Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 

 

Кыргыз Республикасынын Банк кодексин  

колдонууга киргизүү жөнүндө 

 

1-берене 

 

Кыргыз Республикасынын Банк кодекси ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонууга киргизилсин.  

 

2-берене 

 

1. Эгерде бул Мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин жоболору ал күчүнө киргизилгенден кийин болуучу банктык укуктук мамилелерге карата колдонулат. 

2. Кыргыз Республикасынын Банк кодекси колдонууга киргизилгенге чейин болгон банктык укуктук мамилелер боюнча Банк кодекси ал колдонууга киргизилгенден кийин болгон укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.  

 

3-берене  

 

1. Кыргыз Республикасынын Банк кодекси колдонууга киргизилгенге чейин башталган банктарды түзүү, лицензиялоо, кызмат адамдарына макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) уруксат алуу жана анын чечимдерине даттануу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде белгиленген тартипке ылайык аягына чыгарылат. 

2. Кыргыз Республикасынын Банк кодекси колдонууга киргизилген күндөн тартып банктардагы консервация режими Убактылуу администрация режимине өзгөртүлөт, ал эми банктын консерватору Убактылуу администратордун статусуна ээ болот. 

3. Кыргыз Республикасынын Банк кодекси колдонууга киргизилгенге чейин сот тарабынан башталган банктарды мажбурлап жоюу жана/же банкроттоо жол-жобосу сот тартибинде аягына чыгарылат. Сот жана жоюучу Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин ченемдерине таянып иштешет.  

 

4-берене  

 

Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын саны алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин же бош кызмат оруну түзүлгөнгө чейин сакталаары белгиленсин. 

 

5-берене  

 

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж, № 6, 80-ст.; 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) 1-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн белгилерге жооп берген үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик, банктык мамилелерге жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамилелерге граждандык мыйзамдар бул мамилелер, тиешелүү түрдө үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик банктык мыйзамдар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынбаган учурларда колдонулат. 

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине тиешелүү мамилелердин өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс, ал эми Кодекс менен жөнгө салынбаган бөлүктөрү башка мыйзамдар аркылуу жөнгө салынат.”. 

 

2) 35-статьянын 3-пунктундагы “мыйзам” деген сөз “Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3) 38-статьядагы “, көрсөтүүчүнүн банктык аманат китепчеси” деген сөздөр алып салынсын.  

 

4) 49-статьяда: 

- биринчи бөлүгүндөгү “проценттерин” деген сөздөн кийин “же башка төлөмдөрүн” деген сөздөр менен толукталсын; 

- экинчи бөлүгүндөгү “талап кылуучу же өздүк болушу мүмкүн” деген сөздөр “өздүк болуп саналат” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

5) 96-статьяда: 

-2-пунктунда: 

үчүнчү абзацындагы “лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда” деген сөздөр алып салынсын; 

төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп эсептелсин; 

- статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: 

“5. Банктарды жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди жана Улуттук банктан лицензия алышкан башка жактарды өз эрки боюнча жана мажбурлап жоюу Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат”. 

 

6) 99-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацында экинчи сүйлөм алып салынсын. 

 

7) 725-статьяда: 

- төртүнчү пунктундагы “нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш” деген сөздөр “нотариалдык жактан же бүтүмгө күбө катары катышкан эки адам тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- бешинчи пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“5. Ушул статьянын 4-пунктунда каралган талаптардын аткарылбашы тараптарды  талаш маселе келип чыккан учурда бүтүмдү жана анын шарттарын тастыктоо катары күбөнүн көрсөтмөлөрүнө таянуу укугунан ажыратат, бирок аларды жазуу түрүндө жана башка далилдөөлөрдү көрсөтүү укугунан ажыратпайт.”.  

 

8) 726-статьяда: 

- статьянын аталышы “проценттер” деген сөздөн кийин “же башка төлөмдөр” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-пунктунун биринчи сүйлөмү “процент” деген сөздөн кийин “же башка төлөм” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын; 

- 2-пунктунда “эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн элүү эсе ашпаган суммага” деген сөздөр алып салынсын, жана “процентсиз” деген сөздөн кийин “же башка төлөмсүз” деген сөздөр менен толукталсын; 

- үчүнчү бөлүгү “процент” деген сөздөн кийин “же башка төлөм” деген сөздөр менен толукталсын; 

- төртүнчү пункт күчүн жоготту деп эсептелсин.  

 

10) 727-статьянын 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары “пайызга” деген сөз “пайызды кошо алганда акы төлөө үчүн” деген сөздөр менен толукталсын. 

 

11) 34-главанын 2-параграфы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

 

“2-параграф. Кредит 

 

734-статья. Кредиттик келишим 

 

Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм мындан ары банк) акча каражаттарын (кредит) келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми карызкор алган акча суммасын кайтарып берүүгө жана ал боюнча пайыздарды төлөөгө милдеттенет. 

 

735-статья. Кредиттик келишимдин формасы 

 

Кредиттик келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Жазуу формасынын сакталбашы кредиттик келишимдин жараксыз болушуна алып келет. Мындай келишим жараксыз деп саналат.  

 

736-статья. Кредит берүү күнүн аныктоо 

 

Кредит берилген күн болуп кредиттин суммасы карыз алуучунун эсебине келип түшкөн же ага нак акча каражат түрүндө берилген күн эсептелет. 

 

736-1-статья. Кредит берүүдөн же алуудан баш тартуу 

 

1. Карызкорго берилүүчү сумма мөөнөтүндө кайра төлөнбөстүгүн айкын далилдеген жагдайлар болсо кредитор келишимде каралган кредитти берүүдөн толугу менен же айрым бөлүгүн берүүдөн баш тартууга укуктуу. 

2. Карыз алуучу кредиттик келишимде каралган кредитти максаттуу пайдалануу милдеттенмесин бузган учурда, кредитор келишим боюнча карыз алуучуга андан ары кредит берүүдєн баш тартууга укуктуу.  

3. Карыз алуучу келишимди түзгөндөн кийин акча каражатты алган учурга чейинки мезгил ичинде кредитти алуудан же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашыруудан акысыз негизде баш тартууга укуктуу. 

 

736-2-статья. Кредитти максаттуу пайдалануу 

 

1. Эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, карыз алуучу кредиттик келишим боюнча алган каражатын өз каалоосуна жараша пайдаланат. 

2. Эгерде кредиттик келишим карыз алуучунун алган каражатты белгилүү бир максатта (максаттуу кредит) пайдалануу шарты менен түзүлгөн болсо, ал кредиторго кредиттин суммасынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү.  

3. Эгерде карыз алуучу кредиттин суммасын максаттуу пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарын аткарбаса, ошондой эле ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттенмелерди бузган болсо, кредитор, эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу.  

 

736-3-статья. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар жана төлөм 

 

1. Эгерде аны төлөө милдети кредиттик келишимде каралган болсо, кредитор кредиттик келишимди түзгөнгө чейин пайыздар жана кредитти пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр (комиссиялык акы) жөнүндө маалымат менен ар бир карыз алуучунун таанышып чыгуу мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү. Пайыздар жана комиссиялык акылар тууралуу маалымат ачык-айкын, жеткиликтүү болууга жана банк тарабынан потенциалдуу карыз алуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүгө тийиш.  

2. Эгерде аны төлөө милдети кредиттик келишимде каралган болсо, кредитор кредиттик келишимди түзүүдө пайыздардын жана комиссиялык акылардын өлчөмүн, пайыз кошуу мезгилин жана төлөө мөөнөтүн ар бир конкреттүү карыз алуучу менен өз алдынча аныктайт. 

Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана кредиттин негизги суммасын төлөө тартиби тараптардын макулдашуусу боюнча кредиттик келишимде каралат.  

Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кредит берилген күнү төлөөгө жол берилбейт.  

Эгерде аны төлөө милдети кредиттик келишимде каралган болсо, кредиттик келишимде карыз алуучунун пайыздарды жана кредитти пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги каралышы мүмкүн  

 

736-4-статья. Карыз алуучунун кредиттин суммасын кайра төлөө 

боюнча милдети 

 

1. Карыз алуучу алган кредитинин суммасын кредиттик келишимде каралган мөөнөттө жана тартипте кредиторго кайра берүүгө милдеттүү

2. Карыз алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан кредиттин ордун кайсыл учурда болбосун мөөнөтүнөн мурда жабууга укуктуу, мында ал бул тууралуу 30 календардык күн мурда алдын ала билдирүүгө тийиш. 

3. Эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, кредиттин суммасы кредиторго өткөрүп берилген мезгилден же тиешелүү акча каражат анын кредиттик келишимде көрсөтүлгөн банктык эсебине түшкөн учурдан тартып кайра төлөндү деп эсептелет.  

 

736-5-статья. Карыз алуучунун милдеттенмелери аткарылышын камсыздоо  

 

1. Кредиттик келишим боюнча карыз алуучунун милдеттенмесинин аткарылышы күрөө, кепилдик, гарантиялар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар аркылуу камсыздалышы мүмкүн.  

Улуттук банк тарабынан банктардын кредиттери боюнча камсыздоого карата минималдуу талаптар белгиленет.  

2. Карыз алуучу кредиттин суммасынын кайра төлөнүшүн камсыздоо боюнча милдетин аткарбаса же кредитор жооптуу болбогон жагдайларга байланыштуу камсыздоо мүмкүндүгүнөн ажыраса же камсыздоо шарты начарласа, эгерде келишимде башкасы каралбаса, кредитор карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу.”.  

 

6) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-глава менен толукталсын: 

 

«34-1-глава. Каржылоонун исламдык принциптерине ылайык каржылоо  

 

1-параграф. Мудараба келишими 

 

738-1-берене. Жалпы шарттар 

 

1. Мудараба келишими боюнча бир тарап (инвестор) акча каражатты тараптар белгилеген максаттарга андан ары инвестициялоо үчүн же мударибдин каалоосу боюнча келишимдин шарттарына ылайык тараптар ортосунда пропорциялуу негизде бөлүштүрүлүүчү пайданы алуу максатында экинчи тарапка (мударибге жеке адам же юридикалык жак - акча каражатты алуучуга) берет.  

2. Мудараба келишими акча каражатты (аманаттарды) тартуу максатында да, мудараба боюнча тартылган акча каражатты жайгаштыруу максатында да колдонулат. 

3. Мудараба келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.  

4. Тиешелүү лицензияга ээ банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм (мындан ары банк) мудараба келишиминин тарабы болушу мүмкүн. Мында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аларга карата милдеттүү шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.  

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишимине карата милдеттүү шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн. 

 

738-2-берене. Мудараба келишиминин түрлөрү 

 

1. Мудараба келишими төмөнкүдөй түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн:  

1) чектелген (атайын) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мударибдин инвестициялашы үчүн активдердин же объекттердин түрлөрүн белгилейт. Мында, инвестициялоонун ар бир активи/объектиси үчүн мудариб менен инвестор ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт; 

2) чектелбеген (жалпы) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб инвестор тарабынан сунушталган каражатты өз каалоосу боюнча пайдаланууга укуктуу; 

3) ачык мудараба келишими, бул келишимдин шарттарына ылайык инвестор мөөнөтүнөн мурда (алгачкы эле суроо-талабы боюнча) мударибден ал сунуштаган акча каражатты алууга укуктуу. Мындай учурда банк (эгерде ал мудариб катары чыгып жатса) инвесторго акыркы толук мезгилдеги (ай, жыл) пайданы толук төлөп берет. 

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишиминин башка түрлөрү да каралышы мүмкүн.  

 

738-3-берене. Акча каражатты пайдалануудагы чектөөлөр  

 

Мудараба келишими боюнча акча каражат Шарияттын стандарттарына ылайык келген иштин түрлөрүнө гана инвестицияланышы мүмкүн.  

Чектелген (атайы) мудараба келишими боюнча инвестор келишимдин шарттарына акча каражатты башка максатка пайдаланууга, акча каражатты үчүнчү жактарга кандай болбосун тике же кыйыр формада жайгаштырууга тыюу салууну киргизүүгө тийиш. 

 

738-4-берене. Инвестордун мудараба келишими боюнча укуктары  

жана милдеттери 

 

1. Мудараба келишими боюнча инвестор келишим шарттарына ылайык жүргүзүүгө, келишимде белгиленген мөөнөттөрдө акча каражатты мударибге берүүгө, ал берген акча каражаттын пайдаланылышын жана келишимдин башка шарттарынын аткарылышын контролдоого, келишимде белгиленген мөөнөттөрдө пайданы алууга укуктуу.  

2. Мудараба келишиминин шарттары аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, инвестор келишим боюнча берген, анын ичинде мударибдин камсыздоосунун эсебинен берилген сумманы мөөнөтүнөн мурда төлөөнү мударибден талап кылууга укуктуу. Мудараба келишиминде инвестордун башка укуктары да каралышы мүмкүн. 

Инвестор келишимди аткаруу боюнча мударибдин күндөлүк ишине кийлигишүүгө укугу жок. 

 

738-5-берене. Мудараба келишими боюнча мударибдин укуктары  

жана милдеттери 

 

1. Мудараба келишими боюнча мудариб инвесторго керектүү баардык зарыл отчетторду жана башка маалыматтарды берет, Шариат стандарттарынын зарыл талаптарын жана мудараба келишиминин шарттарын аткаруу максатында ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатын толук контролдоого милдеттүү жана инвестордон алынган, ошондой эле келишимди аткаруу процессинде алынуучу акча каражатты (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзөт.  

2. Мудариб инвестордон алынган акча каражатты мудараба келишиминде каралган максаттарга гана жумшоого укуктуу.  

3. Мудариб инвестордон алган капиталды пайда алуу максатында башкарууга жана мудараба келишимине ылайык акы алууга укуктуу.  

 

738-6-берене. Мудараба келишими боюнча милдеттенмелерди  

камсыздоо ыкмасы  

 

Инвестор мударибден алган акча каражатты камсыздоосу катары күрөөнүн, кепилдиктин, гарантиянын жана камсыздоонун башка түрүнүн берилишин талап кылууга, ошондой эле мударибдин мыйзамсыз иш-аракетинен, калпыстыкка жол беришинен жана келишимдин шарттарын бузушунун кесепетинен тарткан чыгымдарын күрөөнүн эсебинен жабууга укуктуу.  

 

738-7-берене. Пайданы жана чыгымдарды бөлүштүрүү  

 

1. Мудараба келишиминин алкагында алынуучу пайда мудараба келишиминде каралган тартипте, алынган пайданын пайызына үлүштүк катышта бөлүштүрүлөт. 

2. Эгер мудариб келишимин аткарууда чыгым болсо, анда инвестор мударибге берген акча каражаттын суммасынын өлчөмүндө чыгым тартат, мудариб болсо мындай учурда өзүнүн эмгеги үчүн акы албайт. Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн бул эрежеси, эгерде чыгымга мудариб күнөөлүү болбосо колдонулат.  

3. Чыгым мударибдин күнөөсү боюнча же анын мыйзамсыз иш-аракетинин/аракетсиздигинин кесепетинен болсо, инвестордун чыгымы мударибдин эсебинен жабылат. Мындай учурда инвестор мудараба келишими боюнча берген акча каражатын мударибдин камсыздоосунун эсебинен, ал камсыздоо жетишсиз болсо мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу. 

738-8-берене. Мудараба келишимин токтотууга тыюу салуу  

 

Мудариб келишимди аткарууга киришкен болсо жана ишкердиктин жүрүшүндө каражаттарды пайдаланып жатса, ошондой эле келишим мөөнөтү бүтө элек болсо, мудараба келишимин бир тараптуу негизде токтотууга болбойт. 

 

2-параграф. Мурабаха келишими 

 

738-9-берене. Мурабаха келишиминин жалпы шарттары 

 

1. Мурабаха келишими боюнча банк же тийиштүү лицензиясы бар банктык эмес башка финансылык-кредиттик уюм кардардын өтүнмөсү боюнча алдырылган товарды кардарга бөлүп төлөө шартында сатууга милдеттенет.  

2. Мурабаха келишиминин предметин кардарга мурабаха келишими боюнча сатууда банк мурабаха келишиминин предметине карата менчик укугуна ээ болууга тийиш. 

3. Мурабаха келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. 

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мурабаха келишимине карата милдеттүү шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.  

 

738-10-берене. Менчик укугунун өтүшү  

 

1. Эгерде мурабаха келишиминин шарттарында башкасы белгиленбесе, мурабаха келишиминин предметине менчик укугу кардарга ал мурабаха келишиминин предметинин баасын толук төлөгөндөн кийин өтөт.  

2. Банк сатуу-сатып алуу келишимин өз алдынча да, агент аркылуу да түзүшү мүмкүн. Банк агент катары кардарды дайындашы мүмкүн, ал банктын атынан жана эсебинен иш жүргүзөт. Агентти дайындоодо банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү сактоого тийиш. 

 

738-11- берене. Мурабаха келишими боюнча түзүлүүчү бүтүмдөр  

 

1. Мурабаха келишими боюнча мурабаха келишиминин предметин сатып алуу боюнча баардык бүтүмдөр банктын атынан түзүлөт. 

2. Банк төмөнкүлөр менен мурабаха келишими боюнча бүтүм түзүүгө укугу жок: 

1) мөөнөтүндө төлөнбөгөн, баалуу металлдарга (алтын, күмүш ж.б.) жана чет өлкө валютасына байланыштуу милдеттенмелер боюнча; 

2) активдердин камсыздоосу болуп дебитордук карыз деп эсептелген жүгүртүүдөгү капитал менен; 

3) бүтүмдү кайра каржылоо учурунда.  

3. Эгерде кардар төлөөнү келишимде белгиленген мөөнөттөн кечиктирсе, банк мурабаха келишиминин предметин сатууга укуктуу. 

Мурабаха келишиминин предметин саткан учурда банк кардардан алынган төлөөлөрдүн ордун кардарга төлөп берет.  

4. Эгерде мурабаха келишиминин предмети күрөө менен камсыздалган болсо, банк карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле күрөөнү кардардын макулдугу менен сатууга укуктуу. 

5. Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишимине катышууга же шарика/мушарака келишиминде тараптардын биринин башка тараптын катышуусун (үлүшүн) мубараха бүтүмүнүн жардамы менен накталай акчага же мөөнөтү кийинкиге жылдырылган милдеттенменин эсебинен сатып алуу караштырылган бүтүмгө катышууга тыюу салынат. 

 

738-12-берене.  Мурабаха келишиминин камсыздоосу 

 

1. Мурабаха келишими боюнча милдеттенмелердин кардар тарабынан тийиштүү түрдө аткарылышын камсыздоо максатында банк кардардан акча каражатты же камсыздоонун башка түрүн күрөөгө коюу жөнүндө келишим түзүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде келишимде башкача каралбаса, банк күрөө катары өткөрүп берилген акчалай сумманы инвестициялашы мүмкүн эмес.  

Күрөө катары өткөрүп берилген акчалай сумма мурабаха келишимине ылайык мурабаха келишиминин предметин төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн.  

2. Кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмесин аткаргандан кийин банк күрөөнү кайра берүүгө милдеттүү.  

3. Банк келишимдин предметин ташууда же сактоодо анын бузулушуна, жок кылынышына же жоголгонуна байланыштуу баардык тобокелдерди өзүнө алат жана алардын орду күрөөнүн эсебинен жабылууга тийиш эмес.  

 

738-13-берене. Мурабаха келишиминин предмети боюнча жоопкерчилик  

 

1.  Эгер мыйзамда же мурабаха келишиминин предметин банктын атынан сатып алуу тууралуу келишимде башкача белгиленбесе, товар кардардын менчигине өткөндөн кийин мурабаха келишиминин предметиндеги кандайдыр бир кемчиликтер үчүн банк жоопкерчилик тартпайт.  

2.  Мурабаха келишими күчүнө киргенден кийин кардар мурабаха келишиминин предметин сатып алуудан баш тартса, банк мурабаха келишиминин предметин сатып алууга байланышкан, сатылган товар менен орду жабылбаган чыгымды төлөө милдетин, мунун ичинде кардар берген камсыздоонун эсебинен төлөө милдетин кардарга жүктөө менен мурабаха келишиминин предметин үчүнчү жакка сатууга укуктуу.  

 

738-14-берене. Мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы 

 

1. Мурабаха келишиминин предметин кардарга сатуунун баасы предметти алган баанын суммасы жана мурабаха келишиминин тараптары макулдашкан банктын үстөк баасы катары аныкталат.  

2. Банктын үстөк баасына мурабаха келишиминин предметин сатып алууга, анын ичинде ташып жеткирүүгө, үчүнчү жакка мыйзамдуу төлөөгө байланыштуу банктын чыгымдары, ошондой эле милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр кошулат. Мурабаха келишиминин предмети камсыздандырылган учурда камсыздандыруу боюнча чыгымдар да банктын үстөк баасына кошулат.  

Банктын үстөк баасына анын өз кызматкерлерине эмгек акы боюнча чыгымдары жана мурабаха келишиминин предметин сатууга байланыштуу чыгымдары кошулбайт.  

3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа төмөнкүдөй түрдө белгиленет: 

- туруктуу белгиленген, бир жолу төлөнүүүчү сумма; 

- мурабаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү.  

4. Мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасын келечекте белгилүү болуучу кандайдыр бир күмөндөр көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилбейт. Мурабаха келишимин түзүү учурунда сатуучу баасын жана үстөктү кардарга алдын ала белгилүү болгон көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убакыттын факторлоруна жараша болушу мүмкүн эмес. 

 

 

 

738-15-берене. Эсептешүүнүн тартиби 

 

1. Мурабаха келишиминин предмети үчүн банктын төлөмдөрү кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде такай төлөмдөр менен ишке ашырылышы мүмкүн. Мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин кардар төлөө мөөнөтүн кечиктиргени же төлөө мөөнөтүн узарткандыгы үчүн банк андан кошумча төлөөнү талап кылууга укугу жок.  

2. Банк кардардан мурабаха келишими боюнча төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдүн эсебине кошулуучу авансты төгүүнү талап кылууга укуктуу.  

3. Эгерде кардар бөлүп-бөлүп төлөө шартында сатылган мурабаха келишиминин предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, анда ага бышмананы төлөө милдети жүктөлүшү мүмкүн. Бышмананын өлчөмү жана аны төлөө тартиби келишимде аныкталат. 

Бышмана катары алынган сумма банктын кирешеси катары эсепке алынбайт жана аны банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарына жумшайт.  

4. Эгерде кардар мурабаха келишими боюнча сатып алган товар үчүн кезектеги төлөмдү негизсиз кечиктирсе, банк төлөө мөөнөттөрү жөнүндө кардарга алдын ала билдирүү менен кардардан мурабаха келишиминин предмети үчүн акыны мөөнөтүнөн мурда толук төлөөнү талап кылууга укуктуу.  

5. Эгерде кардар кезектеги төлөмдү ишке ашырбаса, ошондой эле эгерде кардар мурабаха келишиминин предмети үчүн толук акыны мөөнөтүнөн мурда төлөбөсө, банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

- товарды үчүнчү жактарга сатып жана эгерде мурабаха келишиминин предметинин баасынын айрым бөлүгү мурда төлөнгөн болсо, алардан алынган акча каражатты ошол төлөмдүн эсебинде кардарга кайра берүүгө;  

- мурабаха келишиминин предметине акы толук көлөмдө төлөнгөнгө чейин кардардын ошол товарга менчик укугун тариздебөөгө

 

3-параграф. Өнөктөштүк жөнүндө келишим (шарика келишими) 

 

738-16-берене. Шарика келишиминин (өнөктөштүк жөнүндө келишимдин) жалпы жоболору 

 

1. Шарика келишими эки же андан көп тараптардын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим. Ал келишим менен ар бир өнөк тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш жүргүзүүгө укук берет, ал эми чыгымдарды ар бир өнөктөш компаниянын жалпы капиталына кошкон салымына ылайык тартат.  

2. Алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн шарика келишиминин катышуучулары (өнөктөр) өздөрүнүн активдерин бириктирүүгө жана юридикалык жакты уюштуруу менен да, аны уюштурбастан да иш жүргүзүүгө укуктуу. Юридикалык жак уюшулган учурда мындай уюм оператордук функцияга жана процессти тескөө функциясына ээ болушу мүмкүн. Өнөктөштөр оператордук жана процесстерди тескөө функцияларын өнөктөштөрдүн бирине тапшырууга укуктуу. Мындай учурда юридикалык жак түзүлбөйт. 

 

738-17-берене. Шарика келишимин түзүүгө карата талаптар  

 

1. Шарика келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Эгерде шарика келишиминин негизинде юридикалык жак түзүлсө, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.  

2. Эгерде өнөктөштүк ишти жүргүзүү максатында тараптар беришкен финансылык каражаттар же мүлк жол берилген булактардан алынса, банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм (мындан ары банк) өнөктөш болууга укуктуу. Эгерде шарика келишиминде юридикалык жакты түзүү каралса, анда алар ишин жүргүзүүдө Шариаттын эрежелерин жана принциптерин сактоого тийиш.  

3. Эгерде тиешелүү лицензиясы жок банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм шарика келишиминин тарабы болсо, аларга карата Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.  

 

738-18-берене. Капиталды куроо 

 

1. Өнөктөштөр шарика келишиминин шарттарына ылайык жалпы капиталга өз салымдарын кошушат.  

2. Өнөктөштөр жалпы капиталга салым катары акча каражаттарын да, башка материалдык жана материалдык эмес активдерин да салууга укуктуу. Оператордук функцияны жана процесстерди башкаруу боюнча функцияны аткарууга байланыштуу сарптоолор жана жумшалган эмгек да салым катары эсепке алынышы мүмкүн. 

3. Эгерде жалпы капиталга материалдык активдер (товарлар) салынса, анда мындай активдердин наркы көз каранды эмес эксперттер тарабынан аныкталууга тийиш.  

4. Капиталга кошумча катары салынган башка активдерден ажырагыс болгондон башка учурларда карыздык милдеттенмелерди (дебитордук карыздарды) капиталга кошумча катары салууга жол берилбейт. Мында таза активдердин наркы көз каранды эмес аудиторлор тарабынан ырасталууга тийиш.  

5. Шарика келишиминин алкагында юридикалык жакты түзгөндө ар бир өнөктөштүн келишимдин алкагында жана компаниянын кызыкчылыгында иштөө милдети, ошондой эле Шариаттын эрежелерин жана принциптерин так сактоо милдеттенмеси каралууга тийиш.  

 

738-19-берене. Пайданы жана чыгымды бөлүштүрүү 

 

1. Шарика келишиминде алынган пайданы тараптардын ортосунда ар бир өнөктөштүн өнөктөштүк капиталга кошкон салымына пропорциялуу үлүш түрүндө бөлүштүрүүнүн тартиби каралууга тийиш. Пайда туруктуу аныкталган акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес. Ар бир өнөктөш капиталга салган үлүшүнө жараша чыгым тартат.  

2. Пайда компаниянын ишинен күтүлгөн пайданы эске албастан, иш жүзүндөгү натыйжага жараша бөлүштүрүлүүгө тийиш.  

3. Тараптар шарика келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын тескөө боюнча кызматты аткаруу түрүндө салым кошкон же кандайдыр бир башка түрдө өз кызмат аткарган, мисалы, бухгалтердик эсеп жагында ишти аткарган өнөктөшкө туруктуу акыны караштырышы мүмкүн. Мында шарика келишиминин тараптары андай өнөктөшкө анын өнөктөштүк капиталдагы өзүнүн үлүшүнө ылайык алчусуна караганда пайданын көбүрөөк бөлүгүн белгилеши мүмкүн.  

4. Шарика келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын пайдасынан пайдадагы үлүш катары бир жолку сумманы алууга же капиталынан пайыз алууга жол берилбейт.  

5. Өнөктөштөр каражаттардын бир бөлүгүн кайсыл бир тарапка аванс катары бөлүштүрүүгө укуктуу, ал жыйынтыктап эсептешүүдө эске алынууга тийиш. Эгерде берилген аванстын өлчөмү пайданын тиешелүү үлүшүнөн жогору болуп калса, мындай сумманы алган тарап айырманын ордун төлөп берүүгө милдеттүү

6. Эгерде шарика келишиминин предмети ижарага (лизингге) берүү үчүн сатып алынган активдер болсо, же келишимдин предмети кызмат көрсөтүүлөр болсо, мындай бүтүмдөрдөн алынган сумма жыл сайын өнөктөштөр ортосунда аванс катары бөлүштүрүлөт жана жөнгө салынып, шарика келишиминин мөөнөтүнүн акырында орду толукталууга тийиш.  

7. Тараптар алынган бүткүл пайданы же анын бир бөлүгүн бөлүштүрбөөгө жана мындай сумманы төлөөгө жөндөмдүүлүктүн резервине же капиталдын жоготууларынын ордун жабуу үчүн резервге (инвестициялык тобокелдин резервине) коюуга, ошондой эле кайрымдуулук иштер катары жумшоого укуктуу.  

8. Шарика келишимине пайданы бөлүштүрүү принцибин бузууга алып келүүчү шартты киргизүүгө тыюу салынат.  

9. Өнөктөштүк мөөнөтү аяктаганда же ал жоюлганда компаниянын колдо болгон бүткүл активдерин сатуудан түшкөн пайда шарика келишиминин негизинде, рыноктук наркы боюнча биротоло бөлүштүрүлүшү мүмкүн.  

 

738-20-берене. Өнөктөштүктөгү үлүштүн өзгөрүүсү  

 

1. Өнөктөштөр шарика келишиминде бөлүштүрүү күнүнө карата пайданы бөлүштүрүүдөгү өнөктөштөрдүн үлүшүнүн өзгөрүүсүн же өнөктөштүн пайданы бөлүштүрүү күнү ага тиешелүү пайданын бөлүгүн башка өнөктөштүн пайдасына өткөрүп берүү укугун караштырууга укуктуу. 

2. Банк башка өнөктөштөрдүн чыгымын өз ыктыяры менен өзүнө алууга укуксуз. Бирок чыгым келип чыккан учурда башка өнөктөштүн жоопкерчиликти алдын ала шарт коюусуз эле өз ыктыяры менен аны өзүнө алуу укугу шарика келишиминде каралышы мүмкүн.  

3. Өнөктөштөр шарика келишиминде пайданын туруктуу же туруксуздугунан көз карандысыз бөлүштүрүүнүн ыкмасын пайдалануу тууралуу жобону караштырууга укуктуу. Пайданы бөлүштүрүүнүн кандай болбосун ыкмасын колдонуу, пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна же катышуучунун пайдага катышуудан четтетилишине алып келбөөгө тийиш. Мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон пайданы бөлүштүрүүнүн кандай болбосун шарты же методу жараксыз болуп саналат.  

4. Келишимдин катышуучуларынын аманаттар үлүшүнүн өзгөрүүсү, ар бир өнөктөшкө карата алардын өнөктөштөр капиталына кошкон салымынын өзгөрүүсүн эске алуу менен жүктөлгөн пайданы бөлүштүрүүнүн жана чыгымдар өлчөмүнүн коэффициентинин өзгөрүүсүнө алып келет.  

 

738-21-берене. Өнөктөштөрдүн шарика келишими боюнча жоопкерчилиги  

 

1. Эгерде өнөктөштөр/өнөктөш тарабынан укуксуз аракеттерге, шалаакылыкка, көңүл коштук мамилеге же келишимдерди бузууга жол берилген болсо, орун алган чыгымдардын ордун жабуу үчүн камсыздоону берүү боюнча өнөктөштөрдүн жоопкерчилиги шарика келишиминде каралууга тийиш. 

2. Эгерде айрым же бардык өнөктөштөр тарткан чыгымдардын ордун толтуруунун кепилдиги үчүнчү тарап жагынан сунушталса, анда мындай кепилдик төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) кепил катары иш алып барган үчүнчү тараптын укукка жөндөмдүүлүгү жана финансылык милдеттенмеси, шарика келишиминен көз карандысыз болууга тийиш; 

2) кепилдик белгилүү бир компенсация үчүн берилиши мүмкүн эмес жана шарика келишими менен байланыштуу болушу мүмкүн эмес; 

3) кепил катары чыгуучу үчүнчү тарапка ал кепилдик берген компаниядагы капиталдын суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү тиешелүү болууга тийиш эмес; 

4) кепилдикке ээ болгон компанияга мындай кепилдикти берген компаниянын капиталындагы сумманын тең жарымынан көбүрөөгү тиешелүү болууга тийиш эмес; 

5) үчүнчү тарап жагынан анын пайдасына кепилдик берилген өнөктөш, эгерде кепил кепилдиктин шарттарын аткарбаса, келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укуксуз.  

 

738-22-берене. Шарика келишиминин колдонулуу мөөнөтү.  

Түзүлгөн юридикалык жактын ишин токтотуу. 

 

1.  Тараптар шарика келишимин белгилүү бир мөөнөткө, ошондой эле мөөнөтүн көрсөтүүсүз эле түзүшү мүмкүн, же болбосо келишимди токтотуу үчүн негиз катары алып салуучу шарттарды (шарика келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналган шарттар) белгилеши ыктымал. 

Шарика келишими ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөктөштөр тарабынан түзүлгөн юридикалык жак жоюлган учурда да токтотулат.  

2.  Ар бир өнөктөш шарика келишиминин шарттарында өнөктөштүктөн чыгууга укуктуу. Эгерде калган өнөктөштөрдүн саны эки же андан көптү түзсө, бир өнөктөштүн чыгышы калган өнөктөштөрдүн өнөктөштүгүнүн токтотулушуна алып келбейт. 

3.  Эгерде шарика келишими белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн болсо, келишимдин өнөктөштөрү тараптардын макулдашуусу боюнча өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу. Бардык мындай учурларда өнөктөштөрдүн милдеттенмелери жана иш-аракеттери келишимди токтотконго чейин ишке ашырылып, өзгөрүүсүз калуу менен андан ары улантылат.  

4.  Шарика келишиминин негизинде уюшулган юридикалык жак шарика келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө же тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда өз ишин токтотот.  

5.  Өнөктөштөр тарабынан уюштурулган юридикалык жак жоюлган учурда, тараптар юридикалык жакты жоюунун жүрүшүндө сакталып калган активдердин негизинде жаңы шарика келишимин түзүүгө укуктуу.  

6.  Эгерде жоюу шарика келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу болсо, анда бардык активдер рыноктук баада сатылат, ал эми андан алынган кирешелер төмөнкү максаттарга жумшалат: 

1)  жоюуга кеткен чыгымдардын ордун жабууга; 

2)  финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөлөргө

3)  калган активдерди алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө ылайык өнөктөштөр ортосунда бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар бардык салынган капиталын кайтарып ала албаса, активдер алардын жалпы капиталындагы үлүшүнө жараша пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.  

 

4-параграф. Мушарака келишими 

 

738-23-берене. Мушарака келишими боюнча жалпы жоболор  

 

1.  Мушарака келишими бул шарика келишиминин негизиндеги өнөктөштүк формасы, анда өнөктөштөрдүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн, ошол үлүшкө менчик укугу ага толук өткөнгө чейин бара-бара сатып алууга сөз берет.  

2.  Мушарака келишими, ошондой эле ошол үлүштү сатып алуу жөнүндө келишими, шарика келишиминде мындай келишимдерди түзүү каралган же каралбагандыгына карабастан түзүлөт. Аталган келишимдердин бири башка келишимди түзүү шартында түзүлүшүнө жол берилбейт.  

3.  Мушарака келишимине каалаган тарапка өнөктөштүк капиталынан өз үлүшүн кайтарып алуу укугун берген кандайдыр бир жобону киргизүүгө тыюу салынат.  

4.  Мушарака келишими боюнча мамилелерге карата ушул главанын 3-параграфында каралган эрежелер колдонулат.  

 

5-параграф. Иджара келишими 

 

738-24-берене. Иджара келишими боюнча жалпы жоболор 

 

1.  Иджара келишими бул ижарага берүүчүнүн жабдууну же башка мүлктү менчикке атайылап сатып алуусу жана аны ижарачыга макулдашылган мөөнөткө, акы төлөө негизинде түзүлгөн иджара келишимине (сатып алуусуз) же иджара мунтахийя биттамлик келишимине (сатып алуу менен) ылайык сатып алуу укугу менен же ансыз эле пайдаланууга берүүсүнө тиешелүү келишим.  

2.  Эгерде тиешелүү лицензияга ээ банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм иджара келишиминин тарабы болсо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга карата кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.  

3.  Ушул параграфтын жоболору иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата да колдонулат.  

 

738-25-берене. Иджара келишиминин предмети 

 

1.  Каалаган кыймылдуу же кыймылсыз мүлк иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн. 

2.  Иджара келишиминин предмети ал сакталып турган шартта пайдаланылууга тийиш, ал эми иджара келишимин аткаруудан алынган пайда мыйзамдарга жана Шариат талаптарына ылайык келүүсү зарыл.  

3.  Иджара келишиминин предметинен болуп, ошол ижарачы ижара берүүчүнүн өнөктөшүбү же жокпу ага көз карандысыз, ижарачы менен бирге ээлик кылып турган айрым активдердеги үлүш ижара предметинен болушу мүмкүн. Бул учурда ижарачы ижарага алган үлүштөн ижарага берүүчү колдонгон ыкмада эле, тактап айтканда убакытты бөлүштүрүү же менчиктин кайсы бир бөлүгүн аныктоо аркылуу пайда көрүшү мүмкүн.  

 

738-26-берене. Иджара келишиминин тараптары 

 

1.  Ижарачы, ижарага берүүчү жана сатуучу иджара келишиминин тараптары болушат.  

2.  Иджара келишимине ылайык келишим предметин белгиленген мөөнөткө белгилүү бир төлөм үчүн белгилүү бир шарттарда ээлик кылуу жана пайдалануусуна кабыл алууга милдеттүү болгон жеке адам же юридикалык жак ижарачы болушу мүмкүн.  

Өздүк жана/же карыздык каражаттардын эсебинен мүлктү менчигине сатып алып, аны иджара келишиминин предмети катары белгилүү бир төлөм алдында, белгилүү бир мөөнөткө келишим предметине менчик укугунун ижарага өтүшү менен же ансыз эле белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга өткөрүп берген жеке адам же юридикалык жак (анын ичинде тиешелүү лицензияга ээ банк же банктык эмес финансы-кредиттик уюм) ижарага берүүчү болушу мүмкүн. 

Сатуучу ижарага берүүчү менен түзүлүп жаткан сатуу-сатып алуу келишимине ылайык, иджара предметинен болгон мүлктү белгиленген мөөнөттө саткан жеке адам же юридикалык жак. Сатуучу бир иджара келишиминин чегинде бир эле учурда ижарачы катары да иштеши мүмкүн.  

3. Иджара келишими белгилүү бир жак үчүн кандайдыр бир мезгил аралыгын аныктабастан, ар бир ижарачынын укугуна доо кетирбестен, кайсыл бир мүлккө жана ижара мезгилине карата бирдей эле пайда алуу укугуна ээ бир нече ижарачы менен түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда ар бир ижарачы ижарачылар ортосунда каралган эрежелерге ылайык, ага бөлүп берилген мезгил ичинде мүлктөн пайдага ээ болушу мүмкүн.  

4. Ижарага берүүчү ижарачынын өтүнмөсүнө ылайык спецификациялоодо баяндалган мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн. Ижарачы спецификациялоого жооп бербеген мүлктөн баш тартууга укуктуу. 

 

738-27-берене. Иджара келишимин түзүү тартиби 

 

1. Иджара келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

2. Иджара келишими боюнча мүлк келишим түзүлгөндөн кийин өткөрүлүп берилет.  

3. Ижарачы өз милдеттенмелерин мүлктү ижарага алуу убадасын аткаруунун кепилдиги катары тараптардын макулдашуусу боюнча белгилүү бир сумманы ижарачыга сунуштайт. Ижарачынын макулдашуусунун негизинде ижарага берүүчү акча каражаттарынын ошол суммасын ижарачы менен ижара берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн мудабара келишиминин негизинде инвестициялоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.  

 

738-28-берене. Иджара келишими боюнча тараптардын жоопкерчилиги 

 

1.  Иджара келишими боюнча башкасы каралбаса, ижарага берүүчү тарабынан ижарачынын өтүнмөсү боюнча сатылып алынган мүлктүн кандай болбосун кемчиликтери үчүн жоопкерчилик ижара берүүчүгө жүктөлөт.  

2.  Ижарачы анын иш-аракеттеринин натыйжасында же ижара келишими боюнча болжолдонгон пайдага таасир эткен, анын контролдугуна жатпаган кандайдыр бир жагдайлардын натыйжасында ижарага алынган мүлктүн абалынын начарлагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.  

3.  Эгерде ижарага алуу учурунда ижарачынын укуксуз аракеттеринин натыйжасында, ижарага берилген мүлктөн алынуучу пайда толугу менен же анын бир бөлүгү азайса, анда ижарачы ижарага берүүчү алууга тийиш болгон пайданы алууга бөгөт койгон тоскоолдуктарды четтетүүгө милдеттүү. Бул учурда ижара мөөнөтү ижарачы ошол мезгил ичинде ижарага алган мүлктөн пайда ала албай калган мөөнөткө узартылат. Ал эми ижарачы пайда ала албаган мөөнөт аралыгында ижарадан баш тартууга тийиш эмес.  

4.  Иджара келишиминде башкача каралбаса, ижарага берүүчү негизги техникалык тейлөөнү жүзөгө ашырат, ал эми ижарачы мүлккө карата учурдагы же мезгил-мезгили менен (кадимки) техникалык тейлөөнү ишке ашырат.  

5.  Ижарачы өзүнүн күнөөсү боюнча мүлккө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.  

 

738-29-берене. Иджара келишим предметин камсыздандыруу 

 

1.  Иджара келишим предмети камсыздандырылууга тийиш.  

2.  Мүлктү камсыздандырууну ижарага берүүчү ишке ашырат. Камсыздандырууга кеткен чыгашалар ижара төлөмдөрүнө кошулат.  

738-30-берене. Иджара келишиминин олуттуу шарттары 

 

Иджара келишиминин олуттуу шарттарынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) аталышы, ошондой эле идентификациялоо үчүн жетиштүү болгон иджара предметинин сүрөттөлүшү

2) иджара келишиминин предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө байланыштуу тараптардын укуктары жана милдеттери; 

3) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү

4) иджара келишиминин предметин жана сатуучуну тандоону жүзөгө ашырган тараптын көрсөтмөлөрү

5) башка шарттар. 

 

738-31-берене. Иджара келишими боюнча эсептешүүлөр (төлөмдөр)  

 

1.  Иджара келишими боюнча ижара төлөмү милдеттүү болуп саналат жана ижарага берүүчүнүн ижара төлөмүн алуу укугу, ижарачы иджара келишиминин предметин ижарага алуудан пайда ала баштаган учурдан тартып же ижарага берүүчү иджара келишиминин предметинен пайда алуу укугу менен ижарачыны камсыз кылган учурдан тартып башталат.  

2.  Ижара төлөмү кандайдыр бир өзгөрүүлөргө дуушар болсо, иджара келишиминин колдонулган алгачкы мезгилине ижара төлөмүнүн суммасын караштыруу зарыл. Салыштыруунун белгилүү бир базасына ылайык кийинки мезгилдерге ижара төлөмүн аныктоого жол берилет. Салыштыруу үчүн мындай базанын негизинде калган мезгилдерге ижара төлөмүнүн өлчөмү үчүн аныктоочу фактордон болуп саналуучу так тартип камтылууга тийиш.  

3.  Эгерде ижарага берүүчү иджара келишиминде каралган мөөнөттө мүлктү ижарачыга сунуштабаса, келишим күчүнө кирген күн менен, мүлк ижарачыга иш жүзүндө өткөрүлүп берилген күндүн ортосундагы мезгил үчүн ижара төлөмү төлөнүп берилбейт. Эгерде тараптар иджара келишиминин мөөнөтү бүткөн баштапкы күндөн кийин мүлктү бербеген мезгилге эквиваленттүү болгон мезгилге узартуу тууралуу макулдашышпаса, демек ижара төлөмү кыскартылат. 

4.  Ижара төлөмү акча каражаттары натуралай (товар менен) же кандайдыр бир артыкчылыктар (кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн.  

Ижара төлөмү иджара келишими колдонулган мөөнөттү камтыган бир жолку төлөм катары же келишим колдонулган белгилүү бир мезгил үчүн бөлүп төлөө түрүндө белгиленет жана алдын ала төлөө катары толук төлөнүшү же иджара келишими колдонулган мезгилге барабар, андан ашкан же ага жетпеген мезгил ичинде бөлүп төлөө менен ишке ашырылат. Ижара төлөмү тараптардын макулдашуусу боюнча катталган же өзгөрүлмө сумма болушу мүмкүн.  

5.  Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара төлөмүнүн кандайдыр бир бөлүгү ижарага берүүчүгө төлөнүшү, ал эми башка бөлүгү ижарага берүүчү тарабынан бекитилген, негизги техникалык тейлөө наркы, камсыздандыруу ж.б. сыяктуу чыгашалардын ордун жабууга багытталышы мүмкүн.  

6.  Тараптар ижаранын келерки мезгилине ижарачы ижарадан кандайдыр бир пайда ала элек мезгилге ижара төлөм өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу.  

7.  Буга чейин кайсыл бир мөөнөттөр үчүн төлөнбөгөн ижара төлөмү карыз болуп саналат, аны ижарачы ижарага берүүчүгө төлөп берүүгө тийиш. Карыздын өлчөмү көбөйтүлбөйт.  

8.  Эгерде ижарачы сунуштаган кепилдик камсыздоону алуу укугунан ажырап калса, ижарачы мындай суммадан, алар үчүн ижарачы ижарага алган менчиктен пайда ала элек мезгил келип жетпеген төлөөлөрдү, милдеттенмелерди кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрдүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгилдер үчүн ижара төлөмү катары ага төлөнүүгө тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп алып коёт. Ижарага берүүчү кепилдик камсыздоонун суммасынан ижарачы келишимди бузууга жол бергендиги үчүн төлөөгө тийиш болгон бардык мыйзамдуу компенсацияларды да эсептеп алып салышы мүмкүн. 

9.  Ижарага берүүчү төлөө мөөнөттөрү жөнүндө ижарачыга алдын ала маалымдалган шартта, кезектеги ижара төлөмдөрү негизсиз кечиктирилген учурда ижара төлөмүн мөөнөтүнөн мурда төлөөнү кардардан талап кылууга укуктуу. Бирок бул ижара төлөм өлчөмүн көбөйтүү үчүн негиз болушу мүмкүн эмес. 

10. Иджара келишиминде келишим боюнча төлөмдү негизсиз кечиктиргендиги үчүн ижарачыга финансылык санкциялардын белгилениши каралышы мүмкүн.  

Төлөнгөн финансылык санкциялар киреше катары ижарага берүүчүнүн эсебине чегерилиши мүмкүн эмес, алар кайрымдуулук максаттарына жумшалууга тийиш. 

 

738-32-берене. Иджара келишимин токтотуу жана анын натыйжалары 

 

1. Иджара келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрү бузулган же токтотулган учурда; 

3) ижарага берилген менчик жараксыз абалга келтирилсе; 

4) келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча; 

5) мүлк ижарачыга сатылган учурда. 

2. Ижарага берүүчү ижарага берилген мүлктү иджара келишими түзүлгөндүгү тууралуу билдирүү менен үчүнчү жакка сата алат. Мында, келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер жаңы менчик ээсине өтөт. 

3. Ижара предмети жараксыз абалга келтирилгендиги жана аны андан ары пайдаланууга болбой тургандыгына байланыштуу иджара келишими токтотулганда ижара төлөмү төлөнүп берилбейт. 

4. Пландаштырылып жаткан кирешенин азаюусуна алып келген мүлктүн жарым-жартылай жараксыз абалга келтирилген учурда ижарачы иджара келишимин токтотууга же ижарага берүүчүнүн макулдугу боюнча ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу. Мында пайда алынбаган мөөнөт үчүн төлөм кармалбайт. 

5. Эгерде ижарачы ижарага алынган мүлктү пайдаланууну токтотсо же анын ээсине макулдугусуз кайтарып берсе, анда ижара төлөмү иджара келишиминин калган аракеттенүү мөөнөтү үчүн мүлк ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш бойдон калат, ал эми ижарага берүүчү келишим колдонулган ошол мезгил аралыгына ал мүлктү башка ижарачыга өткөрүп бере албаса да, мүлктү жаңы ижарачынын карамагында сактоого тийиш. 

6. Менчик укугунун өтүшү үчүн негиз болуп иджара келишиминде же төмөнкүдөй убадалар камтылган башка документте бул тууралуу көрсөтүү саналат: 

1) макулдашылган баага же ижара төлөмүнүн калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө же болбосо ижарага берилген мүлктүн рыноктук наркын төлөө аркылуу сатуу; 

2) себептерин көрсөтүүсүз эле аны белекке берүү

3) калган төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүү

7. Менчик укугун өткөрүп берүүгө милдеттенүү ижарага берүүчү үчүн милдеттүү болуп саналат, мында өзүнчө эки тараптуу келишим түзүлбөйт. 

8. Менчик укугун өткөрүп берүү белекке берүү же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат, ал иджара келишиминен жана берилген милдеттенүүдөн өзүнчө түзүлөт.  

9. Аткарылышы кийинкиге калтырылган шартта келишим түзүлсө, шарттарды аткаруу боюнча менчикке укуктун өтүшүнө жаңы келишим түзүлбөйт.  

10. Эгерде иджара келишиминин ишке ашырылышы учурунда жок эле дегенде бир төлөм төлөнбөй калса, же мөөнөттөрүн бузуу менен төлөнсө, анда мүлккө карата менчик укугу өткөрүлбөй калышы мүмкүн.  

 

6-параграф. Кард хасан келишими 

 

738-33-берене. Жалпы жоболор 

 

1. Кард хасан келишими боюнча бир тарап (зайым берүүчү) экинчи бир тарапка (зайымчыга) акча каражаттарын кайтарымдуулук шарттарында жана ал үчүн төлөм өндүрүүсүз эле карызга берет. Мында, акча каражаттарын кабыл алган тарап акча каражаттарын экинчи бир тараптын биричи эле талап кылуусу боюнча кайтарып берүүнү гарантиялайт.  

2. Кард хасан келишими боюнча акча каражаттарын тартууга, же кандайдыр бир төлөм өндүрүүсүз эле, кайтарымдуулук шарттарында ссудаларды берүүгө болот.  

 

738-34-берене. Кард хасан келишимин түзүү тартиби 

 

1. Кард хасан келишими жазуу формасында түзүлөт. 

2. Кард хасан келишиминин өзөктүү шарттары төмөнкүлөр: 

- берилүүчү сумманын өлчөмү

- келишимдин колдонулуу мөөнөтү, кайтаруу күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери

3. Эгерде кард хасан келишиминде тиешелүү лицензиясы бар банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм тараптардын бири катары катышкан болсо, анда келишимде банктын күндөлүк эсепти жүргүзүү боюнча кызматы үчүн төлөмдүн суммасы да көрсөтүлүүгө тийиш. 

 

7-параграф. Истиснаа жана параллель истиснаа келишими 

 

738-35-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа келишиминин жалпы жоболору 

 

1. Истиснаа келишими боюнча өндүрүүчү тарабынан даярдалган же курулуш подрядчиктери тарабынан тапшырыктын (долбоордун) негизинде курулган мүлк буга чейин сүйлөшүлгөн баада, тиешелүү иштер аткарылып бүткөндөн кийин өткөрүлүп берилүүгө тийиш.  

2. Тапшырыкчынын талабына ылайык өзгөчө мүнөзгө ээ болгон жана өндүрүүчү шарттуу өзгөчөлүктөр боюнча аткарууга макул болгон жана өндүрүүчү тапшырыкты макулдашылган баада сатууга макул болгон шартта, жаңы товарды же курулманы даярдоо истиснаа келишиминин предмети болуп саналат.  

3. Параллель истиснаа келишими эки өзүнчө келишимдин негизинде колдонулат, аларга ылайык бир эле жак, биринчи учурда берүүчү катары катышып, тапшырыкчы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзсө, экинчи учурда сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи келишимдин алкагында ал тапшырыкчыга карата анын алдындагы конкреттүү милдеттенмелерди аткаруу үчүн даярдоочу курулуш подрядчиги менен башка келишимди түзөт.  

 

738-36-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа 

 

1. Тапшырыкчы/сатып алуучу, берүүчү жана өндүрүүчү (курулуш уюму) истиснаа жана параллель истиснаа келишиминин тараптары болуп саналышат. 

2. Каалаган юридикалык жак же жеке адам тарап катары катыша алат. 

 

738-37-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа бүтүмдөрүн түзүүгө карата талаптар 

 

1. Истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери жазуу жүзүндө түзүлөт. 

2. Истиснаа жана параллель истиснаа тапшырыкчынын табыштамасынын негизинде түзүлөт. Сунуштоочу, берилген финансылык документтердин негизинде, мүлккө тапшырыкчынын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү ишке ашырууга милдеттүү

3. Истиснаа келишиминде келишим түзгөн тараптын келишим предметин экинчи тарап болуп саналган тапшырыкчыга кийинчерээк сатуу үчүн менчигине сатып алуусу каралууга тийиш.  

Сатуучунун толук ээлигине өткөнгө чейин истиснаа келишиминин предметин тапшырыкчыга сатууга жол берилбейт. Истиснаа келишиминин тараптары мүлктү сатып алуу үчүн анын агенти катары катышууга тапшырыкчынын табыштамасынын негизинде ыйгарым укук бере алат. Мында агенттик келишим истиснаа келишиминен өзүнчө түзүлөт.  

4. Истиснаа келишиминде келишим предметинин баасы, күнү жана жеткирүү ыкмалары, колдонулган ресурстар (эгерде келишимде башкасы каралбаган болсо, менчик же келишимди түзгөнгө чейинки башка жактар тарабынан өндүрүлгөн товарларды же өздүк товарларды тартуу менен), ошондой эле башка шарттар көрсөтүлүүгө тийиш. 

5. Истиснаа келишими түзүлгөндөн кийин тараптардын макулдашуулары боюнча өндүрүш же курулуш үчүн буга чейин макулдашылган спецификациялоолорго өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле баасы тиешелүүлүгүнө жараша оңдолуп жана жаңы талаптардын аткарылышы үчүн тиешелүү убакыт бериле тургандай шартта кошумча талаптарды киргизүүгө жол берилет.  

 

738-38-берене. Истиснаа келишиминин баасы жана эсептешүү тартиби 

 

1. Истиснаа келишими түзүлгөнгө чейин баасын аныктоо боюнча бардык сунуштар каралат.  

Истиснаа келишиминин предметинин баасы келишим түзүлгөн учурга карата аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.  

2. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр төлөө мөөнөтүн узартуунун негизинде же келишимде каралган мөөнөт ичинде бөлүп-бөлүп төлөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн же болбосо келишим предметин жеткирип берүү этап менен ишке ашырыла турган болсо, анда сумманын бир бөлүгү дароо төлөнүп берилүүгө тийиш, ал эми калган бөлүгү жеткирип берүүнүн же иштердин аткарылышынын этабына ылайык бөлүп-бөлүп төлөө аркылуу төлөнүп берилет.  

3. Төлөө мөөнөтүн жылдыргандыгы үчүн акы алууга тыюу салынат. Алдын ала төлөм үчүн келишимде каралбаган болсо да, жеңилдетүүлөргө жол берилет. 

4. Истиснаа келишиминин предметин сатуу боюнча чыгашаларды тапшырыкчы мойнуна алат.  

 

738-39-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа келишимдеринин 

өзгөчөлүктөрү 

 

1. Өндүрүүчү банкротко учураган шартта, сатып алуучу сарпталган материалдардын наркынын бөлүгүн аларга төлөп берген шартта, бүткөрүлө элек өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот.  

2. Истиснаа келишиминде өндүрүүчү келишим предмети болуп саналган курулмалардын кандай болбосун кемчилигине же техникалык тейлөөлөрдү ишке ашыруусуна жоопкерчиликтүү болгон мөөнөт белгилениши мүмкүн.  

3. Эгерде кыймылсыз мүлк объектилерин куруу - истиснаа келишиминин предмети болуп саналса, анда тараптар түпкү сатып алуучуга же подрядчыга таандык болушу мүмкүн болгон объект курула турган жер тилкесин аныктоолору тийиш. 

4. Тапшырыкчыга таандык болгон жерге имараттарды же коммуналдык курулмаларды куруу учурунда, эгерде ал келишимди аткарбаса же ишти белгиленген мөөнөттө бүткөрүп бере албаса, истиснаа келишими өндүрүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат жана бул жобо өндүрүүчү ишти токтоткон учурдан баштап күчүнө кирет. 

5. Эгерде иш тапшыруучу өз милдеттенмесин аткарууну уланта албай турган болсо, тапшырыкчы (жер ээси) бүткөрүлбөгөн курулушту же даяр болуп калган коммуналдык курулманы подрядчыга ордун толтуруп бербей туруп, менчикке алууга укуксуз.  

Эгерде келишим талаптары подрядчынын күнөөсү боюнча аткарылбаган болсо, анда тапшырыкчы курулган курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана курулуш иштерин тапшыруучу түпкү сатып алуучуга ал дуушар болгон иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын компенсациялоого тийиш. 

Эгерде келишимдин аткарылбашы тапшырыкчынын укук чегинен тышкаркы аракеттеринен улам орун алса, подрядчы бүткөрүлгөн иштин наркына барабар сумманы жана башка чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу. 

Эгерде келишимдин аткарылбагандыгына тараптардын биринин да тиешеси жок болсо, анда акыркы сатып алуучу тургузулган, курулуп жаткан курулмага гана укуктуу жана тараптардын бири да башка тараптын айынан келип чыккан чыгымдардын жана зыяндардын компенсацияланышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

6. Мыйзамдарга истиснаа келишиминин предметинин наркынын көбөйүүсүнө алып келе турган өзгөртүүлөр кирген шартта, кошумча сарптоолорду тапшырыкчы тартат. 

7. Истиснаа келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча чыгашалар, эгерде бул келишимде башкача каралбаса, тапшырыкчыга жүктөлөт.  

8. Эгерде истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучуга, же ал тарабынан дайындалган адамга берилсе жана ал келишим предметине толук контролду ишке ашырууга жөндөмдүү болсо, анда өндүрүүчү милдеттенмеден бошотулат.  

9. Банк же башка финансы-кредиттик уюм катышкан истиснаа жана параллель истиснаа бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилениши мүмкүн.  

 

738-40-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа келишиминин  

предметин өткөрүп берүү жана кабыл алуу шарттары 

 

1. Истиснаа келишими боюнча мүлк мөөнөтүндө даярдалып бүтүүгө жана келишимде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Даярдалган жана жеткирилип берилген мүлк даярдоочу тарабынан өткөрүлүп берилүүгө тийиш, ал эми тапшырыкчы аны кабыл алууга милдеттүү.  

Эгерде истиснаа келишиминин предметинин абалы келишимде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбесе, анда тапшырыкчы аны кабыл алуудан баш тартууга же аны кабыл алууга укуктуу, бул баасынын өзгөрүү ыктымалдуулугу менен истиснаа келишими канааттандырарлык аткарылды дегенди билдирет.  

2. Тапшырыкчы негизсиз түрдө баш тарткан шартта, даярдалган мүлк өндүрүүчүнүн ээлигинде калат жана бул учурда өндүрүүчү чыгымдарга жана истиснаа келишиминин предмети дуушар болушу мүмкүн болгон зыян келтирүүлөргө, эгерде мындай чыгымдар жана зыян тартуулар өндүрүүчүнүн шалаакылыгынын же укуксуз аракеттеринин натыйжасында келип чыкпаса, жоопкерчиликтүү болбойт. Тапшырыкчы истиснаа келишиминин предметинин сакталышы боюнча чыгымдарды өз мойнуна алат.  

3. Истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучунун ээлигине өткөрүлүп берилгенден тартып, аны жеткирүү ишке ашырылды деп саналат. Истиснаа келишиминин предмети сатып алуучуга берилген учурдан тартып, сатып алуучу өндүрүүчүнүн шалаакылыгын же укуксуз аракеттерин далилдөөсүз, ар кандай чыгашаларга же келишим предмети дуушар болгон зыян тартууларга жоопкерчилик тартат.  

 

8-параграф. Кепилдик жөнүндө келишим 

 

738-41-берене. Кепилдик жөнүндө келишимдин жалпы жоболору 

 

1. Кепилдик жөнүндө келишим боюнча (милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө бүтүмдөр) бир тарап башка бир тарап алдында үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча кепил болот. Милдеттенмелердин аткарылышы бир эле учурда бир нече ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн.  

3. Кынтыксыз абройго ээ жана төлөөгө жөндөмдүүлүгү эч кандай шектенүүлөрдү жаратпаган каалаган жеке адам же юридикалык жак кепил боло алат.  

Банк же банктык эмес финансы-кредиттик уюм (мындан ары - банк) кардардын негизги карыздын суммасындагы финансылык милдеттенмелери боюнча анын негизги карызды банкка компенсациялоо шартында, кепилдиктерди сунуштоого укуктуу. Банк тендерге катышууга кепилдиктерди берүүгө укуктуу.  

 

738-42-берене. Кепилдик жөнүндө келишимдин түзүлүшүнө карата талаптар 

 

1. Кепилдик жөнүндө келишим кат жүзүндө түзүлөт жана мыйзамдарда каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

2. Кепилдик жөнүндө келишимде анын колдонулуу мөөнөтү, кепилдик бериле турган сумма белгиленет. 

3. Кепилдик жөнүндө келишимдин жараксыздыгы, негизги милдеттенменин жараксыздыгына алып келет. Негизги милдеттенменин жараксыздыгы, кепилдик жөнүндө келишимдин жараксыздыгына алып келет. 

 

738-43-берене. Кепилдик жөнүндө келишимдин шарттары 

 

1. Кепил кардардын негизги карыздын суммасындагы финансылык милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди, анын негизги карызды банкка компенсациялап берүү шартында берет.  

2. Насыя берүүчү карызкор сыяктуу эле, кепилден да карыздын суммасын талап кылууга укуктуу. Эгерде насыя берүүчү карызкорду карызды төлөөдөн бошотсо, анда кепил да карызды төлөө боюнча милдеттенмеден бошотулат.  

Кепилди финансылык жоопкерчиликтен бошотуу, карызкордун карызды төлөөдөн бошотулушуна алып келбейт. 

3. Кепил тарабынан карыздын орду жабылганда, карызкор ага төлөнгөн сумманы гана компенсациялап берет. 

 

738-44-берене. Кепилдик жөнүндө келишим боюнча чектөөлөр 

 

1. Мудараба же мушарака келишиминин катышуучусу болуп саналган банктын чет өлкө валюталарынын курсунун өзгөрүүсүн кепилдөөгө укугу жок.  

2. Пайыздык насыяларды алуу же тыюу салынган бүтүмдөрдү түзүү үчүн пайдалана турган арыз ээсинин пайдасына кепилдик каттарды берүүгө уруксат берилбейт.  

3. Үчүнчү тарапка (мударибди же инвестициялык агентти кошпогондо) кепилдик мудараба финансылык контракты же инвестициялык агенттиктин контракты менен эч кандай байланышы болбогон шартта, милдеттенме берилген тараптын жоготууларын компенсациялашы тууралуу волонтердук милдеттенме алууга уруксат берилет.  

 

738-45-берене. Милдеттенмелерди аткаруудан бошотуу 

 

Тараптын биринин кайсы бир бүтүм боюнча кепилдик бербегендиги, экинчи бир тарапты анын алдындагы өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотот.  

 

738-46-берене. Күрөөлүк мүлк гарантиянын ыкмасы катары 

 

1. Күрөөлүк мүлк милдеттенмелердин аткарылышынын гарантиясы болуп саналат. Күрөөгө коюучунун ээлигинде турган же күрөөгө коюучу аны пайдалануу укугуна ээ болгон мүлк, күрөө боло алат. Мүлктү күрөөгө коюуда күрөө жөнүндө тиешелүү келишим түзүлөт. Күрөө жөнүндө келишим шарттары, күрөөгө коюлган актив кредитордун ээлигинде болбосо да, күрөө коюучу үчүн милдеттүү болуп саналат.  

2. Күрөө жөнүндө келишимде насыя берүүчүнүн күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган суммадан зарыл сумманы сотко кайрылуусуз эле алуусу үчүн (эгерде карызгер карызын төлөй албаса же аны төлөөдөн баш тартса) күрөөгө коюлган мүлктү сатууга укугу каралышы мүмкүн. 

3. Күрөө жөнүндө келишимди бир тараптуу токтотууга жол берилбейт. Күрөөгө коюучунун же Күрөө кармоочунун каза болушу же жоюлушу, күрөө келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.  

4. Бир эле мүлк бир нече жолу күрөө катары сунушталышы мүмкүн, мында кийинки күрөө кармоочуга буга чейин күрөөгө коюлгандыгы тууралуу тиешелүү негизде маалымдалууга тийиш.  

 

738-47-берене. Күрөөгө коюлган мүлктү карыздын ордун жабуу  

максатында сатуу 

 

1. Күрөө предмети карызгер карызды төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда сатып өткөрүлүшү мүмкүн. 

2. Күрөө коюучу карызгердин карызын төлөө аркылуу күрөөгө коюлган мүлктү өзүнө кайтарып алуу укугуна ээ. 

3. Күрөө коюучу (карызгер) күрөөгө коюлган мүлктүн документтерге, сакталышы жана сатылышына байланыштуу бардык сарптоолордун төлөнүшүнө толук жоопкерчилик тартат. 

4. Сатуучу сатып алуучудан калган төлөмдөрдүн бөлүп-бөлүп төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн күрөө катары сатылган мүлктү сактоо укугун ала алат. Сатып алуучуга бир жолку төлөмдүн негизинде сатылган мүлк үчүн төлөнмөйүнчө, аны өз ээлигинде калтырууга да уруксат берилет.  

5. Насыя берүүчүүрөө кармоочу) бөлүп-бөлүп төлөөгө макул болгон учурларды эске албаганда, толук төлөнүп бүткөнгө чейин күрөөгө алуу укугуна ээ. Насыя берүүчү карыз төлөнүп бүткөндөн кийин, эгерде бул келишимде каралбаса, башка камсыздалбаган карыздарды камсыздоо катары күрөөнү кармап турууга укуктуу эмес.  

6. Күрөө коюучуга күрөө кармоочунун уруксаты менен күрөөгө коюлган мүлктү пайдаланып турууга уруксат берилет.  

 

 

738-48-берене. Кепилдик бергендиги үчүн төлөм  

 

1. Кепилдик жөнүндө келишимде төлөмдү өндүрүү каралышы мүмкүн. Кепилдик катты бергендиги үчүн комиссиялык жыйымдар, ушундай эле кызматтар үчүн алынуучу жыйымдардан ашпоого тийиш. 

2. Документтүү аккредитивди бергендиги үчүн чыгашалар кардар тарабынан төлөнөт. Банк да көрсөтүлгөн кызматтары үчүн акы алышы мүмкүн. 

3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кепилдиктердин берилишине карата кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.  

 

9-параграф. Салам келишими 

 

738-49-берене. Салам келишими боюнча жалпы жоболор 

 

1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте, шартталган мөөнөттө экинчи бир тарапка товар берүүгө, ал эми сатып алуучу келишим түзүлгөн учурда бул товарга төлөөгө жана аны келечекте кабыл алууга милдеттенет. Бул бүтүмдө баа, капитал катары каралат. 

2. Параллель салам келишими бул, өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу катары катышып, буйрутмачы менен товарды жеткирип берүү жана келишимге кол коюлган учурда төлөмдү жүзөгө ашыруу менен белгилүү бир товарды сатып алуу жөнүндө келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн ошол эле товарды, ошондой эле санда жана күнү, экинчи келишимге кол коюлган учурда товардын наркын төлөп берген башка буйрутмачыга сата алат.  

3. Ушул параграфтын жобосу параллель салам келишимине карата да колдонулат.  

 

738-50-берене. Салам келишиминин предмети 

 

1.  Чет өлкө валюталарын, баалуу металлдарды (алтын, күмүш ж.б.) эске албаганда, салмактап көрүүгө, өлчөөгө же саноого боло турган товарлар жана башка мүлк, салам келишиминин предмети боло алышат. 

2. Товарлар кандайдыр бир аныкталбагандыкты четке каккан мүнөздөмөлөргө ээ болууга тийиш, алардын талапка ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик сатуучуга жүктөлөт 

3. Товарлар кабыл алынган тажрыйбага жана эксперттердин корутундуларына ылайык, конкреттүү аныкталууга тийиш. 

4. Келишим түзүлүп жаткан учурда товарлар колдо болууга тийиш.  

5. Карызды салам келишими боюнча капитал катары колдонууга жол берилбейт. 

 

738-51-берене. Салам келишимин түзүүгө карата талаптар 

 

1. Салам келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

2. Салам келишими боюнча бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн алдын-ала келишимдер түзүлүшү мүмкүн, алардын алкагында колдонуудагы мөөнөттөрүн көрсөтүү менен өзүнчө келишимдер түзүлөт. 

3. Алдын-ала түзүлгөн келишимдерде келишим чектери жана тараптардын товарларды сатып алуу жана сатуу боюнча ниеттери , ошондой эле товарлардын саны жана спецификациялары, аларды жеткирүү ыкмалары, баасын аныктоо үчүн негиздер жана төлөө жолдору, милдеттенмелердин (кепилдиктердин) аткарылышын камсыз кылуу ыкмалары жана башка шарттар аныкталат.  

 

738-52-берене. Салам келишими боюнча төлөө 

 

1. Товарга төлөө салам келишими түзүлгөн учурда токтоосуз төлөнөт. Өзгөчө учурларда, төлөө үч күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырылышы мүмкүн. Төлөө мөөнөтүнүн жылдырылышы, кечиктирип төлөө мезгили белгилүү бир өзгөчө белгилери менен товарларды жеткирүү мезгилине барабар болбогон же андан ашпаган шартта, салам келишиминин аткарылышына таасирин тийгизүүгө тийиш эмес.  

2. Салам келишими боюнча товардын баасын төлөөнүн ордуна аны өзгөчө белгилери аныкталган башка товарга алмаштырууга жол берилет. Бул учурда, алмаштырылуучу товардын сортун, түрүн, өзгөчөлүгүн жана санын аныктап алуу зарыл.  

 

738-53-берене. Салам келишими боюнча берүүлөр 

 

1. Салам келишиминде берүүнүн мөөнөтү, ыкмасы жана жери аныкталат. 

2. Сатуучу келишим шарттарына ылайык, товардын сүйлөшүлгөн өзгөчөлүктөрүнө жараша жана сүйлөшүлгөн санда, белгиленген күнү сатып алуучуга жеткирип берүүгө милдеттүү. Сатып алуучу, экинчи тараптан, келишимде каралган талаптарга жооп берсе, товарды кабыл алууга тийиш.  

3. Товарлар тараптардын макулдугу боюнча мөөнөтүнөн эрте жеткирилиши мүмкүн. 

4. Эгерде сатуучу, келишимде талап кылынгандагыдан кыйла жогорку сапаттагы товарды сунуштаса жана сапаттуулугу үчүн жогорураак бааны талап кылбаса, анда, сатып алуучу товарды кабыл алууга тийиш. Бул, келишимде каралган, товардын сүрөттөлүшү (кыйла төмөнкү сапаттык өзгөчөлүктөрү менен) маанилүү шарт болуп саналбаган учурда гана колдонулат.  

5. Эгерде, жеткирилип берилген товарлардын сапаты келишимди спецификацияларга ылайык талаптагыдан төмөнүрөөк болсо, анда сатып алуучунун бул абалдагы товардан баш тартууга же кабыл алууга укугу бар. Товар кабыл алынган учурда, тараптар бул товарларды арзандатылган баада кабыл алуу тууралуу макулдашып алышса болот.  

 

738-54-берене. Салам келишимин өзгөртүү жана токтотуу 

 

1. Эгерде сатуучу өз милдеттенмесин аткара албай же белгиленген күнү сатуучунун колунда товарлардын бардыгы же жарымы жок болуп калса, анда сатып алуучу төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) товарды алуу мөөнөтүн жылдырууга жана товар жеткирүү үчүн башка күндү белгилөөгө

2) салам келишимин бузууга жана төлөнгөн каражаттарды жана үстөк акыны өндүрүүгө. Үстөк акы боюнча суммалар сатып алуучунун кирешеси катары чегерилбейт жана кайрымдуулук максаттарына багытталууга тийиш.  

2. Тараптар товарларды башка товарларга алмаштыруу боюнча макулдашууга укуктуу. 

 

738-55-берене. Салам келишими боюнча чектөөлөр 

 

1. Салам келишимине товарларды жеткирүүнү кечиктиргендиги үчүн финансылык санкциялар каралган эскертүүлөрдү кошууга жол берилбейт. 

2. Сатуучу биринчи салам келишиминде каралган спецификациядагы товарларды биринчи келишим боюнча өз милдеттенмесин аткаруу максатында сатып алуу жана бул товарларды жеткирип берүү үчүн үчүнчү жак менен өзүнчө келишим түзүүгө укуктуу. 

3. Сатып алуучу, салам келишиминин негизинде сатылып алынган товарларды, сүрөттөлүшү биринчи салам келишиминин жардамы менен сатуу болжолдонуп жаткан товарлардын сүрөттөлүштөрүнө дал келген товарларды сатуу максатында, үчүнчү жак менен өзүнчө параллель салам келишимин түзүүгө укуктуу. 

4. Тараптарга ушул берененин 2-жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн милдеттенмелерди салам Келишими боюнча өз милдеттенмелерине байланыштырууга жол берилбейт.  

Эки келишим боюнча милдеттенмелер жана укуктар өзүнчө болууга тийиш. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, экинчи тараптын (жабырлануучу тараптын) бул зыян тартууларды жана чыгымдарды биринчи тарап параллель салам келишимин түзгөн тарап менен байланыштырууга укугу жок.  

5. Салам келишиминен улам келип чыккан карыздык милдеттенмелер боюнча облигацияларды чыгарууга тыюу салынат. 

 

10-параграф . Ишенимдүү (вади'айад амана) жана  

кепилдик сактоо (вади'айад дамана) келишимдери 

 

738-56-берене. Ишенимдүү сактоо келишими 

 

1. Ишенимдүү сактоо келишиминде бир тарап (сактоочу) ага башка тарап (кардар) тарабынан берилген акча каражаттарын же башка баалуулуктарды сактоого, бул баалуулуктарды колдонбой туруп, кардардын алар боюнча тапшырууларын аткарууга милдеттенет. 

2. Ишенимдүү сактоо келишими акы төлөнүүчү болуп саналат. 

3. Тиешелүү лицензияга ээ банк же башка финансы-насыялык уюму ишенимдүү сактоо келишиминин негизинде, акча каражаттарын же баалуулуктарды банктык сейфтерде сактоо боюнча кызматтарды көрсөтөт.  

 

738-57-берене. Кепилдик сактоо келишими  

 

1. Тиешелүү лицензияга ээ банк же башка финансы-насыялык уюму (мындан ары-банк) кепилдик сактоо келишими боюнча, кардардан акча каражаттарын кабыл алат жана аларды пайда табуу максаттарында пайдаланат.  

2. Кепилдик сактоо келишими боюнча кызматтар банк тарабынан аманаттар боюнча эсептерди ачуу жана аларды тейлөө аркылуу көрсөтүлөт.  

3. Кепилдик сактоо келишими боюнча тартылган каражаттарды жайгаштыруудан алынган пайдадан, банк өз кароосуна жараша кардарга сый акы (хиба) төлөп бере алат. 

4. Банк кардарга таандык болгон сый акыларды төлөө тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин белгилөөгө укуктуу. 

5. Банк кардарга акчалай сыяктуу эле, мыйзамда тыюу салынбаган башка формада сый акы төлөп берүүгө укуктуу.». 

 

6) 36-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

“36-глава 

Банк аманаты 

 

749-статья. Банк аманаты түшүнүгү 

 

1.  Банк аманаты (депозит) бул, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан банктарда же банктык эмес финансы-насыя уюмдарында (мындан ары банк) улуттук валютада же чет өлкө валютасында жайгаштырылган акча каражаттары, алар кирешени кайсыл бир мөөнөттө же талап кылууга чейин же болбосо келишимде каралган жагдай (окуя) келип чыкканга (же тескерисинче, келип чыкпаганга) чейин сактоо жана алуу максатында жайгаштырылат.  

2. Банк аманаты келишимин түзүүдө банк аманатчыга анын акча каражаттарын эсепке кошуу (чегерүү) үчүн банк эсебин ачууга тийиш.  

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аманаттар менен иштөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды чыгарат.  

 

750-статья. Акча каражаттарын аманаттарга тартуу укугу 

 

1.  Аманаттарды тартуу укугу Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде иштөөчү жана банктардагы аманаттарын коргоо системасына катышуучу банктарга, ошондой эле Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алышкан банктык эмес башка финансы-насыя уюмдарына (мындан ары - банк) гана тиешелүү. Банктар аманаттардын сакталышын жана аманатчылар алдында өз милдеттеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылышат.  

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-абзацында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу жактарга кирбеген, кайсы болбосун башка юридикалык жактар жана жеке адамдар үзгүлтүксүз негизде, анын ичинде мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында ачык жарыялоо түрүндө акча каражаттарын тартууга укуктары жок.  

Бул тыюу салууну бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.  

2.  Аманаттарга акча каражаттарын тартуу банктык аманат келишими менен таризделет. 

3.  Ыйгарым укугу жок жак тарабынан же белгиленген тартипти бузуу менен аманатчыдан аманат кабыл алынган учурда, аманатчы анын суммасын, ошондой эле ушул Кодекстин 360-статьясында каралган, ага карата пайыздарды токтоосуз төлөп берүүнү жана пайыздардын суммасынан тышкары, аманатчыга келтирилген бардык чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кыла алат. Эгерде мындай жак тарабынан аманатчынын акча каражаттары банктык аманат келишиминин шарттарында кабыл алынган болсо, анда мындай келишим жараксыз болуп саналат.  

4. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, ушул статьянын 3-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкү учурларда да колдонулат: 

1) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын векселдер же аманат ээлеринин биринчи талабы боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка баалуу кагаздар үчүн тартуу жана ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарды жүзөгө ашыруу;  

2) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарылган катары таанылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды аларга сатуу аркылуу тартуу. 

 

751-статья. Банк аманаты келишими 

 

1. Банк аманаты (депозит) келишими боюнча аманатчыдан түшкөн же ал үчүн келип түшкөн акчалай сумманы (аманатты) кабыл алган банк, аманатчыга ушундай сумманы жана ага карата пайыздарды же башкача түрдөгү кирешени келишимде каралган шарттарда жана тартипте төлөп берүүгө милдеттенет.  

Банк аманаты келишими аманат суммасы банкка келип түшкөн күндөн тартып түзүлгөн катары эсептелинет. 

2. Банк аманаты келишими ачык келишим катары таанылат. 

 

752-статья. Банк аманаты келишиминин формасы 

 

1. Банк аманаты келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. 

Эгерде аманаттын салынгандыгы аманат китепчеси, сактоо же депозиттик тастыктамалар менен же болбосо банк тарабынан аманатчыга Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ушу сыяктуу документтер үчүн каралган талаптарына жооп берген документтер менен тастыкталса, банк аманаты келишиминин жазуу жүзүндөгү формасы сакталган катары таанылат. 

2. Банк аманаты келишиминин жазуу жүзүндөгү формасынын сакталбагандыгы, бул келишимдин анык эмес деп таанылышына алып келет. Мындай келишим жараксыз болуп саналат. 

 

753-статья. Аманаттардын түрлөрү 

 

1.  Банк аманаты келишими төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: 

1) талап боюнча төлөнүүчү банк аманаты келишими; 

2) мөөнөттүү банк аманаты келишими; 

3) шарттуу банк аманаты келишими. 

2.  Талап боюнча төлөнүүчү банк аманаты (депозит) келишими деп, банк аманатчынын биринчи талабы боюнча аманатты (депозитти) кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишимди түшүнүүгө болот.  

Аманатчынын биринчи талабы боюнча аманатты алуу укугунан баш тартуу жөнүндө келишимдин шарты анык эмес катары каралат. 

3.  Мөөнөттүү банк аманаты (депозит) келишими деп, банк келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин аманатты (депозитти) кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт. 

4. Шарттуу банк аманаты келишими деп, банк түзүлгөн келишимде аныкталган жагдайлар (окуялар) келип чыкканда (же келип чыкпаганда) аманатты кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт.  

 

753-1-статья Жашы жете электердин аманаттары 

 

1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жетпегендер, ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, асырап алуучуларынын жана камкорчуларынын макулдугусуз эле банктарга аманаттарды салып, аларды пайдаланууга укуктуу.  

2. Жеткинчектердин жана жашы жете электердин атына аманаттар (үчүнчү жактын пайдасындагы аманат) салынышы мүмкүн.  

3. Жеткинчектердин жана он төрт жашка чейинки жашы жете электердин атына салынган аманат, анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан тескөөгө алынат.  

4. Жеткинчектердин жана жашы жете электердин атына аманаттарды салуу тартиби, ошондой эле мындай аманаттардын укуктук статусу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 

 

754-статья. Аманаттар боюнча пайыздар 

 

1.  Банк аманатчыга банк аманаты келишиминде аныкталган өлчөмдө аманаттын суммасына пайыздарды төлөп берет. 

2.  Банк, эгерде банк аманаты келишиминде башкасы каралбаса, талап боюнча төлөнүүчү аманаттарга карата пайыздардын өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу. 

Банк тарабынан пайыздардын өлчөмү азайтылган учурда, пайыздардын жаңы өлчөмү аманатчыларга пайыздардын азайганы тууралуу билдирилгенге чейин салынган аманаттарга карата, эгерде келишимде башкасы каралбаса, тиешелүү билдирүү учурунан отуз күн өткөндөн кийин колдонулат.  

3.  Банк аманаты келишиминде аныкталган, белгилүү бир мөөнөт бүткөндөн кийин же келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда берилүүгө тийиш болгон шарттарда салынган аманат боюнча пайыздардын өлчөмү, банк тарабынан бир тараптуу азайтылбайт.  

 

754-1-статья. Аманат боюнча пайыздарды чегерүү жана төлөө тартиби 

 

1.  Банк аманаты суммасына пайыздар аманат банкка келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып, аны аманатчыга кайтарылган күндөн мурдагы күнгө чейин же болбосо башка негиздер боюнча аманатчынын эсебинен алып салынган күнгө чейин чегерилет.  

2.  Банк аманаты суммасына пайыздар аманатчыга анын талап кылуусу боюнча ар бир ай же квартал бүткөндөн кийин төлөнүп берилет, ал эми бул мөөнөттө талап кылынбаган пайыздар, эгерде банктык аманат келишиминде башкасы каралбаса, пайыз чегериле турган аманаттын суммасын көбөйтөт. 

Аманатты кайтарып берүүдө бардык чегерилген жана ошол учурга карата төлөнө элек пайыздар төлөнүп берилет. 

 

755-статья. Аманаттын кайтарылып берилишин камсыз кылуу 

 

1. Банк аманаттын сакталышын жана анын аманатчыга өз убагында кайтарылып берилишин камсыз кылат. Банк аманатты банктык аманат келишиминин шарттарына ылайык кайтарып берүүгө милдеттүү. Аманатты биринчи талап кылуу боюнча алуу укугунан баш тартуу тууралуу келишим шарты жараксыз.  

2. Кайсы түрдө болбосун банктык аманат келишими боюнча, банк аманаттын суммасын же анын бөлүгүн аманатчыга биринчи талап кылуусу боюнча берүүгө милдеттүү, мында келишимде каралган башка шарттарда кайтарылып берилүүчү (шарттуу аманат) аманат эске алынбайт.  

Мөөнөттүү аманат аманатчынын талабы боюнча мөөнөтү бүткөнгө чейин кайтарылып берилсе, анда аманат суммасы аманатчы кайрылган күндөн кийинки 48 саат ичинде банк тарабынан берилет жана ал боюнча пайыздар, эгерде келишимде башкасы каралбаса, банк тарабынан төлөнүүчү аманаттар боюнча пайыздардын өлчөмүнө ылайык келген өлчөмдө төлөнүп берилет.  

3. Аманатчы мөөнөттүү аманаттын суммасын, же болбосо кайтарып берүүнүн башка шарттарында келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда салынган аманат суммасын мөөнөтү бүткөндөн кийин кайтарып берүүнү талап кылбаса, анда келишим, эгерде башкасы каралбаса, талап боюнча төлөнүүчү аманаттын ошол күнгө карата колдонулуп жаткан шарттарында узартылган болуп саналат.  

4. Банк кабыл алган аманаттардын кайтарылып берилишин камсыз кылуу үчүн колдонууга милдеттүү болгон каражаттар жана ыкмалар Кыргыз Республикасынын Банктык кодекси жана келишим менен аныкталат.  

5. Банк аманаты келишимин түзүү учурунда, банк аманатчыга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аманаттын кайтарылып берилиши камсыз кылына тургандыгы тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү

 

756-статья. Үчүнчү жактар тарабынан аманатчынын эсебине 

акча каражаттарынын салынышы 

 

Эгерде банк аманаты келишиминде башкасы каралбаса, аманат боюнча эсепке аманатчынын атына үчүнчү жактардан анын аманат боюнча эсеби жөнүндө зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен банкка келип түшкөн акча каражаттары чегерилет. Мында, аманатчы аманат боюнча эсеби жөнүндө зарыл маалыматтарды берүү менен мындай жактардан акча каражаттарын алууга макул экендигин билдирүүсү талап кылынат.  

 

757-статья. Үчүнчү жактын пайдасына салынган аманат 

 

1. Аманат банкка белгилүү бир үчүнчү жактын атына салынышы мүмкүн. Мындай жак аманатчынын укугуна, ушул укуктардын негизинде банкка биринчи талабын койгон, же болбосо банк аманаты келишиминде башкасы каралбаса, мына ушундай укуктардан пайдалануу ниетин башкача ыкмада билдирген учурдан тартып ээ болот.  

Пайдасына аманат салынып жаткан жарандын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышын көрсөтүү тиешелүү банк аманаты келишиминин маанилүү шарты болуп саналат. 

Келишим түзүлгөн учурда каза болгон жарандын, же болбосо ошол учурда иштебеген юридикалык жактын пайдасына түзүлгөн банк аманаты келишими жараксыз болуп саналат.  

2. Атына аманат салынган үчүнчү жак, эгерде банк аманаты келишиминде башкасы каралбаса, анын эсебине акча келип түшкөн учурдан тартып аманатчынын укугуна ээ болот.  

3. Атына аманат салынган үчүнчү жак андан баш тарткан учурларда, үчүнчү жактын атына банк аманаты келишимин түзгөн жак, аманатты кайра берүүнү же өз атына которууну талап кыла алат.  

 

758-статья. Аманат китепчеси 

 

1. Банк аманатчынын талап кылуусу боюнча ага энчилүү аманат китепчесин берүүгө милдеттүү

2. Аманат боюнча эсепке акча каражаттарын салуу жана эсеп боюнча андан кийинки аракеттер аманат китепчеси менен тастыкталат. Аманат китепчесинде көрсөтүлгөн маалыматтар банк менен аманатчынын ортосундагы аманат боюнча эсептешүүлөр үчүн негиз болуп саналат.  

3. Аманат китепчесинде банк тарабынан банктын жана анын тиешелүү филиалынын аталышы жана жайгашкан орду, аманат боюнча эсебинин номери, ошондой эле эсепке чегерилген акча каражаттарынын бардык суммасы, эсептен алынып салынган акча каражаттарынын бардык суммалары жана банкка аманат китепчесин көрсөтүү учурунда эсептеги акча каражаттарынын калдыктары көрсөтүлүүгө жана ырасталууга тийиш.  

4. Аманатты берүү, ал боюнча пайыздарды төлөө жана аманатчынын эсептен акча каражаттарын башка жактардын эсебине которуу жөнүндө буйруктарын аткаруу, аманат китепчеси көрсөтүлгөндөн кийин банк тарабынан жүзөгө ашырылат.  

5. Эгерде энчилүү аманат китепчеси жоголуп кетсе же көрсөтүү үчүн жараксыз болуп калса, банк аманатчынын өтүнүчү боюнча ага жаңы аманат китепчесин берет. 

 

759-статья. Аманат (депозит) тастыктамасы 

 

1. Аманат (депозит) тастыктамасы банкка салынган аманат суммасын жана аманатчынын (тастыктамага ээлик кылуучунун) белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин тастыктамада шартталган пайыздарды тастыктама берген банктан же анын кайсы болбосун филиалынан алуу укугун ырастаган баалуу кагаз болуп саналат.  

2. Аманат (депозит) тастыктамалары энчилүү болуп саналат. 

3. Аманат (депозит) тастыктаманын мөөнөтүнөн мурда көрсөткөн учурда, банк тарабынан аманат суммасы жана эгерде, тастыктама шарттарында пайыздардын башка өлчөмү белгиленбесе, талап боюнча төлөнүүчү аманаттар боюнча пайыздар төлөнүп берилет.”. 

 

13) 37-главада: 

 

- 760-статьянын 1-бөлүгүндөгү “банк же башка кредиттик мекеме (мындан ары - банк)” деген сөздөр “белгиленген тартипте берилген лицензияга ылайык ушундай укук берилген банк” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 762-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде” деген сөздөр “банктык мыйзамдарда” деген сөздөргө алмаштырылсын

- 763статьянын 1-бөлүгүндөгү “мыйзамда, ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөргө алмаштырылсын;  

- 764-статьядагы “мыйзамда, аларга ылайык чыгарылган банк эрежелеринде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөргө алмаштырылсын

- 773статья күчүн жоготту деп таанылсын; 

- 775статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«2. Банк, кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы банктык мыйзамдарда же банктык эсеп келишиминде каралган минималдуу өлчөмдөн төмөн болуп калса, же кардардын эсебинде келишимде белгиленген мөөнөт ичинде акча каражаттары калбай калса, же болбосо эсеп боюнча кардардын буйругу менен операциялар жүргүзүлбөсө жана мыйзамда каралган учурларда, кардарга бир календардык ай мурда билдирүү менен банктык эсеп келишимин бир тараптуу тартипте буза алат.»; 

- 775статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк кардарга акыркы белгилүү дареги боюнча акча каражаттарынын калдыгын алуу зарыл экендиги тууралуу билдирет, ал эми кардар келбеген учурда акча каражаттарынын калдыгы системалык эсепте сакталат.»; 

- глава төмөнкү мазмундагы 775-1 -статья менен толукталсын: 

«775-1-статья. Банктардын корреспонденттик жана башка эсептери 

 

Бул главанын ченемдиктери, эгерде башкасы банк мыйзамдарында каралбаса банктардын корреспонденттик жана башка эсептерине карата колдонулат. 

 

14) 38-главада: 

 

- 1-параграф төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

«1- параграф. Жалпы жоболор 

 

775-2-статья. Эсептешүүлөрдү уюштуруу 

 

1. Банктар, эсептешүүлөрдү ушул Кодексте белгиленген формаларда жана Кыргыз Республикасынын төлөм тутумунда каралган тартипте, ошондой эле бул, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келбесе, эл аралык банктык тажрыйбада кабыл алынган формаларда жүзөгө ашырышат.  

2. Улуттук банк, банктардын жана төлөм тутумунун башка катышуучуларынын эсептешүү операцияларын жөнгө салуучу тиешелүү ченемдик укуктук актыларды чыгарат.  

 

776-статья. Накталай акча жана накталай акчасыз эсептешүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр накталай акча жана накталай акчасыз тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. 

2. Юридикалык жактар ортосундагы эсептешүүлөр, ошондой эле ишкердикти жүзөгө ашырышкан жарандардын катышуусу менен эсептешүүлөр, эрежедегидей эле, накталай акчасыз тартипте жүргүзүлөт.  

3. Накталай акчасыз эсептешүүлөр, эгерде банк мыйзамдарында башкасы каралбаса жана эсептешүүлөрдүн пайдалануудагы формасына шартталбаса, эсептешүүлөргө катышкан жактардын эсептери ачылган банктар аркылуу жүргүзүлөт.  

 

777-статья. Накталай акчасыз эсептешүүлөрдүн формалары 

 

1. Накталай акчасыз эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда төлөм тапшырмалары менен эсептешүүлөр, аккредитив боюнча, инкассо боюнча, чектер менен эсептешүүлөргө, ошондой эле башка банктык мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган формаларда жана банктык тажрыйбада ишкердик жүгүртүү жөрөлгөлөрү тарабынан колдонулган эсептешүүлөргө жол берилет. 

2. Келишим боюнча тараптар келишимде ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсептешүүлөрдүн кайсы болбосун формасын тандоого жана караштырууга укуктуу.”;  

 

- 778-статьянын 2-бөлүгүндөгү “мыйзам, ошондой эле банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салты” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 779-статьяда: 

1-бөлүгүндөгү “мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2-бөлүгүндөгү “мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөргө алмаштырылсын, “мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 780-статьянын 3-бөлүгүндөгү “мыйзамда, жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 782 -статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«782-статья. Жалпы жоболор 

 

1. Аккредитив бул, келишимдин негизинде кардардын тапшырмасы боюнча анын контрагентинин пайдасына банк тарабынан берилген шарттуу акча милдеттенмеси, ал боюнча аккредитив ачкан банк (банк-эмитент) берүүчүгө төлөмдү ишке ашырат же аккредитивде каралган документтерди берген шартта жана аккредитивдин башка шарттарын аткарган учурда мындай төлөмдөрдү жүргүзүүгө башка банкка ыйгарым укук берет.  

Сүйлөшүлгөн учурларда аткаруучу банк тарабынан алуучуга төлөп берүү башка банк (ырастоочу банк) тарабынан кепилделиши мүмкүн. Аткаруучу банк алуучуга (“алуучу” катары көрсөтүлгөн жакка) төлөмдөрдү жүзөгө ашырганда, аккредитивге ылайык банк-эмитент аткаруучу банкка тиешелүү төлөмдү (жана аткаруучу банктын сый акысын) жүзөгө ашыруу милдетине ээ. Эгерде аткаруучу банк төлөмдү өз милдеттенмесине ылайык ишке ашырбаса ырастоочу банк, аткаруучу банкка талап кылынган жана тиешелүү негизде таризделген документтер берилген шартта гана алуучуга (“алуучу” катары көрсөтүлгөн жакка) төлөмдү ишке ашыруу милдетине ээ болот. 

2. Кыргыз Республикасында документтик аккредитивдер үчүн Эл аралык соода палатасы (Uniform Customs And Practice For Documentary credits, UCP, ICC publication No.600) тарабынан чыгарылган Унификацияланган эрежелер жана иш жүргүзүү тартиптери да Кыргыз Республикасынын “Аккредитивдер жөнүндө” мыйзамында каралган тартипте колдонулат. 

3. Депондоштурулган аккредитив ачылган учурда банкэмитент аны ачууда төлөөчүнүн өздүк каражаттарын же ага берилген насыяны банк-эмитенттин милдеттенмеси колдонулган бүткүл мөөнөткө аткаруучу банктын башкаруусуна которууга милдеттүү.  

Депондоштурулбаган аккредитивди ачкан учурда банк-эмитент, аккредитивдин бардык суммасын банк-эмитенттин банктын аткаруучу банктагы эсебинен эсептеп алып салуу укугун аткаруучу банкка берет.”; 

 

- 789-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “мыйзам жана ага ылайык белгиленген банк эрежелери” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары” деген сөздөргө алмаштырылсын;  

- 792 статьянын 4-бөлүгүндөгү “башка мыйзамдар жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелери” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары” деген сөздөргө алмаштырылсын

- 793-статьянын 2-бөлүгүндөгү “мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 794-статьянын 2-бөлүгүндөгү “мыйзамдарда” деген сөз “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

- 799-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы «мыйзамда» деген сөз “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: 

1) 1-статьяда: 

- 1-бөлүгүндөгү «аларга ылайык кабыл алынуучу» деген сөздөр алып салынсын; 

- статья төмөнкү мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын: 

«2-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерине даттануу жөнүндө иштер боюнча сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Ушул Кодекстин ченемдери Кыргыз Республикасынын Банк кодексине каршы келбеген иштерге карата колдонулат.». 

2) 26-глава төмөнкү мазмундагы 260-1-статья менен толукталсын: 

«260-1-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик эмес актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө арыздарды кароодо сот өндүрүшүнүн административдик иштери боюнча өзгөчөлүктөрү.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик эмес актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө арыздарды кароо боюнча административдик иштер боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Ушул главанын ченемдери Кыргыз Республикасынын Банк кодексине каршы келбеген иштерге карата колдонулат.». 

3) 382-статья төмөнкү мазмундагы бөлүк менен толукталсын: 

«Банктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү экономикалык иштер боюнча өндүрүш эгерде, Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде башкача белгиленбесе, жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.». 

4) 409-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«эгерде аткаруу өндүрүшүн токтотуу Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинде каралган болсо.».  

 

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

1) 76-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-абзацы “тиешелүү күнгө (смена)” деген сөздөрдөн кийин “же тиешелүү мезгилге” деген сөздөр менен толукталсын. 

2) 83-статьянын 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун “д” пунктчасын “кызматтык,” деген сөздөн кийин “банктык,” деген сөз менен толукталсын. 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 10,  

442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: 

1) 36-статья төмөнкүдөй мазмундагы (1-1) бөлүк менен толукталсын: 

«(1-1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана башка финансы-насыялык мекемелерге карата тергөө амалдарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин ченемдерин сактоо менен ишке ашырылат.”. 

2) 119-статьянын 7-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«(7). Жеке жана юридикалык жактардын банктардагы акча каражаттарын жана башка мүлкүн, ошондой эле банктын акча каражаттарын жана башка мүлкүн камакка алуу Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин ченемдерин сактоо менен ишке ашырылат.”. 

3) 254-статьянын 1-бөлүгү “аскердик,” деген сөздөн кийин “банктык жана” деген сөздөр менен толукталсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) 30-статьянын 5-бөлүгүндөгү “жүз” жана “эки жүз” деген сөздөр тиешелүү түрдө “эки жүз” жана “беш жүз” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

2) 357-360-статьялар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«357-статья. Банк ишин лицензиясыз ишке ашыруу 

 

Банктык операцияларды же банк мыйзамдарында каралган башка иштерди Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензиясыз ишке ашыруу - 

жарандарга - элүүдөн эки жүз эсептик көрсөткүчкө чейин, ал эми юридикалык жактарга - бир миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салынышына алып келет.  

 

358-статья. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (банкнотторун жана монеталарын) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу- 

элүүдөн жүз эсептик көрсөткүчкө чейин административдик айып салынышына алып келет.  

 

359-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына түшүрүлгөн 

сүрөттөрдү пайдалануу 

 

Өзүнүн мүнөздүү өзгөчөлүктөрүөлөмү, түсү, сүрөтү) боюнча Кыргыз Республикасынын акча белгилеринин чыныгы купюрасы катары жүгүртүүгө кабыл алынышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун (монеталарынын) сүрөттөлүштөрүн же алардын бир нече түстөгү толук бүткөрүлө элек сүрөттөлүштөрүн пайдалануу жана көчүрмөлөө

укук бузуунун каражаты же түздөн-түз объектиси болуп саналган предметти конфискациялоо менен жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып төлөөгө алып келет.  

Эскертүү. Эгерде банкноттун сүрөтү өтө чоңойтулган (130% дан кем эмес) же өтө кичирейтилген (70% дан кем эмес) өлчөмдө, ошондой эле жарык реклама түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксатысыз эле Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторун (монеталарын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө жасоого жол берилет. 

 

360-статья. Улуттук валютанын “ҮЛГҮ” (“үлгү”) банкнотторунун үлгүлөрүн жүгүртүүгө чыгаруу  

 

Улуттук валютанын “ҮЛГҮ” жазуусу бар банкнотторунун үлгүлөрүн жүгүртүүгө чыгаруу  

ҮЛГҮ” банкнотторунун үлгүсүн конфискациялоо жана аны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүү менен эки жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.”.  

 

3) 363-статья күчүн жоготту деп табылсын. 

 

4) 508-статьянын 1-бөлүгүндөгү «363» цифралары «361, 362» цифраларына алмаштырылсын. 

 

5) 531-статья төмөнкү редакцияда берилсин:  

“531-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары ушул Кодекстин 357-359-беренелеринде каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.  

Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана административдик жаза салууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, анын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук башкармалыктарынын /өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери укуктуу.”.  

 

6) 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жыйырма жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Улуттук банк (361, 362-статьялар);”. 

 

7) 616-статьянын 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Ушул Кодекстин 614-беренесинде каралган мөөнөттө административдик айып төлөнбөгөн учурда, токтомду чыгарган орган (кызмат адамы) юридикалык жактан акчалай каражаттарын банктагы же башка насыялык мекемедеги эсебинен акцептсиз эсептен чыгаруу жолу менен мажбурлап өндүрүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылат.”. 

 

6. “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж. № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

 

1) 1-статьяда: 

- 4-бөлүгүндөгү “банк,” деген сөз алып салынсын; 

- статья төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: 

“5. Банктык иш-аракеттерди же айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырган акционердик коомдорду түзүү жана алардын иш алып баруу өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Банк кодексине каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат.”. 

2) 66-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “Банк ишин жүргүзгөн коомдордон башка” деген сөздөр алып салынсын. 

 

7. “Лицензиялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., 

№ 3, 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 8-статьянын экинчи абзацындагы “же “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда” деген сөздөр алып салынсын. 

2) 9-статьянын 1-бөлүгүнүн 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“13) Кыргыз Республикасынын Банк кодексине ылайык банктык операцияларды жүзөгө ашырууга, электрондук төлөмдөрдү жана электрондук акчаны эмиссиялоону жүзөгө ашырууга байланышкан кызматтарды көрсөтүү боюнча ишке;”. 

3) 13-статья төмөнкү мазмундагы бөлүк менен толукталсын: 

“Банктык операцияларды, электрондук төлөмдөрдү жана электрондук акчаны эмиссиялоону жүзөгө ашырууга байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоонун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Банк кодексине ылайык ишке ашырылат.”. 

 

8. “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-статьяда: 

- 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы “, ошондой эле банктар менен башка финансылык-кредиттик уюмдарга” деген сөздөр алып салынсын; 

- 3-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4) Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде башкача түздөн-түз белгиленбесе, банктарга жана башка финансы-кредиттик уюмдарга карата колдонулбайт.”. 

2) 2-статьянын онунчу-он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын. 

3) 17-статьянын 2-бөлүгүнүн 12-пунктундагы кашаанын ичиндеги “банктарды банкроттоодон тышкары,” деген сөздөр алып салынсын. 

4) 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы “банктардагы жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги юридикалык жана/же жеке жактардын банк эсептери менен салымдары боюнча” деген сөздөр “банктык сырды түзгөн” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

5) 29-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.  

6) 55-статьянын 8-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын. 

7) 71-статьянын 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы “(банктардан тышкары)” деген сөздөр алып салынсын.  

8) 86-статьянын 6-бөлүгүндөгү “банкты консервациялоо учурунда тарткан каражаттар жагындагы чыгымдарды,” деген сөздөр алып салынсын.  

9) 95-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын. 

 

9. “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-1 статья төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1-1-статья. Банктардын аудити 

Банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары - банк) аудити Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.  

Ушул Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө банктарга аудит жүргүзүүгө карата колдонулат.”. 

2) 2-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын. 

 

10. “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

1) 8-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

Өтмө” банкты түзүү учурунда, аны мамлекеттик каттоодон өткөрүү тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Банк кодекси менен аныкталат.”. 

2) 12-берененин 2-бөлүгү “30 календардык күндүн ичинде” деген сөздөн кийин “, ал эми финансы-кредиттик мекемелерге карата Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугун алган учурдан тартып” деген сөздөр менен толукталсын. 

 

11. “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:  

1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Кыргыз Республикасынын Банк кодекси” деген сөздөргө; түрдүү жөндөмөдөгү “атайын администратор” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “жоюучу” деген сөзгө алмаштырылсын. 

2) 2-беренеде: 

- он тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кепилденген учур банкты Кыргыз Республикасынын Банк кодексине ылайык мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо”; 

- жыйырманчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Банк менен байланыштуу жактар Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде белгиленген аныктамага ылайык.”. 

3) 4-берененин 4-бөлүгүндөгү “Агенттик” деген сөздөн кийин “жоюучу менен бирдикте” деген сөздөр менен толукталсын. 

4) 5-берененин 1, 4-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1) банк менен байланыштуу жактардын депозиттери;”; 

4) Кыргыз Республикасынын Банк кодексине ылайык аларга карата чектөөлөр коюлган же камакка алынган депозиттер;”. 

5) 7-берененин 6-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3) кепилденген учур келип жеткен күнгө чейинки акыркы алты айдын ичинде ага карата Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде каралган таасир этүү чаралары колдонулбаган болушу керек;”. 

6) 8-беренеде: 

-1-бөлүгүндөгү “же банкроттоо” деген сөз алып салынсын; 

- 2, 3-бөлүктөр төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2. Кепилденген учур келип жеткен күнү Агенттик тарабынан аманатчыга төлөнүп берилген төлөмдүн убактысына жана суммасына көз карандысыз, кепилденген учур келип жеткен банкка карата аманатчынын талап кылуу укугу, кепилденген сумманын чегинде автоматтык түрдө Агенттикке өтөт. 

3. Агенттиктин кепилденген депозиттердин суммалары боюнча талаптары Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде белгиленген кезектүүлүккө ылайык канааттандырылат.”. 

7) 10-берененин 4-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын. 

8) 20-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банк Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде белгиленген ченемдерди сактоого жана бекитилген талаптарды аткарууга милдеттүү.  

Улуттук банк “өтмө” банктар үчүн өзгөчө Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде каралган ченемдерди жана талаптарды аткаруунун өзгөчө шартын жана мөөнөттөрүн белгилейт.”. 

9) 25-беренеде: 

- 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын. 

- 3-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банк ушул Мыйзамдын талаптарын бузган учурда, Улуттук банк ага карата Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде каралган таасир этүү чараларынын кайсынысы болбосун колдонууга укуктуу.”. 

- 4-7 жана 9-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.  

10) 26-беренеде: 

- 4-1-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 

- 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын; 

- 6-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

“6. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктардын Депозиттерди коргоо фондуна төлөнгөн төлөмдөр анын менчиги болуп саналат, кайтарылып берилбейт жана мыйзамга ылайык гана пайдаланылат.”. 

11) 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. “Өтмө” банктан тышкары, кайрадан түзүлүүчү банктар, алар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капиталдын ченеминен бир пайыз суммасында Депозиттерди коргоо фондусуна кирүү төгүмүн төлөөгө тийиш. Кирүү төгүмү Улуттук банктын уруксатын алгандан кийинки мезгилде жана лицензия берилгенге чейин төлөнүүгө тийиш. Банкты кайра түзүмдөөнүн жүрүшүндө түзүлүүчүөтмө” банк кирүү төгүмүн төлөөдөн бошотулат.”. 

12) 28-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын. 

13) 42-беренеде: 

- 2-бөлүктүн 4-пунктунда: 

«б» пунктчасындагы “консерваторду” деген сөз “Убактылуу администраторду” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

«в» пунктчасындагы “токтото туруу же” деген сөздөр алып салынсын; 

«г» пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын; 

- 6-бөлүктүн 2-пунктундагы “эскертүү чараларын жана санкцияларын” деген сөздөр “таасир этүү чараларын” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

14) 44-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын. 

 

12. “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

 

2-статьянын 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. 

Эгерде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде башкача каралбаса, күрөө боюнча укуктук мамилелердин өзгөчөлүгү жер боюнча жана банктык мыйзамдар, банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.”. 

 

13. “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

1. 23-статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: 

“Аткаруу өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде каралган учурларда да милдеттүү токтотулууга тийиш.”. 

2) 25-статья төмөнкү мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: 

“7) ушул Мыйзамдын 23-статьянын 8-пунктчасында каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде белгиленген мөөнөткө чейин токтотула турат.”. 

 

14. “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2009-жылдын 20-февралы, № 13) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

2-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карата колдонулбайт.”. 

 

15. “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

17-берене төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:  

“Финансы, банк, камсыздандыруу, инвестициялык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле баалуу кагаздардын жарнагынын башка өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына каршы келбеген, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталышы мүмкүн.”. 

 

16. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 

1) 8-статьянын 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы “Банктык жашырын сыр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

2) 43-статья төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:  

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын натыйжалуулугуна аудит, анын ишинин максатын жана милдетин, Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде белгиленген көз карандысыздык макамын жана маалыматтардын купуялуулугун эске алуу менен, ошондой эле борбордук банктарга аудит жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык ишке ашырылат.”. 

 

17. “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 8-статьянын 1-бөлүгүндөгү “Чет өлкөлүк валютада операциялар тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Банк кодексине” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

2) 21-статьянын биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына” деген сөздөр “юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

18. “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

3-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына, төраганын орун басарларына, Башкарманын мүчөлөрүнө жана башка кызматкерлерине.”. 

 

19. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2011-жылдын 28-июну, № 50) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

3-берененин экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын,” деген сөздөр алып салынсын.  

 

20. “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) 1-статьянын 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

“Микрофинансы уюму өз ишин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырат.”. 

2) 10-статьянын 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4. Депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансы компанияларын мажбурлап жоюу Кыргыз Республикасынын Банк кодексине ылайык ишке ашырылат. 

Депозиттерди тартпаган микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания жана микрокредиттик агенттик “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлат.”. 

3) 10-статьянын 5-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын. 

4) 27-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын 

5) 28-статьяда:  

- статьянын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“28-статья. Улуттук банктын ыйгарым укуктары”; 

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“5) Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонуу;”. 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.”. 

6) 29-статьянын 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

“Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу микрофинансы компанияларына карата консолидацияланган көзөмөл боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен аныкталат.”. 

7) 35-статьянын 9-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “агенттигинин ишине тиешелүү ар кандай маалыматтарды текшерүүгө, талап кылууга жана алууга укуктуу” деген сөздөрдү “агенттигине тышкы көзөмөлдүктү жана инспекторлук текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга, алардын ишине тиешелүү ар кандай маалыматтарды, талап кылууга жана алууга укуктуу” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

8) 35-3-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2. Керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк микрофинансы уюмуна карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.”

9) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Банк кодексине” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

21. “Кредиттик союздар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-статьянын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кредиттик союздардын иши ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен жөнгө салынат.”. 

2) 33-статьянын 9-бөлүгүндөгү “банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө мыйзамга” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Банк кодексине” деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

22. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

9-статьянын 19-пунктундагы “тоскоолдуксуз жана акысыз” деген сөздөр “мыйзамдарда белгиленген тартипте” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

23. “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

5-статьянын 1-бөлүгү “Кыргыз Республикасынын аскерлешкен ведомстволорунун” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын” деген сөздөр менен толукталсын. 

 

24. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2012-жылдын 16-августу, № 71-72) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 2-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын. 

2) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Банк ишин көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. Банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу талап кылынбайт.”. 

3) 21-берененин 5-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Банк кодексине” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

4) 22-берененин 3-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Банк кодексине” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

6-берене 

 

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: 

 

- Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 59 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-февралындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2007-жылдын 20-февралы, № 13);  

- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 75 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2007-жылдын 5-июну, № 40); 

- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-июнундагы № 77 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу” Мыйзамынын 2-статьясы (“Эркин Тоо” гезити, 2007-жылдын 15-июну, № 43); 

- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы № 143 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2007-жылдын 17-августу, № 59); 

- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 87 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 2-статьясы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 23-майы, № 36); 

- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-майындагы № 90 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 23 майы, № 36); 

- 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 22-июлу, № 53); 

- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 224 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 28-октябры, № 83); 

- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин 15, 20-бөлүктөрү (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81); 

- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 3-ноябрындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 11-ноябры, № 86); 

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 3-февралы, № 8); 

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 94 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 3-апрели, № 22); 

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын  

3-апрели, № 22); 

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майында кабыл алынган № 162 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 19-майы, № 40); 

- Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-февралындагы № 30 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2010-жылдын 19-февралы, № 12); 

- Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 15-мартындагы № 49 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2010-жылдын 16-марты, № 19-20); 

- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 11 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2011-жылдын 22-апрели, № 30); 

 

 

- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-майындагы № 21 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2011-жылдын 17-майы, № 21); 

- Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 10, 471-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартында кабыл алынган № 63 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 6, 239-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-декабрындагы № 235 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2004-ж., № 3, 130-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-декабрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 3, 179-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 10-мартындагы № 46 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жарчысы, 2005-ж., № 5, 321-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы № 158 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 12/1166, 1012-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2006-ж., № 1, 24-б.); 

- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 88 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 23-майы, № 36); 

- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 217 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 24-октябры, № 82); 

- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 243 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 21-ноябры, № 88) ; 

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 93 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 3-апрели, № 22); 

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 136 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 8-майы, № 33); 

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 167 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 2-майы, № 42); 

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 172 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 9-июну, № 44); 

- Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 122 “Банктык сыр жөнүндө” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2012-жылдын 2-августу, № 58); 

- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 216 “Банктык сыр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 24-октябры, № 82); 

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 160 “Банктык сыр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 26-майы, № 40); 

- Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 5-июлундагы № 6-I “Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1995-ж., № 7, 252-ст.); 

- 2009-жылдын 19-майында кабыл алынган № 161 ““Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 26-майы, № 40); 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1995-жылдын  

5-июлундагы № 7-I “ “Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” токтому (“Эркин Тоо” гезити, 1995-жылдын 19-июлу, № 45); 

- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренеси (“Эркин Тоо” гезити, 2013-жылдын 3-майы, № 35-36); 

- Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-февралындагы № 14 “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2004-ж., № 5, 235-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 10-мартындагы № 47 “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 5, 322-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августунда кабыл алынган № 176 “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2006-ж., № 10, 852-ст.); 

- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 220 “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2006-ж, № 12, 1105-ст.); 

- 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөжана “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси (“Эркин Тоо” гезити,  

2009-жылдын 7-августу, № 68-69); 

- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренеси (“Эркин Тоо” гезити, 2013-жылдын 13-август, № 67). 

 

7-берене 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Банк кодекси расмий жарыялангандан күндөн тартып алты айдын ичинде өз ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Банк кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин. 

 

8-берене 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү банктар, финансы-насыялык уюмдар же башка юридикалык жактар өз иштерин Кыргыз Республикасынын Банк кодексине жана ушул Мыйзамдын талаптарына, алар күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде шайкеш келтирүүлөрү тийиш.  

 

9-берене 

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Банк кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Президенти