ДОЛБООР
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасында санарип валюта «санарип сомдун» укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«22-статья. Граждандык укук объектилеринин түрлөрү
Буюмдар граждандык укук объектилерине таандык, ага акча жана баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, санарип сомдор, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат, интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттары (интеллектуалдык менчик), ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет.»;
2) 35-статьянын 2-бөлүгүндө «накталай эмес эсептешүүлөр» деген сөздөрүнөн кийин «жана санарип сом менен эсептешүүлөр» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 776-статьянын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Накталай, накталай эмес эсептешүүлөр, санарип сом менен эсептешүүлөр»
2) 776-статьянын 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр накталай, накталай эмес жана санарип сом түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.».
3-берене
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5,
398-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 105-берене төмөнкү мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
«41. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган санарип сом платформасына кошулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджет системасынын бюджеттик каражаттарын эсепке алуу жана бөлүштүрүү боюнча анын түздөн-түз катышуучусу болуп саналат.».
4-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 303-1-берене төмөнкү мазмундагы текст менен толукталсын:
«303-1-берене. Санарип сомду кабыл алуудан баш тартуу
Кыргыз Республикасынын санарип сомун төлөм катары кабыл алуудан баш тартуу жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.».
5-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине («Эркин-Тоо» газетасы, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 45-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту «же санарип сомдор менен» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 69-берененин 3-бөлүгүндө «накталай эмес формада» деген сөздөрдөн кийин «же санарип сом менен» деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 27-берененин он бешинчи абзацында «төлөм карталарын» деген сөздөрдөн кийин «, санарип сомдорду» деген сөздөр менен толукталсын.
7-берене
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкү мазмундагы 24-33-пункттар менен толукталсын:
«24) санарип эсеп – санарип сом платформасынын оператору тарабынан платформа (төлөм) системасынын катышуучулары үчүн ачылган атайын эсеп.
25) санарип капчык – санарип сом платформасынын катышуучулары аркылуу колдонуучулар үчүн ачылуучу санарип сом эсеби.
26) санарип сом платформасы – санарип сом платформасынын оператору, катышуучулары жана колдонуучулары санарип сом менен операцияларды жүргүзүү үчүн платформанын эрежелерине ылайык өз ара иш алып бара турган атайын программалык камсыздоо. «Санарип сом» жана «санарип сом платформасы» сөздөрүн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин аталыштарында колдонууга тыюу салынат;
27) санарип сом платформасынын оператору – Улуттук банк, ал катышуучулардын санарип эсептеринде эске алынуучу санарип сом суммасында санарип сом платформасынын катышуучуларынын алдында санарип сом платформасынын операторунун милдеттенмелеринин өлчөмүн чагылдыруучу санарип эсепке алууну түзүү жолу менен санарип сом платформасынын катышуучуларынын санарип сом платформасынын сомдорун чыгарат жана эсепке алат (санарип сомдун калдыгын түзүү);
28) санарип сом платформасынын эрежелери – санарип сом платформасына кирүү шарттарын белгилеген Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка жоболор;
29) санарип сом платформасынын колдонуучусу – санарип сомду колдонуу менен операцияларды жүргүзүү үчүн төлөм системасынын катышуучусунун тиркемеси аркылуу санарип капчык ачкан жеке адам, юридикалык жак же жеке ишкер;
30) санарип сом платформасынын тике катышуучулары – санарип сом платформасында санарип эсептерге ээ банктар жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы;
31) төлөм системаларынын кыйыр катышуучулары – банк менен түзүлгөн келишим алкагында санарип сом платформасына кирүү инфраструктурасын камсыз кылуучу төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары;
32) санарип сомду оффлайн-төлөө – бул интернет-байланыш жок болгон же байланыш сапаты начар /үзгүлтүккө учураган, коммуникациялык байланыш өчүп калган учурда санарип капчыгынын бир колдонуучусунун башка санарип капчыгына төлөм жүргүзүүлөр жана которуулар;
