңейтүү системада ачык-айкындуулукту жана адилеттүүлүктү жогорулатуу менен коом тарабынан контролдонушун жана ар кандай тараптардын катышуусу үчүн процесстер ачык жүргүзүлүшүн камсыз кылат.  

Эл аралык финансылык кызматташуу жана жөнгө салуу. Финансылык операциялардын ааламдашуусунун артышы менен CBDC кызматташуу жана жөнгө салуу үчүн жаңы инструменттерди сунуштоодо. Санарип транзакциялар жана кросс-бордер төлөмдөрү, шарттары жеңилдетилген CBDC эл аралык финансылык өз ара иш алып баруунун натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатышы ыктымал. 

Финансылык инновацияларга жана өнүгүүгө түрткү берүү. CBDC валюталарын смарт-контракттар жана блокчейн сыяктуу финансылык инновацияларга түрткү берүү аркылуу колдонууга киргизүү күтүлүүдө. Бул экономикалык өсүшкө шарт түзүү менен финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн санатын жана натыйжалуулугун жакшыртышы мүмкүн.  

Финансылык кызматтардан пайдаланууну кеңейтүү. CBDC калктын аярлуу катмары кыйла ыңгайлуу финансылык кызматтардан пайдалануусу үчүн шарттарды түзүшү мүмкүн. Бул социалдык адилеттүүлүк жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.  

Акча саясатынын ийкемдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртуу: CBDC улуттук банктарга акча саясатын ишке ашыруу үчүн тагыраак инструменттерди сунуштайт. Улуттук банктар CBDC аркылуу акча сунушун контролдоо, пайыздык чендерди жөнгө салуу ишин жакшыртуу менен экономиканын туруктуулугуна жана инфляциялык максаттарга жетүү үчүн башка инструменттерди колдонушу мүмкүн.  

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

1-проблема. Экономикада жаңы заманбап технологиялык өзгөрүүлөрдүн зарылдыгы жана даярдыгы (дүйнөлүк тренд) 

Эл аралык эсептешүүлөр банкы (BIS) 86 монетардык жөнгө салуучулардын өкүлдөрү арасында сурамжылоолорду жүргүзүп, борбордук банктардын санарип валюталары (CBDC) жакынкы жылдар ичинде жана бир учурда көп өлкөлөрдө пайда болушу мүмкүндүгүн аныкташкан. Сурамжылоо жүргүзүлгөн юрисдикцияларга жер жүзүнүн калкынын 82% жана дүйнөлүк ИДӨнүн 94% туура келет, алардын ичинен 28 - өнүккөн экономика жана 58 - өнүгүп жаткан экономика. CBDC байланыштуу кандайдыр бир иштерди жүзөгө ашырып жаткан борбордук банктардын үлүшү 93% чейин өскөн (салыштыруу үчүн 2017-жылы 65%). Ал эми ушул технология менен эксперимент жүргүзүп жаткан же санарип валюта боюнча пилоттук долбоор боюнча иштерди жүргүзүп жаткан жөнгө салуучулардын үлүшү тандалгандардын жарымынан ашты. 

 

2023-жылга карата төрт юрисдикцияда чекене санарип валюта чыгарылды бул Багама Аралдарынын, Чыгыш-Кариб мамлекеттеринин, Ямайканын жана Нигериянын монетардык жөнгө салуучулары тарабынан ишке ашырылды. Айрым жөнгө салуучулар, анын ичинде мисалы, Швециянын Риксбанкы, Австралиянын Резервдик банкы, Нью-Йорктун ФРБ менен бирге Сингапурдун Акча-Кредит башкармалыгы санарип валюталар менен эксперименттеринин жыйынтыгын жарыялашты. 

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча CBDC өнүктүрүү ишине борбордук банктар өнүгүп жаткан рынокторго жигердүү тартылгандыгы белгиленген: чекене (29%) же дүң (16%) CBDC үчүн пилоттук платформаларды түзүп жаткан өлкөлөрдүн үлүшү өнүккөн экономикалар үчүн ушул сыяктуу көрсөткүчтөрдөн (тиешелүүлүгүнө жараша 18% жана 10%) бир жарым эсеге жогору калыптанган. 

Мында өзгөчө дүң CBDC каршы (башкача айтканда финансылык ортомчуларга, адатта банктарга жеткиликтүү) чекене санарип валюталар боюнча иш жөнүндө сөз болот (башкача айтканда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө, анын ичинде жеке адамдарга жана бизнеске жеткиликтүү). Сурамжылоо жүргүзүлгөн борбордук банктардын төрттөн бир бөлүгүнө жакыны чекене пилоттук долбоорлорду иштеп чыгууда бул CBDC дүң версиясынан эки эсе көп. Борбордук банктар мындай чечимге түрткү берген негизги себеп катары улуттук төлөмдөрдүн натыйжалуулугун, финансылык туруктуулуктун жогорулашын (банктык же кредиттик акчалар экономикада циклдик өзгөрүүлөрдү күчөтүшү мүмкүн, ал эми борбордук банктар ага каршы CBDC чыгарышы ыктымал) жана чек аралар ортосунда эсептешүүлөрдүн натыйжалуулугун белгилешет. Ошондой эле, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө финансылык инклюзияны жогорулатуу негизги ролду ойнойт.  

Өз кезегинде, дүң санарип валюталар биринчи кезекте чек аралар ортосунда төлөмдөрдү өнүктүрүү ыкмасы катары каралууда. Мындай долбоордун мисалы катары Project Dunbar белгилөөгө болот, бул Австралиянын Резервдик банкынын, Малайзиянын борбордук банкынын, Сингапурдун Акча-Кредит башкармалыгынын, Түштүк-Африка Республикасынын Резервдик банкынын жана BIS Innovation Hub биргелешкен долбоору: Project Dunbar долбоорунун идеясы бир нече борбордук банктардын санарип валюталарын бир платформада бириктирип, аларга байланыштуу транзакциялык чыгымдарды азайтуу аркылуу чек аралар ортосунда төлөмдөрдүн жүргүзүлүшүн жөнөкөйлөтүү жана тездетүү.  

Мында жөнгө салуучулар CBDC валюталарын учурдагы тез төлөмдөр системасынын атаандашы же аларды алмаштыруучу катары кабыл алган жок (бул сурамжылоо жүргүзүлгөн юрисдикциялардын 70% кездешет, дагы 18% аларды колдонууга киргизүүнү пландаштырышууда) аларды негизинен комплементардык чечим катары эсептешет. 

Жакынкы үч жыл ичинде чекене CBDC ишке киргизиши мүмкүн болгон борбордук банктардын үлүшү бир жыл ичинде 15% тартып 18% чейин өскөн. Ал эми кыска мөөнөт ичинде дүң санарип валюталарды чыгарууну пландаштырып жаткан борбордук банктардын үлүшү эки эсе: 8% тартып 16% чейин өскөн. BIS ушул маалыматтарга таянуу менен 2030-жылга карата дүйнө жүзүндө кеминде 15 чекене жана 9 дүң CBDC боло тургандыгын болжолдогон. Ал эми эгерде орточо болжолдоолорго таянсак (төмөнкү графикти карагыла), 2030-жылга карата кеминде ар бир экинчи борбордук банктын өзүнүн санарип валютасы болот.  

Борбордук банктардын болжолу менен 60% алардын CBDC боюнча ишин криптоактивдер жана стейблкоиндер тездеткендигин белгилешти, анткени мындай активдер рыногунда өткөн жылы жогору өзгөрүүлөр орун алган. Муну менен катар борбордук банктар жана эл аралык жөнгө салуучулар бул индустрияга мониторинг жүргүзүү стандарттарын түзүү жана принциптерди иштеп чыгуу менен алектенишүүдө

Экинчи жагынан алып караганда, CBDC валюталарынын өзүн жөнгө салуу маселеси да чечиле элек: жөнгө салуучулардын төрттөн бир бөлүгүндө санарип валюта чыгаруу жана жүгүртүүгө киргизүү үчүн тиешелүү мыйзамдуу база жок, дагы 40% анын жетиштүүлүгүнө ишеничи аз. Юрисдикциялардын 8% жакыны азыркы учурда CBDC валютасын пайдалануу үчүн мыйзамдарды өзгөртүүдө, мисалы, Еврокомиссия 2023-жылдын июнь айынын акырында санарип евро үчүн мыйзамдуу базаны сунуштаган.  

Россияда санарип рубль жөнүндө мыйзам кабыл алынды, ал 2025-2027-жылдары күчүнө кирет.  

BIS эксперттери жакын арада эле жарыялаган жылдык отчетунда борбордук банктардын санарип валюталары келечекте акча системасынын негизин түзө тургандыгын болжолдошууда. Алар бирдиктүү реестрдин алкагында CBDC коммерциялык банктардын санарип депозиттери жана башка токенизацияланган активдер менен интеграциялат, мында борбордук банктардын валюталары азыркы системадагы резервдердин ролун аткарат деп болжолдошууда. Мындай финансылык архитектура программалануучу транзакцияларды жүргүзүүгө шарт түзөт, бул операцияларды жүргүзүү убактысын кыскартат (анын ичинде бүтүмдөргө катышкан ортомчулардын санын кыскартуунун эсебинен, мисалы, баалуу кагаздар рыногунда) жана эсептешүү тобокелдиги (анын ичинде финансылык борборлор ортосунда убакыт боюнча айырмадан улам келип чыккан транзакцияларды кечиктирүү же аткарылбай калуу тобокелдиги) же контрагенттин жана тоорук каржылоосунда күрөө наркынын түшүүсү тобокелдиги сыяктуу бир катар кошумча тобокелдиктерди жокко чыгарат. 

 

2-проблема. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чектөөлөрдүн болушу  

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумун көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүдө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, улуттук валюта акча белгилерин жүгүртүүгө чыгаруу жана жүгүртүүдөн алуу боюнча өзгөчө укук Улуттук банкка гана таандык.  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк кандайдыр бир юридикалык чектөөлөрсүз, акча белгилерин кандай гана формада болбосун эмиссиялоого ыйгарым укуктуу болуп саналат, мындай эмиссия санарип сом боюнча да болжолдонууда. Мында, валютаны чыгаруу форматын гана өзгөртүү дегенди түшүндүрөт башкача айтканда, кадимки форматтан санарип форматка өзгөртүү жана акчаны басып чыгаруунун ордуна технологиялык платформаны колдонууну билдирет. 

Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында, Улуттук банк электрондук акча чыгаруу эмитенти боюнча жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзгөн. Ошентип, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдын 2-беренесинин 22-пунктуна ылайык, электрондук акчанын эмитенти (эмитент) болуп Улуттук банк, ошондой эле банктын банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык, электрондук акча чыгаруу укугуна ээ жана электрондук акчаны накталай акчага айландыруучу акча ээлерине электрондук акча төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк саналат.  

Башкача айтканда, 2015-жылы рыноктун катышуучулары Улуттук банк электрондук акчанын эмитенти боло ала тургандыгын түшүнүшкөн, бирок технологиялык чечимдер болгон эмес.  

2023-жылы Кыргыз Республикасында электрондук акча эң эле жеткиликтүү жана ыңгайлуу төлөө ыкмасы болуп калган, бул электрондук капчыктардын саны сыяктуу эле, операциялардын саны жана көлөмү боюнча көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүнө шарт түзгөн.  

Электрондук капчыктардын саны 2022-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 19,7 пайызга көбөйүү менен 6,5 млн бирдикти түзгөн.  

Он коммерциялык банктын электрондук акча чыгаруу укугуна лицензиясы бар, ал эми 2023-жылы алты коммерциялык банк электрондук акча эмитенти болуп саналган жана электрондук акча менен эсептешүүнүн он локалдык системасы иштеп турган.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-график. Электрондук капчыктардын санынын динамикасы (2023-жылдын жыйынтыгы боюнча) 

 

2-график. 2023-жылы электрондук капчыктар менен ишке ашырылган операциялар боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү 

 

2. Проблеманын масштабы 

 

BIS эксперттери санарип инновациялар акча системасына жаңы талаптарды коюп жаткандыгын, бирок келечекте криптовалюталар жана борборлоштурулбаган финансылык каражаттар анын негизин түзө албай тургандыгын, келечекте акча системасы алдыңкы технологияларды борбордук банктын валютасы менен айкалыштырууга тийиш деген ишенимин билдиришкен.  

Акча канчалык көп колдонулса, ошончолук көбүрөөк таанылат да, ал ансайын көбүрөөк колдонулат. Бирок Эл аралык эсептешүүлөр банкынын (BIS) изилдөөлөр багыты боюнча экономикалык кеңешчиси жана жетекчиси криптовалюталар тууралуу минтип айтууга болбойт, алар түздөн-түз карама-каршы жагдайды түшүндүрөт деп эсептейт: жакында эле крипторыноктун кыйрашы криптовалюталардын баасы жогорулаган учурда гана криптовалюталарды колдонуучулардын жаңы агымы көбөйө тургандыгын, ал эми агым токтоп калса, рынок тез арада жок болушу мүмкүндүгүн көрсөткөн.  

Криптовалютанын түзүмдүк кемчиликтери криптодүйнөсүнүн акча системасы үчүн жараксыз болушуна алып келет, бирок, экинчи жагынан, бул криптодүйнө санарип инновацияларды түшүндүрөт, алар колдонуучулар үчүн ыңгайлуу жана төлөмдөрдүн чыгымын азайтууга, ошондой эле финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жөндөмдүү

Ошол эле учурда финансылык инновациялар криптовалюталардын артыкчылыгы эмес: инновацияларды ишинимдүү системалык негизге бириктирүү менен келечекте акча системасын түзүүгө болот. Азыр мындай негиз бар бул борбордук банктын ишенимге ээ болгон валютасы. BIS эксперттери келектин акча системасын дарак катары элестетишет, анын бекем турган сөңгөгүн борбордук банк жана анын валютасы, ал эми бутактарын жеке секторлор тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн көп түрлүү жана динамикалуу экосистемасы деп болжошот. 

Акча бул социалдык макулдашуу: биз транзакцияларда акчаны кабыл алабыз, анткени, натыйжада башка адамдар да бул акчаны кабыл алат деп ишенебиз. Борбордук банктын валютасы экономикада жалпыга таанылган, жалгыз акчаны түшүндүрөт, бирок криптовалюта мындай колдонулбайт. Стейблкоиндер 10000ден ашык криптовалюта менен ишке ашырылган транзакцияларды жеңилдетүү үчүн покердик фишка катары колдонулат, алардын ар бири колдонуучулардын көңүл буруусун талап кылат. Жыйынтыгында, криптодүйнөсү фрагментацияланган, анда криптовалюта координациялоочу ролду аткара алышына кандайдыр бир доо, талаптар болбойт. 

Келечектеги акча системасынын компоненттери кандай болот?  

Акча системасынын негизин борбордук банктын санарип валютасы түзөт, ал бүтүндөй системанын ишинде колдонулат. Борбордук банктын акчасын коммерциялык банктар жана банк эмес төлөм кызматтарын сунуштоочулар (payment service providers, PSP) колдонот, алар кардарлар менен иштөөнү өз мойнуна алат.  

Бул түзүмдүн алкагында борбордук банктардын дүң санарип валюталары (wholesale CBDC) аркылуу банктар жана банк эмес PSP үчүн жеткиликтүү болгон борбордук банктын акча өкүлчүлүгүн алдын ала караштыруу мүмкүн. Эгерде дүң CBDC бөлүштүрүлгөн реестр технологиясынын (Distributed Ledger Technology, DLT) негизинде колдонулса, анда колдонуучуларга жабык ачкычтарга жашынбастан (криптовалюталар менен иштеген сыяктуу), чыныгы аты-жөнүн билдирүү талабына толук шайкеш келүүчү кошумча функцияларды камтышы мүмкүн. Борбордук банк ишеним көрсөтүлгөн ортомчунун ролун аткармак - CBDC платформалары акча каражаттарынын келип чыгуу булагын аныктоого, алардын аныктыгына ынанууга жана бир эле санарип токенди кайталап коротууга жол бербөөгө мүмкүндүк берет.  

Борбордук банктардын санарип валютасын колдонуудагы артыкчылыктар менен төлөмдөрдү өткөрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуу мүмкүн. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдө токендердин программасын төлөмдөрдү белгилүү бир гана максаттарда өткөрүү жөндөмү камтылышы мүмкүн, же атомардык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, аларда транзакциянын эки бөлүгүн бөлүүгө болбойт жана же бирге аткарылат же таптакыр аткарылбайт. Дагы бир мүмкүнчүлүк бул ар башка функциялардын чогултулушу же аларды бириктирүү жөндөмдүүлүгү («акча легосу»). Үчүнчү мүмкүнчүлүк токенизациялоо же акчанын санарип түрүн түзүү, бул банктарга токенизацияланган депозиттерди сунуштоого мүмкүндүк берет.  

Өз кезегинде, чекене ББСВ тез төлөмдөрдүн чекене системалары менен катар эле, үй чарбаларына жана ишканаларга дароо төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, ошондой эле банктардын жана банк эмес PSP кызматтарынын шайкештиги, ошондой эле колдонуучулардын чыгымын азайтуучу натыйжалуу атаандаштыкты камсыз кылуу менен финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт. Чекене ББСВ келечеги, айрыкча, функционалдык шайкештигин жана финансылык жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен иштелип чыкса, чекене тез төлөмдөр системасы сыяктуу эле күтүлөт.  

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Акчанын үчүнчү формасынын укуктук статусун аныктоо.  

Акчанын үчүнчү формасын ишке ашырууга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү

Социалдык аспекти. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын маалыматына ылайык (мындан ары - Санариптик өнүктүрүү министрлиги), 2022-жылы өлкө аймагында 790 телефон станция, анын ичинен 553 шаарларда жана 237 - айыл жергесинде иштеп турган. 

Алынган маалыматтар боюнча, 2022-жылы байланыш кызматынын көлөмү 28 млрд сомду түзгөн. Мында маалымат алмашуунун кадимки үн байланышы ыкмасы интернет-тиркемелерди колдонууга өткөндүгү белгиленген.  

Бүтүндөй алганда, алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы ИДӨнүн көлөмүндө байланыш кызматынын үлүшүнө 2,5 пайыз туура келген. 

 

3-график. Стационардык жана мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны

Бул графиктен төмөнкүдөй тыянак чыгарууга болот: стационардык телефондорду колдонуучулардын саны кыскарышынын туруктуу тенденциясы жана бир эле учурда мобилдик байланыш абоненттеринин санынын өсүшү байкалган. Бул коммуникациялардын кыйла ийкемдүү жана ыңгайлуу ыкмаларына өтүүнүн глобалдуу трендин, ошондой эле мобилдик интернеттин жеткиликтүүлүгүн жана кеңири жайылышын билдирет. Телекоммуникациялар рыногун иликтөөнүн негизинде, стационардык телефон линиялары туруктуу кыскарып жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл, ал эми мобилдик каражаттар басымдуу колдонулган байланыш каражаты болуп калды. Мындай өзгөрүү керектөөчүлөрдүн күтүүлөрү универсалдуулук, мобилдүүлүк жана көп функционалдуулук жагына өткөндүгүн баса белгилеп, калктын коммуникациялык тандоосу кыйла алмашкандыгын, буга байланыштуу стационардык телефондордун эскиришин түшүндүрөт. Коомдун санариптешүүсүнө, анын ичинде санарип финансылык кызматтардын өнүгүшүнө байланыштуу коммуникациялык тандоодогу өзгөрүүлөр интернетти жана мобилдик платформаларды кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн маанилүүлүгүн билдирет. Кыргызстан дүйнөдөгү интернет жеткиликтүү болгон алдыңкы 15 өлкөнүн катарына кирет, бул өлкөнүн финансы секторун санариптештирүүдө мультипликативдүү натыйжага жетишүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Интернеттин мындай жеткиликтүүлүгү калк үчүн санарип финансылык тейлөөнү кошо алганда, онлайн кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кыйла жакшыртат. Бул өлкөнүн жашоочулары арасында финансылык инклюзиянын көбөйүшүнө гана түрткү бербестен, санариптик технологиялардын ар башка жашоо чөйрөсүндө өнүгүшүнө жана интеграцияланышына өбөлгө түзүү менен, экономикалык өсүшкө жана инновацияларга колдоо көрсөтөт. Бирок, офлайн төлөмдөрдү жүргүзүү да санарип сомдун башкы артыкчылыктарынан болуп саналат, бул айрыкча, глобалдуу интернет чектелүү болгон алыскы жана тоолуу райондордо ага карата өзгөчө суроо-талап болушун шарттайт. Бул функция алыскы региондордо жашоочуларга санарип төлөмдөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатат. Муну менен жашоочулардын экономикалык өнүгүшүнө колдоо көрсөтүлөт, ошондой эле алардын регионунун прогрессине өбөлгө түзүлөт. 

Санарип инклюзия жана интернеттин жеткиликтүүлүгү аркылуу социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жакшырышы  

Тоолуу өлкө болуп саналган Кыргызстандын жалпы аймагынын 77%на интернет таркатылган. Өлкөнүн географиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам, түздүктө жайгашкан региондорго салыштырмалуу интернеттин жалпы жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда тоскоолдуктар жаралат. Буга карабай, Кыргызстан интернет менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жигердүү күч-аракет жумшоодо, бул санариптештирүүнүн жалпы улуттук стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Мисалы, Борбордук Азияда жана Түштүк Азияда санарип коридорду түзүүгө багытталган Digital CASA программасы бул процессте негизги роль ойнойт. Демилге ири шаарларда инфраструктураны жакшыртууну гана көздөбөстөн, алыскы райондордо колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө да багытталган, бул Кыргызстандын бүткүл аймагында санарип инклюзияны бекемдөөгө жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү колдоого өбөлгө түзөт. 

4-график. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча байланыш жана интернет кызматынын жайылышы  

- Булагы: Санариптик өнүктүрүү министрлигинин отчету 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2177 калктуу пункттун ичинен көпчүлүгү жаңы муундагы (2G/3G/4G) мобилдик байланыш технологияларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул өлкө аймагында телекоммуникациялык инфраструктуранын өнүгүшүндө жана санарип кызматтарын сунуштоодо кыйла прогресс болгондугун көрсөтөт.  

Бирок, 23 калктуу пунктта жөнөкөй коммуникациялардын жоктугу, атап айтканда, электр менен камсыз кылынбагандыгы көңүл бурууну талап кылат жана интернет технологияларын жайылтууда олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Бул калктуу пункттар, айрыкча, алыскы тоолуу райондордо жайгашкан жана калкынын саны аздыгы менен айырмаланган пункттардын санарип кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү төмөн экендигин билдирет, ошондой эле өзгөчө көңүл бурууну жана алардын санарип инклюзиясын жогорулатуу үчүн кошумча инвестицияларды талап кылат.  

Чүй жана Талас областтарында мындай калктуу пункттардын жоктугу кызыгууну жаратат, жана бул региондордо инфраструктура кыйла өнүккөндүгүн билдирет. Анын үстүнө, өлкөдө интернеттин кеңири таркатылышы санарип экономиканы өнүктүрүү тенденциялары менен бирге, алыскы региондордо санарип валютаны колдонууга киргизүү жана пайдалануу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Бул айрыкча, офлайн төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жана банктын бөлүмдөрүнүн болушунун зарылчылыгы жоктугун эске алганда, актуалдуу болуп саналат. Санарип капчыктын болушу финансылык инклюзияны жакшыртууда жана алыскы калктуу пункттардын жашоочуларына финансылык кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүдө негизги фактор болуп саналат, бул, өз кезегинде, аталган аймактардын социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.  

 

Аймактык аспекти. Жөнгө салуучу базанын аймактык деңгээлде жаңыланышы административдик тоскоолдуктарды төмөндөтүүгө жана бизнес үчүн жол-жоболорду жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт, бул инвестицияларды тартууга жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө умтулган региондор үчүн өзгөчө маанилүү. Ошентип, аймактык жагынан караганда, кандайдыр бир проблемалар күтүлбөйт.  

Проблемаларды чечүү

- санарип сомду апробациялоо боюнча тесттик иштерди жүргүзүү, анын коопсуздугун, инклюзивдүүлүгүн, ачык-айкындыгын, үзгүлтүксүздүгүн, калк, бизнес жана мамлекет үчүн ыңгайлуулугун, төлөмдөрдү өткөрүү тездигин түшүнүү;  

-  офлайн төлөмдөрдү тесттен өткөрүү

- жол-жоболорду жана бүтүмдөрдү жеңилдетүү үчүн ар башка смарт-контракттарды ишке ашыруу; 

өлкөдө санарип валютаны ишке киргизүү чечимин кабыл алуу; 

- платформаны сатып алуу;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын кылдат иштеп чыгуу. 

 

4. Эл аралык тажрыйба  

 

4.1 Борбордук банктардын санарип валютасы (ББСВ) боюнча эл аралык тажрыйба тууралуу маалымат 

Дүйнөлүк финансы системасы борбордук банктардын санарип валютасын ишке киргизүүгө байланыштуу олуттуу өзгөрүүлөргө учуроо алдында турат. Акыркы маалыматтар боюнча, бул, дүйнөлүк ИДӨнүн 98% түзгөн 134 өлкө, борбордук банктардын санарип валютасынын ишке киргизилишин изилдейт, анын ичинен 68и пилоттук долбоорлорду иштеп чыгууну жана толугу менен ишке киргизүүнү кошо алганда, алдыңкы стадияда турат. Бул дүйнө жүзүндөгү мамлекеттик финансы институттарынын аталган инновацияга өтө кызыгуусун билдирет. 

 

 

1-таблица. Борбордук банктардын санарип валютасы боюнча эл аралык долбоорлор боюнча маалымат 

Өлкө  

ББСВ түрү 

Долбоордун стадиясы  

Негизги максаттары 

Жетишилген натыйжалар 

Ыкмалардын өзгөчөлүгү  

Кытай  

Чекене/дүң 

Пилоттук 

Санарип экономиканы өнүктүрүү, төлөм системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу 

«Санарип юань» пилоттук долбоорун ишке ашыруу 

Анонимдүүлүк, офлайн жана онлайн төлөмдөр, жеңил интеграция, чыгымдарды азайтуу 

Казакстан 

Чекене 

Пилоттук 

Санарип экономиканы өнүктүрүү, төлөм системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу 

R3 Corda өнөктөштөрү менен биргеликте «Санарип теңге» пилоттук долбоорун ишке ашыруу  

Анонимдүүлүк, офлайн жана онлайн төлөмдөр, жеңил интеграция, чыгымдарды азайтуу 

Россия 

Чекене 

Пилоттук 

Төлөмдөрдүн чыгымын азайтуу, финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, банк секторунда атаандаштыкты күчөтүү  

Пилоттук долбоорду ишке киргизүү, санарип орус рублинин платформасын иштеп чыгуу  

Банктардын ортомчу катары ролу, банк системасы үчүн тобокелдиктерди төмөндөтүү, офлайн транзакциялар 

Грузия 

Чекене 

Концепцияны текшерүү  

Финансылык туруктуулукту бекемдөө, төлөмдөрдүн чыгымын азайтуу, финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү  

DGEL эксперименталдык режимин Ripple сунуштоочу компаниясы менен биргеликте ишке киргизүү  

Финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо  

Армения 

Чекене 

Изилдөө  

Санарип экономиканы өнүктүрүү жана финансылык инклюзияны күчөтүү  

Санарип драмды колдонууга киргизүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнүн баштапкы этабында  

Санарип валютанын крипто-хабды түзүү жана чек ара аркылуу өтүүчү эсептешүүлөрдү жакшыртуу үчүн потенциалын изилдөө  

Беларусь 

Чекене 

Изилдөө 

Финансы системасын бекемдөө, экономикага инновацияларды киргизүү  

Санарип белорус рублинин концепциясын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн изилдөөлөр башталган  

Банктардын кардарларды тейлөөгө катышуусу менен гибриддик модель, смарт-контрактыларды колдоо, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөргө көңүл буруу  

 

 

 

2-таблица. ББСВда колдонулуучу технологиялардын классификациясы  

Негизги айырмасы DLT колдонуу  

Кадимки технология 

DLT  

Аралаш DLT 

Аныктоо мүмкүн эмес 

Төлөм системаларынын технологиясы колдонулат 

Бөлүштүрүлгөн технология реестри 

Эки технологиядан турган байланыш колдонулат  

Азыркы учурда аныктоо үчүн маалымат жетишсиз  

5 өлкө 

18 өлкө  

16 өлкө  

71 өлкө 

Булагы: https://www.atlanticcouncil.org/cbdctracker/  

 

3-таблица. Колдонулган DLT технологиялары  

Ethereum  

Австралия 

https://ethereum.org/ru/ 

DL3S 

Франция, БАЭ 

 

Ethereum, Hyperledger Fabric 

Норвегия 

https://ethereum.org/ru/ 

https://www.hyperledger.org/use/fabric 

Hyperledger Fabric 

Нигерия, Чыгыш Кариб, Куракао, Гаити, Сауд Аравиясы 

https://www.hyperledger.org/use/fabric 

NZIA Cortex DLT 

Багам 

www.sanddollar.bs 

Quorum  

Израиль, Түштүк Африка 

https://www.geeksforgeeks.org/quorum-blockchain/ 

3R Corda 

Канада, Казакстан, Бразилия, Швеция, Швейцария, Гонг-Конг, Тайланд, Япония, Евро 

https://www.r3.com/wp-content/uploads/2020/04/r3_CBDC_report.pdf 

Stellar 

Украина 

https://www.stellar.org/ 

Ripple 

Бутан, Палау, 

https://ripple.com/ 

Мастерчейн 

Россия 

https://www.dltru.org/platforma-mastercheyn 

Kakao 

Түштүк Корея 

https://www.klaytn.foundation/ 

 

III. Сунушталган жөнгө салуу тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, сом Кыргыз Республикасынын акча бирдиги болуп саналат, акча эмиссиясы Улуттук банк тарабынан гана жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5 жана 20-беренелеринде аныкталган). Улуттук банк тарабынан эмиссияланган санарип сом Кыргыз Республикасында төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынуучу расмий акча бирдиги болуп калат. 

Ошентип, санарип сом Улуттук банктын милдеттенмеси болуп калат, санарип сомдун ээси аны накталай сомго алмаштырууга укуктуу болот. Муну менен катар эле, санарип сомду накталай сом сыяктуу эле, коммерциялык банктардагы (накталай эмес) эсептерди толуктоо үчүн колдонууга болот (бул учурда кардардын банктык эсебин толуктоо үчүн санарип сом накталай эмес сомго алмаштырылат).  

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине санарип сомдун аныктамасы жана санарип сомду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн белгилөө боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө, ошондой эле бюджеттик төлөмдөрдө пайдалануу боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине - санарип сомду кабыл алуудан баш тартылган учурда чара колдонуу тууралуу;  

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине салыктык түшүүлөрдү санарип сом түрүндө кабыл алуу боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси бажы түшүүлөрүн санарип сом түрүндө кабыл алуу боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына; 

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамы санарип сомду жүгүртүүдө төлөм инфраструктурасын колдонуу боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» мыйзамына товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү «санарип сом» санарип валютасында кабыл алуу боюнча;  

- «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамына; 

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине санарип сом түрүндөгү салыктык түшүүлөр боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине санарип сом түрүндөгү бажы түшүүлөрү боюнча (Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси борбордук банктардын санарип валюталары менен чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү ишке ашырууда каралат);  

- ошондой эле тиешелүү мыйзам негизинде кабыл алынган актыларды жана жөнгө салуу эрежелерин иштеп чыгуу. 

Муну менен бирге эле, технологиялык жана операциялык инфраструктура Улуттук банк тарабынан банктарды/финансылык уюмдарды жана, андан ары, башка финансылык ортомчуларды тартуу менен түзүлүшүнө байланыштуу, санарип сомду колдонуунун укуктук маселелерин чечүү зарыл. Маалымат системасынын ишинин туруктуулугу жана үзгүлтүксүздүгү үчүн жоопкерчиликти так белгилөө жана бөлүштүрүү зарыл, анын алкагында жана башка укуктук аспектилер боюнча санарип сом жүгүртүлөт. 

Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын тизмеси пилоттук долбоордун натыйжасы боюнча аныкталат, анткени санарип сомдун айрым мүнөздүү өзгөчөлүктөрү көбүнчө аны практикалык долбоорлоо жана колдонуу алкагында иштеп чыгууну талап кылат. 

Санарип сомдун колдонууга киргизилишинен улам, Кыргыз Республикасынын финансы системасын мурдагыдан башкача, өзгөртүп түшүнүүгө туура келет. Санарип сомду ишке киргизүүнүн жана жөнгө салуунун негизги аспектилерин карап чыгабыз:  

 

ББСВны колдонуучулар: 

1. Чекене колдонуучулар: 

- жеке адамдар товарларга, иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү кошо алганда, күн сайын жүргүзүлүүчү финансылык операциялар үчүн колдонушат; 

- чакан жана орто ишканалар ББСВны кардарлардан төлөмдөрдү кабыл алуу, операциялык натыйжалуулукту жакшыртуу; 

- уюмдар жана коммерциялык эмес уюмдар ББСВны каражат топтоо жана өз чыгашасын каржылоо үчүн колдонот.  

2. Дүңүнөн колдонуучулар: 

- финансылык (институттар) мекемелер ББСВны колдонуу менен банктар аралык жана рыноктук операцияларды ишке ашырышат; 

- корпорациялар жана ири ишканалар ББСВны корпорация ичиндеги эсептешүүлөр жана эл аралык транзакциялар үчүн колдонушат; 

- мамлекеттик жана эл аралык уюмдар ББСВны эл аралык төлөмдөр жана финансыны тескөө үчүн колдонушат. 

ББСВны жөнгө салуу жана ишке киргизүү

- эмиссия: ББСВ жаңы формасынын чыгарылышы Улуттук банк тарабынан чыгарылат; 

- алмашуу жана конвертация: ББСВны кадимки валюталарга жана башка активдерге алмашуу эрежелерин белгилөө

- сактоо жана коопсуздук: ББСВны киберкоркунучтардан коргоо чараларын, ага кошо капчыктар жана сактоо системалары үчүн стандарттарды иштеп чыгуу; 

- транзакциялар жана төлөмдөр: транзакцияларды өткөрүү жана иштеп чыгуу үчүн технологиялык стандарттарын жана жол-жобосун аныктоо; 

көзөмөлдөө жана контролдоо: ББСВ рыногунун катышуучуларынын ишине мониторинг жүргүзүү жана жөнгө салуу механизмдерин ишке ашыруу; 

- маалымат саясаты: колдонуучуларга ББСВны колдонуу эрежелерин окутуу боюнча кампанияларды жүргүзүү

- эл аралык кызматташуу: жөнгө салуу ыкмаларын макулдашуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен байланыш түзүү

Гарантиялык механизмдер: 

- депозиттик гарантиялар: аманаттарды камсыздандыруу жана ордун толтурууга лимиттерди белгилөө

- төлөмдөрдүн гарантиясы: ББСВ системасында төлөмдөрдүн аткарылышын камсыз кылуу; 

- коопсуздук чаралары: активдердин сакталышы жана колдонуучулардын укугун коргоо үчүн коргоо механизмдерин иштеп чыгуу. 

Финансылык ортомчулук жана резерв түзүү системасы: 

- финансылык ортомчулук: ББСВны финансылык кызматтар системасына интеграциялоо, бул санарип валютасы аркылуу кредит берүү жана инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн берет; 

- резерв түзүү системасы: ББСВ ликвиддүүлүгүн жана туруктуулугун колдоо үчүн чараларды колдонуу, ага кошо, ББСВ эмиссиялоо көлөмүн тескөө аркылуу резервдик фонддорду түзүү жана акча массасын жөнгө салуу. 

 

5. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты  

Бул жөнгө салуучу таасирин талдоонун максаты болуп, «санарип сом» санарип валютасын ишке киргизүүнүн потенциалдуу экономикалык, социалдык жана укуктук натыйжаларын баалоо болуп саналат. Жөнгө салуучу таасирин талдоо «санарип сом» санарип валютасынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн киргизилүүчү мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет.  

- Финансылык инклюзияны күчөтүү: алыскы жана аз камсыз болгон региондорду кошо алганда, калктын калың катмары үчүн финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. 

- Транзакциялык натыйжалуулук: жеке адамдар үчүн да, юридикалык жактар үчүн да төлөмдөрдүн убактысын кыскартуу жана наркын азайтуу.  

- Алдыңкы технологияларды ишке киргизүү аркылуу улуттук валютага жана финансы системасына ишенимди бекемдөө

санарип сом түрүндө транзакцияларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн улам, легалдуу эмес финансылык операцияларга байланыштуу тобокелдиктердин ачык-айкындыгын жогорулатуу жана төмөндөтүү

- Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу: Улуттук санарип валютаны мамлекеттик жөнгө салуунун негизги максаттарынын бири болуп, өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу саналат. Жөнгө салууда инфляцияны контролдоо, акча сунушун тескөө жана валюта курсунун туруктуулугуна мониторинг жүргүзүү камтылышы мүмкүн.  

- Колдонуучулардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу: Мамлекеттик жөнгө салуу улуттук санарип валютаны колдонуунун коопсуздугун камсыз кылууга да багытталышы мүмкүн. Мында колдонуучуларды алдамчылыктан, уурдоодон жана башка финансылык кылмыштардын түрлөрүнөн коргоо, ошондой эле транзакциялардын коопсуздугун жана санарип активдердин сакталышын камсыз кылуу камтылат.  

- Экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү: ББСВны мамлекеттик жөнгө салуу өлкөнүн экономикалык өсүшүн жана өнүгүшүн колдоого багытталышы ыктымал. Мында санарип технологияларга инвестициялар үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүү, инновацияларга өбөлгө түзүү жана санарип экономиканы өнүктүрүү камтылышы мүмкүн.  

- Мыйзам талаптарын сактоо жана рынокту жөнгө салуу: Ошондой эле мыйзамдарды сактоо жана финансы рынокторун жөнгө салуу үчүн да ББСВны мамлекеттик жөнгө салуу зарыл болуп эсептелет. Бул биржалардын жана төлөм системаларынын ишин жөнгө салууну, акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укугун коргоону камтыйт.  

 

 

5.1. Максаттарга жетүүнүн индикаторлору 

Кыргызстанда санарип сомдун ишке киргизилиши улуттук финансы системасын модернизациялоого жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу демилгени түшүнүүгө болот. Калктын финансылык инклюзиясын күчөтүү, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн чыгымын азайтуу, улуттук валютага ишенимди бекемдөө, ошондой эле өлкөдө санарип экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү долбоордун негизги максаты болуп саналат. Санарип сомду ишке киргизүү прогрессине жана анын таасирине так жана натыйжалуу баа берүү долбоорду ишке ашыруунун маанилүү аспектилеринин бири болуп саналат.  

Долбоордун максатына жетүүнү баалоо үчүн сандык жана сапаттык индикаторлорду колдонуу негизги милдеттерди ишке ашыруудагы прогрессти көзөмөлдөөгө гана мүмкүндүк бербестен, келип чыккан жагдайларга жана тышкы чөйрөдөгү өзгөртүүлөргө жараша, санарип сомду колдонууга киргизүүнүн стратегиясын жана тактикасын өз учурунда корректировкалоого да мүмкүнчүлүк берет. Санарип сомду колдонуу менен ишке ашырылган транзакциялардын көлөмү же санарип валютаны колдонууга мүмкүндүк алган калктын пайызы сыяктуу сандык индикаторлор талдоо үчүн белгилүү бир маалыматтарды берет. Ал эми сапаттык индикаторлор, мисалы, колдонуучуларды канааттандыруу деңгээли же бизнестин санарип сомду кабыл алуусунун өзгөрүшү долбоорду ишке ашырууда орун алган кыйла терең социалдык-экономикалык процесстерди түшүндүрөт.  

Санарип сом сыяктуу инновациянын таасирине баа берүүдө, аны колдонуунун түздөн-түз натыйжалары жана кыйла кеңири социалдык, экономикалык жана технологиялык таасири эске алынган комплекстүү ыкма талап кылынат. Индикаторлор системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү эсепке алуу инструменти гана болбостон, стратегиялык пландаштыруунун жана башкаруунун маанилүү элементи да болуп саналат, бул долбоордун ачык-айкындыгынын жана бардык кызыкдар тараптардын күтүүсүнө ылайык келүү деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.  

Ошентип, Кыргызстанда санарип сомду ишке киргизүү технологиялык гана долбоор болбостон, кылдат мониторингди жана баа берүүнү талап кылган социалдык-экономикалык долбоор болуп да саналат. Максатка жетүүнүн индикаторлору бул процессте долбоордун ишке ашырылышына баа берүүгө гана эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн көздөө менен анын ишке ашырылышын оптималдаштырууга да мүмкүндүк берүү менен маанилүү роль ойнойт.  

Сандык индикаторлор 

Кыргызстанда ББСВны ишке киргизүүнүн калктын санарип финансылык кызматтарды пайдалануудагы иш-аракетине тийгизген таасирин талдоо үчүн, сандык жана сапаттык индикаторлорду колдонууга болот. 

Калктын накталай эмес төлөмдөрдү колдонуусунун пайыздык көрсөткүчү  

Кыргыз Республикасынын калкынын жалпы саны 7,1 млн адамды, анын ичинен чоңдор 4,5 млн адамды түзөт. 

2023-жылы чыгарылган банктык төлөм карталарынын жалпы саны 2022-жылга салыштырмалуу, б.а. жыл ичинде 32,7 пайызга көбөйүү менен 6,9 млн даананы түзгөн, анын ичинен «Элкарт» улуттук системасынын карталарынын саны 3,5 млн даананы түзгөн. «Элкарт» банктык төлөм карталарынын эмиссиясы 2022-жылга салыштырганда 16,7 пайызга көбөйгөн. 

2023-жылы банктык төлөм карталарын пайдалануу менен 826,2 млрд сом суммасында 204,2 млн ашык операция ишке ашырылган. 2022-жылга салыштырганда операциялардын саны 59,2 пайызга, ал эми көлөмү 57,5 пайызга көбөйгөн. 2023-жылы соода-тейлөө ишканаларында банктык төлөм карталарын колдонуу менен операциялардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 92,0 пайызга көбөйүп, ал эми көлөмү 2,1 эсеге жогорулаган.  

Кыргызстанда накталай эмес операциялардын көрсөткүчүнүн өсүшү калктын накталай эмес төлөмдөрдү колдонууга үйрөнүп калгандыгын билдирет жана ББСВны ишке киргизүү үчүн ыңгайлуу чөйрөнү калыптандырат. Чыгарылган банктык карталардын жана соода-тейлөө ишканалары аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын санынын кыйла көбөйүшү калктын накталай эмес транзакцияларга ишеними жогорулагандыгын билдирет жана санарип капчык аркылуу санарип сомду колдонууга кыйла оңой өтүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн.  

 

5-график. Банктык төлөм карталарынын саны (2023-жылдын аягы)

 

6-график. Соода-тейлөө ишканаларында банктык төлөм карталары менен ишке ашырылган операциялардын өсүү динамикасы (2022-2023-ж.ж.)  

2023-жылы соода-тейлөө ишканаларында банктык төлөм карталарын колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялардын саны 2022-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 92,0 пайызга өсүп, операциялардын көлөмү 2,1 эсеге көбөйгөн. 

Кыргызстанда санарип сомду ишке киргизүү боюнча долбоорду стратегиялык пландаштырууда жана ишке ашырууда, анын натыйжасына баа берүүнүн тиешелүү ыкмасын тандоо башкы мааниге ээ. Прогрессти объективдүү талдоо жана ага ар тараптан мониторинг жүргүзүү үчүн, долбоордун башкапкы максатына түздөн-түз байланыштырган, тагыраак калыптанган индикаторлорго таянуу зарыл. Бул индикаторлор долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалына баа берүү чарасы гана болбостон, санарип валютаны киргизүү процессинде стратегиялык жана операциялык чечимдерди корректировкалоонун көрсөткүчү да болууга тийиш. 

 

Төмөндө келтирилген таблица санарип сомду ишке киргизүүнүн стратегиялык максаттары менен аларга ылайык келүүчү, жетишилген натыйжага баа берүүгө жана талдоого багыт берүүчү индикаторлордун ортосундагы байланышты көрсөтөт. 

 

4-таблица. Максатка жетүүнүн сапаттык индикаторлору 

Максаттын аталышы  

Максатка жетүүнүн индикатору 

Индикатор тууралуу кыскача түшүнүк 

Эсептөөнүн мисалы 

Финансылык кызматтардын натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу  

Транзакциялардын көлөмү жана тездиги 

Санарип сомду колдонуу менен ишке ашырылган транзакциялардын санын жана иштеп чыгуу тездигин чагылдырат. Колдонуунун ыңгайлуулугуна баа берүүгө жардам берет.  

Күн ичиндеги транзакциялардын саны/транзакцияларды иштеп чыгуунун орточо убактысы 

 

Соодада жана кызмат көрсөтүүлөрдө кабыл алуу  

Санарип сомдун күнүмдүк экономикалык жигердүүлүккө аралашуусунун деңгээлин көрсөткөн индикатор 

Санарип сомду кабыл алуучу соода түйүндөрүнүн үлүшү  

Финансылык инклюзия 

Калктын финансылык кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ бөлүгүнүн пайызын жогорулатуу  

Калктын санарип сомду кошо алганда, финансылык кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ бөлүгүнүн пайызын эсептейт.  

Калктын санарип сомду пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ бөлүгүнүн калктын жалпы санындагы пайызы  

Банктык эсепти колдонбогон жашоочулардын санын кыскартуу  

Санарип сомдун банктык кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок жашоочулардын санын кыскартуу менен финансылык инклюзияны көбөйтүүгө тийгизген таасирин көрсөтөт.  

Санарип сомдун капчыгын ачкан жашоочулардын буга чейин эсеп ачпагандардын жалпы санындагы үлүшү (саны)  

Финансы системасынын коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатуу  

Финансылык алдамчылыкка жана акча белгилерин жасалмалоого байланыштуу инциденттердин санын азайтуу  

Санарип сомду ишке киргизүү менен коопсуздук деңгээли жакшыргандыгын көрсөтүү менен инциденттердин жана алдамчылык учурларынын санынын өзгөрүшүнө баа берет. 

Санарип сомду ишке киргизгенге чейин жана андан кийин катталган алдамчылык учурларынын санын салыштыруу  

 

 

 

5.2. Пилоттук долбоорду ишке киргизүү жана ББСВны тесттен өткөрүү  

Санарип сомду ишке киргизүүдө системанын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана функционалдуулугун камсыз кылуу үчүн тесттен өткөрүүнүн так белгиленген принциптерине таянуу зарыл. Төмөндө көңүл буруу талап кылынган негизги аспектилер келтирилген:  

- Функционалдык мүмкүнчүлүктөрдүн толуктугу: Тесттен өткөрүүдө стандарттуу функциялар жана консенсус, купуялуулугун сактоо механизмдери сыяктуу жаңылык киргизүүнү кошо алганда, санарип сомдун бардык аспектилери камтылууга тийиш. Бул системанын келечектеги технологиялык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусунун гарантиясы үчүн зарыл болуп эсептелет. 

- Коопсуздугун камсыз кылуу: Системанын жайылтылышын жана чабал жактарын тесттен өткөрүүдө заманбап киберкоркунучтарды, ага кошо блокчейнге жана криптографиялык механизмдерге чабуулдарды эске алуу зарыл. 

- Транзакциялардын масштабын кеңейтүүдө системанын өндүрүмдүүлүгүн тесттен өткөрүү: Транзакциялардын көлөмү өтө эле көбөйгөн учурда да, өндүрүмдүүлүк жогору деңгээлде кала тургандыгына ынануу максатында, системанын мүмкүнчүлүгүн текшерүү зарыл. 

- Системанын интероперабелдүүлүгү: Санарип сомдун иштеп жаткан финансылык инфраструктурага талаптагыдай интеграцияланышы үчүн башка төлөм системалары жана санарип валюталар менен өз ара шайкештигин камсыз кылуу маанилүү

- Системанын үзгүлтүктөргө туруштук берүүсүн тесттен өткөрүү жана тобокелдиктерди тескөө: системанын үзгүлтүктөрдөн кийин калыбына келүүгө жана операцияларга байланыштуу потенциалдуу тобокелдиктерди натыйжалуу тескөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү зарыл. 

 Жөнгө салуу боюнча өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусу: Система мыйзам чөйрөсүндөгү күтүүсүз өзгөрүүлөргө даяр болууга тийиш, бул дизайны жана функционалдуулугу жагынан ийкемдүүлүгүн талап кылат. 

 

 

5.2.1. ББСВны колдонуу мүмкүндүгүнүн мисалдары 

Мамлекеттик облигациялар (санарип облигациялар)  

Санарип сомду рыноктун профессионал субъекттери гана катышкан мамлекеттик облигациялар менен операцияларга жайылтуу долбоорун ишке ашыруу алкагында, иш-аракеттердин төмөнкү алгоритми иштелип чыккан: 

1. Облигация ээлерине билдирүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мамлекеттик облигациялардын ээлерине мамлекеттик карызды тейлөө максаттары үчүн санарип сомду топтоого атайын эсептерди ачуу зарылдыгы тууралуу расмий билдирүү жөнөтөт.  

2. Методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана жайылтуу: Улуттук банк эсептерди ачуу жол-жобосу, керектүү документтерди тариздөө жана каттоо процесси боюнча нускоону толук иштеп чыгат. 

3. Эсеп ачуу жол-жобосун имплементациялоо: Облигация ээлери берилген сунуш-көрсөтмөлөргө таянуу менен уюштурулган финансылык мекемелер аркылуу эсеп ачышат. 

4. Санарип сомду эсепке которуу: Улуттук банк финансылык операциялардын коопсуздугунун жана ачык-айкындыгынын гарантиясы үчүн блокчейн технологиясын колдонуу менен облигация ээлеринин эсебине санарип сомду которот. 

5. Эсептердеги активдерди тескөө: Облигация ээлери банктык башкаруу системаларынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен санарип сом эсептериндеги өз каражаттарын тескөө мүмкүнчүлүктөрүн алышат.  

6. Облигациялар боюнча милдеттенмелердин ордун жабуу үчүн санарип сомду колдонуу: облигациялардын ордун жабуу учурунда ээлик кылуучулар облигациялардын номиналын санарип сом түрүндө каражаттарды колдонуу менен төлөй алышат, бул дагы электрондук төлөм системалары аркылуу ишке ашырылат.  

7. Мониторинг жана колдоо: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелерди тейлөө системасынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана колдоо көрсөтүү процесси санарип сом менен иштөө туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Улуттук банк жана финансы системасынын башка катышуучулары тарабынан жүзөгө ашырылат.  

Бул кадамдар санарип валютаны финансылык операциялар үчүн реалдуу колдоно баштаганга чейин катышуучуларга маалымдоо жана аларды даярдоодон тартып мамлекеттик финансы секторуна санарип сомду киргизүү боюнча комплекстүү ыкманы болжолдойт.  

 

5.2.2. Cоциалдык долбоор. Төрөгөн аялдар үчүн жөлөк пулдарды (Балага сүйүнчү) санарип сом түрүндө санарип капчыкка төлөө

Алуучуларды каттоо: Болочоктогу энелер атайын системадан (банктын тиркемеси жана/же Play market) каттоо жол-жобосунан өтүшөт, анда алар өз статусун жана мамлекеттик жөлөк пул алуу укугун тастыктоо үчүн өзүнүн жеке маалыматтарын беришет.  

Жөлөк пулга укуктарды каттоо: Система автоматтык түрдө маалыматтардын мыйзам боюнча жана административдик талаптарга шайкештигине аудит жүргүзөт, бул төлөөлөрдүн мыйзамдуулугун гарантиялайт жана алдоо мүмкүнчүлүгүнө жол бербейт. 

Санарип капчык ачуу: Квалификациясы текшерилгенден кийин жаңы төрөгөн аялдарга жөлөк пул алуу жана аларды тескөө үчүн жеке санарип капчык ачуу мүмкүнчүлүгү сунушталат. Бул капчыктар каражаттардын коопсуз сакталышын жана колдонуу ыңгайлуулугун камсыз кылышат. 

Жөлөк пулдарды автоматтык түрдө төлөө: Система маалыматтары тастыкталган жаңы төрөгөн аялдарга ачылган капчыктарына ыкчам жана туура которууну камсыз кылуу менен төлөөлөрдү автоматтык түрдө ишке ашырат.  

Транзакциялар тууралуу билдирүү: Ар бир жаңы төрөгөн аял анын санарип капчыгына жөлөк пул чегерилишине жараша билдирүү алат, бул процесстин ачык-айкындуулугун жана колдонуучулардын канааттануусун арттырат.  

Колдоо жана тейлөө: Ар бир жаңы төрөгөн аял ага берилген ресурсту натыйжалуу колдоно тургандыгын гарантиялоо менен жөлөк пул алуу же капчыкты башкаруу жагында келип чыккан маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдоо системасы каралган. 

Төлөөлөргө мониторинг жана талдоо жүргүзүү: Жөлөк пул төлөө процессине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп турат жана андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу үчүн системанын натыйжалуулугу талданат.  

Мыйзамга шайкештиги: Бардык операциялар улуттук мыйзамдарга жана жөнгө салуу стандарттарына шайкеш келет, бул мамлекеттик колдоонун мыйзам ченемдүүлүгүн жана адилет бөлүштүрүлүшүн, ошондой эле процесстин бардык катышуучуларынын укуктарын коргоону камсыз кылат.  

Бул система жөлөк пулдарды төлөө процессин гана жеңилдетип жана тездетпестен, мамлекеттик колдоону башкарууга олуттуу жакшыртууларды киргизүү менен калктын максаттуу топтору үчүн анын натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) токтому менен бекитилген Санарип сом концепциясын талапка ылайык иштеп чыгуу жана колдонулушун текшерүү максатында жүргүзүлөт.  

Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 34-беренесине, “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, сом - Кыргыз Республикасынын акча бирдиги болуп саналат, ал эми акча эмиссиясы Улуттук банк тарабынан гана жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренеси, “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси). Ошентип, Улуттук банк тарабынан эмиссияланган санарип сом техникалык ишке ашырылышына көз карандысыз, Кыргыз Республикасында милдеттүү түрдө төлөө каражаты катары кабыл алынуучу расмий акча бирдиги болуп саналат. 

Санарип сом Улуттук банктын милдеттенмеси болуп саналгандыктан, санарип сом ээси аны накталай сомго алмаштыруу укугуна ээ. 

Ушуга ылайык, Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларын жөнгө салуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:  

-  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына Улуттук банктын функцияларын жана милдеттерин кеңейтүү жана санарип сомду чыгаруу жана жүгүртүүгө чыгаруу маселелерин аныктоо боюнча (5-20-беренелер);  

- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине санарип сомду аныктоо жана санарип сомду колдонуу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн аныктоо боюнча (35-берененин 3-главасынын 1-бөлүгү, 37-38-главаларынын 2-бөлүгү, 760, 761, 764, 775 жана 776-беренелери);  

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше жана чыгаша бөлүгүндө, ошондой эле бюджеттик төлөмдөрдө санарип сомду колдонуу боюнча (105 жана 106-беренелер);  

- Кыргыз Республикасынын “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Мыйзамына - банктар аркылуу санарип капчыгын ачуу, кредиттөөгө тыюу салуу боюнча (48 жана 49-беренелер);  

 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Мыйзамга    санарип сомду жүгүртүүдө төлөм инфраструктурасын колдонуу боюнча ( 2, 3-1-беренелерде «Санарип сомду колдонуу менен жыйынтык эсептөөлөр» деген жаңы 15-1-беренени камтыйт); 

- “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ушул мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер боюнча (1-берене)

- “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга  - (“Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү” деген 2-беренесинин 4-пунктунун биринчи абзацы); 

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине санарип сом түрүндө салыктык түшүүлөрдү кабыл алуу жөнүндө (67-берене);  

- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине Ведомство аралык жумушчу топ тарабынан санарип сом түрүндө бажы түшүүлөрүн кабыл алуу жагында каралган, бирок Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине борбордук банктардын санарип валюталарынын чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрүн ишке ашыруу этабында өзгөртүү киргизүү болжолдонууда. 

- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине санарип сомду төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу боюнча (301-1-берене);  

- Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга товарларга /кызмат көрсөтүүлөргө акча каражаттарын санарип улуттук валютада кабыл алуу боюнча (27- берене); 

ж.б., 

- ошондой эле зарыл мыйзамдын негизинде чыгарылган актыларды иштеп чыгуу.  

Жөнгө салуучу таасирин талдоого Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү кылдат иштеп чыгуулар салыштырма таблица түрүндө тиркелет.  

 

6.1.  «Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу варианты  

Санарип сомду Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жөнгө салуу варианты сунушталууда (ушул Жөнгө салуучу таасирин талдоонун 6-пункту). 

Жөнгө салуунун бул варианты Кыргыз Республикасынын санарип сомду чыгаруу жагында мыйзам актыларды шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт.  

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо. 

Кыргыз Республикасында санарип валютаны киргизүү үчүн жөнгө салуунун мүмкүн болуучу социалдык жана экономикалык таасирин талдоо сунушталган өзгөртүүнүн негизги максаттарын жана контексттерин көрсөтүү менен башталат. Улуттук банк санарип сомду колдонууга киргизүүнү улуттук финансы системасын модернизациялоо, анын натыйжалуулугун жана калктын бардык катмары үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга карай стратегиялык кадам катары карайт. 

Санарип сом төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүү, финансылык операциялардын транспаренттүүлүгүн жогорулатуу жана өлкөнүн финансылык коопсуздугун чыңдоо максатында акчанын адаттагы формаларына кошумча катары сунушталууда. Аны ишке ашыруу, өзгөчө алыскы жана жетүүгө кыйын региондордо финансылык инклюзия үчүн мүмкүнчүлүктүн кеңейишине, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн процессин тездетүүгө жана улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга алып келет деп күтүлүүдө

Учурда Кыргызстандын финансы системасы айрым региондордо айрым бир алгылыксыз жагдайларга, анын ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүсү, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр үчүн комиссиялык төлөмдүн жогору болушу жана финансылык алдамчылык тобокелдигине дуушар болууда. Сунушталган жөнгө салуу ушул проблемаларды санарип валюталардын жардамы менен чечүүгө багытталган, мында финансылык операциялар кыйла коопсуз, жеткиликтүү жана натыйжалуу болушу күтүлүүдө.  

Ошентип, санарип сомду киргизүү экономиканы санариптештирүү тармагында заманбап тенденцияларга жана коомдун кыйла өркүндөтүлгөн финансылык инструменттерге муктаждыгына жооп болуп саналат. Бул жөнгө салуунун милдети технологиялык жаңылануу гана эмес, өлкөнүн узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн негиздерди түзүү болуп саналат.  

 

7.1. Экономикалык таасирин баалоо 

А) Финансы системасына таасири 

Кыргыз Республикасында санарип сомду киргизүү олуттуу жаңыланууну түшүндүрөт, ал өлкөнүн финансы системасына бир кыйла таасирин тийгизет.  

Банк системасына таасири 

Коммерциялык банктар жана финансы мекемелери үчүн потенциалдуу пайда төлөм процесстеринде функциялардын азайышы эсебинен транзакциялардын көлөмүнүн көбөйүшүн жана тездешин камтышы мүмкүн. Санарип сом калктын калың катмарына финансы кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетет, бул өз кезегинде, санарип смарт-контракттарды, санарип документтерди иштеп чыгууну талап кылат жана банктардын кардардык базасынын өсүшүнө жана финансы кызмат көрсөтүүлөрүн алуунун тездешине өбөлгө түзүшү мүмкүн.  

Бирок потенциалдуу тобокелдиктер да бар, мисалы, кадимки банктык кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын кыскарышы жана чек ара аркылуу өтүүчү которуулардан комиссиялык төлөмдөн кирешенин азаюусу. Банктарга операциялык чыгымдарды кыскартуу жана санарип сомдун негизинде жаңы продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу менен жаңы шарттарга ыңгайлашууга туура келет.  

Дүйнө жүзүнөн алынган мисалдар: Кытайда санарип юанды колдонууга киргизүү мамлекеттик банктар тарабынан активдүү колдоого алынган, алар санарип валютанын негизинде жаңы продукттарды, анын ичинде микрокредиттерди жана максаттуу төлөөлөрдү иштеп чыгышууда. 

Монетардык саясатка жана улуттук валютанын туруктуулугуна таасири 

Экономикага таасири: позитивдүү жана негативдүү 

Санарип сом колдонуудагы накталай жана накталай эмес акча формаларын толуктаган, акчанын жаңы үчүнчү формасы болуп саналат. Төлөмдөрдү өткөрүүнүн тездиги, колдонуунун ыңгайлуулугу (анын ичинде интернетке туташуусуз колдонуу мүмкүнчүлүгү), санарип акчаны сактоо/транзакцияларды өткөрүү коопсуздугуна байланыштуу акчанын бул формасы калк үчүн ыңгайлуу болуп саналат. Ошол эле мезгилде смарт-контракттарды түзүү мүмкүнчүлүгү мамлекет үчүн да артыкчылыктуу. Санарип сомдун мүнөздөмөсүн жана артыкчылыгын эске алуу менен анын экономикалык таасири бааланат. Ошону менен бирге эле кандайдыр бир адаттан тыш жагдайларда/экономикалык тең салмаксыздыкта бир катар изилдөөлөр көрсөткөндөй, ар башка натыйжа келип чыгышы мүмкүн. 

Экономикага алгылыктуу таасири 

Накталай эмес төлөмдөр үлүшүнүн көбөйүшү

Санарип сомду колдонуунун кеңири жайылтылышы накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсөөрүн билдирет. Санарип сомду колдонууга киргизүү экономиканы формалдаштырууга өбөлгө түзөт, бул мамлекеттик кирешенин көбөйүшүнө алып келет, натыйжада экономикалык өнүгүүгө түрткү берет. Ошол эле учурда санарип сом транзакцияларды интернетке туташуусуз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн улам өлкөнүн эң алыскы аймактарында финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Жалпысынан алганда, санарип сомду колдонууга киргизүүдө финансылык инклюзивдүүлүккө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, санарип валюта кызыкдар адамдарга банктык эсептерди ачууга шыктандырып, ошону менен банктык/финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.  

Ошол эле учурда санарип капчыктар үчүн транзакциялык лимиттер белгиленет, бул биринчи этапта суроо-талапты аныктоого жана кыйла агылып өтүп кетүүлөрдү минималдаштырууга мүмкүндүк берет. 

Доллардан арылууга /крипта валютадан арылууга өбөлгө түзүү 

Жогоруда белгиленгендей, санарип сом сомдун накталай жана накталай эмес формаларын толуктайт. Санарип валютаны киргизүү улуттук валютаны колдонууга түрткү бериши мүмкүн. 

Ошол эле учурда криптовалюталардын жайылтылышы же алардын популярдуулугунун мүмкүн болушунча өсүшү жалпысынан долларлаштыруу сыяктуу эле финансылык туруктуулук үчүн тобокелдиктерди алып келет, бул жыйынтыгында акча-кредит саясатын жүргүзүүдөн таасирин чектеши мүмкүн. Санарип валютанын мүнөздөмөлөрү жана артыкчылыктары криптовалютанын артыкчылыктарын оңой айкалыштыра алат (тездик, ыңгайлуулук), ошону менен улуттук валютага зыянын тийгизбейт. 

Алгылыксыз таасири/тобокелдиктер 

Банк системасына таасири 

Бир катар аналитикалык изилдөөлөрдө бүтүндөй банк системасына мүмкүн болуучу таасири белгиленген. Атап айтканда, санарип валюта банк эсептеринен жаңы капчыктарга акча каражаттарынын агылып келишин шартташы мүмкүн. Ошол эле учурда, агылып келүүнүн масштабы санарип акчаны капчыкка сактоонун канчалык пайда алып келээрине түздөн-түз көз каранды. Санарип сомду сактоо үчүн пайызда чегерилбегендиктен, каражаттардын анчалык деле чоң эмес агымы болжолдонууда. Бирок, бир катар аналитиктер капчыктарга каражаттын массалык агымын жокко чыгарышпайт. Алсак, Inutu Lukonga (2023) ЭВФтин аналитикалык ишинде санарип валюта үчүн пайыз чегерилбегендигине карабастан, чоң масштабда агылып чыгуу мүмкүн экендиги белгиленген, анткени ББСВ талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз депозиттердин аналогу болуп саналат. Бир капчык ээсине которуу боюнча лимит белгилениши мүмкүн экендигине карабастан, массалык агымда көлөм олуттуу болушу мүмкүн. 

Ошол эле учурда, ЭВФтин Inutu Lukonga (2023-жыл) изилдөөсүнүн корутундусуна ылайык, ББСВ акча-кредит саясатынын максаттарын жана акча-кредит саясатынын операциялык негиздерин өзгөртпөйт. Бирок алар чекене, дүң жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдөгү өзгөрүүлөргө түрткү болушу мүмкүн, бул акча-кредит саясатына жана анын трансмиссиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Чекене ББСВ калктын накталай акча жана депозит түрүндөгү запастарынын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн, бул акчанын жүгүртүү ылдамдыгына таасирин тийгизип, банктык депозиттердин ролун текшилейт жана коммерциялык банктардын борбордук банктагы резервдеринин өзгөрүлмөлүүлүгүн жогорулатат. Олуттуу өзгөрүүлөрдө мындай натыйжалар акча-кредит саясатынын трансмиссиясы үчүн кредиттөө жана пайыздык чен каналдарын начарлатып, борбордук банктын резервдерди болжолдоо жана ачык рынокто натыйжалуу операцияларды жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн начарлатуу менен, акча-кредиттик жана инфляциялык таргеттөө (IT) режимдеринин натыйжалуулугун начарлатышы мүмкүн. 

Ишенимди азайтуу тобокелдиги 

Финансылык туруктуулукка коркунуч белгилери пайда болгондо, санарип валюта калктын каражат топтоолору үчүн кыйла коопсуз "инструмент" катары кызмат кыла алат. Финансылык кризис мезгилинде банк системасы, эрежедегидей эле, калктын ишенимин жоготот, бул банктардан аманаттардын массалык агылып кетишине алып келет. Мындай мезгилдерде калк өз каражаттарын коопсуз санарип валютага жайгаштырууну туура деп эсептеши мүмкүн, анын коопсуздугу үчүн жөнгө салуучу - Улуттук банк (борбордук банк) түздөн-түз жооп берет. 

Санарип сом Улуттук банкка монетардык саясат жүргүзүүнүн жаңы инструменттерин сунуштайт. Бул акча массасын жана инфляция деңгээлин башкарууну жакшыртып, ошондой эле жөнгө салуучунун ачык рыноктогу операцияларынын натыйжалуулугун жогорулатышы мүмкүн. 

B) Бизнеске жана инвестицияларга таасири  

Бизнес-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр 

Кыргыз Республикасында санарип валютанын киргизилиши бизнес чөйрөдө олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет. Компаниялар үчүн бул төлөмдөр, эсеп жана ал тургай маркетингдеги жаңы мүмкүнчүлүктөрдү билдирет. Мындай өзгөрүүгө мисал катары кыйла жеңилдетилген жана үнөмдүү процесс, ыкчам смарт-контракттарды түзүү, төлөмдөрдү онлайн-режимде кабыл алуу, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жеңилдетүү кирет, бул IT жана электрондук коммерция тармагындагы экспортко багытталган ишканалар жана стартаптар үчүн өзгөчө актуалдуу. 

Инвестициялык чөйрөгө таасири 

Санарип сомдун колдонууга киргизилиши Кыргызстандын инвестициялык чөйрөсүн жакшыртуу менен алдын ала айтууга боло турган жана туруктуу экономикалык чөйрөнү түзө алат. Мамлекет тарабынан колдоого алынган санарип валюта транзакциялык чыгымдарды жана тобокелдиктерди азайтып гана тим болбостон, көмүскө экономикага каршы күрөштө да жардам берип, муну менен өлкөнүн ички жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуулугун арттыра алат. Санарип валюталардын ачык-айкындуулугу жана көз салуу мүмкүнчүлүгү кирешени жашырууну жана салыктардан качууну кыйындатат, бул инвесторлордун ишенимин жогорулатат, анткени ал ачык-айкын жана жөнгө салынган экономикалык чөйрөнү түзөт, бул өз кезегинде инвестицияларды тартууга жана экономикалык өсүштү стимулдаштырууга жардам берет. 

Инновациялар үчүн мүмкүнчүлүктөр 

Санарип сом жаңы бизнес-моделдерди жана сервистерди өнүктүрүү үчүн жол ачып, инновациялар үчүн катализатор болуп кала алат. Компаниялар кардарлар менен өз ара иш алып баруунун жаңы ыкмаларын, анын ичинде санарип валютанын базасында лоялдуу программаларды, мобилдик жана веб-тиркемелер үчүн, ошондой эле коммерциялык операцияларды автоматташтыруу үчүн смарт-контракттарды колдонуу үчүн интеграцияланган төлөм чечилиштерин изилдей алат.  

С) Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндөгү өзгөрүүлөр 

Санарип сомду жайылтуу финансы механизмдерин реформалоону болжолдойт жана Кыргызстандын мамлекеттик финансысына көп кырдуу таасирин тийгизет. Бир тарабынан, санарип валюта кыйла натыйжалуу салык топтоонун, салык милдеттенмелеринен качуунун санын азайтуунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн арттыра алат. Санарип сом төлөмдөрдүн жана которуулардын жол-жобосун кыскартуу, накталай акча каражаттарынан көз карандысыздыкты азайтуу менен мамлекеттик чыгаша бөлүгүн оптималдаштыра алат. Бул алардын жүгүртүлүшү жана камсыздоого болгон чыгашаларды төмөндөтөт. Бул аны жайгаштыруу жана тейлөөнүн кыйла натыйжалуу жана ачык механизминин эсебинен мамлекеттик карызды тескөөнү дагы жакшырта алат. Мындан тышкары, санарип валюта монетардык саясатты жүргүзүү үчүн кыйла кеңири инструментти сунуштайт, мисалы көбүрөөк тактык менен акча массасын жөнгө салууну шарттайт.  

Мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүндө өзгөртүүлөр 

Кыргыз Республикасында санарип валютаны жайылтуу узак мөөнөттүү келечеги бар стратегиялык инвестициялык кадам болуп саналат. Блокчейн-технологияларды иштеп чыгуу жана интеграциялоо үчүн зарыл болгон алгачкы капитал салымдары, чыгашанын маанилүү бөлүгүн билдирет, бирок бул кармап калуулар мамлекеттик төлөм жол-жоболорун андан ары оптимизациялоонун эсебинен компенсацияланат. Орто жана узак мөөнөттө салттуу финансы инфраструктурасын тейлөөгө жана транзакцияга чыгашаларды кыскартуу бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө алып келүүгө тийиш. Мындан тышкары, санарип сом экономикалык өсүш жана өлкөнүн коомдук жыргалчылыгы үчүн мультипликативдүү таасир жаратуу менен, экономиканы санариптештирүүнүн катализатору болуп калат. 

D) Мамлекеттик жана муниципалдык төлөмдөргө таасири 

Санарип сом мамлекеттик жана муниципалдык төлөмдөрдү кыйла натыйжалуу жана ачык-айкын кылуу менен, ал процесстерди түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн. Тез төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүгү мамлекеттик жана муниципалдык финансыны тескөөнү жеңилдетет, ошондой эле жарандар алдында берилген отчеттордун көбүн камсыз кылат. 

Корутунду катары, санарип сомду жайылтуу кирешени көбөйтүү жана чыгашаны оптимизациялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштагандай эле, келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу үчүн кылдат тескөөнү талап кылуу менен Кыргызстандын мамлекеттик финансысына олуттуу таасир этүү потенциалына ээ. 

7.2. Социалдык кесепеттерди баалоо 

A) Калкка тийгизген таасири 

Санарип валютаны колдонууга киргизүү Кыргыз Республикасынын калкы үчүн, айрыкча алыскы аймактарда төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуулугу жагында олуттуу өзгөрүүлөрдү болжолдойт. 

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгү: Санарип сомдун негизги артыкчылыктарынын бири болуп алыскы жана аз тейленүүчү аймактар үчүн финансылык инклюзияны камсыз кылуу болуп саналат. Санарип валюта бул райондордун жашоочуларына банктын бөлүмдөрүнө барбастан төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүү болуусун шарттайт. 

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн ынгайлуулугу: Санарип сом каражаттарды дароо которуу, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн жеңилдетилген жол-жоболорду, ошондой эле жогорку коопсуздуктагы жана ачык көрсөтүлгөн финансылык операцияларды кошо алганда транзакцияларды өткөрүүнүн жакшыртылган ыкмаларын сунуштай алат. 

B) Эмгек рыногуна тийгизген таасири 

Санарип валютаны жайылтуу жана тейлөө Кыргызстандын эмгек рыногуна дагы таасирин тийгизе тургандыгы күтүлүүдө

Жаңы жумуш орундарын түзүү: Санарип сом үчүн инфраструктураны иштеп чыгуу, колдонууга киргизүү жана колдоо IT, киберкоопсуздук, финансы технологиялары жана маалыматтарды башкаруу жаатында квалификациялуу адистерди талап кылат. Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт жана өлкөдө финтех секторунун өсүшүн шарттайт. 

Колдонуудагы жумуш орундарын трансформациялоо: Жаңы вакансияларды түзүү менен катар санарип валютаны колдонууга киргизүү колдонуудагы банк секторунун кызматкерлерин санарип экономиканын жаңы нугуна окутуп үйрөтүүнү жана ыңгайлашуусун талап кылышы мүмкүн. 

 

7.3. Санарип валюта менен байланышкан экономикалык мүмкүнчүлүктөр 

Санарип валюта керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү, финансылык инклюзивдүүлүктү, электрондук коммерцияга өбөлгөлөөнү жана калктын кеңири чөйрөсү үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууну кошо алганда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Бул өзгөрүүлөр андан аркы экономикалык өсүшкө жана финансы секторундагы инновацияларга шартташы мүмкүн. 

 

8. Сарптоолор жана пайдаларды баалоо 

Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомду колдонууга киргизүүдөн сарптоолорду жана пайданы баалоо 

Сарптоолор: 

- Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом системасын иштеп чыгуу жана тестирлөө: программалык камсыздоого, аппараттык камсыздоого жана инфраструктурага сарптоолорду камтыйт; 

- окутуу жана маалыматтык кампаниялар: кызматкерлерди окутууга жана коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу үчүн маалыматтык кампанияларга чыгашалар; 

- колдонуудагы финансылык системалар менен интеграция: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом менен биргеликте иштөө үчүн колдонуудагы банктык жана төлөм системаларын модификациялоого сарптоолор; 

- коопсуздук жана маалыматтарды коргоо: жаңы санарип финансы чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоо жана маалыматтарды коргоо боюнча чараларга инвестициялар; 

- жөнгө салуучу коштоо жана укуктук колдоо: жөнгө салуучу жана мыйзам чыгаруу талаптарын иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө сарптоолор. 

Пайдасы: 

- транзакциялык кармап калууларды азайтуу: салттуу банктык которууларга салыштырмалуу дароо өткөрүлүүчү жана кыйла арзан транзакциялар; 

- финансы инклюзияларын көбөйтүү: алыскы жана аз камсыз болгон райондордо калк үчүн санарип финансы кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк; 

- ачык жүргүзүлгөн финансы операцияларын жогорулатуу: жакшыртылган байкоо жана финансылык транзакциялардын аудити, коррупцияны төмөндөтүү жана алдамчылык; 

- финансылык туруктуулукту бекемдөө: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом финансы кризистеринин мезгилинде туруктуулукту камсыз кылуунун ишенимдүү каражаты болуп берет; 

- финансы секторунда инновацияларды өбөлгөлөө: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом колдонууга киргизүү жаңы финансы технологияларын жана бизнес-моделдерин өнүктүрүүнү шарттайт; 

- монетардык саясаттын механизмдерин жакшыртуу: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом борбордук банкка акча массасын жана пайыздык чендерди натыйжалуу тескөө үчүн жаңы инструменттерди сунуштайт. 

Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомду колдонууга киргизүү олуттуу баштапкы инвестицияларды жана кылдат даярдыкты талап кылат, бирок потенциалдуу узак мөөнөттүү пайдалар экономиканы өнүктүрүүгө жана модернизациялоого шарттоо менен, баштапкы сарптоолордон олуттуу түрдө басымдуулук кыла алат. 

 

8.1. Акчаларды накталай жүгүртүү 

 

7-график. Накталай акчалардын жүгүртүүдөгү динамикасы (2023-жыл)

Жүгүртүүдөгү накталай акчалардын жалпы суммасы 2023-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга көбөйүп, 207,3 млрд сомду түзгөн. Бул тенденциялар өлкөнүн финансы чөйрөсүнө таасирин тийгизүү менен, ликвиддүүлүктүн өсүшүн жана экономикалык өсүшүн көрсөтөт.  

Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом колдонууга киргизүү узак мөөнөттүү келечекте бул чыгашаларды кыскартуунун натыйжалуу ыкмасы боло алат. Санарип валюта накталай акчаларды жасап чыгаруу, жүгүртүү жана жок кылуу зарылчылыгын толугу менен азайтат, бул аларды даярдоого жана тейлөөгө чыгымдарды кыскартууга алып келет. Мындан тышкары, санарип валюта төлөм системаларынын натыйжалуулугун жакшырта алат, эсептешүү процесстерин жеңилдетет жана финансылык операциялардын ачык болушун жогорулатат. 

Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом накталай жана накталай эмес каражаттарды алмаштырган эмес, акчанын толуктоочу үчүнчү формасын билдирет. Накталай түрдү чыгарууга сарптоолорду азайтуу оң мүнөздө кыйыр таасир берген, бирок Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомдун негизги максаты болуп саналбайт. Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомду колдонууга киргизүүнүн негизги милдети экономиканы санариптештирүүдөн жана экономикалык пайдалардын кыйла кеңири спектрин камсыз кылуу менен, анын бардык секторлоруна мультипликативдик таасирине түрткү берүүдөн турат. 

 

Акчанын 3-тиби/формасы санарип валютанын потенциалдуу ролу  

Ливкиддүүлүктүн өсүшүн эске алуу менен, санарип валюта кадимки накталай акчага жана төлөөнүн накталай эмес каражаты жана акчанын үчүнчү тиби катары чыгышы мүмкүн. Бул акча массасынын диверсификациясына, финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн төлөм системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга алып келиши мүмкүн. 

 

9. Ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо  

Жөнгө салуу тобокелдиги 

Ар кандай юрисдикциялардын ченемдик-укуктук жана технологиялык базаларынын шайкеш келишин камсыз кылуу маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Документте финансы операцияларын тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн ченемдик айырмачылыктарды жана CBDC юридикалык таануусун ылайык келтирүү зарылчылыгы баса белгиленет. 

Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомду колдонууга киргизүү учурунда ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо жөнгө салуучу, технологиялык жана аброй факторлорун талдоону, ошндой эле калк арасында суроо-талапка ээ болбоо тобокелдигин өзүнө камтыйт. Төмөндө тобокелдиктердин ар биринин негизги аспектилери кыскача берилди: 

- ченемдик айырмачылыктарды шайкеш келтирүү: финансы операцияларын тоскоолдуксуз өткөрүүнүн ар кандай юрисдикциялардын мыйзамдарын макулдашуу зарылдыгы; 

- юридикалык белгисиздик: санарип валюталардын өзгөчөлүгүнө колдонуудагы мыйзамдарды жөнгө салуу жана ылайыктоо маселелери; 

- Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомдун укуктук статусу: төлөм каражатын кабыл алууга милдеттүү катары Улуттук банк тарабынан эмитирленген санарип сомдун расмий статусун аныктоо. 

Технологиялык тобокелдик: 

- инфраструктуранын татаалдыгы: технологиялык компетенцияларга карата жогорку талаптар жана системанын туруктуу негизде өркүндөтүү зарылдыгы; 

- колдонуудагы системалар менен интеграция: санарип валютанын блокчейнде салттуу финансылык жана укуктук системалар менен дал келүү чакырыктары; 

- коопсуздук жана туруктуулук: транзакциялардын жана жаӊы финансы системасынын коопсуздугун камсыз кылуу. 

Аброй тобокелдиги: 

- коомдун ишеними: калк жана бизнес арасында санарип валютага ишенимди бекемдөө зарылдыгы; 

- маалымдоо жана билим берүү: маалыматтык кампаниялардын жана билим берүү программаларынын скептицизм менен кооптонууларды жеңүүдөгу ролу; 

- артыкчылыктардын ачыктыгы жана көрсөтүлүшү: финансы кызматтарын жакшыртуу үчүн санарип валютанын артыкчылыктары жөнүндө кабардар болуучулукту жогорулатуу. 

Суроо-талаптуу болбоо тобокелдиги: 

- санарип сабаттуулук: санарип валютаны кабыл алууну жеңилдетүү үчүн санарип сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу; 

- инфраструктуралык колдоо: интернет жана төлөм терминалдарын кошо алганда, жеткиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү

- финансы системалары менен интеграция: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомдун аны кабыл алуу үчүн колдонуудагы төлөм системалары менен интеграциясын жеңилдетүү

Бул тобокелдиктердин ар бири санарип валютаны ийгиликтүү колдонууга киргизүү жана иштешин камсыз кылуу үчүн аларды азайтуу үчүн тыкыр кароону жана иштеп чыгууну талап кылат. 

 

10. Атаандаштыкка таасирин баалоо  

Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомдун рыноктук атаандаштыкка таасири бир канча аспекттерден каралышы мүмкүн:  

1. Жөнгө салуучу таасири: БОРБОРДУК БАНКТАРДЫН САНАРИП ВАЛЮТАСЫ/САНАРИП СОМду жөнгө салуу рынокто атаандаштык деңгээлин аныктоодо негизги ролду ойнойт. Ченемдик чектөөлөр жана коопсуздук стандарттары шарттаган сыяктуу эле, санарип валюталардын колдонууга киргизилишине жана жайылтылышына тоскоолдук жаратышы дагы мүмкүн. 

2. Технологиялык өнүгүшү: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомдун негизинде болгон блокчейн сыяктуу технологиялар, натыйжалуулук жана сунуштардын сапатынын негизинде финансы кызматтарын сунуштоочулар арасында атаандаштыкты жогорулатуу менен, инновацияларды жана технологиялык прогресске түрткү бериши мүмкүн. 

3. Банк сектору менен өз ара иш алып баруу: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом колдонууга киргизүү кадимки банктар жана санарип финансы кызмат көрсөтүүлөр жагында жигердүү иш алып барган банктар ортосунда атаандаштыкты күчөтүшү мүмкүн.  

4. Финансы кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом рынокто жалпы атаандаштыкты жогорулатуу менен, калктын банк эмес жана аз тейленген сегменттери үчүн финансы кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү жакшыртышы мүмкүн. Төлөм процесстерин жөнөкөйлөштүрүү жана арзандатуу жаңы бизнес-моделдердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн. 

5. Эл аралык төлөмдөргө таасири: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сому кадимки банктар аралык системалардан жана төлөм системаларынан көз карандылыкты төмөндөтүшү мүмкүн. 

6. Купуялуулугу жана коопсуздугу: Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомду колдонуу менен купуялуулук жана коопсуздукка байланышкан маселелер дагы рыноктук атаандаштыкка таасирин тийгизет. Колдонуучулардын купуялуулугун камсыздоо жана ачык-айкындуулугун жана отчеттуулукка коюлган талаптар ортосундагы тең салмактуулук керектөөчүлөрдүн артыкчылык берүүлөрүн жана тиешелүүлүгүнө жараша, ар кандай Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомдун атаандаштык позицияларын аныктай алат. 

Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомдун рыноктун атаандаштыгына таасирин баалоо экономикалык, технологиялык жана жөнгө салуу аспектилерин кошо алганда, көптөгөн факторлорду эсепке алууну талап кылат.  

 

11. Кызыкдар тараптардын пикирлери 

1) мамлекеттин;  

2) Кыргыз Республикасынын калкынын; 

3) финансы сектору, бизнестин ж.б. 

Сунушталган жөнгө салуу офлайн-төлөмдөр аркылуу алыскы аймактарда калк үчүн финансы кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу инклюзивдүү чечим катары күтүлүүдө, алар интернет жок учурда жана форс-мажордук кырдаалдарда кризиске каршы көрүлүүчү чара катары дагы кызмат кылат, бюджеттик каражаттардын ачыктыгын шарттайт жана смарт-контракттарды колдонууда бизнес үчүн чечимдерди сунуштайт. 

 

12. Коомдук талкуу өткөрүү 

Санарип сомду укуктук жөнгө салуу маселеси боюнча жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнүн башталгандыгы жөнүндө кабарлоо жана ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана Улуттук банк тарабынан кызыкдар тараптардан сунуштарды топтоо Улуттук банктын расмий интернет-сайтында 2024-жылдын 1-февралында жайгаштырылган. 

Сунуштардын жана жооптордун реестри Улуттук банктын расмий интернет- сайтында 2024-жылдын 20-февралында жарыяланган (толук маалымат ушул жөнгө салуучу таасирине талдоого карата 1,2 жана 3-тиркемелерде тиркелген.  

13. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жөнгө салуучу таасирине талдоонун жана Санарип сом концепциясында чагылдырылган максаттардын жана милдеттердин алкагында санарип валютанын жалгыз эмитенти катары Улуттук банктын ролуна тиешелүү бир катар аспекттерди эске алуу маанилүү:  

1.  CBDC эмиссиясы: Улуттук банк/Борбордук банк санарип валютанын жалгыз эмитенти катары чыгууга тийиш. Бул валютанын туруктуулугун жана ишенимдүүлугүн камсыз кылат, ошондой эле колдонуучулардын жана инвесторлордун акчанын жаңы формасына ишенимин бекемдейт (Эл аралык эсептешүүлөр банкынын отчетунан (BIS). 

2. Технологиялык нейтралдуулугу: CBDC иштеп чыгуу учурунда белгилүү бир технологияларга көз каранды болушуна жол бербөө зарыл. Анын ордуна ар кандай технологиялык чечилиштер жана келечекте платформалар менен интеграция мүмкүнчүлүктөр үчүн системанын ийкемдүүлүгүн камсыз кылуу сунушталат. 

3. Укуктук база. Шайкеш келтирилген мыйзамдуу база санарип сомдун Кыргыз Республикасында акчанын үчүнчү формасы катары укуктук статусуна алып барат, баштапкы этапта эрежелерди, коопсуздукту жөнгө салууну жана камсыз кылууну жана санарип сомду колдонуу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү жолго коет.  

 

 

1-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы (мындан ары Улуттук программа) кабыл алынган. Улуттук программанын 5.6-бөлүгүндө санарип улуттук валютаны (санарип сом) колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү милдети коюлган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 329-пунктунда аткаруу мөөнөтү 2022-жылдын II чейрегинен тартып 2025-жылдын IV чейреги каралган. Аткаруу индикатору болуп санарип сомдун прототиби эсептелет. Жооптуу аткаруучулар: Улуттук банк (макулдашуу боюнча), Экономика жана коммерция министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын/төлөм уюмдарынын операторлору. 

Улуттук банктын 2023-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) токтому менен Санарип сом концепциясы бекитилген (мындан ары Концепция).  

Концепцияда санарип сом улуттук валютанын кошумча формасы болору жана санарип формада Улуттук банк тарабынан эмиссиялана тургандыгы аныкталат. 

Санарип сом экономиканын бардык субъектилерине жарандарга, бизнеске, финансы рыногунун катышуучуларына жана мамлекетке төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жеткиликтүү болот. Ал жеке санарип капчыктарда сакталат жана накталай сом сыяктуу Улуттук банктын милдеттенмеси болуп саналат. Санарип сом жүгүртүүөлөм) каражатынын, нарк өлчөмүнүн жана топтоо каражатынын милдетин аткаруу менен акчанын бардык функцияларын аткарат. Бардык үч форма тең бирдей баада болот накталай түрдөгү 1 сом накталай эмес 1 сомго эквиваленттүү болот жана 1 санарип сом алардын ар бирине эквиваленттүү болот. Ошол эле учурда акча ээлери сомдорду бир формадан экинчисине эркин которо алат. 

Санарип сомдун прототибин сатуу модели эсептешүүлөрдүн катышуучулары катары финансылык уюмдардын ролу камтылган санарип сомдун чекене эки деңгээлдүү модели. Ошону менен бирге, гибриддүү архитектураны санарип сомду сактоого, тескөөгө жана эсебин жүргүзүүгө жол берүүчү бөлүштүрүлүүчү реестрлердин платформасын жана борбордоштурулган системанын элементтери бар алар менен операцияларды колдонуу сунушталат. 

Санарип сомдун платформасынын прототибин ишке ашыруу үчүн Концепцияда бир катар негизги иш-чаралар, анын ичинде бөлүштүрүлгөн реестрлер (блокчейн) жана смарт-контракттар ж.б. чөйрөсүндө тиешелүү квалификацияга жана иш тажрыйбага ээ программисттер-иштеп чыгуучуларды тартуу менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамына) тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш-чаралар аныкталган. 

Долбоорду ишке ашыруу максатында жана Улуттук банктын ички жол-жоболоруна ылайык, Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги  

№ 2023-П-14/25-3 (ВД) “Санарип сом” долбоорун демилгелөөгө Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын билдирмеси бекитилген.  

Жогоруда айтылган токтомдун алкагында 2023-жылдын 1-июнунда № 2023-ПР-144/133-0 “Санарип сом” долбоорун ишке ашыруу боюнча долбоордук топ түзүлгөн.  

Алсак, бүгүнкү күндө санарип сомдун прототибин апробациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу Концепциянын 9-бөлүгүндө аныкталган иш-чараларга ылайык жүзөгө ашырылууда.  

 

Cанарип сом прототибин апробациялоо боюнча план 

1. Санарип сом платформасынын прототибин түзүү  

№ 

Иш-чара 

Башталган датасы 

Бүткөн датасы 

1. 

Санарип сом платформасынын прототибин кылдат иштеп чыгуу жана киргизүү  

2023-ж. III чейреги  

2025-ж. II чейреги 

2. 

Санарип сомду колдонууга киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү  

2023-ж. III чейреги 

2026-ж. I чейреги 

2. Санарип сом платформасынын прототибин ишке киргизүү жана тестирлөө  

№ 

Иш-чара 

Башталган датасы 

Бүткөн датасы 

1. 

Санарип сом платформасын апробациялоо  

2025-ж. II чейреги 

2025-ж. IV чейреги 

3. Санарип сом платформасынын прототибин тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгаруу жана санарип сом чыгаруунун (эмиссиянын) максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу  

1.  

Санарип сомду колдонууга киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу  

2026-ж. II чейреги 

2026-ж. IV чейреги 

 

1. Мыйзам чыгаруу бөлүгү (хронология) 

2023-жылдын 25-декабрында Улуттук банктын “Санарип сом” комитетинин башкаруучусунун отурумунда санарип сомду колдонууга киргизүү маселелеринин укуктук жана жөнгө салынышын кылдат иштеп чыгуу долбоору каралган. Жыйынтыгы боюнча Комитеттин башкаруучусу тарабынан санарип сомду колдонууга киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин кылдат иштеп чыгуусуна жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлүшү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. 

Алсак, 2024-жылдын 18-январында Улуттук банктын № 2024-Пр-14/8-О буйругу менен санарип сомду колдонууга киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин кылдат иштеп чыгууга жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн (мындан ары Ведомстволор аралык жумушчу топ). 

2024-жылдын 1-февралында Улуттук банктын интернет-сайтында ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуунун башталгандыгы тууралуу билдирүү жайгаштырылган.  

2024-жылдын 5-февралында Ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму өткөрүлгөн жана мындан ары жасала турган иштер талкууланган. Ведомстволор аралык жумушчу топ үчүн “Санарип сом” долбоордук тобу тарабынан долбоорду жана мөөнөтүндө ишке ашыруунун жүрүшүндө Санарип сом концепциясы тууралуу презентация сунушталган. 

2024-жылдын 21-февралында Улуттук банктын расмий интернет-сайтында ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча сунуштарды жана жооптордун реестри жайгаштырылган.  

2024-жылдын 15-мартында 2024-жылдын 19-апрелине чейин санарип сомду колдонууга киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин кылдат иштеп чыгышына жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүү боюнча жөнгө салуу таасирин талдоо мөөнөтүн узартуу тууралуу № 2024-Пр-14/8-О буйрукка өзгөртүү киргизилген (2024-ж. 15.03. № 2024-Пр-14/63-О). 

2024-жылдын 20-мартында жөнгө салуу таасирин талдоого сунуштарды, ошондой эле мыйзам долбооруна толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы тууралуу министрликтерге жана ведомстволорго 2024-жылдын 20-мартындагы №2024-Исх-14-08/2273 кат жөнөтүлгөн.  

2024-жылдын 29-мартында жөнгө салуу таасиринин долбоорун жана мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун экинчи отуруму өткөрүлгөн (2024-ж. 27.03. № 2024-Исх-14-05/2439).  

2024-жылдын 19-апрелинде Ведомстволор аралык жумушчу топтун үчүнчү отуруму өткөрүлгөн, жөнгө салуучу таасирин талдоого кол коюлган жана мыйзам долбоорлорун кылдат иштеп чыгышынын талкуусу өткөн (2024-ж. 15.04. № 2024-Исх-14-05/2984).  

 

2. Технологиялык бөлүгү  

«Санарип сом» долбоорун иштеп чыгуу үчүн (Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом) 2023-жылдын 25-декабрында Санарип сом боюнча комитетинин башкаруучусунун № 2 чечими менен эксперименталдык режимдеги Open Source негизинде санарип сомдун прототибин апробациялоо үчүн санарип сом прототибине карата (мындан ары RFI) функционалдык жана техникалык талаптар жактырылган.  

2024-жылдын 8-январында «Санарип сом» долбоордук тобу Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом жөнүндө кызыгууларды, сунуштарды жана чечимдерди алуу максатында сунуштоочуларына/иштеп чыгуучуларына RFI жөнөткөн (№ 2024-Исх-14-05/11). Ошону менен бирге, RFI жөнүндө маалымат социалдык тармактарда жана Улуттук банктын расмий интернет сайтында жайгаштырылган.  

2024-жылдын 28-февралында «Санарип сом» долбоордук тобунун дарегине Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом чөйрөсүндө чечимдерди сунуштоочу 12 компаниядан турган чектелген чөйрөдө санарип сомду тестирлөө үчүн сунуш келип түшкөн жана 2024-жылдын 2-мартында Улуттук банктын расмий интернет-сайтында бул тууралуу жарыя жайгаштырылган (https://www.nbkr.kg/newsout.jsp?&item=31&lang=RUS&material=118599).  

Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом «санарип сом» долбоордук тобунун сунуштоочуларынан түшкөн сунуштарды ачык жана толук баа берүү максатында кийинки кадам катары санарип сом платформасын апробациялоо үчүн сунуштоочуларды тандоо критерийлери иштелип чыкты жана Санарип сом боюнча комитеттин башкаруучусунун 2024-жылдын 11-мартындагы чечими менен критерийлер жактырылган.  

Тандоонун баалоо критерийлеринин өзүнө-өзү баа берүү үчүн Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомду сунуштоочуларга дагы 2024-жылдын 25-мартында № 2024-исх-14-05/2309 каты жөнөтүлүп, өзүн-өзү баалоонун толтурулган формалары алынган. Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сомду сунуштоочуларга жөнөтүлгөн өзүн-өзү баалоо формасы, талапкерлердин технологиялык жана функционалдык потенциалы тууралуу ар тараптуу маалыматты алуу үчүн инструмент болуп саналат жана төмөнкү негизги компоненттерди камтыйт: 

1) санарип валюталары менен операциялар;  

2) санарип капчыктын интерфейси;  

3) CBDC долбоорлоо жана архитектурасы; 

4) KYC жана акыркы колдонуучуларды каттоо;  

5) сунуштоочунун программасынын купуялуулук саясаты; 

6) интеграция/шайкештик; 

7) аналитика панели;  

8) төлөмдү демилгелөө (QR, NFC, карта)/Push and Pull; 

9) программалануучу акча мүмкүнчүлүктөрү;  

10) коопсуздук боюнча саясат;  

11) API стандарттары.  

Өзүн-өзү баалоо формалары «Санарип сом» долбоордук тобунун талапкерлердин техникалык даярдыгын жана алардын долбоордун талаптарын канааттандыруу жөндөмдүүлүгүн комплекстүү баалоого жол берет. Ал аркылуу сунуштоочуларды тандоо тууралуу салмактанган жана маалымат берилген чечимдерди кабыл алууну камсыз кылат.  

Сунуштоочулардын сунуштарын жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн терең түшүнүү үчүн бардык компаниялар-сунуштоочулар менен онлайн-сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн. Бул процесс санарип валюта долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн потенциалдуу сунуштоочуларды кылдат тандоонун жана баалоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Онлайн-сүйлөшүүлөр прототиптин апробацияланышы менен байланышкан негизги маселелерди талкуулоо жана сунуштарды терең изилдөө үчүн мүмкүнчүлүктү кошумча камсыз кылат, бул долбоор үчүн кыйла туура келген чечимдерди жана технологияларды аныктоо үчүн өзгөчө маанилүү болуп саналат. 

 

№ 

Сунуштоочунун аталышы  

Жолугушуунун датасы жана убактысы  

Жолугушуунун форматы 

1. 

Alternative Payment Solution 

06.03.2024 г. 09:00 11:00 

11.03.2024 г. 14:00 15:30 

офлайн 

онлайн 

2. 

Knox Networks 

12.03.2024 г. 08:00-10:00 

онлайн 

3. 

Nahmii 

18.03.2024 г. 14:30-16:00 

онлайн 

4. 

G+D 

26.03.2024 г. 15:00-17:00 

онлайн 

5. 

FIS 

27.03.2024 г. 14:00-18:00 

онлайн 

6. 

SICPA 

28.03.2024 г. 15:00-18:00 

онлайн 

7. 

DCM 

29.03.2024 г. 15:00-17:00 

онлайн 

8. 

R3 Corda 

02.04.2024 г. 18:00-20:00 

онлайн 

9. 

Axellect 

04.04.2024 г. 15:00 17:00 

онлайн 

10. 

Xiamen Strait Chain Technology  

26.03.2024 г. 10:00 12:00 

08.04.2024 г. 15:00 17:00 

онлайн 

11. 

Montran 

05.04.2024 г. 14:00-16:00 

офлайн 

 

2-тиркеме 

 

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) санарип сомду укуктук жөнгө салуу жана кызыкдар жактардан сунуштарды топтоо маселеси боюнча жөнгө салуучу таасирин талдоонун башталышы жөнүндө билдирет.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) токтому менен бекитилген Санарип сом концепциясынын “Санарип сомду колдонууга киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин кылдат иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү” 9-бөлүгүнүн 3-пунктун аткаруу жана ишке ашыруу максатында, Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын “санарип сом” санарип валютасынын укуктук статусун жана санарип сомдун жөнгө салуу маселелерин кылдат иштеп чыгуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзам долбооруна карата жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү демилгеси көтөрүлүүдө.  

Санарип сом Улуттук банк тарабынан санарип формада эмиссиялана турган жана акчанын үчүнчү формасы менен анын милдеттенмеси болуп саналган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын кошумча формасы (кыргыз сому). 

Учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы Улуттук банк тарабынан эмитирленген накталай акча белгилери (сом, тыйын) жана коммерциялык банктарда жана Улуттук банкта эсептерде болгон акча каражаты түрүндөгү накталай эмес төлөмдөр бар.  

Улуттук банкта корреспонденттик эсептер коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына жана башка атайын катышуучуларга ачылат. Санарип сомдун прототиби боюнча долбоорду ишке ашыруу модели катышуучулар арасындагы өз ара эсептешүүлөрдүн колдонуудагы циклинен жана катышуучулардын ролунан айырмаланбаган/алмашылбаган эки денгээлдүү чекене модель. Долбоорду ишке ашыруунун жалгыз айырмачылыгы болуп анын технологиялык чечилиши, республиканын алыскы аймактарында финансылык жеткиликтүүлүгү боюнча эксклюзивдүүлүгүндө/инновациялуулугунда, интернетке туташпастан төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү (офлайн-төлөмдөр), коопсуздук жана санарип сом платформасында төлөм системасынын катышуучулары арасында санарип контракттарды түзүү ыкмалары (smart-contract), бул реалдуу убакыт ыргагында эсептешүү процессин тездетет.  

 

2. Сунушталган жөнгө салуунун максаты 

Сунушталган жөнгө салуунун максаты Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүү киргизүү аркылуу акчанын үчүнчү формасынын укуктук статусун киргизүү тууралуу маселени кылдат иштеп чыгуу болуп саналат: 

-  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамы; 

-  «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; 

-  “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөКыргыз Республикасынын мыйзамы

- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; 

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси

- ж.б.  

 

3. Сунушталган жөнгө салуунун артыкчылыктары жана күтүлүүчү пайдаларды баалоо 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана санарип сомду колдонууга киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуучу маселелерди кылдат иштеп чыгуу санарип сомдун иштеши үчүн тең салмактанган ченемдик укуктук чөйрөнү түзүү жана юридикалык маанилүүлүгү үчүн конкреттүү сунуштардын тизмегин иштеп чыгууга шарт түзөт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде терминологиялык аппаратты, ролду, укукту жана системанын катышуучуларынын милдеттерин, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди контролдоо үчүн жөнгө салуучу механизмдерди, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү аспектилерин бекитүү үчүн зарыл өзгөртүүлөр аныкталат жана иштелип чыгат. 

 

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз таасирин баалоо 

Санарип сомдун киргизилиши менен терс таасирлер күтүлбөйт, анткени санарип сом калктын күнүмдүк турмушта накталай жан накталай эмес акчаларын колдонуусун чектебейт.  

 

5. Ишкердик субъектилеринин сунушталган жөнгө салуу адресаттарынын санын мүнөздөө жана баалоо  

Сунушталган жөнгө салуу санарип сомдун эмитенти жана санарип сом платформасынын оператору, төлөм системаларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын, бюджеттик уюмдардын жана санарип капчыкты колдонуу менен санарип сомдун колдонуучулары катары Улуттук банктын ишине тиешелүү болот.  

 

6. Сунушталган жөнгө салуунун колдонууга киргизилишине байланыштуу кошумча чыгашалардын жана потенциалдуу адресаттардын пайдасын болжолдуу баалоо 

Сунушталган жөнгө салуунун колдонууга киргизилиши Улуттук банктын жана төлөм системаларынын катышуучуларынын бюджетинде кошумча финансылык чыгашаларга алып келет.  

 

7. Сунушталган жөнгө салуунун колдонууга киргизилишине байланыштуу чыгашалардын жана республикалык бюджеттин пайдасын болжолдуу баалоо 

 

Аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруу санарип формада акча каражаттарын которууну жана санарип сомдун укуктук статусун киргизүүнүн эсебинен Улуттук банктын накталай акча белгилерин даярдоого кеткен чыгашасын азайтат.  

 

Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет: 

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги: 

- Көрсөтүлгөн проблемалар Кыргыз Республикасынын жогоруда айтылган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен чечүүнү талап кылган проблемалар туура болуп саналабы, же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын деңгээлинде жөнгө салуу жетиштүү болобу? 

- Көрсөтүлгөн максат ага жетүүдө негиздүү, маанилүү болуп саналабы? 

- Проблемаларды чечүүнүн сунушталган ыкмасы (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы? 

- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн? 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар келип чыгышы мүмкүн? 

- Проблемаларды чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдик ыкмалары барбы? 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча жалпы пикир. 

- Жогоруда айтылган проблемалардын алкагында Кыргыз Республикасынын кайсы мыйзам актыларын дагы кайрадан карап чыгуу зарыл жана комплекстүү өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. 

Суроолордун тизмеги кеңейтилиши мүмкүн. 

 

Сунуштарды талкуулоо үчүн байланыш маалыматтары жана мөөнөтү

1. Сунуштар кабыл алынат: 

 

- электрондук почта аркылуу 

abakesarieva @nbkr.kg / mail@nbkr.kg  

- почта дарегине 

720001, Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр.168 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

2. Сунуштар көрсөтүлгөн датадан кечиктирилбестен кабыл алынат 

2024-жылдын10-февралы 

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруу мөөнөтү иштеп чыккан органдын интернет-сайтында көрсөтүлгөн датадан кечиктирилбестен кабыл алынат  

2024-жылдын 19-февралы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-тиркеме 

Сунуштардын жана жооптордун 

РЕЕСТРИ 

 

(2024-ж.19.02. ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча

 

Каттоо№ 

Эскертүүлөр жана (же) сунуштар 

Автор (коомдук консультациялардын катышуучусу) 

Алынган датасы 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Санарип сомду колдонууга киргизүү Финансы министрлигине ченемдик укуктук актыда чагылдырууну талап кылган бир катар жаңы инструменттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү сунушташы мүмкүн. 

1. Бюджеттик каражаттардын натыйжалуу сарпталышы: 

Санарип сом мамлекеттик башкаруу, сунуштоочулар жана алуучулардын ар кандай деңгээлдери ортосунда төлөмдөр жана транзакциялар процессин жеңилдетүү менен сарпталышын азайтууга тийиш. 

2. Субсидиялар жана социалдык жөлөк пулдар: 

Санарип сом санарип процесстерди колдонуу менен субсидияларды натыйжалуу бөлүштүрүү жана социалдык жөлөк пулдар үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга тийиш. 

3. Мыйзамсыз финансылык агымдар менен күрөш: 

Санарип сомду колдонуу санариптештирүүнүн мыйзамсыз финансылык агымдар жана жүргүзүлгөн транзакцияларга аудитин жана коррупцияны байкоо мүмкүнчүлүгү менен күрөшүү мүмкүндүгүн караштырууга тийиш. 

4. Экономиканын мониторинги: 

Санарип сом негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алууда жардам бере алган акча агымдарын жана экономикалык тенденцияларды кыйла натыйжалуу мониторинги үчүн мүмкүнчүлүк берет. Жасалма интеллект BI (business intelligence) жана чечимдердин мүмкүнчүлүгүн колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш. 

5. Монетардык саясатты колдоо: 

Улуттук банк жана Министрлер Кабинети натыйжалуу монетардык саясатты жүргүзүү үчүн, анын ичинде пайыздык чендин жана акчалай сунуштардын деңгээлине таасирин кошо алганда, санарип сомду колдонуу мүмкүнчүлүгүн алууга тийиш. 

6. Экономикага өбөлгө түзүү

Санарип сом, мисалы, максаттуу улуттук долбоорлорду жана бүтүндөй экономиканы каржылоо, керектөөчүлүк суроо-талапты колдоо үчүн кризистин шартында санарип ваучерлерди, смарт-контракттарды же башка инструменттерди чыгаруу үчүн функционалдуулугуна ээ болууга тийиш. 

7. Финансылык инструменттерди өнүктүрүү

Санарип сомду колдонууга киргизүү финансылык инфраструктураны андан ары өнүктүрүүгө, анын ичинде накталай эмес төлөмдөрдүн жайылтылышынын кеңейиши жана накталай төлөмдөрдүн азайышы менен төлөмдөрдүн электрондук системасын жана банктык кызматтарга өбөлгө түзөт. 

8. Санарип идентификациялоо программаларын түзүү

Санарип сом санарип идентификациянын мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга тийиш, бул өздүгүн текшерүүнү жана транзакциялардын коопсуздугун камсыздайт. 

9. Изилдөө жана аналитика: 

Министрлер Кабинети санарип сом статистикасын колдонуу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана аналитиканы өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш, бул негизделген финансылык чечилиштерди кабыл алууда жардам берет. 

Баса белгилесек, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы негиз катары алган эки деңгээлдүү чекене моделди колдонуу менен алынган санарип сомдун модели Министрлер Кабинетинин муктаждыктары үчүн жогоруда саналган функционалдык толугу менен ишке ашырбайт. 

Ушуга байланыштуу, кошумча талкуулоону жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аталган моделди жана санарип сомду колдонууга киргизүүдөн күтүлүүчү Министрлер Кабинетинин керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн эки деңгээлдүү моделдин мүмкүнчүлүктөрүн тандоо себебин негиздеп берүүсү талап кылынат. 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 

2024-ж. 12.02. Чыг. № 05/1799 

Жөнгө салуу таасирин талдоодо колдонуу үчүн сунуштар кабыл алынды.  

1. Улуттук банк Башкармасынын 2022-ж. 25.05. № 2022-П-14/32-3-(ПС) токтому менен бекитилген Санарип сом концепциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналык санарип сом системасынын атайын катышуучусу болуп саналат жана мамлекеттик бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн камсыз кылуу максатында өзүнүн капчыгынан операцияларды жүзөгө ашырат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.  

2. Санарип сомдун прототибине коюлган функционалдык техникалык талаптардын алкагында социалдык жөлөк пулду тестирлөө үчүн кейс түзүлгөн. 

3. Санарип сомдун платформасынын алкагында санарип сомдордун программаланышын камсыз кылуу үчүн смарт-контракттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу болжолдонот. Бул санарип сомдорду колдонуунун ар кыл сценарийлеринде колдонулушу мүмкүн, мисалы, санарип сомдорду алардын колдонулушунда жана анын жүгүртүлүш процессинде байкоо салуу үчүн санарип сомдорду маркировкалоо (боёо). Кошумча бул, мисалы, тигил же бул максаттарга, товарларга жана кызматтарга гана колдонулушун белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн (ар кандай социалдык төлөөлөр үчүн колдонулушу мүмкүн). Бул сунуштар Кыргыз Республикасынын “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу каралат.  

4. Санарип сом акчанын бардык функцияларын аткаруу менен, накталай жана накталай эмес сомдор менен бирдей колдонулат: жүгүртүүөлөм) каражаты, нарк өлчөмү жана топтоо каражаты. Улуттук валютанын бардык үч формасы бирдей баада болот: накталай 1 сом 1 накталай эмес сомго эквиваленттүү болот жана 1 санарип сом алардын ар бирине эквиваленттүү болот. Акчалардын ээлери бир формадан экинчи формага которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мында, операциянын ушул түрүнө белгилүү бир чектөөлөр (лимиттер) белгилениши мумкүн. 

5. Улуттук банк санарип сомду эмитациялайт жана санарип сомду колдонуу үчүн платформаны сунуштайт, ал эми акыркы төлөм жана башка сервистерди коммерциялык банктарды кошкондо рыноктун катышуучулары сунушташат. Санарип капчыктарда жайгаштырылган акча каражаттарынын калдыгына пайыздык киреше чегерилет. 

6. Санарип сомдун прототибин апробациялоо боюнча тесттик иштердин алкагында смарт-контракттар боюнча кейстер, офлайн-төлөмдөрдү жүргүзүү каралган (интернет жок болгон учурда) ж.б.  

7. Санарип сомдун концепциясы санарип сомдун инфраструктуралык өнүгүшүн караштырат (P2P, B2G, G2B). 

8. Санарип идентификация аралыктан идентификациялоо, банктык эсеп, электрондук капчык ачуу боюнча талаптарга окшош Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

9. Cанарип сомдун платформасынын прототибин жана анын архитектурасын түзүүнүн алкагында ишке ашыруунун кийинкидей варианттары каралган: 

- борбордоштурулган система; 

- бөлүштүрүлгөн реестрлердин базасында борбордоштурулбаган тармак; 

- гибриддик архитектура бөлүштүрүлгөн реестрлердин элементтери колдонулган система. 

Гибриддик архитектураны - транзакцияларды сактоого, башкарууга, жүзөгө ашырууга жана санарип капчыктарда санарип сомдордун эсебин жүргүзүүгө жол берген жана бөлүштүрүлгөн реестрлердин элементтерин колдонуу менен борбордоштурулган платформаны колдонуу сунушталат. Борбордук банктардын санарип сомун түзүү жана андан ары жайылтуу (Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом) финансы кызмат көрсөтүүлөр рыногунун учурдагы инфраструктурасын талап кылат. Борбордук банктардын санарип валютасы/санарип сом түзүүгө карата колдонуудагы ыкмалар кеминде транзакциялардын бирдиктүү реестрин жана релеванттык (тиешелүү) жазуулардын болушун билдирет. Эгер акчанын формасы же продукттар өзгөрүлбөсө дагы, инфраструктура, ушул сыяктуу реестрди кошо алганда, анын базасында/негизинде өлкө экономикасы жана финансы системасы үчүн жаңы продукттарды жана концепцияларды түзүүгө шарт түзгөн инновация болуп бериши мүмкүн. 

2.  

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволорунан көз карандысыз эксперттерден турган ведомстволор аралык жумушчу топко кошумча талапкерлерди кошуу үчүн сунуштар келип түштү.  

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги. 

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык кызматы. 

3. Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгы. 

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги. 

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы. 

6. Көз карандысыз эксперт.  

1. 2024-ж. 01.02.  

2024-ж. 2. 2024-ж. 09.02. 

3. 2024-ж. 08.02. 

4. 2024-ж. 31.01. 

5. 

2024-ж. 27.01. 

6. 2024 г. 04.02.  

Жөнгө салуу таасирин талдоо тизмесине кошумча макулдашуучу жана кызыкдар мамлекеттик орган катары кошулган.  

3.  

Санарип сомдун прототибин апробациялоо үчүн тестирлөөгө катышуу.  

«ГринТелекомСервис» ЖЧКсы 

2024-ж. 08.02.  

Санарип сомдун прототибин апробациялоо үчүн платформаны тандоонун жыйынтыгы боюнча эксперименталдык режимде төлөм системасынын катышуучуларын тестирлөө үчүн тартылат.  

4.  

Башка өлкөлөрдө Борбордук банктарда санарип валюталар чөйрөсүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча консультативдик көмөк көрсөтүү.  

VISA Эл аралык төлөм системасы 

2024-ж. 13.02.  

2024-ж. 13.02. жолугушуу онлайн режиминде өткөрүлгөн.  

5.  

Борбордук банктардын башка санарип валюталар менен санарип сомдун интероперабелдүүлүк бөлүгүндө санарип сомду тестирлөө үчүн сунуштар.  

Mastercard Inc. Эл аралык төлөм системасы 

2024-ж. 06.02.  

Жолугушуу онлайн режиминде өткөрүлгөн.