ДОЛБООР
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж, №2, 77-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-беренесинин 5-бөлүгүндөгү “жүз” жана “эки жүз” деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша “беш жүз” жана “бир миң” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 30-беренесинин 7-бөлүгүндөгү “миң” деген сөз “эки миң” деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 357 жана 358 беренелери төмөнкү редакцияда берилсин:
«357-берене. Банк операцияларын лицензиясыз жүзөгө ашыруу
Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошо алганда, банк операцияларын мыйзам тартибинде берилген лицензиясыз жүзөгө ашыруу, -
жарандарга – беш жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына – бир миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга- эки миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
358-берене. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу
Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу -
жарандарга – беш жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына – бир миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга- эки миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
4. 362-берениси төмөнкү редакцияда берилсин:
“362-берене. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (банкнотторду жана монеталарды) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.”.
5. 531-беренеси төмөнкү редакцияда берилсин:
“531-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары ушул Кодекстин 357-362-беренелеринде каралган, администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Улуттук банктын Төрагасы, анын орун басарлары жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери укуктуу.”.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 1 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти