«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица
№ |
Колдонуудагы редакция |
Сунушталган редакция |
|
21-берене. Төлөм каражаты 1. Сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөлөрсүз кабыл алынууга милдеттүү болгон жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат. Төлөө валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталган экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларда берүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди кошпогондо, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом түрүндө жана чет өлкө валютасынын курсуна байланыштыруусуз көрсөтүлүүгө тийиш. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааны чет өлкө валютасында көрсөтүү менен жарнамалоого тыюу салынат. 2. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин кабыл алуудан негизсиз баш тарткан, ошондой эле аларды атайын жок кылган же жарнама жана башка максаттарда мыйзамсыз пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 3. Акча белгилерин жасалмалоо жана мыйзамсыз даярдоо, ошондой эле акча белгилерин санкцияланбаган эмиссиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. |
21-берене. Төлөм каражаты 1. Сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөлөрсүз кабыл алынууга милдеттүү болгон жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат. Валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталган экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды берүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык келишимге же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге ылайык чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен ишке ашырылуучу отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлордун алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну кошпогондо, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом түрүндө жана чет өлкө валютасынын курсуна байланыштыруусуз көрсөтүлүүгө тийиш. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааны чет өлкө валютасында көрсөтүү менен жарнамалоого тыюу салынат. 2. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин кабыл алуудан негизсиз баш тарткан, ошондой эле аларды атайын жок кылган же жарнама жана башка максаттарда мыйзамсыз пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 3. Акча белгилерин жасалмалоо жана мыйзамсыз даярдоо, ошондой эле акча белгилерин санкцияланбаган эмиссиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. |