Кайта келүү

ДОЛБООР 

(2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет) 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасында санарип валюта «санарип сомдун» укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдын долбооруна  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

1. 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫК КОДЕКСИ, 1-бөлүк, 3-глава 

Граждандык укуктардын объекттери (Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы № 16 Мыйзамы менен күчүнө кирген) 

22-берене. Граждандык укук объектилеринин түрлөрү 

Буюмдар граждандык укук объектилерине таандык кылынат, буга акча жана баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат, интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттары (интеллектуалдык менчик), ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет. 

22-статья. Граждандык укук объектилеринин түрлөрү 

Буюмдар граждандык укук объектилерине таандык, ага акча жана баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, санарип сомдор, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат, интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттары (интеллектуалдык менчик), ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет. 

35-берене. Акча (валюта) 

1. Кыргыз Республикасында улуттук акча бирдиги сом болуп эсептелет. 

2. Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр түрүндө жүзөгө ашырылат. 

3. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта менен эсептешүүнүн учурлары, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен аныкталат. 

35-статья. Акча (валюта) 

1. Кыргыз Республикасында улуттук акча бирдиги сом болуп эсептелет. 

2. Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр жана санарип сом менен эсептешүүлөр түрүндө жүзөгө ашырылат

3. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта менен эсептешүүнүн учурлары, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен аныкталат. 

2. 

Кыргыз Республикасынын граждандык кодекси, 2-бөлүк (37- жана 38-главалар)  

776-берене. Нак акчалуу жана нак акчасыз эсептешүүлөр 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр нак акчалуу жана нак акчасыз тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. 

2. Юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр, ошондой эле ишкердикти жүзөгө ашырган жарандардын катышуусу менен эсептешүүлөр эреже катары, нак акчасыз тартипте жүргүзүлөт. 

3. Нак акчасыз эсептешүүлөр, эгерде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача каралбаса жана эсептешүүлөрдүн пайдалануудагы формасы менен шартталбаса, эсептешүүлөргө катышкан жактардын эсептери ачылган банктар аркылуу жүргүзүлөт. 

776-статья. Накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр, санарип сом менен эсептешүүлөр 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр накталай, накталай эмес жана санарип сом түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн. 

2. Юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр, ошондой эле ишкердикти жүзөгө ашырган жарандардын катышуусу менен эсептешүүлөр эреже катары, нак акчасыз тартипте жүргүзүлөт. 

3. Нак акчасыз эсептешүүлөр, эгерде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача каралбаса жана эсептешүүлөрдүн пайдалануудагы формасы менен шартталбаса, эсептешүүлөргө катышкан жактардын эсептери ачылган банктар аркылуу жүргүзүлөт. 

3. 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 

105-берене. Бирдиктүү казыналык эсеп 

1. Бирдиктүү казыналык эсеп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсебин билдирет, анда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин акча каражаттары топтолот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын операциялары чагылдырылат. Бирдиктүү казыналык эсеп Улуттук банкта ачылат. Улуттук банк Бирдиктүү казыналык эсепти тейлөө боюнча банктык операцияларды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. 

Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачат. 

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун мыйзамдарына жана башка мыйзам актыларына ылайык, пайыздарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат. 

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм тутумунун түздөн-түз катышуучусу болуп саналат, ошондой эле корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгат жана Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат. 

............ 

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттин акча каражаттарынын калдыктарынын чектеринде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашырат. 

Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү, камсыздандыруу жыйымдарын төлөө боюнча төлөөчүлөрдүн акча каражаттарын которуу Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

Бирдиктүү казыналык эсептен акча каражаттарын эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

6. Бюджеттик мекемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксатысыз коммерциялык банктарда эсептерди ачууга укуксуз. 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коммерциялык банктарда эсептерди ачууга бюджеттик мекемеге төмөнкү учурларда уруксат берүүгө укуктуу: 

1) бюджеттик мекеме тарабынан грант берүүчүнүн коммерциялык банктарда өзүнчө (валюталык) эсеби болгон шарттарда чет өлкөлүк инвесторлордон гранттарды, демөөрчүлүк жана гуманитардык жардамдарды алганда; 

2) бюджеттик мекеме эл аралык каржы институттары же башка чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан акысыз каржыланган биргелешкен илимий-изилдөө программасына катышканда; 

3) чет өлкөлүк инвесторлор/инвесторлор (аккредитив жана башкалар) алдында келишимдик мамилелерди аткаруунун алкагында бюджеттик мекеменин акча каражаттарын андан ары которуу максатында убактылуу жайгаштырганда; 

4) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылуу түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын топтоодо жана башкарууда. 

7. Бюджеттик тутумдун бюджеттик мекемелеринин акча каражаттары менен операциялардын бухгалтердик эсеби Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде ачылган өздүк казыналык эсептерде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде акча каражаттары менен операцияларды эсепке алуу үчүн бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) жана ресурстардын администраторлорунун казыналык өздүк эсептеринин тизмегин ачуу, жабуу жана жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан борборлоштуруп аткарылат. 

8. Казыналык өздүк эсептер каражаттарды түзүү булактары боюнча бюджеттик, администрленүүчү, атайын жана депозиттик эсептерге бөлүнөт: 

1) бюджеттик эсептер - бюджеттик каражаттарды тескөөчүнүн негизги ишин каржылоого бюджеттен жумшалган бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эсепке алынган эсептер; 

2) администрленүүчү эсептер - бюджет ресурстарынын администратору болуп саналган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан администрленүүчү Бирдиктүү казыналык эсепке түшүүлөрдү эсепке алуучу эсептер; 

3) атайын эсептер -төмөнкүлөр түрүндө түшүүлөрдү эсепке алуучу эсептер: 

а) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү

б) демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төлөмдөрдү

в) көзөмөлчүлүк төлөмдөрдү

г) кайрымдуулук же гранттык жардамдарды; 

д) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөрдү

е) өздүк өндүрүштөгү товарларды сатуудан түшкөн каражаттарды; 

ж) бюджеттик насыяларды жоюунун эсебинен республикалык бюджетке кайтарылган каражаттардан чегерүүлөрдү

ж-1) билим берүү, илимий жана окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелерди; 

з) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттарды; 

Караңыз: 

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги N 233 "Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттар жөнүндө" токтому 

4) депозиттик эсептер - убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн жана белгилүү бир шарттар келип чыккан учурда, аларды которгон жеке (юридикалык) жактарга кайрып берүүгө же багыты боюнча которууга тийиш болгон каражаттар боюнча операциялар эсепке алынуучу кардардын эсептери. 

9. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди тейлөө Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат. 

(КР 2022-жылдын 18-январындагы N 2, 2023-жылдын 9-августундагы N 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

41. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган санарип сом платформасына кошулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджет системасынын бюджеттик каражаттарын эсепке алуу жана бөлүштүрүү боюнча анын түздөн-түз катышуучусу болуп саналат. 

4. 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2021-жылдын 28-октябры № 128 

............ 

303-1-берене. Санарип сомду кабыл алуудан баш тартуу 

Кыргыз Республикасынын санарип сомун төлөм катары кабыл алуудан баш тартуу жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет. 

5. 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

45-берене. Салыктарды төлөө тартиби 

1. Салык төмөнкүдөй төлөнөт: 

1) салыктын бүктүл суммасы же бөлүк-бөлүк боюнча; 

2) мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же узартып бөлүп төлөө менен; 

3) ар бир салык үчүн ушул Кодексте белгиленген салык төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн кеч эмес; 

4) салык төлөөчү тарабынан түздөн-түз же анын атынан; 

5) салык төлөөчү же обочолонгон бөлүмчөнү салыктык эсепке алуу жана/же эсептик каттоо жери боюнча түздөн-түз; 

6) накталай эмес акча түрүндө

2. Салык төлөө тартиби ар бир салыкка карата белгиленет. 

6) накталай эмес акча түрүндө же санарип сомдор менен

2. Салык төлөө тартиби ар бир салыкка карата белгиленет. 

69-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу 

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай түрдɵ аткарылышы керек. 

2. Салык милдеттенмесин аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда башка үчүнчү жак тарабынан жүзөгө ашырылат. 

3. Салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес формада төлөө салык милдеттенмесин аткаруу деп саналат. 

4. Салык төлөөчү салыктын бүткүл суммасын дароо же бөлүп төлөө менен салык милдеттенмесин аткарууга укуктуу. 

5. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу. 

6. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруудан баш тартууга же аны аткаруу тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт. 

7. Салык милдеттенмесин аткаруу салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартууга карабастан жүзөгө ашырылат. 

69-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу 

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай түрдɵ аткарылышы керек. 

2. Салык милдеттенмесин аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда башка үчүнчү жак тарабынан жүзөгө ашырылат. 

3. Салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес формада же санарип сом менен төлөө салык милдеттенмесин аткаруу деп саналат. 

4. Салык төлөөчү салыктын бүткүл суммасын дароо же бөлүп төлөө менен салык милдеттенмесин аткарууга укуктуу. 

5. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу. 

6. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруудан баш тартууга же аны аткаруу тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт. 

7. Салык милдеттенмесин аткаруу салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартууга карабастан жүзөгө ашырылат. 

6. 

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

27-берене. Соодадагы тыюу салынган аракеттер 

Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төмөндөгүлөргө укуксуз: 

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген продукцияны даярдоого; 

Кыргыз Республикасынын аймагында ылайык келишин ырастоого тийиш болгон продукцияны ылайык келүү сертификаттарысыз же ылайык келүүсү жөнүндө декларацияларсыз сатууга; 

керектөөчү тарабынан билдирме жок болгондугуна карабастан акы төлөө боюнча эсебине сунуш кылуу менен товарларды берүү же кызмат көрсөтүүгө

кандайдыр бир товар сатылбаса же кызмат көрсөтүлбөсө, иш жүзүндө үйгө эч кандай зыян келтирилбесе, товар же болбосо кызмат көрсөтүү коркунучту четтете албай тургандыгы көрүнүп турса деле, кандайдыр бир кемчиликтен улам үйдө керектөөчүнүн жана анын үй-бүлөсүнүн ден соолугуна, коопсуздугуна же өмүрүнө коркунуч келтирүүдө деп билдирүүгө

товарларды же кызмат көрсөтүүнү акысыз же жеңилдик көрсөтүү менен берүү туурасында билдирүүгө же аларды алуу шарттарын ачык жана так көрсөтпөй туруп жогоркудай маанидеги сөздөрдү пайдаланууга; 

керектөөчүүдөн ар кандай материалдык фактыны жашырууга, мунун кесепетинен аны адаштыруу жана алдоо жана ушул туурасында керектөөчүнүн билбөөсү

(абзац КР 2015-жылдын 21-февралындагы N 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

жагдай түзүп, ага жараша кардар скидка алуу же бүтүм түзүү үчүн түрткү катары башка жеңилдик алууга, бирок мында жеңилдик бүтүм жасалгандан кийин болуп өтүүчү иштерге жараша болушу; 

майыптыгынан, сабатсыздыгынан же келишим түзгөн экинчи тарап ал үчүн пайдаланган тилди түшүнө албагандыгынан улам керектөөчү өз кызыкчылыгын коргой албастыгын билип туруп же кардардын мындай жөндөмсүздүгүн билүүгө себептери болуп туруп мындай жагдайдан пайдаланууга; 

бир эле бүтүмдүн сатуучу оозеки баяндаган жана макулдашуунун жазуу жүзүндөгү вариантынын ортосундагы чоң айырмачылыкка же убада кылган пайданы камсыз кылууга бүтүм түзгөн экинчи тараптын жөндөмсүздүгүнө жооп берүүгө

иштин чыныгы абалы башкача болуп турса, бүтүмдүн фактысы жөнүндө адам ишенгидей кылып билдирүүгө

бүтүм түзүүдө олуттуу болуп саналган фактыларды жашырууга, бирок анын жоктугу товардын жакшы презентацияланышына алып келишине; 

аларды алмаштыруунун техникалык негиздемелерисиз жана керектөөчүнүн каалоосун эске алуусуз жаңы номердик белгилерди, контролдоп-өлчөөчү приборлорду жана башка каражаттарды сатып алууну таңулоого; 

товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; 

тийиштүү ыктыярдуу сертификаты жок туруп, продукцияга (көрсөтүлгөн кызматка) ыктыярдуу сертификат маркасын (органикалык жана/же адал продукция жана кызмат көрсөтүүлөр) коюуга. 

27-берене. Соодадагы тыюу салынган аракеттер 

Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төмөндөгүлөргө укуксуз: 

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген продукцияны даярдоого; 

Кыргыз Республикасынын аймагында ылайык келишин ырастоого тийиш болгон продукцияны ылайык келүү сертификаттарысыз же ылайык келүүсү жөнүндө декларацияларсыз сатууга; 

керектөөчү тарабынан билдирме жок болгондугуна карабастан акы төлөө боюнча эсебине сунуш кылуу менен товарларды берүү же кызмат көрсөтүүгө

кандайдыр бир товар сатылбаса же кызмат көрсөтүлбөсө, иш жүзүндө үйгө эч кандай зыян келтирилбесе, товар же болбосо кызмат көрсөтүү коркунучту четтете албай тургандыгы көрүнүп турса деле, кандайдыр бир кемчиликтен улам үйдө керектөөчүнүн жана анын үй-бүлөсүнүн ден соолугуна, коопсуздугуна же өмүрүнө коркунуч келтирүүдө деп билдирүүгө

товарларды же кызмат көрсөтүүнү акысыз же жеңилдик көрсөтүү менен берүү туурасында билдирүүгө же аларды алуу шарттарын ачык жана так көрсөтпөй туруп жогоркудай маанидеги сөздөрдү пайдаланууга; 

керектөөчүүдөн ар кандай материалдык фактыны жашырууга, мунун кесепетинен аны адаштыруу жана алдоо жана ушул туурасында керектөөчүнүн билбөөсү

(абзац КР 2015-жылдын 21-февралындагы N 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

жагдай түзүп, ага жараша кардар скидка алуу же бүтүм түзүү үчүн түрткү катары башка жеңилдик алууга, бирок мында жеңилдик бүтүм жасалгандан кийин болуп өтүүчү иштерге жараша болушу; 

майыптыгынан, сабатсыздыгынан же келишим түзгөн экинчи тарап ал үчүн пайдаланган тилди түшүнө албагандыгынан улам керектөөчү өз кызыкчылыгын коргой албастыгын билип туруп же кардардын мындай жөндөмсүздүгүн билүүгө себептери болуп туруп мындай жагдайдан пайдаланууга; 

бир эле бүтүмдүн сатуучу оозеки баяндаган жана макулдашуунун жазуу жүзүндөгү вариантынын ортосундагы чоң айырмачылыкка же убада кылган пайданы камсыз кылууга бүтүм түзгөн экинчи тараптын жөндөмсүздүгүнө жооп берүүгө

иштин чыныгы абалы башкача болуп турса, бүтүмдүн фактысы жөнүндө адам ишенгидей кылып билдирүүгө

бүтүм түзүүдө олуттуу болуп саналган фактыларды жашырууга, бирок анын жоктугу товардын жакшы презентацияланышына алып келишине; 

аларды алмаштыруунун техникалык негиздемелерисиз жана керектөөчүнүн каалоосун эске алуусуз жаңы номердик белгилерди, контролдоп-өлчөөчү приборлорду жана башка каражаттарды сатып алууну таңулоого; 

товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, санарип сомдорду, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; 

тийиштүү ыктыярдуу сертификаты жок туруп, продукцияга (көрсөтүлгөн кызматка) ыктыярдуу сертификат маркасын (органикалык жана/же адал продукция жана кызмат көрсөтүүлөр) коюуга. 

7. 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: 

1) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны накталай же накталай эмес акча каражаттарына тындырууну (алмаштырууну) жүргүзүүчү, электрондук акчаны жайылтуучу юридикалык жак же жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти; 

2) электрондук акчанын акцептанты (акцептант) - электрондук акчанын банк-эмитенти же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык операцияларды электрондук акча менен жасалганын ырастоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алуучу юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер; 

3) накталай эмес эсептешүү - акча каражаттарынын жылышы берилген төлөм документтерине ылайык төлөөчүнүн банктык эсебиндеги акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды алуучунун банктык эсебине чегерүү жолу менен накталай акчанын катышуусуз, ошондой эле эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлүүчү акча жүгүртүү формасы. Эсептешүү төлөмдүн аяктагандыгы болуп саналат; 

4) мамлекет ичиндеги төлөм - Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаны пайдалануу менен жасалган төлөм; 

5) үй банкинги (home-banking) - алыстан туруп "үйүндө" банктык тейлөөнүн жана банктар тарабынан үйлөрдөгү же офистердеги терминалдарды (персоналдык компьютер, стационардык телефон) банктын компьютердик түйүнүнө туташтыруу аркылуу кардарларга (жеке жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмасы; 

6) интернет-банкинги - кардардын өзүнүн банктык эсептерин Интернет аркылуу аралыктан башкаруусу. Интернет-банкингди пайдалануу менен төлөмдөр Интернет түйүнүнүн жалпы жеткиликтүү каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат; 

7) клиринг - төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, ырастоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси; 

8) эл аралык электрондук акча - Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын резиденттери эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынган) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акчалай милдеттенмелер; 

9) банктар аралык клирингдик система - клирингдик борбор аркылуу клиринг системасынын катышуучулары анын жардамы менен маалыматтарды берүү, алмашуу, төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды башка катышуучуларга которуу эрежелеринин, жол-жоболорунун жана ыкмаларынын жыйындысы. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негизделиши мүмкүн; 

10) мобилдик банкинг - кардардын мобилдик телефонунан банкка жиберген билдирүүлөрү аркылуу банктык эсепти алыстан туруп башкаруусу; 

11) төлөм системасынын оператору - төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша Улуттук банктын лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштөөсүн камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ал келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет; 

12) төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенменин аткарылышы же болбосо төлөөчүнүн накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси; 

13) төлөм документи - юридикалык же жеке жактар тарабынан жол-жоболоштурулган, анын негизинде төлөм жүргүзүлүүчү белгиленген формадагы документ; 

14) банктык төлөм картасы (төлөм картасы) - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акчалай которууларды, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка түзүлүштөр (перифериялык түзүлүштөр) аркылуу электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу төлөм инструменти; 

15) төлөм системасы - акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышкан системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөм системасына жана чекене төлөм системасына бөлүнөт; 

16) төлөм уюму - төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык, маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясы бар юридикалык жак; 

17) акча которуулардын системасы - төлөм системасынын оператору тарабынан адресаттарга төлөнүп бериле турган шарт менен калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын тиби; 

18) төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы - карталарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы; 

19) электрондук акча - алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошуп алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы; 

20) электрондук төлөм документи - эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган жана электрондук санариптик колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү

21) процессинг - финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди өзүнө камтыган лицензиялануучу иш; 

22) электрондук акчанын эмитенти (эмитент) - Улуттук банк, ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна банктын лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык, электрондук акча чыгаруу укугуна ээ жана электрондук акчаны накталай акчага айландыруучу кармоочуларга электрондук акча төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк; 

23) эл аралык электрондук акчанын эмитенти - банк же Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, эл аралык электрондук акча каражаттарын чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес юридикалык жак. 

«24) санарип эсеп санарип сом платформасынын оператору тарабынан платформа (төлөм) системасынын катышуучулары үчүн ачылган атайын эсеп. 

25) санарип капчык санарип сом платформасынын катышуучулары аркылуу колдонуучулар үчүн ачылуучу санарип сом эсеби. 

26) санарип сом платформасы санарип сом платформасынын оператору, катышуучулары жана колдонуучулары санарип сом менен операцияларды жүргүзүү үчүн платформанын эрежелерине ылайык өз ара иш алып бара турган атайын программалык камсыздоо. «Санарип сом» жана «санарип сом платформасы» сөздөрүн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин аталыштарында колдонууга тыюу салынат; 

27) санарип сом платформасынын оператору Улуттук банк, ал катышуучулардын санарип эсептеринде эске алынуучу санарип сом суммасында санарип сом платформасынын катышуучуларынын алдында санарип сом платформасынын операторунун милдеттенмелеринин өлчөмүн чагылдыруучу санарип эсепке алууну түзүү жолу менен санарип сом платформасынын катышуучуларынын санарип сом платформасынын сомдорун чыгарат жана эсепке алат (санарип сомдун калдыгын түзүү); 

28) санарип сом платформасынын эрежелери санарип сом платформасына кирүү шарттарын белгилеген Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка жоболор; 

29) санарип сом платформасынын колдонуучусу санарип сомду колдонуу менен операцияларды жүргүзүү үчүн төлөм системасынын катышуучусунун тиркемеси аркылуу санарип капчык ачкан жеке адам, юридикалык жак же жеке ишкер; 

30) санарип сом платформасынын тике катышуучулары санарип сом платформасында санарип эсептерге ээ банктар жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы; 

31) төлөм системаларынын кыйыр катышуучулары банк менен түзүлгөн келишим алкагында санарип сом платформасына кирүү инфраструктурасын камсыз кылуучу төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары; 

32) санарип сомду оффлайн-төлөө бул интернет-байланыш жок болгон же байланыш сапаты начар /үзгүлтүккө учураган, коммуникациялык байланыш өчүп калган учурда санарип капчыгынын бир колдонуучусунун башка санарип капчыгына төлөм жүргүзүүлөр жана которуулар; 

33) санарип сом платформасындагы смарт-контракттар санарип сом платформасынын катышуучуларынын санарип келишими; 

……… 

«31-берене. Санарип сом платформасында төлөмдөрдү уюштурууга талаптар 

1. Санарип сом платформасынын оператору төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу жана камсыз кылуу максатында, санарип сомду колдонуп санарип сом платформасынын иштөө эрежелерин, техникалык регламентти аныктайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Санарип сом платформасынын эрежелери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

1) санарип сом платформасынын операторунун жана катышуучуларынын функциялары; 

2) санарип сом платформасынын катышуучуларына жана колдонуучуларына карата талаптар; 

3) санарип сом платформасынын катышуучулары менен пайдалануучуларына санарип сом платформасына кирүү, кирүүнү токтотуу, кайра жандандыруу жана токтотуу тартиби; 

4) санарип сомдор менен операциялардын түрлөрү жана аларды жүргүзүү тартиби, ошондой эле колдонулуучу эсептешүү формалары; 

5) санарип сом платформасынын үзгүлтүксүз иштешин жана тобокелдиктерди башкаруу тартиби (мындан ары - санарип сом платформасынын үзгүлтүксүз иштеши); 

6) санарип сом платформасынын катышуучулары үчүн маалыматтарды коргоону камсыз кылууга талаптар; 

7) талаш-тартыштарды жана келишпестиктерди жөнгө салуу тартиби; 

8) санарип сом платформасынын катышуучуларынын жана операторунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, санарип сом платформасынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө тартиби. 

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санарип сом платформасынын эрежелери санарип сом платформасынын иштешин уюштуруу жана камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка жоболорду да камтышы мүмкүн. 

3. Санарип сом платформасынын эрежелери Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат. 

4. Санарип сом платформасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана санарип сом платформасынын эрежелерине ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү

1) төлөм системасынын катышуучуларына санарип эсеп ачуу; 

2) санарип сом платформасынын катышуучулары аркылуу санарип сом платформасынын колдонуучуларына санарип капчык ачуу; 

3) санарип сом платформасынын катышуучуларына жана колдонуучуларына санарип сом платформасына кирүү

4) санарип сом платформасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу. 

5. Санарип сом платформасына кирүү мүмкүнчүлүгү колдонуучуларга санарип сом платформасынын кайсы болбосун каалаган катышуучусу аркылуу берилет. 

6. Санарип сом платформасынын катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, санарип сом платформасына кирүүгө санарип сом платформасынын колдонуучусунан баш тартууга укугу жок. 

7. Санарип капчык ачуу аркылуу санарип сом платформасынын колдонуучуларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берген санарип сом платформасынын катышуучусу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана санарип сом платформасынын эрежелерине ылайык, санарип сом платформасынын колдонуучуларынын тескемесин аткарууга кабыл алат. 

8. Санарип сом платформасынын катышуучусу санарип сом платформасынын колдонуучусунун тескемесин аткарууга кабыл алууда колдонуучунун санарип сомдордун калдыгы менен иштөө укугун, көрсөтүлгөн тескеменин реквизиттерин текшерүүгө жана тескемени аткарууга кабыл алуу үчүн башка жол-жоболорду аткарууга милдеттүү

9. Санарип сом платформасынын катышуучусу санарип сом платформасынын колдонуучусунун тескемесин аткарууга кабыл алгандан кийин бул тескемени санарип сом платформасынын операторуна жөнөтөт. 

10. Санарип сом платформасынын оператору санарип сом платформасынын катышуучусунан келип түшкөн санарип сом платформасынын катышуучусунун тескемесин аткарууга кабыл алуу жол-жоболорун аткарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана санарип сом платформасынын эрежелеринде белгиленген тартипте анын тескемесин аткарат. Каражаттарды өндүрүп алуучу тараптын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашырган башка жактын тескемелерин аткарууга кабыл алуу санарип сом оператору тарабынан ушул мыйзамда жана санарип сом платформасынын эрежелеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

11. Санарип сом платформасынын оператору колдонуучулардын маалыматтарынын жогорку деңгээлде коопсуздугун жана корголушун камсыз кылууга милдеттенет, анын ичинде маалыматтарды шифрлөө, аутентификация механизмдери жана алдамчылыктан коргоо механизмдерин колдонуу менен. 

12. Санарип сом платформасынын колдонуучусу санарип капчыкты ачууда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык санарип сом платформасынын катышуучусу аркылуу ишенимдүү жеке маалыматтарды берүүгө милдеттенет. Колдонуучу төлөм системасынын катышуучуларынын инфраструктурасында өзүнүн санарип капчыгын колдонуп эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу. 

13. Эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санарип сом платформасында белгиленген эрежелерге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде интернет-дүкөндөргө жана сервис кызматтарына жөнөтүлүшү мүмкүн. Алынган санарип сомдор санарип сом платформасынын колдонуучусунун санарип капчыгына автоматтык түрдө түшөт. 

14. Колдонуучу санарип сом платформасында берилген веб-интерфейс же мобилдик тиркеме сыяктуу инструменттерди колдонуп, өзүнүн транзакцияларын жана санарип капчыктын калдыгын көзөмөлдөөгө укуктуу. 

15. Колдонуучу санарип сом платформасынын эрежелерине ылайык билдирүүлөрдүн келишин тууралоо, төлөмдөрдүн чектерин белгилөө жана башка аракеттерди аткаруу өзүнүн санарип капчыгын башкара алат. 

16. Колдонуучу санарип сом платформасынын эрежелерине жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, коопсуздук чараларын, анын ичинде ишенимдүү сыр сөздөрдү колдонууну жана эки факторлуу аутентификацияны активдештирүүнү сактоого милдеттүү

17. Колдонуучунун санарип капчыгындагы санарип сомдорду төлөө санарип сомдорду накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу жүргүзүлөт (анын банк эсебине, электрондук капчыкка, банк картасына), бул тескемени санарип капчыкты колдонуучу өзү төлөм системасынын катышуучуларынын мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырат. 

10-берене. Электрондук төлөм документинин укуктук статусу 

Электрондук кол тамга же коргоонун башка эквиваленттик каражаттары менен күбөлөндүрүлгөн формат боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын ырастаган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлгөн төлөм анын негизинде жүзөгө ашырылуучу электрондук төлөм документи (баштапкы электрондук төлөм документи), ошондой эле товарлар/кызмат көрсөтүүлөр, айыптар жана башка накталай эмес формадагы төлөмдөр (тастыктоочу электрондук төлөм документи) үчүн төлөөлөрдү жүргүзүү фактысы боюнча түзүлүүчү, анын ичинде банктык төлөм карттарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган электрондук төлөм документи (карт-чек, смс-кабарлама, электрондук билдирүү), коюлган талаптарга ылайык ырасталган кагаз төлөм документтеринин юридикалык статусуна барабар юридикалык статуска ээ жана соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары кабыл алынууга тийиш. 

10-берене. Электрондук төлөм документинин укуктук статусу 

Электрондук кол тамга же коргоонун башка эквиваленттик каражаттары менен күбөлөндүрүлгөн формат боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын ырастаган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлгөн төлөм анын негизинде жүзөгө ашырылуучу электрондук төлөм документи (баштапкы электрондук төлөм документи), ошондой эле товарлар/кызмат көрсөтүүлөр, айыптар жана башка накталай эмес формадагы төлөмдөр (тастыктоочу электрондук төлөм документи) үчүн төлөөлөрдү жүргүзүү фактысы боюнча түзүлүүчү, анын ичинде банктык төлөм карттарын, электрондук капчыктарды, санарип капчыктарды жана башка инновациялык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган электрондук төлөм документи (карт-чек, смс-кабарлама, электрондук билдирүү), коюлган талаптарга ылайык ырасталган кагаз төлөм документтеринин юридикалык статусуна барабар юридикалык статуска ээ жана соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары кабыл алынууга тийиш. 

15-1-берене менен толукталсын. 

151-берене. Санарип сомдор менен акыркы эсептешүүлөр  

1. Колдонуучунун санарип капчыгынан санарип сомдорду которуу операциясы алуучунун санарип капчыгына санарип сомдор келип түшкөн учурда аяктайт. 

2. Санарип сомдорду колдонуу менен операция боюнча милдеттенмелер колдонуучунун санарип капчыгынан алынып салынган учурдан тартып алуучунун санарип капчыгына/эсебине чегерилген учурда аткарылган деп эсептелет. 

3. Акыркы оффлайн-төлөө эки этапта болот: 

Локалдык акыркы төлөө (алдын ала акыркы): 

1) түзүлүштүн деңгээлинде: каражаттар бир оффлайн - санарип капчыктан алынып салынып түзүлүштөр деңгээлинде башкага чегерилген учурда транзакция аяктады деп эсептелет. Бул эки түзүлүш ортосунда оффлайн-транзакцияны жүргүзгөн учурда болот. 

2) Транзакция жазуу: транзакция санарип капчыктын түзүлүшүнүн эс тутумунда же башка санарип ээсинде жазылат жана санарип сом платформасынын оператору менен синхрондоштурууну күтөт. 

8. 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Банктар жана банк иштери жөнүндө» 

48-берене. Банк иши жана банк операциялары 

1. Банк аларды лицензияда түздөн-түз көрсөтүү менен, улуттук жана/же чет өлкөлүк валютада төмөнкү банк операцияларын жүзөгө ашырат: 

1) келишимдик шарттарда өзүнүн атынан аманаттарды тартуу; 

2) келишимдик шарттарда өздүк жана/же тартылган каражаттарды өзүнүн атынан жайгаштыруу; 

3) эсептерди ачуу жана жүргүзүү

4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө

5) кредиттик жана төлөм карточкаларын кошуп алганда, төлөм документтерин (чектерди, аккредитивдерди, векселдерди жана башка документтерди) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана бышыктоо; 

6) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай формада (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугун алуу; 

7) жөнөкөй жана которулма векселдерди (форфейтинг) сатып алуу жолу менен карыз милдеттенмесин төлөө

8) карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу; 

9) банктык кепилдиктерди берүү

10) кардарлардын акча которууларын, анын ичинде эсеп ачуусуз жүзөгө ашыруу; 

11) Кыргыз Республикасынын резидент эмес банктары үчүн корреспонденттик эсептерди ачуу жана жүргүзүү

12) кардарлар үчүн чет өлкөлүк валютадагы эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу; 

13) өзүнүн атынан чет өлкөлүк валютаны сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу); 

14) баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу (банктык алтын, күмүш, платина жана аталган металлдардан жогорку сынамдагы монеталар менен гана); 

15) туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды жүзөгө ашыруу; 

16) электрондук акчаларды чыгаруу; 

17) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системасы аркылуу өз ишинин жыйынтыгы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

18) ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү

2. Банктар төмөнкү иш-аракеттерди жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) үчүнчү жактар үчүн кепилдиктерди жана башка милдеттенмелерди берүү

2) баалуу кагаздарды чыгаруу, сатып алуу, сатуу, тейлөө, ошондой эле депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүн; 

3) жеке жана юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктөрдү (акча каражаттарын кошпогондо) ишенимдүү башкаруу; 

4) баалуулуктарды сактоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга сейфтерди ижарага берүү

5) банктын алдындагы милдеттенмелерди жоюуга күрөөлүк мүлктөрдү сатып өткөрүү

6) инвестициялык кызмат көрсөтүүлөр; 

7) банк ишине байланыштуу консультациялык кызмат көрсөтүүлөр; 

8) финансылык лизинг боюнча бүтүмдөр; 

9) финансылык агент катары кызмат көрсөтүүлөр; 

10) Улуттук бактын ченемдик укуктук актыларына ылайык онлайн платформалардын жана башка соода/сервистик платформалардын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү оператордун иш милдеттерин жүзөгө ашыруу. 

3. Банктар, эгерде бул Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди жүзөгө ашырат. Банк анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон же банк ишине байланыштуу иштерди гана жүзөгө ашыра алат. 

4. Банк Улуттук банктын макулдугу менен лицензиялануучу иштин башка түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу. 

5. Банк келишимдин негизинде банкка зарыл кызматтарды (аутсорсинг) көрсөтүү үчүн башка жакты ишке тартууга укуктуу. Аутсорсингге карата талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

6. Улуттук банк банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операциялардын, бүтүмдөрдүн жана типтүү келишимдердин түрлөрүн, тизмегин жана аларды жүргүзүүнүн тартибин белгилөөгө, ошондой эле жаңы продукттарды иштеп чыгууга укуктуу. 

7. Айрым банк операциялары, анын ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар банктык эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактар тарабынан, Улуттук банк берген тиешелүү лицензиясы/күбөлүгү болгондо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

8. Банк операцияларын, башка иштерди жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруунун талаптары, шарттары жана өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

31) кардарлардын тапшырмасы боюнча санарип капчыкты ачуу жана санарип сом менен операцияларды жүргүзүү

161) санарип сомду колдонуучуларга санарип капчыктарды ачуу, аларды накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу, ошондой эле аларды колдонуу менен операцияларды жүргүзүү аркылуу санарип сомду жайылтуу; 