Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 734-беренедеги «кредиттик келишимде» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү банктык мыйзамдарында» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 7363-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүү учурунда ар бир конкреттүү карыз алуучу менен проценттердин, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сый акы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сыйакынын өлчөмдөрүн, аларды чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөөнүн мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен аныктайт.»;
3) 73814-берененин 1-бөлүгүндөгү «сатып алуу баасынын,» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен белгиленген» деген сөздөр менен толукталсын;
4) 751-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «кирешени келишимде» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 753-берененин:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «салым салуучунун алгачкы талабы боюнча» деген сөздөрдөн кийин «келишимде аныкталган жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын тиешелүү талаптарына ылайык өлчөмдө» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүгүндөгү «жагдайлар (учурлар) келип чыкканда (же келип чыкпаганда)» деген сөздөрдөн кийин «келишимде аныкталган жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын тиешелүү талаптарына ылайык келген өлчөмдө» деген сөздөр менен толукталсын;
6) 768-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «банк эсебинин келишиминде» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын тиешелүү талаптарында» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
«Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 3-бөлүгүнүн:
а) биринчи абзацындагы «талаптарына ылайык» деген сөздөрдөн кийин «өз алдынча» деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи абзацындагы «уюмдары тарабынан» деген сөздөрдөн кийин «өз алдынча» деген сөздөр алынып салынсын;
2) 351-берененин 3-бөлүгүндөгү «түзүлүүчү келишимде» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
3) төмөнкү мазмундагы 353-беренеси менен толукталсын:
«353-берене. Шылуундука каршы аракеттенүү системалары
Микрофинансы уюмары өз кардарларынын кызыкчылыктарын шылуундук аракеттерден коргоону камсыз кылган алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод системасы) болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылууга тийиш.
Шылуундука каршы аракеттенүү системасы (антифрод-системасы) жана анын натыйжалуу иштеши Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүсү тийиш.».
3-берене
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 24-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү «камсыз кылуучу тарифтик саясатты» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 26-берененин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 5-пунктчасы менен толукталсын:
«5) төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун кардарларынын жана кызматтарын пайдалануучуларынын кызыкчылыктарын коргоону камсыздагаан шылуундукка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод-системасынын) болушуна жана анын натыйжалуу иштешине карата талаптарды белгилөөгө.».
4-берене
«Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин:
а) 1-бөлүгүнүн «компетенциясынын чегинде ишин» деген сөздөрдөн кийин «өз алдынча» деген сөздөр алынып салынсын;
б) 3-бөлүгүнүн «кепилдик фонддор тарабынан» деген сөздөрдөн кийин «өз алдынча» деген сөздөр алынып салынсын.
5-берене
«Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда, банк эсептен акча каражаттарын уурдоого багытталган шылуундук аракеттери бар деп шектенген учурда, банк эсеби боюнча чыгаша операцияларын 10 күнгө чейинки мөөнөткө токтотууга укуктуу. Банк себептерин көрсөтүү менен эсеп боюнча операциялардын токтотулгандыгы жөнүндө кардарга токтоосуз маалымдоого милдеттүү.»;
2) 11-берененин 1-бөлүгүнүн:
а) биринчи абзацындагы «банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан» деген сөздөрдөн кийин «өз алдынча» деген сөздөр алынып салынсын;
б) экинчи абзацындагы «бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттарын» деген сөздөрдөн кийин «өз алдынча» деген сөздөр алынып салынсын;
в) төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Көзөмөлдөөнүн алкагында Улуттук банк өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу максатында банктар, банктык эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактар үчүн комиссиялык сый акыларды алууга, тарифтер менен пайыздык чендерге карата тиешелүү жөнгө салууну, талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөөгө укуктуу.»;
3) 26-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык иштерди, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишти, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык башка ишти гана жүргүзө алышат.»;
4) 26-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Банктардын көз каранды компаниялары банк жана/же финансылык ишке байланыштуу иштерди кошуп алганда, банк жана/же финансылык ишти, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык башка иштерди гана жүргүзө алышат.»;
5) 42-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) Улуттук банктын талаптарына жооп берген жана банктын кардарларынын кызыкчылыктарын алдамчылык аракеттеринен коргоону камсыз кылган алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод системасы) болушун жана натыйжалуу иштешин.»;
6) 50-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда «өлчөмү, финансылык салымдарды жана кредиттерди кошуп алганда, банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын он беш пайызынан азын, ишин банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банктар үчүн - банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын отуз пайызынан азын түзүшү керек. » деген сөздөр « анын ичинде кандай гана болбосун финансылык инвестициялардын жана кредиттердин өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш » деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 77-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
«7) банктын антифрод системасынын натыйжалуу иштешине, анын ичинде анын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүнө.».
8) 79-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) «финансылык ишти,» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле» деген сөздөр алынып салынсын;
б) «байланыштуу иштерди» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык башка иштерди» деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти