«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары – Министрлер Кабинети) катышуусу менен инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорду отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө ишке ашырууда чет өлкө валютасында бааларды (тарифтерди) аныктоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда чет өлкө валютасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн болушу чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.
Мисалы, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр, анын ичинде төмөнкүдөй преференцияларга ээ:
- ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор аркылуу иштелип чыгуучу электр энергиясына жеңилдик берилген мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичиндеги тариф, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу электр энергиясына болгон тариф саясатына ылайык белгиленет жана орнотмонун ар бир түрү боюнча тиешелүү коэффициентке көбөйтүлөт.
Ошентип, тарифтер Министрлер Кабинети тарабынан улуттук валютада аныкталат, анткени Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 21-беренесине ылайык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом түрүндө жана чет өлкө валютасынын курсуна байланыштыруусуз көрсөтүлүүгө тийиш.
Ошону менен бирге бааларды жана тарифтерди улуттук валютада гана белгилөө чет өлкөлүк инвестор тарабынан инвестициялык долбоордун рентабелдүүлүгүнө тоскоолдук катары каралышы мүмкүн, аны ишке ашырууда инвестор чет өлкө валютасында каражаттарды салат жана чыгымдарды тартат.
Ушул сыяктуу жагдай өлкөнүн отун-энергетикалык комплексинин башка чөйрөлөрүнө да чет өлкөлүк инвестицияларды тартууда да пайда болушу мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоору менен Министрлер Кабинетинин катышуусу менен инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорду отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө ишке ашырууда бааларды (тарифтерди) чет өлкө валютасында көрсөтүү мүмкүнчүлүгү каралган конституциялык Мыйзамдын 21-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин катышуусу менен инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорду отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө ишке ашырууда чет өлкө валютасында бааларды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүү Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана жалпысынан өлкөнүн инвестициялык климатына оң таасирин тийгизет.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык сунушталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо
Мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат
Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Сунушталган Мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт, анткени ишкердикти түздөн-түз жөнгө салууга багытталган эмес.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын
төрагасы М.Ж. Тургунбаев