«Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Колдонулуудагы редакция |
Сунушталган редакция |
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (II Бөлүк) |
|
734-статья. Кредиттик келишим
Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм (мындан ары - банк) карыз алуучуга акча каражаттарын (кредитти) кредиттик келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми карыз алуучу өзү алган акчалай сумманы кайтарып берүүгө жана ал боюнча проценттерди төлөөгө милдеттенет.
|
734-статья. Кредиттик келишим
Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм (мындан ары - банк) карыз алуучуга акча каражаттарын (кредитти) кредиттик келишимде жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү банктык мыйзамдарында каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми карыз алуучу өзү алган акчалай сумманы кайтарып берүүгө жана ал боюнча проценттерди төлөөгө милдеттенет. |
736-3-статья. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттер жана төлөм
1. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзгөнгө чейин проценттердин өлчөмү жана, эгерде кредитти пайдалангандык үчүн төлөмдү (комиссиялык сыйакыны) төлөө милдеттүүлүгү кредиттик келишимде каралса, бул төлөмдүн өлчөмү тууралуу маалымат менен ар бир карыз алуучунун таанышуусуна мүмкүндүктү камсыз кылууга милдеттүү. Проценттер жана комиссиялык сыйакы тууралуу маалымат ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана ыктымалдуу карыз алуучуларга банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши керек. 2. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүү учурунда ар бир конкреттүү карыз алуучу менен проценттердин, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сыйакы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сыйакынын өлчөмдөрүн, аларды чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөөнүн мөөнөтүн өз алдынча аныктайт. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди жана кредиттин негизги суммасын төлөөнүн тартиби тараптардын макулдашуусу боюнча кредиттик келишимде каралат. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди кредит берилген күнү төлөөгө жол берилбейт. Проценттерди, эгерде кредиттик келишимде кредитти пайдалангандык үчүн төлөм каралса, бул төлөмдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн карыз алуучунун жоопкерчилиги кредиттик келишимде каралышы мүмкүн. |
736-3-статья. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттер жана төлөм
1. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзгөнгө чейин проценттердин өлчөмү жана, эгерде кредитти пайдалангандык үчүн төлөмдү (комиссиялык сыйакыны) төлөө милдеттүүлүгү кредиттик келишимде каралса, бул төлөмдүн өлчөмү тууралуу маалымат менен ар бир карыз алуучунун таанышуусуна мүмкүндүктү камсыз кылууга милдеттүү. Проценттер жана комиссиялык сыйакы тууралуу маалымат ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана ыктымалдуу карыз алуучуларга банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши керек. 2. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүү учурунда ар бир конкреттүү карыз алуучу менен проценттердин, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сыйакы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сыйакынын өлчөмдөрүн, аларды чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөөнүн мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен аныктайт. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди жана кредиттин негизги суммасын төлөөнүн тартиби тараптардын макулдашуусу боюнча кредиттик келишимде каралат. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди кредит берилген күнү төлөөгө жол берилбейт. Проценттерди, эгерде кредиттик келишимде кредитти пайдалангандык үчүн төлөм каралса, бул төлөмдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн карыз алуучунун жоопкерчилиги кредиттик келишимде каралышы мүмкүн. |
738-14-статья. Мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы
1. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөмдөрдүн (транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммаларынан турат.
2. (КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы №105 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа төмөнкүдөй түрлөрдө белгилениши мүмкүн: 1) туруктуу белгиленген, бир жолу төлөнүүчү сумма; 2) мурабаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү. 4. Мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасынын келечекте белгилүү боло турган кандайдыр бир көрсөткүчтөргө көз каранды болушун шарт кылуу менен, мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасын күмөндүү таризде аныктоого жол берилбейт. Мурабаха келишимин түзүү учурунда сатуу баасын жана үстөк бааны кардарга мурдатан белгилүү көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убакыттык факторлорго көз каранды болушу мүмкүн эмес.
|
738-14-статья. Мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы
1. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен белгиленген банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөмдөрдүн (транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммаларынан турат. 2. (КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы №105 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа төмөнкүдөй түрлөрдө белгилениши мүмкүн: 1) туруктуу белгиленген, бир жолу төлөнүүчү сумма; 2) мурабаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү. 4. Мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасынын келечекте белгилүү боло турган кандайдыр бир көрсөткүчтөргө көз каранды болушун шарт кылуу менен, мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасын күмөндүү таризде аныктоого жол берилбейт. Мурабаха келишимин түзүү учурунда сатуу баасын жана үстөк бааны кардарга мурдатан белгилүү көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убакыттык факторлорго көз каранды болушу мүмкүн эмес. |
751-статья. Банктык салым келишими
1. Банктык салым келишими боюнча, салым салуучудан келип түшкөн же ал үчүн келип түшкөн акчалай сумманы (салымды) кабыл алган банк салым салуучуга ушул сумманы жана ага карата проценттерди же башкача формадагы кирешени келишимде каралган шарттарда жана тартипте төлөп берүүгө милдеттенет. Салымдын суммасы банкка келип түшкөн күндөн тартып банктык салым келишими түзүлдү деп эсептелет. 2. Жаран салым салуучу болуп саналган банктык салым келишими ачык келишим болуп саналат. |
751-статья. Банктык салым келишими
1. Банктык салым келишими боюнча, салым салуучудан келип түшкөн же ал үчүн келип түшкөн акчалай сумманы (салымды) кабыл алган банк салым салуучуга ушул сумманы жана ага карата проценттерди же башкача формадагы кирешени келишимде жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган шарттарда жана тартипте төлөп берүүгө милдеттенет. Салымдын суммасы банкка келип түшкөн күндөн тартып банктык салым келишими түзүлдү деп эсептелет. 2. Жаран салым салуучу болуп саналган банктык салым келишими ачык келишим болуп саналат. |
753-статья. Салымдардын түрлөрү
1. Банктык салым келишими төмөнкүдөй түрлөрдө болушу мүмкүн: 1) талап кылууга чейинки банктык салым келишими; 2) мөөнөттүү банктык салым келишими; 3) кайтарып алуунун башка шарттарындагы салым келишими. 2. Талап кылууга чейинки банктык салым келишими деп банк салымды салым салуучунун алгачкы талабы боюнча кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт.
