Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ 

 

1. Максат жана милдет 

«Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары Мыйзам долбоору) калктын банк кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан жана көзөмөлдөө алкагында милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган уюмдар тарабынан банктык жана төлөм кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн сый акы алууну тиешелүү жөнгө салууларды, талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюуларды белгилөө боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктарын аныктоого багытталган, анын ичинде алдамчылык аракеттерге ыкчам чара көрүү жана кардарларды коргоо максатында каражаттарды уурдоого жол бербөө үчүн белгилүү бир учурларда банктарга эсептерди блокко коюуга ыйгарым укуктар берилет, ошондой эле башка секторлорго инвестиция салууну каалаган банктар үчүн тоскоолдуктар алынат. 

 

2. Баяндоочу бөлүк 

«Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинде пайыздык ставкалардын, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана банктык кызмат көрсөтүү үчүн тарифтер банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан өз алдынча Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет. 

Ушундай эле ченемдер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө», «Кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамдарында камтылган. 

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 41-беренесине ылайык, Улуттук банк жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максаттары үчүн банктын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмүн, анын түзүмүн, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын, Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгилейт. 

Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын ушул ченемин тактоо максатында сунушталган Мыйзам долбоору менен төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: 

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (II бөлүк); 

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Мыйзамы. 

Рыноктун айрым субъекттеринин үстөмдүк абалынын жана тарифтерди жөнгө салуунун жоктугунун шарттарында которуулар, эсептерди тейлөө, накталай акчаларды алуу ж.б. сыяктуу базалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн өтө жогору комиссиялар белгилениши мүмкүн, бул жарандардын жана ишканалардын кеңири чөйрөсү, өзгөчө калктын социалдык жактан аярлуу катмары жана чакан бизнес, ошондой эле коммерциялык максаттарды көздөбөгөн уюмдар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет.  

Мындан тышкары, жогорулатылган тарифтер базалык банктык кызмат көрсөтүүлөр алыскы жана анча өнүкпөгөн региондор үчүн жеткиликсиз болуп калышына алып келиши мүмкүн, бул финансылык инклюзивдүүлүктү чектеп, экономикалык өнүгүүнү жайлатат. 

Атаандаштыкта кээ бир финансылык уюмдар жашыруун комиссия алуу тажрыйбасын жана татаал тарифтик түзүмдөрдү колдонушу мүмкүн, бул кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүнүн чыныгы наркын түшүнүүнү кыйындатат.  

Мындан тышкары, комиссиялардын татаал түзүмү кардарлар үчүн эң жакшы сунушту тандоону татаалдаштырат. Мисалы, 2024-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча, төлөм уюмдарынын аралыктан орнотулган түзүлүштөрү аркылуу банктык эсепти, банктык картаны, электрондук капчыкты толуктоо үчүн комиссиялардын өлчөмү 5,0% га чейинки көрсөткүчтү түзөт. 

Жогорку тарифтер операциялык чыгымдарды жогорулатуу менен бизнес үчүн финансылык оорчулукту көбөйтөт, бул товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө, иш жигердүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын азайышына алып келиши мүмкүн. Бул өз кезегинде банктар жана жалпы экономика үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратат.  

Мындан тышкары, сунушталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамында каралган Улуттук банктын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн да киргизилет, анткени аталган Мыйзамдын  

2-1-беренесине ылайык Улуттук банк Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган жактардын ишин монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырат. 

Ошону менен бирге бүгүнкү күндө кредиттер боюнча пайыздык чендердин максималдуу өлчөмү чектелбейт жана рынок тарабынан жөнгө салынат. 2024-жылдын 1-октябрына карата пайыздык чендер 33-34% га чейин жетет.  

Ошол эле учурда, кредиттер боюнча пайыздык чендер банктын активдүү операцияларынан түшкөн кирешенин негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу, банктар кирешелүүлүк менен атаандаштыкка жөндөмдүү сунуштар аркылуу кардарларды тартуунун ортосундагы балансты табууга тийиш. 

2013-жылдан тартып «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзам колдонулуп келет, анда жол берилген чектүү пайыздын өлчөмү аныкталган, бирок анда комиссиялык сый акыларды, пайыздык чендерди алууга тиешелүү жөнгө салууларды, талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюуларды белгилөө боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктары каралган эмес.  

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-2040-жылдардын 2018-жылдын 31-октябрында №221 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруунун алкагында Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2022-2025-жылдарга карата негизги багыттары жана Кыргыз Республикасында банк системасын өнүктүрүүнүн 2022-2025-жылдарга карата негизги багыттары кабыл алынган. Мында ФКУ секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган, алардын бири кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү болуп саналат. Пайыздык ставкаларды төмөндөтүү жарандардын карыз жүгүн, аны менен бирге банктык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда банк системасына ишенимди бекемдөөгө жардам берет. 

Бул проблемалар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуу функциясы аркылуу жетишүүгө мүмкүн болгон банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө адилеттүү жана экономикалык жактан негизделген тарифтерди белгилөө зарылдыгын баса белгилейт. 

Мында, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык пайдалануучулары үчүн финансылык инклюзияны камсыз кылуу максатында пайыздык чендердин, банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялардын/тарифтердин өлчөмүн жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү зарыл болгон учурда Улуттук банктын ыйгарым укуктары каралган Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында такталган нормалардын жоктугу, банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууда калк үчүн тобокелдик факторун жаратышы мүмкүн. Баа түзүү эрежелерин ийкемдүү жөнгө салуу банк/төлөм системасында жана бүтүндөй мамлекеттин экономикасында ыңгайлуу шарттарды камсыздай алат. 

Сунушталган Мыйзам долбоору айрым мыйзам актыларында Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган уюмдар тарабынан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сый акыларды алууга тиешелүү жөнгө салууну, талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөө боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктарын аныктоого багытталган, бул: 

- биринчиден, жөнөкөй мыйзамдарды кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирет; 

- экинчиден, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн сый акыларды аныктоодо талаптарды, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилөөдө Улуттук банктын жөнгө салуучу функциясын так белгилеген ченемдердин жоктугунан улам келип чыккан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтөт. 

Глобалдык белгисиздиктин жана өзгөргөн экономикалык шарттардын шартында диверсификация банк тутумунун туруктуулугунун маанилүү факторуна айланууда. Учурдагы чектөөлөрдү жеңилдетүү банктарга каржылык эмес секторлорго инвестициялоого мүмкүндүк берет жана аларга экономикада финансылык ресурстарды кыйла натыйжалуу бөлүштүрүүгө, аларды кыйла келечектүү тармактарга багыттоого, кирешелүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт. 

Мындан тышкары, алдамчылык тобокелдиктери барган сайын ар түрдүү жана татаал болуп жаткан заманбап финансылык ландшафттын шарттарында банк операцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ болууда. Буга байланыштуу кардарлардын ишенимдүүлүгүн жана корголушун жогорулатууга багытталган жаңы чараларды колдонууга киргизүү пландаштырылууда.  

Банктарга, микрофинансылык уюмдарга, төлөм уюмдарга жана төлөм системаларынын операторлоруна Улуттук банктын катуу талаптарына жооп берген натыйжалуу антифрод-системаларды киргизүү сунушталууда. Бул системалар шектүү иш-аракеттерди аныктоо, алдамчылык операцияларындагы транзакцияларды талдоо үчүн маанилүү курал болуп калат. Бул жөнгө салууну кабыл алууда тобокелдиктердин олуттуу азайышы жана мүмкүн болуучу финансылык жоготуулардын алдын алынышы күтүлүүдө

Сунушталган Мыйзам долбоору: 

- алдамчылык аракеттерге ыкчам чара көрүү жана кардарлардын каражаттарынын уурдалышын алдын алуу үчүн белгилүү бир учурларда эсептерди блокко коюуларына банктарга ыйгарым укуктарды берүүгө;  

- кардарлардын каражаттарынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу үчүн антифрод-системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча банктардын милдеттерин белгилөөгө

- банк антифрод-системасынын ишинин натыйжалуулугун, анын ичинде анын Улуттук банктын талаптарына ылайык келишин текшерүүгө Улуттук банкка укук берүүгө багытталган. 

Буга кошумча, сунушталган чараларда алдамчылыкка шектенүүлөр пайда болгон учурда эсептерди ыкчам блокко коюу мүмкүнчүлүгү каралгандыгын белгилей кетүү зарыл. Бул функция керектөөчүлөрдү коргоого карай маанилүү кадам болуп, банк мекемелеринин тез жана натыйжалуу иштешине мүмкүнчүлүк берет. Алдамчылык коркунучу айкын болгон кырдаалда, ыкчам түрдө кийлигишүү, анын ичинде эсептерди блокко коюу санкцияланбаган транзакцияларды алдын алууга жана зыянды азайтууга жардам берет, ошондой эле реалдуу экономикага банктык инвестицияларды көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана экономикалык өсүштү тездетүү

Антифрод-системаларды жана банктардагы эсептерди оперативдүү блокировкалоо боюнча чараларды колдонууга киргизүү керектөөчүлөрдү коргоого, ошондой эле бүтүндөй финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууга тиешелүү бир катар негизги факторлор менен шартталган. 

Азыркы экономикада диверсификация тобокелдиктерди башкаруунун жана рентабелдүүлүктү жогорулатуунун маанилүү куралы болуп саналат. «Банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 26-беренесинде белгиленген туунду жана көз каранды компаниялардын ишинин түрлөрүнө коюлган чектөөлөр банктарды инвестициялык стратегияларды тандоодо ийкемдүүлүктөн ажыратат жана мүмкүнчүлүктүн жоголушуна алып келиши мүмкүн. 

«Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан ишти гана жүзөгө ашыра алышат. 

Ошентип, бир гана банктык жана/же финансылык ишмердикти, ошондой эле алар менен байланышкан иш-аракеттерди жүргүзүүгө болгон чектөөлөр, инвестициялар потенциалдуу кирешелүү болуп, экономиканын өсүшүнө жана финансылык экосистемалардын өнүгүүсүнө көмөктөшсө дагы, башка секторлорго инвестиция салууну каалаган банктар үчүн тоскоолдуктарды жаратат. 

Финансылык эмес секторлорго инвестициялар финансылык технологияларды же башка инновациялык чечимдерди ишке ашырууга адистешкен туунду жана туунду компанияларды түзүү/сатып алуу аркылуу жаңы технологияларды өнүктүрүүгө түрткү бере аларын белгилей кетүү керек. 

Мындан тышкары, ишенимдүүөз каранды компаниялардын ишинин түрлөрүнө учурдагы чектөөлөр банктар менен экономиканын ар кандай секторлоруна инвестициялоого эркин болгон башка компаниялардын ортосунда тең эмес атаандаштык шарттарын түзүүдө

Ошондой эле, финансылык эмес секторлорго инвестицияларды учурдагы чектөө экономикада капиталдын эффективдүү эмес бөлүштүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн, анткени олуттуу финансылык ресурстары бар банктар аларды келечектүү секторлорго багытташы мүмкүн. 

«Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, ар бир банктык эмес уюмга инвестициянын, анын ичинде финансылык салымдардын жана кредиттердин өлчөмү банктын өздүк салымынын он беш пайызынан кем болбошу керек. (регулятивдик) капитал, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банктар үчүн - банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын отуз пайызынан кем эмес. 

Ошентип, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банктар үчүн инвестициялоо үчүн кеңири коридор түзүлгөн, ал эми кадимки банктар өз мүмкүнчүлүктөрүн өздүк капиталынын 15 пайызына чейин чектеген. 

Эгерде туунду/көз каранды компанияларды сатып алууга болгон чектөөлөр сакталса, төмөндөгүлөр пайда болот деп ишенебиз: 

- банк секторунун өсүшү жана өнүгүүсү үчүн колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр; 

- банктардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүү

- банктардын финансылык технологияларга жана башка келечектүү багыттарга адистешкен туунду/ассоциацияланган компанияларды сатып алуусун чектөө менен инновациялык өнүгүүнү басаңдатуу; 

- экономиканын реалдуу секторун жетишсиз каржылоо.  

 

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору 

Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт. 

Мында, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган уюмдарга карата-банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сый акылардан түшкөн кирешелердин азайышы мүмкүн. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык сунушталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү 

Мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат 

Мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 2024-Пр-021/223-О буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн.