Кайта келүү

ДОЛБООР 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  

КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

1-берене 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2022-жылдын 17-августундагы N 72-74) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) 5-берене төмөнкү мазмундагы 6-1 жана 6-2-пункттар менен толукталсын: 

«6-1) санарип сомду эмиссиялоо (чыгаруу) боюнча өзгөчө укукка ээ, аны чыгаруу жана жүгүртүү тартибин аныктайт; 

6-2) санарип сом платформасын уюштурат, анын иштешин камсыздайт жана санарип сом платформасынын оператору болуп саналат;»; 

2) төмөнкү мазмундагы 4-1-глава менен толукталсын:  

«4-1-глава. Кыргыз Республикасынын санарип сому  

22-1-берене. Санарип сом 

1. Санарип сом Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган Кыргыз Республикасынын санарип түрүндөгү улуттук валютасы. 

2. Санарип сомдор атайын платформада санарип түрүндө жүгүртүүгө чыгарылат. 

3. Санарип сом платформасынын оператору болуп Улуттук банк саналат. 

4. Санарип сом платформасы санарип сомду чыгаруу (эмиссия), эсепке алуу жана жайылтуу үчүн технологиялык жана программалык инфраструктураны түшүндүрөт. 

22-2-берене. Санарип сомду эмиссиялоо 

1. Санарип сомду эмиссиялоо (чыгаруу) өзгөчө укугу Улуттук банкка таандык. 

2. Санарип сомдор Улуттук банктын милдеттүү милдеттенмелери болуп саналат жана анын бардык активдери менен камсыздалат. 

3. Санарип сомду атайын платформадан жүгүртүүдөн алып салуу Улуттук банктын өзгөчө укугу болуп эсептелет. 

22-3-берене. Санарип сомду жүгүртүүнү уюштуруу  

Улуттук банк санарип сомду жүгүртүүнү уюштуруу максатында: 

- санарип сомду чыгарууга муктаждыкты болжолдойт; 

- банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сомду сактоо, өткөрүп берүү жана коргоо тартибин жана талаптарын аныктайт; 

- банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сом операторунун платформасында төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет; 

- анын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдамчылык иш-аракеттерин жана операцияларды алдын алуу үчүн криптокоргоо белгилерин аныктайт; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык, санарип сом платформасы иштеген чөйрөдө башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.» 

 

2-берене 

Бул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын  

1-январынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Президенти