Келишимдин салымды алгачкы талап боюнча алуу укугунан баш тартуу жөнүндөгү шарты жараксыз болот. 3. Мөөнөттүү банктык салым келишими деп банк салымды келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт. 4. Кайтарып алуунун башка шарттарындагы салым келишими деп банк түзүлгөн келишимде аныкталган жагдайлар (учурлар) келип чыкканда (же келип чыкпаганда) салымды кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт. 5. Салым салуучу мөөнөттүү салымдын суммасын - көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө же болбосо кайтарып алуунун башка шарттарындагы салымдын суммасын - келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда кайтарып берүүнү талап кылбаган учурда, эгерде келишимде башкача каралбаса, келишим талап кылууга чейинки салым шартында узартылды деп эсептелет.
|
753-статья. Салымдардын түрлөрү
1. Банктык салым келишими төмөнкүдөй түрлөрдө болушу мүмкүн: 1) талап кылууга чейинки банктык салым келишими; 2) мөөнөттүү банктык салым келишими; 3) кайтарып алуунун башка шарттарындагы салым келишими. 2. Талап кылууга чейинки банктык салым келишими деп банк салымды салым салуучунун алгачкы талабы боюнча келишимде аныкталган жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын тиешелүү талаптарына ылайык өлчөмдө кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт. Келишимдин салымды алгачкы талап боюнча алуу укугунан баш тартуу жөнүндөгү шарты жараксыз болот. 3. Мөөнөттүү банктык салым келишими деп банк салымды келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт. 4. Кайтарып алуунун башка шарттарындагы салым келишими деп банк түзүлгөн келишимде аныкталган жагдайлар (учурлар) келип чыкканда (же келип чыкпаганда) келишимде аныкталган жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын тиешелүү талаптарына ылайык келген өлчөмдө салымды кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт. 5. Салым салуучу мөөнөттүү салымдын суммасын - көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө же болбосо кайтарып алуунун башка шарттарындагы салымдын суммасын - келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда кайтарып берүүнү талап кылбаган учурда, эгерде келишимде башкача каралбаса, келишим талап кылууга чейинки салым шартында узартылды деп эсептелет. |
768-статья. Эсептеги акча каражаттарын банк пайдалангандыгы үчүн проценттер
1. Эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, анда клиенттин эсебиндеги акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн банк процент төлөп берет жана анын суммасы клиенттин эсебине кошулуп эсептелет. Проценттер банк тарабынан банк эсебинин келишиминде аныкталган өлчөмдө, ал эми келишимде тийиштүү шарт каралбаса - адатта талап кылганга чейинки аманаттар боюнча (752-статья) банк төлөп берүүчү өлчөмдө төлөнөт. 2. Проценттин суммасы банк эсебинин келишиминде аныкталган мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт каралбаса - ар квартал өткөндөн кийин эсепке кошулуп эсептелет. |
768-статья. Эсептеги акча каражаттарын банк пайдалангандыгы үчүн проценттер
1. Эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, анда клиенттин эсебиндеги акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн банк процент төлөп берет жана анын суммасы клиенттин эсебине кошулуп эсептелет. Проценттер банк тарабынан банк эсебинин келишиминде жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын тиешелүү талаптарында аныкталган өлчөмдө, ал эми келишимде тийиштүү шарт каралбаса - адатта талап кылганга чейинки аманаттар боюнча (752-статья) банк төлөп берүүчү өлчөмдө төлөнөт. 2. Проценттин суммасы банк эсебинин келишиминде аныкталган мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт каралбаса - ар квартал өткөндөн кийин эсепке кошулуп эсептелет.
|
«Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
|
5-статья. Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдарынын көз карандысыздыгы
1. Микрофинансы уюмдары өз ишин ушул Мыйзам, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары аркылуу ыйгарылган компетенциянын чегинде өз алдынча уюштурушат жана жүзөгө ашырышат. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына микрофинансы уюмдарынын ишине байланыштуу маселелерди чечүүнүн ар кандай түрлөрүнө кийлигишүүлөрүнө тыюу салынат. 3. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиялык сыйакынын жана кызматтар үчүн акынын өлчөмү микрофинансы уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет. Пайыздын ставкасынын өлчөмү сүткорлукту чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет. |
5-статья. Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдарынын көз карандысыздыгы
1. Микрофинансы уюмдары өз ишин ушул Мыйзам, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары аркылуу ыйгарылган компетенциянын чегинде өз алдынча уюштурушат жана жүзөгө ашырышат. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына микрофинансы уюмдарынын ишине байланыштуу маселелерди чечүүнүн ар кандай түрлөрүнө кийлигишүүлөрүнө тыюу салынат. 3. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиялык сыйакынын жана кызматтар үчүн акынын өлчөмү микрофинансы уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет. Пайыздын ставкасынын өлчөмү сүткорлукту чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, микрофинансы уюмдары тарабынан белгиленет. |
35-1-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарга карата талаптар
1. Пайыздардын ставкаларынын (пайыздык ставкалардын), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана коммерциялык же банктык жашыруун сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Пайыздын ставкасы кардарлар үчүн жылдык номиналдуу туюнтмада мезгил ичиндеги пайыздын ставкасы менен катар жана пайыздын натыйжалуу ставкасынын усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилүүгө тийиш. Пайыздын номиналдуу ставкасы кредиттин негизги суммасынын азайып бара жаткан калдыгына карата эсептелүүгө тийиш. Кардарларга берүү максаттары үчүн пайыздын натыйжалуу ставкасын аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин негизги сумманы, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланышкан башка төлөмдөрдү өзүнчө көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүнүн абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалыматты кардарларга берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоону караган продуктуларды пайдаланууга жол берилбейт. 3. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө жарнамада, жарыялоолордо жана жайылтылуучу маалыматта микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана тарифтер микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмдөрү тараптардын өз ара макулдугу боюнча учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турушу мүмкүн. 4. Микрофинансы секторундагы үстөмдүк абалды болтурбоо, ошондой эле микрофинансы уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын транспаренттүүлүгүн микрофинансы уюмдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Улуттук банк тарабынан контролдукка алынат. Бул максаттарда Улуттук банк ченемдик укуктук актыларды чыгарууга жана монополияга каршы мамиле жасоо чараларын көрүүгө укуктуу.
|
35-1-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарга карата талаптар
1. Пайыздардын ставкаларынын (пайыздык ставкалардын), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана коммерциялык же банктык жашыруун сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Пайыздын ставкасы кардарлар үчүн жылдык номиналдуу туюнтмада мезгил ичиндеги пайыздын ставкасы менен катар жана пайыздын натыйжалуу ставкасынын усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилүүгө тийиш. Пайыздын номиналдуу ставкасы кредиттин негизги суммасынын азайып бара жаткан калдыгына карата эсептелүүгө тийиш. Кардарларга берүү максаттары үчүн пайыздын натыйжалуу ставкасын аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин негизги сумманы, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланышкан башка төлөмдөрдү өзүнчө көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүнүн абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалыматты кардарларга берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоону караган продуктуларды пайдаланууга жол берилбейт. 3. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө жарнамада, жарыялоолордо жана жайылтылуучу маалыматта микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана тарифтер микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмдөрү тараптардын өз ара макулдугу боюнча учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турушу мүмкүн. 4. Микрофинансы секторундагы үстөмдүк абалды болтурбоо, ошондой эле микрофинансы уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын транспаренттүүлүгүн микрофинансы уюмдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Улуттук банк тарабынан контролдукка алынат. Бул максаттарда Улуттук банк ченемдик укуктук актыларды чыгарууга жана монополияга каршы мамиле жасоо чараларын көрүүгө укуктуу. |
|
35-3-берене. Шылуундука каршы аракеттенүү системалары Микрофинансы уюмары өз кардарларынын кызыкчылыктарын шылуундук аракеттерден коргоону камсыз кылган алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод системасы) болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылууга тийиш. Шылуундука каршы аракеттенүү системасы (антифрод-системасы) жана анын натыйжалуу иштеши Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүсү тийиш. |
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
|
24-берене. Операторлор
1. Ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтери бар, Улуттук банкында каттоодон өткөн жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эсеп ачпастан акча которууну жүзөгө ашырган акча которуулар системасынын оператору болуп саналат. Акча которуу системасынын операторунун - резиденттин/резиденти эмесинин каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 2. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү системанын оператору болуп саналат. Эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин - Кыргыз Республикасынын резиденти эмесинин иши ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банкта каттоосу болгон учурда жүзөгө ашырылат. Улуттук банкта каттоосу жок эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин ишине тыюу салынат. 2-1. Улуттук банк же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарда (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө лицензиясы бар, улуттук системанын критерийлерине шайкеш келүүчү жана төлөм системасынын иштөөсүн ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишин камсыз кылуучу башка юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналат. 3. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерди, системага катышуу тууралуу жана катышуучулардын системага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө типтүү келишимдерди иштеп чыгат. 4. Төлөм системасынын оператору маалымат коопсуздугун жана инфратүзүмдүн коопсуздугун, ошондой эле иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ченемдик документтерге ээ болууга тийиш. 5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системага ачык жана тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу тарифтик саясатты иштеп чыгат. Төлөм системасынын алкагында кардарларга (пайдалануучуларга) тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн кошуп алганда, төлөм системасынын эрежелери ачык-айкын болууга тийиш. Жаңы тарифтерди киргизүү жана колдонуудагы тарифтердин өлчөмүн көбөйтүү каралган өзгөртүүлөрдү төлөм системасынын эрежелерине киргизүүдө, төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте бул тууралуу Улуттук банкка, төлөм системасынын катышуучуларына жана пайдалануучуларына маалымдайт. 6. Төлөм системасынын операторлору ар жылдык негизде жалпы финансылык отчеттуулукту жарыялайт, Улуттук банкына мезгил-мезгили менен ар айлык отчетторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички көзөмөл жана аудит жөнүндө маалыматты берет. |
24-берене. Операторлор
1. Ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтери бар, Улуттук банкында каттоодон өткөн жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эсеп ачпастан акча которууну жүзөгө ашырган акча которуулар системасынын оператору болуп саналат. Акча которуу системасынын операторунун - резиденттин/резиденти эмесинин каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 2. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак – Кыргыз Республикасынын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү системанын оператору болуп саналат. Эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин – Кыргыз Республикасынын резиденти эмесинин иши ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банкта каттоосу болгон учурда жүзөгө ашырылат. Улуттук банкта каттоосу жок эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин ишине тыюу салынат. 2-1. Улуттук банк же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарда (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө лицензиясы бар, улуттук системанын критерийлерине шайкеш келүүчү жана төлөм системасынын иштөөсүн ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишин камсыз кылуучу башка юридикалык жак – Кыргыз Республикасынын резиденти улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналат. 3. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерди, системага катышуу тууралуу жана катышуучулардын системага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө типтүү келишимдерди иштеп чыгат. 4. Төлөм системасынын оператору маалымат коопсуздугун жана инфратүзүмдүн коопсуздугун, ошондой эле иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ченемдик документтерге ээ болууга тийиш. 5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системага ачык жана тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу тарифтик саясатты Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштеп чыгат. Төлөм системасынын алкагында кардарларга (пайдалануучуларга) тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн кошуп алганда, төлөм системасынын эрежелери ачык-айкын болууга тийиш. Жаңы тарифтерди киргизүү жана колдонуудагы тарифтердин өлчөмүн көбөйтүү каралган өзгөртүүлөрдү төлөм системасынын эрежелерине киргизүүдө, төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте бул тууралуу Улуттук банкка, төлөм системасынын катышуучуларына жана пайдалануучуларына маалымдайт. 6. Төлөм системасынын операторлору ар жылдык негизде жалпы финансылык отчеттуулукту жарыялайт, Улуттук банкына мезгил-мезгили менен ар айлык отчетторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички көзөмөл жана аудит жөнүндө маалыматты берет. |
26-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктары 1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишин жөнгө салууну төмөнкүчө жүзөгө ашырат: 1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 2) төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү жагынан ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрлерин жүргүзөт; 3) Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү үчүн акча которуулар системаларынын, банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин каттоону жүзөгө ашырат; 4) банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө түрткү берет. 2. Ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат: 1) лицензиялоо (уруксат берүүчү документтерди берүү) тартибин аныктайт жана төлөм системаларынын операторлорунун акционерлерине (катышуучуларына) жана төлөм уюмдарына талаптарды белгилейт; 2) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү белгилейт; 3) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын капиталында акцияларды (үлүштөрдү) сатып алуу же болбосо босоголук катышуу тартибине талаптарды белгилейт; 4) төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун алар менен байланышкан жактар менен операцияларын жана бүтүмдөрүн жасоого карата талаптарды белгилейт; 5) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерине, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине талаптарды белгилейт; 6) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын, акционерлерин/катышуучуларын терс жана кооптуу банктык практикага тартылган деп таануу тартибин аныктайт; 7) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсебине жана финансылык отчеттуулугуна жана тышкы аудитине талаптарды белгилейт; 8) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин, бизнес-моделин, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын баалоо үчүн алардын программаларын жана пландарын, ошондой эле финансылык көйгөйлөр келип чыккан учурга финансылык жакшыртуу планын берүүнүн талаптарын жана тартибин белгилейт; 9) төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 10) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. 3. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү: 1) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилөөгө; 2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө. Чектөөлөрдү эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат; 3) төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуунун алкагында талаптарды белгилөөгө; 4) маалыматтык коопсуздук, төлөм системасынын ишенимдүүлүгү, ишинин үзгүлтүксүздүгү боюнча талаптарды белгилөөгө. 4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, анын ичинде баалуу кагаздар менен эсептешүү системаларына талаптарды белгилөө жана баалуу кагаздар менен операциялар боюнча биротоло эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө алардын төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат. 5. Ушул Мыйзамда өзүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда Улуттук банк белгилеген талаптарды төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары аткарууга милдеттүү. |
26-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктары 1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишин жөнгө салууну төмөнкүчө жүзөгө ашырат: 1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 2) төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү жагынан ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрлерин жүргүзөт; 3) Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү үчүн акча которуулар системаларынын, банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин каттоону жүзөгө ашырат; 4) банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө түрткү берет. 2. Ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат: 1) лицензиялоо (уруксат берүүчү документтерди берүү) тартибин аныктайт жана төлөм системаларынын операторлорунун акционерлерине (катышуучуларына) жана төлөм уюмдарына талаптарды белгилейт; 2) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү белгилейт; 3) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын капиталында акцияларды (үлүштөрдү) сатып алуу же болбосо босоголук катышуу тартибине талаптарды белгилейт; 4) төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун алар менен байланышкан жактар менен операцияларын жана бүтүмдөрүн жасоого карата талаптарды белгилейт; 5) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерине, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине талаптарды белгилейт; 6) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын, акционерлерин/катышуучуларын терс жана кооптуу банктык практикага тартылган деп таануу тартибин аныктайт; 7) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсебине жана финансылык отчеттуулугуна жана тышкы аудитине талаптарды белгилейт; 8) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин, бизнес-моделин, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын баалоо үчүн алардын программаларын жана пландарын, ошондой эле финансылык көйгөйлөр келип чыккан учурга финансылык жакшыртуу планын берүүнүн талаптарын жана тартибин белгилейт; 9) төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 10) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. 3. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү: 1) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилөөгө; 2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө. Чектөөлөрдү эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат; 3) төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуунун алкагында талаптарды белгилөөгө; 4) маалыматтык коопсуздук, төлөм системасынын ишенимдүүлүгү, ишинин үзгүлтүксүздүгү боюнча талаптарды белгилөөгө; 5) төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун кардарларынын жана кызматтарын пайдалануучуларынын кызыкчылыктарын коргоону камсыздагаан шылуундукка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод-системасынын) болушуна жана анын натыйжалуу иштешине карата талаптарды белгилөөгө. Микрофинансы уюмары өз кардарларынын кызыкчылыктарын шылуундук аракеттерден коргоону камсыз кылган алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод системасы) болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылууга тийиш. жана анын натыйжалуу иштеши Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүсү тийиш. 4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, анын ичинде баалуу кагаздар менен эсептешүү системаларына талаптарды белгилөө жана баалуу кагаздар менен операциялар боюнча биротоло эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө алардын төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат. 5. Ушул Мыйзамда өзүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда Улуттук банк белгилеген талаптарды төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары аткарууга милдеттүү. |
«Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
|
9-берене. Кыргыз Республикасында кепилдик фонддордун көз карандысыздыгы
1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген компетенциясынын чегинде ишин өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. 2. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, кепилдик фонддордун ишине байланышкан маселелерди чечүүдө кандай гана формада болбосун кийлигишүүгө тыюу салынат. 3. Кызмат көрсөткөндүгү үчүн сыйакы төлөөнүн өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен келишимге жана/же макулдашууга ылайык кепилдик фонддор тарабынан өз алдынча белгиленет. |
9-берене. Кыргыз Республикасында кепилдик фонддордун көз карандысыздыгы
1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген компетенциясынын чегинде ишин уюштурат жана жүзөгө ашырат. 2. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, кепилдик фонддордун ишине байланышкан маселелерди чечүүдө кандай гана формада болбосун кийлигишүүгө тыюу салынат. 3. Кызмат көрсөткөндүгү үчүн сыйакы төлөөнүн өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен келишимге жана/же макулдашууга ылайык кепилдик фонддор тарабынан белгиленет. |
«Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
|
9-берене. Аманаттардын сакталышы жана кайра кайтарылышы
1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар банк эсептеринде турган акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга жана ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын кодекстеринде жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, аманатчылардын биринчи талабы боюнча аларды кайтарып берүүгө милдеттүү. 2. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар аманатчылар үчүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралбаган кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө укуксуз. 3. Банктык эсептер жана аманаттар менен иштөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет
|
9-берене. Аманаттардын сакталышы жана кайра кайтарылышы
1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар банк эсептеринде турган акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга жана ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын кодекстеринде жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, аманатчылардын биринчи талабы боюнча аларды кайтарып берүүгө милдеттүү. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда, банк эсептен акча каражаттарын уурдоого багытталган шылуундук аракеттери бар деп шектенген учурда, банк эсеби боюнча чыгаша операцияларын 10 күнгө чейинки мөөнөткө токтотууга укуктуу. Банк себептерин көрсөтүү менен эсеп боюнча операциялардын токтотулгандыгы жөнүндө кардарга токтоосуз маалымдоого милдеттүү. 2. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар аманатчылар үчүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралбаган кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө укуксуз. 3. Банктык эсептер жана аманаттар менен иштөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. |
11-берене. Комиссиялык сый акылар, тарифтер жана пайыздык ставкалар 1. Пайыздык ставкалардын, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана банктык кызмат көрсөтүү үчүн тарифтер банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан өз алдынча Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет. Банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу банк операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттарын өз алдынча Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгилөөгө укуктуу. 2. Пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын өлчөмү жана банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн тарифтер жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. 3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматты жарнамада, жарыялоодо көрсөтүүдө жана жайылтууда берилүүчү кредиттер боюнча номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар жана комиссиялык сый акы жөнүндө маалыматты милдеттүү түрдө көрсөтүү зарыл. 4. Номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар келишимдерде салыштырылып эсептөөдө көрсөтүлүшү керек. 5. Кредиттик келишимди түзгөнгө чейин банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалардын өлчөмү жөнүндө маалымат менен бир катарда, кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен, кардарга кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Пайыздык төлөмдөр номиналдык ставка боюнча кредиттин негизги суммасынын азайган калдыгына карата чегерилет. Натыйжалуу пайыздык ставканы аныктоо жана эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан белгиленет. 6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоо каралган кредиттик продукттарды пайдаланууга жол берилбейт. 7. Эгерде бул кардардын укугун начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтсө, мөөнөттүү аманаттар жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын чоңдугун банк бир тарап-туу тартипте өзгөртүшү мүмкүн эмес. |
11-берене. Комиссиялык сый акылар, тарифтер жана пайыздык ставкалар 1. Пайыздык ставкалардын, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана банктык кызмат көрсөтүү үчүн тарифтер банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет. Банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу банк операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттарын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгилөөгө укуктуу. Көзөмөлдөөнүн алкагында Улуттук банк өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу максатында банктар, банктык эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактар үчүн комиссиялык сый акыларды алууга, тарифтер менен пайыздык чендерге карата тиешелүү жөнгө салууну, талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөөгө укуктуу. 2. Пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын өлчөмү жана банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн тарифтер жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. 3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматты жарнамада, жарыялоодо көрсөтүүдө жана жайылтууда берилүүчү кредиттер боюнча номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар жана комиссиялык сый акы жөнүндө маалыматты милдеттүү түрдө көрсөтүү зарыл. 4. Номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар келишимдерде салыштырылып эсептөөдө көрсөтүлүшү керек. 5. Кредиттик келишимди түзгөнгө чейин банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалардын өлчөмү жөнүндө маалымат менен бир катарда, кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен, кардарга кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Пайыздык төлөмдөр номиналдык ставка боюнча кредиттин негизги суммасынын азайган калдыгына карата чегерилет. Натыйжалуу пайыздык ставканы аныктоо жана эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан белгиленет. 6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоо каралган кредиттик продукттарды пайдаланууга жол берилбейт. 7. Эгерде бул кардардын укугун начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтсө, мөөнөттүү аманаттар жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын чоңдугун банк бир тарап-туу тартипте өзгөртүшү мүмкүн эмес. |
26-берене. Банктын туунду жана көз каранды компанияларына карата талаптар 1. Банктын туунду компаниясы - бул банк (башкы компания) тарабынан контролдонгон юридикалык жак. Туунду банктын туунду банкы башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. Банктын көз каранды компаниясы - юридикалык жак, банк анда жеке өзү же башка жактар менен биргеликте юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын же капиталдагы үлүшүнүн жыйырма же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырат. Ушул аныктамалар башка юридикалык жактарга да жайылтылат. 2. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкү шарттар сакталган учурда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде ишке ашырылат, эгерде: 1) банктын жана туунду компаниянын менчик жана башкаруу түзүмү, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе; 2) туунду компаниянын ишинде келип чыккан тобокелдиктерди контролдоо жол-жобосу, банктын жана туунду компаниянын корпоративдик жекелигин колдоого багытталган жол-жоболор банкта иштелип чыкса; 3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык туруктуулугу жана бекемдиги үчүн олуттуу тобокелдиктерди түзбөсө; 4) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса. 3. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык иштерди, ошондой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишти гана жүзөгө ашыра алышат. Банктык ишти ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниялары инвестициялоо иши менен алектене алышат. Ишин банктык иштин ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниясынын инвестициялык ишти жүргүзүү тартиби жана эрежелери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 4. Банк Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен көз каранды компанияны сатып алышы же түзүшү мүмкүн. Банктардын көз каранды компаниялары банк жана/же финансылык ишке байланыштуу иштерди кошуп алганда, банк жана/же финансылык ишти гана жүзөгө ашыра алышат. 5. Банк туунду же көз каранды компанияны сатып алууга укугу жок, эгерде: 1) компания, тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук чөлкөмдөрдө, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү эл аралык санкциялар бар мамлекеттерде жана аймактарда катталса жана/же өз ишин жүзөгө ашырса; 2) компаниянын катышуучулары ушул Мыйзамда аларга карата чектөөлөр белгиленген жактар болуп саналса. 6. Банк төмөнкү учурларда туунду же көз каранды компания түзүүгө укугу жок, эгерде: 1) мындай компаниянын каттоосу жана/же анын ишин жүзөгө ашыруусу тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталуучу оффшордук чөлкөмдөрдө, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү эл аралык санкциялар киргизилген мамлекеттерде жана аймактарда экени болжолдонсо; 2) компаниялардын тең уюштуруучуларына карата, алар ушул Мыйзамда чектөөлөр белгиленген жактар болуп саналышса. 7. Банкка туунду жана/же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга уруксат берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат. 8. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптары Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга да жайылтылат. |
26-берене. Банктын туунду жана көз каранды компанияларына карата талаптар 1. Банктын туунду компаниясы - бул банк (башкы компания) тарабынан контролдонгон юридикалык жак. Туунду банктын туунду банкы башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. Банктын көз каранды компаниясы - юридикалык жак, банк анда жеке өзү же башка жактар менен биргеликте юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын же капиталдагы үлүшүнүн жыйырма же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырат. Ушул аныктамалар башка юридикалык жактарга да жайылтылат. 2. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкү шарттар сакталган учурда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде ишке ашырылат, эгерде: 1) банктын жана туунду компаниянын менчик жана башкаруу түзүмү, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе; 2) туунду компаниянын ишинде келип чыккан тобокелдиктерди контролдоо жол-жобосу, банктын жана туунду компаниянын корпоративдик жекелигин колдоого багытталган жол-жоболор банкта иштелип чыкса; 3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык туруктуулугу жана бекемдиги үчүн олуттуу тобокелдиктерди түзбөсө; 4) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса. 3. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык иштерди, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишти, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык башка иштерди гана жүргүзө алышат. Банктык ишти ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниялары инвестициялоо иши менен алектене алышат. Ишин банктык иштин ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниясынын инвестициялык ишти жүргүзүү тартиби жана эрежелери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 4. Банк Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен көз каранды компанияны сатып алышы же түзүшү мүмкүн. Банктардын көз каранды компаниялары банк жана/же финансылык ишке байланыштуу иштерди кошуп алганда, банк жана/же финансылык ишти, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык башка иштерди гана жүргүзө алышат. 5. Банк туунду же көз каранды компанияны сатып алууга укугу жок, эгерде: 1) компания, тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук чөлкөмдөрдө, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү эл аралык санкциялар бар мамлекеттерде жана аймактарда катталса жана/же өз ишин жүзөгө ашырса; 2) компаниянын катышуучулары ушул Мыйзамда аларга карата чектөөлөр белгиленген жактар болуп саналса. 6. Банк төмөнкү учурларда туунду же көз каранды компания түзүүгө укугу жок, эгерде: 1) мындай компаниянын каттоосу жана/же анын ишин жүзөгө ашыруусу тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталуучу оффшордук чөлкөмдөрдө, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү эл аралык санкциялар киргизилген мамлекеттерде жана аймактарда экени болжолдонсо; 2) компаниялардын тең уюштуруучуларына карата, алар ушул Мыйзамда чектөөлөр белгиленген жактар болуп саналышса. 7. Банкка туунду жана/же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга уруксат берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат. 8. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптары Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга да жайылтылат. |
42-берене. Ички контролдоо системасы 1. Ички контролдоо - банктын төмөнкү максаттарга жетүүсүнө багытталган үзгүлтүксүз процесс: 1) иштин натыйжалуулугуна жана жыйынтыгына, активдерди жана пассивдерди башкаруунун натыйжалуулугуна, активдердин сакталышын камсыз кылууга, тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга; 2) ички жана тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык, жөнгө салуучу жана башка отчетторду берүүнүн ишенимдүүлүгүн, толуктугун, объективдүүлүгүн жана өз учурунда түзүлүшүн жана берилишин камсыз кылууга; 3) мыйзамдарды жана банктын ички ченемдик документтерин сактоого. 2. Банктын ички контролдоо системасы төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш: 1) банктын башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясын, ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин бөлүнүшүн, банктагы сый акы төлөө системасын караган банктын тиешелүү уюштуруучулук түзүмүн; 2) өз учурунда чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү тиешелүү ички маалымат системасын жана башкаруу органдарына маалымдоо системасын; 3) тобокелдиктерге, тобокелдиктерди башкаруу жана аларды баалоо системаларына туруктуу байкоо жүргүзүүнү; 4) ички контролдоонун тиешелүү жол-жоболорун; 5) анын кемчиликтерин табуу жана өркүндөтүү максатында ички контролдоо системасынын мезгилдүү өзүн-өзү баалоосун. 3. Банктын Директорлор кеңеши банктын ички контролдоо системасынын талаптагыдай уюштурулушун жана иштешин камсыз кылууга милдеттүү. 4. Ички контролдоо системасын уюштуруу жана иштетүү боюнча банктарга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет. |
42-берене. Ички контролдоо системасы 1. Ички контролдоо – банктын төмөнкү максаттарга жетүүсүнө багытталган үзгүлтүксүз процесс: 1) иштин натыйжалуулугуна жана жыйынтыгына, активдерди жана пассивдерди башкаруунун натыйжалуулугуна, активдердин сакталышын камсыз кылууга, тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга; 2) ички жана тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык, жөнгө салуучу жана башка отчетторду берүүнүн ишенимдүүлүгүн, толуктугун, объективдүүлүгүн жана өз учурунда түзүлүшүн жана берилишин камсыз кылууга; 3) мыйзамдарды жана банктын ички ченемдик документтерин сактоого. 2. Банктын ички контролдоо системасы төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш: 1) банктын башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясын, ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин бөлүнүшүн, банктагы сый акы төлөө системасын караган банктын тиешелүү уюштуруучулук түзүмүн; 2) өз учурунда чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү тиешелүү ички маалымат системасын жана башкаруу органдарына маалымдоо системасын; 3) тобокелдиктерге, тобокелдиктерди башкаруу жана аларды баалоо системаларына туруктуу байкоо жүргүзүүнү; 4) ички контролдоонун тиешелүү жол-жоболорун; 5) анын кемчиликтерин табуу жана өркүндөтүү максатында ички контролдоо системасынын мезгилдүү өзүн-өзү баалоосун; 6) Улуттук банктын талаптарына жооп берген жана банктын кардарларынын кызыкчылыктарын алдамчылык аракеттерден коргоону камсыз кылган алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод системасы) болушун жана натыйжалуу иштешин. 3. Банктын Директорлор кеңеши банктын ички контролдоо системасынын талаптагыдай уюштурулушун жана иштешин камсыз кылууга милдеттүү. 4. Ички контролдоо системасын уюштуруу жана иштетүү боюнча банктарга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет. |
50-берене. Банктын инвестициялары 1. Банк инвестицияларды төмөнкү талаптарды жана чектөөлөрдү сактоо менен жүзөгө ашырышы мүмкүн: 1) банктык эмес уюмдарга банктын катышуусу узак мөөнөттүү инвестициялоо катары жүзөгө ашырылышы керек; 2) ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициянын өлчөмү, финансылык салымдарды жана кредиттерди кошуп алганда, банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын он беш пайызынан азын, ишин банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банктар үчүн - банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын отуз пайызынан азын түзүшү керек. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашуусу мүмкүн эмес; 3) кыймылсыз мүлккө инвестициялардын өлчөмү белгиленген лимиттерден ашпоого тийиш; 4) өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралат. 2. Операцияларды жана бүтүмдөрдү банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банктын инвестициялык саясатына карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет. 3. Банктарга карата инвестицияларды жүзөгө ашыруу жана алардын банктын капиталына таасири боюнча башка талаптар жана чектөөлөр Улуттук банк тарабынан аныкталат. |
50-берене. Банктын инвестициялары 1. Банк инвестицияларды төмөнкү талаптарды жана чектөөлөрдү сактоо менен жүзөгө ашырышы мүмкүн: 1) банктык эмес уюмдарга банктын катышуусу узак мөөнөттүү инвестициялоо катары жүзөгө ашырылышы керек; 2) ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициянын, анын ичинде кандай гана болбосун финансылык инвестициялардын жана кредиттердин өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашуусу мүмкүн эмес; 3) кыймылсыз мүлккө инвестициялардын өлчөмү белгиленген лимиттерден ашпоого тийиш; 4) өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралат. 2. Операцияларды жана бүтүмдөрдү банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банктын инвестициялык саясатына карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет. 3. Банктарга карата инвестицияларды жүзөгө ашыруу жана алардын банктын капиталына таасири боюнча башка талаптар жана чектөөлөр Улуттук банк тарабынан аныкталат. |
77-берене. Банктын ишине инспектордук текшерүү 1. Улуттук банк ыйгарым укуктуу кызматкерлерди банкка жөнөтүү аркылуу банк ишине мезгилдүү инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүп турат. 2. Инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында төмөнкүлөрдү баалоо жүзөгө ашырылат: 1) банктын финансылык абалына, башкаруунун сапатына жана натыйжалуулугуна; 2) банктын бекемдигине жана коопсуз ишине таасир этүүчү банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерге; 3) банктын финансылык жана регулятивдик отчеттуулугунун аныктыгына; 4) банктын Улуттук банктын жазма буйруктарын, талаптарын жана сунуштамаларын аткаруусуна; 5) банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сактоосуна; 6) банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди жана талаптарды аткаруусуна. 3. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу: 1) банктын кандай болбосун орун жайына кирүүгө, кандай болбосун документтерди жана маалыматтарды көрсөтүүнү талап кылууга, анын ичинде алардын көчүрмөлөрүн алууга; 2) тышкы аудитор, банктын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, банкка кызмат көрсөтүүчү башка жактар, банктын кардарлары менен жолугушууга, ошондой эле алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү маалыматтарды алууга; 3) банкты инспектордук текшерүүгө байланыштуу башка зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө. 4. Текшерилүүчү банк төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) пайдалануучулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларга кирүү коддору (паролдору, PIN-коддору) тууралуу маалыматтарды кошпогондо, Улуттук банкка зарыл бардык документтерди жана маалыматтарды берүүгө; 2) текшерилүүчү банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда, Улуттук банктын талаптарына ылайык банктын маалымат системаларына жана маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; 3) өзүнчө орун жай, тиешелүү техникаларды жана байланыш каражаттарын берүүгө; 4) башка кызматташууну жүзөгө ашырууга. 5. Ушул берененин талаптары ошондой эле банктык топторго жана анын катышуучуларына, банк менен жалпы кызыкчылыктары бар кандай болбосун башка компанияларга жана банк менен байланышы бар кандай болбосун башка жактарга жайылтылат. 6. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин Улуттук банк аныктайт. 7. Банкты инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчет Улуттук банктын купуя документи болуп саналат жана Улуттук банктын макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы инспектордук текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө отчет менен Улуттук банк белгиле-ген мөөнөттө, кол коюп таанышууга милдеттүү.
|
77-берене. Банктын ишине инспектордук текшерүү 1. Улуттук банк ыйгарым укуктуу кызматкерлерди банкка жөнөтүү аркылуу банк ишине мезгилдүү инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүп турат. 2. Инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында төмөнкүлөрдү баалоо жүзөгө ашырылат: 1) банктын финансылык абалына, башкаруунун сапатына жана натыйжалуулугуна; 2) банктын бекемдигине жана коопсуз ишине таасир этүүчү банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерге; 3) банктын финансылык жана регулятивдик отчеттуулугунун аныктыгына; 4) банктын Улуттук банктын жазма буйруктарын, талаптарын жана сунуштамаларын аткаруусуна; 5) банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сактоосуна; 6) банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди жана талаптарды аткаруусуна; 7) банктын антифрод системасынын натыйжалуу иштешине, анын ичинде анын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүнө. 3. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу: 1) банктын кандай болбосун орун жайына кирүүгө, кандай болбосун документтерди жана маалыматтарды көрсөтүүнү талап кылууга, анын ичинде алардын көчүрмөлөрүн алууга; 2) тышкы аудитор, банктын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, банкка кызмат көрсөтүүчү башка жактар, банктын кардарлары менен жолугушууга, ошондой эле алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү маалыматтарды алууга; 3) банкты инспектордук текшерүүгө байланыштуу башка зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө. 4. Текшерилүүчү банк төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) пайдалануучулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларга кирүү коддору (паролдору, PIN-коддору) тууралуу маалыматтарды кошпогондо, Улуттук банкка зарыл бардык документтерди жана маалыматтарды берүүгө; 2) текшерилүүчү банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда, Улуттук банктын талаптарына ылайык банктын маалымат системаларына жана маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; 3) өзүнчө орун жай, тиешелүү техникаларды жана байланыш каражаттарын берүүгө; 4) башка кызматташууну жүзөгө ашырууга. 5. Ушул берененин талаптары ошондой эле банктык топторго жана анын катышуучуларына, банк менен жалпы кызыкчылыктары бар кандай болбосун башка компанияларга жана банк менен байланышы бар кандай болбосун башка жактарга жайылтылат. 6. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин Улуттук банк аныктайт. 7. Банкты инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчет Улуттук банктын купуя документи болуп саналат жана Улуттук банктын макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы инспектордук текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө отчет менен Улуттук банк белгиле-ген мөөнөттө, кол коюп таанышууга милдеттүү. |
79-берене. Банктык топтордун иши 1. Банктык топко кирген компаниялар банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банктык холдингдик компаниялар менен болгон учурларда, топтун катышуучуларынын акцияларына ээлик кылууну кошуп алганда, банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштерди гана жүзөгө ашыра алышат. 2. Банктык топтун катышуучусу болуп саналган банк өз ишин банктык топтун калган катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана банктык топко кирген банктык холдингдик компаниялар акционердик коом формасында болууга тийиш. 3. Банктык топтун башында турган банк, банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдоочу башкы компания бүтүндөй банктык топтун ишинин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик тартат. 4. Банктык топту, банктык холдингдик компанияларда жана юридикалык жактар тобун контролдогон башкы компанияларды жетектеп турган банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы, банктык топтун бардык катышуучуларынын ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыз кылууга тийиш. 5. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктын финансылык абалына анын банктык топко катышуусунан улам коркунуч келген учурда, банк бул тууралуу токтоосуз жазуу жүзүндө Улуттук банкка билдирет. 6. Банктарга карата коюлган ушул Мыйзамдын талаптары банктык топко жана банктык топтун катышуучуларына Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө жана чектерде жайылтылат. |
79-берене. Банктык топтордун иши 1. Банктык топко кирген компаниялар банктык жана/же финансылык ишти, банктык холдингдик компаниялар менен болгон учурларда, топтун катышуучуларынын акцияларына ээлик кылууну кошуп алганда, банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштерди, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык башка иштерди гана жүргүзө алышат. 2. Банктык топтун катышуучусу болуп саналган банк өз ишин банктык топтун калган катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана банктык топко кирген банктык холдингдик компаниялар акционердик коом формасында болууга тийиш. 3. Банктык топтун башында турган банк, банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдоочу башкы компания бүтүндөй банктык топтун ишинин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик тартат. 4. Банктык топту, банктык холдингдик компанияларда жана юридикалык жактар тобун контролдогон башкы компанияларды жетектеп турган банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы, банктык топтун бардык катышуучуларынын ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыз кылууга тийиш. 5. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктын финансылык абалына анын банктык топко катышуусунан улам коркунуч келген учурда, банк бул тууралуу токтоосуз жазуу жүзүндө Улуттук банкка билдирет. 6. Банктарга карата коюлган ушул Мыйзамдын талаптары банктык топко жана банктык топтун катышуучуларына Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө жана чектерде жайылтылат. |