33) санарип сом платформасындагы смарт-контракттар – санарип сом платформасынын катышуучуларынын санарип келишими;
2) төмөнкү мазмундагы 31-беренеси менен толукталсын:
«31-берене. Санарип сом платформасында төлөмдөрдү уюштурууга талаптар
1. Санарип сом платформасынын оператору төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу жана камсыз кылуу максатында, санарип сомду колдонуп санарип сом платформасынын иштөө эрежелерин, техникалык регламентти аныктайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Санарип сом платформасынын эрежелери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) санарип сом платформасынын операторунун жана катышуучуларынын функциялары;
2) санарип сом платформасынын катышуучуларына жана колдонуучуларына карата талаптар;
3) санарип сом платформасынын катышуучулары менен пайдалануучуларына санарип сом платформасына кирүү, кирүүнү токтотуу, кайра жандандыруу жана токтотуу тартиби;
4) санарип сомдор менен операциялардын түрлөрү жана аларды жүргүзүү тартиби, ошондой эле колдонулуучу эсептешүү формалары;
5) санарип сом платформасынын үзгүлтүксүз иштешин жана тобокелдиктерди башкаруу тартиби (мындан ары - санарип сом платформасынын үзгүлтүксүз иштеши);
6) санарип сом платформасынын катышуучулары үчүн маалыматтарды коргоону камсыз кылууга талаптар;
7) талаш-тартыштарды жана келишпестиктерди жөнгө салуу тартиби;
8) санарип сом платформасынын катышуучуларынын жана операторунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, санарип сом платформасынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө тартиби.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санарип сом платформасынын эрежелери санарип сом платформасынын иштешин уюштуруу жана камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка жоболорду да камтышы мүмкүн.
3. Санарип сом платформасынын эрежелери Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.
4. Санарип сом платформасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана санарип сом платформасынын эрежелерине ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) төлөм системасынын катышуучуларына санарип эсеп ачуу;
2) санарип сом платформасынын катышуучулары аркылуу санарип сом платформасынын колдонуучуларына санарип капчык ачуу;
3) санарип сом платформасынын катышуучуларына жана колдонуучуларына санарип сом платформасына кирүү;
4) санарип сом платформасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу.
5. Санарип сом платформасына кирүү мүмкүнчүлүгү колдонуучуларга санарип сом платформасынын кайсы болбосун каалаган катышуучусу аркылуу берилет.
6. Санарип сом платформасынын катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, санарип сом платформасына кирүүгө санарип сом платформасынын колдонуучусунан баш тартууга укугу жок.
7. Санарип капчык ачуу аркылуу санарип сом платформасынын колдонуучуларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берген санарип сом платформасынын катышуучусу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана санарип сом платформасынын эрежелерине ылайык, санарип сом платформасынын колдонуучуларынын тескемесин аткарууга кабыл алат.
8. Санарип сом платформасынын катышуучусу санарип сом платформасынын колдонуучусунун тескемесин аткарууга кабыл алууда колдонуучунун санарип сомдордун калдыгы менен иштөө укугун, көрсөтүлгөн тескеменин реквизиттерин текшерүүгө жана тескемени аткарууга кабыл алуу үчүн башка жол-жоболорду аткарууга милдеттүү.
9. Санарип сом платформасынын катышуучусу санарип сом платформасынын колдонуучусунун тескемесин аткарууга кабыл алгандан кийин бул тескемени санарип сом платформасынын операторуна жөнөтөт.
10. Санарип сом платформасынын оператору санарип сом платформасынын катышуучусунан келип түшкөн санарип сом платформасынын катышуучусунун тескемесин аткарууга кабыл алуу жол-жоболорун аткарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана санарип сом платформасынын эрежелеринде белгиленген тартипте анын тескемесин аткарат. Каражаттарды өндүрүп алуучу тараптын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашырган башка жактын тескемелерин аткарууга кабыл алуу санарип сом оператору тарабынан ушул мыйзамда жана санарип сом платформасынын эрежелеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
11. Санарип сом платформасынын оператору колдонуучулардын маалыматтарынын жогорку деңгээлде коопсуздугун жана корголушун камсыз кылууга милдеттенет, анын ичинде маалыматтарды шифрлөө, аутентификация механизмдери жана алдамчылыктан коргоо механизмдерин колдонуу менен.
12. Санарип сом платформасынын колдонуучусу санарип капчыкты ачууда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык санарип сом платформасынын катышуучусу аркылуу ишенимдүү жеке маалыматтарды берүүгө милдеттенет. Колдонуучу төлөм системасынын катышуучуларынын инфраструктурасында өзүнүн санарип капчыгын колдонуп эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
13. Эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санарип сом платформасында белгиленген эрежелерге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде интернет-дүкөндөргө жана сервис кызматтарына жөнөтүлүшү мүмкүн. Алынган санарип сомдор санарип сом платформасынын колдонуучусунун санарип капчыгына автоматтык түрдө түшөт.
14. Колдонуучу санарип сом платформасында берилген веб-интерфейс же мобилдик тиркеме сыяктуу инструменттерди колдонуп, өзүнүн транзакцияларын жана санарип капчыктын калдыгын көзөмөлдөөгө укуктуу.
15. Колдонуучу санарип сом платформасынын эрежелерине ылайык билдирүүлөрдүн келишин тууралоо, төлөмдөрдүн чектерин белгилөө жана башка аракеттерди аткаруу өзүнүн санарип капчыгын башкара алат.
16. Колдонуучу санарип сом платформасынын эрежелерине жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, коопсуздук чараларын, анын ичинде ишенимдүү сыр сөздөрдү колдонууну жана эки факторлуу аутентификацияны активдештирүүнү сактоого милдеттүү.
17. Колдонуучунун санарип капчыгындагы санарип сомдорду төлөө санарип сомдорду накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу жүргүзүлөт (анын банк эсебине, электрондук капчыкка, банк картасына), бул тескемени санарип капчыкты колдонуучу өзү төлөм системасынын катышуучуларынын мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырат.»;
3) 10-беренеде «электрондук капчыктарды» деген сөздөрдөн кийин «, санарип капчыктарды» деген сөздөр менен толукталсын;
4) төмөнкү мазмундагы 151-берене менен толукталсын:
«151-берене. Санарип сомдор менен акыркы эсептешүүлөр
1. Колдонуучунун санарип капчыгынан санарип сомдорду которуу операциясы алуучунун санарип капчыгына санарип сомдор келип түшкөн учурда аяктайт.
2. Санарип сомдорду колдонуу менен операция боюнча милдеттенмелер колдонуучунун санарип капчыгынан алынып салынган учурдан тартып алуучунун санарип капчыгына/эсебине чегерилген учурда аткарылган деп эсептелет.
3. Акыркы оффлайн-төлөө эки этапта болот:
Локалдык акыркы төлөө (алдын ала акыркы):
1) түзүлүштүн деңгээлинде: каражаттар бир оффлайн - санарип капчыктан алынып салынып түзүлүштөр деңгээлинде башкага чегерилген учурда транзакция аяктады деп эсептелет. Бул эки түзүлүш ортосунда оффлайн-транзакцияны жүргүзгөн учурда болот.
2) Транзакция жазуу: транзакция санарип капчыктын түзүлүшүнүн эс тутумунда же башка санарип ээсинде жазылат жана санарип сом платформасынын оператору менен синхрондоштурууну күтөт.».
8-берене
Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына (2022-жылдын 17-августундагы №72-74 «Эркин Тоо» газетасы) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31) кардарлардын тапшырмасы боюнча санарип капчыкты ачуу жана санарип сом менен операцияларды жүргүзүү;»;
2) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы
161-пункт менен толукталсын:
«161) санарип сомду колдонуучуларга санарип капчыктарды ачуу, аларды накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу, ошондой эле аларды колдонуу менен операцияларды жүргүзүү аркылуу санарип сомду жайылтуу;».
9-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин өз ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти