«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасында санарип валюта «санарип сомдун» укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
1. Максаты жана милдеттери
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасында санарип валюта «санарип сомдун» укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбоору (мындан ары – мыйзам долбоору) улуттук санарип валюта «санарип сом» пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү максатында иштелип чыккан.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары – Министрлер Кабинети) 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 329-пунктунун, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
24-январындагы № 14-р тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш-аракеттер планынын 115-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) токтому менен бекитилген Санарип сом концепциясынын
9-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан.
Төмөндө келтирилген мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын сегиз мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыйт, атап айтканда:
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I жана II бөлүгүнө;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине;
- Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамына;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына;
- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына.
Санарип валюта «санарип сомдун» укуктук статусу техникалык платформаны туура тандоодон жана санарип сом прототибин апробациялоо боюнча тестирлөө жана пилоттук мезгилдердин ийгиликтүү аякташынан көз каранды. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүсү сунушталууда.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык же коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо
Кыргыз Республикасынын жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерине талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга каршы келбей тургандыгы аныкталды.
6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат
Мыйзам долбоорун ишке ашырууда республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражат талап кылынбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн.